Аалиева гүлзат Карыбековна



бет2/5
Дата27.06.2016
өлшемі0.71 Mb.
#162675
1   2   3   4   5

Кыргыздардын этностук, социалдык өнүгүүсү, материалдык, руханий маданиятынын калыптанышы көчмөндүк менен тыгыз байланыштуу. Кыргыздар Борбор Азиянын байыркы көчмөндөрү менен бирдикте көчмөн цивилизациясын тъзгён элдерден. «Манас» эпосунда «Бири кетти Кырымга (Крымга), бири кетти Урумга (Римге)» [Караңыз: Манас. Энциклопедия. – Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1995. – Т. 2. 315-бет] деп айтылгандай, Батышка кеткен кёчмён түрк тектүү элдер христианчылыкты кабыл алуу менен заманбап европалык элдердин этникалык курамына жуурулуп, Чыгышта калганы ислам динине өтүп, азиялык элдерге айлануу менен ар кандай мейкиндик жана убакыт ченемдеринде алар ар түрдүүчө аталышта кездешишет [Караңыз: Бычков А. Грозные воины половецких степей. – М.: Изд-во АСТ, 2010]. Ошондой аталыштардын бири болуп «кыргыз» этноними саналат. Айта кетчү нерсе, манасчы Мамбет Чокмор уулунун айтуусунда Манастын чоң атасы Ногой хандын энеси Ханбүбү – Урум хандын (римдик хандын (!?) – А. Г.) кызы делет [Караңыз: Манас. Энциклопедия. – Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1995. – Т. 2. 315-бет]. Демек, «кыргыз» этноними тарых барактарында алгачкы жолу кездешкен түрк тектүү этноним катары Кыргызстандын тарых илими менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы, б.а. кыргыздардын политгенези үчүн гана эмес, кыргыздардын өзүнүн ким экенин, кайдан келгенин, кайда бара жатканын, кыскартып айтканда, өзүнүн онтогенезин, же «автобиографиясы» менен «автопортерин» түзүүсү жана билүүсү үчүн эбегейсиз зор мааниге ээ.

Миңдеген жылдар бою Кытайдан Европага чейинки эбегейсиз зор аймакты ээлөө менен кыргыздар пассионарийлер катары ири империяларды талкалап, алардын ордуна тарыхка “Улуу Кыргыз дөөлөтү” деген аталыштагы өз мамлекетин куруп, мурдагы элдер менен аралашуу аркылуу жаңы этносторду тъзъп, Евразиянын кең аймактарына кыргыз изи калганын калк оозунда сакталып калган төмөнкү саптар күбөлөйт:



ЕВРАЗИЯДАГЫ КЫРГЫЗ ПАССИОНАРИЗМИН ДАЛИЛДЕГЕН САПТАР

Ашуу барбы, тоо барбы,

Кыргыз басып өтпөгөн.

Кайың барбы, тал барбы


Кыргыз балта чаппаган.

Кокту барбы, сай барбы,



Кыргыз сөөгү жатпаган

[Ыр саптары төмөнкү булак боюнча алынды: Кебекова Б. Кыргыз эл ырчыларынын тарыхынын очерктери. – Бишкек: «Турар», 2009. 33-34-беттер]

VI кылымдагы кытай жылнаамасы кыргыздар орун-очок алган жер катары Эне-Сай (Енисей) дарыясынын орто агымындагы Миң-Өзөн (Минусин) аймагын атайт. VI кылымда эне-сайлык кыргыздар бүтүндөй Миң-Өзөн (Минусин) аймагын ээлеп, өз мамлекетин тъзъшёт. Буга чейин аталган аймакта жашаган жергиликтүү калктын айрымдары кыргыздардын курамына кирсе, айрымдары чет жакадагы тоолуу, тайга жерлерине сүрүлүп салынган. Тайгада жашаган жергиликтүү уруулар кыргыздарга букаралыкка өтүп, аларга аң терилери, мускус (кийиктен алынган жыпар зат) жана аңчылыктын башка өндүрмөлөрү търъндё салык төлөп турган. Алардын салыктарын кыргыздар кыштым деп аташкан. Ошондон тарта Эне-Сай кыргыздардын экинчи тарыхый мекени болуп калганын бүгүнкү Шибердин (Сибирдин) топонимикасы далилдеп турат:

КЫРГЫЗ ТОПОНИМИКАСЫ

ОРУСЧА ТРАНСКРИПЦИЯСЫ

ОРУСЧА

МААНИСИ

Шибер

Сибирь

Луга, влажная трава

А) Миң-Өзөн; Б) Миң-Суу

Минусинск

А) Долина тысячи рек; Б) Тысяч источников

Эне-Сай

Енисей

Мать река

Бай-Көл

Байкал

Богатое озеро

Кызыл-Жар

Красноярск

Красный утёс

Сары-Ат

Саратов

Рыжий мерин (лошадь)

Ор

Орск

Яма, ловушка

Алты-Ай

Алтай

Шесть месяцев

Жакут

Якутск

Бриллиант, алмаз

Тоң

Томск

Мерзлота

Тоңдурма

Тундра

Вечная мерзлота, мерзлая земля

Коргон

Курган

Крепость

Дөбө

Тува, Тыва

Холм

А) Түмөн; Б) Төмөн

Тюмень

А) Десять тысяч; Б) Низменная земля

Көмүр

Кемеровск

Уголь

Ала-Аска

Аляска

Пёстрая скала

Чөкчө

Чукча

Человек маленького роста

Кыдыр дарагы

Кедр

Священное дерево

Улуу Кыргыз дөөлөтү кулагандан кийин көчмөн кыргыздар мамлекеттүүлүгү гана эмес, тарыхка «орхон-енисей жазуулары» деген аталыш менен кирген жазуусунан да айрылып калып, ХХ кылымдын башына чейин болгон маалыматты муундан муунга, жалпы жонунан, оозеки формада берип келген. Ошол себептен, бабаларыбыз курган империялык мамлекеттин саясий атрибуттары менен геральдикасын иликтөөнүн башкы булагы катары классикалык маанайдагы илимий адабияттан сырткары, Ч. Айтматов тарабынан «кыргыз элинин энциклопедиясы» катары бааланган «Манас» эпосуна кайрылууну ылайык таптык.

Бир кездерде империя куруп, ар кыл элдердин башын бир жакадан чыгарууга дарамети жеткен кыргыздардын мамлекеттик башкы саясий саясий атрибуттарыМанас” эпосунда туу, желек, асаба, байрак ж.б. аталыштарда кездешет.



МАНАС” ЭПОСУНДА КЫРГЫЗДАРДЫН ТУУСУ, ЖЕЛЕГИ, АСАБАСЫ, БАЙРАГЫ ТУУРАЛУУ

Желеги туудан бөлүнбөй,

Жердин жүзү көрүнбөй.



Тозоңу тоодой созулуп,

Туу, байрагы кошулуп



(Манас. С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Т. 2. 79-бет)

Желек туудан бөлүнбөй,

Жердин жүзү көрүнбөй.



Асаба туудан бөлүнбөй,

Асман чаңдан көрүнбөй.



(Манас. С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Т. 2. 67-бет)

Орто кылымда тууну узун жыгачтын, же найзанын учундагы тегерек шакекчеден аттын куйругун өткөрүп жасашкан. Орус жана совет тарыхчыларынын пикиринде бунчук (балким, кылчык, кыл чыбык – А. Г.) деп аталган мындай кыл туу 16-18-кылымдарда Дон, Урал дарыяларынын жээктериндеги казак-орустарда кездешкен.

Аскердик тууну көтөрүү согушка аттануу дегенди билдирген. Мисалы, жоого аттанганда тууну алып жүргөнгө эр жүрөк, ишеничтүү жоокер дайындалган. Салгылашуу учурунда кошуунга дем, кубат берүү максатында ал тууну көрүнөө, дөңсөө жерге кармап турганы эпосто мындайча айтылат:

МАНАС” ЭПОСУ

Туу түбүндө турушуп,

Туубуз качпай турат деп

Кубат кылып урушуп

(Манас. С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Т. 2. 140-бет)

Манас” эпосунда туу, желек, асаба, байрак ж.б. аталыштарда кездешкен мамлекеттин башкы саясий саясий атрибуту голландиялык тилде vlag, ал эми орус тилинде флаг деп айтылат.

ИЛИМИЙ АДАБИЯТТА “АСАБА”, “ФЛАГ” ЖАНА “ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ФЛАГ” ТҮШҮНҮКТӨРҮНӨ БЕРИЛГЕН АНЫКТАМАЛАР:

Асаба (“желек”, “туу”, “байрак”) – мамлекеттик, аскер бөлүгүнүн ж.б. символу. Асабанын түпкү теги туу, желекти асуучу жыгач дегенди түшүндүрөт. Бара-бара желектин, туунун жыгачы менен кездемеси (кездемеге чейин куйрук, топ кыл, тери ж.б.) бир түшүнүк катары, жалпы жонунан, желек дегенди туюнтуп калган (Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. – Т. 1. – Бишкек, 2006. 539-бет).

Флаг – бул жыгач таяккка же жипке бекитилген жана белгилүү бир чен-өлчөмгө ээ, о.э. айрым учурда бетине герб же эмблема чагылдырылган чүпүрөк кесиндиси (Большой энциклопедический словарь. – М.: Научное издательство «Большая Российская энциклопедия»; - СПб.: «Норинт», 1998. – С. 1282).

Флаг государственныймамлекеттик бийликтин расмий символу, флаг государственный мамлекеттин көз карандысыздыгын туюнтат. Мамлекеттик желектин (флаг государственный – А. Г.) сыпатталышы, эреже катары, мамлекеттин Конституциясында чагылдырылат (Большой энциклопедический словарь. – М.: Научное издательство «Большая Российская энциклопедия»; - СПб.: «Норинт», 1998. – С. 1282).

1993-ЖЫЛДЫН 3-МАРТЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ КАБЫЛ АЛГАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ЖЕЛЕГИНИН РАСМИЙ ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги борборунда алтын түстүү, бир кылка 40 нур чачыраган күндүн диски орун алган кызыл түстөгү чүпүрөктү элестетет. Күн дискинин ичинде кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түс менен чагылдырылган. Желектин туурасы анын узундугунун бештен бир бөлүгүн түзөт. Нур чачыраган дисктин диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дисктердин диаметрлеринин айкашы 3/5. Түндүктүн диаметри нур чачыраган дисктин диаметринин жарымын түзөт.

Желектин бир кылка кызыл түсү каармандык менен эрдикти символдойт. Өз нурларына чулганган жандуу алтын Күн жашоонун түбөлүктүүлүгүн, тынчтык менен байлыкты, жарыкка умтулууну туюнтат. Айланага бириккен 40 нур 40 кыргыз уруусунун биримдигин билдирет.

Түндүк - Ата Журттун, кеңири маанисинде, Ааламдын символу. Түндүк үйдүн, турмуш-тиричиликтин, элдин кылымдардан бери келе жаткан каада-салттарынын бекемдигин гана эмес, жер менен асмандын биримдигин да туюндурган терең философиялык мааниге ээ. Түндүк Кыргызстанда жашаган элдердин биримдигин да символдойт.

Желектин кызыл түсү айкөл Манастын желегинин түсү болгон.



Демек, желек – эгемендүү жана көз карандысыз мамлекеттердин эң башкы символу. Тарыхый жана саясий эс-тутумга кайрылсак, баардык элдер менен өлкөлөрдө мамлекеттин расмий белгилеринин ичинен герб менен гимнден да маанилъъ мамлекеттик атрибут болуп мамлекеттик желек эсептелет. Желекти катар тизилип келе жаткан аскерлердин алдына көтөрүшөт. Аскер адамдары алакандарын чекесине таяп, желекке таазим этишет. Эл аралык мелдештерде жеңген учурда да герб эмес, желек көтөрүлөт.

Тарыхты эстесек, жеңилген чептин үстүнө желек илингенде гана ЖЕҢИШ! деген көптөн күткөн кубанычтын күчтүү сезими жаралган. Ошол себептен, Рейхстагдын үстүнө гербди эмес, желекти тагышкан. 1991-жылы СССР деп аталган ири империя ыдырап, анын ордуна постсоветтик деп аталган жаңы көз карандысыз мамлекеттер пайда болду. Алардын ар бири өзүнө таандык саясий атрибуттарды иштеп чыгып, алардын ичинде расмий деп таанылган мамлекеттик желектерди көтөрүштү. Постсоветтик геосаясий мейкиндикте жайгашкан ар бир мамлекеттин жарандары 1945-жылдагы жеңерман аскерлердин урпактары, ал эми заманбап Россия Федерациясы өзүн СССРдин мыйзамдуу саясий мураскери деп тааныганына карабастан, Рейхстагдын үстүнө илинген, бетине алтын жылдыз, орок менен балка жайгаштырылган СССРдин кызыл желеги бул жеңиштин башкы жана өзгөрүлгүс символу бойдон кылымдардан кылымдарга кала бермекчи.



Жогоруда айтылгандай, желек мамлекеттик көз карандысыздыктын (суверенитеттин) эң башкы белгиси. Бирок, “Манас” эпосунда мамлекеттик туу, же мамлекеттик желек тууралуу түшүнүктөр жок. Ошондой болсо да, дүйнөлүк тарыхта мамлекети жана аскердик кошуундары бар элдерде гана туу, желек болуп, мамлекеттин мындай маанилү саясий атрибуту ар кандай шарттарда, түрдүүчө колдонулганы айтылат. Мисалы,

Туунун душмандын колуна түшкөнү, туунун жыгылганы ЖЕҢИЛГЕНГЕ тете болгон. Ошондуктан, туу ар дайым ыйык сакталган. Душманга курчалып калган учурларда, желекти кийимдин ичинен денеге ороп, жоготпоого тырышышкан. Ал тургай СССР мамлекетинде туу жоголсо, анда ошол тууну жоготкон аскер бөлүгү таркатылган да, бул аскер бөлүгүнүн кол башчысы (командири) жана күнөөлүү адамдар аскер трибуналынын сотуна берилген. Желектин кулоосу жеңилүүгө тең маанилеш болгондуктан, жоокерлер согуш талаасынан желекти кулатпоо аракеттерин кылышкан. Айтсак,

МАНАС” ЭПОСУ

СЛОВО О ПОЛКУ ИГОРОВЕ”

Туу жыгылды, хан өлдү,

Тутушкандын баарысы,

Туш-тушка качып жөнөдү (Манас. С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Т. 2. 89-бет)

Бились день, бились другой, на третий день к полудню пали стяги Игоревы (мында “падоша стязи Игоревы” – значит, “все пропало” дегенди билдирет – А. Г. // Караңыз: Мединский В. О русском пьянстве, лени и жестокости. Серия «Мифы о России – 1». – М., 2010. – С. 12).

Баарыбызга белгилүү болгондой, орто кылымдагы рыцардык жана аскердик нормалар боюнча, кол башчы менен князь мерт болмоюнча, же алардын колундагы туу жерге куламайынча, алардын аскерлери менен жоокерлери кашык каны калмайынча салгылашууга тийиш болгон. Эгер жогоруда шарттар аткарыла электе эле катардагы аскер согуш талаасынан качса, анда бул армиянын абийири айрандай төгүлүп, анын кошуунунун аты лакапка айланган. Тарыхка көз чаптырсак, Куликов талаасындагы салгылашта князь Дмитрийдин туусунун кулоосу орус армиясы үчүн абдан курч моменттердин бири болгон. Айрым тарыхчылардын пикири боюнча салгылаш маалында колундагы туу жерге кулаганда, же өзү мерт болуп калганда душман аны жеңилгендик катары баалабасын үчүн князь Дмитрий жоокери менен кийимин алмаша кийип, карапайым аскерлер менен бир катарда салгылашкан экен. Тарых барактары айкындагандай, орус армиясы жеңишке жеткен. Бирок, Дмитрийдин колундагы туунун жерге кулап кеткендигин орус санжырачысы дене титиреткен маанайда баяндап, орус армиясында тууну бийик кармоо салты кылымдардан кылымга, муундан муунга ыйык мурас катары берилип келет.

Мекен үчүн курман болгон жоокерлердин табыты менен сөөгү оролгон кепиндин үстүнө желек жабылат. “Манас” эпосу боюнча да адам каза болгондо, анын сөөгү жаткан боз үйдүн жанына, же анын түндүгүнө кара, көк туу, же каза болгон адамдын өз туусу сайылган. Мисалы, Көкөтөй каза болгондо көтөрүлгөн туу төмөнкүчө сүрөттөлөт:

МАНАС” ЭПОСУ

Өкүрүп келген кишини

Аркы-терки тиккен үй,

Арасынан өткөрүп,


Көкөтөйдүн кызыл туу,

Көтөрүлгөн мына бу

(Манас. С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Т. 3. 51-бет)



ПОСТСОВЕТТИК МАМЛЕКЕТТЕРДЕ РАСМИЙ ЖЕЛЕККЕ КАРАТА АЙТЫЛГАН ПИКИРЛЕРДИН КYҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ
1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын парламенти тарабынан кызыл түстөгү, чок ортосуна нур чачыраган алтын түндүк жайгаштырылган мамлекеттик желек расмий кабыл алынды. Эгемендиктин 20 жыл ичинде бул желекке көнүп да калдык. Бул желек алдыда маңдай жарылган жетишкендиктер менен ийгиликтер да, мүңкүрөткөн кайгы-муң, азаптар да болду...

Бирок, Homo sapiens дайыма жана баардыгынан шектене бергенди жактырган жандык экени баарыбызга маалым. Этникалык кайра жаралуу процесси активдүү жүрүп жаткан мезгилде постсоветтик республикаларда, алардын ичинде, кыргыздарда да мамлекеттин желек гана эмес, расмий атрибуттардын башкаларына карата бир катар скептикалуу көз караштар калыптана баштаган.




ЗАМАНБАП РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН РАСМИЙ ЖЕЛЕГИНЕ КАРАТА ТЕРС ПИКИРЛЕР

РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН “АНДРЕЕВСКИЙ ФЛАГ” ДЕП АТАЛГАН ЖЕЛЕГИ КАНТИП ЖАРАЛГАН?

Россия – уникалдуу, өзгөчөлүү, артыкчалуу өлкө. Философтор аны Европа менен Азиянын таң калыштуу симбиозунан жаралган евразиялык цивилизация деп аташат. Бирок, айрым ойчулдар менен коомдук ишмерлердин пикири боюнча, анын эң башкы символу болуп саналган Мамлекеттик желеги эч кандай өзгөчөлүктөргө ээ болбогондуктан, Россия, тилекке каршы, өзүнө гана таандык “саясий брэндге” ээ эмес. Айтсак,

  • Словения менен Словакия дал ушул Россиянын мамлекеттик желегине куюп койгондой окшош желектерге ээ болсо да, Россиядан айырмаланып, алардын атайы гербикалары бар;

  • Сербия, Хорватия, Голландия, Люксембург жана Парагвай да Россиянын желегинин түсүнө окшош желектерге ээ, бирок, алардын түсү ар башка тартипте жайгашкан. Бир караганда аларды айырмалоо оңой эмес.

  • Коста-Рика менен Таиланддын желегинин түстөрү да Россияныкына окшош, бирок, аларда түстөрдүн тилкеси бир аз кененирээк.

  • Франция да Россия мамлекетинин желегине таандык түстөргө ээ. Бирок, француз желегинде түстөр горизонталдуу эмес, вертикалдуу багытта жайгашкан. Мында кызыл жана көк түстөр 1789-жылы революциячыл маанайдагы эл тарабынан буктурмада калган Париж шаарынын түстөрү болгон. Ал эми, ак түс француз монархиясынын түсү болгон. Ак түс желекке эл тарабынан азыр аларга баш ийип берген, бирок, али да болсо башы алына элек королго карата урмат-сыйдын белгиси катары киргизилген.

  • Кызыктуу факт: заманбап Россия Федерациясындагы эң бийик наам Россия Баатырынын Алтын Жылдызы, эмнегедир а-ля франсе багытындагы, б.а. вертикалдуу жайгаштырылган ак-көк-кызыл тилкелүү белгиге тагылган. Россиянын Баатыры болгон офицерлерди кездештирген француздар “О, булар Франциянын жаңы медалдары менен сыйланышыптыр! Мындай медалдарды биз али көрө элек экенбиз”, - деп таң калышат.

Эмнегедир Андреевский флаг” аталышына ээ ак-кызыл-көк тилкелерден турган орус желеги улуу орус реформатору Петр Iнин атасы Алексей Михайлович Романовдун учурунда эле расмий болгон деген жаңылыш пикир кенен жайылып кеткен. Бул туура эмес. Алексей Михайлович “Орел” деген сыймыктуу аталыштагы алгачкы орус кемесин курдуртат. Кемени сууга чыгараар алдында анын куруучусу, голландиялык Бутлер Боярлар Думасынан “Башка мамлекеттердеги салт боюнча кеме ошол мамлекеттин желеги астында сууга чыгарылат. Улуу урматтуу падышадан сурасаңыздар: ал кемени кандай желек астында сууга чыгарууну буйрук кылаар экен?”, - деп өтүнөт. “Падыша Бутлерден анын мамлекетинде мындай учурда кандай салт бар экендигин суроону буйрук кылды”, - деген боярлардын жообу кийин тарыхый анекдотко айланып кеткен. Айласы кеткен Бутлер 1668-жылы голландиялык кемеде колдонуу үчүн сатылып алынган ак-кызыл-көк түстөгү кездемелерди алгачкы орус кемесине тагууга мажбур болгон.

Андреевский флаг” аталышына ээ ак-кызыл-көк тилкелерден турган орус желеги улуу орус реформатору Петр Iнин учурунда кенен пайдаланса да, ал Россиянын расмий желеги катары таанылган эмес. Ал болгону эле Петр Iнин 1705-жылдын 20-январындагы буйругу боюнча мамлекет ичинде жүргөн дарыя кемелерине илинген желек болуп саналган. Мындай мааниге ээ бул желек да жарым-жартылай анекдоттуу жагдайда жаралган. Голландиялык кемелерди ийне-жибине чейин көчүрүп тартууну жактырган Петр I, алардын желегин да көчүрүп алат. Бирок, орус желегин голландиялыктардыкынан айырмалоо максатында, желектин түстөрүнүн ордуларын алмаштырып койгон.



Легенда боюнча СССРдин кулоосуна шарт түзгөн 1991-жылдын 19-20-август күндөрү эл тарабынан буктурмага алынган Москвадагы Ак Yйдө Б. Н. Ельцин олтурган эле. Ага мамлекеттин жаңы символу керек болуп жаткан. Кимдир-бирөөнүн столунда дал ушул “Андреевский флаг” аталышына ээ ак-кызыл-көк тилкелерден турган желек жаткан эле. “Мынакей, Борис Николаевич, ушул желек жаңы Россиянын желегине айлансын!”, - деген сунуш дароо кабыл алынат. Айта кетчү жагдай, “Андреевский флаг” аталышына ээ ак-кызыл-көк тилкелерден турган желек тарыхта эч качан демократиялык оппозициянын желеги болгон эмес!

(Караңыз: Мединский В. О русском пьянстве, лени и жестокости. Серия «Мифы о России – 1». – М., 2010).


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет