Токтогулов Айылчы Мезгил ызасы


БАЙТИК МЕНЕН РЫСКУЛБЕКТИН ЧАТАГЫ



бет4/7
Дата14.06.2016
өлшемі0.91 Mb.
#135429
1   2   3   4   5   6   7

БАЙТИК МЕНЕН РЫСКУЛБЕКТИН ЧАТАГЫ
Кетментөбө элин эңшере эскен Чаарбек тынч жатпады. Алакөз, Кайдуулат, Шыкмамат, Түнкатар, Түнтөй, Кутунай уруулары дагы башка урууларга ыгым-чыгымын күчөтүп курут эзгендей эзди. Кырк ит күтүп, беш жүздөй ылгал күтүп оюна келгенин жасады. Ыгым-чыгым алган жеринде мал-мүлкүн тартып алып, дагы да күлүк ат күттүрбөй, сулуу кыз-келиндерди тартып алып өз билгенин жасады.

Ар жерде Чаарбектин заманы өттү го, деген сөздөр пайда болуп эл бир ымалага кантип келебиз деп жүргөн кез болду.

Рыскулбек, туугандары Карагул, Дуулат, Шераалыларга Сайкалдын Чаарбекти кетирип, бийликти тартып алуу амалын ойлоп жүргөнүн айтканда, ал Чаарбекке жетти. Опурулуп-жапырылган Чаарбек, Рыскулбекти Коконго айдап кетмекчи болду.

Сайкалдын айласы кетип, жаш кезинде Медет датканын айтып берген кеби эсине түштү.

– Кызым, Курманкожо уруусунун чекир саягы болобуз. Оо мен жаш кезде Сарыбагыштын Ниязбегинин иниси Айдаке биз тарапка келип, жылкыларды аралап кымыз иче кетейин, Соң-Көлдүн кымызы ичсең ичиңди ысытып алакүү кылат деди эле деп кайрылып калбайбы.

Тай минип кымызга алакүү болгон балдар жарыша кетет.

– Байгеси болобу? – деп, Айдаке оозунан жаңылган экен. Байгеге сени саябыз деп ормойгон кара жылкычы мурутун сылап коёт.

Ошондо жээрде кашка тайчан бала биринчи келип, келе байгемди деп сурайт. Мына байгең деп Айдакени көрсөтөт.

Айдеке балдардын тамаша чынын билбей, алар ала келген кол чаначтагы кымыздан тоюшунча ичет.

– Кой, балдар мен аттанайын.

– Ой, каякка?

Ормойгон кара киши опурулат. Айдаке баатыр тиги кара кишини төшкө бир тээп, атын минип артына чуу коёт. Ныязбекке барып болгон ишти Айдаке айтканда анын жини келип: Ок! Урган айбан, ошол жерден эле эки-үчөөнү жайлай келбейсиңби? – деп опурулду.

Ниязбек ачуусу менен Качыке баатырга киши жиберет. Кайран баатыр ошол датка атабызга – Жанболотту менин алдыма алып келип беришсин деп элчи жибергенин айтат.

Баатыр намыс кылбасын, өзүбүз алып барып беребиз деп элчисин аттантып ийет.

Медет датка Жанболотту алдына чакыртып: – О, урган, сенин жылкычыларың бир кара кесе кымыздын күчүнө тең болбой, Айдакени ызаалаптыр эми канттик, деп эки санын мыжыгат. Олбурлуу чоң денеси ачуусунан калч-калч этип ордунан турбай көпкө олтурат. Арытан Качыке баатыр басып келген дейт.

– Ой, Медет, бу минтчү эмес элең. Сага эмне болду дегенде Жанболоттун жоругун айтат.

Качыке баатыр Жанболотко:

– Жаш бала болуп калгансыңбы! Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт. Сарбагыш жабылса, ага түтүп берер алың барбы? Чамаңды, өзүңү билип туруп иш жасабайсыңбы, дымагын мунун!

Тогуз жылкы алдыр Медет үчөөбүз барып, кечирим сурайбыз дегенде, болуптур дейт экен Жанболот-куу.

Кубакынын белине чыкканда үйдөгү көйнөгүмдү кийип алайын, ушул малтабар менен кантип барам десе мейли деп берки экөө алданып калат. Айылына жеткен Жанболот. Өзүнүн тобун түнү менен көчүрүп кетет.

Эртеси түш оогондо Качыке, Медетке жолуккан жолоочу: – Ой, Жанболотко мен Соңкөлдүн Бешмойногунан жолуктум дегенде, байкуш чоң датка атабыз эки санын бир чаап алып, Качыкеге карап:

– Ой чоң кишинин ою кыска болот десе ишенчү эмес элем. Жанболот алдайт деген эмне? Кой баатыр экөөбүз эле Ниязбекке жетишебиз деп жөнөп калышат.

Аларды утурлап тосуп турган Ниязбек карып калган чагында, Качыке баатырды урдуртуп коёт. Мунун баарысын датка көрүп чыдай албайт.

Кийин Ормонду колго түшүрүшүп, колу-бутуна кишен салып көпкө алып жүрүшөт. Анда Ормон жаш кези.

Айла-амал менен Ормон да качып кутулат.

Сайкал унчукпай бир аздан соң:

– Бу силердин элде андай ынтымак жок окшойт. Болбосо Карагул иниң кечүүдөгү көпүрөнү талашпай сага жардам берсе боло, анан деле алат эле го деп ызырынат.

Эртеси Рыскулбекти кийинтип чоң торусуна аттантып, олбурлуу чоң катын атыккан Сайкал, өзү да жоо кийимин кийип найзасын алганда Рыскулбек:

– Ой, катын ал эмне кылганың, - деп чоочуп кетет.

– Мен тирүү туруп сени жибербейм. Башымда илечегим болсо да сенин туугандарыңан өйдөмүн дейт. Аны Рыскулбекке келаткан Карагул угуп калып, туугандарына кабар берип, алар бат эле элди уюштуруп жиберет.

Чаарбек Рыскулбекти алып жөнөй турган болгондо жээрде аргымакты бекитип койгон жеринен минип чыгып, Чаарбекке кол салат Сайкал. Куу-куу деген үнүнөн Сайкал экенин билген Чаарбек качып калат. Эл толкуп, Чаарбек баш болгон ылгалдар артынан капчыгай ылдый чабышат. Катындан качкан алдырат, Ыразан сайдан өткөрө куугула, Рыскулбек эркек эмессиңби алдына баштап чап деген экен Сайкал байбиче.

Рыскулбектин элге алымдуулугун билген Кокон хандыгы, тоо элин толкутуп албаш үчүн Чаарбектин ордуна Кокондун Кетментөбөдөгү беги Рыскулбек Нарбото уулу болсун деген жарлыгын жөнөтөт.

Жарлык келгенде күйөөсү Рыскулбекке карап:

– Ай даткам, элдин өйдө-ылдыйын ылгай жүр, антпесең эртең эле сени чүкөчө калчап коючулар өз туугандарыңан табылат. Катын да болсом, айткан кеңешимди кулагыңа түрө жүрсөң деп эрине күлгөн болот.

Сайкалдын олбурлуу зор баданына, кээде берген кеңешине ыраазы болгон Рыскулбек, жымыя күлүп, боз үйдөн чыгып баратып:

– Э, Сайкал, датка кайнатабыз энеңдин тилин алчу беле? – деп сөз менен ат тиштей чымчып, ары басып кетет.

Күнгүрөнгөн Сайкал:

– Ай, чогоолдугуңду кантейин Рыскулбек кайнилерим ошо кыялыңы жактырбай ортодо далай таарынчылар болор бекен?!

Кыска ойлуулук кендирди кесээр.

Акыры түбүңө ошол жетээр болуп, эки тараптагы даткалар менен мамилелериң кандай болот, деген Сайкал Рыскулбектин артынан кошо чыгат.

Уруу-уруу болуп чабышып келген кыргыз элин Кокон хандыгы оңой эле басып алып, эми эскирген көйнөктүн тигишиндей жешилип, ыдырай баштаган кезин кийин болуштуктар түшүнө баштаган убак да келди.

Анын үстүнө орус империясынын чоң таасири тийип эрте түшүнгөн уруу башчылары Атаке баатыр, Шабдан баатыр, Түштүктөн Алымбек датка биринин артынан бири өз алын билип Россия империясына өтүүгө аракет кылышып, бирок көбүнчө Алымбек датка көп моюн сунбай Кокон хандыгына ыктап туруп алды.

Рыскулбек башкара баштагандан баштап Нарындын эки тарабы жаат-жаат болушуп, болуштукка тарап кетүүнүн амалын издей башташты. Ошондо Рыскулбек Кең Чүйдүн ханы деп аталчу Байтик менен ымала түзө баштайт.

Рыскулбек орус төрөлөрү келгенде алтын берип колго алат, турмуш туруп калмакпы.

Суусамырга көчүп Сайкал байбичеге өзүнчө өргөө тиктирип көп жыйынды ошол жерде өткөртчү болуп, ал конуш «Байбиченин сазы» аталды.

Байтик 1862-жылы орусиянын карамагына өтүүгө кат жолдоп, бат эле ал оозго алынып кетет. Бул кабарды уккан Рыскулбек Нарбото уулу 1864-жылы атайын киши чаптырып Россия империясына жардам берерин, алардын кызыкчылыгын көздөгөнүн билдирет да 10 миң түтүнү менен карап кетет.

Байтик Канай уулу, Нарбото уулу Рыскулбектин өзгөчө зулумдугун элден угат. Ошол Рыскулбекке орус империясына караар жылдан 5 жыл мурда Кетментөбөлүк Жусуп манап Байтикке келип жер сураган экен. Мурун Токмокту жердедим эле баатыр, эми өз жериме келейин деп тилин салып, ичи-койнуна кирет.

– Баатыр бу Нарботонун Рыскулбеги доңуз болуп көрүнгөнүбүздү, көрүнгөн жакка чалып ыргытып, кыл куйрук күттүрбөдү. Мени кошуп ал. Бойго жеткен кызым бар, үйлөнөр уулум бар, кийин жагын дагы көрөбүз, түбүбүз келип Тагайдын балдары эмеспизби, - деп жиберет. Кыраа Байтик ага көнө бербеди. Аңгыча Апар байбиче:

– Баатыр келген мейманды эшикке сызгырып сүйлөшүп жатканыңыз кандай, үйгө кириңиздер дейт. Эсине келе калган Байтик ошондо Жусупту өргөөгө кийриген экен.

– Атаат байбиче, болбостур мага да көп иш таштап койдуң, эми болбой калды. Босого аттаган адамым мейман болот деп күңгүрөнөт. Атым Жусуп дедиң, бу Рыскулбектен жер таппай мага келгениң эмнең деп экинчи жолу сураган экен.

Анысы Апар уксун дегени. Сырттан аттардын дүбүртү угулат. Аттардын басыгынан жакшы тааныган Байтик Апарга бу келаткан Байсал го. Үйдө конок бар де, азырынча ылдыйкы үйгө түшө турсун деп эскертет.

– Апар байбиче! эй, бул эмнеңиз баатыр. Өз уулуңузду өзүңүз жээрип сиздер менен чогуу олтурса болбойбу? – дейт. Ошондо акшырая караган Байтиктен сестенип, Апар байбиче эшикке чыгып кеткен экен.

– Э, Жусуп, бирөөнүн жери бирөөгө уя болобу?

Обдула калган Жусуп жердин эгеси жарашса мүлдө элге уя болбойбу, – дейт. Ата көрүү, муну Рыскулбектин өзүнө алып барып, элдештирип келейин, болбосо «сөздү атып сүйлөйт» тура деп чоочуйт.

Көчүгүн батырып алган Жусуп, Рыскулбек менен Байтиктин ортосуна от жакмакчы болуп кийинки жазды күтүп калат. Ошол 1867-жылы Суусамырдын Алабелине Рыскулбек тобу менен конуп калган болот. Анын кырктан ашуун жылкысын айдап кайран Жусуп Байтиктин айылына келген экен. Уулу Байсал көрө коюп:

– Ой Жусуп аке, бул кайдан айдап келаткан жылкыңыз дегенде:

– Ийе, жолборстун баласы, Кетметөбөнүн каманынын жылкысын айдап келатам.

– Ичинен сызган Байсал атасы Байтикке карап:

– Ушу куу сакал эмес эле «чуу» сакал болуп баратат. Мунуңузду жоготсоңузчу. Түнкатар Саяктардын балээсине калып ортодо эр өлүп жүрбөсүн деп атасына кеңеш салды. Байтик баатыр ойлонуп калат.

– А кызыталак, Рыскулбектин кылбаганы барбы. Бетеге талашканын кайра кайталайын деп калган го деген тейде:

– «Ийи, сеники туура, сеники туура», – деп эки жолу кайталап баласына жыгылыштуу болгон дейт, Байтик баатыр.

Рыскулбек адегенде айдалган жылкылар казактар колдуу болду деп ойлойт. Эки жакка жигиттерин чаптырып, изи сууп калган кыл куйруктарды издейт.

Ошондо өрү бастырып келаткан Дыйканбай атасына:

– А ата, эски кеселди козгобой ак койсокчу? Ушу Жусуп колдуу болдубу деп турам дегенде кайран Рыскулбек:

– «Туура айтасың, туура айтасың» – деп эки жолу кайталап ал өлөталгыр изин суутуп кеткенден кийин кабар алдырбаганымды карасаң деген бойдон өргөөгө кирет.

Бул окуя ошону менен эле бүтпөдү. Рыскулбек Таластын Бешташ жайлоосуна барып конду. Муну уккан Байтик Рыскулбекке 300 жигит менен аттанып, Жусуп менен Рыскулбекти элдештирип коюну милдетим деп чечти. Ансыз да ичинде «Жусупту кайтарып бербедиң» деген кек калган Рыскулбек жигиттерин аттантып эки тарап чабыша кетти.Чабышта эр өлбөй коймокпу Рыскулбектин бир жигитинин башына чокмор согулду. Ал ошол эле жерден жан берди. Байтиктин жигиттеринин арасы ызы-чуу болуп калат.

Ушуну эле күтүп турган куйту «чуу» сакал Жусуп ажыдаар оп тарткандай жигин билгизбей жер соргонсуп житип кетти. Үйүнө да барбады. Ал сөөк өчтү кылып барууну ойлоп, Талас багытына качып изин жашырды.

Ызага ууккан Байтик, Рыскулбек менен Жусупту элдештирем деп барып, эр өлтүрүп алыптыр. Өзүнүн жигиттеринен көп киши жарадар дейт дегенди уккан Байсал 100 киши алып барып катуу чабуул башталат.

Аны билген Түнкатар саяктардын чоң тобу чогуу аттанып чыгышат. Ал урушта катуу чабыш башталып кетет:

– Бул эмне кылганы, бизди басынтайын дегениби? – деп Рыскулбектин агасы аталган Рүстөм, жайдак, чоң торусуна минип катуу уруш башталат. Чабыштын кызуусуна кирип кеткен баатыр Рүстөм Байтиктин жигиттеринин ортосунда калып, жаш Байсалды оор жарадар кылат. Байтик ачууга уугуп:

– Чап, өлтүр, кансийдир! Артка бириң качсаң менден өлөсүң деген үнү жаңырат. Топтун курчоосунда калган Рүстөмгө чокморлор согулуп ошол жерден жан берди баатыр.

Эки тарап кара күүгүмдө бөлүнүп, Байтик жигиттерине: – Эми Сайкалдын балдары келип топ бузат. Тиги жагыбызда орус карап турат. Койгула кетели дешет да, артка кайрылып кетишет. Ошондон көп өтпөй Рыскулбек Олуя Атага арызга түшүп, Байтиктин үстүнөн даттанды.

Төрөнүн Байтик келсин деген суроосуна: – Үйдө балам Байсал катуу жараттан бир алда жатат. Барбаймын, бала айыксын, - деп барбай койду. Бирок ошого болчубу. Байтикти Оля Атага аскери менен алдыртып сурак башталат. Байтикти жакшы тааныган Г. А. Колпаковский (аны кыргыздар калпак төрө деп аташкан) куткарып жиберет.

Ушуну менен эле кыргыздардын ит урушу басылып калса гана. Дагы жакшы оруска жамынып бир уруу экинчисин басынтып, улам орусия империясына караган кыргыз урууларынын саны көбөйө берди.

«Кийин Рыскулбек өлгөндө Кетментөбө болуштугу өйүз-бүйүзү ыдырай баштайт».

Атайын топ болуп болуштукка таш ташташып Керимбайга салынган топ таш аз болуп калат. Көп ишти Дыйканбай билип,Төрө менен сүйлөшүп намыстанып Керимбайга болуштукту ыйгарууну сүйлөшүп, иш анын айтуусу, боюнча бүтөт. Муну уккан башка уруу башчылары чыр кылып, өзгөчө өйүз тарабы өзүнчө болуштукка аракет жасашат. Нарындын аркы бети эки болуштукка Сыдык Каратал болуш дегендер чыгып ат бастырып, элин бөлүп кетишишти. Кыргыздардын мындай ит арка боло беришин Г. А. Колпановскийге жакпады.

Оруста бир закон, силердики көп закон деп кээ бир төрөлөр Кетментөбөгө келип ыгым-чыгым салышып, өздөрүнүн бийлигин таңуулай башташты.
РАЙЫМБЕКТИН АШЫНДАГЫ КООГАЛАҢ
1891-жыл. Кадырдын сөөгүн өзүмүн үйүмөн чыгарам. Эл көзүнө көрүнөм деп Райымбек ак өргөө тиктирип Кадырды жайына алып койдурмакчы болгон.

Экижактан келген Сарыкамыштык туугандары «чур» этип өкүрүп, боз үйдүн айланасында казганактап Райымбектин айт-каны менен болуп жатты.

Туугандары менен кеңешип Корумдуга, Көтөрмө, Толукка чейин кабар айттырылган.

Мына каза болгон Кадыр тигинтип кайра тирилип Түнтөйдү мени үйүмө жеткир, - деп үйүнө кетип отурат?

Атаңын көрү куу турмуш, адамдын урушу иттин талашы го. Бирде жоошуп, бирде буркан-шаркан түшүп көбүктөнүп, кээде мелтиреп аккан Көкөмерен суусундай мелтейет да турат. Эми минтип ал мезгил да өттү.

Кийин Райымбек кайтыш болор жылы Кадырды түшүндө көп көрчү болду. Ал экөө көпкө сүйлөшөт, кеби мээсинен учат. Кийинчерээк катуу ноокастап жүрдү.

– Эрешен тартып эр болуп, не иштерге барбадым. Ушу Кызыл чап коктудагы элди бурч-бурчтан жыйдым го.

Уйдун тогуз катындай бүктөлүп, кокту колоту көп, Сарыкамышты Шабдандан сурап алганда, тикирейе карап, жаш болсо да, сүйлөшүп дилимди тартып, күнөөмдү кечти эле. Майрыктын беш беренинин бирөө Боргемик эли, берки туугандарына таарынып сай-сайлап кеткенде чогултуп эл кылдым. Тозуп жүргөн кул кутанды бириктирип уругуна карабай ушу жерге топтоп, итче ыркыраштырбай баш-көз болуп бердим.

Райымбек уулу Кудайбергенди чакырып жанына алды.

– Уулум, мен кылбаган жорук калган жок. Ошонун баары силер үчүн, силердин биримдигиңер үчүн болду.

Кудайберген атасынын чүңүрөйүп тээ тереңине тартып кеткен көзүн көрө жүрөгү болк этип алды.

Ал Атаат, көздүн тереңдеп кетиши көз майынын түгөнүшү, жылтылдап нурунун үлүл-бүлүл көрүнүшү өлүмдүн жышааны, - деп өзү айтчу эле.

Атасын сумсая караган Кудайберген кулагын түрө кеп күтүп, Райымбектин эки жагын кымтылады.

– Туулгандын көрмөгү, тирүүнүн өлмөгү бар, балам. Мен Наманган менен Кокон бер жагы Анжиян, тиги жагы Көл башына, а түгүл Казактарга чейин жеке жортуул жасап күлүк ат уурдап, же болбосо жолдош күтүп ит абалатып, айыл аралатып, жылкы айдаган учурум көп болду. Ошонун баары силер үчүн жасалды. Бир жакадан баш, эки жеңден колду бирдей сунсун деп көп иш кылдым. Кечээ эле алдуу кезимде кылган күнөөмдү кечер деп Мухаммед пайгамбарымын жортуулга чыккан жерине чейин бардым. Бу жосунум тиги жайымды берсин дегеним. Мен жөн жеринен актанайын деп барганым жок ал жакка.

Чын ниетимен тилеген тилегим орундалып, мына бу өйүз-бүйүздөгү элди чогултуп түтүн булатсын деп, кылган күнөөмдү кечер бекен деп бардым. Бул жоругум Коңур өйүздөгү билермандар үчүн көп пайда берди. Аларды жылкылуу кылдым.

Балам, атам өлүп баратып мактанып жатат дебе. Артымда силер барсыңар.

– Бу чөлкөмдө киши бар бекен?

Кудайберген атасынын мурдунан сүйлөп, сүйлөмү бузулганын биле, атасын кучактай өйдөлөтүп артындагы жаздыгын бийиктетти.

– Жаздыкты алып койчу, ары?!

– Акырын жылжып аккан суусунун этегиндей анын өмүрү да соолуп, Кудайберген заңкылдап аталап үн чыгарды.

1908-жылы баш оона айында Кудайберген Корумдунун аркы өйүзүнө боз үй тиктирип, жамы журт ашка күтүнүп бүлүнүп жатты. Туш тарапка Райымбектин аты тогуздун айынын этегинде болот деп кабар кеткен.

Буга чейин жакын деген урук туугандары куда-сөөктөрү менен кеңеш өткөрүлүп кысыр эмди тай союлду. Ар кимиси өз билгенин айтып: Райымбек кандай адам эле, ариетине тике туруп бербесек болбойт, мына намысын сактап калчу Кудайберген өзү турат деген эл дуулдап ат чабыш, эр эңиш, эр сайыш а, түгүл оодарыш төө чечмейге чейин айтышып баары молдосу тарабынан катталды.

Жар чакыртып турган ырчы дешип Токтогул, Эшмамбет, Найманбай Кулукеге чейин – жар чакырып бергиле алдыңарга ат, үстүнөргө тон жабылат дешти. Аш жөнүндө Кетментөбө багытындагы сарттар, Кушчу, Кетментөбөнү жердеген Чөкөнүн балдарына чейин айттырылып, аш тогуздун айынын этеги деп бышыкталып, ушул эле кабар түндүгү Солтолорго чыгышы Жумгалдагы Саяк туугандарга кабар жетти.

Элдин алды келе баштады. Аттын соорусундай дөмпөйгөн Тержайлак кымкап жамынып, кызгалдак текши гүл ачып кызыл чок болуп Кудайбергендин делебесин козгойт.

– Атакөрү, ушу көркү тогуздун айына сакталып бербейт э, келип көргөн киши кандай жер экенин билсе, суктанса деп шыпшынып алды.

Жер өңүтүн алып ат чапчу жерди, эр сайыш жамбы атыш кыргыз оюндарынын дагы башка түрлөрү өтө турган жайык жер тандап жакын санаалаштары менен Тержайлактын белине чейин келип, тээ Мазар деп аталчу тик ашуунун түбүндөгү жалгыз жаңгакка келишип, Кудайберген сөз катты:

– Ат ушул жерден коё берилет, тик Торпуну ойруп чыгып Тержайлактын түзү, артак белестерин ашып так белдин өзүнөн тосулат. Ошондо байгеге татыр ат барат.

Кудайберген ичинен Сарыкамыштагы Турдуке байдын сурчасы көз алдына тартыла, байге өзүбүздө калаар деп жымыйып, мурутунан күлдү.

Жандап жүргөндөр аш ээсинин бу кебин жүйөөлүү деп табышты. Алар а күнү Толукка өргүп таңга маал аттанышып көлөкө самсып калганда Корумдуга жете келишти.

Бир уруу эл эле эмес, анын жакын санаалаштары да өздөрүнчө бүлүнүшүп аштын арты менен болушту.

Эң биринчи сөөк тамырлары, кудайлашкан достору тогуздун айынын башында келишип өздөрүнчө боз үй тиктирип өргүп жатышты. Көп күттүрбөй Жумгалдан Байзак жигит жалаңы менен келип өзүнчө өргөөдөн орун алды.

Этерээк келген Байзак, Кудайберген менен ат бастырып жер чалды.

– И, баатыр, атаңын ашына калдайган журттун баарысын чакыртыпсың. Ошого түтүп бере аласыңбы, ашта чыр чыгып атаңын артынан эр уулдарды кошо жөнөтүп кун төлөп жүрбө?!

Кудайбергендин көзү чекирейе, мен атамын ариети үчүн өткөрүп жатам, бүлүнсөм мен бүлүнөт экенмин , ага эле эмне мынча такыба сурап калдың, Байзак баатыр?!

– Дегинкисин айтам да. Ашта айдактаган «иттер» тозотко чыгып күлүк жыгып, үстүндөгү бала оопат болчу, эр сайыш болсо, бу жүзүң кургурдан жалпы журт жапа чегип эки тарап чабыша кетчү эле, мен ошонусун айтып жатам, аштын ээси?

Байзак жоон өрүм камчысы менен суусар бөркүн желкесине жылдыра, көңүлү оюн өтчү жерде. Эр сайышта эстегенде, Аксакал оюна түштү.

Канкор келбесе экен, атайын барбагын деп айтып келдим эле. Ал келди дегинче бир эр азаматтын каны чууруйт. Райымбек өзү өлбөй, каны тарткан дагы бирөөнү ала кетет.

Аксакал жашынан эр сайышка маш болуп канча баланы атасыз, келинди күйөөсүз калтырып кың дебей келди.

Үйүндө тынч жата албаган Аксакал эки күнгө зорго чыдады. Райымбектин ашы жатса, ага барбай койчубу. Же менин каным тарткандыр, же дагы бирөөнүн каны тарткандыр.

Байзак:


- Барба, барсаң эле чыр чыгат, сенсиз да аш өтөр деп зекип койсо жата берейинби, үй күчүк болуп.

Кара тобурчакты токунуп жоон өрүм камчысын колго алып, ээринин кашындагы найзага ылайыктап жасалган жез чагаракка сөөмөйүн сала ырымыбы, «өөп» койду.

Айдаган малы, жанында караан тутар жолдошу жок Аксакал бешим намазга Корумдуга жете келди.

– Бу чөлкөмдө жумурткадай аппак боз үйлөрдөн баш адашат. Аксакалды көргөн Кудайберген: – Кел баатыр, бу дайының билинбейт, Байзактан сурасам сыркоолуу дебеди беле?!

Ошо Байзак баатыр, кайсы үйдө?

Кудайберген бир жигитин кошуп берип окчунураак тигилген алты канат боз үйгө жеткирип, мына Байзак баатырдыкы – деп артын карай шашып жүрүп кетти.

Кара тобурчактын баскан дабышынан тааныган Байзак, ордунан тура калды. Өзүнө сунулуп жаткан кымызга карабай, жанындагы жигиттерине сестүү кекете сүйлөдү.

– Чыккылачы эшике, Кара тобурчактын үнү экен, баягы Аксакал келип калганбы?

Жигиттеринин артынан:

– Ай болбостур, эми болбой калды, же ал, же бул...

Байзактын жүзү ачуудан түктөйүп, Аксакалды ата тиктеди.

– Атсалоому алейкум баатыр, келип калдык. Оюн көрсөтөлү деп келдик?!

– Байзак ичинен:

– О, ойнуңду... сенин! Мейли, эми болбой калды, Аксакал үчүн тик турбасам Байзактыгым кайсы. Канкордун кан ичмеси кармаган тура. Байзак намысты ойлоп, улам жумшара, кекээр сөзү намыс, ариет үчүн, Аксакал үчүн, деп жүзүн кан тээп чыкты.

– Эр сайышка түшөсүң, Аксакал?! Намысты ойлон. Байзак жерди теше тиктеп саамга нестейди. Аксакал жүзүнөн нур тамылжып сайышчу күндү күтүп, Каратобурчагын минип, ары-бери бастырып, жер көргөн киши болуп, өзү менен беттешчү кишинин дарегин иликтеп жүрдү.
***

Корумду жайлоосунда элдин саны күндөн-күнгө көбөйүп, улам үй көтөрүлүп Тайпактүз жумурткадай боз үйлөргө толуп чыкты.

Жар чакырган ырчылар тигил катардагы боз үйдөн бу катарга чаап келип, колтугундагы томпойгон комузун алып, Кудайбергенди мактап этегинде анын тапшырмасын ыр менен жамактатат. Аш ээсинин үйүндө созолонуп:

Баатырым, чачылганды жыйнаган,

Баатырым, эл үчүн жанын кыйнаган.

Баатырым, кедейин байдай сыйлаган,

Ыңоой-аа! деп кошок чыгат.

Бул Райымбектин улуу байбичесинин үнү. Бул үндү жазбай тааныды Найманбай.

– Жүргүлө, аттан түшүп куран окутуп чыгалык, – деген Найманбай чоң сакал Эшманбет менен Токтогулду ээрчитип куран окутуш үчүн Райымбектин байбичесинин үйүнө кирди.

Сол капшытта ак илекичен кемпир кошогун созолонтот. Качан гана: «Абузбилла иммина шайтан рожиим», – деп курандын сүрөөсүн баштаганда кошок тып басылды. Ары карап олтурган байбиче бери карап олтурду да, Найманбайды жаңы көргөндөй таңыркай карап, бырыш жүзү кабатталып ырчыны жактырбаганы байкалып турду. Ал куран бүтсө эле сөз баштоочудай, Найманбайды карап нестейет.

Байбиченин көз алдына бир кездеги Райымбек бийдин болуп, толуп турган кезинде ушул чүрүшкөн киши келип анын ажы болгонунан өйдө мактап, бу чөлкөмдө Райымбекке тең келер киши жок деп ырдап, жүзүнө нур тамылжыган байы байбичесине:

– Алып келчи тиги чапанды?, – деп, байбичесинен ала коюп Найманбайга өзү жаап, жакшы ырчы калтар жоргодой шыр кетет. Сөздөрү куюлушуп тунук булактын шылдыраган үнүндөй угулат.

Ырчым дегени эсине келе, анан да Райымбек өлгөндө Найманбайга кабар айттырып, сөөк башында жар айтып берсин дегени, ага ырчынын келбей койгону эсине келип, эми ашына келгенин ойлогон байбиче Найманбайды атып тиктеди: – Найманбай байбичени карап ырдап коё берди.

Байибиче бозоюң кетти мойнуңдан,

Байбиче бозоюң кетти койнуңдан.

Менин атым Найманбай,

Айта берем ар кандай.

Кээ бир, кээ бир сөздөрүм,

Сөөмөй менен сайгандай, – деп барып токтоду. Жанатан бери токтоно албай өзүн зорго кармап турган байбиче:

– Ий жетесиз, өлүк-тиригиңди көрөйүн, күйгөн курмушудай болуп кебетесин! Байым ажыдан келгенде нечен күн конок болуп ырдадың. Ал ары карап кеткенде кабар айттырсак келбегениң кандай, өлүксүз?! Ашка уялбай кантип келдиң?

Байбиче ордунан опурулуп тура калды.

– Ырчыларды апаң кууп жатат, алардан айрылсак жар чакыртчу ырчылардын баары кетет, – деген сөздү угуп Кудайберген чоң үйгө түшүп, апасын тыйганы кирди.

Ырчылардын көңүлүн ачып:

– Аял, аялдык кылып койсо таарынчы кылып, кекеткен ырчынын иши эмес деген, Кудайберген ырчыларга бирден чепкен жаптырып, алардын ачуусун басты.

Ашта качан эле таарынчы айтылбай калчу эле жүзү көрүшпөгөн нечен айры баштуулар аштын өзүндө беттешип, эзелки кегине чейин айтышат. Бул чанда болчу иш болсо да, элди козутуп дүрбөлөңгө салып, үй ээсинин тынчын алат.

– Кудайберген, кимди күтүп жатасың, же дагы келе турган меймандарың барбы?

Байзак үнүн бийик чыгара өкүм сүйлөдү.

– Туш тараптан чакыртылган эл келип бүттү. Аштын өтүшүн суутпай баштай берүүгө жар чакыртты.

Эң биринчи ат чабыш болот, аттар келгенче эр сайыш баа-тырың болсо камдай бер деген жарчылар бир тигил өйүзгө, бирде бул өйүзгө өтүп жар чакырып жүрдү.

Ат айдалат, аттар тээ Мазардан коё берилет, тик ашууларды ашып келген ат өз байгесин төө баштап, алдына күтүрөтүп жылкы айдап кетет.

Эл алдына келген Байзак ат чабыштан да, эр сайышты башталса дейт дилинде. Аксакал келди бул ары болсо оюндун кызыгы төмөндөйт. Бери болсо оюндун кызыга артат. Чатак чыкпаса болду деген Байзак баатыр арыта бастырып бараткан Аксакалды карап коёт.
***

Күлүктөр чубатууга чабылып алты айдоочу артынан түшүштү. Колдоруна сороктогон бакан алып күлүктөргө кошулган атты эки жакка кайрылтпай айдап келет.

– О, тетиги Солтонбайдын Акчеке деп аталчу күрөң кашкасы арткы бутун сүйрөп уурданып басат экен чыкса ушу чыгат.

– Ой, аны кайдан билдиң, береги Сурчага көзүң тойбойбу? Ушул ат чыгып келбесе мына алдымдагы атымды берем.

Эки саяпкер өздөрүнчө чубатууга салынган күлүктөргө карап көздөрү ирмелбей сызылып жаш сарыгат.

Ысмайыл сынчы таптаган ат Жумгалда байге берген эмес. Береги Акчеке агасы Солтонбайдын күлүгү. Жайы кышы арпаны бээнин сүтүнө көптүрүп жумшартып, тишине доо кетирбей баккан. Анын үстүнө аптаптагы көк бедени как кургатып күйшөтүп, сөңгөгүн терип беденин бырын берет. Тезегин укалап көрүп, сууту жеткенин билген Ысмайыл саяпкер да кошо келди ашка. Ал өзүнчө кудайынан зар какшап Акчекенин алдыда келишин тилейт.

Белден өтүп, белес-белес жер басып тик бетти эңкейгенде Акчекенин үстүндөгү бала:

– Ушундай жерге да ат чапчыбы. Бүт эле чыргай, анысы аз келгенсип тик ашуу экен?!

– Эй, андай болсо түз жериңе чаба бербейсиңби, кайсы жерде түз жер бар эле кыргызда, – деп өйдөсүндү Сурчанын үстүндөгү бала.

– Апей, учуп өлөбүз го, бул жердин аты эмне?

– Торпу деп аталат. Береги көрүнгөн суу - Тууракайыңдын суусу. Алдыбыздагы сууну Кызылсуу дейт.

– Чын эле кыпкызыл экен. Булагы кызылбы?

– Булак да кызыл болчу беле, кече күн жаабадыбы, аккан жери баш аягына чейин кызылчап Сурчанын үстүндөгү бала жандай бастырып күрөң кашканы минип келаткан балага түшүндүрүп баратты.

– Куу-куулап аттарды шаштырып катуу айдап түштү ат айдоочулар.

– Опей, бизди өлтүрөт го булар.

– Өлөм десең артыңа кайрылып кете бер.

– Эмне эле мени мынча кекетесиң?

– Мен эмне деп кекетип жатам?

Чынын айтып жатпаймынбы.

– Ой жубарымбектер, тез бастыргыла, барчу жерибиз алыс, – Ой, бала, ойдолобой түз бастыр!

– Көчүгүм жооруп баратпайбы, байке?!

– Көчүгүң жооруса, «жалпак төшөгүн» албайсыңбы? Ат айдоочулар кыраан каткы күлүшүп тиги баланы улам бол, деп демитишет..

Бала чыйрак, ат жалын бекем кармап көчүгүн бир жагына кыйшайтып, ал тарабы талыса экинчи жагына ооп аттардын артынан калбай келатат.

Уурданып чыккан Турдуке байдын иниси бөдөнө аңдыган түлкүчө жыбытка билинбей кирип боюн жашырды. Ал Торпунун кашатына жете барып, Кара отунду аралап, жалгыз аяк аттар кеткен жолдон четтеп, денесин бекитип келчү аттарды күтүп жатты.

– Атаңын көрү, Турдуке абам дайым эле байгеден куру калбайт. Бир жолу куру калса эмне. Мага деген Торусун Көкдөбөгө жашырып, ал жакта саксактап Байзактын жигиттери күтүп турбайбы.

Байзактын намысы үчүн Акчекени өткөрүп, Сурчаны сулатам. Көп болсо Турдуке абам бир күлүгүнөн айрылат. Эртең эле дагы бирөөсүн чабат. Байзактын торусун кылган кызматым үчүн алам.

Байзак Кудайбергенди тооруп, өзүнө өзүн салып, Турдуке байдын инисине Жумгалдан келген аттардын бирөө эле биринчи келсе бул Тору сеники. Муну Көкдөбөдөн аласың. Сага тартуум ошол. Берерим мына, тос колуңду, – Байзак үч дилдени бирден алаканына таштап, бар, бара бер. Муну агаң да берген эмес чыгар деген.

Кудуңдаган жаман Дөөпөрөс (анын азан чакырып айтылган атын унутушуп, ой келди сүйлө бергендигинен айтылса керек) убадага бек туруп, эми минтип, күлүктөрдү күтүп черүүнү аралап көздөрү чекчейет.

Мазарга жетип, аттарды бир аз тыныктырып, ат айдоочулар чабендестерди кайра чогултту да:

– Бар, Оомийин кимиң чыксаң аның чык дешип, талтая олтурушуп ат баштыктагы тасмалга орото келген бышылуу тамагын үзүп-булкуп жеп жатышты.

Күлүктөр чубама жол менен тике барат. Буйтап өтүшкө жол жок. Жалгыз аяк жолдун эки чети чытырман билектей шилби, же кара отун арасын аралап өскөн камыш узарып чыргайды анча көрсөтпөйт. Аралай келсең жол бербей артта калып каласың. Жол ортолоп келгенде күлүктөр чыргайдан арылып кымыздыктуу бетке келе бириндеп, жалгыз аяк жолго кожоюн болгон кара чаар күлүктү жандап кымыздыктын бою менен тең секиришет.

Аттардын жалына бекем тырмышкан чабандес балдар улам артка жылып, кайра жалдан бекем кармай аттын зээрине коно калып, күлүктөр өрүдө бөрүчө желип барат.

Акчекени жандай келген Сурча аны басып өтүүгө жанын үрөп жолдун четине чыгып, чөп аралап тике чуркады. Ал Карачаардын артынан түштү. Экөө эгиз козудай ээрчишип, Сурчанын үсүндөгү бала өз саяпкеринин айткан кеби кулагында жаңырып Сурчаны кыйнабай бөрү жортушка салды, Качан түзгө чыкканда атты камчыга ал, ага чейин өз жайына кой убара болуп жол талашпа деген кеңеши чабандес баланын оюнан чыкпады.

Сурчаны тек гана өз жайына койду. Карачаарды ээрчитип бөрүчө жортуш менен баратты.

– Ой, аттар кеч бешимде келет. Бүгүнкү тамашанын дагы бирөөсүн баштай бербейсиңби? – деп барк этти Бекташ.

Бекташ абам туура айтат. Ага чейин «Эр сайышты» баштай бергиле деген Кудайберген кара жорго менен обочодогу Райымбектен калган чоң сегиз канат боз үйгө бет алды.

«Эр Сайыш» башталат деп жарчы жар чакырып туш тарапка бет алып өзүнүн кызыкчылыгы менен жүргөн элди чогултуп жарчыларга кошулуп Райымбектин билерман уул, туугандары кошо жүрүшөт.

Эр өлбөсө экен, бөөдө кырсыктан эл бүлүнүп, жаатташып чабыша кетип, оопат болбосок экен, – деген карылары да көп болду. Бирок ага болчубу, тээ алмуздактан бери эл менен эл, эр менен эр сайышып беттешип келген. Анан ошо тоо арасындагы карылардын кебин тыңшаар Кудайберген ушубу? Жок, аны аттын тезегинче көрбөдү. Кайра атам Райымбектин ашында «Эр сайышта» ушундай болгон деген сөзү калат, – деп атасынын үйүндө олтурду.

Чар тарабы кең түздө эл экиге бөлүнүп эл арасы уу-дуу, күрү-күү!

Кара ат минген Аксакал ат ойнотуп ортодо тобурчагын ойдолотуп, ичинде жоо кайдалайт. Эки четте эки эр сайышка түшчү жигиттерди кийинтип, сайыштын ыгын билген карылар аралашып тердик кабаттап, найза далысына өтпөсүн, көкүрөгүнө кадалып мүрт кетпесин деп камынышат.

Сайышка чыкчу баатыр өрөпкүп эч нерсе оюна келбегендей ар кимдин айткан тили менен элди мелтейе тиктеп жалдырайт. Моюндун айланасы ачык калбасын деп кабаттай калпак коюп бекем бекитилет.

Кээде мындайда эки тараптан билинбей жыла басып кирген тыңчылар кайсы жери ачык калганын берки найзачанга айтып коёт. Өлөр жерин туштап сайган баатырдын кулагынан тыңчынын айткан кеби кетпейт. Көзү тикирейип ошол жерде болот.

Кетментөбө тарабынан бир аз кечигип Эрназар сайышка камынды. Аны бат эле кийинтишип: Тигиндей сай, мындай сай, Аксакал оңой жоо эмес», – деген билермандар Кара аргымакты алдыга тарта Эрназарды колтуктап, сүйөй тобурчакка мингизип, дуу эте бата берип жиберишти.

Аксакал оңой жоо эмес экенин билген агасы ордунан атып турду.

– Эй, атказыгым, бу...! Кебин оозунан алдырып ийгендей көпкө унчукпай, «Сен түшө турган учур келе элек, эр сайыштын ыгын жакшы өздөштүрө элексиң, түш аттан!»

– Эй, ал эмне дегениң, аны да эне тууган, сени эле эр тууп муну башкача тууппу?!

– Калназар сөзгө кыпчыла калды.

– Аке, түшүп көрөйүн. – Агасы унчуга албады, тек гана жүрөгү сыздап ичинен кан өткөндөй тескери бурулду.

– Эл дагы да бата берип жиберди. Эрдемсип кеткен Эрназар кара аргымакка камчы шыбап элди айланта чаап барып Аксакал менен кол алышып учурашты.

– Дүйнө дегениң кызык го. Моюндун этек жагын акыректи туштап сай, чуркулдайынын бир аз жери ачык калды деген сөз Аксакалга жетип, анын канталап чыккан көздөрү Эрназардын кекиртек тарабына калпак кабаттала коюлуп дагдайып моюнтуракка мойну эп келбей жаткан өгүздүн мойнундай буржуюп көрүндү.

Эки тараптан эки киши ондон жыйырма найза топтоп, эки четте көздөрү чекирейет. Тер жайлактын белинде казганактаган эл улам ичкери кирип оюндун кызуусуна жутунат.

Арасында:

– Э оюнуң менен да жерге кир, ушу эр сайышын тим эле койсо Кудайберген, – дегени да болду.

Аштын ээси ага болчубу. Ага аштын даңазасы керек. Айтыла жүргөнгө кеби керек. Атаат дүйнө. Эки азамат ат ойнотуп эки тарапка чаап кетишти. Кара аргымак үстүндө дагдайган Эрназар бөктөрүнчөгү менен эки кишидей көрүнүп, атка камчы басып найза берчү кишиге барып найзаны кармады.

– Тандабай ал баатыр, баары бирдей түпөктүү куу карагай сапка ашталган. Ошол эле Аксакал башка найза алат дейсиңби. А деле сенин алган найзаңдын өзүндөй эле найза алат. Жалтанба, көзүңдү ирмебей тик качыр.

Найза берип жаткан киши Эрназарга кеңеш берип топ найзаны кармап турду. Эрназар Кара аргымактын үстүндө зылдай бекем. Ат да сөөлөтү мурункудай болбой асканын көлөкөсүндөй заңкаят.

– Мейли, эми болбостур, болор иш болду. Далайдын канын ичкен Аксакал Эрназардан калмакпы. Бей оппо дүйнө. Дагы канын забын кылат. Дагы эр өлөт.

Өңү кумсара түшкөн Байзак баатыр окчунураак бастырып келип жапсарга үйүлгөн таштай дөмпөйүп, дөбөдөй болуп олтуруп алды. Кайра ою уйгу-туйгу болуп:

– Алсын байгесин, Байзак алдырып жибериптир деген кеби калбасын деп Аксакалды кайра жакшы көрүп кетти.

– Ордунан туруп, атына кайра минди.

Кара аргымакка желимдеп койгондой бек олтурган Аксакал, көзү Эрназардын мүрүсүнөн кетпейт. Атына камчы шыбап колундагы найзаны булгалап качырып келет.

Эки тарапта күүлдөп турган эл Аксакал менен Эрназар найзаларын сундуруп келатканда кээ бирөө көздөрүн жуумп, кайсы бири тикирейе карап көзүнөн шоросу куюлат.

– Карс-курс, – Эки аргымак бири-бирине өчү бардай азанап өтүп кетишти. Баатырлар кайчылаш өтүшүп аттардын тизгинин тарта кайра качырышты. Шумдугуң кур э, оюн болбой жерге кир э! Эрназардын күү менен келатканына көзү уруна түшкөн Калназар «көзүм көрбөсүн» дегенсип сыртка бастырып кетти. Ураан чакырып элдин демине дем кошуп, Эрназар менен Аксакал экинчи жолу беттешип найзалардан жарака кетип, бат эле кайрадан найза алмаштырып бирин-бири өчөшкөн жарадар камандай качырышты. Куюшкан алды көбүктөнүп терге чыланган аргымактар, бирин-бири качырып келет да көз ирмемге күч менен токтоло калып, камчынын уусуна чыдабай жаны ачып арыш таштайт. Он беш жолу качырышып эки баатыр өчөгүшүп калышты.

Эрназардын оңой жоо эмес экенин байкаган Аксакал чекесине чыбырчыктап тер пайда болуп, алар бири-бирине кошулган көлчүк суу болуп аккандай, жон ылдый сарыгат.

Жакындап келген Эрназар бу сапар Аксакалды таамай качырып келет. Башынан эр сайышка кандым болгон кайран Кара ат тез бурулуп ээсин куткарып кетти. Аксакал чындап жаалы кайнап кайра камчы шыбап, кызытып, тез бурулуп кайра качырды.

Эрназар жакындай бергенде найзанын арткы түбүн ээр кашында жез чыгаракка салып, найзанын түпөгүн өйдө-ылдый булгалап келатты. Анын көздөрү карышкыр көргөн алгыр бүркүттөй тикирейе ирмебей көздөрүнөн жаш сарыга жылышып кеткен калпакты карап, көздөрү бозоруп найзанын учун Эрназардын кекиртегин туштап келет.

Жаалданган Эрназар да эми жаңы кызыгандай кыл чайнап, кара аргымактын жамажайынан көбүк чачып кара атты атып тиктеп катуу күү менен келатты.

– Эмне болор экен, эмне болор экен, кудай сактай көр, эр өлүп кетпегей эле. Күйпөлөктөп көптү көргөн карылар жүрөк заада тынчы кете гүүлдөшөт.

– Карс-курс кара аргымак кишенеп жиберди. Таамай тийген найзанын учу Аксакалдын көкүрөгүнө кадала, кара ат ала салып кетти. Башынан кандим Аксакал Эрназарды аттын күчү менен кекиртекке уруп, найзанын учу Эрназардын желкесинен короюп чыга түштү. Кара аргымак чөгөлөй түшүп, үстүндөгү Эрназар тоголонуп жерде суналып кара аргымак, ат кишенеп ээсин жоктогондой, элди аралап, тостурбай жүрдү.

Күтүлбөгөн чатак. Эки тарап беттешип, эр сайыштын жөрөлгөсүн айтып бежирешет.

– Ооз омуртканы ажыратып өткөн найзаны даап киши сууруй албады. Кайран баатыр, саамга болсо да эс акылына келе калып, кекиртегине тирелип турган найзаны кош колдой кармап, тизе бүктү да ыкшап-ыкшап тикесинен сууруп алды. Көбүк аралашкан кара кочкул кан найза сайылган тешиктен жайылып чыгып, Эрназар көзү караңгылап, башка дүйнөгө көчүп, көздөрү бозоруп суналып жатып калды. Эки тарапка элчиликке келген эл Эрназардын сөөгүнүн жанында. Денесин жууп жаткан канын сүртүп, найза сайылган тешикти таап нестейишти.

Кетментөбө багытынан келгендер ызырына Байзакка:

– Э баатыр, бу Аксакалдын эмне кылганы. Салтта жок ишти кылыптыр го? - дешкендери да болду. Жантыгынан жаткан Байзак копшоло берди.

– Эмне болуптур, элчилер эмне дейт? – Башка сөз катпады.

Эки тараптын эр азаматтары аттарын камчылана бирин-бири коркутуша камчы көтөрүшөт.

– Эл экиге бөлүндү, чабышып эр өлүп кетмей болду деген сөз чоң үйдөгү Кудайбергенге жетти. Суусар бөрктү желкеге жылдыра өңү бозоргон аш ээси да жете келип:

– Ай, ай туугарндар! Түбү келип бир урукпус. Бу не кылганыңар. Туугандарым деп силерге таянсам, Кетментөбөлүк Түнкатар саяктар. Атамын ашын силерге таянып өткөрүп жатам... Башка эл эмне дейт. Уккан эмне дейт. Кунун өзүм төлөйм. Баш кесмек бар тил кесмек жок. Сөз бир. Көкдөбөгө жер чалып барганда эле айтпадым беле, – Байзак баатыр?!

Кудайберген чабышкан жигиттерди басыш үчүн туш тарапка чапкылап, билермандарына колун жаңсап бирдемелерди айтып жүрдү.

Жаңы аттанып жаткан Байзак баатырга жете келген Бекташ:

– Кош, баатыр, аттан түшүңүз, тиги жакта эр өлүп, бүлүнүп жатат. Кеңешип кескен бармак оорубайт. Түшүңүз аттан?!

Жообасардын Бекташы, Байзакка тикирейе карады.

Сөздү Бекташ баштады:

– Байзак баатыр, жашыңыз улуу, жолуңуз да улуу. Сизди түз чечет деп айтып жатам. Бу Аксакал, Эрназарды башка сайды. Эр сайышта башка саюу деген жок эле го? Бул элде жок жосун. Бекташтын өңү кумсара Байзакка суроолуу карады. Корумдунун этегинде казганактаган эл жооп күтүп, Байзак баатырга мелтейишет.

– Ой, өгүзчө өкүрбөй коё тур. Баш деп мына береги моюндан жогору жагын айтат. Мына береги баш.

Байзак ачуусу келе өзүнүн башын өзү сөөмөйү менен сая көрсөтүп, Бекташка опурулду. – Найза кекиртектин чуркулдайына тийиптир. Эч ким кун төлөбөйт. Атаңа наалат.

Байзак этек жеңин күбүнө өйдө обдулуп, тура берди.

– Бекташ көчкү болуп илеп үйлөп жаалданды.

– Көкала зоонун картаң текесиндей болгон атаңын оозун урайын, эл билип, чечип берет десе, сенин кылганың ушу болсо!... – Баш деп башты айтат. Кекиртектен жогору башка таандык эмей эмне?! Акыректи туштап сайса бир жөн! Алкымды да киши саябы?! Мунун кетип баратканын кебелбей, зоңкойгон ит!

Сөгөнөк Бекташ ачуусу келе Байзактын чепкенинин өңүрүнөн бекем кармап төмөн силкти. Байзак баатыр чөгөлөй, дүп этип жерге олтуруп калды. Эки бетине кан тээп чыккан Байзак баатыр унчукпады. Тек гана элди тынчтандыргыла? Жанагы жараштырчу жамакчылар кайда?

– Кудайбергенге айткыла тамашасын баштай берсин, - деп лөкүйүп олтуруп алды. Ичинен Аксакалды зекип, – кайдан жетип келди эле, келбе дедим эле канкорду. Эр сайышка башкабыз деле чыгат элек. Эр өлбөйт беле? Бу жашың өткөн сайын жаның таттуу болуп, башканын жаны да таразага түшө баштайт окшойт. Байзак баатыр мелтейе жерди тиктеп ташка конгон бүркүттөй зоңкоюп көпкө олтурду.

Көпчүлүк ары сүрүлүп, бери сүрүлүп мөөрөй өлүп жатса да Эрназардыкы болду, – деп кийинкисин күтүшөт. Найманбай, Токтогул, Эшманбет баш болгон ырчылар жар салып кээ-де бири менен бири айтышып элдин көңүл-черин жазып жатышты.

Кечээ тиги Райымбектин байбичесине карата ырдаган Найманбайдын сөзү эсине түшө, ал ырын Токтогул ичинен кайталап алды:

Сенин жайыңы мен билем,

Балыктын уулу Найманбай.

Кээ бир, кээ бир сөздөрүң,

Чыны сөөмөй менен сайгандай.

Каргылуу кара тайгандай,

Айбан болсоң Наймаке,

Коктуга барып чөп жегин,

Тайган болсоң Наймаке,

Кашатка барып бок жегин.

Ошондо олтурган эл дуу күлүп жиберген эле. Бирок, бу кепти эрең-төрөн албаган Наймакең дагы эле жар чакырып, кээде эл алдында ырдап жүрөт. Ошондо сөзүңөр менен, эл менен эл жоолашып, же элдешерине көзүм кадик жетти деп кумсарган.

Сөөктү өзүнчө үйгө кайтартып аттардын келишин күтүшүп жатышты.

– Эсепкор элчи 176 ат айдоого кеткенин санап калган. Ошончо аттан кайсынысы чыгары ал күлүктүн багынан.

Жылаандай ийрилип кыялап кеткен жалгыз аяк жолдо жол талашып күлүктөр кара терге чөмүлүп келет. Ичи дакдайып чыңалып жээрде ат басып баратып бүк түштү. Үстүндөгү бала ат үстүнөн түшө калды. Жээрденин кош таноосунан түтүктөп кан агып ошол эле жерде жан берип, башын жөлөгөн бала ыйлап орто жолдо турду. Аны көрүп бирин-бири саксактап ат тизгинин тарта жай бастырышат.

– Ушундай да ат чабыш болчу беле? Зоо аралатып тике ат чапканды биринчи көрүшүм. Мындан башка ат чапчу жериңер жокпу? – Акчекенин үстүндөгү чабандес бала өзүнөн өтүп бараткан Сурчанын үстүндөгү балага кайрылды.

Аттын аты ушундайда сыналат. Түз жерде эшек деле чуркай берет.

– Эмне эле кергиштейсиң?

– Кергиштенгеним жок, чынын айтып жатам . Экөө унчугушпай калышты. Сурча жыланча сойлоп алдыга түштү.

Артынан жете келген Акчеке эми эти кызыгандай катуу чуркап үстүндөгү бала эбелектей ат жалында өбөктөйт.

Көчүгү жооруган бала Акчекенин жонунда бир капталынан бир капталына оой калып, аттын жалын бекем кармап келатып түзгө чыга бере сүйүнүп кетти.

Тээ алдыга кеткен Сурчанын карааны да көрүнбөйт. Алдын тосуп жыла бастырып. Сурчаны тоскону кеткен жалгыз атчан чыргайдан чыгып, алдыдагы коктуга жашынып тике чаап келаткан күлүктү торой туурасынан чыкты.

– Байке коё бер?! Бала бакырып жиберди. Көз ирмемчелик аралыкта күү менен бараткан Сурча жалгыз аяк жолдо туурасынан тоскон атчанга урунуп ала салып кетти. Үстүндөгү бала тебетейдей учуп кашатка кулады.

Тигил атчан кокту менен ылдый чаап чыргайга жашынып, Сурчаны карайт.

Сурча күү менен жыгылгандыктан дабдырай түшүп, анан эсине келгендей кишенеп алды. Өйдө обдулуп ошо бойдон туруп кетти да, катуу силкинип алып, артынан куугун түшкөндөй жан алы калбай, чылбыры чубалып, түйүлгөн кош тизгин моюнга жетип, жан талаша чуркап баратты.

Тиги баласы жок бош бараткан Сурчаны көрүп, жүрөгү болк этип эки жагын аяр карады. Акчекенин үстүндөгү балага, жол боюнда жаткан чабендес: – Айта бар, менин алдыман тороп...

Андан аркысын айта албай өңгүрөп ыйлап жиберди.

Көп тозотторго каник болгон чабандес эки жагына аяр көз салып аттын тизгинин жыя тартып барат.

Акчекенин алдынан тозот чыкпады. Алдыга кеткен ээси жок Сурча Тержайлак белин эңкейип элди аралап эр сайыш болгон жерден өтө берди.

Үстүндөгү баладан чоочулаган Турдуке бай Сурчаны алдынан тостуруп жыктырганын билип, кимиң тоссоң да, тукумсуз өт, какшап өт, ылайым кудайдын каргышына койдум, - деп эки көздөн аккан жашы сакалына сарыгып, жер сабап ыйлап жиберди.

– Эй, ээси жок, атка байге болбойт.

– Байзак заңк этти.

– Аның кандай, Байзак баатыр?

Бекташ бек үн чыгарды.

– Балким баласы жолдо ат чабалбай жыгылып калгандыр, же жолдон кошулгандыр?

Байзак баатырды Кудайберген коштоп: – Ат чапкан баласы жыгылып калса күнөө биздеби? Өзүңөр чечкиле. Бирок менимче байге бүтүндүкү го. Акчеке чабендеси менен келип турбайбы? Эл Кудайбергенди жаалап кетти. Ал бир жигитин жиберип чымчык көз чаар кара кымкап кытай чепкенин Солтонбайга жапты да, төө баштаган байгесин кошо берди.

Турдукени эч ким карабады. Тек гана сакалы ылдый жаш сарыгып, эсине чабарман бала келдиби, ошо жакка бастырып баратты.

Обочо тигилген боз үйдө Эрназар баатырдын сөөгүн саздан алдырган чымга ороп, кун төлөө бүтүмү бүткөнчө калыс адамдарга кайтартып койду. Аларга арнап кысыр эмди тай сойдуруп сөөктү катуу көзөмөлгө кайтартууга алдырды.

– А кайран, Эрназар, каманга чалдырып алдың э?

– Ой, Аксакал, канчанын канына найзасын сугарбады. Ушул эле дейсиңби деген эл топурап Эрназардын сөөгүн казганактап карап турушту. Жанаша бастырып келаткан Токтогул менен Эшманбет Эрназарды ырга салышты.

Атынын тизгинин бош коюп бастырып келаткан Эшманбет:

Кара чаар жолборсту,

Кабылан чалып өлтүрдү.

Эшманбетти суроолуу караган Токтогул:

Кызыл-чаар жолборсту

Кыл-кыйма чалып өлтүрдү.

Кыраан элең Эрназар,

Сени Аксакал сайып өлтүрдү.

Кудайберген: – Ой ырчыларым эл жаатташып жүрбөсүн. Ушу ырыңарды токтоткулачы. – Силерден суранаарым.

Жанаша бастырып келаткан Эшманбет менен Токтогул Кудайбергенге «мейли» деген тейде, алдыга бастырып кетип баратышты.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет