Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы турмуш чындыгы



Дата12.12.2023
өлшемі16.26 Kb.
#486279
түріРеферат
БА-2-22 . Ч.Айтматовдун чындыгы


И.Арабаев атындагы КМУ
Студенттин өз алдынча иши

Реферат


ТЕМА: Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы турмуш чындыгы

Группа : БА-2-22
Жазган : Умарова Айтолкун
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы турмуш чындыгы

Адабият айдыңында аты ааламга таанымал болгон Ч.Айтматовдун өмүр жолуна, ой-чабытына, адамдардын руханий дүйнөсүнүн тазалыгына кошкон салымына саресеп салып карасак, анын чыгармаларында козголгон маселелер глобалдык масштабга ээ болгондугу менен өзгөчөлөнөт.
Анын улуу инсандыгы - өзү жашаган доордон ондогон жылдар алдыга озуп чыккандыгында. Адамзаттын эртеңки келечегине назар салып, кечээги кан күйгөн каардуу Улуу Ата Мекендик согуштан, термоядролук согуш коркунучуна чейин чабыт салып, адам табиятынын бузулушу менен экологиялык чоң катастрофага багыт алгандыгы, анын натыйжасында саясий-укуктук, экономикалык теңсиздиктин күч алышы тууралуу кеңири панораманы Ч.Айтматовдой эч бир адам көркөм анализ жасай электигин баса белгилегим келет.
Айрыкча Ч.Айтматовдун глобалдык маселе көтөргөн чыгармаларынын бири - "Кылым карытар бир күн" романындагы козголгон курч окуяларды беш аспектиде карасак болот. Адамзаттын ондогон кылымдар бою башка жан-жаныбарлардай жок болуп кетпей, тетирисинче, кайрадан өнүгүп-өсүүсүнүн сыры эмнеде? Жазуучунун күчтүү ой өрүшү буга так жооп берет. Чыгармада Эдигей менен Казангаптай рухий дүйнөсү таза жана күчтүү, адал эмгеги менен күн сүрүп, жашоодо адилеттикти туу туткан, ушуга окшогон карапайым адамдардын улуулугу гана азыркы цивилизацияга алып келгени изилдөөгө алынгандыгы менен өзгөчөлөнөт. Ошол эле учурда адамзаттын өнүгүүсүнө бийлик ар түрдүү жолдор менен тоскоолдук жасоого аракет кылаарын, аракет кылып келгенин жана аракет кыла берээрин ачык көргөзөт да, дүйнөнү жан дүйнөсү таза, баладай баео, бирок адамгерчилик дүйнөсү улуу Эдигей, Казангап сыяктуу карапайым адамдар гана сактап калганын жана сактап калаарын белгилейт.
Жашоонун өктөмдүгүн карачы! Адам баласынын жашоосу карама-каршылыктарга толгон. Ак менен каранын, жарык менен караңгынын, адам менен ажалдын ортосундагы күрөш түбөлүк экен. Ушул карама-каршылыктар адам баласын улам чыйралтып, улам жаңы күрөшкө көтөрүп чыгат тура! Бирок, ушул күрөштө адамзаттын улам бир зор ийгиликке жетишине, адам баласы өзү ойлоп тапкан "бийлик" деген "илдет" тушоо болуп келгендиги, Абуталиптин оор трагедиялуу тагдыры, Казангаптын көзү өткөндө, анын сөөгүн эл ыйык деп эсептеген "Эне-Бейитке" коюуга бийликтин тыюу салышы, жайнаган бош жерден ушул көрүстөндү космодромго айландырышы менен эле бийликтин зомбулугун да, зөөкүрлүгүн да ачып көргөзгөн.
Бирок, бийлик муну менен гана чектелип калган эмес. Күчтүү эки державанын (АКШ менен СССРдин) ортосунда космосту да өздөрүнүн "аскердик-согуштук плацдармына" айландырууга, ошол кезде жасалып жаткан аракеттерин сынга алып, бул державалар эртеби-кечпи, өз максаттарын ишке ашыраарын, бул максаттар менен алар ааламга өз үстөмдүгүн жүргүзүүгө умтулаарын, автор фантастикалык "Токой-Төш" планетасынын акыл-эстүү өкүлдөрү менен Жерден барган космонавттардын жолугушуусу аркылуу жыйынтык чыгарып, өзүнүн баасын берет.
Бийлик ааламдын жеткен цивилизациясын өздөштүрүп, алардын ийгилигин жашоого кеңири колдонууга, жаңылыштыктарын кайталабоого аракет жасаган жок. Тетирисинче, мурда жаңжуңдар душмандын колго түшкөндөрүн шири кийгизип, акылдан ажыратып келсе, эки күчтүү держава "Токой-Төш" планетасындагы, илимий ачылыштардын оң жана терс жактарын Жердин жашоочуларына жеткирбөөгө чечим кабыл алат. Натыйжада эки держава тарабынан бир мезгилде, көптөгөн ядролук курал жүктөлгөн космос кораблдери учурулуп, "Жерге темирден шири" кийгизгени автор тараптан катуу сынга алынат. Ч.Айтматов өзүнүн ушул чыгармасында "Жерге салынган шири" бүтүндөй ааламга жана адамзаттын бүтүндөй акыл-эсине салынган кишен экендигин ачык көргөзөт.
Доордун улуу инсаны жана көрөгөч жазуучусу Ч.Айтматов өзү жашаган мезгилден ондогон жылдар алдыга чыккандыгын турмуш өзү тастыктабадыбы? Жарыша куралдануу мезгилинде СССР (аны мурас катары Орусия кабыл алган) жана АКШ космосту "аскердик-согуштук плацдармга" айландырып, "шпион-ракеталар" космоско чыгарылса, бул багыттан бири-бирине аесуз сокку берүү үчүн, "Ракетага каршы коргонуу" (ПРО) 1985-жылдан бери негизги коргонуу каражаты катары аскердик-согуштук бөлүк болуп түзүлгөн эле. Ал эми "акыл-эске кишен" салынган ушул мезгил биздин Кыргыз Республикасынан да кыйгап өткөн жок. Азыркы күндө адамзаттын өнүгүүсүнө салым кошкон демократия түшүнүгүнө каршы, бийликтин каршы күрөшү күч алып, "батыштык цивилизациянын" өлкөгө киришине тоскоолдуктар күч алган.
Албетте, биз батыштын цивилизациясы бүтүндөй колго аларлык көрүнүш дегибиз келбейт. Бирок, анын жакшы жактарын, илимий-техникалык жактан ийгиликтерин, мамлекетти башкаруудагы демократиялык мүмкүнчүлүгүн колдонуудан неге коркобуз? Ошол эле мезгилде СССРдин эл чарбасын өнүктүрүүдөгү пландык чарба жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүп, пайдаланбайбыз? Тетирисинче, коомдун өнүгүүсүндөгү жакшы жактарын жээрип, жалаң бийликтин үстөмдүгүн, үй-бүлө жана кландык башкаруунун орношун камсыз кылып отурабыз. Көрсө, доордун акылманы Ч.Айтматов өзүнүн фантастикалык ой-туюму менен акыркы мезгилде адамзаттын "майдаланып" баратканын, эртеңки келечегибизге кайдыгер мамилебизден жана бийликтин бизге кийгизген "ширисинен" улам, "Жоломан - маңкурттан" да коркунучтуу "Сабитжан - радиомаңбаштардын" көбөйгөнүн эскертип, коркунуч коңгуроосун каккан тура!
Алып көрөлүчү! Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгонуна 32 жыл өтсө да, авторитардык режимден арылбай келе жатабыз. "Демократиялык аралчабыз" - деп мактанган менен, үй-бүлөлүк жана кландык башкаруу гана өркүндөлүп, бийлик мамлекеттин жана кыргыз улутунун (башка элдердин өздөрүнүн деле улуттук мамлекети бар, эмне үчүн алар эң алгач өз улутунун гана кызыкчылыгын коргойт? Биз гана өлкөбүздү "жалпы үйгө" айландырганбыз), кызыкчылыгын коргоодон коркушат. Жер жана мамлекет кыргыздыкы экендигин ачык айтуудан тайсалдашат. Ошол эле учурда кыргыз эли же улуту өз жерине ээ - дегендерге бийлик тарабынан мурда даярдалган "маңкурттар" жана "радиомаңбаштар" аларга каршы "жумуртка согушун" башташат. Аларды "ОБОНдун ажаан аткаруучулары" менен күчтөндүрөт. Бийликтин зомбулугу да, сокурдугу да ушунда экендигин мындан 30-40 жыл мурда эле Ч.Айтматов айтып да, жазып да койгонун кантип моюнга албайбыз?
Маңкуртчулук - бул жеке адамдын гана трагедиясы. Ал - жеке адам, бирок акылынан адашса да, өз ээсинен башканын буйругун аткарбайт. Анда ата-эне да, үй-бүлө да, тукум да жок. Ал өзү жашаган коомго таасир көргөзө албайт, коомдун таасирин да кабыл албайт. Демек, ал чөйрөгө белгилүү таасир бере албагандыктан, башкалардын аң-сезимине өзгөртүү киргизүүгө жөндөмсүз. Тактап айтканда, тамактанып, курсагы тойгон соң, башы оогон жакка кете берген маңыроо курт. Ал коомго жана адамзатка коркунучтуу күч боло албайт.
Ал эми "Сабитжан - радиомаңбаштар" эң коркунучтуу тип. Алардын өздөрүнүн белгилүү чөйрөсү бар. Үй-бүлөлүү, балалуу-чакалуу. Сүйлөсө тилинен чаң чыккан, дагы балбандыгын айт. Адамдарды сөз менен жайгарып, алардын ичинде жогорку билимге ээ болгондору бар. Мындай карасаң акыл-эси деле ордунда. Бирок, бийлик аларга төөнүн терисинен "шири" кийгизбесе да, идеологиялык "каргыны" моюнуна таккан. Аларга ит жеминдей каражат берип, эгер өзүнө каршы сөз айтса, ачка калаарын эскерткен. Алар жугунду куйган ээсине шыйпаңдагандай, бийликке кошомат кылганды, жагынганды гана өздөштүргөн. Кыргыз эли аларды: - "Күн тийген жердин чоросу" - деп аташат. Алар мансапка да ынак келишет. Булар коомдо коркунучтуу күчкө да ээ.
Мунун да башка себептери бар. Бийлик төбөлдөрү түбөлүккө турбайт да. "Сабитжан - радиомаңбаштар" муну жакшы билишет. Бийликтин күнү бүтүп баратканын элден мурда сезип, бийликке келер тарапка өтө качат. Азыр аларды, адатта, "дүжүрлөр" - деп атап калышкан. Булар тымызын айлана-чөйрөнү булгап жүрүшөт. Алардын чыныгы жүзүн көпчүлүк учурда байкабай каласың. Булар кимдир-бирөөлөрдү "жөөлөп", экинчисин "көөлөп" жүрө беришет. Байкабаган адамдар ишенип, качан, кантип? - алардын курмандыгы болгонун билбей калышат. Демек, булар кадимки маңкурттардан коркунучтуу, коомдун айыкпас илдетинин вирустарын алып жүрүүчүлөр болуп саналышат. Демек, "Сабитжан - радиомаңбаштар" - жалпы адамзаттын трагедиясы.
былыңгыт, балит иштерин көрүп-билип турса да, өз пикирлерин ачык айтуудан коркушаарын, алар ар-намыстын ордуна "кучактаган столун" сактап калууну максат кылаарын сезип-туюп, аларга өзүнүн рухий дүйнөсү менен каршы чыккан эле...
Жазуучу өзү жашаган доорго жана анын келечегине күчтүү туюму менен иликтөө жүргүзгөн. Ошол замандын эртеңки тагдырына "балта чабуучулар" эл эмес, ошол кезде бийликтин ишенимине кирген, заты эмес, аты эле коркунучтуу үч тамга КГБнын "Сабитжанына" айланган Таңсыкбаевдер, "кайыш курткачан" Сегизбаевдер "саясатты чемичкедей чаккан", интеллектуалдуулукту жана принциптүүлүктү башкалардан талап кылган, бирок адамгерчиликтин асыл наркын күнүмдүк мансап үчүн курмандыкка чалган партиялык уюмдардын катчылары болоорун өзүнүн күчтүү чыгармалары менен бийликке эскерткен жана сындаган Чыңгыз агабыз болгонуна сыймыктансак болот.

Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет