Бишкек-2020 терминдер сөЗДҮГҮ


Эстампаж – бир предметтин формасын микалент кагазына же полиэтилен пленкасына көчүрүү ыкмасында түшүрүп алуу. Эстеликтерди музеефикациялоо



бет3/8
Дата05.11.2023
өлшемі24.43 Kb.
#482399
1   2   3   4   5   6   7   8
ТЕРМИН СОЗДУК

Эстампаж – бир предметтин формасын микалент кагазына же полиэтилен пленкасына көчүрүү ыкмасында түшүрүп алуу.
Эстеликтерди музеефикациялоо – музей ишмердүүлүгүнө жана эстеликтерди коргоого, кыймылсыз тарыхый жана маданий же табигый объектилерди музей объектиси катары максималдуу сактоого, алардын тарыхый-маданий, илимий, эстетикалык баалуулук катары кайрадан түзүүгө, азыркы маданий баалуулукка айландырууга арналган ишмердүүлүк болуп саналат.
Экспозициялык жабдуу – экспозициянын мейкиндикте жайгашуусун жөнгө салуучу комплекс. Экспонаттардын тизмектелүүсүн жана сакталуусун камсыздоочу иш-чара.
Эстеликтерди коргоомаданий эстеликтерди улуттук мурастарыбыздын бир бөлүгү катары укуктук жөнгө салуу ченемдери аркылуу сактоо.
Жалпы (илимий) концепция негизги ой жазылган, экспозиция залынын план-чертеждору чийилген, ири экспонаттар тандалган, илимий-жардамчы материалдар (диорам, макет ж.б.) көрсөтүлгөн бирдиктүү документ.
Жаңылап жасоо – түпнусканын так өзүндөй материалынан жасалган окшош көчүрмө (XIX кылымдагы териден жасалган кандагай шымдын калыбын, сакталып жеткен жана изилденген документтердин жана сүрөттөрдүн негизинде кайрадан жасоо).
Жол көрсөткүчтөр – экспозицияны (залдардын каттамын, комплекстердин аталыштарын көрсөткөн жебелер) өз алдынча көрүүнү жеңилдетүү үчүн атайын багыттаган система.
Илимий-жардамчы материалдар – көргөзмөнүн таасирин арттыруу үчүн же белгилүү бир себептер менен түпнуска предметтердин ордуна чыгарылуучу көчүрмө, макет жадыбал, карта сыяктуу музейлик жардамчы предметтер.
Инвентирлөө – музей предметтерин илимий каттоо.
Инвентардык китеп – музей предметтерин күбөлөндүрүп тастыктоочу илимий эсепке алуу китеби.
Инкрустация – мрамор, керамика, металл, жыгач, перламутра, сөөк бөлүктөрүнүн оймолоруна башка материалдан басылган, тышжагы аземделип жасалган кооздуктар.
Инсталляция (анг.тл. installation – коюу) – реалдуу көрүнүштү же объекти реконструкциялоого эмес, ачык түстүү көркөм ассоциацияны түзүүгө багытталган, ар түрдүү элементтерден (тиричилик предметтеринен, өндүрүш буюмдарынан жана материалдарынан, жаратылыш объектилеринен, тексттерден, визуалдык маалыматтардан) түзүлгөн мейкиндик композициясы.
Инсталляция жасалгалоо усулу катары негизинен агартуучулук жолго караганда көрүүчүлөрдүн көңүлүн ачуу багытына ыктаган ыкма катары музей экспозицияларында кеңири колдонулуучу ыкма.
Интерпретация – предметтин же коллекциянын түпнускалыгын, аныктыгын, репрезентативдүүлүгүн жана предметтин семантикалык маалыматтарын, предмет жана коллекциялардын касиеттеринин өзүнө таандык өзгөчөлүктөрүн талкуулап, текшерип, музей баалуулугу экендигин аныктоо.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет