7. 2010-жылдын апрели, Чүй областы.
2010-жылдын 7-апрелинен кийин Бишкек жана Чүй областтарында да кооптуу күндөр биринин артынан бири өтүп жатты. Бир чети Бакиевди жактагандар, экинчи чети дагы башка саясий күчтөр, жери жок жаштар, айтор, көптөгөн күчтөр аралашып, Чүй боорунда да улуттук араздашууну чыгарууга аракет жасашты. 1990-жылдагыдай эле, «жер» маселеси негизги орунда турду. Кыргыздар менен месхет түрктөрдүн ортосунда кагылышуу болду, андан соң Токмок шаарынын айланасындагы уйгур, дунган улутундагы бизнесмендердин мүлкүн өрттөп жиберишип, башаламандыкты баштап жиберишти. Жыйынтыгында 5 адам каза болуп, 28 адам жарадар болду.
8. 2010-жылдын 14-майы. Жалал-Абад, Сузак району, Тейит айылы.
Ошентип, 14-май күнү Үсөн Сыдыков баштаган куралчан топ (эгерде, Убактылуу Өкмөт Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыковду жумуштан албаганда, бийликти тартып алуу Сыдыковдун оюна да келбейт болчу) бийлик талашуудагы тирешүүсүндө Кадыржан Батыров, Асылбек Текебаевдерге каршы чыккан. Эки тарап тең куралчан болушкан. Бир тарап, Бакиевчилер бийликке келем десе, экинчи тарап Жалал-Абад областынын губернатору Бектур Асановдун бийлигин сактап калуу үчүн күрөшкөн. Октор атылып,
2 жаран каза болуп, 9 адам октон жарат алган, ал эми 50 жаран денесинен ар түрдүү жаракат алышкан.
Батыров, айрыкча, 2010-жылдын 7-апрелинен баштап курал-жарактарды Жалал-Абад шаарында жайгашкан Батыров атындагы университетке жыйнай баштайт. Өзүнө караштуу жигиттерди курал-жарак менен камсыз кылып, ээн-эркин митингдерди тынымсыз өткөрүп жүрөт. Анысы аз келгенсип, Бакиевдердин ата-конушуна Кадыржан Батыров 3000дей өзбек жарандарын куралчан алып барса, Асылбек Текебаев 300дөй ата-мекенчилерди алып барып, жабыла өрттөшкөн. Үйлөрүнөн баш баккан айыл тургундарын «үйүңө кир, эшикти жап, болбосо атып салам» деп коркутушкан. Күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү үйдүн чатырына, терезелерине ыргытышкан, өрттөөрдүн алдында бүт үй-мүлкүн талоонго алышып, алардын керек болсо итин да жетелеп кетишкен. Андан кийин гана гранаталарды ыргытышкан. Тейит айылынын тургундарынын кайрылуусу (№ 181-08/КЛ 07.02.2011-ж.), алардын видео аркылуу тастыктаган материалдары бар.
Бакиевдин үйүндөгү Кыргыз Республикасынын желеги өрттөлүп жатканда Кадыржан Батыров менен Асылбек Текебаев күлүп карап турушкан. Болгондо да, Курманбек Бакиевдин өзүнүн туулуп өскөн ата конушун, бир туугандары: маркум Жусуп Бакиевдин, иниси Каныбек Бакиевдин жана атасы менен бир тууган агасы Улуу ата мекендик согуштун ардагери, 90 жаштагы карыя Абдувасыт Бакиевдин үйлөрүн өрттөшкөн. Ал эми Бакиев өз үй-бүлөсү үчүн салган үйлөрдү өрттөшкөн эмес, кыргыз үчүн эле эмес ар бир атуул үчүн ата конушту өрттөө деген, болгондо да Кыргыз Республикасынын желегин кошо өрттөө – бул өтө чоң намыс экени талашсыз.
Батыров, Текебаев жана Асановдор Бакиевдердин үйүн өрттөө менен, алардан өч алгандай, өздөрүнүн моралдык, кандайдыр бир канааттануу сезимдерине ээ болгондой сезишкен чыгаар, бирок, алардын 2010-жылдын 14-майында жасаган иш-аракеттери, кыргыз жана өзбек улут аралык кагылышуусуна ыргытылган алгачкы оту болгону талашсыз. Айрыкча, Батыровдун жасаган иштери, эч бир акылга сыйбайт болчу.
Бакиевдердин үйлөрү, Кыргыз Республикасынын желеги күйүп жатканда, бүткүл Жалал-Абад ИИБинин спецназдары Батыровдун мындай кадамын токтотуу үчүн эч бир чара көргөн эмес. Ошол мезгилде вертолет асманда учуп көзөмөлдөп турган (вертолетто кимдер болгону белгисиз). Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөрдү атамекенчилер Тейит айылына өткөзбөй коюшкан жана өрт өчүрүүчү бөлүмүнө 101 телефондук байланыш аркылуу 9 жолу коркутуу, үркүтүүлөр болгон. «Эгерде өрттү өчүрсөңөр, силердин мекемеңерди, өрт өчүргүч автоунааларыңарды өрттөйбүз, ал эми силерди өлтүрөбүз» деген. Ага болбостон өрт өчүрүүчүлөр (подполковник Кайназаров, Курманалиев, Токтосунов, фото, видео маалыматтар) Тейит айылына келе жатканда шаардык МАИге жетпеген жерде куралчан өзбек улутундагы жарандар жол тосуп, айылга өткөзбөй коюшкан. Артка кайтып башка жол менен баралы десе, ал жерден атамекенчилер өткөзүшкөн эмес. Бирок элдик кошундар келишип, өрт өчүргүчтөрдүн өтүшүнө шарт түзүп берген, себеби жөнөкөй жарандардын үйлөрүнө өрт жайылып кетүү коркунучу бар болучу.
Ал эми, Акмат Бакиев мындай жагдайдан кийин, өч алууга камданганы, 50дөй автоматчандарды алып чыгуу жөнүндөгү ойлору күч органдарына белгилүү болот. Мына ушул маалыматтын негизинде күч органдын кызматкерлери А. Бакиевдин изине түшүшүп, андан соң, колго түшүрүшкөн. Ош окуясынын кайталануусуна Бакиевдердин «салымы» кыйла эле бар.
Ошону менен бирге Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн кечирилгис кетирген кемчилдиктери Бакиевдердин күнөөсүнөн кем калышпайт. Ал эми өзбек улутундагы сепаратисттик күчтөрдүн көптөгөн жылдар бою даярданып жүрүшкөнүн, ыңгайлуу мезгилди күтүп, ушул кандуу улуттар арасындагы кагылышууну баштагандар Батыровдор экендигин өзбек эли өздөрү тастыктап жатышат.
Элестетип көрүңүздөрчү, Өзбекстандын, Казакстандын же Россиянын Президентинин, мейли экс-президентинин үйүн, ошол өлкөнүн желегин бир кыргыз барып өрттөп жатканын! Албетте, мындай көрүнүш кайсы улуттун өкүлү болбосун кыжырын келтирип, намысына тиери шексиз.
2010-жылдын 14–20-май күндөрүндө Жалал-Абад шаарында, Сузак районунда абал оор эле. Областтын губернатору Б. Асанов К. Батыровдун жанынан чыкпай калган. Мына ушундай кооптуу күндөр байма-бай өтүп жатты. Батыровду бир күч органы келип, анын мыйзамсыз жасап жаткан кылмыштарына бөгөт коймок турсун, ага көмөк көрсөтүп турушту, анан кантип Батыров өзүн жѳн эле «хан» эмес, «кудайдай» сезбесин?
1990-жылдагы окуяны ар бир саясатчы дайыма эсине ала жүрүш керек болчу. 2010-жылдын 14-майында саат 23.30да мен, Жылдыз Жолдошова, Улуттук телекөрсөтүүдөн Убактылуу Өкмөткө, күч органдарына, бүткүл коомчулукка кайрылуу жасадым. Түштүк аймагында Ош окуясын кайталайбыз деген күчтөр бар экенин, аны өз убагында токтотуп калуу керектигин, бүт патриот азаматтарыбыздын жер-жерлерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керектигин айттым. Тилекке каршы, эч ким көңүл бурган жок.
А мен болсо, 2010-жылдын 15-майында Ошко учуп барып Кара-Суу районунун акими Б. Юсупов экөөбүз эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ал эми 2010-жылдын 17-майында Ош телекөрсөтүүсү аркылуу саат 20.20да өзбек улутунун диаспорасынын жетекчиси Ж. Салахидинов жана Ош шаарынын көрүнүктүү кыргыз жана өзбек улутундагы эжелер, апалар болуп биргелешип эки элди провокацияга алдырбоого, ынтымакка чакырдык.
Ал эми Батыров болсо, Бакиевдердин үйүн, Кыргыз Республикасынын желегин өрттөгөндүгү үчүн ага эч ким, Убактылуу Өкмөт тарабынан кылмыш иши эмес, эскертүү да айтылбаган соң, мындайча айтканда, бийлик тарабынан эч кандай жаза Батыровго болбогонун сезгенден кийин, ал өзүн түштүк жергесинде «хозяин» сезип калды, бир эле өзбек улутуна эмес, кыргыз улутун баш кылып, башка улуттарды да башкарчудай, өзбек автономиясын куруу идеясын, андан ары өтө чоң ылдамдык менен өрчүтө баштады. Ошентип, Батыров 2010-жылдын 15-майынан баштап миңдеген адамдарды Жалал-Абад, Ош областарынын аймагында топтоп, митингдерди өткөрө баштаган. Мындай көрүнүш улуттар аралык кагылышууга алып келе турган жагдайды түзө турганын билишсе да, Убактылуу Өкмөт, айрыкча УКМК жана күч органдары тарабынан конкреттүү чаралар көрүлгөн эмес.
Батыров ушундай талаптарды коюп жатканда жанында Жалал-Абад областынын губернатору Бектур Асанов (Бектур Асанов деген Кыргыз Республикасынын бийлигинин өкүлү) жанында жалдырап гана турбастан, жалаң өзбек улутунан чогулган топко отчет берген, ал эми Асылбек Текебаев болсо, Батыров койгон талаптарды кубаттап турганын көрүүгө болот. 2010-жылдын 15–16-майында ушул чогулушту «Ош Тв», «Мезон Тв» телекөрсөтүүлөрү аркылуу «без комментарий» деген циклде күн-түн дебей көрсөтүп жатышты.
2010-жылдын 14-май айынан баштап түштүк элинде катуу коопсуздук пайда болуп, эки элдин кагылышуусу болорун сезген карапайым калк Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө ишенгендиги үчүн, аларга чоң үмүт артып, бир гана тынчтыкты орнотуп берүүсүн суранган. Ал эми Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү болсо, бийликти, Бакиевдерден калган мүлктөрдү, акчаларды (балким алардыкы эместир) бөлүштүрө албай жатышкан. Ошондой эле акча каражаттарын кантип, кайда жумшагандары, иштеткендери туңгуюк: мисал үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы берген каттын негизинде (22.04.2011-ж. № 144). Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан 2010-жылдын 20–21-апрелинде жооптуу түрдө сактоо үчүн (на ответственное хранение) Улуттук банкка 19 477 100 АКШ доллары, 635 евро, 2 904 290 сом акча каражаты өткөрүлүп берилет.
– ОАО «Азия Универсал Банк» – 8 506 200 АКШ доллары,
– ОАО «Банк-Бакай» – 2 007 400 АКШ доллары
– ОАО «Манас Банк» – 89 633 500 АКШ доллары, 635 евро, 2 904 290 сом.
Ошондой эле, 2010-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан бир мешок акча каражатын Улуттук банк жооптуу түрдө сактоого кабыл алган, канча суммадагы акча экени белгисиз. Каржы министрлиги берген түшүндүрмө катында бул акчалар ОАО «Азия Универсал Банкынан» алынган Финансы полициясы тарабынан, кийинчерээк Каржы министрлигине өткөрүлүп берилген. Ошол эле учурда Убактылуу Өкмөт өзүнүн буйругунун негизинде (12-июнь 2010-ж. № 444) 5 000 000 АКШ долларын Бишкек прокуратурасына өткөрүп берген, алар болсо Каржы министрине беришкен. 2010-жылдын 14-май айынан баштап 6-октябрга дейре Финансы министрлиги тарабынан ар түрдүү суммалар накталай акча түрүндө Улуттук банкта сакталып турган акчалардан Убактылуу Өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруктарын аткаруу үчүн алынган.
2010-жылдын 26-октябрында айында Улуттук банкта сакталып турган акча-каражаттары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан кайрадан эсептелип чыгып, Улуттук банкка 18 192 005 АКШ долларын, 635 евро, 2 904 790 сом өткөрүп беришкен. Ал эми 2010-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан республикалык бюджеттин киреше бөлүмүн толуктоо үчүн 5 807 900 АКШ доллары алынган. Азыркы учурда Улуттук банкта 12 384 105 АКШ доллары, 635 евро, 2 904 790 сом акча каражаты сакталып турганын Улуттук банк билдирет.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Борбордук казначействосунун мүдүрүнүн орун басары М. Л. Амандыковдун билдиргенине караганда, 2010-жылдын 14-майында тапшырылган бир мешок акчанын суммасы 1 999 000 АКШ доллары жана 500 сомду түзгөн, анын ичинен 1 843 000 АКШ доллары коротулган, мындайча айтканда, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Убактылуу Өкмөттүн буйруктарынын негизинде бул каражаттар жумшалган. Кайсы максаттарга жумшалгандыгы боюнча так маалыматтар жок.
Ошону менен бирге, бир жагынан майлуу-сүттүү жерлерге өз туугандарын орноштуруу менен алек болушса, экинчи жагынан Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсүнүн ынтымагы кетип, баары алдыда боло турган Парламенттик шайлоого бирге барбастан, баягы эле көр пендечиликтин негизинде ич ара так талашышып, бирөө Президент болом десе, экинчиси Спикер, үчүнчүсү Премьер-министр болом деп, ар кимиси өз партияларын шайлоого даярдашып, карапайым калктын алдында, Ата-Бейитте берген анттарын, убадаларын унутуп коюшкандыгына кыргызстандыктар абдан нааразы.
2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон 87 жараныбызга Ата-Бейитте бүгүнкү күнгө дейре эстелик орнотулбаганы өкүнүчтүү. Эгемендүүлүктүн 20-жылын жашап жаткан кыргызстандыктар эмнени гана башынан өткөргөн жок. Чыккан жыйынтык болсо бирөө гана – кандай кырдаал болбосун, бийлик ѳкүлдѳрүнүн, саясатчылардын эч нерсесине зыян келбейт да, баягы эле карапайым элдин балдары курмандыкка чалынат. Ошондуктан карапайым эл дагы эмне себептен, эмне үчүн, кимдин бийлиги же саясаты үчүн балдары курмандыкка берилип жатканын ойлонушу керек. Мындайча айтканда, бийлик талашкан саясатчылардын күрөшүнө кийлигишпөө керек экендигин эл да билиши керек.
9. 2010-жылдын 1-майынан тартып 10-июнуна чейин болгон окуялардын хронологиясы
Айрыкча, өлкөбүздүн түштүк жергесинде 2010-жылдын 7-апрелинен баштап өзбек жана кыргыз улуттары арасындагы мамиле курчуй баштады. Эгерде мурда турмуш-тиричилик жагдайына байланыштуу чыккан маселелер жөн эле чечилсе, апрель окуясынан кийин улуттар аралык маселеге бат эле айландырууга өзбек улутундагы жаштар кызыкдар болуп калышты.
2010-жылдын, 1-майынан 10-июнуна чейин 30дан ашуун кыргыз жана өзбек жаштарынын тирешүүсү болуп өттү. Айрыкча, өзбек улутундагы жаштардын агрессивдүүлүгү артып, бир кичинекей маселе боло калса, мобилдик телефон аркылуу 100–500гө жакын жаштарды топтой коюшуп, чырга айландырып тим болбостон, кыргыз жарандарын ур-токмокко алганы аз келгенсип, МАИнин, ИИБинин кызматкерлерине, бир сөз менен айтканда, бийликтин өкүлдөрүнө кол көтөрүүсү орун ала баштады. Кыргыз жарандарынын машиналарын талкалап, өздөрүн аябай токмоктошуп, кадимкидей басмырлоолор күчөдү. Ал эми, Батыров ушул көрүнүштөр менен катар эле Ош областынын аймактарында жашаган өзбек улутундагы жарандарды топтоп, улуттар арасына бүлүк сала турган ураандарды айтып, чогулуштарды өткөрүп жүрдү.
Батыровдун бул кадамдарын түшүнгөн, акылман, даанышман карапайым өзбек элинин аксакалдары ошондо эле жактырышкан эмес. Бирок, Б. Жураев, Б. Фаттахов, М. Ташалиев ж. б. акылдуу интеллигент, 1990-жылдагы окуянын күбөлөрү Батыровдун командасына, сепаратисттик көз караштагы замандаштарына «улут бөлгөнүңөрдү токтоткула» деп, катуу айта алышкан жок.
Карапайым өзбек элинин душмандары мына ушулар десек жаңылышпайбыз, себеби жөнөкөй элге автономиянын кереги жок, кыргызстандык өзбектер, Өзбекстандын өзбектерине караганда алда канча жакшы жашаарын өздөрү да абдан жакшы билишет.
2010-жылдын 18-майында Оштон Бишкекке акыркы рейс менен учтум. Аэропортко келе жатканда Оштон Жалал-Абадга карай БТРлер жөнөп жатты. Көрсө, Ала-Букада эки улуттун жаштары кагылышып кетишкен экен. Эгерде А. Турсунбаевге окшогон жигиттер болбосо, кырдаал Ала-Бука районунда да оордошуп кетмек. Бул көрүнүштөр алдыда боло турган жамандыктан кабар берип турду. 2010-жылдын 19-майында саат 18.00дө мен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин орун басары М. Э. Бекенов жана айрым УКМКнын башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусу менен, эки жарым сааттык жолугушууда Ош кооптуу экенин, Батыров өз университетине көптөгөн курал-жарак алып келгенин, ачык эле автономия сурап жатканын, Өзбекстан Республикасы тарабынан казылган чек ара майданында, кээ бир аймактарында «коридорлор» жасалып жатканын, Тейиттеги окуяны, Жалал-Абад, Ош областарында Батыров жаштарды чогултуп, аларды улут арасындагы жек көрүү сезимдерин козгой турган чогулуштарды өткөрүп жатканын, «Ош Тв», «Мезон Тв» телекөрсөтүүлөрүнө, сепаратисттик күчтөрдүн митингдерин «без комментарий» деген көрсөтүүлөрүнө эмне себептен бөгөт койбой жаткандарын жана башка фактыларды айтып, чара көрүүлөрүн сурандым.
Ошол эле күнү саат 20.40та мен азыркы Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө болуп, Убактылуу Өкмөттүн Премьер-министри Роза Отунбаева менен жолугуштум. Жолугушуу 22.30да болду, ага дейре Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, айрыкча Өмүрбек Текебаев, бүт аппарат кызматкерлерин «Указ кана» деп шаштырып жатыптыр. Кѳрсѳ, ошол күнү Роза Отунбаеваны Убактылуу Өкмөттүн декрети менен (19-май 2010-ж. № 39) республикабыздын өткөөл мезгилинин Президенти кылып дайындашыптыр.
Убактылуу Өкмөттүн мырзалары Ош окуясынын кайталанаарын билишкен, бирок мындай масштабда болоорун эч ким ойлогон эмес. Ошондуктан, баары жоопкерчиликтен качышып, Р. Отунбаеваны өткөөл мезгилдин президенти кылып 1,5 жылга дайындашкан. Р. Отунбаева алдыда боло турган каргашалуу окуянын болоорун, көптөгөн жарандардын маалыматынын негизинде билген, бирок күч органдарынын «баары под контролем» деп айткан сөздөрүнө ишенген. Бирок Убактылуу Өкмөттүн бир да мүчөсү трагедияны мындай масштабда болот деп ойлогон эмес. Ошону менен бирге каргашалуу окуяда, кыргызстандыктардын башына түшкөн оор күндөрдө Президент жалгыз калган, И. Исаковду, Э. Каптагаевди, А. Бекназаровду эске албаганда. Бирок ушул каргашалуу окуянын баарын чыдап көтөргөндүгү да чындык. Р. Отунбаева Республикабыздын ѳткѳѳл мезгилинин Президенти катары кандуу окуя болушуна туруштук бере албаганы үчүн элдин алдында кечирим сураганга кудурети жетти. Бирок акыйкат үчүн, тарых үчүн айтып коюш керек, шериктеш ѳлкѳлѳргѳ кайрылып, алардан жардам болбогон чакта дагы мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап кала алды. Бул талашсыз чындык. Азыркы ѳлкѳ жетекчилеринин, саясатчылардын негизги милдети Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн мындан ары сактап калуу экенин эч бирибиз унутпастан жоопкерчиликти сезишибиз зарыл.
К. Душебаев менен сүйлөшөйүн десем, ал киши «Бекенов менен байланышта болуңуз» деп кыска жооп берип, чөнтөк телефону менен көпкө бирөөлөр менен сүйлөшүп туруп калды. А. Атамбаев мени менен саламдашып коюп, кабинетине басып кетти, «анан сөзсүз жолугушабыз» деди, бирок биз жолугуша албадык. Себеби, ошол күндөрү баягы «телефонгейттер» чыгып кеткен болучу.
Азимбек Бекназаров менен Темир Сариев «мына эми өлкөбүздүн Президенти бар, Роза Отунбаевага айтыңыз» деп экөө көпкө сүйлөшүп, анан алар да кетип калышты. Роза Исаковнага мен УКМКага айткан маалыматымды толугу менен айтып берүү менен, тез аранын ичинде чара көрүүлөрүн баса айттым.
Мына ушундай, тастыкталган маалыматтар, Ош облусунун бүт жетекчилеринен да келип турган. Бүт эл билген, эмне үчүн Убактылуу Өкмөт билген эмес, эмне себептен чара көрүшкөн эмес? Убактылуу Өкмөттүн кетирген кемчилдиги – Батыровдун кызматына муктаж болгону, саясий эрктин жетишсиздиги. Антпесе, Батыров, Абдурасулов, Салахидинов, Д. Сабиров, А. Сабиров, Абдуллаеваларды мыйзам чегинде, өз убагында жоопко тартууга тийиш эле.
2010-жылдын 15-майында Кадыржан Батыровду кармап, мыйзам алдында жоопко тартканда, балким Ош окуясы болмок эмес. Кадыржан Батыровду ким өлкөдөн чыгарып жиберген, кайсы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү кепилдик берген? Ал кантип, кайсы жол менен өлкөдөн кеткен, чек арачылар билбейт, билсе да айтпайт. Кадыржан Батыровдун май айында Ошко 100 000 АКШ долларын которгону, кыргыздарга кол салгыла, тополоң баштагыла деп айтканы маалым. Ошондой эле Батыров курал-жарактарды өзбек улутундагы бей-бечалардын үй-бүлөсүнө таркаттырган жана аларды коогалаңга катышуусун талап кылган. Мындайча айтканда, бей-бечаралардын балдарын кысымга алган, анын үстүнө мына ушундай үй-бүлөлөрдө, тилекке каршы наркотикага берилген балдар да арбын болгон.
10. 2010-жылдын 10-июну – кыргыз жана өзбек улуттары арасындагы кандуу окуянын башталышы.
Мына ошентип, 2010-жылдын 10-июнунда Убактылуу Өкмөттүн шалаакылыгынан, кээ бир жерлерде алардын баарын билип турушса да, билбегендей мамиле жасагандыгынан, айрым мүчөлөрүнүн алар менен соодалашууга баргандыгынан, алардын мыйзам бузууларына өз убагында бөгөт коюлбагандыгынан, койгон талаптары туура эместигин айтып, чара көрүлбөгөндүктөн Ош шаарында түнкү саат 23.40да өзбек жарандары Ош аймагын өзбек автономияга айландыруу максаттарын көздөө менен куралдуу көтөрүлүшкө чыгышкан. Биринчилерден болуп, өзбек улутундагы жарандар кыргыздарга кол салышат. «Алай» мейманканасынын төрт көчөсүндө алгач 2000ге жакын өзбек улутундагы балдар топтолушуп, Батыровдун койгон талаптарын (автономия, тил, жумуш орду, депутаттык мандат ж. б) улам кайталап айтып кыйкырышып, өтө агрессивдүү болушкан. Ош шаарынын ИИБинин аз топтогу кызматкерлери барышкан, аларды таратууга күчтөрү жетпейт. Ошондо Ош облустук Ички иштер башкармасынын начальнигинин орун басары Зулумов Шакир деген өзбек улутундагы полковник келип жаштарды токтотууга аракет жасайт, бирок алар эч кимди укпайт. Арасында провокаторлордун дагы болгону анык. Ошол эле жаштардын көбү мас, арасында наркотик чегип алгандары да болгон. Полковник Зулумов аларды таратууга аракет жасаган, кара футболкачан чоочун, провокатор балдардын айынан Зулумовдун аракети жыйынтык берген эмес. Анын ортосунда топтун ичинен бирөө таш менен урганда, Зулумов башынан жаракат алган. Кийинчерээк Зулумов Шарк айыл өкмөтүнүн территориясындагы өзбек жарандарын токтотом деген мезгилде, алар тараптан ок атылып, бутуна ок тийген. Ал эми саат 00.30да кызыл түстөгү салюттар атылган.
Түнкү саат 02.00 чамасында «азан» айтылып, өзбек жаштары «джихадка» чакырылган. Ошол эле учурда «махаллаларда» буга чейин даярдалып коюлган катуу үн чыкчу буюмдарды соккулашып, өзбек элин кандуу кагылышууга чакырышкан. Мына ушундан кийин Ош шаарынын бүт кичирайондорунда (Шейит-Төбө, Он-Адыр, Черемушка, Зайнабидинова, Достук, Амир-Темур, Фурхат, Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак, Нариман, ВЛКСМ, Кашкар-Кыштак, Сталин ж. б. өзбектер жашаган аймакта) өзбек улутундагы жарандар алдын ала айтылган жерлерге чогулушуп, кандуу чатакты баштоого даяр турушкан. Ушул фактыларды өзбек жана кыргыз улутундагы жарандар тергөө учурунда тастыктап беришкен. Мына ушул далилдер, өзбек жарандары улуттар аралык кагылышууга алдын ала даярдык көргөндүгүн дагы бир ирет тастыктайт.
Бирок, мындай мыйзамсыз, чагымчылдык чакырыктарга өзбек улутунун айрым жарандары кошулушкан эмес. Өзбек улутундагы жарандарда аябагандай көп сандагы курал-жарак болгон. Алар кишинин саны жагынан да ар бир кварталдарда улам көбөйүшүп, кыргыздарга аёосуз кол салууга киришкен. Батыровдун сепаратисттик чакырыктарына азгырылып кирип кеткен жарандардын көпчүлүгү азыркы мезгилде өкүнүчтө жүрүшөт. Ал эми кандуу кагылышууну жасаган, кыргыз менен өзбек элин кайгыга салып койгон Батыровдор чет өлкөлөрдө кайгы-капасыз жашап, жүрүшкөндөрү да чындык.
Ошол эле күнү «Алай» мейманканасынын жанында болсо, абал абдан оорлошо баштайт, өзбек улутунун 3000ден кем эмес жаштары, оперативдүү түрдө эч нерседен кабары жок кыргыздарга кол салууга өтүшөт. Милиция кызматкерлеринин эч бир жабдуулары жок, саны болгону 50гө жакын гана болгон. Агрессия өзбек жарандары тарабынан өтө курчуп, милиция кызматкерлерине кол сала баштаганда, алар аргасыздан качууга мажбур болушат.
Ал эми өзбек улутундагы жарандар өтүп бара жаткан машиналарды, жакын жердеги имараттарды өрттөй башташат. Ош мамлекеттик университетинин жатаканаларын таш-бараңга алышып, кеч жумуштан кайткан кыздарды зордуктоого өтүшөт. Ошол эле мезгилде «Космос» аттуу оюн клубуна киришип, эки кыргыз эркек баланы кармап, бирөөнү зордукташып, бирөөсүн көптөп сабашкан. Азыркы учурга чейин бул эки баланын тагдыры жөнүндө күч органдары эч нерсе айтыша элек. Бул видеотасма, ошол клубдан Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан алынган жана Комиссияга П. Асанов тарабынан берилген.
Мына ушинтип, 2010-жылдын 10-июнунда саат 22.40дан баштап өзбек улутундагы жаштар кандуу кагылышууну башташкан жана Ош шаарынын бүт булуң-бурчтарында кыргыз жарандарына кол салуулар улантылган. Алар мыкаачылык менен адамдарды өлтүрүшкөн, кыздарды зордукташкан, кыргыз жарандарына таандык имараттарды өрттөшкөн. Өзбек улутундагы жаштардын көпчүлүгүндө курал-жарак болгон. Себеби, 2010-жылдын 11-июнунун таңына дейре ооруканаларга негизинен кыргыз улутундагы жарандар (өлгөнү да, жарадарлары да) түшкөн. Бирок, Фурхат айылынын жанында курман болгондор, жарадарлар областтык оорукана тарапка өтө алышкан эмес, себеби, жолдо снайперлер турушкан. Ошол эле өзбек улутундагы жаштар кыргыз улутундагы жарандарды тынымсыз атып турушкан. Бүт «махаллаларда» караңгыда «жанып» турчу краскалар менен жазылган «UZBEK ZOHA», «KYRGYS ZOHA», «SOS» деген жазуулар пайда болгон. Бул жазуулардын трафарет аркылуу кымбат баалуу боёк менен алдын ала жазылгандыгы кийин тастыкталган. Бул да өзбек улутундагы жарандардын бул кандуу кагылышууга алдын ала даярданышкандыктарынын ачык далили болуп эсептелет.
11. 2010-жылдын 10–19-июнунда болуп өткөн кандуу окуядан фактылар. Убактылуу Өкмөттүн, күч органдарынын иш аракеттери.
Көптөгөн кыргыз жарандары, каза тапкан, жарадар болгондору, Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылындагы Курманжан Датка ооруканасына түшүшөт. Бул ооруканада хирургия бөлүмү жок болгондуктан, көптөгөн жарандарга жардам берүү мүмкүн болбой, алар Кара-Суу райондук ооруканага жөнөтүлүп турган. Бирок, Кара-Сууга барчу түз жол жабык болгондуктан, Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан айланып барганга туура келген. Кара-Сууга жеткиче айрым жарандар кансырап каза табышкан.
Ушундай эле абал бүт Ош шаарынын тегерегинде жайгашкан кыргыз айылдарында болгон – жарадар болгон кыргыз атуулдар Ош шаарынын ооруканаларына кире алышкан эмес.
Өзбек жарандарынын кыргыздарга кол салуусунан кийин, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, зордукталган жаш кыздардын, мууздалган балдардын, өрттөлгөн, буту-колу кесилген, жырткычтык менен өлтүрүлгөн кыргыз жарандардын денелерин көргөн кыргыздардын каны кайнаган. Анысы аз келгенсип, Убактылуу Өкмөт тарабынан кандуу окуянын болушуна жол берилгендиги, коогалаңдын башталышын өз убагында токтото алышпагандыгы, күч органдары менен аскер кызматкерлеринин эч кандай чара көрүшпөгөндүгү, албетте, бул көрүнүштөр жаалданган кыргыздарды токтото албайт эле.
Жергиликтүү кыргыздардын көпчүлүгү Убактылуу Өкмөт түштүктү чын эле өзбектерге автономия кылып берүүгө макулдугун берген экен деп ойлошкон. Ошондуктан, «мен кыргызмын» дегендин баары жерин, элин өз күчтөрү менен коргоо жолуна өткөн. Өзбек улутундагы сепаратисттик маанайдагы, Батыров жетектеген топ эч качан кыргыздар өзүнүн жерин эч кимге бербей, мынчалык жан үрөп коргой тургандыгын ойлогон эмес. Кыргыз жаштарында курал-жарак болгон эмес, бирок мындай мыкаачылыкты көргөндөн кийин аскер кызматкерлеринин курал-жарактарын тартып алышып, өзбек жарандарына каршы жерин, үй-бүлөсүн сактап калыш үчүн куралдуу коргонууга өтүшкөн. Себеби, айрым кыргыз айылдарына брондолгон камаздар менен барган курал-жаракчан өзбектер кыргыздарды бута аткандай атышып, кайрадан качууга аракет жасашкан.
Мисалы, Фурхат айылына чектеш Кыргыз-Чек деген айылына кызыл түстүү брондолгон камаз кирип келген. Эгерде ошол мезгилде Чоң-Алайдын Нура айылынан мергенчи жигит келип, камаздын ичиндеги снайперлерди атып түшүрбөгөндө, канча кыргыз анын огунан кырылмак (мергенчи жигит кийин өзбек снайперлеринин колунан каза табат, бирок миңдеген кыргыздарды өлүмдөн сактап калат).
Фурхат айылында кыргыз, өзбек аралаш жашашат, бирок көпчүлүгүн өзбектер түзөт. Кыргыздар алардын үйлөрүнө жете электе эле алардын үйлөрү күйүп жаткан болот. Текшергенде үйлөрүндө үй эмеректери жок болуп чыккан. Демек, алар бул кагылышуунун болорун билишкен жана ага алдын ала камданышкан. Мына ушинтип, бийлик тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөн соң, кыргыздар да мыкаачылыкка мыкаачылык менен жооп бере башташкан.
Убактылуу Өкмөт 3 күн бою кыргыз эли менен өзбек элинин бири-бири менен болгон кагылуушусун токтото албай, чарасыз абалда, алсыз бойдон кала берген.
11-июнь күнү Араван районунда да кагылышуу болуп өтөт, өзбек улутундагы жарандар ИИБдин, Прокуратуранын, УКМКБнын жана кыргыз улутуна таандык түйүндөргө кол салышат. Бирок Кыргыз Республикасынын ИИМдин спецназ кызматкерлери аларга катуу туруштук берип, Араван районунда баш аламандык болууга жол берилбейт.
Ошол эле күнү «Достук-Автодорожный» чек ара бөлүгүндө Батыровдун жактоочулары, 1000дей адам камаздар менен келишип, чек арачылардын курал-жарактарын, кийимдерин тартып алышып, Өзбекстан тарапка ок атууну көздөшкөн. Максаттары – кыргыз аскерлеринин кийимин кийип Өзбекстанга кыргыз аскерлери кол салып жаткан сыяктуу эпизод түзүү болгон. Чекарачылар Батыровдун жактоочуларынын мындай максатын түшүнгөн соң, курал колдоонуга мажбур болушкан.
2010-жылдын 13-июнунда Нариман айыл өкмөтүндө эки элди жараштыруу максатында Кара-Суу райондук ИИБдин жетекчиси А. Султанов жана старшина У. Шамурзаев райондун акиминин орун басары А. Шаятовдун кепилдиги менен, куралсыз келишет. Машинадан түшкөндө эле өзбек улутундагы адамдар А. Султановду уруп, ал эми У. Шамурзаевди башка чабышып алып кетишет. А. Шаятов болсо, эчтеке көрбөгөндөй, топтолуп турган элдин арасына кирип кетет. Ал эми өзбек элинин аксакалы, көк сакалы – бирөө да жаштардын жасап жаткан мыкаачылык иштерин токтотмок турсун, биздин көзүбүздөн алыс алып барып «өлтүргүлө» дейт. Өзбек улутундагы жарандар керек болсо, бийликти чагылдырган милиция кызматкерлерине кол көтөрүп тим болбостон, жырткычтык менен өлтүрүшкөн. Ондогон милиция, Гаи кызматкерлери, канчалаган врачтар алардын колунан каза табышкан.
Кылмышкер Таширов Азизулло өзүнүн уголовный розысктагы кызматкерлерге айткан сөзү момундай: «Уран Шамурзаевди көрсөтүп, азыр мен муну мууздайм, силерге башын алып келип көрсөтөм», – дейт. Көрсө, Иномжан Абдурасулов ар бир кыргыздын башы үчүн 500 доллар берээрин айткан. Азизулло Уран Шамурзаевди союп жатканда бычагы сынып калат да, жанында турган бирөөнүн бычагын ала коюп, койдой мууздайт. Анысы аз келгенсип, оң кулагын кесип алып, башына керосин куюп өрттөйт. Баш күйбөй калганда аны таш менен урат. Таш баштын чекесине тийгендиктен, баш сууга ыргып кетет. Мыкаачылар Уран Шамурзаевди Нариман айылындагы каналдын боюнда мууздашкан экен. Ал эми денесин ошол каналга ыргытып жиберишкен. Башын да, денесин да кийин суудан табышып, бирок башы өз убагында милиция тарабынан туугандарына берилбей, Төлөйкөн айылына жакын көрүстөндөрдүн бирине көмүлүп коюлган. Ал эми Урандын сөөгү жерге башы жок берилген, 4 айдан кийин туугандары Урандын башын таап денесинин жанына алып барып коюшкан. Ал эми милициянын полковниги А. Султановдун күйгүзүлгөн денесинен калган күлүн гана жерге беришкен.
Ошентип, 11–13-июнь күндөрү Ош шааарында мыкаачылык, жырткычтык өкүм сүрөт. Эки бир тууган эл бири-бирин өлтүрүшөт, кыздар, аялдар зордукталат, жаш балдар каза табат, миңдеген үйлөр өрттөлүп, карапайым калк өтө аянычтуу абалда калат. Анан, 14-июнда эки тарап тең сепаратизмдин эмне экенин билип, эки эл тең адам чыдагыс кайгыга баткандан кийин бири-бирине жасап жаткан зомбулукту токтотушат. Канчалаган кыргыз жана өзбек улутундагы жарандар мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгүн көргөндүн төбө чачы тик турат. Өзбек улутундагы, карапайым жарандардын жабыр тарткандары да көп, алар да кыргыздарга окшоп, Оштогу шаардык ооруканаларга жарадарларды алып келе алышпай, жаракат алгандарды айылдык ооруканаларга алып барып жаткырып турушкан.
Жалпы эсеби боюнча 436 адам каза болот, ал эми 2000ден ашуун жарандар жарадар болушат. Бүгүнкү күнгө дейре 23 кыргыз жана 2 өзбек жараныбыз дайынсыз.
Каза болгондор кыргыз болобу, өзбек болобу – баары карапайым элдин уулдары. Алар кимдин саясий оюнунун курмандыгы болушту. Эмне себептен негизги күнөөлүүлөр расмий бийликке маалым болсо да бүгүнкү күнгө дейре кармалып жазаланбай жатышы да табышмак бойдон калууда. Жоголгон балдардын ДНКсы бүгүнкү күнгө дейре аныкталбай, энелер үйүнүн эшиги ачылган сайын жарк этип баласы кирип келе тургандай болуп, кара чачтарын ак бубак басып, муң-кайгыдан чыга албай жүрүшөт.
Достарыңызбен бөлісу: |