7-9-класстары үчүн класстык саат Сабактын тиби: жаңы теманы түшүндүрүү



бет1/3
Дата20.10.2023
өлшемі229.62 Kb.
#481204
  1   2   3
Эл биримдиги



7-9-класстары үчүн класстык саат
Сабактын тиби: жаңы теманы түшүндүрүү.
Сабакта колдонулган методдор: интерактивдүү окутуунун методдору, ыкмалары.
Сабактын жабдылышы: КРнын Мамлекеттик Гимни, таркатма материалдар (текст №1 тиркеме), флипчарт-ватман, маркер, слайддар ж.б. 
Сабактын жүрүшү

  1. Уюштуруу/ Мотивация (5 мүнөт)

Саламатсыңарбы, балдар! 2022-2023-жаңы окуу жылыңардын башталышы менен куттуктайм! Сабагыбызды биз үчүн ыйык болгон Кыргыз Республикасынын Гимни менен баштайлы! (Гимн ырдалат).
Балдар, келгиле, биз, «Мен сыймыктанам…» деген теманын алкагында баарлашып көрөлү. Ар бирибиз «Мен сыймыктанам…» деп бирден сүйлөм айталы.
Окуучулардын билимин актуалдаштыруу (5 мүнөт)
Анда эмесе, ырга көңүл бургула.
Мен сыймыктанам
Атабыз Манас эр менен,
Ак калпактуу тоо менен.
Ажайып кооз жер менен,
Суйкайган сулуу көл менен,
Баа жеткис каада-салт менен.
Сыймыктанып келебиз,
Көп улуттуу эл менен.
Бул ырдан эмнени байкадыңар? Бүгүнкү сабагыбыз эмне жөнүндө болот деп ойлойсуңар? Өзүңөр байкагандай, биздин бүгүнкү өтө турган сабагыбыз Эл биримдиги көп түрдүүлүктө деп аталат. Эл биримдиги, көп түрдүүлүк деген сөздөрдүн маанисин кандай түшүнөсүңөр? (Балдардын ойлорун угат). Биз бүгүн сабагыбызда Мекенибиздеги көп түрдүүлүктү сактоо, толеранттуулуктун деңгээлин жогорулатуу, жарандык биримдикти күчөтүү жана улуттук баалуулуктарды билебиз. Башкача айтканда, Кыргызстан – көп улуттуу мамлекет экендигин, улуттардын ынтымагынын, биримдигинин, толеранттуулугунун маанилүү экендиги жөнүндө сөз кылабыз.
Жаӊы теманы түшүндүрүү (10 мүнөт) Анда эмесе, көп түрдүүлүктүн аныктамасын карап көрөлү.

  1. Көп түрдүүлүк – бул бизди окшош да, айырмалуу кыла турган белгилер. (окшоштук жана айырмачылык биздин жекечелигибиздин бир бөлүгү).

  2. Адам катары биздин айырмачылыгыбызга караганда, окшоштуктарыбыз көп (окшош адамдардын ортосунда да айырмачылыктар бар).

  3. Айырмачылыктар мааниге ээ.

Эми бул аныктаманы чечмелөө үчүн 1, 2, 3 деп санап 3 топко бөлүнөбүз. Доскага көңүл буралы. Доскада улуттар жана сапаттар жазылып коюлган, кайсы улутка кандай сапат тиешелүү экендигин талкуулап, жазып, топтон бирөө айтып берет.
Улуттар

  1. Кыргыздар

  2. Орустар

  3. Немистер

  4. Италиялыктар

  5. Француздар

  6. Япондор

  7. Испандыктар

  8. Казактар

  9. Дуңгандар

Сапаттар: так, пунктуалдуу, берешен, сулуу, тыкан, достукка бекем, ач көз, акылдуу, түнт, жагымдуу. 3 топ тапшырма боюнча ойлорун билдирет, мисалы, кыргыздар – берешен, немистер – так, пунктуалдуу, француздар – сулуу ж.б.
Балдар, ар бир улутка тиешелүү сапаттарды аныктап алдык. Эмне үчүн ар бир улутка ушул сапаттар гана тиешелүү деп ойлойсуңар? Ар бир улутта ушул сапаттардын бардыгы болушу мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн. Ар бир улутта так, пунктуалдуу, берешен, сулуу, тыкан, достукка бекем, ач көз, акылдуу, түнт, жагымдуу ж.б. сапаттагы адамдар бар. Демек, Кыргызстанда жашаган улуттар ар түрдүү, бирок адам катары окшоштугубуз көп, жалпылыгыбыз бар. Бул жерден көп түрдүүлүк жана иденттүүлүк келип чыгат.
Мекенибиз – бүткүл кооздуктун, сулуулуктун жана көп улуттардын өлкөсү – Кыргызстан. Кыргыздардан башка орустар, өзбектер, тажиктер, дунгандар, украиндер, уйгурлар, немистер, корейлер, казактар, чечендер ж.б. улуттар жашашат. Биздин өлкө Кыргызстан элдеринин улуттарынын тең укуктуулугун, толеранттуулугун, маданиятын жогору коет. Кыргызстанда жашаган ар улуттун өкүлдөрүн улуттар арасындагы ынтымак бириктирет. Биз, кыргызстандыктар, ар түрдүү маданияттын, каада-салттардын жана көп тилдүүлүктүн көп түрдүүлүгү менен уникалдуу мамлекетпиз!
Келгиле, анда, текст менен таанышып, тема коюп, негизги ойду аныктап көрөлү (топторго текст таратылып берилет, 15 мүнөт)
Биздин ата-бабаларыбыздын жери – Ала-Тоо, кыргыз элинин бешиги. Кайда барбагын, ак мөнгүлүү Ала-Тоолорду көрөсүӊ. Шаркырап аккан көк кашка сууларга, карагайлуу токойлорго бай. Гүлгө оронгон жайлоолору сансыз малга толуп, жашыл өрөөнүндө түнкүсүн жылдыздан көп оттор жанган кыштак, шаарлар. Бул биздин Мекенибиз, бул биздин тарыхыбыз жана маданиятыбыз, улуттук баалуулуктарыбыз. Мамлекет үй-бүлөдөн куралган сымал, Ата Журт да ар бир адамдын туулуп-өскөн жеринен, башкача айтканда, кичи ата мекенинен түзүлөт. Кичи мекен – бул биз төрөлгөн, биздин ата-энелерибиз жашаган жана ата-бабаларыбыз жашап өткөн жер.
Биздин өлкө – уникалдуу. Буга анын географиялык жайгашуусу өбөлгө болуп турат: бул жерде коңшулаш жашаган көптөгөн улуттар менен элдердин маданияттары, үрп-адаттары жана салт-санаалары жөн эле туш келбестен, бири-бирине жуурулушуп, кошулуп турат. Азыр Кыргызстанда улуттук бөтөнчөлүктү, улуттук аң-сезимди, Кыргызстанда жашаган бардык этникалык топтордун татыктуу жашоосу үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Атап айтсак, Кыргыз-Америка, Кыргыз-Орус, Кыргыз-Өзбек, Кыргыз-Казак университтери, театрлары бар. Бул башка улуттарга болгон улуттардын өз тили, маданиятынын өнүгүсүүнө болгон камкордук.
Кыргызстанды 120 жакын ар улуттун өкүлдөрү мекендейт. Ар бир элдин тили, үрп-адаттары жана каада-салттары бар. Каада-салттар – бул коомдогу адамдардын жүрүм-турум эрежелери, алар кылымдар бою түптөлүп, муундан муунга өткөрүлүп келе жатат. Кыргызстанда жашаган бардык элдер үчүн эң негизги каада-салт – бул улууну урматтоо. Азыркы мезгилде меймандостук, улууну урматтоо, өз ара жардамдашуу Кыргызстанда жашаган бардык элдердин жагымдуу салтына айланган. Кыргызстандын баа жеткис байлыгын ажайып табиятынын кооздугу жана ынтымактуу, биримдиктүү, толеранттуу көп улуттуу эли түзөт.


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет