С. Л. Сауытбеков туралы ќысќаша маѓл±мат



бет6/25
Дата09.06.2016
өлшемі1.71 Mb.
#123785
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25

Казак элинин дөөлөттөрү


(Сейтен Лимануулу Сауытбек атага арналат)
Конурбаев Т.А., Бишкек шаары
Кыргыз, казак эли бир тууган эл. Алардын туугандыгынын тамыры терен. Бул эки элдин көргөн-укканы, баскан-турганы, кийген кийими, ичкен тамагы, каада-салты бири-бирине окшош. Мындай окшоштук өзүнөн-өзү эле жаралбайт. Анын ички закон ченемдүүлүктөрү бар. Ошол ички закон ченемдүүлүктөрдү табуунун бирден бир жолу-эки элдин асыл дөөлөттөрүн которуп, эл арасына таратууда жатат. Эки элдин асыл дөөлөттөрү менен таанышкан жаштарда өз ара түшүнүшүү жаралары бышык.

Көкче-Тоо (Көкшетау) университети менен Ж.Баласагын атындағы Кыргыз улуттук университетинин ортосундағы байланыш байыртан келе жаткан кыргыз, казак элинин ортосундагы улуу салттын жаңы формасы, уландысы деп айтууга негиз бар.

Мен Көкчө баатырдын жерине баргандан бери (ал кыргыз элине ак эмгек кылган сыяктуу), казак элинин бир мүдөөсүн аткарсам деген ойдо жүрдүм. Бұл ойду ишке ашыруннун учуру эми келди. Көкче-Тоо университетинде уюштурулган методологиялык семинарда аталган университетинин ректору, профессор Ж.Ж.Касымдан Сейтен Лиман уулу Сауытбек атанын «Тагылым теги» аттуу китебин белекке алгам.

Бул китепти окуп чыгып, өзүмдүн изилдөөмө жакындыгын байкап, аны кыргыз тилине которууну чечтим.

Котормосуз эле бири-бирин эң жакшы түшүнгөн эки эл бүгүнкү өз алдынча мамлекет болгондо чек аралык мамиледен, илимий жаңы терминдердин жаралышынан түшүнбөген көп сөздер пайда болгондугун көз жаздымда калтырбай келет.

Ошондуктан Сейтен Лиман уулу Сауытбек атанын китебин «Казак элинин дөөлөттөрү» деген а менен кыргыз тилине которууну максат кылып койдук. Бул котормо жарык көрсө кыргыз жаштарында, эки элдин каада-салттары, үрп адаттары, жашоосу бир экендигинше ишене турган факт жаралат.

Мында кыргыз элинин макалында камтылган чоң философия жаткандай: «Түбү бирге биригет, учу бирге айрылат». Кыргыз, казак элинин түбү бир, демек биз биргелешкен аракеттин негизинде гана бүгүнкү экономикалық «кризистен» чыга алабыз. Сауытбек атанын китеби ушундай ойлорду жаратуу менен эки элдин байланышын чындаган «көпүрө» болуп бере алат. Бүгүн касиеттүү Көкчө-Тоо жергесинде Сейтен Лиман уулу Сауытбек атаны эскерүү кечесин өткөрүп жаткан учурда жаңы котормодон үзүндү берүүнү туура көрдүк.
АДАМ ДҮЙНӨГӨ КЕЛГЕНДЕГИ АЛГАЧКЫ ТОЙЛОР


  1. Жарыш казан

Перзент күткөн казак эли тойду аялдын боюна бүткөн күндөн эле баштайт. Алар: «Курсак той», «Талгак той».

Келиндин боюнан бошонууга аз калгандыгын билген эне, анын төрөтүн башкара турган билги – тажрыйбалуу аялга, киндик эне болууга макулдугун берген келиндин курбусуна, өзүнүн сырдаштарына кабарлайт. Бир эптүү жигитке мал сойдуруп, казан астырат. Толгоо кыш мезгилинде болсо, согум эти салынат.

Казанга салынган эттин бышуусу менен бөбектүн жарык дүйнөгө келүү мезгили (толгоонун бышып жетилүүсү – К.Т.) жарышкандай болгондуктан «Жарыш казан» атанган. Келиле байланган белбоону кошколдоп кармап, алсыз үн чыгарып, кабагын чыта баштаган келинге көзү түшкөн «бата көй аял»:


  • Толгоо бышты, камдануу керек деп кабарлайт. Ага аралаш:

  • Эт бышты. Казандан чыгаралыбыз – деген суроо берилет. Ошол мезгилде келиндин да шайы оой баштайт. Ал жагдайда:

  • Ак төөнүн карды жарылууга таяды,- деген сөздү ашыга күтүп жүрген эне:

  • Иэ жараткан, ин Бибатима пирим, ей арбактуу энелер жөлөп-таяй гөр – деп, көз

Жашын колунун сырты мене сүртүп, бир сап жибек жип менен макини жакын турган жаш аялга кармата салат. Эптүү аял келиндин арка жагына өтүп, колун төмен карай багыттайт. Ошол кезде баланын тону да түшүп, ыңаалаган бала үнү улулат.

  • Ким төрөдү ? «Боосу бекем болсун», «Келинжан, колуңду бооруңа алган кубанычың кут болсун». Уул төрөлсө: «Баатыр болсун», «Ага-туугандарга башчы болсун», «Алдыгы умтулсун».

Кыз төрөлсе: «Берекелүү, ырыс алды кыз», «Элдин көркү кыз», «Кыз төрөлдү, кырмызы гүл төрөлдү» - деген каалоо-тилектер айтылат. Жарыш казандын деми менен асыл машашалар, күмүш күлкүлөр бирин-бири коштоп улана берет.
2. Чилдехана

Бөбөктүн жарык дүйнөгө келүү урматына карата жасалган алгачкы той-тамаша чилдехана деп аталат. Бул тойго бой жеткен кыздар, боз балдар, үй-бүлөлүү жаштар, келинчектер катышышат. Оозунда сөзү бар, өнерлүү адамдар, акындар чакырылат. Бул шаан-шөкөт күн чыкканга чейин созулат. Кубанычтын акыры улуттук оюндар менен котолот.

Жаш өспүрүмдөр: алтыбакан, ак сөөк, аларман ж.б. оюндарды ойношот. Илдехана кээде үч күнге созулат.


3. Ат коюу

Казактар жаңы төрөлгөн баланын ысмын молдого койдурушат. Ат коюу аземине аттуу-баштуу адамдар, айылдаштар қатышышат.

Молдо жайнамазды жайып, алдына жөргөктөлгөн баланы жаткырып, бетин ачып кюп, азан чакырат. «Аллаху акбар» 4 жолу, «Ашхаду ан ла иллаха илла аллаху» 2 жолу, «Ашхаду анна мухаммадан расул аллаху»- деп аяктайт.

Андан кийин молдо бөбөккө эңкейип, эки кулагына кезеги менен «Сенин ысмың» (баланча уулу, баланча кызы)

аталды. Ысмың жалпы журтка белгилүү болсун !- деп бата тартышат. Улгайган адамдар аңгеме курушуп, молдодан шариат жолун сурашып, эс алышып тарашат.


  1. Бешикке салуу

Бешикке салуу тоюна аялдар катышат. Бөбөктун чоң энеси, тайке журту, айылдагы энелер той үстүндө болушат. Чычала чачылып, мал союлуп, сый-урмат жасалат. Бешикти арча менен аластап, жабдыктарын карап, төшөктөрүн оңдоп, бөбөктүн чоң энеси:

- Бөбөктү биринчи жолу бешикке салуу – бөлөө жолу баланча байбичеге ылайык деп жариялайт. Бөбөктүн апасы байбиченин аракетин үлгү-өрнөк катары кабыл алат. Байбиче бөбөктү кароону, жондорун сылап-сыйпоону кантип баштан, эмне менен аяктоо керектигин айтат.

«Өс-өс» кандай жасалат ? Наристенин такымдарын тамак астын, муундарын кантип сактоону толук түшүндүрөт. Бөбөктүн денесин эне өз сүтү менен сүртүп туруусун унутпоону тапшырат.

Бул котормонун үзүдүсүнөн Сауытбек атанын казак элинин келечегин көдөгөн максаттары болгондугун байкоого болот. Чынында урпактар уланбаса жана алар жөнүндө кам көрүлбөсе, анда улуттун келечеги болбой тургандыгы анык. Сейтен Сауытбек атанын бул багыттагы ой толгоосу бүгүн мамлекеттик программаларда кабыл алынып жаткандыгы, өз кезегинде ал кишинин келечекти көрө билгендигинин далили.

С.Сауытбек атанын идеясынын негизинде, балдар үчүн тартылган мультфильмдерди көрүп, Көкчө-Тоо университетинин жамаатына, ректору Ж.Ж.Касымга, биздин жолугушууларды уюштурууга шарт түзгөн – илимий иштер боюнча проректор Р.Р.Бирюшевге ыраазы болгонум эсимде.

Сейтен Лиман уулу Сауытбек атаны эскерип жаткан кече – Көкчө-Тоо университетинин жамаатының жогорку деңгээли деп кабыл алууга арзыйт. Улуу муундар жаштар жөнүнде кам көрүшсе, жаштар улуу муундарды унутпаса – ушундай өз ара байланыш гана адамзатты сактап, өнүктүре алары бышык.

Каада-салттардагы, жашоо турмуштагы окшоштуктар жана Сауытбек атанын китебинин кыргызча котормосу казак, кыргыз элинин ортосундагы туугандык сезимди андан ары өнүктүрүүнүн негизи болуп калат деп терең ишенем. Сауытбек атанын арбагы колдоп, ишиңизлер илгери жыла беришин каалайм.




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет