Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет32/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   28   29   30   31   32   33   34   35   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Уйку бези. Бул без ашказандын төмөнкү жана арка бөлү-
гүндө биринчи бел омурткасынын тушунда жайгашкан болуп , 
узундугу 16 — 20 см, салмагы 70 — 80 г. Уйку бези аралаш без 
болуп, тканынын 98 — 99% сырткы секреция функциясын атка-
рып, тамак сиңирүүдө катышуучу ферменттерди бөлүп чыгарат. 
Без тканынын 1 — 2% б.а. Лангерганс аралчасы деп аталуучу 
бөлүгү, ички секреция функциясын аткарат.
Бездин Лангерганс аралчасында глюкагон, инсулин, гастрит 
гормондору иштелип чыгат. Глюкагон гормону боор жана бул-
чуңдарда запас абалында чогулган гликоген затын ажыратып
глюкозага айландырат жана ал канга сорулуп мээ,жүрөк ошон-
дой эле башка органдардын клеткаларына азык зат катары иш-
тетилет. Инсулин гормону кандагы кант затынын артыкча бөлү-
гүн боор жана булчуң ткандарында гликоген заты сыяктуу запас 
абалда чогулушун камсыз кылат. Гастрин гормону кан аркылуу 


- 71 -
ашказандын фермент ажыратуу функциясын башкарууда каты-
шат.
Уйку безинин инсулин иштеп чыгаруу функциясы өзгөчө 
мааниге ээ, себеби бездин бул функциясынын бузулушу элдин 
арасында кеңири таралган кант диабетинин пайда болушуна 
себеп болот. Бул оору абдан узакка созулат же кишинин өмү-
рүн акырына чейин уланат. Бул ооруда уйку безинин инсулин 
иштеп чыгаруу функциясынын бузулушунун негизинде, орга-
низмге керектүү болгон инсулин гормону безден канга өтпөй 
калат. Натыйжада организмде углеводдун алмашуусу бузулат., 
б.а. тамак-аш менен желген углеводдордун бөлүнүшүнөн пай-
да болгон кант (глюкоза) инсулиндин таасири менен гликогенге 
айланбай, анын кандагы саны жогорулап кетет. Соо кишинин 
канында нормалдуу саны 80 – 120 мг % болот, канттуу диа-
бет оорусунда болсо, анын саны 150 – 250% мг га көтөрүлүп, 
андан да жогорулап кетүүсү мүмкүн, Кандагы канттын саны 
туура болгондо, ал бөйрөк аркылуу сийдик менен сыртка чыга-
рылбайт, б.а. соо кишинин сийдигинде кант таптакыр болбойт. 
Канда канттын саны 140 – 150 мг% тен жогорулай берсе, ал 
сийдик менен сыртка чыгарыла баштайт. Мындай оорулар бат 
суусашат жана көп суу ичишет. Желген тамактын составында-
гы углеводдор клетка жана ткандарда өздөштүрүлбөйт, сийдик 
менен сыртка чыгарылышынын негизинде оорунун бат курсагы 
ачат жана бат-бат тамак жегенге мажбур болот. Тескерисинче, 
тамак жебесе терисинин астындагы майлар ажырап, глюкозага 
айланат, мындан тышкары клетка жана ткандардын составын-
дагы белок жана май заттары да глюкозага айланып, канга өтөт 
жана сийдик аркылуу сыртка чыгарылат. Мунун натыйжасында 
оорулу киши арыктайт, алсызданат жана жумуш жендөмдүүлү-
гү төмөндөйт.
1921 – 1922 жылдары канадалык окумуштуулар Бантинг 
жана Бест уй менен чочконун уйку безинин Лангерганс арал-
чаларынын клеткаларынан атайын препарат алып, аны инсулин 
деп аташты. Азыркы кезде йнсулин канттуу диабет оорусуна 
чалдыккан кишилерди айыктырууда кеңири колдонулуп жатат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   28   29   30   31   32   33   34   35   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет