Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет33/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Жыныс бездери. Эркектердин жыныс бездери бир жуп эн-
дер, эн кыпчыкейи. простата бези кирет. Эндер элине формасын-
да болуп, салмагы чоң кишилерде 20 — 30 гр болот. Алардын 


- 72 -
эркектик жыныс клеткалары (сперматозоиддер) жана эркектик 
жыныс гормондору (тестостероя) иштелип чыгат. Эндердин бул 
функциясы өспүрүмдүк доорунда (12 — 15 жаш) башталат да, 
карыган учурга чейин улантылат.
Тестостерон гормону өспүрүмдөрдү бойго жетүү белгиле-
ринин пайда болушуна таасир көрсөтөт б.а. сакалдын өсүшү, 
колтуктардагы, чаттын алдындагы жүндүн чыгышы, үндүн өз-
гөрүүсү жана башкалар.
Кээ бир оорулардын (асма, грипп,ангина өндүүлөр) таасири-
нин натыйжасында эндер шамалдап, оорусу мүмкүн. Муну өз 
убагында айыктырбаса эндердин сперматозоид жана тестосте-
рон иштеп чыгаруу функциясынын бузулушуна себеп болот. 
Бул оору балалык чакта болгон болсо, өспүрүмдүк доордун бой-
го жеткендик белгилеринин пайда болушун кечиктирет жана ке-
лечекте перзент көрүү жендөмдүүлүгүн жоготушу мүмкүн.
Аялдардын жыныс бездерине бир жуп жумурткалык кирет. 
Жумурткалыктар кичүү жамбаш көңдөйүнөн орун алып, чоң 
аялдарда алардын салмагы 5 — 6 г. болот. Жумурткалык жатын-
дын арка бөлүгүнө жабышып турат, Жумурткалык аялдар гор-
мондор (прогестерон, эстерон, эстереол, эстрадеол) иштеп чыга-
рат. Бул гормондор тикеден-тике канга куюлат. Алар кыздардын 
өспүрүмдүк доорунан баштап, иштелип чыга баштайт жана алар 
экинчилик аялдык белгилеринин пайда болушун камсыз кылат.
Мындан башка, жумурткалыкта көбүкчөлөр чогундусу—
фолликулалар болот. Аларда жумуртка клеткалар пайда болот 
жана жетилет. Фолликулалар кыз бала төрөлө элек же анын 
эмбрионалдык өөрчүү мезгилинде пайда болот. Кыздын терө-
лүш учурунда анын жумурткалыгындагы фолликулалардын 
саны жүз минден ашык, бирок жетиле элек абалда болот. Алар 
кыз бала бойго жеткен доордон баштап, карылык дооруна чейин 
(орточо 50 жаш) бирин-серин жетилишет. Аялдын өмүрү бою 
анын жумурткалыгындагы жүз миң фолликуладан орточо 500 
гана жетилет. Жумуртка клеткасы кишинин организминдеги 
бардык клеткалардын чоңу. Ал тоголок болуп, диаметри 0,2мм. 
Жумуртка клетка кыз баланын 12 — 13 жашынан жетиле баш-
тайт. Ар бир ай сайын жумурткалыктагы бир фолликула жети-
лип жарылат жана андан жумуртка клетка чыгат. Бул процесс 
овуляция деп аталат. Жумуртка клетка жатын түтүкчөсүнө, анан 


- 73 -
жатындын көндөйүнө өтөт. Эгерде ал уруктанбаса, жатындын 
былжыр катмарынын үстүнкү бөлүгүнө ажыралып чыгат да, кан 
менен кошо кан аркылуу сыртка чыгат, б.а. айыз көрүү пайда 
болот. Айыз көрүү ар бир 21 — 24 — 28 — 30 күндө кайтала-
нып, 3 — 5 күнгө созулат. Айыз көрүү 12 — 13 жаштан баштап, 
карыганга чейин б.а. климакс дооруна чейин (50 жаштын теге-
реги) улантылат.
Бат-бат шамалдоо, ангина, грипп өңдүү оорулар жумурт-
калыктын шамалдоо оорусуна себеп болот. Оору өз убагында 
айыктырылбаса, жумурткалыктын функциясы бузулат, аялда 
перзент көрүү жөндөмдүүлүгүнүн жоголушуна себеп болот. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет