Исабаева Ж., 2011. Бардык укуктар корголгон



бет4/6
Дата15.06.2016
өлшемі468 Kb.
#136909
1   2   3   4   5   6

Жазалоо...
Баатырлардан баягыдай качпай калды. Тескерисинче, Семетей менен кездешүү ага ушунчалык жагымдуу эле. Анын күлө багып жагымдуу, жайдары карашынан, эң эле бир уккулуктуу добушунан кандайдыр кубат, дем алчу. Ар бир жолу ага жолуккан сайын көңүлү өсүп, маанайы жаркып калар эле. Бирок, ошондо да айтуучулук өнөрдү мойнуна алгысы келбей жүрдү. Анткени анын бүт акыл-сезиминде баягы эле: “Өзүм аял болсом, кантип айтам?!..” – деген куру намыс орноп калган.

Баарынан да күйөөсүнө кыйын болду. Анын көз алдында бир кездеги шаңкылдап, шартылдаган жубайынын кулк-мүнөзү болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, чүнчүп баратты. Кээ бир кездерде түнү менен чабалактап, баатырлардын атын айтып сүйлөнүп, ким бирөө менен кармашып аткандай, кара терге түшүп чабалактап, ботодой боздоп ыйлаганы канча? Кээде уктап атып эле түшүнүксүз бирдемелерди дөөрүп, ырдап аткансыйт. Айрым кездерде катуу кыйкырып, элеңдеп тура чуркап, күйөөсүнүн да колунан суурулуп, кайдадыр качып, элирет.

– Сейде, бул – мен! Менмин, Сейдана! – күйөөсүнүн ушул үнүн эшиткенде гана тынчып:

– Өх-х, сенсиңби?! – деп шалдайып отуруп калат.

– Эмне, дагы түш көрдүңбү?

– Алар мени жалама асканын башына алып чыгып: “Бизди айтасыңбы же ушул жардан ыргыталыбы?” – деп, анан асканын кылда учуна, чарык ичке жипке асып, салаңдатып коюшту...


***
Дагы бир сапар Сейдана кудум сууга чөгүп, тумчугуп аткандай далбас уруп, ушунчалык кыйналып жатты. Анда да Үркүн чочутуп албайын дегендей акырын-аста үн катып:

– Сейде? Сейдеш? – деди.

Бул үндү Сейдеш түшүндө укту. Үн чыккан жакка далбастап, күргүштөгөн сууга бирде чумкуп, бирде “култ” деп чыга калып, какап-чакап агып баратып, жээкте суунун агымы ылдый, өзүнө далбастап колун сунуп чуркап келаткан күйөөсүн көрөт.

– Сейдана, Сейде?! – дейт ал.

“Атымды эле айтат, андан көрө тартып алсачы?” – дейт агып баратып. Айткандай эле Үркүндүн тааныш колу колуна урунганда, суудан суурулуп жээкке чыга калгансыйт. Ойгонсо күйөөсү колунан кармап, ойготуп атыптыр.

– Мен... эмне болдум? – дейт Сейдана.

– Баары жайында. Болгону эле түш көрдүң, – деди күйөөсү.

– Өх-х! Ушундай да кыйноо бар экен, ээ?!...


***
Мындан да кыйын сыноого чыдады Сейдана. Түшүндө аны кимдир бирөөлөр жалбырттап күйүп жаткан отко алып келип салышты. Денеси чычаладай чыркырап, чучуктай чыңырып атып ойгонду анда да...

– Эч нерсе эмес, жакшы болуп кетесиң. Чарчагандыкы... – деди анда да күйөөсү жубатып. – Көрөсүң го, баары жакшы болот. Туруп эле доктурга барабыз, дарыланасың. Баары унутулат.

Төрт шериңди алабыз...”
Бир күнү уйку-соонун ортосунда кайдан-жайдан сырдуу, сүрдүү үн угулду:

– Сейдана! Бизди качан айтасың?!

“Баатырлар... – деди туюмунда Сейдана. – Дагы келишкен экен!..”

– Айта албайм! – деди анан.

– Анда сени алдыда аябагандай кыйын жазалар күтүп атат!

– Бардык жазаңарга макулмун, бир гана “айт” дегениңерди укпасам болду.

– Төрт шериңди алабыз?..

– ?..


Ошону менен жым-жым болушту. Ойгонуп кетип: “Төрт шери” ким?” – деди оюнда. “Манас, Семетей... – деп санаган болду, – дагы ким? Алмамбет... Кызык. Э, алса алсынчы!” – деди оюнда башка эч нерсе жок.
***
Ошондон көп өтпөй, кол-арага жарап калган тун уулу жакшынакай чуркап баратып эле чалкасынан жыгылып, эс-учуна келе албай жатты.

– Кагылайын, кагылайын?! – деп карбаластап, ким-кимди жардамга чакырып, чыркырап атты эне. Төрөлгөндө эле чоң төрөлгөн эркек бала энекесинин колунда салкайып, жардам сурагандай каректери жалдырап жатып, бир-эки жолу денеси “дирт-дирт” этип алды да, сулк жатып калды!


Ботосун бооруна кысып, боздогон эне ошондо да эч нерсени туйган эмес...

– Катуу жыгылгандан, кан тамырларынын бири үзүлүп кеткен, – дешти доктурлар.

– Жок, өзү баладан башкача эле, буга көз эле тийди, – деди кемпир-кесектер.
Ошентип, Сейдананын төрт шери бир заматта бирге кемип, сербейип үчөө калды. Уулунун күйүтүнөн өзөгү өрттөнүп, далайга чейин өзүнө келе албай жүрдү эне.

Баатырлары да көрүнбөй, келбей калышты. Көрсө: “Кантээр экен, эми эсине кеээр бекен?” – дешкендир да...

– Өлгөндүн артынан өлгөн эч ким жок! Калган үч балаң эмне, көзүңө көрүнбөй атабы? Ошолордун амандыгын тиле! – деген кары-картаңдардын кайратынан улам да: “Ооба, Кудайым ушулардын өмүрүн берсин”, – деп белин бууп, жанды жеген айрылуу азабынан жаңы эле бошонуп келатканда... Экинчи, үчүнчү, төртүнчү балдары бирин-бири издеп, бу жарык жашоону эртелеп таштап, биринин артынан бири “учуп” кетип атышты!

Аттиң десеңчи, арман! Сейдана ошондо гана “Төрт шери” – төрт уулу экенин түшүнүп атпайбы! Ошондо анан жер сабап, башын муштагылап атпайбы!

Жинди” Сейдана
Күйүттөн эси-учун жоготуп жүргөн эне баатырларды деле эстейт беле, эстебейт беле, тескери карап ыйлап отурса, Бакай-ата экөөнүн маеги кулагына жаңырыктай түшүп атпайбы:

“Сейдана, сен бизди айтасың!..”

“ Айта албайм! Кантип айтам?! Өзүм аял киши болсом, бала-чакалуу болсом... анан калса эзели айтып көрбөсөм, эки ооз жатка билбесем, кантип айтам?!”

“Ниетиңди эле койсоң, калганы биздин болот, Сейдана!”

“Кайын-журтумдун бетин кантип карайм?!”

“ Сен күнөө кылып аттың беле?!”

“Күнөө эмей эмне, аял кишинин ырдап жүргөнүн ата-бабамда уккан да, көргөн да эмесмин! Эл шылдың кылбайбы! Андай азапка мен чыдай албайм, ата!”

“Ал – азап эмес! Айтпасаң, андан да кыйын азаптарга кабыласың!”

“Мага андан өткөн азап жок!..”

Ушул тапта, Бакай ата ага нааразы болгондой, күңгүрөнүп жиберген..!

Анысы көрсө: “Ка-ап, балам, оозуңдан жаңылдың!” – дегени экен да!

Кан жутуп отуруп ушинтип ойлоду Сейдана. Уккандарын кайталап, кайра да бир угуп көрдү. Баатырлардын кимиси экенин ажыратып биле албайт. Кайра да жаңырыктай баягы үн:

“Сейдана! Бизди качан айтасың?!”

“Айта албайм!”

“Анда сени аябагандай кыйын жазалар күтүп атат!”

“Бардык жазаңарга макулмун, бир гана “айт” деп мени азапка салбагыла!”

“Анда, төрт шериңди алабыз!”

– Жо-ок, жок, жок! – деп бакырып ийди эми эне! – Айланайындар! Албагыла! Албагыла төрт шеримди?! Айтканыңарды кылайын, болгону эле балдарыма тийбегиле?! Тийбегиле-е?!..

Күйүттөн өрттөнүп, күйүп чыккан боорун тытмалап, эки бетин апчып, жер сүзүп жыгылган Сейдананы катын-калачтар кармап, бетине суу чачып, эсине келтире албай: “Күйүттөн дөөрүп атат”, – деп атышты.

– “Айтуудан” башка азап жок, бар жазаңарга макулмун дебедиң беле, Сейдана? – деди эми аялдын мээримдүү үнү. – Болоору болду, кайрат кыл эми?

– Сен кимсиң?! – “селт” этти Сейдана.

– Каныкей-Энемин, кызым.

– Каныкей?.. Эне?!.. Эне болсоң эмнеге мени бул азаптан арачалаган жоксуң?! Эмнеге мени аяган жоксуң?! Айтчы, кантем мен эми?! Жер бетинде кантип басып жүрөм?! Андан көрө мени албайт белеңер?! Балдарымда эмне күнөөсү бар эле, кокуй?! Бул жашоого жаңы эле келген, бейкүнөө наристелер эмес беле?!.. Айланып гана кетейиндерим, ай! Бергиле, бергиле дейм балдарымды?! Бакай-ата, Семетей?! Каныкей эне?! Мен айтам! Мен баарына макулмун! Бергиле балдарымды?!..

– Беребиз! – ишенимдүү үн катты эми Каныкей-Эне, – Беребиз, Сейдана. Анүчүн бир аз убактыт керек. Болгону өзүңдү кармап, кайратыңды жый!..

– Манастан корксоң, бизди айт, – кайдан-жайдан Каныкейден алда канча жаш, адамды эстен тандырган сулуу айым пайда боло калды.

“Айчүрөк тура”, – деди иичнде Сейдана. Ал антип ойлогучакты ак куу кебитн кийинген Айчүрөк абага сиңип кеткендей, көздөн кайым болуп кетти.

Ошондон кийин Каныкей да көпкө турбай, Сейдананын саамайынан сылап, эркелеткен болуп, суйкая басып кайтып баратты. Улам арылаган сайын: “Мени карап тур”, – дегендей артына жылмайыңкы кылчайып коюп, узап барат.
***

Каныкей-Эне мелмилдеген ээндикке сиңип бараткандай туюлду адегенде.

Бир убакта анан башындагы элечегин чечип, эңкейип жерге койду эле, олоң чачы согончогу ылдый суналып жатып калды. Эки колун көк желкеге алып келип, чубалган кара чачты как төбөгө түйүп таштап, эр-жигитке айланып, жоо жарагын байланып, бир колуна тайтору атты жетелеп, кайдадыр беттенип калды...

Андан ары Сейдана Букар деген жерди көрдү, кылкылдаган калың журт, элди көрдү... Аламан байге сайылган ат чабыш болуп жаткансыйт. Кадимки Каныкей-эне ат чабышка тайторусун чапкансыйт... Келинине бата берип чыркырап, Чыйырдынын көз жашы көл-талаа болуп аккансыйт...

Өгүнү өзү уккандай, дүбүртү жер титиреткен туяктардан уюлгуган чаң кара жер менен көк асмандын ортосунда уюлгуйт...
***

Сейдана эсине келсе, аялдар колу-бутун ушалап отурган экен. Катуу уктап ойгонгондой көзүн ачып, эми эле көргөндөрүн кайра башынан көз алдынан өткөрүп, азга тынч жатты да:

– Балдарымды кайра беришет экен, – деп, отургандарды айран таң кылып, күлүп турду Сейдана.

– Күйүткө акыл-сезимин алдырып ийди, – дешти аны көргөндөр.

Сейдана болсо оңдонуп отуруп, эми эле көргөндөрүн кара сөз менен айтып жеткире албачудай, кадимки айтуучулардай ыр менен айтып кирди:
Олоңдой болгон кара чач,

Төбөсүнө түйүнүп,

Эркектин киймин кийинип,

Сыр бараңды өңөрүп,

Көк темирдей көгөрүп,

...Тоодой болгон Каныкей,

Тайторудай буудандын,

Көйкөлүп турган көкүлүн,

Көк шайы менен бууду эми.

Суйсалган сыйда куйругун,

Куу шайы менен түйдү эми,

Ичке жол менен төтөлөп,

Тайторусун жетелеп:

Тоодой болгон төрөмдүн,



Өзүн тапкан олуям,

Энекеме барайын,

Энемден бата алайын!..”

Деп ошентип Каныкей,

Аста сүйлөп сабылып,

Энекелеп” жалынып,



...Береним энем кулмак сал,

Көрүп келдим акмалап,

Буудандардын баарысын,

Төлгө кылып торуну,

Анык болду чабышым.

Бакты баштан тайбаса,

Абакемдин тайтору,

Бере койбос намысын.

...Алдыга келсе Тайтору,

Букарга кызык салайын.

Падышам атам алдына,

Эркекче болуп барайын.

Үмүткөр болгон балаңа,

Батаңды энем аяба? -

Деп ошентип Каныкей,

Бата сурап турганда,

Ак байбиче Чыйырды,

Күрсө-күрсө жөтөлүп,

Эки колун көтөрүп,

Кол көтөрүп зар ыйлайт,

О дүйнө кеткен Манасты,

Колдой көр?!” – деп дагы ыйлайт.

Алмамбет, Чубак эгизим,

Сыргак, Сергек теңизим,

Жесириңе көзүң сал!

Кансыраган жеңеңди,

Эми,

Жер каратпай сүрөп ал!..”

...
Сейдана канча убак айтканын өзү да билбейт. Бир убакта эсин жыйса, кары-жаш, аял-эркек дебей, үйдүн ичине батпай кеткен экен. Анткен менен алар семетейчинин так ушул убактан тартып, айтуучулук өнөрдү мойнуна алганын аңдашкан жок. Тек гана:

– Капырай, ботом! Шумдугуң кур! Күйүткө күйгөн көп эле кишини көрдүк эле, – деп Сейдананын жин даарыгандан “ырдап” калганына таң калып атышты.

– Койчу, ботом, акыл-эси соп-соо эле го, болбосо, жанагынчанын баарын каяктан алып айтмак эле? Жинди деген миң жолу жаттаса деле унутпайбы, – дегендер да болушту.

Ошондон тарта Сейданага “жинди” деген сөз айкашып, болочок семетейчи эл арасында “Жинди Сейдана” деген атка конуп кетти.

Качуу...
– Мен келгиче эс ал. Кечинде жолугабыз, – деп адатынча кара кулпуну ачкычы менен кармап, сыртка бет алды Үркүн.

– Бекитип кетесиңби?! – билип туруп эле умсуна түшүп сурады Сейдана. Күйөөсү аны аягандай, бир чети кечирим сурагандай, артына кылчайган боюнча, босогодо бир азга унчукпай карап турду да:

– Бүгүн бат эле келем, – деп чыгып кетти. Үйдүн эшиги сыртынан бекилип, Үркүндүн дабышы алыстап барып угулбай калды.

Кулак-мурун кескендей жымылдаган жымжырттык Сейдананын ичеги-кардынан бери эңшерип ийгендей болду. Турган ордунда дендароо болгон кишидей кыймылсыз, бир чекитти тиктеп мелтиреди да калды: “Бул эмне деген шумдук? Бул эмне деген кордугуң, жараткан?..” Ушунун баары өз башынан өтүп жатканына эч ишене албай жатты зайып. Анткен менен күйөөсүнө таарынып, аны жек көрө да албайт эле.

Үркүндүн андан башка айла-амалы жок болчу.

Анткени, баягынын баарына эми төрт баласынын күйүтү кошулуп, Сейдана таптакыр башкача мүнөз таап алган. Түндөсү төшөктөн ыргып тура калып, сыртка чыгып кетет. Аркасынан чуркап чыкса, жашырынып отуруп алып ыйлап же “ырдап” аткан болот.

Эки-үч курдай доктурга да алып барды. Сүйлөшүп алгансып, көргөн дарыгерлер бир ооздон: “Эч кандай оорунун белгиси жок. Баары жакшы”, – дешет.

Байкоо салып, сүйлөшүп, тамырын тартып көрсө, чыны менен акыл-эси, сүйлөгөн-эткенинде калет жок.

– Сейдана, анчалык эле айткың келсе, эл-журтка кеп болуп эшик-сыртка чыкпай эле, үйдөн айта бербейсиңби! – деп атып, акыры камаганга өткөн күйөөсү. Ошондо да эбин таап, “камактан” чыга калганда эки-үч келин-кыздын башы кошулган жерде, кайната-кайненеге угузбай айта калып жүрдү.

Бирок, тар чөйрөгө өзү да, баатырлары да алымсынбай, көкүрөк-көңүлүндө толкуп-ташып, буркан-шаркан түшкөн таланты андан көптү талап кыла баштады.

Бир орунга отура албай ээлигип, көнөктөп төккөн жамгырдай жаап, Нарын дайрадай буркан-шаркан түшүп, төгүлүп-чачылгысы келип, жүрөгү туйлап, жандалбастап кетчү болду.
***
1959-жыл. Күрдөөлдү күз маалы болсо керек эле. Кечинде күйөөсү экөө кобурашып отуруп:

– Эртең Торкенде малчылардын слёту болот экен, – деп кечке камалып отурган жубайына уккан-көргөнүнөн кеп кылды Үркүн.

– Эл көп болот чыгаар?

– Сөзсүз да. Борбордон да кишилер келет окшойт.

– Сен да барасыңбы?

– Кайдан?..

“Сени жалгыз, үйгө камап коюп мага эмне бар?” – дегендей кылды күйөө. Ошондон тарта Сейдананын ою ордунда эмес. Анткен менен эрине оюн ачык айта албай ары кетип, бери кетип атып таңды атырды ал түнү. Эртең менен:

– Бүгүн мени камабай эле койчу? – деди.

– Эмнеге?

– Камалып жатып тажадым.

– Мен бат эле келем, Сейде.

– Ошентсе да?..

Күйөөсү: “Эмне кылсам?” – дегендей буйдала калып, анан көзү ачыктай жубайынын оюн түшүнө койду. Сейдананын көздөрүнө муңайым тигилип, башын аста чайкап:

– Мен бүгүн эрте келем дедим го, Сейде! – деди да бат-бат басып чыгып кетти. Сыртынан кара кулпу шарак-шурак бекип, жымылдаган жымжырттыкта кала берди Сейдана. Ызаныкы бекен, же ушунчалык жүрөгү ээленип алгангабы, тамагы жашка муунуп чыкты. Отурган жеринде бүктүшүп, жер кучактап жатып, эки көзү тоодой болуп шишигиче ыйлады анан.

Көзү илинип кетти бекен, же өңүндөбү... бир убакта кимдир бирөөлөр жанына басып келишкендей болду. Жумшак дабыштан, этек-жеңдин шуудураган назик шооратынан келгендердин аялзаты экенин билди.

– Ыйлап атасыңбы, Сейдана?

“Каныкей-Эне...” – үнүнөн таанып, эреркеп кетти, эки ийни бүлкүлдөтүп кайра ыйлай баштады.

– Турбайсыңбы? Бүгүн сенин тушооң кесилгени атса...

– Кантип барам? Эшикти бекитип кетти го.

– Эшик ачык эле турат. Биз кирбедикпи... – бул жашыраак үн Айчүрөк-Эженики эле.

Бири оң жагынан, бир сол жагынан сүрөп, ордунан ыргып тура калган Сейдана, бирок аларды таппай калды. Уккан кулагына бирде ишенип, бирде ишенбей, чуркап барып эшикти түрктүлөдү анан. Айткандай эле каалга ачылып кетти. Оозу аңырдай ачылып, жерде ачылып жаткан кара кулпуну колуна алып, айландырып карап: “Чала бекитип кеткен тура”, – деди оюнда. Бат эле анан сандыгын аңтарып, сыйга кийчү көйнөк-жоолугун кийе коюп, үйдөн качып чыкты...

Жинди Сейдананын” – “Семетейчи Сейдана” аталышы


Быкылдаган көп элди көрүп, сүйүнгөнүн айтпа! Баарынан да, Сейдананын бактысына артисттер келип, ачык асман алдында концерт коюп жатышыптыр.

Сейдана элди айланып өтүп, ырчылар тарапка келди.

– Ай, бу жеде сага суутуп коюптурбу?! Тигил жакка барып отурбайсыңбы! – деди райондун аялдар комитетинин төрайымы болуп иштеген Сапиш деген аял.

– Мен Семетей айтайын дедим эле, – деди Сейдана.

– Барчы ары! Эл го – эл, сен жиндиге эмне жок?! – деди тигил кучунашы кармай түшкөндөй.

Сейдана ага таарынган жок. Анткени ага убактысы да жок болчу. Андан ары өтүп барып, айыл аксакалдарынан өтүндү:

– Ата, мен да ырдайын дедим эле, коё бербей жатышат. Уруксат алып берсеңиздер?

– Ырчылар деле ушундай келин-кесектер турбайбы. Уруксат берип койгула, бу келинге, – деп башкармага кайрылышты аксакалдар. Башкарма Сапишти чакырып бирдемелерди шыбыраган болду.

– Мейли, азыраак айтып көрсүн, көрөлү, – деди тиги көңүл кош.

Айылдын башкармасы Токтонаалы Ашыралиев менен Үркүн педтехникумда чогуу окуган, ошо тапта да мамилелери жакын болгондуктан, Сейдананы жакшы таанычу. Анын үстүнө, соңку убактарда аяшынын “ооруп”, Үркүндүн камап кетип жүргөнүн билчү. Ошондуктан: “Эми кандай болор экен? Эл-журтка уят болбогой эле...” – деп чийки май жегендей, кабатыр болуп отурду.


***
Кезеги келип, сахнага чыкты Сейдана...

Аны тааныгандар күбүң-шыбың болуп, айрымдары:

– Апе-ей, бул кадимки жинди Сейдана го? – деп бири-бирин чымчылашып калышты.

“Жиндини” анан көрүп ал! Сейдана сахнада кадимки айтуучулардай калбаат отурду да, ичинен: “Айланайын Кудай, айланайын баатырларым, Каныкей эне, Айчүрөк эже, колдочу болсоңор эми колдогула?!” – деп тилегин айтып, “Семетейдин төрөлүшөн” баштады:


Баатыр Манас көк жалың,

Душманга каршы кеткенде,

Арадан күндөр өткөндө,

Манастын зайбы Каныкей,

Курсактагы баласы

Тогуз айга толуптур,

Төрөлөөр маалы болуптур.

Ичи ооруп, бели ооруп,

Арыктады ыргайдай.

Тогуз күнү толготуп,

Болуп калды куурайдай!

Ошондо энекеси Чыйырды,

Аралжы кылып балага,

Ар күнү кылат садага:

Айланам элим келгиле,



Кагылайын Канышка,

Батаңарды бергиле!”

Каныкейдин толгоосу,

Буга дагы болбоду,

Айылда бүбү кемпирлер,

Каныштын ичин оңдоду,

Ага дагы болбоду.

Муну мындай таштайлы,

Касиеттүү Тайбуурул,

Андан кабар баштайлы...
Кечээ Текеликтин сеңирде,

Манас менен кыз Сайкал,

Теминишкен жеринде,

Сайкалды Манас: “Алам”, – деп,

Албай кантип калам!” – деп,



Сайышкан жери – Текелик,

Болот учтуу сыр найза,

Майышкан жери – Текелик!..

...
Андан ары канча айтканын ким билет. Эл улам “дуу!” этип алакан чаап, толкуй түшүп тура калып, улам кайра отуруп, тынчый калып атышты.

Сейдана өзүнө бөлүнгөн убакыттан алда канча көпкө айтты.

“Токтот! Болду!” – деген бирөө-жарым болгон жок.

Атүгүл баягы Сапиш да эси ооп, өзүн жоготуп койгон эмече эси ооп, жакын эле жерде турду, аңкайып...

Тээ бир далайда анан башкарма өзү басып келип:

– Сейдеш, чогулуш башталаар маал болуп калды, убакыт бүттү, – деп аяшынын колун бекем кысты. Анын көздөрүнөн өзүнө карата кандайдыр ыраазычылыкты гана байкады Сейдана.
***
Ушул убакта элдин эң четинде кубангандан карегине жаш кылгырып, көзү көрүп, кулагы угуп жаткандарынын өңү же түшү экенин айрып биле албай, Үркүн да турган.

Экөөнүн каректери чагылыша түшкөндө, коркуп кеткендей абдаарый түштү Сейдана. А бирок Үркүндүн жүзүнөн эч кандай капалануу, каарданууну байкаган жок. Тескерисинче жылмайып, кубанып тургандай башын ийкегилеп койду.

Чыны менен эле Үркүндүн эсине ушу азыр баягы бир ирээт атасынын: “Келинимде касиет бар. Түшүнбөстүк кылып, көңүлүн оорутуп алба”, – дегени түшүп, касиеттүү карыянын эмнеге анткенин эми түшүнүп турган.

Жыйындын жыйынтыгында Сейдана да артисттерге кошулуп, беш метр кыжымы менен сыйланды. А кезде бул чоң сыйлык боло турган. Аны да Токтонаалы өзү чыгып, салтанат менен тапшырды.

Ошол майрамдан кийин эл арасында жүргөн анын: “Жинди” Сейдана деген аты – “Семетейчи” Сейдана менен алмашты.

Таануу...”


Этең менен ал жубайын сыртынан камап коюп, ишке кеткен күйөө сабактын аягына чейин чыдап отура албай койгон. Балдарды эрте таратып жиберип, шашып келсе эле... Сейдана жок!

“Болду, болбоду Торкенге кетсе керек?” – деген мугалим анан түз эле ошол тарапка бет алган.

Айткандай эле, ал келгенде Сейдана кылкылдаган калың элдин алдында шымаланып отуруп алып, Семетей айтып аткан. Көрө коюп эле эси эңгирей түштү. “Эмне болуп кетет эми?!” – деп жүрөгү дүкүлдөп, чекесинен, денесинен тер чыпылдап, көзү караңгылашып кетти!

Жок, анткен менен бардыгы жакшы баратты. Канчалык карап, тынчысызданганы менен жубайына мыйыгынан күлүп, кеп-сөз кылып аткан бирөө-жарымды көрө алган жок. Баардыгы бир дем менен тыңшап, “тогуз күндөн бери толготуп, торгойдой болгон” бечара эне Каныкейге кабатыр болуп, жандүйнөлөрүндө Чыйырды менен кошо чыркырап, бирде тердеп, бирде кургап, окуяга аралашып алышкан.

Өзү да бир убакта анан ырдын ыргагы менен аста ыргалып, денеси бошоп, эпостун окуяларына ооп, каармандарды кадимкидей “көрүп”, карегине каканактаган жашты ичине жутуп, кээде биринин артынан бири мөл-мөлт эткен тамчыларды ооздуктоого шаасы келбей, нес болду да калды.

Буга чейин жубайынын ушундай өнөрү бар экенин аңдабай, аңдаса да анчалык маани бербей, көп аялдын бири катары баалап, атүгүл акыркы күндөрү чын эле эпкиндеп калды деп докутрдан-доктурга салып, сыртынан кулпулап жүргөнү үчүн өзүнөн-өзү, жок өзүнөн эмес, Сейданадан уялып, эки бети ысып-күйүп кетти.


***
– Мени кечир? – деди үйгө келгенден кийин жубайын бооруна кысып. – Ушунча жылдан бери сени “тааныбай”, билбей жүргөнүмдү кечир? Эми эч качан антпейм, Сейде! Эч качан! Семетейиңди айта бер! Эч кимден тартынбай айт! Мен сага өзүм жардам берем!

Кубанычына өмүрлүк түгөйүнүн бу сөздөрү кошул-ташыл болуп, Сейдана бүгүн өзүн эң бактылуу аялзаты сезди.

Быкылдаган көп элдин дүркүрөтө алакан чабуусу, өзүн башкача бир суктануу менен, таңдануу менен, ыраазы болуп караган көздөр! Жагымдуу, жылуу сөздөр!.. Ушунун баары көз алдынан, жадымынан кетпей, өмүрүнүн эң соңку барактарына чейин күнү бүгүнкүсүндөй сакталыпк алды.

А бирок, ошол тапта кубанычы менен кошош эле бир “аттиң, ай!” деген өксүк жүрөгүн өйүп турган. Ал өксүк – бул дүйнөдөн бейкүнөө кеткен, мотурайган наристелеринин элеси эле!..

Бардыгы кошул-ташыл болуп, күйөөсүн мойнунан бекем кучактап алып, солкулдап көпкө ыйлады семетейчи Сейдана.

– Болду эми, баары жакшы болду го? Кантет, – жубайын белинен кучактап, ары-бери айлантып-тегеретип, баладай эркелетти жубайы. Эмнегедир ага азыр Сейдана кайра баягысындай эс-учун жоготуп жыгылчудай сезилип, коркуп кетти.

– Семетейчи да ыйлачу беле? – деди тамаша-чындан, жубатып.

Сейдана “Семетейчи” деген сөзгө дене бою “дүр-р” этип, толкундап кетти. Бул сөздүн ал үчүн канчалык ыйык, канчалык бийик, ошого эле удаа канчалык жоопкерчиликтүү экенин биринчи ирээт ошондо сезди Сейдана.

Ый аралаш кытылдап күлүп, жашын арчыды.

– Мен бир катуу жаңылган экемин, – деди тасмал жазып, чай даярдап атып ал.

– ?..

– Мен коркоктук кылбаганымда, балдарым аман калмак экен.



Ошо отурган жеринде эки тизесине ээгин жөлөй, телмирип ойго батып кетти да:

– Баатырларым адеп жолукканда эле тобокел кылсам болмок экен. Элден жазганбадымбы, – деди.

“Эл” дегендин артында, биринчи кезекте өзү турганын түшүнгөн Үркүн:

– Сенде эмне күнөө, Сейдеш? Мына, мени айт, – деди айыптуу болуп.

– ...

– Сенде мынчалык касиет бар экенин билбей, “аялдын – аялдай болгону жакшы” депмин...



Экөө өз-өзүнчө тунжурап, өз ойлору менен алек болуп, жымылдаган тынчытыкты Үркүн бузду:

– Баягыда атам ушуну айткан турбайбы...

– ?..

– Мейли эми, кыйынчылыктын баары артта калды. Кудайым кайра да берерин унутпаса, баары жакшы болот.



Семетейчи Сейданага – мамлекеттик наам!..”

Айткандай эле ошондон тарта, өмүрүнүн акырына чейин Үркүн ата түгөйүнүн чыгармачылыгына астейдил, аяр мамиледе болду. Сейдана апа куш болсо, күйөөсү анын эки канаты болду дегендей эле кеп бул.

“Сен семетей айтып, эл аралап кеткенде балдарды ким карайт?” – дебей, атүгүл эмчектеги наристени да алып калып:

– Бар, камсанабай бара бер! – деп жубайынын чыгармачылыгына жол ачты. Сейдана апанын башка аялдарга окшобогон башкача касиет-талантын баалаганы эле ал.

Аялын азыркыча айтканда “гастролдотуп” жиберип, үй-тиричилигин моюндап, балдардын түйшүгүн аркалоо, ошол кездеги эркек киши үчүн түшкө кирбес, жат көрүнүш эле.

Тууган-туушкандардын ичинде: “Аялыңды ырдатып ийип, тебетей катын болосуңбу?!” – деп сөөктөн өткөрүп, чучукка жеткире айткандар да жок эмес болчу.

А бирок, Сейдана апанын эскерүүлөрүнө карганда, Үркүн ата алардын эч бирине моюн сунган эмес. Ал – талантты сыйлаган!

Айткандай эле, Торкендеги ошо окуядан кийин семетейчи Сейданага атайын ат чаптырып, аш-тойлорго алдырып, кастарлап күтүп алчу болду эли.

Бара-бара Семетейчинин арааны Токтогул өрөөнүн аралап, андан ары ашуу ашып, бел ашып, бүткүл республикага баратты...

1956-жылы башка манасчылар менен бирге Фрунзеге келип, конкурска катышат. Конкурстан өткөн айтуучулардын варинаттары теле-радиого алынып, кагазга түшүрүлмөк. Бирок, ал кезде цензура дегендин арааны катуу жүрүп турган кез. Комиссия мүчөлөрү угуп көрүп эле: “Эски, диний дүшүнүктөр көп кездешет экен, китепке жакындатып айт!” – деп жактырбай, жаратпай коюшат. Бирок, аларга эмес, өзүнө – көкүрөк –көңүлүндө дайыма сүрөөн болуп жүргөн баатырларына ишенип, эл арасында “Семетейин” айта берет.

Акыры, “Алтынды дат баспай”, анын талантын мамлекеттик деңгээлде баалачу мезгил да келип жетет. Бул мезгил – Кыргыз республикасы өз алдынча мамлекет болуп, эгемендик алгандан кийинки учур.

Ал ат тезегин кургатпай келип, сыйынып турчу баатырларынын “шаарчасында” бир күнү эл аралык деңгээлдеги чоң майрам – “Манас – 1000” фестивалы башталат. Ушундай күн болоорун бир канча айлар, жылдар мурун түшүндө көрүп, баатырлары аркылуу туюп, күтүнүп жүргөн семетейчи Сейдана да “мен кыйын!” деген манасчылар менен үзөнгү кагыша “жарышка” түшөт. Адабиятчы аалымдар анын эркек айтуучулардан айырмалуу өзгөчөлүктөрүн ошондо аңдап, баалашат.

Айткандай эле Сейдананын варианты башкалардан лирикалуулугу, аялзатына таандык жумшактыгы, секин нерселерди да сезе билген сезимтал, сергектиги менен өзгөчөлөнүп турат.

“Аял кишиден айтуучу чыкканын биринчи көрүшүм”, – деп мамлекеттин ошол кездеги ажосу Аскар Акаев өзү таң калган тура, ошондо. Көп ичинен Семетейчи Сейдананын вариантына өзгөчө маани берип: “Чыны менен кызык, башкаларга окшобогон эпизоддор бар экен”, – деп, көп өтпөй эле Токтогул өрөөнүнө иш сапары менен келип, Семетейчи-Сейдананы чакыртып, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген наам тапшырып кетиптир.

Ошентип, өмүрүнүн акыркы – сексен жетинчи ашуусунун кылда чокусуна чейин семетейчи Сейдананы издеп, анын ажайып талантына, аргендей авазына, буга чейинки айтуучулардын эч бирине окшобогон вариантына таң берип уккандардын, кээде тек гана батасын алып, атүгүл анын оозунан куюлган укмуштуудай уйкаш, ширелүү бата-тилектерди кагазга жазып кетүү үчүн келгендердин аягы үзүлгөн жок. Айрыкча, республикалык басма сөздөрдөн, теле-радио берүүлөрдөн келген журналисттер, адабиятчы-илимпоздор кудум суудай болуп агылып келе беришти.

Бири жетишип, максатына жетти, бири жетпеди, айтор, алардын ар биринин каалаганы – кыргыз адабиятынын казынасын жаңы табылга, жаңы вариант менен толуктай турган Сейдананын айтуусундагы “Семетейди” биринчи болуп жазып калуу, анын өзгөчөлүктөрүн изилдөө эле.

Бул жагынан филология илимдеринин кандидаты Камила Талиева жемиштүү болуп, жетишип калды. Дегеним, ал 2008-жылы Сейдананын айтуусундагы “Семетейди” китеп кылып чыгарды.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет