5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет7/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Сахналаштыруу үчүн текст: 
Жоомарт падыша 
Бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, адилеттүү иш жүргүзгөн, зулумдук менен 
калыссыздыкты бүтүрүүгө жан үрөгөн бир падышаны көрө албаган жандар адам 
жалдап, ууландырышат.
Бирок уу берген адам качып кутула албайт. Аны падышанын кашына алып 
келишет.
Падыша ал адамдан: 
- Мага эмне үчүн уу бердиң? Максатың эмне эле? – деп сурады.
Ал адам: 
- Падышам, мен сиздин жоомарт адам экениңизди билемин. Душмандарыңыз 
мага миң алтын берип, сизди ууландырууну буюрушту. Акча үчүн абийиримди сатып, 
ушул жарабас ишти жасоого мажбур болдум. Өз ишиме өзүм кыжаалатмын, - деди.
Падыша ал адамдан миң алтынды алып мамлекеттин казынасына тапшырды. 
Анан ал адамга ачууланып: 
Жоомарттык 
Кайрымдуулук 
- марттык; 
- берешендик; 
- эр жигиттик; 
- сабырдуулук ж.б. 
- сезимталдык; 
- жөнөкөйлүк; 
- ыймандуулук; 
- ырахат алуу ж.б. 


11 
- Акча, дүнүйө үчүн бирөөгө жаманчылык кылуунун чоң күнөө экендигин 
билбедиңби? Эгерде аны билген болсоң мындай ишке кол сунбас элең. Мен сени 
кечирдим, арийне, инсан жамандык кылган адамдан өч албоосу, анын күнөөсүн 
кечүүсү зарыл. Эгер сен берген уудан көз жумсам, адамдарым сени тытып жибермек. 
Ошондуктан тообо кылгын, акчага, дүнүйө-мүлккө көз артып, бирөөнүн өмүрүнө 
кастык кылбагын, - деди. 
Ал адам ыйлап тообо кылды. Падышадан кечирим сурады, коштошуп чыгып 
кетти. Падыша бардык жигиттерине бул адамга таптакыр тийбегиле деп буйрук 
берди. 
Суроолор: 
1. Падыша ал адамды эмне үчүн жазалаган жок? 
2. Падыша ууну ичип, бирок, аман калуусунда кандай сыр бар деп ойлойсуңар? 
3. «Инсан жамандык кылган адамдан өч албоосу, анын күнөөсүн кечирүүсү 
зарыл» дегенди кандайча түшүнөсүңөр? 
4. Жоомарттык дегенди кандай түшүндүңөр?


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет