№5 сабак
БИРӨӨНҮН КЕМЧИЛИКТЕРИН ЖАШЫРУУДА
КАПКАРАҢГЫ ТҮНДӨЙ БОЛ
Тарбиялык сааттын максаты:
➢
окуучулар бирөөнүн кемчиликтерин жашырууга үйрөнүшөт;
➢
адамдардын жакшы сапаттарын байкоого аракеттенишет;
➢
ыксыз жерден бирөөнү жамандабоо керек экендигин түшүнүшөт;
➢
бир сырдуу болуу, айтылган сырды сактоо керек экендигин билишет.
Тарбиялык саатты өткөрүүнүн формасы:
топтук таанытым (презентация), 5 мүнөттүк эркин жазуу
Керектелүүчү каражаттар: ар бир окуучуга жете турганА4 кагазы, флипчарт
(ватман), маркерлер, скотч.
Тарбиялык саатка даярдык:
➢
окуучулар 1ден 3кө чейин санашып үч топко бөлүнүшөт;
➢
ар бир топко сунушталуучу текстти даярдоо;
➢
сунушталган тексттеги кырдаалдардын чечүүнүн жолдорун сунуштоо жана
аларды флипчартка (ватманга) жазуу;
Тарбиялык сабактын жүрүшү:
Мугалим сабакты «Шеригиңди тааныштыр» оюну менен баштайт. Оюн
төмөндөгүдөй тартипте өткөрүлөт:
Шеригиңди тааныштыр
Окуучулар экиден жуп болуп турушат. Мугалим баштоого көрсөтмө бергенде
кезек менен бири-бирин тааныштыра башташат. Мисалы: Бул менин досум. Аты
Самат. Мүнөзү токтоо. Көп күлбөйт. Классташтарынын баарына бирдей
мамиле жасай билет. ж.б.у.с Шериктерин тааныштырууда терс сапаттарын айтып,
келекелөөгө жол берилбейт. Оюндун максаты бири-биринин жаман сапаттарын жаап
жашырып жакшы сапаттарын ашкерелөөгө үйрөнүү.
Оюн ойнотулуп бүткөндөн кийин окуучулар 3 топко бөлүнүп олтурушат. Ар бир
топтун башчысы чыгып мугалимдин колундагы кагазды суурушат. Кагаздарда
төмөндөгүдөй жазуулар болот: №1, №2, №3. Сууруп алган кагазына жараша топторго
тексттер берилет.
1-топ №1 кырдаалды талдайт:
Достарыңызбен бөлісу: |