- 69 -
Мындан башка, тимозин лимфоциттердин пайда болушун күчө-
түп, организмдин иммунитеттик өзгөчөлүгүн жогорулатат.
Бойго жетүү доорунан (14 — 15 жаш) баштап, жыныс без-
деринин функциясы жогорулайт, ача сымал бездин функциясы
төмөндөй баштайт. Кээ бир себептерге байланыштуу, ача сымал
бездин функциясы бойго жетуүдөн мурда акырындаша турган
болсо, жыныс бездеринин функциясы күчөйт
жана бойго же-
тилүү тиешелүү жашына жетпеген балада,
убактысынан мур-
да бойго жетүүнүн белгилери пайда боло баштайт., б.а. 8 — 10
жаштагы баланын сакалы чыгат, кыздардын көкүрөк бездери
чоңоёт ж.б. Мындай учурларда, убагында эндокринолог врачка
кайрылуу керек.
Достарыңызбен бөлісу: