5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Мугалим: Балдар, кандай деп ойлойсуңар? Ушундай заманда биз боорукер боло  алабызбы?  1-окуучу



Pdf көрінісі
бет11/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Мугалим: Балдар, кандай деп ойлойсуңар? Ушундай заманда биз боорукер боло 
алабызбы? 
1-окуучу: Чатырга уя салган бактекке жасалган мамилени боорукердиктин 
чыныгы үлгүсү деп айтсак болот. Ушундай заманда бирөөгө жакшылык жасоо деле 


18 
кыйындап калгандай. Бирок мен ар дайым адамдарга жакшылык гана кылам деп 
убада бере алам. 
2-окуучу: Эмне үчүн боорукер боло албайбыз? Боорукер болууга да замандын 
тиешеси барбы. Кайсыл учур болбосун боорукердик жасоо инсандык улуу парз 
катары саналат деп ойлойм. Демек мен да ушул парзды аткарам. 
3-окуучу: Абдыкерим Муратов сунуштаган аңгемелерди экинчисин мисалга 
алгым келет. Артынан акмалап жамандык кылууга камынып жүргөн адамга 
жакшылып кылып, аны өлүмдөн куткаргандын өзү эмне деген улуулук. Мына ушуну 
боорукердик деп айтсак болот. 
4-окуучу: Боорукердик менен мээримдүүлүк эриш-аркак жүргөн сапаттар деп 
айтсак болот. Анткени мээримдүү адам гана боорукердик иштерди жасай алат.
Тарбиялык саатты жыйынтыктоо: 
Мугалим: Урматтуу окуучулар, боорукердик жана мээримдүүлүк жөнүндө 
жакшы ойлорду айттыңар. Ушул айткан ойлоруңар ылайым жүзөгө ашсын. Силер ар 
дайым мээрим чачкан, боорукердик үчүн кучагыңарды кенен ачкан, таза дилдүү, 
ыймандуу инсан болгула. Бирөөгө жакшылык кылууда, мээрим төгүүдө бүт ааламга 
жылуу нурун чачкан күн сыяктуу болгула.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 


19 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет