Аалиева гүлзат Карыбековна



бет5/5
Дата27.06.2016
өлшемі0.71 Mb.
#162675
1   2   3   4   5

КЫЗЫЛ ТYС. Берилген макалада сунуш кылынып жаткан желектин горизонталдуу багытта жаткан акыркы тилкеси кызыл түстө болсо тилек бар. Айрым булактарда «ак түс», «…кызыл түс жашоонун булагын, кубанычты, жеңишти, түшүмдүүлүктү туюндурса; ата-бабанын рухунун түсү делген сары түс бакыбаттык менен байлыкты символдойт» (Алымова А. К., Шаршеналиева А. Ш. Некоторые аспекты изучения техники «курак» // Культурное наследие и народное творчество. – Бишкек, 2006. – С. 90), - деген пикирлер бар. Биздин жеке пикирде, КЫЗЫЛ ТҮС материалдуу дүйнөгө таандык өмүр, кан, салтанат, сезим, сүйүү ж.б. баалуулуктардын символу. Эмнеси болсо да, 1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин расмий түсү катары кабыл алынган кызыл жана сары түстөрдүн жакшылыкка жорулган мааниси ошол бойдон калууга тийиш.

Эми желектин бетине чагылдырылып, кыргыздар менен Кыргызстандын тарыхын, менталитетин, маданиятын ж.б. туюндурууга тийиш болгон ГЕРБИКАЛЫК СИМВОЛДОРГО токтолсок.

Байыртадан эле уруулук жана жеке менчикти белгилөө максатында славяндарда ар кандай белгилер, түрк элдеринде, монгол ж.б. калктарда тамгалар пайдаланылган. Кыргыздын ошондой тамгаларынын, белгилеринин, оймо-чиймесинин катарына “тумар”, “түндүк”, “жүрөк пейил”, “Умай эне”, “тоого чыгып бара жаткан илбирс” белгилери кирет. Элибиздин көп сандаган тамгаларынын ичинен эмне себептен ушул тамга-белгилердин желекте чагылуусу шарт?

ТУМАР” БЕЛГИСИ11. Бул белги мамлекетибизди жаман көздөн, жаман сөздөн сактасын деген тилек менен илгери Кыргыз ССРнин желегинин сол жак бурчунда орун алган беш бурчтуу жылдыз жана орок, балка белгилеринин ордуна, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин эң жогору жагындагы КӨК түстүү тилкенин сол жак бурчуна жайгаштырылууга тийиш.

Тумар” белгисинен башка ГЕРБИКАЛЫК СИМВОЛДОРДУН баардыгы тең мамлекеттик желектин кап ортосунан орун алган АК түстүү тилкенин чок ортосунда жайгашуусу абзел.



ТYНДYК жана ЖYРӨК ПЕЙИЛ” БЕЛГИСИ - бул белги мамлекеттик желектин кап ортосунан орун алган АК түстүү тилкенин эң эле чок ортосунда жайгашуусу зарыл..

Бул белги төмөнкүдөй эки элементтен турат:



  1. ТYНДYК” БЕЛГИСИ – 1993-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин расмий түшүндүрмөсүндө “Түндүк - Ата Журттун, кеңири маанисинде, Ааламдын символу. Түндүк үйдүн, турмуш-тиричиликтин, элдин кылымдардан бери келе жаткан каада-салттарынын бекемдигин гана эмес, жер менен асмандын биримдигин да туюндурган терең философиялык мааниге ээ. Түндүк Кыргызстанда жашаган элдердин биримдигин да символдойт”, - деп жазылганын айттык. Долбоорлонуп жаткан желекте да Түндүк ушул эле маанисинде калуусу шарт.

  2. ЖYРӨК ПЕЙИЛ” БЕЛГИСИ. Бул белги улуттук мүнөз жана менталитет менен байланышкан. Кыргыздардын улуттук мүнөзү менен менталитетиинде доминанта катары атоого мүмкүндүктөрдү берген бир катар өзгөчө белгилер бар. Алардын экөөсүнө гана токтолсок. Биринчиден, заманбап саясатчылар өз көңүлүн улуттун саясий, социалдык-экономикалык кызыкчылыктары менен анын аскерий потенциалына буруу аркылуу улуттук мүнөз феноменин дагы деле болсо көз жаздымда калтырып келе жатышат. Учурдагы эң алдыңкы техника менен куралданган америкалык армия эмне үчүн кичинекей Вьетнам элинен жеңилип калды? Күч-кубаты артып турган ирандык шах М. Пехлевинин мамлекеттик саясат менен аскер ишинен кыйла алыс дин кызматкери аятолла Хомейниден жеңилип калуусун кантип түшүндүрсө болот? Эмне үчүн гүлдөп-өнүгүп турган Канада бүгүнкү күнгө чейин Квебек проблемасын чече албай келет? Совет доорунда «кой оозунан чөп албаган момун калк» деген стереотип менен таанылып келген кыргыздар 2005- жана 2010-жылдары 2 саясий төңкөрүш жасап, бир күндүн ичинде эле өз элине каршы саясат жүргүзгөн А. Акаев менен К. Бакиев сыяктуу 2 президентин өлкөдөн кууп салганын, 2010-жылы мөндүрдөй жааган окко жылаңач көкүрөгүн тосуп, Чоң казаттын учурунда Бээжинди алып, санаса сан чак келбеген кытайларды чөгөлөткөн Манас бабасындай болуп канкор атка минээрлердин жүрөгүнүн үшүн алган карапайым жана куралсыз кыргыз жигиттеринин жорук-жосунун кантип түшүндүрсө болот? Дал ушундай баатыр жүрөк уул-кызы болгондуктан, элибиз кылымдарды карытып, “кыргыс”, “кырылгыс” аты менен ааламга таанылып келет. “Жүрөк пейил” белгиси улутубуздун мүнөзүнүн дал ушундай каармандыктар жана тарыхый драмалар менен коштолгон аспектисин туюндуруп турсун.

Экинчиден, Кыргыздардын улуттук менталитетине таандык, типтүү делген белги болуп «пейил» түшүнүгү эсептелет. Кыргыз пейили менен күчтүү болгондуктан, пейилди кыргыздардын мүнөзүндөгү көзгө дароо урунган «доминанта» белги деп атоого болот. Бул түшүнүктү башка тилдерге, анын ичинде орус тилине тике, сөзмө сөз которуу мүмкүн эмес. «Пейилге» жакындаштырылган түшүнүм деп «Россия – щедрая душа» деген рекламалык ураанды атасак болот.

ТООГО ЧЫГЫП КЕЛЕ ЖАТКАН ИЛБИРС” БЕЛГИСИ – бул белги “ТYНДYК жана ЖYРӨК ПЕЙИЛ” белгисинин сол жагына, б.а. желектин туусу (древко) жагынан орун алууга тийиш. Бул жерде оймолуу чийме илбирсти туюнтса, кыйгач кеткен үч туташ сызык, тике маанисинде биздин тоолорубузду, кыйыр маанисинде төмөндөн жогору, алсыздан күчкө карай кеткен социалдык прогресстин жолун билдирсе, сынык сызыктар “сактоочу”, “колдоочу” деген маанини берет.

Кыргыз менталитетиндеги саясий доминанта катары алардын эркиндикти сүйүүчүлүгүн атоого болот. Неокантианчы Э. Кассирердин пикири боюнча баёо менталдуулук заманбап менталдуулуктан өзгөчө мүнөздөгү логикасы боюнча эмес, эң оболу, өзүнүн жаратылышка карата теориялык да эмес, прагматикалык да эмес, симпатиялуу да эмес мүнөз күткөн мамилеси боюнча айырмаланат. Примитивдүү адам нерселердин ортосундагы эмпирикалык айырмачылыктарды айырмалай алган эмес, цивилизациялуу адамдан айырмаланып, байыркы адам өзүн жаратылыштын бир бөлүгү катары карап, анын табият менен болгон биримдик сезими күчтүү өнүккөн. Тотемизмде ал өзүн кандайдыр бир жаныбардын урпагы катары эле карабастан, жаныбарлар менен болгон байланыш анын физикалык да, социалдык да болмушунун негизин түзгөн. Көпчүлүк учурларда бул кандайдыр бир тотемдик кландын мүчөлөрү өзүн өзү канаттуу куш же кандайдыр бир башка жаныбар деп жарыялоо формасындагы идентификациялануунун даражасын туюндурган (Караңыз: Cassirer E. Das Erkenntnisproblem in der Philosophie und Wissenschaft der neueren Zeit, 3 Bde., 1906-1920; Cassirer E. Philosophie der symbolischen Formen, 3 Bde., 1923-1929; Cassirer E. Determinismus und Indeterminismus in der modernen Physik, 1936; Cassirer E. An essay on man, 1944; Cassirer E. The myth of the state, 1946). Мисалы, англичандар өзүнүн кулк-мүнөзүн түлкүгө (Fox), немистер карышкырга (Wolf), орустар аюуга (русский медведь) окшоштурса, кыргыз элинин “Кожожаш” кичи эпосу менен “Карагул ботом” уламыш-кошогунун мотивдери боюнча белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен таланттуу драматург Мар Байжиевдин биргелешкен эмгегинен жаралган көркөм фильм кыргыздарды «ак илбирстин тукуму» деп атаган. Жаныбарлардын этосун (жүрүм-турумун) окуп-үйрөнүү көрсөткөндөй, “ак сөөк” манералары (“барские манеры”) менен айырмаланган ак илбирс ыплас жерлерден алыс, бийик тоолордо, ак кар, көк муздун арасында, таза абада, эч ким көз каранды болбой, табият менен гармониялуу жуурулушуп, эркин жашайт12.

Орустар сыяктуу отурукташкан элдердин майда-барат, өтөөр-кетээр көр дүйнөнүн (материалдуу нерселердин дүйнөсүнүн) болоор-болбос баалуулуктарына көз каранды болуп, ошол нерселерге байланып калганына таң калган көчмөн кыргыздардын дүйнө көрүмүн В. В. Даль өзүнүн “Майна” деп аталган повестинде төмөнкүчө сыпаттайт.


ОЛТУРУКТАШКАН ОРУСТАР МЕНЕН КӨЧМӨН КЫРГЫЗДАРДЫН ОРТОСУНДАГЫ МЕНТАЛДЫК КАГЫЛЫШ

(маалымат төмөнкү булак боюнча келтирилъъдё: Бычков А. Грозные воины половецких степей. – М.: Изд-во АСТ, 2010. – С. 182)

“За что я буду жить хуже скота своего?”, - говорит кайсак (киргиз). “Разве я хуже птицы, которая бьется и в золотой клетке просит воли? Кто прирос домом к земле, кто не выдвинет шатра своего из ряда других, тот раб земли и людей. Кто в полчаса может подняться днем и ночью, со всем своим домом, и идти на все четыре стороны, тот волен. Тутовому дереву хорошо расти в ханском саду, да я не дам закопать себя живьем по пояс, хотя бы и знал, что ноги мои корни не пустят, а руки – сучья. Богатому всюду хорошо, а бедному – везде худо”.

Скажите кайсаку, что грешно жить тунеядцем, что надобно работать; он ответить: “Нужда придет, работа не уйдет; на голодного коня травы много в поле, на долгую работу дней у Бога много”. Если спросите кайсака: “Не холодно ли зимой в войлочной кибитке?”, - он ответить: “Спросите гуся, не зябнут ли у него ноги?”.



“Мен эмне үчүн өз малымдан да жаман жашашым керек”, - дейт кайсак (кыргыз). “Мен эмне алтын тордо эркиндикке чыгам дегенде эки көзү төрт болуп, жан далбастап жаткан чымчыктан да ылдыймынбы? Ким үйү менен жерге байланса, тиккен ак өргөөсүн ордунан жылдыра албаса, анда ал - жер менен адамдардын кулу. Ким түн да, күн да жарым сааттын ичинде үй-жайын, мал-мүлкүн алып, төрт тарабы кыбыла дүйнөгө көчүп кете алса, анда ал - эркин. Хандын бакчасында өскөн тыт дарагы жакшы дечи, бирок, мен буттарым тамырлап, колдорум бутакка айланбасын билгендиктен, өзүмдү белиме чейин көөмп салганга жол бербейм. Байларга баардык жерде жакшы, ал эми кедейлерге баардык жерде жаман”.

Кайсакка жатып ичкен жан бакты жалкоо болгон күнөө, иште деп айтсаң, ал “Зарылдык болсо иштегенге не жетсин, жумуш качпайт; талаада ачка жылкы үчүн чөптөн көп нерсе жок, ал эми таң аткандан күн батканга чейин Кудайдын иши бүтпөйт”, - деп жооп берет. Кайсактан “Кышында кийиз алачыкта жашайсың, суук эмеспи?”, - деп сурасаң, ал “Каздан кышында бутуң тоңбойбу деп сурап көргүлөчү”, - деген жоопту берет.



Адамдын эркине кара курсак менен кызыл кекиртектин айынан аргасыз баш ийген башка жаныбарлардан айырмаланып, ак илбирс темир тордун артында, же зоопарктарда кысылып жашай албайт. Постсоветтик геосаясий мейкиндикте өзүнүн коомдук-саясий активдүүлүгү менен кескин айырмаланган кыргыздардын менталитетинде да эркиндикти сүйүү, эркиндик үчүн жан аябай кармашууга даярдык сымал өзгөчлүктөр көзгө дароо урунат. Орусиянын курамына киргенге чейин эле кыргыздар эркинди баардыгынан жогору коюп, башкаларга көз каранды болууну жактырбагандыгы тууралуу саясат илимдеринин доктору, Россия Федерациясынын ИИМине таандык МГИМОнун профессору, РФнын Мамлекеттик Думасынын депутаты В. Р. Мединский мындай деп жазат:

ЭРКИНДИКТИ СYЙГӨН КЫРГЫЗДАР ОРУС ТАРЫХЫ МЕНЕН ОРУС САЯСАТЧЫСЫНЫН КӨЗ КАРАШЫНДА

«Енисейге орустар ХVII кылымдын башында келишти. Ал жерде кыргыздар тарабынан түзүлгөн бир катар примитивдүү мамлекеттерге кез болушат. Кыргыздар көчмөн жана аскер иши менен байланышкан, ал эми аларга көз каранды болуп, «кыштым» деген атка конгон алардын букаралары дыйканчылык, малчылык, аңчылык жана балыкчылык кесиптери менен алектенишкен.

Кыргыздар өздөрүн «ак сөөк» деп атап, кыштымдарынан салык чогултушкан да, аларды өз билгениндей бийлешкен.

Келгин орустар кыргыздардын кыштымдарына да, өздөрүнө да баалуу аь терилер жана ясак (Москвалык Руста жана падышалык Россиянын кээ бир жерлеринде буюм търъндё алынган салык – А. Г.) түрүндөгү салыкты салышкан.

Кыргыздар орус бийлиги менен жан аябай салгылашышты. Алар эки жолу Красноярск шаарын штурм менен алып кое жаздашкан. Эң кызыктуусу: кыргыз хандарынын букаралары (кыштымдар) орустар менен согушууну тап-такыр каалашкан эмес. Алардын көпчүлүгү бул жосууну кыргыздарга жакпасын эң мыкты түшүнүп турса да, орус бийлигин өз ыктыяры менен кабыл алышты.

1703-жылы кыргыздар Енисейден орустарды сүрүп чыгара албасын түшүнүп, бул жерден кетүүнү чечишти да, монгол талааларын көздөй көчө башташты. Алар өздөрү менен кошо эң баалуу менчиги болуп саналган кыштымдарды алып кетүүгө аракет кылышты. Бирок, кыштымдар эч жакка кетишкен жок. ...Ошентип, кыргыздардын мурунку букараларынан акырындык менен өзүн хакастар деп атай баштаган эл жаралган. Бүгүн алардын саны 70 миңден ашык. Алар Красноярск крайынын түштүгү менен Хакасияда жашашат» (астын сызган – А. Г.) (Мединский В. О России – «тюрьме народов». Серия «Мифы о России». – М., 2011. – С. 149-150).



УМАЙ ЭНЕ” БЕЛГИСИ – бул белги “ТYНДYК жана ЖYРӨК ПЕЙИЛ” белгисинин оң жагынан, б.а. асабанын (полотнище) желбиреген жагына жайгаштырылуусу абзел. Умай эне” белгисинин алдына да илбирстин алдындагыдай кыйгачынан кеткен сынык сызыктуу бир жана туташ сызыктуу үч линиялар болууга тийиш. Бул биринчиден, сүрөттөгү гармонияны камсыз кылат, экинчиден, үй-бүлө институтун жокко чыгарган ааламдашуу (глобализация) менен вестернизация процесстеринин шарттарында Умай эне тоолук кыргыздар менен тоолуу Кыргызстандын калкынын салттуу баалуулуктары менен мурастарын сактап, алардын экономикалык, саясий, социалдык, маданий прогресс жолундагы жетишкендиктери менен ийгиликтерин дайым колдоп турат деген маанини туюндурмакчы.

Ошентип, желек төмөнкүдөй 5 баалуулукту толук кандуу чагылдырат:



  1. Көрөңгөлүү диний ишенимдерге негизделген руханий баалуулуктар

  2. Экономикалык жыргалчылыкка негизделген материалдык баалуулуктар

  3. Башкаларга тең ата боло алган, ар намыстуу мамлекет жана мамлекеттүүлүктү курууга негизделген саясий баалуулуктар

  4. Алгачкы үч баалуулукту кандайдыр бир жолго салып, тескеп кеткен идеологиялык баалуулуктар.

  5. Идеологиянын чок өзөгүнө коюлган улуттук мүнөздүн өзгөчөлүктөрүнө негизделген менталдык жана салттуу баалуулуктар.




ААЛИЕВА Гүлзат Карыбековна – философия илимдеринин кандидаты, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын философия жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр Институтунун докторанты

1 Санскрит (санскрит тилинен самскрта – иштелип чыккан) – индоевропалык тил түркүмүө кирип, байыркы индустардын адабий негизде иштелип чыккан тили. Бул тилдин б.з.ч. 1-кылымдарга таандык тарыхый эстеликтери белгилүү. Өтө так нормалдашкан грамматикасы менен айырмаланат. Санскрит тилинде Түштүк-Батыш, Борбордук Азия жана Европа элдеринин маданиятына күчтүү таасир берген көркөм, диний, философиялык, юридикалык жана илимий чыгармалар жазылган. Заманбап Индияда санскрит тили гуманитардык илимдер менен диний культтун расмий тили, о.э. коомдун жогорку касталары гана пикир алыша турган тил катары пайдаланылат // Большой энциклопедический словарь / Под редакцией А. М. Прохорова. – М.: Научное издательство «Большая Российская энциклопедия»; СПб.: «Норинт», 1998. – С. 1059.

2 Салыштырыңыз: готт тилинде Manna, немец тилинде Mann, англис тилинде Man, кыргыз тилинде адамдын жөндөмдүүлүгүн туюндуруу үчүн жалганган мүчө; мисалы, билерман, чабарман, угарман, күйөрман ж.б., арабча мусулман, еврейлердин фамилиясы Либерман, Вассерман ж.б. – А. Г.

3 Салыштырыңыз: грек тилинде hile – материя, баткак, орус тилинде ил, деңиз, же суу түбүндө чөгүндү сымал баткак. Грек мифологиясында да адамзаттын түпкү энеси болгон Пандора аттуу алгачкы аял топурактан жасалган – А. Г.

4 «Кыргыз» этнонимин анализдөөдө айрым илимпоздор кыргыздарга боордош, аларга тектеш огуз, азербайжан, гагауз, уйгур, булгар, чуваш ж.б. элдердин этнонимдеринде кездешкен «аз», «ас», «аш», «ар», «газ», «гар», «гун», «гуз», «гыз», «уз» компоненттерине өзгөчө көңүл бурушат (Мисалы, Бартольд В. В. Сочинения. – М., 1968. – Т. 5. – С. 394; Бойс М. Зороастрийцы. Верования и обычаи. – М., 1988. – С. 17; Карамзин Н. М. История государства Российского. – М., 1989. – Т. 1. – С. 179; Прокопий Кесарийский. Война с персами. Война с вандалами. Тайная история. – М., 1993. – С. 67-178; Рашид ад-дин. Сборник летописей. – М., - Л., 1952. – Т. 1. – Кн. 1. – С. 90-91; Хуршут Э. Азы – божества и люди // Вопросы истории Кыргызстана. – 2009. - № 1. – С. 66-72).

Алардын пикиринде бутпарас дининдеги байыркы скандинавиялыктардын аталышы кыргыз тилине нур чачыраган, нур жүздүүлөр деп которулган кө сандаган кудайларын «аздар» (эркектери), азиналар (аялдар), зороастриялык кудайларды «яздар» (Караңыз: Хуршут Э. Азы – божества и люди // Вопросы истории Кыргызстана. – 2009. - № 1. – С. 66), байыркы немец жана саксон тилдеринде сүйлөгөн готт уруулары ъчън «аз» - ааламды, дүйнөнү тиреп турган түркүк (Караңыз: Энциклопедический словарь Брокгауза и Ефрона. – СПб., 1890. – Т. 1. – С. 239), байыркы кельт тилинде да (Караңыз: Карамзин Н. М. История государства Российского. – М., 1989. – Т. 1. – С. 179), индустардын Ригведасы жазылган санскрит тилинде да (Караңыз: Хуршут Э. Азы – божества и люди // Вопросы истории Кыргызстана. – 2009. - № 1. – С. 66), «Авеста» жазылган байыркы ирандыктардын тилинде да (Караьыз: Бойс М. Зороастрийцы. Верования и обычаи. – М., 1988. – С. 17) «аз» – Кудай, Дүйнөнүн ээси деген маанини туюндурат. Скандинавиялык көп кудайлардын ичинен тарыхтын кудайы делген Сага да азина болгон



Аздар асмандагы аздар жана жердеги аздар деп экиге бөлүнгөн. Кудайга тең маанилеш аздар жашаган асмандагы (балким кыргыз тилиндеги «асман» деген түшүнүк «аз» жана индоевропалык тилдердеги «man» – «киши, адам» деген сөзүнөн алынып, кудайлар жашаган «руханий жер» деген маанини туюнтат – А. Г.) дүйнө (Кудай дүйнөсү) Азгард («аз» жана англис тилинде guard – сакчы) деп аталган. Жерде жашаган аздар Кытайдан Европага чейинки ири аймактарды ээлешкен. Байыркы орус санжырачылары, анын ичинде атактуу Нестор да, о.э. византиялык авторлор да Волга жана Дунай дарыяларынын ортосундагы орус талааларында жашаган печенегдер, кыпчактар (половецтер), туркомандар (түрктөр) ж.б. көчмөн түрк уруулары менен элдерин «уздар» деп аташкан (Карамзин Н. М. История государства Российского. – М., 1989. – Т. 1. – С. 179; Прокопий Кесарийский. Война с персами. Война с вандалами. Тайная история. – М., 1993. – С. 67-178). Айрым авторлордун пикиринде жердеги аздар Дон дарыясы турган аймакта жашап, андан соң скандинавиялык өлкөлөргө сапар тартып, Азландия (Исландия) деп аталганы өлкөнү түзүшөт (Хуршут Э. Азы – божества и люди // Вопросы истории Кыргызстана. – 2009. - № 1. – С. 66-67).

5 Мнемоника (грекчеден mnèmmoniká – эс тутум жана thèchne – өнөр) – эске тутууну жеңилдетип, жасалма жол менен жаралган ассоциациялардын жардамы аркасында эс тутумдун көлөмүн чоңойтууга жардам берген ыкмалар менен каражаттардын жыйындысы // Большой энциклопедический словарь / Под редакцией А. М. Прохорова. – М.: Научное издательство «Большая Российская энциклопедия»; СПб.: «Норинт», 1998. – С. 742.

6 ХV кылымдан тартып Греция Түркиянын бийлиги астында калган. Өз чыгармачылыгында Делакруа грек эпопеясындагы эң трагедиялуу учурду тандап алат. 1821-жылдын сентябрь айында түрк жазалоочулары Кичи Азиянын жээктерине жакын жайгашкан Эгей деңизиндеги Хиос аралынын тынч жашоо кечирип жаткан карапайым калкын кырып салат. Кырк миңден ашуун грек өлтүрүлүп, жыйырма миңдей грек кулдукка айдалып кетет. Сүрөтчү бул жосуунсуз жорукка жооп кылып «Хиостогу кыргын» (Хиосская резня») (1824) деп аталган чыгармасын жараткан // Караьыз: Искусство. Энциклопедия для детей. – Ч. 2. – Т. 7. – С. 233.

7 Бурбондор (французча Bourbons испанча Borbones италиялык тилде Borboni) – Францияда 1589-1792, 1814-15, 1815-1830-жылдары (көрүнүктүү өкүлдөрү: Генрих IV, Людовик ХIV, Людовик ХVI, Людовик ХVIII); Испанияда 1700-1808, 1814-1868, 1874-1931 жана 1975-жылдан бүгүнкү күнгө чейин (Бурбондордун испандык бутагы Людовик ХIV небереси Филипп V тарабынан негизделген); эки Сицилиянын Королдугунда 1735-1805, 1814-1860 (Бурбондордун италиялык бутагы Филипп V уулу Карл IV тарабынан негизделген) бийлик жүргүзгөн династия // Большой энциклопедический словарь / Под редакцией А. М. Прохорова. – М.: Научное издательство «Большая Российская энциклопедия»; СПб.: «Норинт», 1998. – С. 164.

8 1815-жылы Бурбондордун бийликке кайра келиши элди абдан кыжырланткан. Демек, «Улуу Француз революциясынын курмандыктары менен жеңиши эч нерсеге татыбай калган тура!», - деп 15 жыл чыдаган француздар кайрадан толкуп, 1830-жылдын июлунда Парижде көтөрүлүш чыгат да, карапайым эл Франциянын борбор шаарын ээлеп алышат. Реставрация доору, ошентип, талкаланып жок болгон. Ушул окуядан соң Францияда Июль монархиясы орногон да, бийликке король Луи Филипп (1830-1848) келет // Искусство. Энциклопедия для детей. – Ч. 2. – Т. 7. – С. 233..

9 Караңыз: Искусство. Энциклопедия для детей. – Ч. 2. – Т. 7. – С. 234-235.

10 Илимий адабиятта индоевропалык элдердин түпкү бабалары болгон арийлер тууралуу так кесе мааламаттар жокко эсе. Бир катар изилдөөчүлөр, алардын ичинде кыргыз илипоздору да арийлерди б.з.ч. II миң жылдыктын ортосунда Иран менен Индияны басып алган байыркы андроновчулар деп билишет. Алар мурунку мекенин - арийлер чөлкөмү, ал эми өздөрүн арийлер деп аташкан. Бүгүнкү күндө арийлердин мекени Евразиянын чок ортосунда жайгашкан (демек, заманбап Кыргызстандын аймагында – А. Г.) деген боолголоолор бар // Караңыз: Махнач В. А., Елишев С. О. Политика. Основные понятия. Справочник-словарь. – М.: ОЛМА Медиа-групп, 2008. – С. 68-69.

11 Гербикадагы символдордун сүрөттөрү төмөнкү булак боюнча алынууда: Кыргыз калпагы. Муундан муунга. – Бишкек: «Кыргыз Эл» коомдук бирикмеси, 2011.

12 Илимий адабиятта кыргыздардын улуттук мүнөзүн ак илбирс менен салыштырган алгачкы маалымат философия илимдеринин доктору, профессор А. И. Исмаиловго (1937-2008) таандык // Караңыз: Исмаилов А. И. Философия духа кыргызского народа. – Бишкек, 2002.





Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет