5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


№5 сабак  БИРӨӨНҮН КЕМЧИЛИКТЕРИН ЖАШЫРУУДА



Pdf көрінісі
бет12/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

№5 сабак 
БИРӨӨНҮН КЕМЧИЛИКТЕРИН ЖАШЫРУУДА
КАПКАРАҢГЫ ТҮНДӨЙ БОЛ 
Тарбиялык сааттын максаты: 
➢ 
окуучулар бирөөнүн кемчиликтерин жашырууга үйрөнүшөт; 
➢ 
адамдардын жакшы сапаттарын байкоого аракеттенишет; 
➢ 
ыксыз жерден бирөөнү жамандабоо керек экендигин түшүнүшөт; 
➢ 
бир сырдуу болуу, айтылган сырды сактоо керек экендигин билишет. 
Тарбиялык саатты өткөрүүнүн формасы:
топтук таанытым (презентация), 5 мүнөттүк эркин жазуу 
Керектелүүчү каражаттар: ар бир окуучуга жете турганА4 кагазы, флипчарт 
(ватман), маркерлер, скотч.
Тарбиялык саатка даярдык: 
➢ 
окуучулар 1ден 3кө чейин санашып үч топко бөлүнүшөт; 
➢ 
ар бир топко сунушталуучу текстти даярдоо; 
➢ 
сунушталган тексттеги кырдаалдардын чечүүнүн жолдорун сунуштоо жана 
аларды флипчартка (ватманга) жазуу; 
Тарбиялык сабактын жүрүшү: 
 
Мугалим сабакты «Шеригиңди тааныштыр» оюну менен баштайт. Оюн 
төмөндөгүдөй тартипте өткөрүлөт: 
Шеригиңди тааныштыр 
Окуучулар экиден жуп болуп турушат. Мугалим баштоого көрсөтмө бергенде 
кезек менен бири-бирин тааныштыра башташат. Мисалы: Бул менин досум. Аты 
Самат. Мүнөзү токтоо. Көп күлбөйт. Классташтарынын баарына бирдей 
мамиле жасай билет. ж.б.у.с Шериктерин тааныштырууда терс сапаттарын айтып, 
келекелөөгө жол берилбейт. Оюндун максаты бири-биринин жаман сапаттарын жаап 
жашырып жакшы сапаттарын ашкерелөөгө үйрөнүү. 
Оюн ойнотулуп бүткөндөн кийин окуучулар 3 топко бөлүнүп олтурушат. Ар бир 
топтун башчысы чыгып мугалимдин колундагы кагазды суурушат. Кагаздарда 
төмөндөгүдөй жазуулар болот: №1, №2, №3. Сууруп алган кагазына жараша топторго 
тексттер берилет.
1-топ №1 кырдаалды талдайт: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет