31
Тарбиялык саатты жыйынтыктоо:
Мугалим: Демек каарың келип ачууланганда үн чыгарбас балыктай болууну
үйрөнүшүбүз керек экен. Ачуусу келген адамдын ачуусун төмөндөгүлөрдүн
жардамы
менен басууга болот:
• жагымдуу сөз менен;
• жакшы мамиле менен;
• пикирин угуп, калыс
балоо менен;
• жан тарта сүйлөп, адилеттик кылып, жоошутууга аракеттенүү менен;
• түшүндүрүү, ынандыруу аркылуу;
• берилген убаданы аткаруу менен.
Каарың келсе капилет иш болуптур,
Карманбасаң жоболоңдуу жоруктур.
Шайтан өңдүү азгырган бул ачууну,
Эл окшотуп жин деп атап коюптур.
Ачуулануу шайтанга дос,
ишке кас,
Каардуу адам пил болсо да, итче пас.
Кыргыз айтат көңүлгө түй
жаш жигит,
Жиниң келсе, кызыл тилди тишке бас.
Достарыңызбен бөлісу: