Бишкек-2020 терминдер сөЗДҮГҮ



бет1/8
Дата05.11.2023
өлшемі24.43 Kb.
#482399
  1   2   3   4   5   6   7   8
ТЕРМИН СОЗДУК


МУЗЕЙ ТЕРМИНДЕРИНИН СӨЗДҮГҮ


Бишкек-2020

ТЕРМИНДЕР СӨЗДҮГҮ


Аныктамалар (маалымат берүүчү китептер) – предметтерди группалык тармактары жана белгилери боюнча бөлгөн жана жазган иллюстративдүү атайын чыгарылган музей басылмалары.
Атрибуция – музей предметтеринин өзүнө таандык белгилерин аныктоо. Предметтин физикалык, химиялык ж.б. касиеттерин, табылган жерин, келип чыгуу тарыхын тактоо. Атрибуцияда ошондон эле предметтин автордук, социалдык, этникалык, мемориалдык таандуулугун тактоого аракет кылынат.
Ансамблдик музей – маданий жана табигый объектилерди музейге айлантуудан түзүлгөн музейлер. Ансамблдик музейлерге – үй музейлер, корук-музейлер, чеберкана-музейлер ж.б. кирет.
Археология – алдыда музей предметине айлануучу заттык табылгалардын негизинде, тарыхты окутуп үйрөнүүчү илим.
Башкы тексттер – музей экспозициясын түзүүгө жана көрүүчүлөрдүн экспозиция залында туура жүрүүсүнө багыт берген текст.
Буклет – кыскача тексттер, темага тийиштүү сүрөттөр менен иллюстрацияланган, кыска жана так маалыматты камтыган чакан басылма.
Биотоптор – (биологиялык группалар) жаныбарлар же өсүмдүктөр дүйнөсүнөн турган экспозициялык комплекс.
Ведомстволук музейлер – кайсы бир мекеменин же ведомствонун ичинде түзүлгөн, ошол мекеменин тарыхын чагылдырган музейлер (коргоо министрлигинин, кыргыз радиосунун, окуу жайлардын ж.б.).
Гид тарыхый-маданий жайларды, эстеликтерди, жаратылыш объектилерин кыдыртып алып жүрүүчү, атайы профилдик кесипке ээ адис.
Голограмма – лазердик техника каражаты аркылуу түзүлгөн же жарык сезгич пластина менен жүргүзүлүп иштетилүүчү, көлөмдүү үч өлчөмдүү көчүрмө.
Диорама (гр. тл. dia – көрүнүү жана horama - түр ) – атайын мейкиндиктин (горизонттун) бир бөлүгүн гана кучагына алып, жарым айлана же жарым үч бурчтук түрүндө атайын дубалга кирип турган орунга жайгаштырылган жана окуяны чагылдырган композиция.


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет