11
- Акча, дүнүйө үчүн бирөөгө жаманчылык кылуунун чоң күнөө
экендигин
билбедиңби? Эгерде аны билген болсоң мындай ишке кол сунбас элең. Мен сени
кечирдим, арийне, инсан жамандык
кылган адамдан өч албоосу, анын күнөөсүн
кечүүсү зарыл. Эгер сен берген уудан көз жумсам, адамдарым сени тытып жибермек.
Ошондуктан тообо кылгын, акчага, дүнүйө-мүлккө
көз артып, бирөөнүн өмүрүнө
кастык кылбагын, - деди.
Ал адам ыйлап тообо кылды. Падышадан кечирим сурады,
коштошуп чыгып
кетти. Падыша бардык жигиттерине бул адамга таптакыр тийбегиле деп буйрук
берди.
Суроолор:
1. Падыша ал адамды эмне үчүн жазалаган жок?
2. Падыша ууну ичип, бирок, аман калуусунда кандай сыр бар деп ойлойсуңар?
3. «Инсан жамандык кылган адамдан өч албоосу, анын күнөөсүн кечирүүсү
зарыл» дегенди кандайча түшүнөсүңөр?
4. Жоомарттык дегенди кандай түшүндүңөр?
Достарыңызбен бөлісу: