Солженицын А. И



бет8/10
Дата15.06.2016
өлшемі0.72 Mb.
#137240
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

Мына ушул кечки эсепте, лагердик дарбазадан кирип келатып, зэктин шамалга кагылганы, үшүгөнү, өзөргөнү эң эле бийик чегине жеткен – оозду күйгүзгөн кечки суу шорпосу ал үчүн ушул учурда аптапта жааган жамгырдай, - бүтүн шимирип алат аны азыр. Бул шорпо ал үчүн азыр азаттыктан ширин, өткөн өмүрүнөн жана бүтүн келечегинен кымбат.

Зэктердин лагердик дарбазадан кирип баратканы, согуштан келаткан аскерлердей, - шагырап, кадамды кенен кагып – жолго турба, четке кач!

Штаб барактагы аңкоолонгон неме кирип бараткан зэктердин үйүрүн көрүп – чоочулайт.

Тээтигил таңга маал алты жарымда тизилүүгө чакыргандан баштап зэк мына ушул эсептен кийин гана биринчи жолу өзүн эркин адам сезет. Зонанын чоң дарбазасынан, зона алдындагы кичирээк дарбазадан өттүк, дагы эки дубал ортосунан кесип өтүп – эми ким кайда чачыла бергин.

Ким кайда, ал эми бригадирлерди нарядчик кармап жүрөт:

- Бригадирлер! Пландык-өндүрүштүк бөлүккө!

Бунусу – эртеңкиге моюнга кандай жүк илгенди сүйлөшүүгө.

Шухов БУРдун жанынан, барактардын ортосунан кесип чуркап – жөнөтмө жайга кетти. Цезарь болсо аброюн түшүрбөй, салмактуу басып, башка тарапка жөнөдү, ал жакта устунду тегеректеп быкылдаган эл турат, устунда фанер тактай кагылган, химиялык карандаш менен ал тактайда бүгүн жөнөтмө кимге келгендиги жазылган.

Лагерде кагазга көп жазышпайт, көбүнчө – фанерага. Тактайга жазганың катуу, дурус болгонсуйт. Ошого вертухайлар жана нарядчиктер баштардын эсебин жүргүзөт. Эртеси өчүрүп салып – кайта жаза бер. Үнөм.

Зонага калгандар ушинтип да жан багышат: тактайдан кимге жөнөтмө келгенин окуп алышып, алдынан тосуп номерин билдирет. Көп болбосо да, бир тамеки мындайларга беришет.

Шухов жөнөтмө жайга жетип барды - баракка кошулган курандыга, ал курандысына дагы тамбурду жабыштырып салышкан. Тамбурдун эшиги жок, суук ээн-эркин ойноп жүрөт, - а бирок баары бир баш калка эмеспи, чатыры бар да.

Тамбурда кезек дубалды бойлой созулган. Шухов кезегин алды. Алдыда дагы он беш киши бар, бул бир сааттай убакыт, туура жатаар мезгилге чейин. ТЭЦ колоннасынан тизмекти көргөнү кеткендер Шуховдун артынан кезек алышат. Жана мехзаводдун бардыгы. Алар жөнөтмөгө экинчи жолу, эртең таңга маал келбегидей эле.

Турушат кезекте баштыктары менен, чакан каптары менен. Тигил эшиктин артында (Шухов өзү бул лагерде бир да жолу алган эмес, бирок ушинтип айтышат) жөнөтмө ящикти балта менен ачышат экен, сакчы өз колу менен бардыгын алып чыгып карайт имиш. Бирдекесин кесет, бирдекесин сындырат, уйпалайт, куюштурат. Эгерде айнек же каңылтыр банкада суюктук болсо, оозун ачып куюп беришет, колун тособу, майлыктан идиш кылабы баштары оорубайт. Банкаларды беришпейт, эмнегедир коркушат. Эгерде шумдуктай тамак аш, же таттуу, же колбаса, кургатылган балык болуп калса сакчы анын татымын билип көрөт. (Бирдеке деп көрчү – ошол замат «мындайга уруксат жок», «тыюу салынган» деп бербей коёт. Ошол сакчыдан баштап, ким жөнөтмө алса, бериш керек, бериш керек, бериш керек). Жөнөтмөнү тинтмелеп бүткөндө, анын ящигин беришпейт, бардыгын баштыгыңа салып кетесиң, болбосо бушлаттын этегине – анан кете бергин, кийинкиге кезек бер! Кээ кезде ушундай шаштырып калганда, айрымдары тигил жерден бирдекесин калтырып кетет. Ал үчүн келбей эле койгун. Ал жок болду.

Шухов Усть-Ижмада жөнөтмө алган бир-эки жолу. Бирок ошондо кемпирине жазган өзү: жибербе, балдардан айрыба, баары бир курулай келип атат деп.

Бул жерде жалгыз башын баккыча, боштондукта жүргөндө бүт үй-бүлөсүн баккан Шуховго жеңилирээк болчу, а бирок жөнөтмө салып жибергени алар үчүн канчалык оор экендигин түшүнүп, он жыл бою үй-бүлөңөн сындырым нанды талашып жүрө албастыгын билди. Ансыз деле күн көрөбүз.

Ошентип өзү менен өзү чечип койсо да, жөнөтмөнү бригадасында же баракта жакын бирөө алган сайын (мындайча айтканда, эки күндүн биринде), жөнөтмө мага эмес дегенсип ичинен тыз этет. Кемпирине пасха майрамы болобу, же башка шылтоо менен эч качан жибербегин деп катуу буйруса да, жөнөтмөлөр тизмеги илинген устунга колунда бар бригадалашы үчүн гана барбаса, өзү эч качан барбаган күндө да, - бирок негедир күтчү, бирөө чуркап келип:

- Шухов! Эмне барбай отурасың? Сага жөнөтмө келбедиби! – деген сөздү.

Бирок антип эч ким келген жок…

Темгенево айылын, өзүнүн үйүн эстегенге шылтоолор азайгандан азайып баратты… Бул жердеги тирилик тургандан жатканга чейин жанды койбойт, дайыны жок эскерүүгө орун калтырбайт.

Азыр, жакын арада май чайнаганы турган же чайга кант салып ичем деген үмүт менен күткөндөрдүн арасында туруп, Шухов бир гана нерсени тиледи: ашканага өз бригадасы менен киргени үлгүрүп, баланданы муздак эмес, ысыгында ичип калууну. Муздаган ысыктын жарым баасына да татыбайт.

Эгерде Цезардын аты-жөнү тизмекте жок болсо, ал эчак баракка барып жуунуп жаткандыр. Аты-жөнү тизмекте болсо, анда ал баштыкчасын камдап, пластмасс кружкасын, тараны чогултуп атат. Ошол үчүн Шухов он мүнөт күтөмүн деп убада бербедиби.

Бул жерде, кезекте туруп, Шухов бир жаңылык укту: бул жумада кайра дем алыш болбойт экен, кайра дем алыш күнү иштетет. Ошондой күтүлгөн, бардыгы ушуну күткөн: эгерде бир айда беш жолу дем алыш болсо, үчөөсүн эс алдырат, экөөсүндө жумушка айдашат. Ошентип күткөнү менен, угаар замат жаны кашайгансып, кебетеси келише түштү: дем алыш күндө белди бүккөн жакшыбы? Ооба, туура айтышат бул жерде кезекте тургандар: дем алыш күнү зонада да бир балекетти чыгарышы мүмкүн – же мончонун бир жагын тууралаш керек, же басып жүргөн жерге дубал тургузуш керек, же эшиктин алдын тазалатат. Же болбосо матрастарды алмаштырып, күбүп-силкип, вагонкаларда канталаны жоготмой. Же карточкалар боюнча аты-жөнүн текшерүүнү башташат. Же инвентаризацияны: дүнүйөң менен тышка чыга бергин, жарым күн күтүп отур.

Эртең мененки тамактан кийин уктап жаткан зэк алардын тынчын кетирет окшойт.

Кезек жай болсо да, жылып жатты. Эч кимден суранбастан, алдыңкыны түртүп, - бир чач тарач устакер, бир бухгалтер жана КВЧдан бирөө кирип кетишти. Булар карапайым зэктер эмес, күчкө кирип алган лагердик аңкоолор, зонада отурган биринчи жүзү каралар. Мындайларды жөнөкөй жумушчулар боктон төмөн көрүшчү (тигилер да жумушчуларды ошондой көрөт). Бирок алар менен талашып тартышкандын пайдасы жок: аңкоолор бирин бири колдошот жана сакчылар менен сүйлөшүп алышкан.

Шуховдун алдында он чакты адам бар, артынан болсо жети адам тизилип калганда – эшиктин тешигине эңкейип, эркиндикте тигилген өзүнүн жүн шапкеси менен Цезарь кирди. (Мына ушул шапке деле. Бирөөнүн колуна берди Цезарь, ошондуктан жаңы таза шаардык шапкени кийип жүргөнгө уруксат алган. Башкалардын башынан үпсүйгөн фронттук шапкелерин жулуп, чочконун терисинен жасалган лагердик шапкелерди беришкен.)

Цезарь Шуховго жылмайып, дароо кезекте туруп гезит окуган, көз айнекчен кызык бир киши менен сүйлөшүп калды:

- Аа-а! Петр Михалыч!

Бири бирине жоогазындай ачылышат. Тигил кызык неме:

- Менде «Вечёрканын» жаңысы бар, караңызчы! Бандероль менен келди.

- О, койчу?! – Цезарь да гезитке башын салат. Үстүлөрүндө эптеген-септеген лампочка үлбүрөп турат, майда тамганын кайсынысын көрүшөт дейсиң?

- Мында Завадскийдин премьерасына кызыктуу статья бар экен!...

Бул Москвалыктар бирин бири иттерге окшоп алыстан байкашат. Анан, жолугушканда, өздөрүнчө жытташып, бат-бат сүйлөшүп киришет, кимиси көбүрөөк сөз айтат. Ошентип сүйлөшүп атканда орус сөздөрү сейрек кездешет, аларды тыңшасаң – латыш же румындын булдурактаганын уккандай болосуң.

Бирок Цезардын колунда баштыкчалары бардыгы чогултулган, ордунда.

- Мен эме… Цезарь Маркович…- шүүдүрөдү Шухов. – кете берейинби?

- Ий-и, ий-и. – Цезарь кара мурутун гезиттен көтөрдү. – Мен кимден кийинмин? Менден кийин ким?

Көрсөтүп берди Шухов ким кимден кийин экенин, анан Цезарь өзү кечки тамак жөнүндө эске түшүрөрүн күтпөй сурап калды:

- Кечки тамакты алып келейинби силердикин?

(Бул деген – ашканадан баракка, атайын идиште. Ташууга тыюу салынган, көп буйруктар чыгарылган. Кармап алып, идиштен жерге төгүп салышат, керек болсо карцерге отургузуп салышат – бирок баары бир ташыйт жана ташышат, анткени кимдин иши көп болсо, ал эч качан бригада менен ашканага үлгүрө албайт).

Кечки тамакты алып келейинби дегени менен, өзү ойлоп койду: «Кечки тамакты мага бербей битирейсиңби? Кечки тамакта ботко жок, шуудураган баланда жалаң!...»

- Жок, жок, - күлүмсүрөдү Цезарь, - кечки тамакты өзүң жеп кой, Иван Денисыч!

Ушуну эле күтүп турган Шухов! Эми, ээн-эркин чымчыктай тамбур чатырынан учуп чыгып – зонаны кесе, зонаны кесе чуркады!

Ар тарапка чуркап жүрүшөт зэктер! Бир убакта лагерь начальниги ушундай буйрук чыгарган: эч бир камактагы адам зонада жалгыз жүрбөшү керек. Кайда керек болсо – бүт бригаданы тизип алып барыш керек. Кай жакка бүт бригаданы алып барыштын кажети жок болсо – мисалы, санчастка же дааратканага, - төрт-бештен топтошуп, алардын ичинен бирөөсүн чоң кылып, ал тигилерди тизип алып барат, ошол жерден күтүп турат – анан кайра тизилип кайтып келишет.

Лагерь начальниги ошол буйруктун аткарылышын такап сурачу. Эч ким анын сөзүнө каяша айта албайт. Сакчылар жалгыз жүргөндөрдү кармап, номерлерин жазып, БУРга тыкчу – а бирок буйругу баары бир иштеген жок. Акырындык менен эчен дүпүлдөгөн буйруктар жокко чыкты. Айталы, кишини оперге чакырып атат – аны менен эмне бир команда жибересиңби? Же сага каптеркага продуктуларга барыш керек, мен сени менен эмнеге барам? Тигил КВЧга гезит окуганы барат, аны менен ким барат экен? Бул чокойду оңдогону берген, башкасы кургатма жайга барыш керек, деги жөн эле барактан баракка (барактан баракка барууга өтө тыюу салынган болчу!) – бардыгын кантип кармап каласың?

Ошол буйрук менен начальник акыркы азаттыкты алгысы келген, бирок ал челектин ойлогону оңунан чыккан жок.

Баракты карай баратканда бет маңдайынан сакчы чыкты, анын алдынан шапкени көтөрүмүш этип, Шухов баракка кире качты. Баракта – ызы-чуу: ким бирөөнүн пайкасын күндүз уурдап кетишиптир, дневальныйларга кыйкырып атышат, дневальныйлар да алардан калбай аркырашат. 104-чүнүн бурчу бош.

Зонага кайтып келген кеч - жакшы кечтердин бири деп эсептейт Шухов, бүгүн болсо матрастар көңтөрүлбөгөн, баракта күндүз тинтме болбоптур, жашаса болот.

Шухов желкесинен бушлатты чече коюп, өзүнүн койкасына чыга качты. Бушлатты - үстүнө, ичинде темир аранын сыныгы бар колгаптарды - үстүнө, матрастын тереңинде кармалап көрдү – эртең мененки үзүм нан ордунда! Тигип койгонуна кубанды ичинен.

Анан – тышка чуркап чыкты! Ашканага!

Ашканага чейин сакчынын көзүнө илинбей жетип барды. Алдынан зэктер гана чыкты пайкалары жөнүндө талашып.

Тышта ай нуруна түн жарык болуп калган кез экен. Фонарлар жарыгы пастап, барактардан – кара көлөкө түшкөн. Ашканага кирүү - төрт тепкичтүү кенен кире бериш жер, азыр аны да кара көлөкө басып турат. Бирок анын үстү жагында салпактаган сайын суукка кыйчылдап фонарча илинип турат. Сууктанбы, кириненби – лампочкалар кубулмалуу жарык ташташат.

Лагерь начальнигинин дагы бир катуу буйругу чыккан: бригадалар ашканага экиден тизилип барыш керек деген. Андан аркы буйругу: ашканага жетип, бригадалар кире бериш жерге чыкпай, бештен туруп ашкана боюнча дневальный аларды киргизмейинче күтүп турушу керек. Ашкана боюнча дневальныйдын ордун Аксак колдон чыгаргыс кылып ээлеп турат. Аксап басканын мыйыптыкка чыгарып алган, а бирок күчтүүсүн айт балекеттин. Ак кайыңдан таяк жасап алган, ошону менен берип калат, ким анын сөзүн укпай сүзүп баратса. Ар кимди чаап калбайт. Аксак көз ирмемде, мейли караңгы түн болсун, кимдин аркасы экенин таанып коёт – тумшуктан нары берип, жооп кайтаргандарды тийбейт. Жүдөгөндөрдү урат. Шуховго бир жолу кол көтөргөн.

Аталышы - «дневальный». Мындай карасаң - өзүнчө эле хан! – ашпозчулар менен дос!

Бүгүн же бригадалар бир убакта үйүлгөнбү, же көпкө чейин тартипке келтирип туруштубу, кире бериште эл жыш, Аксак болсо, жардамчысы менен жана ашкана башчы өзү кошулуп турушат. Сакчыларсыз эле элге күчтөрү жетет, дөбөттөрдүн.

Ашкана башчысы – байлаган топоздой, башы чанач, далылуу. Ушунчалык күчү арбып турат дейсиң, басканда пружина тепкендей секирип басат, буттарына, колдоруна пружина салып койгондой. Шапкеси ак мамыктан, номерсиз, бир да боштондукта жүргөндүн мындай шапкеси жок. Койдун терисинен чыптама кийип жүрөт, анын көкүрөгүндө - кичинекей номерче, почта маркасындай, - Волковойго моюн сунганы, аркасында андай да номер жок. Ашкана башчысы эч кимге башын ийбейт, зэктердин бардыгы коркот. Бир колунда миңдеген адамдын өмүрүн кармайт. Бир жолу сабап коёлу деген аракет жасашкан, ашпозчулар ошол замат коргоп чыга келишти, биринен бири ашкан аткыйган немелер.

104-чү кирип кетсе, иштин бүткөнү, - Аксак лагердин бардыгын беш колундай тааныйт, тигил башчы турганда башка бригада менен эч убакта коё бербейт, атайын маскара кылат.

Аксактын артында кире бериштеги кармагычтан нары оодарылып кирип кетишчү, Шухов да кирген. Бүгүн, башчы турганда, кармагычтан нары секирип кире албайсың – бутуңду жулуп салат, санчастка сүйрөлүп баргыдай кылат.

Тезирээк, тезирээк кире беришке, бирдей кара бушлаттардын арасынан караңгыда 104-чү бар экенби, билиш керек.

Ошол учурда кычап бригадалардын бардыгы жүйөлөп, жүйөлөп баштады (айла канча – жатаар мезгил жакындап калды!) чепти багындыргандай чыгып атат – биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү тепкичти багындырды, кире беришке жүйөлөп киришти!

- Токто, …я'дтар! – Аксак бакырат, таягын алдыңкыларга көтөрүп.- Токтоп кал! Азыр бирөөңдүн башын жарам!

- Бизде не күнөө? – алдыңкылар кыйкырат. – Арттан түртүп атпайбы!

Арттан го, арттан түртүп атышат, анысы туура, бирок алдыңкылар түрткөнүнө туруштук бербей, ашканага кирип кеткилери бар.

Ошондо Аксак таягын шлагбаумдай көкүрөктөрдү тосо кармап, бүт күчү менен алдыңкыларды качыра түрттү! Аксактын жардамчысы да таякты кармаша түрттү, ашкана башчысы да өзүнө төмөн көрбөй түртүштү.

Кыйла түртүп салышты, эт жешип күчкө толгон немелер – артка кетенчиктетти! Үстүнөн ылдый алдыңкыларды арттагыларга томолото ыргытты, чөп чапкандай кулатып салышты.

- Сынып кал сылтык… башың дурайын!... – элдин арасынан жашырына сөктү бирөө. Башкалары үн дебей жыгылып, унчукпай турушту тезирээк, арттагылар тепсеп кете электе.

Тепкичтерди бошотушту. Ашкана башчысы арткараак басты, Аксак болсо үстүнкү тепкичтен окутуп атат:

- Бештен болгула, эшек мээлер, канча айтыш керек?! Мезгили келет, киргизем!

Кире бериштин түбүндө Шухов Сенька Клевшиндин башын көргөнсүдү, кубанычы койнуна батпай, чыканак менен түрткүлөп, ошол тарапка жол сала баштады. Бирок аркалар тыгыз шыкалгандыктан – алдыга жылууга күч жетпегидей.

- Жыйырма жетинчи! – Аксак кыйкырды.- Өтө бергиле!

27-чи тепкичтерден чуркап чыгып, кирүүгө тез шашылды. Алардын артынан бардыгы тепкичтерге чыга келишти, арттагылар түрткүлөшөт. Шухов да күчкө салып алдыга аракет кылып атат. Кире бериштеги кармагычтар термелет, үстүдөгү фонарча кайчылдайт.

- Кайра баштадыңарбы, маң баштар? – Аксак жинденет. Таягы менен бирөөнү желкеден, аркадан ургулап, бирисин экинчиге түрткүлөп, түрткүлөп сүрүп чыгарды.

Бошотту кайра.

Көрдү Шухов ылдыйдан – Аксактын жанына Павло көтөрүлүп чыкты. Бригаданы бул жакка ал алып келет, Тюрин бул жүйөлөшмөйгө келип өзүн түшүрбөйт.

- Беш-тен тизил, жүз төртүнчү! - Павло үстүнөн кыйкырды.- Достор, силер нары-нары кирип тургула!

Ооба, достор азыр кирип калышат!

- Коё бер дейм, эй байкеси! Менин бригадам тигил! – Шухов силкийт алдыдагыны.

Коё берейин дейт анысы, бирок ар тараптан кысып турушат.

Эл термелет, кыстыгат – баланда алыш үчүн. Иштеп тапкан өзүнүн баландасын.

Анда Шухов башкача кылды: сол жактан кармагычтарга илинип, кире бериштеги устунга колун ороп, жерден көтөрүлүп асылып калды. Буту менен бирөөнүн тизесине чыкты, капталга бирөөдөн сокку жеди, бир-эки жолу сөгүп калышты, ал болсо соймолоп чыгып кетти: бир буту менен кире бериштеги үстүнкү тепкичтин чекесине туруп күтүп калды. Көрүштү өз балдар, колдорун сунду.

Ашкана башчысы кетип баратып, босогодон кайрылып буйруду:

- Киргизе бер, Аксак, дагы эки бригаданы!

- Жүз төртүнчү! – Павло кыйкырды, өзүнүн элин коё берип.

- Фу-у! – ашканага сыгылып кирди Шухов. Анан Павлонун буйругун күтпөстөн, идиш ташыгычтарды, бош идиш ташыгычтарды издеп кетти.

Ашканада, адаттагыдай, - эшиктен буу оргуштап кирет, столдордо отурушат бирине бири күн караманын данектериндей, столдор ортолорунда жүрүшөт түртүшүп, кимиси толтура идиш ташыгычы менен жол салып. Шухов ушунча жылдан бери көнүп калган, көзү курч, көрүп калды: Щ-208 идиш ташыгычында беш чөйчөк менен келатат, демек – бригадасында акыркылары, болбосо – эмнеге толук эмес баратат?

Жетип барды ага, кулагына шыбырайт артынан:

- Байкеси! Идиш ташыгычты – сенден кийин мен алайын!

- Тигил терезе жакта күтүп турат бирөө, беремин дегем…

- Бармагын сорсун, күтүп турат! Ачпасын оозду!

Сүйлөштүк.

Жетээр жерине алып келди, бошотту, Шухов идиш ташыгычты кармаганда тигил мурда сүйлөшкөнү чуркап келип калыптыр, наркы аягынан кармап өзүнө тарткылайт. Өзү болсо Шуховдон тыртайган неме экен. Шухов аны тартып аткан жагына түртө салганда, тигинин колу ташыгычтан жулунуп, өзү устунга барып жөлөнүп калды. Шухов – колтугуна ташыгычты кысып, тамак тараткан жерге безди.

Павло терезеге кезек алган, ташыгычтары жок зэригип турат. Сүйүнүп кетти:

- Иван Денисович! – анан алдындагы 27-чинин помбригадирин колу менен четке чыгарып: - Коё бер! Жөн турганда эмне? Менин ташыгычтарым бар!

Ана, Гопчик да, шылуун, ташыгыч алып келатат.

- Алар алагды болгондо, - күлөт, - мен тартып алдым!

Гопчиктен жакшы лагерчи болот. Дагы үч жыл үйрөнүп, чоңойсо – нан кескичтен төмөн болбойт.

Экинчи ташыгычты Павло килейген сибирдик киши Ермолаевге берди (ал да туткунда болгондугу үчүн он жылга кесилген). Гопчикти кайсы столдо тамак жеп бүтүшүп, бошойт - издегени жиберди. Шухов өзүнүн ташыгычын тамак таркаткан терезеге бурчу менен коюп, күтүп турат.

- Жүз төртүнчү! – Павло терезеге билдирди.

Терезелер бешөө: үчөө жалпы таркатма, бирөө тизмек боюнча тамактангандар (ашказан жарасы менен он адамдай жана бүт бухгалтерия), дагы бирөө - кир идиштерди кайтарууга (ал терезеде чөйчөк жалагандар мушташып жатышат). Терезелер бийик эмес – белден бир аз өөдөрөк. Алардан ашпозчу өзү көрүнбөйт, бир гана колдорун жана сузгучтарын көрөсүң.

Ашпозчунун колдору каралган аппак, апсайган, москоол. Ашпозчу эмей эле боксчу. Карандаш алып дубалдагы өзүнүн тизмегинде белгилеп койду:

- Жүз төртүнчү – жыйырма төрт!

Пантелеев деген келиптир ашканага. Сыркоо эмес ал, митаам.

Ашпозчу үч литрлик сузгучун алып – челектин ичин аралаштыра, аралаштыра айлантты (челек жаңы куюлган экен, бир аз толтурулбай, буу оргуштайт). Анан жети жүз элүү граммдык сузгучун алып, түбүнө чейин малбай үстүнөн сузуп куюп баштады.

- Бир, эки, үч, төрт…

Шухов кайсы чөйчөктөргө коюу куюлганын жана кайсы чөйчөктөргө тунмасы отуруп, жалаң суу кеткенин байкап койду. Идиш ташыгычка он чөйчөк тизип алып жөнөдү. Гопчик колун булгайт экинчи устун тирегичтен:

- Бияка, Иван Денисыч, бияка!

Чөйчөк алып барыш – дырдалаңдап басыш эмес. Салмактуу баратат Шухов, бир да кагылышка учурабай, үнү менен көбүрөөк иштеп:

- Эй, Хэ – Тогуз жүз жыйырма!... Абайла, байкеси!... Кач жолдон, балакай!

Мындай жык-жыйма элдин ичинде бир чөйчөктү төкпөй-чачпай жеткириш кыйын, азыр колдо – оноо. Бирок Гопчик бошоткон столдун аягына ташыгычты жумшак коюп, шалпылдаткан жок. Өзү отура турган жерге бурчтагы эки коюу куюлган чөйчөктү өзүнө каратып ташыгычты койгонго үлгүрдү.

Артынан Ермолаев онду алып келди. Гопчик чуркап барып Павло менен акыркы төрт чөйчөктү колдорунда алып келди.

Кильдигс ташыгычта нан көтөрүп келди. Бүгүн ар кимдин жумушу боюнча тамак берди – кимге эки жүз, кимге үч жүз, Шуховго болсо - төрт жүз. Өзүнө төрт жүз грамм нан кабыгы менен алды, Цезардыкы эки жүз, ортосу.

Бригадалаштар ашкананын ар тарабынан чууруп келе баштады – кечки тамак алганы, кай жерге отурсаң, ошол жерден урдура бер. Шухов чөйчөктөрдү таратып атат, кимге бергенин эске тутуп, өзүнүн бурчун унутпай. Бир коюу куюлган чөйчөккө кашыгын салып койду – меники дегенсип. Фетюков өзүнүн чөйчөгүн биринчилерден алып кеткен: бригададан азыр эчтеке чыкпарын билип, ашкана ичинде тинтип, калдык издегени кетти (эгерден ким акырына чейин жебей, чөйчөгүн нары түртүп койсо, аны жорулулар тарпты жулгандай талашып жок кылышат).

Павло экөөлөп порцияларды санап чыгышты, туура окшойт. Андрей Прокофьевич үчүн Шухов коюу куюлган чөйчөктү берди, Павло аны капкагы бар немистердин жалпак идишине куюп алды: бушлаттын ичине кымтып катып алып барса болот.

Ташыгычтарды берип салдык. Павло өзүнүн эки порциясы менен жана Шухов экөө менен. Башка эч нерсе жөнүндө сүйлөшкөн жок, ыйык мүнөттөр келди.

Шухов шапкесин чечип, тизесине койду. Кашыкты салып бир чөйчөгүн көрдү, экинчи чөйчөгүн. Эчтеке эмес, балыгы да жүрөт. Негизи, кечкисин баланда эртең мененкиге салыштырмалуу суюк келет: анткени эртең мененкисин иштей тургандай кылып зэкти тойгузуш керек, кечинде болсо мындай эле уктайт, өлбөйт.

Жеп баштады. Башында жалаң суусун шорголотуп ичип, ичип алды. Ысыгы кеткенде, денесине жайылганда – ичинин бүттүгү тим эле баландага карай талпынат. Жак-шыы! Мына, ушул кыска көз ирмемдик учур үчүн зэк жашап келатат!

Азыр Шуховдун эч нерсеге капасы жок: узак мөөнөтүнө да, созулган узак күнүнө да, дем алыш бербей койгонго да. Анын ойлору азыр: Кудай бергенин көрөбүз! Баштан өтөт бардыгы, бул да бүтөт акыры!

Эки чөйчөктөн тең ысык шорпосун ичип, биринен экинчисине бардыгын көмкөрүп алды, кашыгы менен түбүнөн шилеп. Ушинткенде тынчыраак болосуң, экинчи чөйчөктү ойлобой, колуң менен, көзүң менен аңдыбай.

Ошентип көзү бошогондон кийин – коңшулаш чөйчөктөргө көз салды. Сол жактагы кошунаныкы – жалаң суу экен. Эмне кылып жатышат, жүзү каралар, өзүбүздүн эле зэктер!

Жеп баштады Шухов капустасын калган-каткан шорпосу менен. Картөшкө эки чөйчөккө бирөө тийиптир – Цезардын чөйчөгүндө. Орточо картөшкө экен, үшүк алган, албетте, катуусу бар жана татымы таттуурак. Балык жокко эсе, айрым сөөктөрү жүрөт. Бирок ар бир балыктын арка сөөгүн, куйруктарын эзилте чайнаш керек – андан ширеси чыгат, пайдалуу шире. Буга албетте, убакыт керек, Шухов болсо азыр шашпайт, бүгүн аныкы майрам болду: түштө эки порция, кечинде эки порция амалданып таап жеди. Мындай иш үчүн бардык жумуштарды токтотуп койсо болот.

Тамеки саткан латышка барып келсекпи. Эртең менен тамекиси түгөнүп калышы мүмкүн.

Кечки тамакты Шухов нансыз жеди: эки порцияны нан менен – май чайнагандай болбойсуңбу! Нан эртеңкиге калат. Ашказан деген – шумпай, кечеки оокатты көпкө эскербейт, эртең кайра сурайт.

Шухов өзүнүн баландасы менен алек болуп, тегерек четте эмне болуп атканын байкоого алган жок, анын азыр кереги жок болчу: жаңы эч нерсеге ал көз арткан жок, өзүнүн закондуу тамагын жеп атты. Ошентсе да, наркы столдо бет маңдайда орун бошоп, ошол жерге бийик бойлуу чал Ю-81 отурду. Ал, Шухов билет, 64-чү бригададан, жанаа жөнөтмөдө кезекте турганда укту Шухов, 104-чүнүн ордуна Соцгородокко бүгүн 64-чү барды, күн кечке жылынбастан тикенек сымды тартып – өзүнө өзү зона курушту.

Бул чал жөнүндө Шуховго айтышкан, лагерде, түрмөдө эсеби жок отуруп келатат деп, совет бийлиги канча турат, ошондон бери, бир да амнистия буга жологон жок, бир он жылдыкты отуруп бүтсө, экинчисин ошол замат кайра мойнуна илишет.

Азыр Шухов аны жакындан көрдү. Бүкүрөйгөн лагердик аркалардын арасынан анын аркасы түп-түздүгү менен айырмаланып турат, столдо отурганда алдына отургучка бир нерсе төшөп алгандай көрүнөт. Жылаңач башында кыркып-түздөөгө эчактан бери бир тал чачы калбаган – жакшы турмуштан күүлүп түшкөн бардыгы. Чалдын көздөрү ашканадагы уу-чууга чуркабайт, Шуховдун үстү жагына өзүнүкүн ойлоп, көрбөй тиктеп турат. Ал суу баландасын жыгач, жарака кеткен кашыгы менен шашпай жеп атты, бирок бардыгына окшоп чөйчөккө башын салып эмес, кашыгын оозуна чейин бийик көтөрүп. Тиштери үстүнкүсү да, алдыңкысы да эчак жок болгон: сөөктөй катып калган тиш эттери нанды тишке окшоп чайнап атты. Бетинде көргөн түйшүктүн бардыгы жазылып турду, бирок алсыз майып бечелдикиндей эмес, урунган кара таштай. Жарака кеткен кара чоң колдорун көрсөң: бул жакта аңкоолонуп көп деле жүргөн эместей. А бирок өзөгү катуу, моюн бербейт: өзүнүн үч жүз граммын бардыгына окшоп, киргил, шалпылдап тамак төгүлгөн столдун үстүнө эмес, жуулган чүпүрөктүн үстүнө коёт.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет