Урматтуу студент! Материалда ката болушу мүмкүн. Кагазга чыгараардын алдында текшерип чыгыңыз. Students com kg



Дата03.01.2022
өлшемі108.5 Kb.
#450965
Кыргыз тилинин фразеологиясы



Урматтуу студент! Материалда ката болушу мүмкүн. Кагазга чыгараардын алдында текшерип чыгыңыз.
Students.com.kg

Кыргыз тилинин фразеологиясы


Маселелер:

1. Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк.

2. Фразеологизмдер жана алардын мүнөздүү белгилери.

3. Фразеологизмдердин негизги типтери.

4. Фразеологиялык синонимдер, омонимдер, антонимдер.

1. Фразеология – тил илиминин бир бөлүгү. Ал өз алдынча

лингвистикалык тармак болуп 50-жылдары калыптанган. Биздин

өлкөдө анын өнүгүшү советтик тилчи академик В.В.Виноградовдун

ысмы менен байланыштуу. Ал фразеологизмдерди изилдөөнүн

маселелерин аныктап, алардын түрлөрүн ажыратуу менен

фразеологияга негиз салган. Фразеологиянын изилдей турган

обьектиси- тилдин туруктуу сөз айкаштары, башкача айтканда

фразеологизмдер. «Фразеология» деген термин гректин «фраsиz» -

«түрмөк айкалыш» жана «logos» - «сөз, илим» деген сөздөрүнөн

алынган.

Фразеологизмдер – тилибиздин көркөм сөз каражаттарынын

бири. Мындай сөздөргө кыргыз тили абдан бай. Тээ илгертеден эле

ата-бабаларыбыз кептеринде фразеологизмдерди кеңири колдонушкан.

Буга элдик оозеки чыгармалар күбө боло алат. Кыргыз тилиндеги

фрзеологизмдерге биринчи жолу Ж.Шүкүров илимий жактан изилдөө

жүргүзгөн. Анын «Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкаштар

жөнүндө» деген 1956-жылы Кыргыз ССР ИАсынын Тил жана адабият

институтунун жыйнагында жарык көргөн макаласы

фразеологизмдерге арналган кыргыз тилиндеги алгачкы эмгек болуп

саналат. Андан бери көп жылдар өттү. Фразеология боюнча жалпы тил

илиминде да, түркологияда да (анын ичинде кыргыз тилинде) илимий

иштер иштелип, көптөгөн макалалар жарык көрдү. Фразеологизмдер

ар тараптан изилдөөгө алынды. Натыйжада фразеология тилдеги

өзгүнчө көркөм сөз каражаттары болгон туруктуу сөз айкаштарын

изилдей турган тил илиминин өзүнчө бир бөлүмүнө айланды. Изилдей

турган обьектиси такталды. Бул ишке өз салымдарын кошкон

Ж.Шүкүровдон кийин Ж.Осмонова, Ж.Мамытов, Ж.Мукамбаев,

Б.Суранчиева, А.Назаров, Ж.Чыманов, Р.Токсоналиева, Р.Эгембердиев

ж.б. окумуштуулар болду. Азыр да тилибиздин бул тармагы илимий-

теориялык, практикалык, методикалык жактан иликтенүүдө. Мисал

катары, 2001-жылы Ж.Осмонова, К.Коңкобаев, Ш.Жапаровдор

тарабынан кайрадан толукталып, 7980 туруктуу сөз айкашын камтыган

«Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүн» атасак болот.

2. Тилдеги синоним, омоним, антоним, историзм, диалектизм

сөздөрү сыяктуу эле фразеологизмдердин да өзүнө тиешелүү

белгилери бар.

Алар:


1) кепте даяр материал катары колдонулушу;

2) компоненттүүлүгү;

3) маани жактан ширелип, лексикалык бир бүтүндүктө

болушу;


4) образдуулугу;

5) туруктуулугу;

6) сүйлөмдө синтаксистик жактан бир мүчөнүн,

морфологиялык жактан бир сөз түркүмүнүн милдетин

аткарышы.

Ар бирине өзүнчө токтолсок:

1) Тилде даяр материал катары колдонулушу –

фразеологизмдерге мүнөздүү болгон эң негизги белги. Алар адам

сүйлөп жаткан учурда эркин сөз айкаштары сыяктуу кайрадан түзүлүп

отурбастан (тамак ичүү, кызыл алма, жардам берүү, биринчи китеп

ж.б.), илгертеден эле кепте тил бирдиги катары колдонулуп, тил

казынасына сиңип калган.

Мисалы: кол ийрисине тартуу, мыйыгынан күлүү, сары майдай сактоо,

ташка тамга баскандай, эрдин кесе тиштөө, эшек такалоо ж.б.

2) Компоненттүүлүгү. Фразеологизмдер эки же андан көп

компоненттерден турат. Алардын сөз делбей компонент деп

аталышынын себеби фразеологизмдердин тутумундагы сөздөр ар бири

өзүнүн барген маанисинде колдонулбастан, жалпы биригип бир

маанини бергендигине байланыштуу, б.а. бүтүндүн бир бөлүгүн түзүп

туруучу элемент компонент деп аталат.

Төмөнкү фразеологизмдер: колу жука, жайыл дасторкон, оозу

ачык, ак таңдай, алдына түшүү (2 компоненттен); ала жипти аттабаган,

жумурткадан кыр чыгаруу, куурай башын сындырбоо, жалпак тилге

салуу, капталынан күн көрүнүү - 3 компоненттен; жүргөн жерине чөп

чыкпаган, бешиктен бели чыга элек, кара жанды карч уруу, салкын көз

менен кароо – 4 компоненттен; ал эми бармак басты, көз кысты

кылуу; мүйүз тилейм деп кулагынан ажыроо; мурдунан эшек курту

түшө элек; таман акы, маңдай тери кайтуу; эки бакыр, бир тукур болуп

– 5 компоненттен турат, ары карап ыйлап, бери карап күлүү; отуну

менен кирип, күлү менен чыгуу; оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан;

оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук; ооз ачып өпкөн, көз

ачып көргөн ж.б. фрaзеологизмдер 6-8 компоненттен турат.

3) Маани жактан ширелишип бар бүтүндүктө болушу.

Жогоруда айтылгандай фразеологизмдердин компоненттери

өздөрүнүн алгачкы лексикалык маанилеринен толук же жарым

жартылай алысталып, маани жактан өз ара ширелишип,

фразеологиялык бир мааниге биригишет. Мисалы: жылдызы жарык –

сүйкүмдүү; арасынан кыл өтпөгөн – ынтымак; төбөсү көккө жетүү –

кубануу; ат тезегин кургатпай – тез-тез; тарс эсинен чыгуу – унутуу

ж.б. Бирок бардык эле фразеологизмдерди синоним сөз менен

алмаштырууга болбойт. Кээ бир учурда алардын маанисин бир нече

сөздөр же сүйлөмдөр менен түшүндүрүүгө туура келет. Мисалы:

карышкырга кой кайтартуу; кашыктап жыйып, чөмүчтөп чачуу; сакасы

алчы конуу; тилинен бал тамуу; түндүктөн түшкөн ууру ж.б.

4) Образдуулугу. Фразеологизмдер жөнөкөй сөздөн затты же

анын белгилерин атоодо, кыймыл-аракеттин түрдүү кырдаалы ж.б.у.с.

нерселерди элестүү туюндуруусу менен айырмаланат. Маселен, эч

кимге кара санабаган, жамандык ишке барбаган, бирөөнүн бир

нерсесине көз артпаган, жоош, момун адамдардын асыл сапаттарын;

адилеттикти, бардыгына тең караган калыстыкты таамай жана

таасирдүү туюндуруш үчүн ала жипти аттабаган, кой оозунан чөп

албаган, кара кылды как жарган сыяктуу; эпчилдикти, кылдаттыкты,

айлакерликти камырдан кыл сууругандай; кара суудан каймак алуу;

биттин ичегисине кан куйган деген сыяктуу; көрө албастык, ичи

тарлык, өзүмчүлдүк, кыйкымчылдык сыяктуу жаман адаттар ичине

кара таруу айланбоо; өз көмөчүнө күл тартуу; жумурткадан кыр

чыгаруу; кылдан кыйкым табуу; кылдан кыя бастырбоо сыяктуу

фразеологизмдер менен туюндурсак, же «Берекелүү күз» дегенди «Ак

төөнүн карды жарылган күз» деп, же болбосо «Жакшылап издеп,

сөзсүз таап кел» дегенди «Сары изине чөп салып, жерден чукуп болсо

да таап кел» деп кебибизде фразеологиялык сөздөрдү ыктуу

колдонсок, айтайын деген оюбуз ары таасирдүү, ары көркөм, ары

образдуу да болот. Образдуулук дайым эле ачык боло бербейт, бирок

аздыр-көптүр болсо да байкалат. Мына ушул образдуулук белгиси

фразеологизмдерди тилибизде көркөм сөз каражат катары

колдонулушун шарттайт.

5)Туруктуулугу.Фразеологизмдердин дээрлик көпчүлүгүнүн

составындагы компоненттери бири-биринен ажырабай туруктуу

келишет. Компоненттердин бирөөнү эле алып салсак, же ордун

которуштурсак, фразеологизмдин мааниси чыкпай калат. Бирок

бардык эле фразеологизмдерди түзүүгө катышкан сөздөрдүн орун

тартиби такыр ажырагыс деп айтуу туура эмес. Бул белги айрым

учурда бузулат. Сөздөрдүн кошулуп же кемитилип айтылышы, орун

тартиби сакталбаган учурлары да кездешет. Бул негизинен ыр

түзүлүшүндө муун өлчөмүн, уйкаштыкты бузбоо үчүн жана көркөм

чыгармаларда стилистикалык максатка ылайык колдонулат.

Мисалы:

1. «Айтканда тилим албасаң,

Бармагыңды бир жерде

Кесе тиштеп калаарсың». («Жаныш-Байыш»)

2. «Канаттууга кактырбай,

Калкын жоодон сактаптыр.

Калың кыргыз коопсуз,

Жергесин душман баспаптыр.

Тумшуктууга чокутпай,

Туурун жоодон сактаптыр».

(«Карач-Көкүл» баяны)

3. Ушундай болот деп үч уктаса Танабайдын түшүнө кирди

бекен. (Ч.А.)

6) Сүйлөмдө синтаксистик жактан бир гана мүчө,

морфологиялык жактан бир сөз түркүмү болушу. Фразеологизмдин

составындагы ар бир компонент өз алдынча сөз катары

колдонулбагандыктан алардын жалпы суммасы бир маанини

билдиргендиктен, ар бир компонент өз алдынча сүйлөм мүчөсү, сөз

түркүмү да боло албастыгы келип чыгат. Мисалы:

1. Кара жаак, жез таңдай

Баары келсин тоюма. («Манас»)

2. Үчөөбүз жыйып келген нанды бир үйлүү киши чай менен

ичип өзөк жалгадык. (М.Э.)

3. Кара кылды как жарган

Кан Бакай сөзүн баштады. («Манас»)

4. Ачык оозго сөз айтпа,

Сырты коозго көз артпа. («Манас»)

5. Ташчайнар менен Акбара башы ооган тарапка бет алышып,

кулак уккус, көз көргүс жакка жортуп баратышты. (Ч.А.)

Мисалга алынган фразеологизмдер бир гана суроого жооп берип

1-сүйлөмдө сүйлөм мүчөсү боюнча ээ; сөз түркүмү боюнча заттанган

сын атооч; 2-сүйлөмдө баяндооч жана этиш; 3-сүйлөмдө аныктооч

жана сын атооч;4-сүйлөмдө толуктооч жана заттанган сын атооч; 5-

сүйлөмдө бышыктооч жана тактооч; аныктооч жана сын атоочтордун

милдетин аткарышты.

Фразеологизмдердин жогорку аталган белгилеринин

негизинде аныктама чыгарабыз. Демек, тилдеги эки же андан көп

компоненттен туруп, пикир алышууда даяр материал катары

пайдаланылып, мааниси тутумундагы жеке сөздөрдүн семантикасынан

алыстап, ширелишкен бир бүтүндүктү түзгөн, образдуулук касиетке ээ

болуп, сүйлөмдө сүйлөм мүчөсүнүн жана сөз түркүмүнүн биринин

гана кызматын аткарган туруктуу сөз айкашы фразеологизм деп

аталат.

3.Фразеологизмдердин негизги типтери.

Фразеологизмдердин структуралык жана семантикалык жактан болгон

бирдиктүүлүгүн эсепке алып, швейүариялык атактуу лингвист Шарль

Балли эркин сөз айкаштарынан айырмаланган негизги өзгөчөлүктөрүн

аныктап, алардын классификаүиясы жөнүндө илимий чөйрөгө

оригиналдуу оюн айткан. Бул окумуштуунун идеясын кийин орус

окумуштуусу В.В.Виноградов өнүктүрүп, фразеологизмдерди

классификаүиялоонун азыркыга чейин колдонулуп келе жаткан

төмөнкүдөй үч тиби аныталып, сунуш кылынган:

1) фразеологиялык ширешме;

2) фразеологиялык бирдик;

3) фразеологиялык айкаш.

Фразеологиялык ширешме. Составындагы сөздөрдүн

лексикалык маанисине эч кандай байланышы жок, алардан өзгөчө

жана ушул туруктуу сөз айкашын камтыган бирдиктүү мааниге ээ

болуп колдонулуучу фразеологизмдер фразеологиялык ширешме деп

аталат. Составдык бөлүктөрү структуралык жактан да семантикалык

жактан да өз ара ширелишип, бир бүтүнгө биригип кеткен ар бир

түгөйүнүн баштапкы мааниси өз алдынчалыгын жоготот да, мында

ушул сөз айкашы аркылуу туюнтулган жалпы жана бирдиктүү маани

гана үстөмдүккө ээ болот. Мисалы: ат үстүнөн деген фразеологиялык

ширешме «үстүртөн», «жеңил-желпи», төбө чачы тик туруу –

«коркуу», иттин кара капталынан – «арбын», «мол», ак төөнүн карды

жарылган – «береке жайнаган», «бышыкчылык кененчилик»,

колтугуна суу бүркүү – «бирөөгө каршы шилтеп, тукуруп коюу»,

«көкүтүү», бөйрөктөн шыйрак чыгаруу - «жок нерселерди айтып таба

берүү», «кыйкым таап айыптагысы келүү», итке минип калуу –

«томаяк болуп калуу», «аябай жакырлануу»- сыяктуу

фразеологизмдерде жалпы фразеологиялык маани менен составындагы

компонеттердин маанилеринин ортосундагы байланыш байкалбайт.

Фразеологиялык бирдик. Фразеологизмдин жалпы мааниси

аздыр-көптүр болсо да компонеттеринин маанилери менен байланышы

бар сыякталып сезилген фразеологизмдер фразеологиялык бирдик деп

аталат. Буга мисал катары төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот : эки тамчы

суудай -«окшош», кулак мурун кескендей – «жымжырт», күлүн көккө

сапыруу – «талкалоо», оозун араандай ачуу – «таңдануу», ыргыткан

ташы өйдө кулоо – «иши оңолуу», күйбөгөн жери күл болуу –

«ызалануу», күлгө оонаган күчүктөй – «карала-торала, ыпылас»,

күндүн мурду чыкканда – «эртең менен эрте», эки күндүн биринде, ат

тезегин кургатпай– «бат-бат» ж.б.

Фразеологиялык ширешмеден фразеологиялык бирдик

төмөнкүдөй белгилери боюнча өзгөчөлөнөт:

1) Фразеологиялык ширешмеде азыркы кезде жалпы маани

менен компонеттердин маанилеринин ортосунда эч байланыш жок

болсо, фразеологиялык бирдиктин жалпы маанисин курамындагы

сөздөрдүн маанилерине карай түшүнүүгө болот.

2) Фразеологиялык бирдикте фразеологиялык ширешмеге

караганда курамындагы сөздөрдүн ортосундагы байланыш

бошоңураак. Ошол себептен булардын арасына анча-мынча сөз

кошууга жана компонеттеринин бир-экисин башка сөздөр менен

алмаштырууга мүмкүн.

Мисалы:

куркулдайдын уясын тааптыр – үкүнүн уясын тааптыр;

ыргыткан ташы өйдө кулоо – ыргыткан ташы өргө кулоо;

төбөсү көккө жетүү – төбөсү асманга жетүү – төбөсү айга жетүү;

таяк жеө – токмок жеө;

үч уктаса түшкө кирбеген – үч уктаса түштө жок ж.б.

Фразеологиялык ширешме менен фразеологиялык бирдиктин

ортосунда жогоруда көрсөтүлгөн айырмачылыктар менен бирге

жалпылыктар да арбын. Ошондуктан фразеологизмдердин бул эки

тибин ажыратууда көп учурларда кыйынчылыктар кезиге тургандыгын

бир катар окумуштуу тилчилер белгилешет. Ошол себептен

фразеологиялык ширешме менен фразеологиялык бирдикти идиома

деген термин менен да белгилешет.

Фразеологиялык айкаш. Жалпы мааниси курамындагы

сөздөрдүн эркин жана фразеологиялык жактан көз каранды

маанилеринен турган туруктуу сөз айкашы фразеологиялык айкаш деп

аталат. Мисалы: кол көтөр, чара көр, тил ал, тилге кир, тилге кел, баш

көтөр, көз сал, көз чаптыр, көз жазгыр, көздөн кайым бол, көз

байланганда, кымча бел, кумурска бел, сары майдай сактоо, көкөйүнө

көк талкандай тийүү, атагы таш жаруу, үшкүрүгү таш жаруу, ийиктей

имерилүү, сүттөн ак ж.б.

Мындай түрмөктөр компоненттеринин ортосундагы

синтаксистик байланыш жагынан эркин сөз айкашынан

айырмаланбайт, башкача айтканда аларды сүйлөм мүчөлөрүнө

ажыратууга боло тургандай сыяктанат. Бирок бул байланыш туруктуу,

дайыма кайталанып турат жана тилде мурдатан эле даяр болот.

Мисалы, чара көр, чарасын көрдү деген сөз тизмегиндеги көр, көрдү

дегенди баяндооч, чара, чарасын дегенди толуктооч деп ажыратууга

болбойт. Бул эки компонент тизмектешип туруп бир маани берип

жатат. Мындан башка, фразеологиялык айкалышта компоненттеринин

бирөө белгилүү гана сөздөр менен айкалышып, эркин эмес,

фразеологиялык көз каранды мааниде колдонулат. Жогоруда

келтирилген мисалдардан, көздөн кайым бол, көз жазгыр, көз

кайкыган деген сөз тизмектерин алып көрсөк, андагы кайым бол,

жазгыр, кайкыган деген сөздөр, сөзсүз көз деген таяныч сөз менен гана

айкаша тургандыгы ачык сезилип турат.

4.Фразеологиялык синонимдер, омонимдер, антонимдер.

Кыргыз тилиндеги синонимдердин пайда болушунун бир булагы

катары фразеологиялык синонимдер жөнүндө мурунку лекүияларда

сөз кылып, төмөндөгүдөй мисалдарды келтирген элек: бат-тез-дароо-

ылдам-чапчаң-көз ачып-жумганча - бир заматта - алеки заматта – каш-

кабактын ортосунда – айта-буйта дегиче; сүйүнүү - кубануу- маңдайы

жарылуу- кубанычы койнуна батпоо - жүрөгү жарылуу - төбөсү көккө

жетүү - чечекейи чеч болуу; өкүнүү - бармагын тиштөө - оозун

кармануу; калп-жалган - беш өрдөгүн учуруу; кылдан кыйкым табуу -

жумурткадан кыр чыгаруу; күлүн көккө сапыруу - ташын талкан

кылуу - тополоңун тоз кылуу; эгиз козудай – союп каптап койгондой;

ашкан чебер - колунан көөрү төгүлгөн ; таң кулан өөк атканда - таң

супа садык чалганда – таң кылайганда ж.б. Кыргыз тилинде

фразеологизмдер жөнөкөй сөздөргө синоним болуп түшүү менен бирге

эле, мааниси бири-бири менен жакын, бирдей маанини туюнтканы да

арбын кездешет.

1980-жылы жарык көргөн «Кыргыз тилинин фразеологиялык

сөздүгүнүн» баш сөзүндө Ж.Осмонова: «Фразеологизмдердин

варианттары жана синонимдердин ар бири - өз алдынча

фразеологизм. Ошондуктан ар бири алфавит тартибине ылайык өз - өз

ордунда берилет да, мааниси түшүндүрүлүп, тийиштүү

иллюстраүиялык материалдар менен жабдылат. Маселен, каны катуу -

тили оозуна батпоо; жети өмүрү жерге кирүү - бетинен оту чыгуу -

өлбөгөн төрт шыйрагы калуу; тил эмизүү - иттен чыгаруу, иттин кара

капталынан - чач этектен; ак эткенден так этүү - ичкен ашын жерге

коюу - эки көзү төрт болуу ж.б. фразеологизмдер өз ара синонимдик

катышта турат.

Фразеологиялык варианттар - бир эле фразеологизмдердин ар

түрдүү өзгөрүлүп айтылган түрлөрү. Алар маанилери жана

синтаксистик касиети боюнча айырмаланбастан, лексикалык

составы жагынан гана жарым-жартылай айырмаланат, же

составындагы сөздөрдүн формасы, алган орду боюнча

өзгөчөлөнөт» деп белгилейт.

Фразеологиялык варианттардын төмөндөгүдөй түрлөрү бар:

1. Лексикалык вариант. Фразеологизмди түзүүчү компонеттеринин

бирди - жарымынын башка сөз менен алмаштырылышы аркылуу

түзүлгөн варианттары. Мисалы: куркулдайдын уясын табуу -

үкүнүн уясын табуу; аарынын уюгуна тийүү - жыландын уюгуна

тийүү; ажыдардын куйругун басуу - жыландын куйругун басуу; ай

жамалдуу- ай жүздүү - ай чырайлуу; көзү тирүү - эти тирүү; күлүн

көккө сапыруу – күлүн асманга сапыруу: жонунан кайыш алуу -

жонунан кайыш тилүү; асман айга түйүлүү - асман бою түйүлүү;

алчы таасын жеген - алчы таасын мүлжүгөн - алчы таасын

кемирген; кекиртегин талга илүү - кекиртегин талга асуу ж.б.

2. Фонетикалык вариант. Фразеологизмдин курамындагы айрым

сөздүн тыбыштык жактан анча-мынча айырмаланышынан

түзүлгөн варианттары. Мисалы: ыргыткан ташы өргө кулоо -

ыргыткан ташы өйдө кулоо; ыйманы учуу - ыманы учуу; ыйманы

ысык - ыманы ысык; жети өмүрү жерге кирүү- жети омуру жерге

кирүү ж.б. Фразеологизмдин фонетикалык варианттары сейрек

учурайт:

3. Квантативдик (сандык вариант). Фразеологизмдердин түзүүчү

компоненттеринин сан жагынан өзгөртүүгө учурашынан, б.а.

толук, же толук эмес колдонулганынан пайда болгон

варианттары. Мисалы: Ак жолуң ачылсын! – Жолуң ачылсын!;

жүрөгүнүн сары суусун алуу- жүрөгүнүн суусун алуу; бетке кара

көө жабуу - бетке көө жабуу; төбө чачы тик туруу - чачы тик

туруу; сары изине чөп салуу - изине чөп салуу; жылдызы жерге

түшүү - жылдызы түшүү; эки колун мурдуна тыгуу - колун

мурдуна тыгуу; кабагын карыш салуу - кабагын салуу; кара жанды

карч уруу - жанды карч уруу; канаттууга кактырбай, тумшуктууга

чектирбей - канаттууга кактырбай ж.б.

4. Грамматикалык вариант. Түзүүчү компоненттеринин

грамматикалык формаларынын, же орун тартибинин

өзгөрүүлөрүнүн натыйжасында пайда болгон

фразеологизмдердин варианттары грамматикалык вариант деп

аталат. Мындай өзгөрүүлөрдөн фразеологизмдин мааниси

өзгөрбөйт. Мисалы: Таш боор - боору таш; каны кызуу - кызуу

кандуу; бети кара - кара бет; ачык ооз - оозу ачык; бир кишидей

бар экен - бир кишиче бар экен; мурду балта кеспөө - мурдун

балта кеспөө; ана - мына дегиче – андай - мындай дегиче ж.б.

Фразеологиялык варианттардын аталган түрлөрү ар

түрдүүчү алмашылып келүүнүн натыйжасында тилибизде көп

варианттуу фразеологизмдердин пайда болгондугун көрөбүз.

Мисалы: Акесин таанытуу - акесин көзүнө көрсөтүү - атасын

көзүнө көрсөтүү - жети атасын таанытуу - жети атасын көзүнө

көрсөтүү - чоң атасын таанытуу - бабасын таанытуу; Ач кенедей

асылуу - ач кенедей жабышуу - акидей асылуу – ач кенедей

жармашуу - ач күзөндөй асылуу - чап кенедей жармашуу ж.б.

Сөз сыяктуу эле фразеологизмдер да бир маанилүү жана көп

маанилүү болушат. Бир маанилүү фразеологизмдерге төмөнкү

мисалдарды келтирсек болот: адалдан түгү жок («колунда малы

жок, жарды»); ай айланып, жыл тегеренбей («анча көп убакыт

өтпөй, тез эле, аз эле убакыттын ичинде»), алты саны аман («дени

таза, алдуу, күчтүү»); ат жалына казан асуу («жол жүрүп, ат

үстүндө кетип бара жатып, жанына ала жүргөн азык зат менен

тамактануу, өзөк жалгоо); беш колундай билүү («жат, бардыгын

толук билүү»); бешиктен бели чыга элек («бойго жете элек, эр

азамат боло элек, өсүп жетиле элек, жаш»); биттин ичегисине кан

куйган («өтө бышык, абдан тың»); күлү бир жерде додо болбоо

(«бир жерге байыр алып турбоо, турук албай ар кайсы жерде көчүп

жүрө берүү») ж.б.

Фразеологизмдер да көп маанилүү сөздөр сыяктуу бир нече

мааниге ээ болот, башкача айтканда, бир нече түшүнүктү туюнтат.

Фразеологизмдердин ар башка маанилери сөздүктөрдө араб

үифрасы менен номерленип берилет. Мисалы:

Иштен чыгуу

1) Жараксыз болуу, жарабай калуу, жөндөмдүүлүгүн жоготуу;

2) Бузулуу, талкалануу, иштебей калуу. Кол салуу

1) Бирөөгө катылуу, тийишүү, уруу;

2) Уруш баштоо, согуш ачуу;

3) Уурдоо, бүлдүрүү, бирөөнүн же көпчүлүктүн мүлкүн уруксаатсыз

өзүнө алуу;

4) Жеш үчүн умтулуп тиш салуу.

Көз кырын салуу

1) Каралашуу, жардам берүү;

2) Бир нерсени байкоо, көз жүгүртүү, астыртан кароо.

Төрт тарабы кыбыла

1) Телегейи тегиз, иши ордунда, бардыгы оюндагыдай,

каалагандай;

2) Каалаган жагына жол ачык, кайда барса өз эрки, жолу

бош ж.б.

Жеке сөздөгү көп маанилүүлүк менен омонимдерди

айырмалап карагандай эле, фразеологиялык омонимдерди да, көп

маанилүү фразеологизмдерден ажырата билүүбүз керек. Омоним

фразеологизмдердин маанилеринин ортосунда эч кандай

жакындык, байланыш болбойт. Мисалдар келтирсек:

Боору катуу

1) Таш боор, бирөөгө жан тартпаган, ырайымсыз;

2) Аябай күлүү, ыкшып күлкүсүн тыя албоо;

3) Чоңоюу, бойго жетүү, баралына келүү, толуу.

Каны кызуу

1) Өзүн - өзү токтото албаган, ачуусу чукул, жеңил мүнөздүү;

2) Ачуусу келүү, каардануу, жини келүү, кыжырлануу.

Тили катуу

1) Абдан катуу суусоо, чаңкоо;

2) Куштардын сайроо мезгили токтоп, сайрай албай калуусу ж.б.

Тилибизде фразеологиялык омонимдер өтө эле сейрек учурайт.

Тилибизде лексикалык антонимдер сыяктуу эле карама-каршы

мааниде колдонулган фразеологиялык антонимдер да бар. Мисалы:

Бал тилдүү («жагымдуу сүйлөгөн, сөзмөр») - уу тилдүү - («жан

кейитип жаман сүйлөгөн, ачуу тилдүү); Башы ачык («кудалашкан,

сүйлөшкөн жери жок, сөйкө салынбаган») - башы байланган

(«кудалашкан, сүйлөшкөн жери бар, сөйкө салынган»); Башы бышкан

– башы быша элек; Башын ачуу - башын байлоо; Кабагы ачык – кабагы

бүркөө; Ак жүрөк – кара жүрөк ; Көккө көтөрүү – жерге уруу ж.б.у.с.

бири-бирине карама-каршы маанидеги фразеологизмдер.

Академик Х.Карасаев: «Урматтуу жаштар! Тил байлыгыбыз –

эки кабаттуу. Биринчи кабаты – шайдоот болот. Аны адамдын

бардыгы эле билет. Экинчи, астыңкы кабаты – кишинин баардыгына

эле түшүнүктүү боло бербейт. Аны чечмелөө керек» деп

белгилегендей, кыргыз тилиндеги мындай көркөм, кооз, ажайып

сөздөрдү үйрөнүп, маанисин чечмелеп, аларды кайра кийинки муунга

үйрөтүп окутуу зор мааниге ээ. Фразеологизмдерди терең үйрөнүү



менен кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты, адеп-ахлагы, диний

ишенимдери жөнүндө маалыматтарга ээ болобуз.

Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет