Солженицын А. И



бет4/10
Дата15.06.2016
өлшемі0.72 Mb.
#137240
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

- Ваня, мындай кылбайлыбы, жаткырып алып көтөрүп барган болбойт – деп ойлоп тапты Шухов, - тургузуп алып эки жактан кучактайлы, өзүбүз менен жашырып акырын кете беребиз. Алыстан байкабайт.

Жакшы ойлоп тааптыр Шухов. Рулонду колго алыш оңтойсуз, аны колго албай, эки жактан үчүнчү адамды ортого салгандай кысып жөнөштү. Сырттан карасаң – эки адам тыгыз бараткандай көрүнөт.

- Кийин терезеден прораб тольду көрсө, баары бир билип калат, - оюн бөлүштү Шухов.

- Биздин ишибиз не? – таң калып койду Кильдигс. – ТЭЦке келсек, ал жерде ошентип туруптур. Сыйрымак белек?

Анысы туура.

Жука колгапта бармактар селейип калды, бири бирин сезбейт. Сол чокою чыдады. Чокой деген башкы нерсе. Кол болсо жумушка жылыйт.

Басылбаган каарды кечип, шайманканадан ТЭЦке карай салынган чананын изине чыгышты. Цемент алып келген окшойт.

ТЭЦ дөңдө турат, анын артында зонанын чеги. ТЭЦте көптөн бери эч ким болгон эмес, тегерек чети басылбаган тегиз каар. Чананын жолу, жаңы тапталган жолчолор даана көрүнөт, терең издерди калтырып биздикилер өтүшкөн. Жыгач күрөктөр менен ТЭЦтин тегерегин, машиненин жолун тазалап жатышат.

ТЭЦте көтөрмөсү иштесе жакшы болоор эле. Анын мотору күйүп кеткен, андан бери оңдой элек болуш керек. Демек, кайтадан экинчи кабатка бардыгын өзүбүз көтөрүп чыгарышыбыз керек. Растворду. Шлакоблокторду.

ТЭЦ эки ай сөлөкөтүн көрсөтүп, баягы калтырылган бойдон каарда турду. Мына эми 104-бригада келди. Араң жан алар эмне менен жан багып жүрөт дейсиң? – ач курсактары брезент менен курчалган; суук ызгаар; жылыткан жайы, очогу жок. Бирок 104-бригада келди – тирилик адаттагыдай башталды.

Машиналык залга кире бериште раствордун ящиги чачырап кетти. Ящик эски болчу, Шухов аны бүтүн алып келишпейт деп ойлоп койгон. Сөгүндү бригадир, бирок көрүп турат – эч кимдин күнөөсү жок. Ошол учурда Шухов Кильдигс менен тольду ортого алып келип калышты. Сүйүнүп кетти бригадир, мындай деп буйруду: Шухов – мешке морду жасап, аны тезирээк жагыш керек, Кильдигс – ящикти оңдосун, эстондуктар жардамдашат, Сенька Клевшин болсо – балтаны алып, узун жыгач жарсын, тольду урганы: толь терезеден эки эсе кууш. Жыгачты ага кайдан алсак? Жылытма жайды кылыш үчүн прораб тактай жазып бербейт. Эки жакты карады бригадир, баарысы көз жүгүртүштү – бир гана амал: экинчи кабатка чыкмада колго жөлөк болуп тактайлар урулган – чыгарыш керек. Эки жакты карап бассаң кулабайсың. Башка эмне айла?

Мындай карасаң, зэк он жыл лагерде эмнеге иштемек эле? Урганым жок деп жүрө бер. Эртеден кечке күн өткөр, түн сеники.

Бирок болбойт андай. Ал үчүн бригаданы ойлоп тапкан. Эркиндеги бригада эмес, Иван Иванычка өзүнчө эмгек акы, Петр Петровичке өзүнчө эмгек акы берилген. Лагерде бригада – жетекчилер зэктерди эмес, зэктер бири бирин иштеткен түзүлүш. Бул жерде мындай: же бардыгына кошумча берилет, же бардыгыңар ачка калгыла. Сен, желмаян, иштебей мен ачка калайынбы? Балакет бол, иштейсиң!

Азыркыдай учур келсе, отурмак кайдан? Каалайсыңбы, каалабайсыңбы жүгүр, жасагын. Эгерде эки сааттын ичинде жылытма жайды жасабасак – тоңуп өлөбүз бул жерде баарыбыз.

Инструменттерди Павло алып келиптир, талай бер. Бир нече түтүктөр да бар. Темир усталык боюнча инструмент жок, бирок балка бар, балта дагы. Эптеп жасайбыз.

Шухов колгаптарын бирин бирисине чапкылайт жана морду кураштырат, кошулган жерин ургулайт. Кайрадан чапкылайт да ургулайт (мастерогу жанында, жакын жерге каткан. Бригадада өз кишилер болгону менен алмаштырып коюшу мүмкүн. Ошол эле Кильдигс.)

Эми – ойлордун бардыгын башынан шыпырып салгандай. Шухов азыр эч нерсени эстебестен, эч нерсеге кам көрбөстөн, оюнун бардыгы мордун бүкмө жерлерин тыкандап, түтөбөгөндөй чыгарууга кеткен. Гопчикти сым издегени жиберди – морду терезеден чыгарып илип койгону.

Бурчта мору кирпичтен жасалган жапырайган меш бар. Үстүндөгү темир плитасы кызарган, тоңгон кум анда эрип кургатылып жатат. Ал меш жакшы жагылган, кавторанг менен Фетюков анын үстүнө кум ташып жүрүшөт. Кум ташыганга - көп өнөрдүн кереги жок. Ошондуктан бригадир андай жумушка мурдагы начальниктерди коёт. Фетюков мурда кайсы бир конторада чоң начальник болгон экен. Кызматтык машинеде жүрчү.

Фетюков биринчи күндөрү кавторангга куйругун көтөрүп, кыйкырып калчу. Бирок кавторанг бир жолу ооздон нары бергенде, ошону менен жарашып калышты.

Кум мешке балдар жылынганы чогула баштады эле, бригадир эскертти:

- Эх, азыр бирөө чекеден нары жейт! Камдап алгыла биринчи!

Токмок жеген камчыны көргөндө үркөт дейт. Суук канчалык ызгаар болсо да, бригадирдин каары андан ачуу. Жумуштары боюнча тарап кетти балдар.

Бригадир болсо, Шухов угуп турат, акырын Павлого:

- Сен мында калгын, катуу кармап тур. Мен азыр процентовканы жапканы кетем.

Жумуштун өзүнө караганда, процентовкадан көп нерсе чечилет. Кайсы бригадир акылдуу – жумушка күчүн чыгарбай, процентовканы жакшы чыгарганы жүгүрөт. Ошону менен оокат кылабыз. Эмнени кылбасаң – кылдым деп далилдеп бер; эмне үчүн арзан төлөсө - кымбат төлөгөндөй кылгын. Ал үчүн бригадирдин кыйла акылы болуш керек. Жана нормачылар менен сүйлөшкөндү билиш керек. Нормачыларга да бериш керек.

Териштирип келсек – кимге керек ошол проценттер? Лагерге. Лагерь ал аркылуу курулуштан ашыкча миңдерди алат жана өзүнүн лейтенанттарына премия жазып берет. Ошол эле Волковойго анын камчысы үчүн. Сага болсо – кечинде ашыкча эки жүз грамм нан. Эки жүз грамм өлүмдөн алып калат. Эки жүз граммдын аркасы менен Беломорканал курулган.

Эки чака суу алып келишти, анысы жолдон муз боло түшүптүр. Павло буну көрүп, ташыгандын кажети жок деп чечти. Каардан эриткен тезирээк болот. Чакаларды мешке коюшту.

Гопчик жаңы алюминий сым таап келиптир – электриктер тарткан сымдан. Бери сүйлөйт:

- Иван Денисыч! Кашыкка сонун сым экен. Кашык куйганы мени үйрөтөсүзбү?

Бул Гопчикти, кыйды немени, жакшы көрөт Иван Денисыч (анын өз баласы кичине жашта чарчаган, үйдө чоңоюп калган эки кызы бар). Гопчикти бендерачыларга токойго сүт ташыганы үчүн отургузган. Отураар мөөнөтү - чоң кишиге бергендей. Тигинин болсо – эне сүтү оозунан кете элек, чоңдорго эркелейт. А бирок анын да куулугу бар: өз жөнөтмөлөрүн жалгыз жейт, кээ бирде түнүчүндө кепшейт.

Бирок, башка жактан карасаң, бардыгын тойгузууга милдеттүү беле?

Кашыкка сымдан сындырып, бурчка катып коюшту. Шухов эки тактайды аркалатып, анын үстүнөн Гопчикти морду илгенге жөнөттү. Гопчик тыйын чычкандай жеңил – асылган тактайлардан чыгып, мыкты какты, сымды ошого илип мордун астына жиберди. Шухов эринбей мордун башын дагы бир бүгүп, өөдөлөтүп койду. Бүгүн шамал жок, а бирок эртең болсо – түтүндү шамал кайра бөлмөгө чаппасын. Бул меш өзүбүз үчүн, аны билиш керек.

Сенька Клевшин ичке узун тактайларды даярдап коюптур. Гопчик-хлопчик какканы кетти. Эрикпеген шумпай, үстүнөн кыйкырып жүрү.

Күн өөдөлөп калыптыр, бозомук тарады, эки жагынан мамы тилке жоголду - ичи мала кызыл тартып турат. А дегиче мешти уурдалган отун менен жагышты. Мына жыргал!

- Кычыраган чилдеде капталын тосуп уй жылыптыр! – деди Шухов.

Кильдигс раствордун ящигин ургулап бүттү, балтасы менен дагы бир ургулап, кыйкырды:

- Бери ук, Павло, бул иш үчүн бригадирден жүз сом, андан кем албайм!

Павло:

- Жүз грамм аласың. - деп күлдү



- Прокурор кошуп берет! - үстүнөн Гопчик кем калбайт.

- Тийбе, тийбе! – кыйкырды Шухов. (Тольду туура эмес кесип баштаган).

Кантип кескенди көрсөттү.

Темир мешке эл үймөлөктөшө калганда, Павло аларды чачыратты. Кильдигске жардамга берди жана раствордук тепши жасаганы буйруду - үстүнө раствор ташыганы. Кум ташыганга эки-үч адам кошту. Үстүнө жиберди – каардан дубал тургузаар жерди жана дубалдын өзүн тазалаганы. Дагы бирөөнү ичине – эриген кумду плитадан раствордук ящикке ыргытканы.

Сырттан мотордун үнү чыкты – шлакоблокторду ташый баштады, машина кылдырап өзүнө жол салып келатат. Павло чуркап чыгып колун булгалады – кайсы жерге шлакоблокторду түшүрүш керек.

Толь менен бир катар жамашты, экинчи катар. Толь жыргатып корголойбу? Кагаз деген кагаз да. А бирок бир өңчөй жабылган дубал болуп калды. Ичи караңгылай түштү. Мештин жарыгы көрүндү.

Алешка көмүр алып келиптир. Бирөөлөр кыйкырат: салгының! Башкалары: салбагын! Отундун табы менен жылынабыз! Туруп калды, кимди угаарын билбей.

Фетюков мешке такай отуруп алып, келесоо, чокоюн оттун өзүнө салат.

Кавторанг аны желкесинен көтөрүп, носилкага сүйрөйт:

- Кум ташып бүтүр, бечел!

Кавторанг лагердик ишке да өзүнүн деңиз кызматына жасагандай мамиле кылат: айттыбы жасаш керек деп, жасагын! Акыркы айда кавторанг катуу шылынды, бирок ишти тартып келатат.

Эртеби, кечпи – мына үч терезе толь менен капталды. Эшиктен гана жарык кирет. Суук дагы ошол жактан. Павло эшиктин жогору жагын каптап, ылдый жагын башты эңкейтип киргени гана калтыргыла деп буйруду. Каптап салышты.

Ал болгуча шлакоблоктон үч самосвал алып келип түшүрүштү. Эми маселе - көтөргүч жок аларды кантип үстү жакка чыгарыш керек?

- Устакелер! Жүргүлө, үстүнө чыгалы! – чакырды Павло.

Бул барктуу иш. Шухов жана Кильдигс Павло менен үстүнө көтөрүлүштү. Үстүнө чыкма ансыз деле кууш экен, эми Сенька колго жөлөгүчтөрдү жулуп салгандан кийин – ылдый жакка омкорулбагыдай дубалга жабышып жыласың. Дагы жаман жери – бут таяп баса турган тактайларга каар тоңуп томолоктошуп калган – кантип раствор ташышат?

Дубал коюла турган жерди барып карашты, күрөк менен ал жерди каардан тазалап жатышыптыр. Мына бул жерде. Мурда коюлган кирпичтерден балта менен музду чабыш керек, үстүн шыпырыш керек.

Шлакоблокторду кай жактан берген оң, карап көрүштү. Ылдый жакты карашты. Мындай чечимге келишти: чыкма менен колго көтөрүп чыккыча, төртөө ылдый жактан шлакоблокторду тигил тирегичтерге ыргытышсын, ал жерден экөө экинчи кабатка ыргытышсын, бул жактан болсо экөө ташып берет – ошондо тезирээк жүрөт иш.

Үстүндө шамал көп үйлөбөйт экен, бир аз гана сыдырым жел бар. Суук шамал өтсө, кантип дубал тургузабыз? Ал эми баштап койгон дубалга жашынып алсаң – урбайт суук, жылыйсың.

Шухов башын асманга көтөрүп, аң-таң боло түштү: асман тап-таза, күн болсо түшкө ооп калыптыр. Э-э, кудайга тобо-о: жумуш менен убакыттын өткөнү! Канча жолу Шухов байкаган: лагерде күндөр көз ачып жумгуча өтүп кетет. Отураар мөөнөтүң болсо – жылбайт, деги эле кыскарып койбойт.

Ылдый түшүштү, ал жакта бардыгы мешти тегеректешип отуруп алышкан, кавторанг менен Фетюков гана кум ташып жүрүшөт. Жини келди Павлонун, сегиз адамды дароо шлакоблокко айдады, экөө цементти ящикке салып кум менен кургак аралаштырганы турду, тигини сууга, тигини - көмүргө жиберди. Кильдигс болсо өз командасына:

- Кана, чычымдар, носилкаларды бүтүрүш керек. – деди.

- Мен дагы аларга жардам берсемби? – Шухов Павлодон өзү жумушту сурап жүрү.

- Жардам бергиле.- Павло башын ийкейт.

Аңгыча растворго каар эриткени челек алып келишти. Кимдир бирөөдөн угуп калышты, саат он эки болуп калыптыр деп.

- Болсо болуп калды он эки, - жарыялады Шухов дагы. – Ана күн ортолоп калыптыр.

- Эгерде ортолоп калса, - кавторанг жообун кайтарды, - он эки эмес, бир болду.

- Эмнеге андай? – таң калды Шухов. – Ата-бабалардан бери белгилүү: күн түштө эң жогору турат.

- Ал ошол бабаларың убакта болчу! – кесип койду кавторанг. – Андан бери декрет чыккан, азыр күн саат бирде эң жогору турат.

- Кимдин декрети?

- Совет бийлигинин!

Кавторанг носилкасын көтөрүп чыгып кетти, Шухов болсо талашмак деле эмес. Эмне, күн дагы алардын декреттерине баш ийип калды беле?

Ургулап, соккулап төрт тепши жасашты.

- Болду, отуруп, жылыналы, - деди Павло эки устакесине. – Силер дагы, Сенька, түштөн кийин дубал тургузасыңар. Отургула!

Мына, мешке уруксаты менен отурдук. Баары бир түшкө чейин дубалды баштабайбыз, раствор кылуунун кажети жок, тоңуп калат.

Көмүр акырындап кызарып калыптыр, табы жакшы экен. Мештин жанында гана табы сезилет, ал эми залда суук кандай болсо, ошол бойдон.

Колгаптарды чечишип, колдорун төртөө тең мешке тосуп калкалашат.

Бутуңду болсо бут кийим менен отко жакын койбо, муну түшүнүш керек. Батинке болсо, сырты чытырап бөлүнөт, чокой болсо – нымдашып суу болот, чекеси дагы жылыбайт. Отко өтө жакын койсоң - күйгүзөсүң. Жазга чейин жыртыгы менен жүрөсүң, башкасын бербейт.

- Шуховго эмне? – Кильдигс тийшип жатат. – Шухов бир буту менен үйдө турат.

- Алдагы, жылаңайлак буту менен, - деп бирөө кошумчалады. Күлүштү. (Шухов күйгөн сол чокюун чечип, чулгоосун кургатып жаткан).

- Шуховдун мөөнөтү аяктайт.

Кильдигс жыйырма беш жыл отурат. Мурда ушундай бир жеңилирээк туш болуптур: бардыгына бирдей он жыл беришчү. Кырк тогузунчу жылдан баштап бардыгына жыйырма беш жыл бере башташты. Он жылды эптеп өткөрөт экенсиң өлбө жаным өлбө деп, - кана, жыйырма беш жыл отурчу?!

Колу менен көрсөтүп: мына тигил жакында бошойт дегени Шуховго жагат, - бирок өзү ошого көп ишенбейт. Тигине, кимдин мөөнөтү согуш учурунда бүткөн болсо, бардыгын өзгөчө буйрукка чейин кармашты, кырк алтынчы жылга чейин. Ким үч жылга гана кесилсе, үстүнө беш жыл ашыгы менен отурду. Мыйзамды - оңой кайрып коюшат. Он жыл аяктаса – мына сага дагы бир он жылдык. Же алыс жакка айдашат.

Кээ бир учурда ойлонуп кетсең – дем кыстыгат: мөөнөт аягына жетейин деп калды, ана учу көрүнгөнсүйт… О Кудай! Өз бутуң менен – эркиндикке чыгып баратсаң, э-э?

Бирок карт лагердик немеге бул жөнүндө сүйлөгөнү жарашпайт. Шухов Кильдигске мындай жооп берди:

- Сен өзүңдүн жыйырма беш жылыңды санаба. Жыйырма беш жыл отурасыңбы, отурбайсыңбы, ким билет. Мен болсо сегиз жыл толугу менен отурдум, мына бул турган иш.

Жашап жүрө берет экенсиң жерге башыңды салып, ойлогонго убактың жок: кантип отурдуң? качан чыгасың? деп.

Делосу боюнча Шухов өлкөнүн чыккынчысы. Өлкөгө чыккынчылык кылуу максатында туткунга түшкөн, ал эми туткундан болсо немис чалгынчылардын тапшырмасын аткарганы келдим деп көрсөтүп берген. Ал кандай тапшырма экенин Шухов дагы, тергөөчү дагы ойлоп чыгаралбай коюшту. Жөн эле тапшырма бойдон кала берди.

Биздин чалгынчылар Шуховду көп сабашты. Шуховго ошондо жөнөкөй ой келди: кагазына кол койбосоң - көргө киргизет, кол койсоң – дагы кичине жашайсың. Колун койду.

Иштин жайы мындай болгон: кырк экинчи жылдын февралында Түндүк-Батыш фронтто алардын армия бүтүндөй курчоого кабылды, самолеттон азык-түлүк таштаган жок, самолеттун өзүн да көрүшкөн жок. Өлүк жылкынын туягын кесип, аны сууга чылап жеген күндөр болгон. Атышканы эч нерсе жок. Ошентип аларды бириндетип немистер токойлордон кармап алышчу. Мына ошондой бир топ менен Шухов туткунга, ошол эле токой ичинде түшүп калды эки-үч күнгө - анан бешөө болуп качып кетишти. Токой-сазды аралап эптеп өзүбүздүкүнө урундук. Бирок экөөнү автоматчан ошол жерден набыт кылды, үчүнчүсү жаракаттан көз жумду, - ошентип экөө тирүү жетти.

Акылдуу болуп, токой аралап жүрдүк дегенде, суудан кургак чыгышмак. Алар ачылып алышты: ушинтип немис туткунунда болдук деп. Туткундабы? Энеңдин гана силдердин!.. Фашисттик агенттер! Отургула камакка. Алар бешөө болчу, эгерде бардыгынын көрсөтмөсүн салыштырганда, ишенмек беле, экөөнө ишенич жок: сүйлөшүп алышкан, дурайындар, туткундан качтык деп.

Сенька Клевшин кереңдиги менен туткундан качуу тууралуу айтып жатканын угуп, катуу үнүн чыгарды:

- Мен туткундан үч жолу качкам. Үч жолу тең кармашкан.

Сенька, чыдамдуу неме, көбүнчө унчукпайт: элди укпайт, баарлашууга кийлигишпейт. Ошондуктан ал жөнүндө аз билишет, Бухенвальдда отурганы жана ал жердеги жашырын уюмда болгону, зонага көтөрүлүш үчүн курал ташыганы тууралуу гана билишет. Жана немистер колун артка кылып тартып, таяк менен урганын билишет.

- Ваня, сен сегиз жыл отурганың – кайсы лагерде? – Кильдигс каяшын айтат. – Сен мындай лагерде отургансың, ал жерде аялдар менен жашачысыңар! Номерлер жок. Мына сүргүн лагерде отуруп көрчү! Эч ким аягына чейин отура элек.

- Аялдар менен!... Теңимди эмей теректи кучактачубуз!...

Шухов мештин отун тиктеп, түндүктө өткөн жети жылын эстеди. Үч жыл терек сүйрөп, тарага жана шпалага тактай даярдаганы. Жана ушундай үлпүлдөгөн оттун жарыгы терек жыкмада: күндүзгү терек жыгууда эмес, түнкү. Начальниктин ушундай мыйзамы бар болчу – ким күндүзгү тапшырманы аткарбаса, токойдо түнкүгө калат.

Түн ортосунда лагерге сүйрөлүп келесиң, таңга маал кайра токойго.

- Жо-ок, туугандар… бул жерде тынчыраак – деди ал. – Бул жерде убакыт келдиби – кете бер. Аткардыңбы, аткарган жоксуңбу – алга зонага. Гарантийка жүз грамм жогору. Бул жерде жашасаң болот. Өзгөчө деп аталат экен – мейли өзгөчө боло берсин, номерлер желкеңди тартып жатабы? Номерлердин салмагы жок.

- Тынчыраак дейт! – Фетюковдун ышкырган үнү чыкты (тыныгуу маалы келип калган, бардыгы мешти тегеректеп турушат). – Элди уктап жаткан жеринен союуп кетип жатышат. Тынчыраак имиш!...

- Элди эмес, бузукуларды! – Павло сөөмөйү менен Фетюковго зеките шилтеди.

Чын эле, лагерде жаңы бир нерсе башталды. Эки белгилүү бузукуну вагонкадан, ойгоноор маалда сайып кетишти. Кийин бир күнөөсүз жумушчуну – орун алмашып алышкан окшойт. Бир бузуку өзү жетекчилерге барып, мени БУРга отургузгула, түрмөгө каткыла деп качып кетти. Укмуш, ай… башка лагерде мындай жок болчу. Бул жерде деле болгон эмес…

Бир маалда энергопоезддин үнү угулду. Ал дароо бүт күчү менен күүлдөбөй, башында кыркырагансып үндөдү.

Жарым күндү өткөрдүк! Түшкү тыныгуу!

Эх, үлгүрбөй калдык! Ашканага эчак барыш керек болчу, кезек алганы. Объектиде он бир бригада бар, ашканага эки бригададан ашык батпайт.

Бригадирибиз алиге чейин жок. Павло көзүн тез жүгүртүп, мындай деп чечти:

- Шухов менен Гопчик – мени менен! Кильдигс! Гопчикти силерге жибергенде – тезинен бригаданы алып кел!

Мештин жанындагы алардын ордуларын ошол замат ээлешти, жакшы көргөн жарындай бардыгы мешти тегеректеп кучактаганы жүрүшөт.

- Ташта уйкуну! – кыйкырат балдар. - Түтөт тамекиден!

Айтканын айтып коюп бири бирин карашат – кимиси түтөтө баштайт. Түтөткөн эч ким жок – же тамекиси калбаган, же катып, көрсөткүсү келбейт.

Павло менен тышка чыгышты. Гопчик аркада коёндой безип келатат.

- Күн жылып калыптыр, - заматта баамдады Шухов.- Он сегиз градус, андан көп эмес. Дубал койгону жакшы.

Шлакоблокторго көз жүгүртүштү – балдар көбүн тирегичтерге ыргытып коюптур, айрымдарын экинчи кабатка дагы.

Күндү дагы карады Шухов көзүн жүлжүйтүп, кавторангдын декретин текшерип.

Ачыкта шамал ойнок, чымчылайт, ичке кирет. Унутпа дегенсип, азыр январь айы.

Өндүрүштүк ашкана – мешти тегерете тактайдан жасалган чакан алачык, араларын жабыш үчүн сыртына темир урулган. Алачыктын ичин тосмо жыгач экиге бөлөт – аш жасаган бөлмөгө жана ашканага. Аш бөлмөдө жана ашканада бирдей жер төшөлгөн эмес. Жер кантип тапталган, ошол бойдон өңгүл-дөңгүл. Аш бөлмө болсо - төрт бурчтук меш, үстүнө казан орнотулган.

Ал бөлмөнү экөө тейлейт – ашпозчу жана санинструктор. Эртең мененкисин лагерден чыкканда ашпозчу чоң лагердик ашканадан таруу алат. Бир адамга болжолу менен элүү граммдан, бригадага – бир кило, ошондо объектиге каптын үчтөн бир бөлүгүнө жетпегендей болот экен. Ашпозчу тигил таруу капты үч километр өз жонуна көтөрбөйт, дагы бир байкуш көтөрүп келет. Өзү көтөрүп жинди болуптурбу, андан көрү жанагы байкушка жумушчулардын эсебинен ашыкча порция бөлүп берип коёт. Суу алып келип, отун жарып, мешти жаккан – ашпозчу эмес, жумушчулар жана бечелдер кылышат – аларга дагы порциядан берет, бөтөн оокатты аямак беле. Дагы бир эреже бар – ашканадан чыкпай тамактаныш керек: чөйчөктөрдү лагерден алып келишет (объектке калтыра албайсың, түнүчүндө бош жүргөндөр алып кетишет), элүүдөн ашык идиш алып келишпейт, бул жерден чайкап кайра айланта куюп бере беришет (чөйчөк ташып келгенге - дагы бир порция кошумча). Чөйчөктөрдү ашканадан чыгарбаш үчүн эшиктин оозунда бирөө атайын турат - чөйчөктөрдү кайтарып. Бирок канча кайтарба – баары бир чыгарып кетишет, көндүрөбү, же тигил кээде көрмөксөнгө салып коёбу, ким билсин. Эми объектти бүтүн шимшилеп бирөө ошол чөйчөктөрдү кайра ашканага чогултуп келиши керек. Ал дагы бир порция. Тигилге дагы бир порция.

Ашпозчунун иши болгону ушул: таруу жана туз салат, майды бөлүштүрөт – казанга жана өзүнө (жакшы май жумушчуларга жетпейт, бузулган майдын бардыгы казанда. Ошондуктан зэктер кампадан бузулган май келсе экен деп тилешет). Анан – ботко бышып калганда аралаштырып коёт. Санинструктор аны дагы кылбайт: жөн гана карап отурат. Ботко бышса санинструкторго берилет – ичиң жарылганча тоюп ал. Өзү дагы ченебей жейт. Анан кезекчи бригадир келет, күнүгө алмашып турган – сынак алганы, жанагы боткону жумушчуларга берсе болобу, болбойбу дегенсип. Кезекчи бригадирге – кошумчалуу порция.

Аңгыча чакырык гүүлдөйт. Бригадалар кезектешип келишет, ашпозчу кичинекей терезеден чөйчөктөрдү суна берет, анын түбүндө болор-болбос ботко, сенин тарууңдан канчасы бар - өлчөбөйсүң, сурабайсың, бир нерсе деп көрчү, оозуңду жап кылат.

Жылаңач талаада шамал ыркырайт – жайкысын ысык жел, кышкысын ызгаар. Бул талаада эч нерсе өсө турган эмес, ал эми тикен сым тартылгандын ичинде – огош бетер. Нан деген нан кесчү жайда гана, аш деген азык-түлүк кампада. Жумушта белиңди эки бүксөң дагы, мурдуң менен жер казсаң дагы – тамак аш пайда боло калбайт, начальник жазып бергенден ашыкча албайсың. Ашпозчунун артынан, сагаалагандардын артынан, ар кандай амалкөйлөрдүн артынан аны дагы жөнү менен албайсың. Бул жерде уурдашат, зонада уурдашат, андан мурда кампадан уурдашат. Ошол уурулардын бардыгы колуна күрөк алып иштешпейт. Сен болсо – иштейсиң жана бергенин аласың. Кыңк этпей терезеден сунганды алып кете бер.

Кимге кимдин алы жетсе, ошого күчүн чыгарат.

Павло жана Шухов Гопчик менен ашканага киришти – ал жерде бири бирине жанаша турушат, арка-жондордон кыска столдор да, отургучтар да көрүнбөйт. Кимиси отуруп тамактанып жатат, көбү турган бойдон. Жарым күн жылынбай чуңкур казган 82-бригада чакырык болоор замат биринчи орундарды ээлеп алган. Аларды башкалар сөгүп жатса да, кабагым-кашым дебей отурушат – суукта калчылдаганча, сөз угуп отура берген жакшы.

Павло менен Шухов чыканактарын иштетип алдыга жылышты. Ырас келиптир: бир бригада алып жаткан кези, бирөө кезекте, помбригадирлери терезенин жанында турушат. Калгандары, демек, бизден кийин.

- Чөйчөк! Чөйчөк! – деп терезеден ашпозчу кыйкыргыча, бул жактан сунуп жатышат, Шухов дагы чогултуп, сунуп жүрөт – кошумча ботко үчүн эмес, тезирээк болуш үчүн.

Тосмонун ары жагында чөйчөк жууп жатышат жалданчулар – кошумча ботко үчүн.

Павлонун алдындагы помбригадир алып баштады, - Павло суналып, баштардын үстүнөн чакырды:

- Гопчик!

- Угуп атам! – эшик жактан. Үнү ичке, улактыкындай.

-Чакыр бригаданы!

Кетти чуркап.

Негизгиси, ботко бүгүн дурус экен, эң сонун ботко – сулудан. Чанда жасашат аны. Көбүнчө магара күнүнө эки жолу, же буудайдын кебеги. Сулунун дан ортосундагысы – бышканда тогумдуу, ошонусу күч берет.

Жаш кезде жылкыга канча сулу берди Шухов – ойлоптурбу ушул бир уч сулуну жаны кезерип самаган күн келет деп?

- Чөйчөк! Чөйчөк! – деген терезеден кыйкырык.

104-нүн кезеги келип калды. Алдыңкы помбригадир өзүнүн чөйчөгүнө эки порциялуу «бригадирликти» салдырып алып, терезеден кетти.

Мына бул дагы жумушчулардын эсебинен кетет – буга дагы эч ким сөз дебейт. Ар бир бригадирге ушундай берилет, тигил болсо өзү жейби, жардамчыга береби, өзүнүн иши. Тюрин Павлого берет.

Шуховдун жумушу азыр мындай: столго кыпчылып кирип алып, эки бечелди кууп жиберди, бир жумушчуну сыйы менен сурады, ошентип столдун чекесин он эки чөйчөктүү орунга тазалады, эгерде аларды жанаша койсо, үстүнө алтоо турат, дагы үстүнө экөө, эми Павлодон чөйчөк ала бериш керек, эсебин жүргүзүп жана бөлөк-бөтөн чөйчөктү столдон алып кетпегидей карап туруш керек. Чыканагы менен түртүп омкоруп жибербегидей. Жаныңда тактайлардан турушуп, отурушуп, жеп жаткан адамдар. Көз менен чекти байкап туруш керек: өзүнүкүн жеп жатабы? же биздикине кирип кеттиби?

- Эки! Төрт! Алты! – терезенин аркы жагынан ашпозчу санап жатат. Ал эки колго экиден сунат. Ушинткен жеңилирээк, бирден санаганда жаңыласың.

- Эки, төрт, алты, - тигил терезеге карап жай кайталап жатыры Павло. Эки чөйчөктөн Шуховго өткөрүп берет, Шухов болсо столго коёт. Шухов үн чыгарып санаган жок, бирок тигилерден көп байкап турат.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет