Аалиева гүлзат Карыбековна



бет3/5
Дата27.06.2016
өлшемі0.71 Mb.
#162675
1   2   3   4   5

2005, 2010-жылдары Кыргыз Республикасында болуп өткөн саясий окуялардан соң кыргыздарда 1992-жылдын 3-мартында туура чечим кабыл алдыкпы деген суроонун тегеретесинде Кыргыз Республукасынын мамлекеттик желегине карата да төмөнкүдөй карама-каршы пикирлер да жаралган:

ЗАМАНБАП КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РАСМИЙ ЖЕЛЕГИНЕ КАРАТА ТЕРС ПИКИРЛЕР

РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН РАСМИЙ ЖЕЛЕГИ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ТАРЫХЫЙ ТЕРС ОКУЯЛАР

Тилекке каршы, илимий адабиятта ар кыл түстөрдүн касиеттери тууралуу маалыматтар дээрлик жокко эсе. Кытайдын, Түркиянын, Вьетнамдын ж.б. мамлекеттердин желеги кызыл түстө болсо да, алар прогресс жолунда экендигине карабастан, кыргыздар тарабынан желектин кызыл түсү адамдардын төгүлгөн канынын түсү сымал кабыл алынып жатканы бекеринен эместир. Анткени, ар кандай маданияттарда колдонулган түстөрдүн айкалышы да кескин айырмалуу. Чоочун маданияттагы түстөрдүн айкалышы, оймо-чиймелер башка маданияттын өкүлдөрү үчүн ашкере ачык, же къңърт търдё оң, же терс кабыл алынышы мүмкүн.

Кыргыздын эң коркунучтуу каргышы «Түндүгүң өрттөнсүн!» эле. Орустар «Как назовешь корабль, так и он поплывет», - дегендей, желекте түндүктүн өрттөнгөнү жакшы жышаан эмес.

Желектеги нур чачыраган күн көз карандылыктын символу болгон күн карамага окшош. Бул эмне, Кыргызстан - күн карама өлкө дегенди билдиреби?


1863-жылы Россия империясына каршы чыккан поляк көтөрүлүшчүлөрүнүн желеги ак-кызыл-көк тилкелерден турган. Гитлер тарабынан Чехиянын аймагында түзүлгөн Богемия жана Моравия протектораттарынын расмий желеги да ак-кызыл-көк тилкелерден турган.

Тарых барактары Россия мамлекети ак-кызыл-көк тилкелерден турган желектин алдында жеңиштерге караганда жеңилүү ызасына арбын кириптер болгонун тастыктайт. Мисалы, орус-швед согушу маалында Нарванын алдындагы алгачкы салгылашка орустар эмнегедир дал ушул желек менен жоого аттанып, Петр I баштан кечирген алгачкы жеңилүү ызасын өмүр бою эсинен чыгарган эмес.

Орус-япон согушу да дал ушул желектин астында болгон. Дүйнөлүк биринчи согушка да Россия дал ушул желек менен аттанган. Ушул желектин астында Россия падышасынан баш тарткан. Бул желек астында ак гвардия салгылашып, акыр аягында большевиктерге багынып берген ж.б. (Караңыз: Мединский В. О русском пьянстве, лени и жестокости. Серия «Мифы о России – 1». – М., 2010).

Бирок, жогорудагы көз караштардын ээлери болгон кыргыз улутундагы скептиктердин сөздөрү кыска, ойлору мокок, аргументтери дээрлик жокко эсе. Колдо тийген жазуу жана оозеки материалдарга таянуу менен бул тематиканын тегеретесинде ой жүгүрткөнгө аракет жасап көрөлү.

Жогоруда айтылгандай, «Манас» эпосунда мамлекеттин расмий атрибуттарын чагылдырган туу, желек, асаба, байрак ж.б. аталыштагы бир нече түшүнүктөр бар. Ошолордун маани-маңызын эске албастан эле кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги эл арасында бир топ суроолорду туудурууда.



КЫРГЫЗДАРДЫН «МАНАС» ЭПОСУНДА СЫПАТТАЛГАН ЖЕЛЕГИНИН ЭЛЕМЕНТТЕРИНИН ЧЕЧМЕЛЕНИШИ

ЗАМАНБАП РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ПОЗИТИВДYY ДЕП ТАБЫЛГАН РАСМИЙ ЖЕЛЕГИ КАНДАЙ БОЛУУГА ТИЙИШ?

АКАДЕМИК А. Ч. КАКЕЕВ: Расмий түрдө Манас баатырдын туусу кызыл түстө болгон деп айтылууда. Эпоско кайрылсак, байыркы кыргыздар «туу» деп орус тилинде «древко» деп аталган жыгач таякты атаган. Сырты сыйрылган жыгач таяк булганбас ъчън аны кызыл тъстёгъ жошо менен жошолошкон. Туу желбиребейт, ал жерге сайылат. Кызыл тууга көк асаба илинген. Асабаны орусча «полотнище» дейт. Демек, мамлекеттик атрибут кызыл эмес, көк түстөгү чүпүрөктөн даярдалган. Мамлекеттик белги салтанаттуу, көрктүү болсун ъчън туу менен асаба бириккен жогорку капталга алтын түстүү байрак (орусча «бунчук») илинген. Туунун жогорку чокусуна найзанын учу сымал сайылган учтуу элемент - «желек» («наконечник») тагылган.

Жогоруда айтылгандай, Петр I орус кемелери үчүн ар кыл желектерди иштеп чыкканы менен, эмнегедир ал Россиянын расмий желегин бекиткен эмес. Россиянын расмий желеги 1858-жылы 11-июнда падыша Александр II тарабынан бекитилип, ал горизонталдуу тартипте жайгашкан кара (эң үстүнкүсү), сары (ортоңкусу) жана ак, же күмүш (астыңкысы) тилкелерден турган. Алгачкы эки тилкенин түсү падыша Павел I тарабынан бекитилген орус гербиндеги сары фондогу кара шумкардын түстөрүнө дал келет. Ал эми ак, же күмүш тилке Улуу Петр менен Екатерина IIнин гербдерине, о.э. Москва шаарынын гербинин түсүнө туура келет. Мындан сырткары, бул түстөр Россиянын кара топурагын, алтын жана күмүш кендерин символдойт.

Бул Россиянын чыныгы, нукура империялык желеги болгон. Бул желектин астында Россия крепостнойлук укукту жоюу менен демократиялык реформаларды ишке ашырып, орустун алтын рублына негизделген экономикалык прогрессти, колониалдык жеңиштерди башынан кечирген. Алгач Москва падышасынын штандарты катары пайда болгон бул желек азыр Россия Федерациясынын Президентинин штандарты катары жашап келет.



«Манас» эпосунда кыргыз эли курама журт, курама эл экени баса көрсөтүлүп айтылат. Дүйнөлүк тарых күбөлөгөндөй, дүйнөдө бир эле атадан тараган бир да эл жок. Ар бир адам ата менен энеге ээ болгон сыяктуу бардык этностор 2 же андан көп ар кыл этноско таандык болгон ата-бабадан тараган. Элдин эс-тутумунда чагылган жана бекем сакталып калган тарыхый окуялар, фольклористика, жөө жомоктор, жомоктор, уламыштар, ырлар ж.б. ырастагандай, элибиз байыркы замандагы монгол тектүү, търк тектүү, индоевропалык ж.б. элдерге, ал тургай, мистикалык керемет күчтөргө таандык уруулардын аралашмасынан пайда болгон. Байыркы индиялык мифологияга таяна турган болсок, анда адамзат Ману (Манас) деп аталган түпкү атадан тараган. Демек, кыргыздар, чындыгында эле, Манас атадан тараган эң байыркы эл.

«Руханияттын табияты мнемониялуу5. Бул болсо руханият материалдуу нерсеге айланат, кайрадан жаратылат жана социалдык да, жеке да эс-тутум аркылуу берилет дегенди туюнтат. Ошондуктан, эс-тутумдун жоголушу руханияттын жоголушуна тең маанилеш» (Бакиева Г. А. Психология познания // Социальная память и ее роль в развитии культуры и общества. - Бишкек, 2001. – С. 90). Жеңилген элдер өз дөөлөттөрү менен уникалдуу баалуулуктарынан айрылуу аркылуу манкуртка айланып, улут катары жиксиз жоголуп кетүү менен коштолгон мындай терс феномендерди байыркы жана жаңы тарыхтын мисалдарынан арбын кездештиръъгё болот. Баа жеткис дөөлөттөр менен баалуулуктардан куралган маданий өз алдынчалуулук адамды ар тараптан өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, ар бир элдин калың катмары менен адамдар тобунун башын бириктирет, аларды өткөн тарыхтан калган мурастардан күч-кубат алууга, башка маданияттардын эң мыкты үлгүлөрүн өздөштүрүүгө, өз маданиятын алардын эсебинен өнүктүрүүгө жана анын натыйжасында өздүк өнүгүү процессин алга сүрөөгө мажбурлайт. Мисалы, 2011-жылдын июль айында Ала-Тоо аянтынан белгилүү скульптор Т. Садыковго таандык эркиндикти туюнткан эстелик Батышка таандык түшүнүмдөргө таянылган автордун идеясы менен кыргыздардын менталитетине таандык этникалык стереотиптердин ортосундагы төмөнкүдөй карама-каршылыктардан улам алынылып салынган:



КЫРГЫЗДАРДЫН ЭТНИКАЛЫК СТЕРЕОТИПТЕРИ

ЭЖЕН ДЕЛАРУА, «ЭЛДИ ЭЭРЧИТКЕН ЭРКИНДИК» ЖАНА БАТЫШ МЕНТАЛИТЕТИНДЕГИ ЭРКИНДИКТИН ЭЛЕСИ

Кыргыз эркиндикти аял сымал элестетпейт. Эркиндик болуп көчмөн турмуштун өзү саналган. Чындыгында эле, көпчүлүк изилдөөчүлөр белгилегендей, индивиддин курчап дүйнө менен таттуу мамиледе болгон чыныгы, нукура эркиндиги көчмөндөргө гана мүнөздүү болгон (Стамова Р. Культура и номадическая личность // Культурное наследие и народное творчество. – Бишкек, 2006. – С. 211).

Жумуртка басып олтурган бул аялдын кебете-кешпири качып кеткен президент А. Акаевдин аялы М. Акаеваны эске салып турат. Дегеле, дүйнөлүк философия менен искусстводо жумуртка эркек адамдын табигый спецификасын туюнткан символ болгондуктан, «өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип», далысына канат чаптап, чачын кыркып, төшүн чыгарып, этегин түргөн аял эркиндикти эмес, ээнбашты чагылдырат. Кыргызда эч качан аял түндүк көтөрбөйт, түндүктү эркек гана көтөрөт. Бул аял жаман жорукту баштап, кыргызда түндүк көтөрчү эркек кырылып, калбай калганын билдиргенсийт.

ХIХ кылымдын 20-жылдары Франция үчүн романтикалык искусство калыптанган мезгил болгон. Жаш сүрөтчүлөр өз устаттарына чыныгы согушту жарыялашат. Тарыхчылар бул феноменди «романтикалык кармаш» деп атап, анын каарманы болуп сүрөтчү Эжен Фердинанд Виктор Делакруа (1798-1863) эсептелген.

Делакруа жана анын замандаштары 1821-1829-жылдары Грециядагы боштондукка чыгаруу революциясынын жүрүшүн кооптонуу менен байкап турушкан6.



Бурбондордун7 бийлигинин жасалма түрдө кайра калыбына келиши (Реставрация доору) коомдук өнүгүүнү ооздуктай алган эмес8.

Делакруа дагы бир жолу тарыхый драмага кайрылып, 1830-жылы «Элди ээрчиткен Эркиндик» («Свобода, ведущая народ») деп аталган улуу чыгармасын жаратат: көчөдөгү кармаштардын эпизодуна сүрөтчү убакыттан сырткары жашаган эпикалык маанай тартуулаган. Көтөрүшчүлөр королдун аскерлеринен тартып алган баррикаданы карай жөнөөдө. Аларды Эркиндик айым өзү ээрчитип бара жатат. Сынчылар чачы кыска, жарым жылаңач, көкүрөгү жалжая ачылган бул аялдан «көчөдөгү соодагер келин менен байыркы грек кудай айымынын аралашмасын» көрүшкөн.

Чындыгында эле, сүрөтчү өз каарманына азыр Лувр музейинде сакталып турган «Афродита Милосскаянын» келбети менен революцияны даңктап ырдаган француз акыны Огюст Барбьенин Эркиндикти сүрөттөгөн төмөнкүдөй мүнөздөмөсүн ыйгарган: «Бул көрктүү көкүрөккө ээ, үнү каргылданган, көздөрүнөн от жанган, тез, кеңири кадамдарды жасаган күчтүү аял». Эркиндик айым оң колуна Француз Республикасынын үч түстүү желегин көтөрүп, усталар, аскерлер, буржуа, чоңдар, балдар ж.б. куралдуу элди ээрчитип келе жатат. Азыр алардын баардыгы тең Эркиндик айымдын жоокерлери9




КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ЖЕЛЕГИ МЕНЕН ГЕРБИ КАНДАЙ БОЛУУГА ТИЙИШ?
Жогоруда айтылгандай, тынчтык мезгилде же согушка аттанганда көп эл чогулган жыйын, той-тамашаларда ар бир уруу, ар бир эл өз тууларынын айланасында топтолушкан. Эпосто ар бир элдин, ар бир этностун, ар бир аскер кошуунунун, аскер тобунун өз туусу болгону тууралуу айтылат. Мисалы, Чоң казатка аттанаарда Манас чоролорун жыйнап, Кароол дөбөдө турат. Ошондо Таласка Жамгырчынын, Эр Төштүктүн, Музбурчактын аскерлери төмөнкүдөй ырааттуулукта келип, кошулушат:

МАНАС” ЭПОСУНДА КУРАМА ЖУРТ КЫРГЫЗДАРДЫН ТУУЛАРЫНЫН СYРӨТТӨЛYШY

Желке ылдый жол менен,

Жети миң кол менен



Ак асаба, кызыл туу,

Айгайлаган ызы-чуу



Көк асаба, кызыл туу,

Көк жаңырган ызы-чуу.



Жамгырчынын аскер кошууну (Манас. С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Т. 2. 31-бет)

Желеги алтын туу менен

Жер жарылган чуу менен



Ак асаба туу менен

Айгайлаган чуу менен



Көк асаба туу менен

Көк жаңырган чуу менен.



Эр Төштүктүн аскер кошууну (Манас. С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Т. 2. 28-бет)

Ак асаба туу менен

Айгайлаган ызы-чуу



Желеги алтын туу менен

Жер жарылган чуу менен



Музбурчактын аскер кошууну келет.

(Манас. С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Т. 2. 28-бет)

Мындан сырткары,

Бай Жакыптын кызыл туу

Байкаганга сөзү бу:



Кыргыздын кыйла тобунан

Алыс жерден калган туу



Башкы атасы Бабыркан,

Андан калган ушул туу



(Манас. С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Т. 2. 28-бет)

Ногойдон калган кызыл туу

Оболотуп таштады

(Манас. С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Т. 2. 28-бет)

Алты жүз миң аскерибиз

Алты тууга бөлүндүк

(Манас. С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Т. 2. 40-бет)

Торала желек, туу алып

(Манас. С. Каралаевдин варианты боюнча. – Т. 1. 129-бет)

Мисалдарда жоон кара тамгалар менен белгиленип тургандай, “Манас” эпосунда курама журт кыргыз эли кызыл, ак, көк, алтын, торала түстөгү саясий жана аскердик ыйык атрибуттарга ээ болгон. Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 3-мартында расмий кабыл алынган мамлекеттик желегинде кызыл жана алтын түскө гана басым жасалып, калган түстөр көз жаздымда калган... Ал тургай, кызыл түстөгү желектин көтөрүлгөнүн көрүп, салтты, наркты жакшы билген казак улутундагы аксакалдар “кыргыздан Кут алыстап, казакка карай кетти”, - деп боолголошконун, төлгө кылганын угуп жүрөбүз.

Албетте, тарыхый жана объективдүү жагдайлардан улам Манас атабыздын Чоң Казатка аттангандагы желеги менен Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн расмий саясий жана аскердик атрибуттарынын түстүү фотографиясы гана эмес, колго тартылган элеси да сакталып калган эмес. Тарыхчы Табылды Акеров мырзанын пикиринде “кыргыздардын оң канаты (Ак уулдан тарагандар) көк, сол канаты (Куу уулдан тараганда) ак асаба алып жүрүшкөн. Ал эми ичкилик кыргыздар (Кызыл уулдан тарагандар) борбордук тайпа болуп саналган жана аскерий казаттарда алар кызыл тууну мамлекеттик желек катары ортодо алып жүрүшкөн” (Караңыз: Нурушев Э. “Манас” жана анын кайбатчылары // De-факто. - № 16. 6-март, 2012. 12-бет). Бирок, “Манас” эпосунда мамлекеттик туу, же мамлекеттик желек тууралуу түшүнүктөр жок деген Э. Нурушев мырзанын пикири менен толук макулбуз.

Манас” эпосу менен элдик оозеки чыгармачылыкта ар кандай варианттарда сыпатталып калган желектер, туулар, асабалар, байрактар таандык болгон көөнө тарыхый доорлордон башка дагы кайсы тарыхый мезгилде жана кайсы мамлекеттин желеги менен герби астында кыргыздар менен Кыргызстанды жердеген элдер тигил же бул деңгээлдеги материалдык жана руханий жыргалчылыктарга ээ болуп, социомаданий прогресстин жолунда эле? Биздин жеке пикирде бул “Манас” эпосунда сыпатталгандай, кызыл, ак, көк, алардын комбинациясынан турган торала түстөргө ээ ЖЕЛЕГИН жана накта Кыргызстан жыттанып, мамлекетибиздин табиятын, чарбасын, идеологиясын, демин, табитин ж.б. баалуулуктарын кыска, нуска, жогорку чеберчиликте аткарылып, өтө көркөм, көргөн адамдын көзүн кубандырган ГЕРБИН тарыхта алгачкы жолу расмий бекиткен мамлекет Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы деп аталган. Тарыхка кайрылсак, Кыргыз ССРинин кызыл, ак, көк, алардын комбинациясынан турган торала түстөргө ээ желеги менен эч кынтыксыз аткарылган гербинен кыргыз эли да, Кыргызстанды мекендеген журтташтарыбыз да эч кандай жамандыктарды көргөн эмес. Тескерисинче, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, башка мамлекеттер кылымдап, жүз, миң жылдап жеткен бийиктиктерди, жетишкендиктерди, ийгиликтерди Совет бийлиги мезгилиндеги Кыргыз ССРи кыска тарыхый мезгилде эле жараткан. Аларды ийне-жибине чейин айтып олтурбайлы, аны баарыбыз эле жакшы билсек керек.


ЖЕЛЕК МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН СОЦИОМАДАНИЙ, САЯСИЙ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ПРОГРЕССКЕ МИСАЛ

Андреевский флаг” аталышына ээ ак-кызыл-көк тилкелерден турган орус желеги ЖЕҢИШ! деген көптөн күткөн кубанычтын күчтүү сезими жараткан учурлар чанда эле кездешет. Айтылгандарга таянуу менен орус тарыхчылары ак-кызыл-көк тилкелерден турган желектин орус жергесинде тамыры терең эмес деп баса белгилешет. Айтсак, ХХ кылымдын башындагы ири орус геральдисти Бедлинскийдин пикири боюнча бул желекти “нукура орустуку” кылган далалаттын баардыгы эле “жеңиши жок убара”, - болуп саналаарын дээрлик туура божомолдогон.

Жогору жакта айрым орус тарыхчылары менен коомдук ишмерлери тарабынан Россия мамлекетинин расмий желеги катары азыр Россия Федерациясынын Президентинин штандарты катары белгилүү болгон мурдагы Москва княздыгынын, азыр Москва шаарынын штандарты болгон горизонталдуу тартипте жайгашкан кара (эң үстүнкүсү), сары (ортоңкусу) жана ак, же күмүш (астыңкысы) тилкелерден турган желекти бекер жеринен сунуш кылышпаганына атайын токтолдук. Анткени, Александр Освободитель (ал Россияны крепостнойлук укуктан бошотуп, демократиялык өнүгүүгө негиз салган) жана Александр Миротворец атыккан орус падышасы Александр II тарабынан Россия империясынын мамлекеттик желеги катары алгачкы жолу расмий бекитилген бул кара-сары-ак тилкелүү желектин астында орус империясынын аймагы Батыш-Чыгыш багытында кеңип, дүйнөдөгү эң ири мамлекетке, державага айланган, крепостнойлук укуктан бошонуп, жарандык укуктарды карай бет алган, экономикалык өсүштүн темптери боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыгып, алтын орус рубли эл аралык валютага айланган.




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет