Бишкек-2020 терминдер сөЗДҮГҮ


Демонтаж - экспозициялык материалдарды алуу, чечүү, жыйноо иштеринин тартиби. Дублет



бет2/8
Дата05.11.2023
өлшемі24.43 Kb.
#482399
1   2   3   4   5   6   7   8
ТЕРМИН СОЗДУК

Демонтаж - экспозициялык материалдарды алуу, чечүү, жыйноо иштеринин тартиби.
Дублет – бир предметтин окшош жасалып чыгарылган нускасы
Экспозиция – (лат.тл. expono – чыгаруу, көрсөтүү, коюу) латын этишинен expositio – баяндоо, сүрөттөө деген маанини түшүндүрөт. Жалпы көрсөтмөгө чыгарылган өзүнүн спецификасы бар, белгилүү өзгөчөлүктөргө жана касиеттерге ээ предметтерден түзүлгөн көрсөтмө.
Экспонат – көргөзмөгө коюлган музей предмети.
Экспозициялык комплекс – белгилери жана мазмуну боюнча бир маанини түзгөн, өз ара байланышкан предметтердин группасынын структуралык бирдиги.
Экспозицияны түзүү усулу – экспозициянын мазмунун түзүү, илимий негиздөө, экспозициялык материалдарды топтоштуруу жана уюштуруу иштери болуп саналат.
Этикеткабул предметтин аталышын, анын атрибутташкан маалыматын, аныктап айтканда материал жөнүндөгү маалыматты, жасалуу жолун, автордук таандуулугун, социалдык жана этникалык чөйрөсүн, тарыхый жана мемориалдык маанисин камтыган текст.
Этикетаж – экспозициядагы этикеткалардын жалпыланган аталышы.
Экскурсия – (лат. тл. excursio - барып келүү) коллекцияларды презентациялоонун формасы. 1. Экскурсия – музейди, ажайып жайларды, көргөзмөлөрдү, жаратылыш объектилерин ж.б. тарыхый эстеликтерди белгилүү бир каттамда баяндамачылардын жетекчилигинде таанып билүү.
2. Агартуу, илимий жана тарбиялык максаттагы, ошондой эле бош убактысын туура пайдалануу менен эстетикалык талабын канаттандыруу үчүн жамааттык кыдырып көрүү.
Экскурсовод – маданий-агартуу иштерин алып барган, баяндама жүргүзгөн жана башка массалык иштерди уюштурган илимий кызматкер.
Экспликация – музей экспозициясына же көргөзмөсүнө чыгарылган тарыхый-көркөм көрүнүшкө түшүндүрмө жана баа берген мазмундагы кыскача коштомо маалымкат.
Эстамп – көркөм графика чыгармачылыгындагы литографиялык же гравюралык калыбын алуу.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет