илимдин бир тармагы. Демек, кыргыз тилин окутууда
анын практикалык негиздерин
өркүндөтүү үчүн, бул маселеге өзгөчө көңүл бурулууга тийиш жана аны окутууда
төмөнкүдөй милдеттер сунуш кылынат:
окуучуларга кеп боюнча теориялык түшүнүктөргө ээ кылуу;
окуучуларды адабий тилдин нормасында өз оюн эркин,
байланыштуу айта
билүүгө көнүктүрүү максатында оозеки кептик стилдик, интонациялык жана башка
өзгөчөлүктөрүн билгичтик менен пайдаланууга үйрөтүү;
текст түзүүнүн жолдорун жана ыкмаларын өздөштүрүү боюнча билгичтиктерин
жана көндүмдөрүн калыптандыруу;
текст түзүүдө
анын темасын, негизги оюн аныктоого, текстке ат коюуга жана
план боюнча жаза билүүгө жол көрсөтүү;
абзац менен микротемалардын текстеги маанисин түшүнүүгө жана аларды текст
түзүүдө пайдалана билүүгө жол көрсөтүү;
текстти тигил же бул стилде түзө билүү жана ал
боюнча тилдик каражаттарды
туура пайдаланууга үйрөтүү, текст түзүүдө адабий тилдин нормаларын туура сактоо
жөндөмдөрүн калыптандыруу;
текст түзүүдө кептин түрлөрүн туура колдоно билүүгө багыт берүү, алардын
стилдик түрлөрү менен байланышына окуучулардын көңүлүн буруу;
текст түзүүдө сүйлөмдүн ички жана тышкы байланыштарын туура сактоого жана
аны логикалык ырааттуулукта системалуу баяндоого машыктыруу;
окуган текстти кайрадан өз сөзү, түшүнүгү боюнча эркин айта билүүгө, тиешелүү
стилде текст түзүүгө үйрөтүү;
окуучуларды иш кагаздарын аткарууга арыз, өмүр баян, отчет, иш план ж.б. жаза
билүүгө машыктыруу;
окуучуларга өздөрү түзгөн тексттерди, б.а. баяндама жана дил баяндарды, макала
жана сын пикирлерди, доклад жана рефераты ж.б. кайрадан түзүүгө, оңдоого үйрөтүү;
Достарыңызбен бөлісу: