2.2. Кыргыз тили программасынын түзүлүшү, негизги мазмуну
Программанын түзүлүшү. Программанын структурасы
дидактикалык принципке
негизделип, окутуп-үйрөтүүнүн билгичтик, машыккандык ырааттуулугун сактоо менен
кыргыз тилин окутуунун системалык курсу катарында төмөндөгүдөй бөлүмдөр аркылуу
берилди.
1.
Ар бир класстын башталышында киришүү бөлүмү катары тил илиминин
жалпы маселелерине тиешелүү 1 сааттык көлөмдөгү темалар сунуш кылынды.
2.
Байланыштуу кеп. Бул бөлүм бири-бирине байланыштуу болгон текст, тексттин
стилдери жана тексттин түрлөрү деген негизги үч бөлүктөн турат.
Алардын ар бирине
тиешелүү теориялык материалдар, аларга карата практикалык жактан аткарылуучу
талаптар жана ал талаптардын аткарылышына тиешелүү болгон конкреттүү материалдар
берилди.
3.
Мурунку класста өтүлгөн материалдарды эске алуу жана бышыктоо.
Мында
бөлүнгөн сааттын көлөмүнө жараша, мүмкүн болушунча жаңы өтүлүүчү материалдар
менен байланышы жана практикалык мааниси бар деп эсептелген темалар тандалды.
4.
Ар бир класска тиешелүү системалуу курстун материалдары. Бул бөлүмдө
системалуу курста окутуп-үйрөтүүчү тармактык бөлүмдөр, ал бөлүмдөргө тиешелүү
темалар, анда конкреттүү алынган класска ылайыктуу деп тандалган теориялык
материалдар камтылды.
5.
Кеп маданияты. Бул бөлүм өзүнүн мүнөзү боюнча
байланыштуу кеп менен
жакындыгы болгондуктан, ага түздөн-түз тиешеси бар деп эсептелген бөлүмдөргө жана
темаларга берилди. Анда ошол бөлүмдүн же теманын грамматикалык, лексико-
семантикалык жана стилистикалык табиятына ылайык келген кеп маданиятына тиешелүү
талаптар коюлду жана сааттар бөлүндү.
Ал эми предметтер аралык байланышта ал тиешелүү
болуп турган материалдан
башка предметтердин тилдик каражаттары менен грамматикалык жана лексикалык
белгилери, колдонуш чөйрөсү ж.б. талаптарына карата болгон байланыш-катыш мүнөзүн
аныктоо талабы берилди.
Жыл аягында кайталоо үчүн материалдар көрсөтүлдү жана окуучулардын ар бир
окуу жылы ичинде өтүгөн материалдар боюнча кандай билимге, машыккандыкка ээ
болгондугун,
ошондой эле, тилдик, кептик жана маданий компетенттүүлүктөрүн
чагылдырган кыргыз тилин окуп-үйрөнүүдөн күтүлүүчү натыйжалар сунуш кылынды.
Мындан сырткары ар бир бөлүмдөн жана чоң темалардан кийин окуучулардын алган
билимин бышыктоо жана текшерүү үчүн талдоо, үйрөтүүчү жана текшерүүчү жазуу
жумуштарын аткаруунун талаптары, чен-өлчөмдөрү көрсөтүлдү.
Достарыңызбен бөлісу: