23-Сентябрь «Кыргыз тил майрамы»
Тарбиялык саат
Сабактын максаты: - Окуучулардын өз эли-жерин, эне тилибиз – мамлекеттик тилди, ата-бабадан калган улуу мурастарды урматтап аздектөөсү үчүн түрдүү булактардан маалыматтарды алышат; – Мекен алдындагы алардын жоопкерчилигин арттыруу менен атуулдук парзын аткарышат, ата мурастарын сактоо зарылдыгын туюп, эне тилин сүйүүгө, патриоттуулукка тарбияланышат; Кыргыз эли үчүн эмне ыйык? Кыргыз эли үчүн Ала-Тоо ыйык!
Улуу «Манасы» ыйык!
Ак боз үйү ыйык!
Ак калпагы, ак элечеги ыйык!
Эне тили ыйык!
Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул – эне тилибиз кыргыз тили. «Элсиз тил болбойт, тилсиз эл болбойт». Анын сыӊарындай, кыргыздын кыргыздыгы анын эне тили аркылуу билинет, эне тили аркылуу даӊкталат. Дүйнөдө теӊдеши жок алп «Манастай» дастандарды жараткан эне тилибиз кыргыз тили жөнүндө эмнелерди айта аласыӊар? Абалтадан салт-санаасын сактаган, Абалтадан салт-санаасын сактаган, Акыл, оюн алыс жолдо тактаган. Кылымдардан кылымдарды карыткан, Кыргызымдын тили менен мактанам.
Эне тилим – өз тилим,
Эси жоктук иш кылат,
Өзүнүн эне тилинде
Сүйлөбөсө сөздү ким.
Уккан сайын көшүгөн, Эне тилим – эгизим. Сүзүп өттүм өзүнөн, Акыл-билим деӊизин.
Эне тилим – намысым,
Эне тилим – арым да.
Билбейм жолдун алысын,
Эне тилим барында.
Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында «Мамлекеттик тил туурасындагы» мыйзамды кабыл алган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында «Мамлекеттик тил туурасындагы» мыйзамды кабыл алган. Совет мамлекети ураардын акыркы жылдары союздук республикаларда улуттук сезим күч алып, тарых, маданият жана тил маселесине айрыкча көңүл бурула баштаган. Кыргызстан да бул ургаалдан сыртта калбай, өлкөдө демократиялык көз караш кеңири тарай баштаган. Улуттук интеллигенция тил маселесин көтөрүп, борбор шаардагы мектептерде, мамлекеттик мекемелерде кыргыз тили таптакыр колдонуудан калгандыгын жар салышкан. Улуттук интеллигенциянын сүрөөсү менен көтөрүлгөн маселе коомчулуктун көйгөйүнө айланып, акыры Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында «Мамлекеттик тил туурасындагы» мыйзамды кабыл алган. Мыйзамга ылайык кыргыз тили мамлекеттик статус алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуш тартиби такталган. Кыргында даалай беттешип Кыргызды кимдер жеңген жок Кыргызды кырып жеңсе да Кыргыздын тилин женген жок Балапан бар өз жемишин сураган Бара- бара байыркыны улаган Бир сөз айтам эсине туй сен дагы Бакыт эмес башка элди туураган Каалап эч ким үйрөнбөйт, Каадалуу жерде сүйлөнбөйт. Сүйүп эч ким үйрөнбөйт, Сүрдүү жерде сүйлөнбөйт Кыргыздын тилин кыргыздан Ким сактап аны кала алат? Кыргында даалай беттешип Кыргызды кимдер жеңген жок Кыргызды кырып жеңсе да Кыргыздын тилин женген жок Балапан бар өз жемишин сураган Бара- бара байыркыны улаган Бир сөз айтам эсине туй сен дагы Бакыт эмес башка элди туураган Каалап эч ким үйрөнбөйт, Каадалуу жерде сүйлөнбөйт. Сүйүп эч ким үйрөнбөйт, Сүрдүү жерде сүйлөнбөйт Кыргыздын тилин кыргыздан Ким сактап аны кала алат? Эне тилим – карегим, Эне тилим – карегим, Сенде менин дарегим. Сен турганда бар элим.
Эне тилге кайрылып,
Бак-таалайлуу болмокмун.
Эне тилден айрылып,
Калган күнү мен жокмун.
Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: «Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет» – деп, абдан туура, таамай айткан. Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: «Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет» – деп, абдан туура, таамай айткан. Ошондо да, кылымдан кылым өтүп, акын Шайлообек Дуйшеев агайыбыз айткандай, «Кыргызым» деп жулунганы менен, бир ооз кыргызча билбеген «маӊкурт» кыргыз эмес, руху, духу таза кыргыз жашап турса гана кыргыз тили жашап турганын эстейли. Ошондо да, кылымдан кылым өтүп, акын Шайлообек Дуйшеев агайыбыз айткандай, «Кыргызым» деп жулунганы менен, бир ооз кыргызча билбеген «маӊкурт» кыргыз эмес, руху, духу таза кыргыз жашап турса гана кыргыз тили жашап турганын эстейли. Аларга менин айтарым бул:
Атыӊ кыргыз,
Затыӊ башка,
Өзүӊ кыргыз,
Сөзүӊ башка,
Диниӊ кыргыз,
Тилиӊ башка
Болуп калсын дебесеӊ –
Жыйындарда,
Курултайда,
Чогулушта,
Жолугушта,
Ажоӊ баштап,
Кожоӊ коштоп,
Өз тилиӊде сүйлөгүн ?
Үй тапшырма:
Кыргыз тилине 31 жыл болгондугуна байланыштуу
«ЭНЕ ТИЛИМ ЭЧЕН КЫЛЫМ КАРЫТКАН, ЭЧ КИМ АНЫ ӨЧҮРӨ АЛБАЙТ ТАРЫХТАН!»
деген темада дил баян жана ыр саптарын жазуу.
Көңүл бурганыңыздарга
ЫРАКМАТ!
Достарыңызбен бөлісу: |