Токтогулов Айылчы Мезгил ызасы



бет5/7
Дата14.06.2016
өлшемі0.91 Mb.
#135429
1   2   3   4   5   6   7

ЖӨӨКҮЛҮК
Чоң Оолудан чабаганчы келди.

Момутай Карабекти үйгө кийрип, атын шар суунун жээгиндеги көк терекке аса байлап үйгө баш бакты. Жай кепке алып: Эмне дейт Дыйканым? Жөн киши жиберчү эмес эле.

Момутай тамагын кыра жөтөлүп, чокчо сакалын оозуна имере салаалап тарап ойго туна түштү.

Силердин элде жөөкүлүк бар дейт. Мекедилдеге барып келген имиш. Жай сурашсам деп жатат.

– А баатырым, бар, баремей тиги Толукта Шадыкандын айылында.

Карабек дайынын билгенге ичинен жымыйды.

– Мен аттанам. Карабек сес көрсөтө Момутайга тикирейе карап ордунан атып турду.

– А жан жигит, жаныңда мен болоюн. Жанаша бастырбасак тоо эли эмне дейт.

Бу жалгыздатып салганы эмнеси дебейби, күтүнүп албаганы эмнеси дебейби.

Карабек эч нерсе менен иши жоктой эшикке чапчаң бет алды.

Издеп барган адамын Шадыкандыкынан тапты Момутай.

– Шадыке, бу Сакиажыны чакырттырып, Дыйканбай киши жибериптир, аны бу чабарманы эскертти.

Момутай бир сыйра тегерете көз жүгүртүп, Сакиажыны сынай карады.

– Моке, бүгүн Жампага барып келмек элем. Эртең барсак болбойбу? – деди Саки. Шадыкан үн катты:

– Атайын тигинтип, киши жиберип отурса, бир керекке жарап берет деп чакыргандыр. Кой, бу абамдын көңүлүн калтыр-

бай Чоңоолуга жөнө Рыскулбектин балдарын бу Мокем эмес баарыбыз билебиз. Арзып келсе барбай койчубу. Антип көктүккө салба.

– Келбесе аныгын айтсын баатыр. Карабек колундагы кымызын шап жутуп ийип, Сакиажыны карады.

– Шадыкан кырма кеседеги, кымыздай мелтиреп Момутайга жүзүн бурду.

Ортодогу жымжырттыкты Сакиажы өзү бузду.

–Мейли, силер аттана бергиле, артыңардан өзүм барып калам.

Карабек камчысын, бүктөп сес көрсөтө ордунда опурулду.

– Атайын келип сени алдыма салбай кетпейм. Барсаң биз менен барасың, барбасаң ачыгын айт. Колуңа толгоо салып чуркатып алам.

Жаагы кере карыш, мурду сүмбөдөй узун, буудай жүздөнүп майланышкан Карабек сестүү кекетип олтурду.

Шадыкан акырын соккон желдей сөздү жумшактап:

– Баатырдын жигити да баатыр. Баатыр опурулса сыдырым соккон жел да бороондобойбу. Барат, агасынын тилин албаган ини болчубу. Атайын арзып, бектин буйругун аткарып, сен келип олтурсаң, улук башын кичик кылып Мокем келип олтурса барбай койчубу? Ажым, антип чогоолдук кылба. Береги Карабек иним, сенин артыңан барып калаарына ишенбей жатат шекилдүү. А Мокем экөөбүздүн жөнүбүз башка.

Кербабанын чөлүн жөө чуркап өткөн кишиге күнүмдүк эле жол экен-дедиң эле. Ушу чоңоолу эмне. Бул эле жерде турбайбы?

Карабек кабагы жазылып жибий түштү. Чабаганчынын жумшарып турганынан пайдаланып Момутай:

– Иним, биз бастыра берелик. Жөө күлүк өзүн сынагысы бардыр. Тоскоолдон ат чалдырып турсак жетип барар. Ушу кезге чейин уятка калтырбаган, эми сөзгө калтырат беле.

Биз аттаналык, Шадыке? – Момутай Шадыканды суроолуу тиктеди.

– Сиз аттанбайсызбы?

Момутай Шадыканды карады. Шадыкан:

– Тоо элинен сиздин барып келгениңиз жөндүү. Момутайдын чечендигин жакшы билген Шадыкан «өзү кутулат», деп өзү айылында кала берди.

Ат үстүндө чаалыккан Карабек жымжырттыкты буза:

– Аксакал, жөө күлүктүн пешенеси... боз уландай көрүнөт, мунун Мекедилдеге барганына ким ишенет?

– Э укем, ал узун сабак. Мен кыскартып айтайын, сен да кепкор окшойсуң. Кепкор киши сөздүн түйүнүн айтсаң, калганын өзү чечип алат. А укем, сен Дыйканбайга таянып бизге опурулдуң. Аныңды деле билип турам, балам. Антпесең деле биз бармакпыз. Алдуу менен алсызды ажырата жүр. Тоо эли сенин чоңдугуңа карабайт. Болгонун болгондой айтып жактырбаса бастырып кете берет. Бирөө болбосо бирөөсү ызаалап коёт. ...Жок дейсиңби кара баштуу элде.

Карабек Момутайдын бу кебине моюн сунгандай, ат тизгинин бош таштап жүрүшү жай.

И, эми Сакиажы жөнүндө, дээринде бар, туубаса күлүк. Теңирим аны ошондой жараткан. Бала кезинде апасы далысына калпак коюп, колтугунан арчындап салаар эле.

– Сөзүңүзгө түшүнбөдүм, калпактын бул жерде кандай тиешеси бар?

– Кызыгы ошол жерде болуп жатпайбы. Жай баспай ылдам чуркаганда жаш баланын согончогу далысына жете, өзүн-өзү камчыланып чуркоочу. Далысы жооруп кызарып, териси сыйрылып турса эне байкуш кантип түтсүн? Калпакты атайын кош кабаттап көйнөгүнүн сыртынан далысына туштап, эки колтугунан имере жип менен байлап берчү. Сакиден кутулган жылкы баласы болгон эмес. Жүгүрүп баратып улоо

байталга укурук салып кетчү. Таман тузак салып кармоо анын оюна да келчү эмес. – Ийи, угуп тур. Ошо Саки кийин Мекедилдеге барып жээлигип, токтоно албай жүргөн жөө күлүктү кимдир бирөө шыкактап койгонбу. Туугандарына:

– Мен Мекедилдеге кеттим деп жыл айланып келген. Ал жана Шадыкан айтпадыбы, Кербаланын чөлүн чуркап өтсө

күнүмдүк эле жол экен деп. Чоң Оолу эмне ага караганда бул эле жерде деди го. Жөөкүлүк бизге жетсе Тоскоолдон жетет.

– Теңирим өзү кечирсин, Шадыкан экөөбүздүн Кербаланын чөлү менен ишибиз не. Аны да ажым кабыл болду деп Саки өзү айтып, элге теспе таркатып берген экен.

Ошондон Сакиажы аталып келатат, балам. Ал жашынан ажы аталды.

– Атым ким дедиң эле?

– Карабек.

– И Сакиажы жөнү ошондой. Карабек балам, балким Сакиажы бизди айланып өтүп да кеткен чыгаар.

Момутай Карабекти чоочутуп сүйлөдү.

Алар аттардын белин бошотуп отко коюп жатканда Саки жете келди. Момутайды карап күлүп коёт. Таң калган Карабек аңкая карап, Жөөкүлүктү көпкө көз айрыбай тиктеди.

– Барып калам десем болбойсуңар, эми кимиңер атыңарды бересиңер?

Сакиажи батыл сүйлөдү.

– Э кара кашка экөөбүздү көтөрбөй өлүпбү, чаалыгып каласың, кел учкаш, деген Момутай Сакиажыны учкаштырып алды. Алар эл орунга олтура Чоң Оолуга жете келишип, Карабектин үйүнө конок болушту.

Жөө күлүк келиптир, тайган менен талашып коён тебет имиш. Азоо жылкыга жандай чуркап укурук салып токтотот дейт деген кабар Акчий, Карасуудагыларга чагылгандай тез тарады.

Байтик айттырган кабар Дыйканбайдын бүйүрүн кызытты.

– Атакөрү Шабдан келсе көп иш болот экен. Жөөкүлүк меники Айттырган аманатың мына, алдыңда турат дейм. Чыгып келсе байгеси, даңкы биздики, артта калса тозотторго табыштап «ким көрдү» кылам деген Дыйканбай Сакиажыны төргө олтургузуп, суусунуна кымыз, жээрине балыр козунун этин жегизди. Азырынча ачылып сырдашпады.

Күн аркан бою көтөрүлүп Чоңоолу күрү-күү. Тайгандан талашып жөө күлүк коён тебет дейт.

Ой, шумдугуң кургур, баса тизесинде ийик башы жок экен. Ал чуркаганда далысындагы тердикке буту тийип, төшүндөгү кош кабат тартылган басмайыл зорго чыдайт дейт. Баса жоргонун буттарындай буттары шакылдап төшүнө согулуп турат имиш. Айтор эмнеси болсо да, эл арасы имиштерге жык толуп, туш тараптан келгендердин карааны көбөйүүдө. Дыйканбай бу күнү тузакка коён алдырып, Сакиажыны сынамак болду. Көргөн жапан жаныбарларды куткарбаган кара тайган эки кулагын шалпайтып, ичин кынжыйтып эки жагын телмире тиктеди.

Колго түшкөн ак коён бирөөлөрдөн корунгандай бүжүрөп, аңчы абышканын колунда бүрүшөт.

Эл сүрдүгүп Сакиажыны карай берди. Кара тайган эл менен иши жоктой эки бутун алдыга сунуп бей капар. Коён көтөргөн абышка Кара тайгандын жанына келди. Кара тайгандын тумшугу сууланып жыт искегендей акырын ордунан туруп, абышканын колундагы коёнду үтүрөйүп карап койду.

– А, күлүгүм, тайгандын жанына тур?!

Дыйкан Сакиге буйрук бере: – Тепсең мөөрөй сеники. Кара тайган алып кетсе..?

Дыйкан Сакиажыны сестүү карады.

Эл дуулдап Сакажыдан көзү өтөт.

– Ой, тигиниң киши эмес эле көз боочу го?

– Койсоңчу, качан эле тайгандан мурун адам алып кетчү эле.

– Жок, анын көз карашын көрдүңбү? Киши да болсо коёндон көзү өтүп турат.

– Жөөкүлүк, тайгандын жанына тур.

Дыйкандын үнү бийик, аба жарып чыкты. Эл нестейди, жел жортпой маңдайдан тийген күндүн ысык илеби урат.

– Кана, коёнду кое бергиле?

Ийинин карай качкан жапан ак коён андан мындан бир тийип, көзгө илешпей барат. Артынан Жөөкүлүк менен Кара тайган кетти жел куюн болуп.

Тобо, ийинине жакын калган жапан ак коёнду ыргыта тээп, жерге түшүрбөй желкесинен апчый кармап калды Жөөкүлүк.

Эми эле жете келген Кара тайган олжосунан куру калып намыстангандай тикирейе Жөөкүлүктү ачуулуу тиктейт.

Мурдунан дир-дир аккан канына тумшугун тосо өйдө обдулат.

Тайган өмүрүндө олжосун биринчи алдыргангабы, коён агыткан абышкага нааразы болгондой комдонуп жата кетти.

Колундагы коёнду өйдө кармап:

– Болдубу же дагы өнөр көрсөт, – деп кыстайсыңбы деген тейдеги көз карашта, Жөөкүлүк Дыйканбайдын алдына «мына энчиңиз» дегендей аны акырын таштады.

Кыжылдаган көпчүлүк аары болуп ызылдады.

– Ой тоуба, адамдан да чыгат экен, э?

– Эй, мунуң адам эмес эле азгырык го ыя?

– Койсоңчу көрүп турбайлыбы. Кара тайгандан мурун жетип асманга ыргыта тээп өтүп, кайрылып тосуп алды го.

Айтор көпчүлүк Жөөкүлүктү көргөндө таң калып жатышты.
***

А Жөөкүлүгүм, Кетментөбөнүн дагы бир жолу арбагын көтөрүп берет экенсиң.

– Суутуң кандай күлүгүм?

– Ал жагын өзүмө коюңуз баатыр.

Ат чабыш кайсы жерде блот?

Угушумда ушул жерден «Байбиченин сазына» чейин, жаки жыйын Суусамырда өтсө, коно байгеге чабылган күлүктөр ушул жерден коё берилмеги бар. Ал жагы тигилердин сунушу менен.

Дыйканбай мелтейе жер тиктеп, ойго туна түштү.

Дыйканбай оюнан бошоно Карабекке карап:

– Эмнеси болсо да, Жөөкүлүктү өзүң жандап жүрөсүң. Бирөө суук көзүн артпасын.

Ал жылмышып түшүп бараткан сурп чепкенин өйдө силке, стампул топусун чекесине карай жылдырып, чыбырчыктап чыккан терин колу менен жанып күндү серепчилейт.

...Дыйканбай эки жагын жыйынтыктап, Чычканды өрдөп жүрүш жасарын эскертти.

Ээн баштыктар болбос үчүн ар жактан келген бийлер өздөрү менен өздөрү алек. Уруу уруу боюнча боз үйлөргө бөлүштүрүлүп көч башчылары тескеп, ар бир аймакка бирден билерманын шайлап: «Жыйын бүткөнчө ушул үйдө болосуң, ушул элдин бийисиң, чыр чыкса биринчи сенин башың кетет, - деп тескеп чыгышты. Ар жактан келген эл өзү менен өзү алек. Эр эңиш, кыз куумай, улак тартыш деги оюндун көп түрлөрү өтүлөрү белгилүү го элге.

Мезгил жетип ырчылар ат чабыш жөнүндө жар чакырып, эл арасында үндөрү коңгуроодой...

Арыта боз өргөөдө өргүп жаткан нар төөдөй денесин төө чепкени менен жашырып, ого бетер сүрдүү көрүнгөн Байтик Сакиажыны жанына чакыртып алды.

– Э, Кетментөбөлүк Жөөкүлүк сенсиңби?

Байтик чогоол үн катты.

– Ооба баатыр, Сакиажы кыска жооп берип Байтиктин жанында отурду. Бу Түнкатар Жөөкүлүк чыкты деп укканым бар. Дыйканбай тайган менен талашытырып коён тептиргем, тайгандан мурда коёнго жетип, учура тээп, жерге түшүрбөй желкесинен кармап калган дейт, бу чынбы?

– Чын, баатыр.

– Ым, де, анда ажыга барганыңды күлүктөр менен кошо чабылганыңда билебиз.

– Мекедилдеге жөө бардыңбы? Байтик көз кыйыта сырдуу карап коңур унчукту.

– Ооба, баатыр, жараткан өз мингичин өзүнө кошо жуурулуштуруп жаратса, барганым чын.

Байтик, Сакиажыны сөз ырбап ортодо сыр ачылган сайын батыл сүйлөп баратканына ыраазы болгондой:

– Бар, бара бер, ажым, сен мурун ажы болсоң азыр жөө күлүксүң. Ырчылар атыңды атабайт. Жөөкүлүк десе сен чыгасың. Сенден башка аттарга кошула турган Жөөкүлүк жок. Сакажы акырын жылып, Дыйканбайлар турган өз тобуна карай баратты.

– Мына, баатыр Жөөкүлүк келди. Ортодо аны кимдир бирөө кабарлап жиберди.

– Кел, карааның көрүнбөйт, кайда болдуң?

– Байтик чакырыптыр?! Дыйканбайдын көзү чекчейе түштү.

– И, ал эмне дейт, ал?!

– Атыңдан ырчы жар чакырбайт, Жөөкүлүк десе ошо сенсиң. Сенден башка бул чөлкөмдө Жөөкүлүк жок деди.

– Ошол элеби?

– Оба.


–Эй жашырып койбо, чыныңы айт?

– Жашыргыдай эмне, мен болгонун айтып жатам.

– Анда Жөөкүлүк, шарт ушул, жолдо ар кайсы жерде тосоттор турат. Алар сени көрүп Байтикке, мага айтып келишет. Сен коно байгеге чабыласың. Өзүңө-өзүң чабандессиң.

Дыйканбай сөз бүттү дегендей ары басып кетти.

***

Чубатууга салган күлүктөрдү алты атчан айдап келатты. Аттардын арасында текирең таскак менен Жөөкүлүк келет. Ар кайсы жерден тосоттор жолугуп, жылкылар менен кетип бараткан Жөөкүлүккө таң калычтуу аңкая карашат.



Келген аттар чоң коргонго камалып сыртынан кайтарууга алынды. Аттардан түшкөн чабандес балдар жол азыгы деп камдап алышкан азыктарын алышып тамактанып жатышат.

Чабдардын чылбырын бел куруна бекем байлап он үч, он төрт жаштагы чабандес бала беркилерге угуза:

– Ойтобо, коргонго камап сүлкүлдөтпөй, сыртка коё берсе болбойбу? Аттарды да бир аз таңашырып, бирдеме кайсалатып алат элек, - деди.

– Ошону айтсаң?!

Ала туяк карагердин тизгинин жаагына түрүп жаткан бала унчукту да сөзүн улап, ушунча аттар баткан ойда коргон экен да деди.

– Эй сен боз үйдөн башка жылуу үйдү, дубал тамды көргөн эмес экенсиң го?

– Ооба, көргөм.

Анан көрсөң эмне эртеңкинин камын,күлүгүңдүн күүсүн ойлобой чоң коргон деп таң каласың?

–Атаңын башы, сен эле тыңсыңбы? – бел куруна чылбыр байлап, ушул жерден кантип ат уурдалсын?!

– Эй, эртеңкини ойлон деп жатам?!

Чабдардын ээси болуп тамактанып жаткан бала беркиге кырдуусуна барк-барк сүйлөдү;

– Эртеңкинин камын жегенче, энеңдин... Андан көрө тынч уктап эс алалы. Тышта турган чабандес, балдар дуу күлүп жиберишти.

Чабдардын ээси ордунан тура чычалап, беркини камчы менен чаап жиберди.

– Каракердин чабандеси берки баланы баса жыгылды.

– Ой эмне кылып жатасыңар?!

Сырттан эркектин жоон үнү аба жарып жаңырды.

– Байке, камчы менен чаап ийди?!

– Ики, калпайтат, өзүнөн кетти.

– Токтоткула, болбосо кошоктоп байлап атыңарды байгеге кошпой ушул жерге калтырам!

Балдар тып басылды.

Жерге жарык кирип, таң таштаганда коргондун оозу ачылды. Жем издеп өзү менен өзү болгон таранчылар оолунун кырына коно калып чыйпылдашат. Ат айдоочулар чогу келишип: – Кана балдар, күлүгүңөрдүн күлүгү утсун «оомийин» деп четке чыга беришти.

Күлүктөрдүн арасында жаткан Жөөкүлүк, аттардан жол талашып отурбай, оолудан секирип чыгып, алдыңкы аттарга аралашты. Эки колуна эки муштумуна баткыдай таштан бекем уучтап, колдору аркы-терки сермелет. Эки согончогу өзүнүн май куйругуна алмак-салмак, така-тука тийип, аттардын ортосунда буруксуган боз топурак демди кысып, оозундагы кылды чайнап жүрүп келет. Ал улам арышы керилип ылдамдашы тездеген сайын эки согончок май куйруктан өтө кош далынын ортосуна жете көзгө илешпейт. Жөөкүлүк аттардын чаңынан көрүнбөй, нымшып чыккан тери чаң менен көөлөнүшүп, көзү бозоруп чаң каптап, улам алма-телме колу менен көздөрүн аарчып, жолуккан тосоттогу жигиттерди карап коёт. Аңырдай оозун ачкан жигиттер, аңкайып кала беришет. Эми алдыда онго жетпеген күлүк калганын тосоттогу жигит жаны ачыгандай:

– Жөөкүлүк чаңга аралашпай алдыга оз. Алдыдагы ала туяк жээрде күүсү жанбай баратат. Калганы анын караанында калчуудай. Өзүңдү жигиттин пири Шаймерден колдосун, – деп, тосоттогу бир жигит кудайга жалынып, тиги Жөөкүлүккө бата берип жиберди.

Өзүн-өзү камчылап, буттары дөңгөлөктөй чимирик болуп, колуңдагы муштумдай эки таш аркы-терки алга артка сермелип бараткан Жөөкүлүк тээ алыстан Суусамырдын түзүнөн кечээги жолуккан келиндин жыртык боз үйүнүн тушуна жете келип:

– Оой, Асылбү? – деп, үн чыгарып заматта алыстап өтө берди. Келин Жөөкүлүккө суусундук бермек.

– Кечээ Кетментөбөгө багыт алып баратканда, ага жолугуп кымыз ичип жатып, ал келинди сынай карап, отуздан ашса да, согончогу канабаганын билип:

– А мен эртең түш оой тушуңдан өтөм ошондо суусундукка жарасаң болду, - деп күлүп өтүп кеткен эле.

Келин үндү уга чоочуп эшикке атып чыкты.

Жөөкүлүк алда кайда узап баратканын көрүп, анын изи түшкөн топуракты кымызга чылап, бир кудайга наристе үчүн мунажат кылып жутуп жиберди. Ошол Асылбү бир жыл өтпөй күйөсү Тоокени сүйүнтүп эркек балалуу кылды.

Тээ алыстан көрүнгөн караанга Дыйканбай турнабай салып Саки келатканын билди. Жигиттерине мурдатан камдатып койгон арканын алдырып, көпчүлүк менен жолдун эки тарабына тургузуп, мароодон өткөндө аркан керип эки аркан аралык алыстыктан тосуп калгыла деди.

Жөөкүлүктүн коно байгеге чабыларын мурдатан билип келген эл топурап жолдун эки тарабына кара таан болуп жарыла берди. Жөөкүлүк эки тарапка керилип кармалган боз кыл арканга төшүнөн урунуп, арканды кере чоюп жүткүнүп барып токтоду.

Эл арасында жүргөн кимдир бирөөнүн:

– Колтуктан алып жетелегиле! - деген ачуу үнүн уга, кабалтең жигиттер Жөөкүлүктү ары бери жетелеп жүрүштү.

– Шадыкан түндө Суусамырга жете келген болчу. Жөөкүлүк көптө барып деми сууп, ары басып баратканда Шадыкан, кокуй бирөөнүн көзү, бирөөнүн сөзү жаман, көзү тийбесин деп жука кемселин үстүнө жаап, арыта турган кара кеседеги сууну кармаган кемпирге, суу тегеретип ырымдап койбойсуңбу деп унчукту.

– Апей, көтөк, мен эмне жалдырап турам? – деген кара кемпир өз ырымын жасап, Сакинин башына суу айлантып, ага түкүртүп, тиги кетип бараткан топ караандын артынан чачты.

– Тобо! Ушундай да болобу? Аттан адам озот деген эмне? Жабыла басып келген эл Жөөкүлүккө ыраазы боло дуба тилеп жиберишти.

– Күлүктөрдүн баш байгесин Дыйканбай алып кетти.

Артында бастырып келаткан Байтик Жөөкүлүккө «ыраазы болуп:

– Баш байге сеники Саки, ажы деген атка татыктуу экенсиң. Мекедилдеге барганыңды эми билдим», – деп күлдү.

Байтик топтун четинде турган «Жакшыларга» карап:

– Ой, мунун байгеси кана?

– Дыйканбай бөлүштүрүп берем деп алып кетти.

– Чакыр бери! Сакалы бириндеп жүзү кубарып, ат үстүндө локуюп олтурган Байтик, кыжабасы кайнап чыкты. Өз билермандары менен келаткан Дыйканбайга:

– Ой, Түнкатар саяк! Силердин элде, тирүү кишини тоноп кетүү салтыңар барбы?

– И, эмне болуп кетти, баатыр?! Дыйканбай жумшактап кыйды үн катты.

– Бул Жөөкүлүктүн акысын өзүнө бербейсиңби?

– Байтик баатыр, бу менин күлүгүм, ат да тең, чуркап келген алдагы Жөөкүлүк да тең. Баш байгесине мен ээмин.

Ачуусун ичинен жутуп, Байтик: – «Дыйканбай, кулак салып сөз ук. Чуркап келген деген сөз адамга айтылат. Оозуңан жаңылдың. Кедей деп кемсинтпей өз шыбагасын берип кой!»

– Бербейм деген эч ким жок... Күлүк ээси катары баш байгени өзүм бөлүштүрөм.

– А кызталак, кебиң такыба, артыңда сепкен үрөөнүң суюк болот. Үрөөнүң коолап чыкса, чырмооктон айырмасы болбойт.

– Сенин артыңды да көрөбүз, баатырым?!

Жооп кайтарбай Байтик аттын башын артка буруп, өз элине сиңип кетти.

Жолдо келатып Сакиажы өткөн жайдагы болгон окуяны эстеп мыйыгынан күлүп алды.

А бу Жөөкүлүк аталып ат менен эрес талашуу элдин эсинде калат экен. Эч ким жок жерден тоону айлана чуркап кийик кармап алганым кимдин эсинде калыптыр. Ошол Кабыл чычкак улагы жок, итке минген кедей эле. Ошого кылган жакшылыгы эсине келе калды.

Жанында бастырып бараткан Кетментөбөнүн билермандары Жөөкүлүк менен иши жоктой, тек гана аш каадасын кеп кылып баратышты.

Эки атчан Нарын бойлоп Кабакка келип токтоду.

– А Кабыл, кайнатаңа алып бараткан жанбаштыгың жок. Анан кызына сүйлөшкөм, «тийем» – деген болчу деп демөөрүң күчтүү, деги акыл эси жайында эмеби аның?

– Э, ажым итке минген кедейдин кызы аным да. Мен эмне Акчийге байдын кызын алам деп баратыптырмынбы. Атасы жакшы киши, кызы да атасынын ою менен болуп, айтор мага ылайык. Кабыл ырсайып күлүп койду. Карабаштан бир топ кийик Нарын жээгине түшүп суу ичип өрүлөп жай бараткан.

– Ме атты кармай тур. Мен жанбаштыкка тиги кийиктер-дин бирин кармап келе коёюн.

– Сакиажы аттан түшө калып эми гана адам жытын алып «дыр» койгон топ кийиктин артынан түштү.

Карабаштын тоосун айланта кийиктерди кубалап кеткен Сакиажыдан кабар болбоду. О чайкайнам убакыт өтүп, тээ бийиктен төмөн таш кулады. Кабыл жогору жагын карады. Сакиажы колуна тийген олжосун коё бербей, тирүүлөй кийикти сүйрөп келаткан караанына суктанды.

Кыйналып келаткан жолдошуна боору ачый Кабыл кыйкырды:

– Ой, союп ал, тирүү жапан жаныбар кыйнап коёт.

– Сакиажы жооп күтпөй кийикти тике ылдый сүйрөп түштү.

Кана оомийин, жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болуп, айылга ак жоолуктуу кайт, – деп бата кылып чөнтөгүнөн кестигин ала кийикти мууздап, иче-кардын сууга таштап, жанбаштык кылып, Кабылдын канжыгасына байлады.

– Жолдуу болот экенмин, – деген Кабыл Сакиажыны алкап жиберди.

– Сакиажы унчукпады.

– Намыска жарап берет деп алып келгем да, – Дыйканбай Сыдыкка карай жооп узатты.

Эңиштеп капчыгай ылдый жыландай ийрилип, албууттанып аккан чычкан суусун бойлоп атчандар Кетментөбөнү карай эңиштеп келатышты.
***

Сакиажынын бул жоругун уккан Шабдан кийинки жылы Чоңсуусамырда Арамзанын белинен улуу шашкеде Кетментөбөгө дарбыз алып келгенге жиберет.

Чоң өргөдө олтурган Түркмөн бай Шабданга сырдуу карайт да, ага: – Баатыр быйыл Канат бий атасы Ыбыкеге аш берет имиш, ошондон кабарың бардыр, – деп мелтейе тиктейт.

Канат шаа аш берем, оюңдун бүт түрүн койдурам деди. Бирок ага жанагы шерменде оюнуңузду Төөчечмедейди токтотуңуз, – деп айттым. Өзү да Төрөдөн коркуп алардан киши катыштырам деди дейт! Муну Кетментөбөдөн келген Рыскулбек кары угуп калды. Ал ичинен болду.

Канат: – Өй жанагы Жөөкүлүккө тосотторду койдуңарбы? – деп Байтикке үн катты.

- Ал жагын Дыйканбай экөөбүз уюштуруп койгонбуз.

– А, анда ырас болгон экен. Эл ишенгендей болгону жакшы.

Шабдан арытан үн ката:

– Баары жайында экен, - деди.

Же мурун ар жерде топ болуп, эки жылдан бери Суусамырдан жыйын өткөрүп турасыңар. Аны өзүңөр билесиңер.

Шабдан, Байтик менен Түркмөнгө карады.

Замандын заңы да башкача болуп, мурун кой оозуна чөп албаган момундар да төөчө бир бурк этип каяша айтчу болуп алды.

Түркмөндүн бул кебине Шабдан бырс күлүп жиберди.

Аңгыча кимдир бирөө: – Ой, Жөөкүлүк келатат, – деп үн катты.

Эки өңүрүнө бир коон, бир дарбызды көтөргөн Саки Шабданды карай акырын басып барды.

– Мынаңыз аманатыңыз?

– Шабдан ыраазы болгондой саламат бол, - деп Кетментөбөнүн карасы Дыйканга алып барып бер.

Жөөкүлүк Дыйканбайга коон менен дарбызды: «Мына аманатыңызды алып келдим», - деп жай гана эки өңүрүнөн акырын тоголотуп Дыйкандын жанына таштатты.

Ар кайсы жерге коюлган тосоттор, түн ортосуна жакын чогулушту. Бардыгы бир ооздон болгондой Жөөкүлүктүн жолукканын анын таштап өткөн белгилерин Дыйканбайдын алдына ташташты.

Ошол күздө замандын түрүн байкаган Кочкордун шаасы аталган Канат бий атасы Ыбыкеге аш берди. Ага Атбашы, Нарын Кетментөбө, Чүй чөлкөмүнүн жакшылары бүт катышты.

Атчабыш болорун угуп калган кары Рыскулбек Дыйканбайга:

– Балам, тиги Толуктагы Жөөкүлүктү ала бар. Ошол жерде бир өнөрүн көрсөтүп зоболоңду көтөрүп кел деген кеңешин айтат. Кетментөбөгө каранын ханы аталган Дыйканбай бир өөрөндүн жакшыларын чоң олууга конокко чакырып, Чаар таш ашуусун ашып Кочкорго жүрүш жасамак болду.

- Канат бийди мурун Рыскулбек Кеминге келгенде жыйындан көргөн эле. Узун бойлуу кең далы, көп семиз эмес толук келип өңдүү-түстүү, бети жайык, кой көздүү, жээрде сакалы бар өткүр сүйлөгөн сүрдүү киши окшоду эле, - деди. Ошо көргөнүн Рыскулбек кары кеп кылып олтурду.

– А Дыйканбай, ар оюндун шарты ар башка экенин жаш өткөндө билип калат экенсиң. Көп опурулбай элиңдин жайы менен бол деп, жакшыларды карап ойлуу тартты.

Алар Кочкор багытына жүрүш жасады. Конокторго деп көтөрүлгөн ар бир өргөөгө меймандарды Канат бийдин жигиттери алып кетип жатышты.

Ат чабыш болот. Ар кимиң ар күлүгүңдү даярдай бер деген ырчылар жар чакырып жүрүштү.

Элдин көптүгүн алдын ала тескеп коёюн деген Канат өңүнө заарын чача: – Ай, коноктор, атам Ыбыкеге аш берип жатам, оюндун кызыгын көргүлө да, байгеге ээ болгондор байгеңерди чырдашпай бөлүп кеткиле. Атам жарыктык чырды кудайдын каарына калган киши жасайт дечү эле. Ошол аманатын силерге эскертип коёюн. Бул жалган дүйнөгө баарыбыз конокпуз, артында ызааттары болсо... Канат бий сөзүн толук бүтүрбөй ары басып кетти. Алдын утурлай баскан Рыскулбек кары: Канат балам, бу ат чабышыңа Жөөкүлүк кошсо болобу? – деп суроолуу карады.

Анда Канат бий: – Болот, болбой анан болот, бий!

Байгеге 500 кой аны кайтарып айдатып кеткенине адамын кошо саям деп калды.

– Ой, ошонуң кызык экен, – деди Дыйканбай.

– Ээй! – деп суусар бөркүн камчысынын алаканы менен өйдө көтөрө Канат:

– Ким утса байгесин алат. Бирок Жөөкүлүк кошкон топ утулуп калса, 500 кой кошуп миң кой жана бир кишисин таштай кетет.

Канат бий Дыйканбайга ойлонсун дегендей «Ошондой, жакшы», - деп ары басып кетти.

Дыйканбай ойлонуп калды. Далай сыноодон өткөн Сакиажы байгесин утуп берер бекен? Өзүнө айтайынчы деп түз эле Сакиажы турган топко барды.

– А Жөөкүлүк, байгеси 500 кой бир киши дейт. Ошого чыга аласыңбы?

– Чыгам. Чыгам деп келдим да эл башчысы.

Ал Дыйканга ишеничтүү карады.

Сакажы: Андан көрү ат кайсыл жерден чабылып кайсыл жерден тосулат экен. Бизге ошону билип бер. Жер өлчөмүн билип алып, ошого карата өзүмдү таптайын деди.

Канат бийдин артынан жете барган Дыйканбай:

– А аш ээси аттар кайсыл жерден чабылып каерден тосулат, – деди.

– А Рыскулбек абамын баласы ат чабышка аябай кызыккан экенсиң да?

– О бий, билип койсок ашыктык кылбас! Өзүңүз айттыңыз. Ар бир жерде тыңчы коюлат. Ким аттарды тоссо үйү талоонго алынат дедиңиз. Ошондуктан тартип жагы камсыз ишке ким да болсо кызыкпайбы, – деп калды.

– Билсең аттар Ортотокойдун этегинен коё берилип Кызарт-тын белинен тосулат.

– Белдин өзүндө элге көрүнө ат мамылар орнотулат. Кайсыл ат атмамыдан моюнча ашса эле байге ошонуку, - деп толук жооп берди. А баса Жөөкүлүк бар дедиң эле, аны тосоттогу тыңчылар тескөөгө алышат. Эгер тыңчы Жөөкүлүгүңдү көрбөсө байгени атаң экөөң төлөйсүңөр.

Канат бий Дыйканбайга мостоё: – Барыңыз, карыга айтып коюңуз. Жөөкүлүгүн кошо берсин деп дагы да арылап басып баратты.

– Ата көрүү, бул эмнеси Жөөкүлүк артта калса «500» кой бир кишиси менен берем. 500 койго табылат, кишисичи? Мейли, байгеден куру калса Жөөкүлүктүн өзүн койчу кылып, Кочкорго жөнөтүп жибербей жаным жокпу деп шердене дагы да Жөөкүлүккө акырын бастырып барды.

– Э, Ажым, эгер артта калсаң Түнкатар Саяктардан кой чогултуп өзүңдү койчу кылып, байгесине сайып жиберем, ушуга макулсуңбу?

Саки чекирейе түштү. А бек, байгеге кетсе мен кетет экенмин, анча эле эмне тынчыңыз кетип жатат? Мени Рыскулбек абам менен жайыма койсоңузчу?

– Мейли, мейли ошол абаң билсин?! Дыйканбай: - Экинчи Жөөкүлүккө басып келбейм, - деп өзүнө-өзү шерт кылып суз басып баратты.

Арыта келаткан Шадыкан: - Ой бу Дыйканбай эмне дейт?

Сенин ушунуңу, билип жете келгеним жакшы болду да. Эмнеси болсо да өзүңө сак бол. Аттарды чубатууга салардын алдында арытан Шадыкан дагы да:

– Бу колуңдагы таштарың көрүнбөйт да деди.

– Ой, Кочкордо таш жок бекен, алаканыма өтпөгүдөй таштар кантип табылбасын, алардын жайын өзүмө кой. Андан көрү далыма кабаттап жука кийим жаптырып эки колума арчындат. Жол алыс. Дыйканбайдын айтымында Ортотокойдон Кочкорго чейин аттын аты келет. Жонум жоор болуп, жолдо азабымды жебейин деди.

Жөөкүлүктүн камын көргөн Кетментөбөлүктөр, ар кимиси, аттарынын токулгасын чечип, жаңы ичмелик издесе, кээси, – Ой калпак деле боло берет береги менин калпагым калың деп сынактан өтүп жатышты.

Чуркаганга эмне керек, баарына камданып, ырастап, Сакиажы аттардын артынан чубатуудан өттү. Ошол жердеги кишилердин айтымында каттоодон өткөн аттардын саны 106 болгон имиш. Аны да ат чабышты тескеген Төлөш тактап берди.

Аттар чыргайды аралата айдатылып Ортотокойдун этегинен коё берилди. Жөөкүлүк аттар бириндегенче артында келатты. Качан гана аттардын чаңы суюлуп биринен-бири алыс-тап калганда анын таскагы күчөп эки колдогу сай таштар тең салмактуулугун сактап бири алдыга бири артка шилтенип, буту-бутуна тийбей, улам бир имериштен өтүп тосотто тургандарга «О жан жигиттер» деп кыйкырып белги бере улам, бир атты артка таштап, алдыга озуп жүрүп отурду.

Кетментөбөдөн келген «жакшылар намыс» деп бир муштумга түйүлүп, күлүктүн сырын билген Шадыкандын канжыгасындагы боз арканды ала коюшуп, Жөөкүлүктү тосушканы аркандын эки учунан бештен киши бөлүнүп жолдо турушту.

Алыстан:

– О Канат бий, – деген үн угулду. Карап тургандар жапырт карашты. Канат бий да өз көзүнө өзү ишенбей көз талыта карай берди.

Тоскула, болгула! – деген үн угулду. Эки тарапка бөлүнгөн кишилер арканды кере тартып карап турушту. Арканга келип урунган Жөөкүлүк он беш кестей арканды тартып тургандарды сүйрөп барып токтоду.

Күйүккөнү басылганча жетелегиле, – деп учуп жеткен Шадыкан, үстүндөгү чепкенин Жөөкүлүккө жаба коюп, колундагы карышып калган таштарды элге билгизбей алып, алыс ыргытып, «жетелегиле,» күйүккөнү басылганча деп жаналы калбай күйпөлөктөп жүрдү.

– Ээ, бай, Жөөкүлүк алдыга келди. Арыта Дыйканбайдын сүйүнүчтүү кеби угулду.

Жөөкүлүктү тери кургаганча жетелеп тургула.

Рыскулбек кары Дыйканбайдын сөзүнө маани бербегендей:

– Байгесине жутунгандар болбосун, эгер ач көздүк кылып бөтөн элде уят кыла турган болсо, «Жакшылар» айылга барганда өзүңөр териштирип алгыла, – деди.

Байгесине бөлүнгөн 500 кой ары өзүнчө бөлөк турду. Аны Рыскулбек өзүнүн адамдарына имертип койду.

Сөзүндө турган Канатбий, атасы Ыбыкенин арбагы үчүн элди туура тескетип, уруш-талаш кылдырбады Арыта турган Жообасардын Бекташы:

– Ой, атайын Каракочкорго келип, Жөөкүлүк байге алса, анын байгесин эмне кыласыңар деп, алдыдагы ишти ушул жерден чечип алууну туура көрдү.

Рыскулбек кары:

– Байге Жөөкүлктүн өзүнө тиешелүү. Эч кимиң ат кошуп байге алган жоксуңар. Сакиажы эмне кылам десе өз эрки, карыны сыйласаңар ушу кеп, – деп так кесе айтты.

Сакиажы Рыскулбекке ыраазы боло:

– Датка, мен адам болуп туруп, адамды байгеге албайм. Анын колу жолу бош, Канатбий ага ээлик кыла албайт. Беш жүз койду айдап кетебиз деди.

– Оп, бали, балам, - деди Рыскулбек.

Сакиажыга беш жүз коюн алдына салып, киши кошуп берди.

Ал өз айылы Толукка он бешке жакын койду гана айдатып барды. Калганын, байгенин ырымы үчүн деп, Кетментөбөлүктөргө таркатып жиберди. Жөөкүлүктүн даңкы дагы да, Ыбыкенин ашына келгендерге: «тобо, Жөөкүлүк көрдүк», - деп аңызы айтылып кала берди.
Биринчи китептин аягы.


АҢГЕМЕЛЕР



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет