Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет2/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Киришүү 
 
“Философия” предмети бакалавр квалификациясы үчүн 1-2-курстары 
окуучу базалык бөлүктөгү предмет болуп саналат. Окуу-усулдук комплекс 
экономика жана юриспруденция багытынын студенттери үчүн даярдалган. 
Окуу-усулдук комплекстин мазмуну, коюлган компетенциялары, студенттер 
эмнени билүү керектиги экономика жана юриспруденция багыттын 
Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык даярдалды. Окуу планына 
ылайык 4 кредитке эсептелип, белгиленген сааттарга дал келет. 
Даярдалган окуу-усулдук комплекстин түзүмү Б.Осмонов атындагы 
ЖАМУда бекитилген окуу-усулдук комплекс жөнүндөгү жобого туура келет. 
Окутулуучу лекциялык, практикалык сабактардын темалары жана сааттары, 
студенттер өз алдынча аткаруучу темалардын мазмуну жана сааттары бөлүп 
көрсөтүлгөн.
Окуу-усулдук комплексте лекциялык темалардын кыскача мазмуну 
берилген. Ар бир темадан кийин студенттер өз алдынча даярдануусу үчүң 
суроолор жайгаштырылган. Ошондой эле окуу процессинде колдонулуучу 
ыкмалар, окуу-усулдук куралдар, баалоо каражаттарынын фонду берилген. 
Философия предмети боюнча тарыхый-философиялык блок байыркы 
дүйнөдөн баштап азыркы учурга чейинки философиялык ойлорду камтыйт. 
Диалектикалык метод студенттерге философиялык ойлордун жана идеялардын 
өнүгүү эволюциясын тарыхый процесстин жалпы жүрүшү менен байланыштуу 
кароого мүмкүндүк берет. Методологиялык бөлүктө онтология, гносеология, 
аксиологиялык маселелер жана коомдун философиясы талдоого алынат. 



I. Дисциплинанын аннотациясы: 
Философия, анын предмети, негизги маселелери жана функциялары. 
Байыркы дүйнө философиясы. Орто кылымдар философиясы. Кайра жаралуу 
доорунун философиясы. Жаңы доор философиясы. Немецтик классикалык 
философия. Кыргызстанда философиянын илим катары калыптанышы жана 
өнүгүшү. Заманбап философия. Болмуш жөнүндөгү окуу. Болмуштун өзүнөн 
өзү уюшулушу. Материя философиянын баштапкы категориясы катары. 
Диалектика жана анын альтернативалары. Дүйнөнүн диний, илимий жана 
философиялык түзүлүшү. Аң сезим жөнүндөгү философиялык окуу. Тааным 
жөнүндөгү философиялык окуу. Чындык теориясы. Адам, коом жана маданият. 
Коом система катарында. Жарандык коом жана анын тутуму. Адам 
философиясы. Баалуулуктар жөнүндөгү философиялык окуу. Диний жана 
эстетикалык баалуулуктар жана алардын адам жашоосундагы ролу. 
Адамзаттын келечеги. Учурдагы глобалдуу маселелер. Цивилизациялардын өз 
ара карым-катнашы жана келечектин сценарийи. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет