145
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Жазуу эрежелери
Үнсүз тыбыштардын жазылышы: ф, х, ц, щ
1. Ф, х, ц, щ тамгалары дээрлик орус тили аркылуу кирген сөздөрдө колдонулат:
фирма, фабрика, цех, циркуль, плащ, химия, халва, щетка ж.б.
2. Ф тамгасы айрым тууранды жана сырдык сөздөрдө, кээ бир энчилүү аттарда
колдонулат:
Уф! Чарчап кеттим. Фарида, Фируза ж.б.
3. Кыргыз тилинде
х тамгасы
хан, пахта деген сөздөрдө жана
ах, бах, тах-тах
сыяктуу сырдык жана тууранды сөздөрдө колдонулат.
4. Айрым
рахмат, рахат, хурма, хурсант сыяктуу араб, иран тилинен кирген
сөздөрдүн кыргызча к аркылуу айтылышына жана жазылышына жол берилет:
ыракмат, ыракат, курма, курсант.
1. Сырдык жана тууранды сөздөрдүн жазылышына көңүл буруңуз.
Ох-оо, муну кайдан алдыңар!
Бах, биздин тоонун абасы!
Ха-ха-ха, өзүңдүн ким экениңди эми билдиңби?
Тах-тух деген үндүн
эле чыкканы угулат, башкасын билбейм.
Ах, ошондогу мүмкүнчүлүк менде азыр болгондо...
2. Берилген сөздөрдү катыштырып байланыштуу текст түзүңүз.
Фермер, цемент, өх, рахмат.
3. Сүйлөмдүн аягын бүтүрүңүз.
Эгерде мен хан болсом, .......................................................................................... .
Эх, чиркин .............................................................................................................. .
Флягада ................................................................................................................... .
Биздин факультет ...................................................................................................?
Цензуранын болгону ............................................................................................. .
Цирктин айланасында .......................................................................................... .
Достарыңызбен бөлісу: