147
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
МААЛЫМ КАТ
Маалым кат – тигил же бул фактыны же окуяны тастыктоочу, сыпаттоочу
мазмундагы документ. Маалым катты негизинен 2 түргө ажыратышат. Биринчиси,
кызматтык мүнөздөгү факты жана окуя жөнүндө маалымат берилүүчү маалым
каттар. Ал тиешелүү мекеменин жетекчилиги, жогорку
органдардын талабы же
көрсөтмөсү менен даярдалат. Анда изилдөө, иш сапары же кайсы бир окуя боюнча
жалпыланган натыйжалар боюнча маалымат берилет. Экинчиси – кызыкдар
жарандар
менен мекемелерге берилген, кандайдыр бир укуктук фактыны
тастыктоочу (адамдардын иштеген, жашаган жери, окуусу, алган айлыгы, ээлеген
кызматы ж.б. ар түрдүү абалын тастыктоочу) маалым каттар.
Маалым кат кол менен жазылып же атайын стандарт бланкта толтурулушу мүм-
күн. Жетекчинин атынан жеке кишиге же жеке кишинин атынан жетекчиге берили-
ши мүмкүн.
1. Маалым кат кандай абалдарда жазылат?
2. Маалым катка мүнөздүү сөз жана сөз айкаштарын катыштырып сүйлөм түзүңүз.
Берилет, тастыктайбыз, анык ж.б.
Достарыңызбен бөлісу: