Маселесине карата дунканаев абдыкалык



Pdf көрінісі
бет1/2
Дата04.09.2024
өлшемі100.42 Kb.
#503365
  1   2
KNUDUNKANAEVA.2015-6



СҮЙЛӨМДҮН СЕМАНТИКАЛЫК-СТРУКТУРАЛЫК
МАСЕЛЕСИНЕ КАРАТА
ДУНКАНАЕВ АБДЫКАЛЫК,
ф.и.д., проф.м.а., К.Тыныстанов атындагы ЫМУ
Илимий изилдөөлөрдө сүйлөмдү татаал тилдик белги катары кароо менен, анын
семантикалык структурасын ар кыл көз караш-тардан туруп, ар тараптуу талдоолорго
алышат. Мында биринчи кезекте, сүйлөмдүн семантика структурасынын маңызы, андагы
тил-дик 
элемент-бирдиктердин 
маани-мазмундук 
мүнөзү, байланыш, ка-тыш
өзгөчөлүктөрү, алардын номенклатурасы, типологиясы, семанти-ка-структуралык
моделдештирүү, мазмун жана форма маеселелери ка-ралат. Сүйлөм татаал тилдик белги
катары эки тараптуу: форма жана мазмун жагынан мүнөздөлөт. Сүйлөмдүн формасы жана
мазмуну бел-гилүү структурада болот. Предикативдик тилдик белги катары сүй-лөмдүн
толуктугу, бүтүндүгү, ар тараптуулугу эске алынып, ал маз-мундук жана формалык
жактары менен шартталат. Методологиялык принциптин тартибинде сүйлөмдү
семантикалык-структуралык талдоо-го алууда, анын негизин мазмун менен форма түзүп
тургандыгын, алар диалектикалык ажырагыс байланышта караларын көңүл борбо-рунда
тутуу керек. Экинчи жагынан, мазмун менен форманын жара-лышы тилдик
компоненттерге көз каранды болоору өтмө катар ички түшүнүктү шарттап турат.
Көпчүлүк изилдөөчүлөр сөздөрдүн семан-тикалык структурасын аныктоодо андагы
семантикалык компонент-тердин (элемен-бирдиктердин) сүйлөмдө алган ордуна,
мүнөзүнө, лексикалык табиятына, байланыш, катышына, функциясына айрыкча маани
беришет. Арийне, азыркы тил илиминде семантикалык компо-ненттердин функциясын
такталган, далилденген, башкача айтканда, бир нукка салынган универсалдуу системасы
жок. Ушуга байланыш-туу бир катар илимий эмгектерде семантикалык компоненттердин
функциясын ар түрдүү аталыштар менен ар түрдүү мүнөздөп жүрү-шөт. Атап айтканда,
В.Г.Гакта муну актант деп атап, жети түрүн (1969: 80-81) көрсөтсө, Н.П.Сусов
семантикалык функциянын же релятеманын сегиз түрүн (1973: 35) келтирет.
Семантикалык структуранын орус тилиндеги үч мүчөлүү конструкциясын И.В.Альтман
алты мүчөлүү конструкция деп (1978: 218-221) киргизет. Т.Б.Алисова менен В.В.Богданов
белгилүү каражаттар менен берилүүчү семантикалык функциянын он төрт түрүн
(И.Х.Ахматов. 1983: 69) келтиришет. У.Л.Чейф семантикалык катыштын жети түрү
(И.Х.Ахматов. 1983: 69) жөнүндө жазып, алардын зарылдыгын белгилейт. Ч.Филлмордун
акыркы эмгегинде семантикалык жөндөмөлөрдүн: агенс, субьект, кабыл алуу, адресат,
курал, обьект, булак, максат, орун, мезгил түрлөрү сунуш кылынарын В.Б.Касевич (1977:
121) белгилейт. Ю.Д.Апресян семантикалык ва-ленттүүлүктүн 25 түрүн (1974: 125-126)
аныктайт. Ал көрсөтүлгөн валенттүүлүктүн тизмеси толук эместигин, аны дагы
көбөйтүүгө мүмкүн экендигин айтат да, алардын жардамы менен сүйлөмдүн кеңейтилген,
тереңдетилген структурасын ачып берүүгө боло тургандыгын ишенимдүү билдирет. Бул
маселенин лингвистикалык адабияттарда мындан да көп түрү белгилегендигин көрсөтүүгө
болот. Маселен, Н.Н.Леонтьева семантикалык мамилелердин 50 түрүн (НТИ, 1971: -№8:
8-15)аныктайт. Н.Н.Арват сүйлөмдүн семанти-калык структурасынын өзгөчөлүү
компонентин сунуш кылат. Семан-тикалык компоненттердин эң туурасы да, эң
ишенимдүүсү да, эң далилдүүсү да Н.Н.Арваттыкы болуп саналат. Сүйлөмдүн
семантикалык компонент катары ал предикатты, субьектини, обьектини, атрибутту жана
ал-абалдын же кыймылдын конкретиза-торун сунуш кылат да, аталган семантикалык
компонеттердин ар бири өздөрүнчө мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү алып жүрөрүн көрсөтөт.
Сүйлөмдүн семантикалык структурасы маселесине арналган көптөгөн эмгектерди кеңири
жана ар тараптуу талдоого алган И.Х.Ахматов мындай көз караштарды салыштыра келип,
алардын ар түрдүү аталыштарын жана ар кыл сандык көрсөткүчтөрүнүн келип чыгыш
себептерин көрсөтүп, обьективдүү баа берип, булардын ичинен ынанымдуусу катары


Н.Н.Арваттын көз карашынын тууралыгын (1983: 68-70) белгилейт. Н.Н.Арваттын
бөлүштүүрүүсүн колдоого алган И.Х.Ахматов сүйлөмдүн маанилик түзүлүшүндөгү
семанти-калык компоненттерди жана алардын ар бирине тиешелүү маанилик
өзгөчөлүктөрдү 
эскертүү 
менен 
предикат-субьект-обьект-конкре-тизатор-атрибут
тартибинде (1983: 112) берет. Чынында, сүйлөмдүн семантикалык структурасындагы
негизги факторлор катары алынган семантикалык компоненттердин мүнөздүү
өзгөчөлүктөрү алардын ортосундагы катыш-мамилелер аркылуу аныкталат. Субьектинин
субьектилик, обьектинин обьектилик, предикаттын предикаттык касиети жалпы
маанилеринен сырткары (жалпы маанилер сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүшүндө деле
ачык билинип турат), алардын ички маанилери, мүнөздөрү өздөрү менен грамматикалык
байланышта, синтаксистик катышта турган компоненттердин сапат-касиетинен да келип
чыгат:
1. Асан үйдөн келди.
2. Асан үйгө келди.
Шарттуу алынган бул эки сүйлөм грамматикалык түзүлүштөрү боюн-ча эки
составдуу жөнөкөй сүйлөм, сүйлөм мүчөлөрүнүн (ээ-бышык-тооч-баяндооч) катышы
боюнча да окшош. Сүйлөмдүн келди, келди этиштик баяндоочтору кыймыл-аракеттик
жалпы маанилери жагынан бири-биринен негизинен эч айырмасыз. Бирок сүйлөмдүн
семанти-калык структурасында келди, келди компоненттери предикат катары Асан, Асан
субьектилери, үйдөн, үйгө обьектилери менен катышта туруп, кыймыл-аракеттик
маанилеринин белгилүү бир өзгөчөлүктөрүн шарттайт. 1-сүйлөмдөгү келди
предикатынын кыймыл процессии кай-дан башталгандыгын үйдөн обьектисинин
негизинде так билдирип тур-са, 2-сүйлөмдөгү келди предикаты 1-сүйлөмдөгү келди
предикаты менен кыймыл-аракеттик маанини туюндурушу жана формасы жагы-нан эч
айырмасыз келсе дагы, кыймыл процессинин кайдан башталгандыгы таптакыр белгисиз.
Экинчиден,1-сүйлөмдөгү үйдөн обьектилик катыштагы компоненти келди этиштик
предикатына багы-ныңкы абалда туруп, кыймыл-аракеттин чыккан ордун билдирсе, 2-
сүйлөмдөгү үйгө обьектилик катыштагы компоненти келди этиштик предикатына
багыныңкы байланышта келип, кыймылдын багытын ачык көрсөттү.
Ошондой эле тилде сырткы түзүлүшү жагынан окшош келген сүйлөмдөр
колдонулат: 1. Жан кирди. 2. Түн кирди. 3. Асан кирди. 1-жана 2-сүйлөмдөрдө кыймылды
аткаруучу субьект катышкан жок. Субьектини катыштыруунун зарылдыгы да жок, так
айтканда, мын-дай сүйлөмдөрдүн семантикалык-структуралык өзгөчөлүгү кыймыл-
аракетти аткаруучу субьектини талап кылбайт. Б.Тойчубекова: «Бу-лар сырткы формасы
боюнча эки составдуу сүйлөмдөргө окшош өңдө-нүп турганы менен, кыймыл-аракетти,
ал-абалды, кыймылдык белги-ни алып жүрүүчү жандуу заттар менен эч кандай
жакындыгы жок. Алар аркылуу жаратылыштын бир көрүнүшү, өзүнчө бир бүтүн прцесси
гана баяндалат. Мына ошону үчүн буларда кыймыл-аракеттин, белгинин субьектиси жок.
Дегеле мындай сүйлөмдөр кый-мыл-аракеттин, белгинин субьектисине ээ эмес»
(Б.Тойчубекова, 1983: 23-24),- логикалык обьективдүү баа берет. Бул ойду толук
кубаттоого болот. Кошумчалай турган нерсе, Жан кирди. Түн кирди сыяктуу
структуралык түзүлүштөгү сүйлөмдөр предикаттан гана турат. Сүйлөм тутумундагы: жан,
кирди; түн, кирди компоненттери өз ара ажырагыс байланышта келди да, лексика-
семантикалык бир бүтүндүктү түздү - Жанданды. Караңгыланды. Компоненттердин
ширешүүсү дал ушул лексика-семантикалык бир бүтүндүктү уюштуруп, предикативдик
мү-нөздү жаратты. Натыйжада Асан кирди сүйлөмдөрүнөн айырмаланган семантикалык-
структуралык түзүлүштү шарттады. 1. Жан кирди. 2. Түн кирди сыяктуу сүйлөмдөрдүн
лексика-семантикалык бир бүтүн-дүгүн суроо берүү менен да тактасак болот: -Эмне
болду? -Жан кир-ди. –Эмне болду? –Түн кирди. 3-сүйлөмдөгү (Асан кирди.) кирди сөзү
жандуу заттын ачык кыймыл-аракетин жекече лексикалык маани-си аркылуу туюндуруп
турат. Ошон үчүн өз алдынча суроого жооп болуп түшө алат: - Асан эмне кылды? - Асан
кирди. Бул сүйлөм – эки составдуу жөнөкөй сүйлөм. Кыймыл-аракеттин аткаруучу


субьектиси – Асан, кирди-предикат. Сүлөмдөгү кыймыл-аракетке мүнөздүү суроо-лордон
да алардын семантикасындагы өзгөчөлүктү байкоого болот. 1-2-сүйлөмдөгү кыймыл-
аракетке эмне кылды? деген суроону коюуга болбойт. Анткени, эмне кылды? деген суроо
жандуу заттын гана кыймылдык маанисин аныктоочу суроо. Дагы бир белгилей кетчү
жагдай, 1-2-сүйлөмдөрдө кыймыл-аракеттин, ал-абалдын аткаруучу субьектилери
катышпастан, жандын жана түндүн кыймылы гана туюндурулгандыктан, кирди сөздөрү
түн жана жан сөздөрүн өздөрүнө сиңирип алгандай. Муну айтып жатканыбыздын жөнү,
аталган сүй-лөмдөрдө жан жана түн зат атооч сөздөрү катышып турса да, сүй-лөмдүн
синтаксистик-семантикалык мазмуну кыймыл-аракеттик маа-ниге оодук болуп турат.
Сүйлөмдүн ушул мазмунунда, ушул түзүлү-шүндө аларга мүнөздүү мындай
жалпылыктарды: а) сырткы түзүлүш формасы боюнча окшоштугун; б) кыймылдык
процессти туюндурган-дыгын; в) кыймыл-аракетти аткаруучу субьектилердин катышпас-
тыгын; г) лексика-семантикалык бүтүндүктөгү биримдигин көрсө-түүгө болот. Бирок
бири-биринен айырмасыз көрүнгөн бул кыймыл процессинде, компоненттеринин
ажырагыс биримдигин шарттаган карым-катышында кандайдыр бир семантикалык
өзгөчөлүктөрдүн бар экендигин баамдоого болот: а) 1-сүйлөмдөгү кирди компоненти
нерсенин кыймылын атаса, 2-сүйлөмдөгү кирди компоненти аркылуу жаратылыштык
көрүнүштүн кыймылы аталды. б) 1-сүйлөмдө ошол учурда пайда болгон кыймыл, 2-
сүйлөмдө дайыма болуучу кыймыл.
Тилдин коммуникативдик функциясында, пикир
алышууда ойду билдирүүнүн ар түрдүү жолдору колдонулат. Алардын ар түрдүүлүгү
айтымдык өзгөчөлүгү боюнча да аныкталат. Айтылыш ыгына карай сүйлөмдүн маанилик
типтеринин келип чыгышы да ушундан улам болуп саналат. Кыргыз тилинин
материалдарында айрым учурларда жогорудагыдай сырткы формасы боюнча окшош
түзүлүштөгү 
сүйлөмдөр 
гана 
учурабастан, сүйлөмдүн 
структурасын-дагы
компоненттердин санынын бирдейлиги, ошол эле сөздөрдүн пайдаланылышы,
байланышуу жолдорунун окшоштугу боюнча да эч айырмасыз түзүлүштөгү сүйлөмдөр
колдонулат. Чынында, эч айыр-масыз көрүнүшү мындай сүйлөмдөрдү бир сүйлөм катары
кароого негиз берет:
1. Айылга барышым керек.
2. Айылга барышым керек.
Келтирилген сүйлөмдөр бир сүйлөмдүн кайталанышы болуп калган-дай кабыл
алынат. Арийне, айтылыш максатына, айтылыш өзгөчө-лүгүнө жараша ал сүйлөмдөр
семантикалык структурасы боюнча бири-биринен олуттуу айырмаланган сүйлөмдөр
болуп саналат. 1-сүй-лөмдө айылга сөзүнө логикалык басым түшүрүлүп айтылды да,
сүйлөмдүн семантикалык-структурасындагы конкретизатор синтаксис-тик планда
бышыктоочтук милдетти аткарды. Барышым керек татаал этиши грамматикалык
маанилик бир бүтүндүктө баяндоочтук кызматты аткарып, логикалык планда предикат
катары келди. Эки гана сүйлөм мүчөсү катышты: бышыктооч+баяндооч. Сүйлөмдөгү
барышым керек татаал этиштик предикатынын семантикасынын негизинде мен
субьектисинин кыймыл-аракетин ачык билдирди. Мындай шартта, Мен айылга барышым
керек деген сүйлөмдүн синтаксистик-семантикалык мазмуну келип чыгат. Ал эми Айылга
барышым керек 2-сүйлөмүндө логикалык басым барышым сөзүнө түшүрүлүп
айтылгандыктан, сүйлөм мааниси өзгөрүүгө дуушарланып, Менин айылга барышым керек
деген мазмундагы сүйлөмдү шарт-тады. Натыйжада биринчи Айылга барышым керек
сүйлөмү Мен айылга барышым керек сүйлөмүнүн, экинчи Айылга барышым керек
сүйлөмү Менин айылга барышым керек сүйлөмүнүн мазмундары менен шартталган. Эң
башкысы, мындай мазмундагы сүйлөмдөрдүн жаралышы ошол сүйлөмдөрдүн айтымдык
өзгөчөлүктөрүнө негиздел-гендигин баса белгилеп коюу керек. 1-сүйлөмдөгү барышым
сөзү керек сөзү менен лексика-семантикалык бир бүтүндүктө келип, бир гана сүйлөм
мүчөсүнүн (баяндоочтун) милдетин аткарып, субьектинин нагыз, ачык кыймыл-аракетин
туюндурса, 2-сүйлөмдөгү барышым жана керек компоненттери 1-сүйлөмдөгүдөй биригип
бир бүтүндүктө келип, бир эле сүйлөм мүчөсүнүн кызматын аткарбастан, алар жекелик


мүнөздөгү өз алдынчалуулукка ээ, барышым компоненти - грамматикалык ээ, керек
компоненти–баяндооч. Мында баруу зарыл-дыгы баса белгиленип, сүйлөм мазмунунун
өзөгүн, негизин ээлеп турган компонент катары функция аткарды. 1-сүйлөмдө эки компо-
нент (айылга+барыш 
керек) катышса, 2-сүйлөмдө 
үч 
компонент
(айылга+барышым+керек) бар. Б.Тойчубекова ушул жана ушул түзүлүштөгү сүйлөмдөргө
анализ берип келип, сүйлөм ээси – барышым компонентине карата пикирин мындайча
билдирет: «Мын-дагы сүйлөмдүн ээси болуп турган кыймыл атоочтун аягындагы таандык
мүчө өзү уланып турган сөздү реалдуу субьектиге айлан-дырат, б.а., биринчи жакка
таандык болгон кыймыл-аракеттин процесси же аты сүйлөмдүн ээсинин милдетин аткарат
да, грам-матикалык ээнин эмнеге дуушарланарын, ал-абалын көрсөткөн керек сөзү
сүйлөмдүн баяндоочу болот. Мындай учурда керек сөзү туз ке-рек, нан керек деген
сүйлөмдөрдөгү баяндоочтордой болуп колдо-нулат. Ал эми сүйлөмдүн ээсинин милдетин
аткарып турган анык-тоочтук айкаштын илик жөндөмөсүндөгү биринчи компонентинин
сүйлөмдө катышып турушу деле анчалык роль ойнобогондуктан, ал айрым учурда
сүйлөмгө катышпай да калат, анткени таандык мүчө жалганган бөлүк (аныкталгыч) анын
жоктугун билгизбестен, сүйлөм-дүн ээсинин милдетин аткарып кала берет. Анын
материалдык мааниге ээ болуп туруучу сапаты ушунда» (Б.Тойчубекова. 1983: 32). 1-
сүйлөмдөгү айылга компоненти барышым керек татаал этиштик предикаты менен
синтаксистик катышта туруп, кыймыл-аракеттин багытын билдирсе, 2-сүйлөмдөгү айылга
компоненти барышым компо-ненти менен синтаксистик катышта туруп, кыймылдын аты
аталган логикалык субьектинин (барышым) багыттык орду катары келди. Ал эми
логикалык субьекти - барышым предикат -керек менен синтак-систик катышта келип,
ошол учурдагы зарылдык катары туюн-дурулду.
Демек, сүйлөмдүн семантикалык структурасындагы кандай гана компоненттер
болбосун, аң-сезимдеги ойдун туюндурулушуна ылайык, өз ара байланышта, катышта
уюшулуп, айрым шарттарда, грамма-тикалык бирдей формада келсе да, айырмалуу маани
өзгөчөлүктөрдү жаратуу менен, белгилүү бир максат-мүдөөгө багытталат. Семанти-калык
компоненттердин карым-катышы, байланыш мүнөзү, логика-лык биримдүүлүгү,
системалуулугу, интонациялык-айтымдык жабды-лышы, белгилүү бир максаттык
функциясы структуралык бүтүндүктү түзөт. Айрым окумуштуулардын: «Башка
структуралардай эле, сүйлөмдүн семантикалык структурасы анын элементтеринин
ортосун-дагы мамилелерден жана чырмалышкан көз карандылыктардан турган бүтүндүк»
(Ю.Степанов. 1966: 117). «Ошондуктан сүйлөмдүн семан-тикалык-структуралык
спецификасын ачып берүү үчүн компонент-тердин спецификасын, алардын уюшулушун
жана карым-катыш мүнөзүн аныктоо зарыл. Бул үчүн аталган элементтердин кантип
калыптангандыгын 
билүү 
керек. Сүйлөмдүн 
семантикалык 
структу-расынын
калыптанышы кандай татаал болсо, анын элементтеринин жаралышы да ошончолук
татаал» (И.Х.Ахматов. 1983: 74). «Бардык синтаксистик структура сүйлөм тутумундагы
элементтердин байланы-шынын саны менен гана эмес, байланышынын мүнөзү боюнча да
аныкталат» (Г.А.Золотова, 1973: 14), «Сүйлөмдүн семантикалык структурасы
семантикалык компоненттерден: предикат, субьект, обьект, конкретизатор, атрибуттан
турат. Булар компоненттердин жөн гана жыйындысы эмес, а өз ара түркүмдөшкөн
мүнөзгө ээ жыйын-тыктуу синтез» (С.Н.Абдуллаев. 1992: 10), - деп айткандары өйдөдөгү
биздин көз карашты бекемдеп турат.
Ошентип, сүйлөмдүн семантикалык структурасынын калыпта-нышы, анын негизи:
1) сүйлөм тутумундагы семантикалык компонент-тери, алардын функциялары; 2) сүйлөм
түзүлүшүндөгү компонент-тердин грамматикалык байланышы, синтаксистик катышы; 3)
сүйлөм компоненттеринин синтаксистик позициясынын спецификасы жана бул
позицияны категориалдык-лексикалык толуктоо; 4) сүйлөм компоненттеринин өз ара
мамилелеринин, катышынын таасири, жыйынтыктары, алардын мүнөзү; 5) лексикалык
жана синтаксистик семантиканын өз ара аракеттенишүүсү аркылуу жүзөгө ашырылат.




Достарыңызбен бөлісу:
  1   2




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет