5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


-окуучу: Мен уяңмын жана чынчылмын.  2-окуучу



Pdf көрінісі
бет23/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   19   20   21   22   23   24   25   26   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

1-окуучу: Мен уяңмын жана чынчылмын. 
2-окуучу: Мен болбогон ишке эле кыжаалат боло берем. 
3-окуучу: Мен айткан сөзүмө турганды жакшы көрөм. 
4-окуучу: Начар сапаттарымды жашырууга аракет кылам. 
5-окуучу: Өтө ишенчээкмин. 
6-окуучу: Өзүмдөн башкага эч качан ишене бербейм. 
7-окуучу: Жакшы сапаттарым көп эле деп ойлойм. 
8-окуучу: Достукту бекем сактайм. 
9-окуучу: Айтылган сырды эч качан жашыра албайм. 
10-окуучу: Көбүрөөк сүйлөп коём. 
11-окуучу: Сабырдуумун, токтоомун. 
Мугалим: Балдар, азаматсыңар! Силер өзүңөрдүн мүнөзүңөр жөнүндө 
жашырбай айттыңар. Бул эң туура кадам. Адам баласы эч качан өзүндөгү терс сапатты 
жашырбаш керек экен. Миң жашырган менен бир күнү ал сапат ашкере болот. 
Ошондуктан ар дайым кубулбай, бир калыпта жүрсөңөр анын үзүрүн албетте 
көрөсүңөр. Биз азыр силер менен башкача болуп өзгөрүүгө, өзүн башкача элестетүүгө 


33 
аракеттенген бир кумурсканын окуясын талдап көрөлү. Албетте, бул курт-
кумурсканын окуясы болгону менен мазмунунда адам баласынын турмушу каймана 
чагылдырылган. 
Өзгөргүсү келген кумурска 
Бала кумурска окшош күндөрдөн тажады. Ал ар дайым өзүн бир туугандарынан 
башкача сезе берчү. Дагы ошол адаты кармап үйүнөн чыгып саякаттап жөнөдү. 
Бир топ жол жүрүп ойноп жүргөн көпөлөктөргө кезикти. Кумурсканы көргөн 
көпөлөктөр:
-Сен кандай жаныбарсың? Бул жерде эмне кылып жүрөсүң? – деп суракка алып 
киришти. Кумурска булардан жалтанып койбой: 
- Мен көпөлөкмүн, - деди. Муну уккан көпөлөктөр боору эзилгенче күлүштү. 
Кумурсканын ачуусу келип: 
- Эмне күлөсүңөр. Мен көпөлөк болгум келет. Мага канат бергиле, - деди. 
Көпөлөктөр макул болушуп ага канат беришти. Бирок ал канчалык аракет кылса 
да уча албай койду. Буга ачууланган көпөлөктөр аны кууп жиберишти.
Кумурса андан ары жол улады. Бир топ мезгилден кийин ийнеликтерге кезикти. 
Аларга «Мен ийнеликмин» деп айтты. Бирок ийнеликтер анын сөзүнө ишенишпей, 
жандарына жакын жолотпой айдап жиберишти. 
Кумурска андан ары жүрүп олтуруп аарыларга кезикти. Өзүн «Мен аарымын» 
деп тааныштырган кумурскага аарылар жини келип чагып ташташты. Бардык денеси 
тулуптай болуп ишип, жанын коёрго жер таппай чуркап баратып жөргөмүштүн 
желесине чалынып калды. Тордон чыга албай көп убакыт жатты. 
Бир убакта жумуштан кайткан жөргөмүш желесине түшкөн кумурсканы көрүп:
- Сен кимсиң? – деп сурады. Кумурска өзүнүн ким экенин айта алган жок. Ал 
жөргөмүштүн балдарына жагып, аны дос кылууну, желе токууну үйрөтүүнү убада 
кылышты. Бирок балдарынын бул оюн энеси кабыл алган жок. Ал: 
- Жок балдарым, мындай болбойт. Ар ким өзүнө тиешелүү ишти кылган жакшы. 
Бул кумурска да, кумурска желе токуй алмак беле. Булар мээнеткеч, тынчыбаган 
жандар. Сен кумурска, өз үйүңө кайт, мурун кандай болсоң ошондой болуп жүрө бер. 
Башкача болууга умтулба. Сени кудай кумурска кылып жараткан, - деди. 
Муну уккан кумурска аябай ыйлап, өзүнүн ата-энесин, бир туугандарын издеп 
жөнөдү. Экинчи мындай окуяны жасабоого өзүнө өзү ант берди. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   19   20   21   22   23   24   25   26   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет