Исабаева Ж., 2011. Бардык укуктар корголгон



бет8/9
Дата09.06.2016
өлшемі0.73 Mb.
#125785
1   2   3   4   5   6   7   8   9
Эпилог
Кол жазма ушул жерге чейин жазылды да, бир топ убакытка чейин токтоп калды. Анткени окуянын кандай уланып, кандай чечмеленери, айрыкча каарманымдын жүрөгүн өйүгөн белгисиз түйшөлүүнүн, табышмактын жообу табылабы, табылбайбы мага эле эмес, анын өзүнө да белгисиз болчу. Андыктан чыгарма эми жок эле дегенде жарым жылдай, балким андан да көпкө чейин уланбайт го дегемин.

Бирок бир күнү таң эрте телефон чалды да:

– Алло, кандай? – деди баягыдай эле чарчаңкы.

– Жакшы. Маанайыңыз кандай?

– Ар кандай... Азыр жолуксак кантет?

– Кайдасыз?

– Үйдө.

Мен келгенде каарманым машинесин от алдырып, короонун оозунда даяр туруптур. Адатынча күлүмсүрөп, баш ийкеген болуп койду. Анысы учурашканы эле. Жолго чыккандан кийин:



– Канат менен Заринанын жаткан жери каякта? – деди.

– Чоң-Арык көрүстөнүндө. Эмне болду?

– Баралыбы? – деди ал.

– Баралы.

Буга чейин сүйүү үчүн жан берген эки жаш тууралуу ортобузда сөз болчу эмес. “Түш көргөн го...” – ушинтип ойлодум да:

– Фархад кабарлашкан жокпу? – дедим.

– Чалган жок! Жок дегенде жаңы жыл күнү бир эстейби дедим эле... Баары бир тең, Фархаддын бир эле чалып койгону бир тең болчу!.. – улутунду.

– Түшүнөм... Бирок Фархад эмнеге анча карарды экен?

– Билбейм.

– Чалып, сурап көрбөйсүзбү?

– Болбойт! – кесе айтты ал, – Себебин түшүнөсүң да өзүң. Канткен менен аялзатымын го.

Унчугушпай калдык. А бирок анын кирпигинин ирмелишинен тартып, жүрөгүнүн дикилдегенинен бери мага туюлуп, өзүм кошо кыйналып бараттым.

– Эмне болуп кеткенин өзүм да түшүнбөйм! – деди анан, – Өзүң деле калыс болчу, мага таарынууга анын кантип дити барды дейм да?! Мен ал үчүн колумдан келгендин баарын жасадым! Эч качан, эч убакта аянбадым! Анын өзү үчүн эле эмес, үй-бүлөсү, уркук-туугандары үчүн кам көрдүм! Ийненин учундай түйшүгү чыкса түн уйкумдан кезип, бутум үзүлгүчө жүгүрдүм. Ал бар үчүн гана күн чыгып, ал бар үчүн гана түн кирип, ал бар үчүн гана жашоолор уланып жаткандай, анын элесине гана сыйынып жашап жүрдүм! Жаңы эле жолугуп, жанымдан жаңы эле узап кетсе жүрөгүм жанчылчу! Андан айрылсам дароо эле өлөт болушум керек дечү элем. Өлө элекмин дечи, бирок... азайгандан азайып бараткансыйм!.. Мен үчүн жашоонун кызыгы калбай калды, билсең! Баары супсак, сүйкүмсүз!

Ал да анда: “Сизди гана сүйөм! Сизге жолуккан тагдырыма ыраазымын! Мен сизсиз бир мүнөт да жашай албайм!” – дейт эле! Эмичи?! Эми кантти экен?.. Кантип жашап жүрдү экен?! Атүгүл канча курдай: “Мен сизге биротоло келишим керек!” – дегенинде: “Мага эч качан антип айтпагын, Фархад! Мага андай жашоонун кереги жок!..” – деп токтотконум чын! Анын үстүнө Фархаддын туугандары да менден ошону суранды: “Ал сени гана угушу мүмкүн, Алмаш. Эгерде сен аны чындап сүйсөң, балдарын ая!” – деп туруп алышты.

Фархад мага ошондон кийин карарды да, калды! Мени антет деп күтпөсө керек?! Же бул сөзүм менден кетүүсүнө шылтоо гана болдубу?!.. Билбейм!

Кепке алаксып отуруп, далайга узап кетиппиз.

– Каякка келдик? – дедим унчугушпай калганда.

– Билбейм! – машинени чукул токтотту да, эки жакты аңдай карап:

– Кудай айдап келгенсип, “Ата-Бейитке” келип калыппыз! – деп кубанып кетти, – Жүрүчү, ата-бабаларга куран окуп чыгалык?..

Аталар жаткан жерде ааламдан, тактап айткандан Жайсаңдан “Манас» тууралуу жаңы маалыматтарды алып жазган Бүбү Мариям апа бала-бакырасы менен куран окуп отуруптур, аларга кошулуп бата кылдык. Алардын арасында “Бийиктик” басмасынын директору Жумадин да бар экен. Биз менен учурашып, Бүбү Мариям апа тууралуу китеп жазып жатканын айтты. Мен дагы ага жаңы китебимдин каарманын тааныштырдым.

– “Жайсаңды” окуган эмесмин, бирок бул аял Кудай сүйгөн адам экен, – деген каарманым алардан узап баратып:

– Билесиңби, Жыпар, мен чыныгы Алмашты жоготуп жүрөм! – деди, – Ал кээде жанымда, жакын эле жерде жүргөнсүйт. Кээде колумду созуп эле кармап алчудай туюлам да, жете албайм!.. Кээде ал менден таптакыр алыстап кеткенсий берет. Чарчадым! Мага кимдир бирөөнүн жардамы керек! Башкача айтканда мен өзүмдү табышым керек!

Мен ошондо гана анын эмне себептен Канат менен Заринанын көрүстөнүнө барууга ниеттенгенин, эмне себептен аталар бейитине келгенин баамдадым да, жазуучу катары эмес, тек гана курбу, сиңди катары жардамдашкым келип кетти. Бирок кантип?!.. Бир убакта оюма бир нерсе келе түшүп, өзүм да кубанып кеттим:

– Сиз Лариса деген айым менен сүйлөшүп көрүңүзчү, – дедим анан.

– Ал ким?!

– Бир кезде ал да өзүнөн-өзүн издеп жүргөнүн билем. А бүгүн тапкан сыяктуу. Бирок азыр Россияда иштейт. Эс алууга келиптир болчу, кете элек болду бекен...

Транска чыккан сыяктуу көздөрүн жумуп, унчукпай токтоп калды да:

– Кете элек дейт... Бул жерде эле го... Мени ошол аялга жолуктурчу? Оңой менен бирөөгө ишенчү эмес элем, жүрөгүм тартылып калды, – деди.

Лариса эжеге телефон чалдым:

– Академик айым, саламатсызбы?

“Академик” атаганымдын чыны бар. Анткени жердешибиз беш-алты жыл мурун сырдуу дүйнөнүн сырын кууп, илим издеп Россияга кеткен. Акыры Россия Энио-инженерия академиясынын академиги, элдик медицинанын магистри болуптур.

– А... Жыпара, сенби? Жаңы жылың менен! – деди добушумдан таанып.

– Сизди да жаңы жылыңыз менен куттуктайм! Үйдөсүзбү?

– Үйдөмүн.

– Анда биз сизге баратабыз.

– Келгиле, – деп анан кайра сурады, – Ким менен келесиң?

– Жаңы китебимдин каарманы менен.

– Аа, жарайт! Келгиле.

Айткандай эле экөө эчактан берки тааныштарга окшоп, бат эле ымалашып кетишти.

– Алтымыш Кадыров мага ака болот эмеспи! Биздин Баш-Булакта музыкадан сабак берчү. Акамдын жакшы аялга жолугуп, багы ачылганын уккамын. Көрсө, ошол жеңем сиз экенсиз да?! – деди каарманым тамаша-чындан.

– Мен болчумун, – деди экинчиси күлүп.

– Бирок ошол бакыттын үзүрүн көрбөй кете бергенин айт!

Саамга эстутумубузду айтылуу обончу, ырчы, маркум Алтымыш Кадыровдун элеси ээлеп, унчугушпай отурдук.

– Билесиңби, Касиетхандан кийин бир дагы устатым болгон эмес! – деди аздан кийин менин каарманым жымылдаган жымжырттыкты бузуп, – Деги өзүмдөн башкага ишенбейт элем. Сенден мага адамдын жандүйнөсүн, көңүлүн жайгарган, кандайдыр жагымдуулуктун, жакшылыктын илеби келип жатат...

– А сенин жандүйнөң катуу жабыркап калыптыр!

– Ошон үчүн келдим да, сага. Убактың болсо сүйлөшөлү?

– Сүйлөшө баштадык деп эсептей бер.

– ...Билесиңби, бала чагым азап-тозок менен өттү. Адамдардын түгүл, ата-энемдин мээримин көрбөй өстүм. Кор болдум, зар болдум! Бирок Кудайым мага кайрадан жашоо берди! Теңирден алган касиет менен киши болдум! Тактап айтканда, “жиндиканадан”, көрүстөндөрдүн арасынан чыгып элге аралаштым. “Кудайдан кийинки эле Кудайыбыз сенсиң!” – дегендер курчап, тегеректеп жүрүштү. Андан кийин карапайым элден кетип саясатка, колунда бийлиги, байлыгы барларга аралаштым! Албетте, бир жагынан жаман болгон жокмун. Бир жагынан... көргөн-билгенимди айтам деп бирөөлөргө жактым, бирөөлөргө жакпадым! Бирөөлөрдөн алкыш, бирөөлөрдөн сөөктөн өтүп, чучукка жеткен сөгүү уктум! Чындыкка чыдабагандар мени чыркыратып: “Акчага сатылган! Алдамчы!” – деп да жүрүштү. Тилимди таап, өз кызыкчылыгы үчүн чуркагандар да болду. Дүнүйө пайгамбарды да жолдон адаштырган турбайбы... Мен баш тарткан күндөрдө коркутуп, үркүткөндөр да чыкты! Акыры бардыгын таштап салып, менин да эл катары жашагым келди!.. Бизнеске өттүм. Өмүр бою өксүп күткөн улуу сүйүүмө жолуктум!.. Бирок күндөрдүн бир күнүндө эле ушунун баарынын бырын-чырыны чыгып кетти! Теңирдин алдында кантип, качан жаңылганымды билбейм, курбум! Атүгүл ааламдан алчу маалыматтан да чарчадым. Эч нерсеге көңүлүм жок! Сүйүүнүн азабынан ушинттим дейин десем, жок, мен жакшы эле кайраттуумун дечүмүн, бир сүйүү үчүн мынчалык сынбашым керек эле...

Айтор, улам барган сайын кемип, кетилип бараткансыйм!..

– Өзүңдөн өзүңдү издегениң... абдан жакшы! – деди жаңы устат Алмашты угуп отуруп, – Адам ааламды түшүүнүүдөн мурун, өзүн түшүнүп, таанып билүүсү зарыл. Бирок бул дароо эле ишке аша койбойт. Ар кимдин өзүнүн кабыл алуусуна жараша убакыт жумшалат.

Ошондон кийин да сенде эки жол бар: азыркы абалдан суурулуп чыгып кетесиң же абалкыңдай кала бересиң...

– Түшүндүм!

– Жарайт!

Ушинтип башталган окуу, башкача айтканда экөөнүн маеги канча мезгилге созулаары али табышмак эле. Алардын киийнки жолугушууларына барбаганым менен, жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп калдым.

Акыры:

– Үйдөсүңбү?! – деп бир күнү эртең менен каарманым телефон чалды, – Мен сага баратам!



Ошондон жарым саатка жетип-жетпей, каарманымдын машинеси эшиктин алдына келип токтоду. Эскерте кетчү нерсе, кийинки кездерде Алмаш айым баягы ак машиненин ордуна жашыл машине айдап калган.

– Таң атпай тынччылыкпы? – деп чыдамым жетпей чуркап чыга калып, көргөн көзүмө ишенбей кеттим. Анткени бет алдымда өгүнкү санаа тарткан, саргайыңкы Алмаш эмес, бешенесинен жылдызы жанган, жайдары аялзаты турган! Чындап эле:

– Ой, мынча эмнеге сулуу болуп кеткенсиз?! – дедим. Ал болсо адатынча күлүмсүрөдү:

– Чын эле айтып жатасыңбы?

– Чын айтам! Фархадга жолуккансыз го? – дедим тамаша-чындан.

– Жок, жолуккан жокмун, – суроомо жайланышып отургандан кийин жооп берди каарманым, – Бирок...

Кепти эмнеден баштаарын билбей жаткандай, саамга буйдала калып:

– Билесиңби, – деди анан, – Көрсө мен балчыкка белчемден батып кетипмин!

– ?!...

– Эмне эле жүрөгүм дүпүйөт, эмне эле жашоодон жолум болбой, эмнеге эле башкача болуп баратам десем... көрсө көзүмдү май басып, эч нерсени көрбөй калыпмын, сиңдим! Сага ошону айтайын деп келдим. Муну китепке кошушуң керек! Балким, ким бирөөлөр үчүн бул сабак болор?!..



– ?!...

– Балтыш эжем менен Акберметти чакырдым. Алар таң заардан жолго чыгышты... Кечирим сурашым керек! Кечээ эле, жаңы жылдын алдында мен аларга эмне деген билдирүү жөнөткөнүмдү билесиңби? “Силер мен үчүн эчак өлгөнсүңөр!” – деген. Менин аларга жаңы жылдык белегим ушул болгон! Мен аларды кубантуунун ордуна, мүңкүрөп, кайгырышын каалапмын!

– Эмнеге?!

– Эмнеге анткенимди… азыр эстегим келбейт! Кудайымдын: «Сабырдуу бол! Кечиримдүү бол!» – дегенин унутуп, шайтанга азгырылыпмын! Баягы-баягы… бала чагымдагы азап-тозокторумду эстеген, ошол мамилелер, өткөн-кеткен үчүн кектеген окшойм! Ларисага жолукпаганымда, ошол карамүртөздүк мени таптакыр талкаламак окшойт!..

Дагы бир жаңылганым: Бара-бара мен байлыкты, бийликти кумар туткан ыпылас адамдарга кызмат кылыпмын! Аларга аралашып, акырындап өзүм да анан дүнүйөгө азгырылып, ошону кумар тутуп, бул жашоонун бардык ырахатынан ошону бийик көрө баштапмын!.. – унчукпай калды. Мен да демимди ичиме катып, андан ары кулак төшөдүм.

– Кудай таалам мага ошону бир канча жолу эскертип, белги бериптир! Мен жада калса Жараткан Алланы да укмаксан, туймаксан болупмун!

– ?!...

– Билесиңби, сиңдим, дагы бир күнөөм, мендеги: “Мен! Мен!” – деген Эго сезим тырмагымдын учунан төбө чачыма чейин жайылып, тамырлап кетиптир!.. Мен анын душманым экенин байкабай, тескерисинче көкүрөк көөдөнүмдө бапестеп багып, көтөрүп жүрүпмүн! Уксаң: “Мен сага ушундай болот деп айткамын!” “Мен сага жакшылык жасагамын!” “Мен сени азаптан арылткамын!” “Мен сени киши кылгамын!..” “Мен сени!..” “Мен!.. Мен!!!” Ишенесиңби, байкасам менин эки сөзүмдүн бири эле ушул болуп калыптыр!



Каарманым көзүнүн жашы “мөлт-мөлт!” этип кулап кетти. Бул көз жаш, эмнегедир менин зээнимди кейиткен жок, тескерисинче алар каарманымдын жандүйнөсүндөгү, дилиндеги калып калган, өзү байкабай калган нерселердижууп-чайып, көз жаш аркылуу чыгарып жаткандай, сүйүнгөнүмдү жашыра албай кеттим да:

– Эже! Куттуктайм сизди! – дедим чын жүрөгүмдөн, – Кандай жакшы?! Кандай ачылыш?! Кандай жаңыруу, тазалануу?!.. Кандай улуулук, бу?! Чынымды айтсам, өз кемчилигин өзү айтып, өзүн-өзү соттогон адамды биринчи көрүшүм…

Каарманым мага эми күлүмсүрөй карады да:

– Мендеги ушул кемчиликти сен башта байкачу белең? – деди алда ненден шектенгендей кадала карап. Башымды ийкедим.

– Анда эмнеге айткан жок элең?

– Мм... Кандай десем?.. Айтууга... биринчиден акым жок эле. Менин сизге жолуккандагы миссиям сизге акыл айтуу же тескөө эмес, сизди угуу, таануу, анан аны кагазга түшүрүп алуу гана эле. Экинчиден, сиздеги Эго деген сезим башта жок болчу. Ал кийин-кийин, өзүңүз айткандай сиз мансап, пейил күтө баштаган жакынкы убактарда эле пайда болгон сыяктуу. Ал учуруңуз тууралуу болсо, мага али айта элексиз?.. Үчүнчүдөн, эгерде сизге сын айтсам, мага анда далыңызды салып коймоксуз...

– Мүмкүн! – каарманым ынангандай болду, – Бир чети туура кылыпсың. Китеп соңуна чыкпай калмак анда. Бирок, буга чейин айтпай келгендеримдин баарын эми айтууга мезгил жетти... Өзүм да түнү менен уктабай: “Качан, кайдан, кантип адаштым?! Кимге катуу айтып, кимдин көөнүн калтырдым?” – деп эчактан беркилерди эстедим…

Эже эки ийнин солкулдата терең улутунуп алды да:

– Баягыда, мени менен Ошко барганыңда менин ооруганымды көргөнсүң да? – деди.

– Көргөм. Жакшынакай тойдо отуруп эле, эстен танып жыгылгансыз.

– Ал да кетирген күнөөм үчүн Кудайдын жазасы болчу…

– Анда кандай күнөө жасадыңыз эле?

– Ага чейин… Арак ичкен элем да!

– ?..


– Бир ай бою көзүм ачылбай арак ичкем!

– Эмнеге?!

– Кандай десем… Күйүтүмдү көтөрө албай, бул жашоодон кетейин дептирмин… баягы шалга айлангандан кийин, мен аракты Жан алгычымдай сезер элем. Бул жолу чындап эле анын алып кетишин каалагам. Бирок…

– Сиз мага бул тууралуу айткан эмессиз?..

– Азыр айтам… Анда мезгил да, бийлик да башка эле… Ошондой күндөрдүн биринде чиновниктердин бири менден жардам сурап келди. Кызматынан жогорулаш үчүн бийлик тарапка көпүрө, башкача айтканда ортомчу керек экен. «Сен алар менен аралашып жүрбөйсүңбү, жардам бер?» – дешти. Бул мен үчүн анчалык деле кыйынчылыкка турбайт эле, макул болдум. Ошентип, колума бир канча миң доллар кагазын тутамдап кармап алып, берчү кишисине жеткирип бердим. Айткандай эле бардыгы кардарым каалагандай болду. Арадан көп деле убакыт өтпөй, аны ошол кызматка коюу үчүн буйрук чыкты. Бирок..! Бирок ал тактысына отурганына туура төрт күн өткөндөн кийин бийлик кулады! Ушундай болоорун билгеним менен, мынчалык тез арада болуп кетет деп күткөн жок элем. Жүрөгүм «зырп!» этти. Мен башка эч нерсени, эч кимди эмес, жаңы эле кызматка отуруш үчүн миңдеген акчасын жумшаган жанагы чиновникти ойлодум!

Элдин шары менен мен да анан Ак үйгө кирип, өйдөнү карай агылып бараттым.

– Сен кайда, карындашым?! Кимди издеп жүрөсүң? – деди аңгыча тааныш үн. Жалт карадым. Мен келечегинен көптү көргөн, мен жакшы таанып-билген акаларымдын бири экен. Кимди издеп жүргөнүмдү айттым.

– Аны ооруканага алып кетишти, – деди ал. Мен билдим. Ошол убакта акам мен жөнүндө: «Демек, издеген кишиси менен ысык-ынак мамилеси болуш керек», – деп ойлоду. Бирок ошол, ооруканага алып кеткен адам аркылуу жакында бирөөнүн ишке орношконун, ортомчу мен болгонумду, эми ал менден сөзсүз акчасын доолап келээрин билип, ошого санааркап, ошон үчүн издеп жүргөнүмдү ал билген жок.

Айткандай эле, ошондон көп өтпөй мага доочулар келе башташты. Атүгүл колумду кайрып алып кетип, бир канча убакытка камап да коюшту. Бирок менде ушундай бир жаман мүнөз бар – актанганды, ким бирөөнү сатканды, душманыма да жамандык жасаганды жактыра бербейм. Анын үстүнө: «Ансыз деле ар ким өз жазасын алып жатпайбы», – дедим да: «Акчаны мен эч кимге берген эмесмин. Өзүм жоготуп, жеп койгом!» – дедим. «Төлөйсүңбү?!» – дешти. «Төлөйм!» «Анда бир жума убакыт беребиз!..» «Жок, бир жумада мен анчалык акчаны кайдан табам?! Бир ай?!..» «Бир ай көп болуп кетет. Болуптур, эки жума!..»

Ошентип чыгарышты. Акыры мен, менде болгондун баарын саттым – шаардагы квартирамды, үйүмдү, буюм-теримимди… Атүгүл колумдагы, мойнумдагы алтын-күмүштөрүмдү, кийим-кечегимди өткөрдүм. Машинамды күрөөканага койдум. Ошентип, айтылган убакта баягы, ичпей-жебей карыз болгон акчаны төлөп бердим да, орой айтканда көчөдө калдым. Баягы-баягы: «Бир Кудай, бир Кудайдан кийин эле сен!» – дегендердин баары, дос-туугандар да менден четтеп, бойлорун ала кача башташты.

Мындан ары эми эмне кылышым керек?! Кантип жашап, кандай күн көрүшүм керек?!.. Эптеп жашай туруш үчүн анан Ош базарынын тегерегинен базарчылар жашаган ижаралардын бирине барып баш калкаладым. Кечээ эле бапырап бай жашап жатып, мусаапыр кейпин кийип калыш бат эле экен. Ошон үчүн мен дөөлөтү ашып-ташыган байга суктанбайм да, таштандыларды «тазалап», тамак издеп жеген селсаякка таң калбайм!

«Байлык – колдун кири», «Дөөлөт – тоголок, мээнет – жалпак», «Кудай берем десе да бат, алам десе да бат», «Жакшы болуш – аста-аста, жаман болуш – бир паста!» деген сөздөр чын! Атүгүл ошондо, ижарага төлөөгө бир жарым миң сомум да жок эле. «Эртең төлөсөм болобу?» – деп кожоюндан бир күнгө уруксат сурап алдым да: «Эртең кайдан акча табам?» – деп бүрүшүп жатып калдым. Бир убакта эсиме бир нерсе түшүп кетти: Ошол эле тегеректе качандыр менин чакан дүкөнчөм боло турган. Мен аны кайсы бир аялга боорум ооруп: «Арендасын төлөбөй эле иштете тур!» – деп берген болчумун. Ошонун документтерин таап алдым да, издеп бардым. Кудай жалгап, сураган бир жарым миң сомумду бере койду. Ашыкча деле сурабайт белем десең! Аны алып келип, ижарага төктүм да, кайрадан бүктүшүп жатып калдым. Ызадан өзөгүм күйүп, өрттөнүп баратты! Бирок мен күйүп кеткен дүнүйөмө эмес, билесиңби, эмнеге мүңкүрөдүм?! Адамдардын эки жүздүүлүгүнө! Адамдардын байлык, бийлик үчүн бардыгына кайыл экендигине!.. Тирүүлүктүн кор болуп, кар болуп жатканына!..

Өзөктөгү өртүмдү өчүргүм келди! А бирок аны өлүп эле өчүрбөсөм, өчүрө албачудай сезилдим да, жанагы дүкөнүмө кайра барып, бир бөтөлкө арак, бир баш пияз алып келдим! Куюп ичүүгө идишим да жок эле! Ишенесиңби, канчалык иренжип, көрүп эле көңүлүм айныганына карабай, «жинди сууну» бөтөлкөнүн оозунан эле куркулдатып жуттум да, жатып алдым! Дагы, дагы… дагы ошенттим. Улам көзүмдү ачып, өлө элек экенимди билген сайын, ого бетер өчөшүп, оозума аны куя бердим!..

Арак – бул шайтан! Канча күн аны менен алышып жатканымды билбейм. Акыры арак мени дегдеңдеткен боюнча эшикке алып чыкты да, түз эле Жаш гвардия бульварын беттеп, мага шерик болоор бирөө жарым кезигер бекен деп, шерик издеп баратам.

Бир убакта… көчөдөн өтүп баратсам керек, машиненин астында калып кала жаздаганымды бир билем! Катуу келатып, мына-мына уруп ала жаздап, рулду чукул бурган машине өтүп барып, эмнегедир кайра кайтты! Өзүмдү жоготуп, нес болуп туруп калган экемин, машиненин эшиги ачылып, андан түшүп келаткан жигитти көрүп, эсиме келе түштүм да, эки колум менен бетимди баса калып, шарт бурулуп качып жөнөдүм!

– Алмаш эже, токтоңуз?! Токтоңуз деп жатам, Алмаш эже?! – ал да артымдан кубалап алды. Чоң эле аялдын тартактап чуркап, качып келатканын элестет! Эл эмне деди десең?! Акыры ижарама эптеп жеттим да, кирип эле тарс жыгылдым! Мен куугунчуну калып калды го дептирмин! Кайдан?! Эшикти «шарт!» ачып эле аңгыча артымдан кирип келди! Көзүм умачтай ачыла түштү!

– Алмаш эже, кебетеңиз эмне?! Сизге эмне болгон?! – деди ал. Жети өмүрүм жерге кире түштү! Ошондо да, ичимде алиги бар да:

– Эч нерсе! – дедим.

– Кантип эч нерсе?! Сиз эмне, ичип кеткенсизби?! – деди.

– Ичип кеткем! – дедим жылмайып.

– Эмнеге?!

– Өлөйүн деп!

– Эмне деп жатасыз?!

Анан ал үйдүн кожоюнун чакырды да:

– Бул эжени сыртка чыгарбай, сыртынан кулпулап коюңуз. Мен бир аздан кийин келем! – деп чыгып кетти. Сыртымдан шарактап кулпу салынып, кайтарыкта калдым. Сыягы, кайтарык үчүн да акча төлөндү окшойт. Эмнеси болсо да болду деп, эми сырттагы коңшулардын опур-топурун, кыжы-кужусун угуп, унчукпай жата бердим.

– Эй, бул үйдөгү катын ууру окшобойбу, бирөөлөр кубалап келип, бекиттирип кетишти! – деп жатат бири.

– Алкаш болуш керек эле! – дейт дагы бири. Ушул сыяктуу сөздөрдү угуп, бир чети жашоого таң калсам, бир чети ызаланып, кайра күлкүм келип жата бердим. «Жашоодо бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» дегендин чын-бышыгын ошондо билдим. «Жакшы болуш – аста-аста, жаман болуш – бир паста» деген сөздүн дагы калети жок белем! Ошолорду ойлоп таап, анан да айкаштырып айткан элден айланса болот! Ар бир сөзү өзүнчө эле жаткан философия!

Бир убакта эшик шарактап ачылып, Кубат кирип келди. Жанында эрчиткен эки милиционери да бар экен. Аны көрүп, сырттагылар ого бетер дүрбөп калышты.

– Эжеде кимдин аласасы бар? – деди Кубат жарданган коңшуларыма.

Эч кимиси унчуккан жок. Көрсө, Кубат укук коргоо кызматкерлерин ошон үчүн эрчитип келгендей. «Көптөн бери ичип жүрсө, иштебесе, карызы көптүр, коңшулары чыр чыгарышпасын» деген окшойт. Ошентип, мени машинесине салып алып, кайдадыр алып кетти.

Андан анча алыс эместеги, көп кабаттуу үйлөрдүн алдына келип токтодук. Кубат мени жакшынакай жасалгаланган квартирага баштап кирди да:

– Эже, сиз ушул үйдө эс алып, сууга түшүп, жашап туруңуз. Мына бул баштыкта кийим-кечегиңиз бар. Муздаткычта тамак-аш… Мен бир аздан кийин келем, – деп чыгып кетти. Ал кеткенден кийин ваннага кирсем, айткандай эле баары даяр. Баштыкты ачсам, эки-үч сыйра кийим-кечек. Андан чыгып эле муздаткычты ачтым. Толтуруп койгон экен. Бирок эч нерсеге табитим тартпай, болгону кефир ичтим.

Ошондон көп өтпөй эле кайрадан шарактап эшик ачылып, ким бирөөлөр кирип келатышты. Кубат дагы милиция менен келсе керек дептирмин. Жок! Кирип келген адамды көрүп, көзүм умачтай ачыла түштү! Жанагы… мен келечегинен көптү көргөн, көптү үмүттөнгөн акам! Шашып кетип тура калдым!

– Кандай, карындашым? – деди.

– Жакшы, ака.

– Каякта жүрөсүң? Мен сени башкалар менен кошо качып кеткенби дедим эле, – деди тамаша-чындан, – Эмне мынчалык акыбалга келдиң? Ичип кеткенсиңби?

– Ооба, ичтим, – дедим эреркеп.

– Эмнеге анттиң?

– Өлөйүн дегем.

– Антпе да… – деди акам. Унчугушпай калдык да:

– Убагында ишенген жок элем. Баягы, сен айткандар келаткансыйт, – деди.

– Келет. Сөзсүз келет, ака! – дедим мен.

– Машинең кайда?

– Күрөөканада… Карызга акча алгам.

Акам алиги, мени «тутуп» алган жигит – жардамчысы менен алда нелерди сүйлөшкөндөй болду. Ал чыгып кетти да, көп өтпөй эле менин машинемдин ачкычын алып келип калды.

– Рахмат, – дедим чын дилимден.

– Канча болду ичкениңе? – деди акам.

– Бир жумадай го…

– Эми… эмне кыласың?

– Билбейм…

– Болду эми, эсиңе кел! Эстүү жансың го! Мына бул акча менен жашай тур. – деп акам анан колума акча карматты да, чыгып кетти.

Мен эсиме келдим. Кудайдын алдында күнөөгө батканымды билдим. Сабыр тутушум керек эле, антпей, аракка – шайтанга азгырылдым! Ошол кылыгым үчүн элден да уялдым. Эртеси анан машинемди айдап, жакшынакай жасанып алып, баягы мени «ууру», «алкаш» деп тааныган коңшуларымды чайга чакырдым да: «Аз күн болсо да коңшу болуп калдык. Бирок силерге аракеч, ууру болуп туюлганым үчүн кечиргиле? Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт деген ушул экен. Жакшынакай жаным капыл-тапыл ээрден шыпырылып, силерге кабылдым… Бирок ошондо бириң да: «Бул аял эмнеге мындай акыбалга келди экен, тургузуп, аткарып коёлучу» дебедиңиздер. Мен сиздерге айып койгум келбейт. Анткени ошол акыбалды өзүмө-өзүм каалагам. Бирок, адамдар бири-бирибизге кайдыгер, тоңдоосун болуп баратканыбызга өкүнөм… Ошентсе да, мындан ары саламыбыз түз болуп жүрсүн», – деп каалоо айтып, коштошуп кеттим.

Ошондон кийин бирок, узак убакытка чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Эсталма болуп, ооруп жыгылмай адат таптым. Оорудан айыканым менен, жандүйнөмдө, ичимде анын – «шайтандын» «шапалактары» кала бериптир, көрсө...

Каарманым унчукпай калды. Мен да унчукпай, демимди ичиме катып, тыңшадым.

– Мен атүгүл Фархаддын алдында да күнөөлүү экемин, – деди анан, – “Мен сага муну жасагам! Мен сага тигини жасагам! Мен сени бутуңа тургузгам!..” – акыркы убактарда эки сөзүмдүн бири эле ушул болуптур. Мен аны сүйгөнүмдү, жакшылык жасаганымды милдет кылыпмын! Бирок бир нерсени: өзгө болобу, жатка болобу, жакшылыкты мен эмес, Жараткан Алла өзү жасап, өзү берип жатканын эсимден чыгарыпмын! Кудай таалам болбосо, мен каяктан берет элем?! Көрсө ар кимиси ошого татыктуу экен да! Теңир мени тек гана ортомчу, данакер кылыптыр! А мен!.. Анын баарын тең эле: “Мен жасадым! Мен кылдым! Мен бердим!..” – деп Кудай болуп алыпмын десең!

Дагы бир катуу жаңылганым: Фархадды мен Кудайдан да биринчи орунга коюп алыпмын! Кудайдан биринчи аны гана ойлоп, ага гана сыйынып, ага гана сүйүнүп, аны гана эстеп, ал үчүн гана жашай баштаган экем!.. Акыры Жараткан Аллам: “Сага ошол сүйүүнү берген ким эле?! Мени унутуп, менин ордума бир пендемди Кудай тутуп алдың го?! Андай болсо, мынакей!” – деп орду-ордуна коюп койгон экен! Мени кечир, жараткан Теңир?!

– ...

– Эртең баарын чайга чакырып, кечирим сурайм да... – бир азга тунжурай калды да, башын көтөрүп, шар кетти, – Кыргызстандан кетейин деп чечтим!



– Кайда?!

– Кудай буюрган жакка!

– Эмне үчүн?

– Мына бул жеримде, көкүрөгүмдө... дагы эле бир нерселер жетишпей тургансыйт! Мен ошону издешим керек!.. Анан да Ларисага жолукканы мен өзүмдү жашоого дагы бир жолу жаралып келгендей сезүүдөмүн! Демек жашоону кайра башынан башташым керек! Жаңы жер... Жаңы адамдар!.. Баары жаңы болууга тийиш!

– Кызыңызчы?

– Ага эч нерсе айта элекмин. Кайра эле Акбермет эжесине жибере турат окшойм. Кайда барарым чечиле элек, мени менен кыйналып калат го...

– Медициналык борборуңузду ким иштетет?

– Аны Мырзага белек кылам. Анткени “Исхак-Атаны” ачуу идеясын ошол жигит берген. Фонддо болсо Бактыгүл эженин эмгеги күч. Эртең нотариюст аркылуу бардыгын өткөрүп берем. ...Мен жашоого бизнес кылуу же башка иштерди бүтүрүүгө эмес, башка миссия менен келгенимди унутпашым керек экен!..


***
Айткандай эле эртеси кечке маал каарманым туугандарын кафеге чогултту. Алардын арасында Лариса эже, мен да бар экем.

– Балтыш эже, туулган күнүңүз менен куттуктайм! – деди каарманым биринчи сөздү алып, – Чынымды айтсам, биздин бүгүнкү жолугушуу сиздин туулган күнүңүзгө туура келип калганына абдан кубанычтамын! Бул мен үчүн өтө символикалуу көрүнүш! Кудайым жаныңызга кубат, денсоолук берсин эжеке! Сизге бүгүн мен өзүмдү белек кылам! Менин буга чейинки текебер мамилемди, акарат айтып, жүрөгүңүздү ооруткан күндөрүмдү кечириңиз, эже?!..

Төрдөгү алтымыштын ары жак, бери жагындагы, Алмаш эжеге саал түспөлдөшүп кеткен, бирок апасындай сөөк-саактуу, каратору апа көзүнүн жашын буурчактатып ыйлап жиберди:

– Кечирбегенде кайда барат элем, кагылайыным?! Кечирбегенде!.. Мен Кудайдын мунусуна миң мертебе ыраазымынын, айланайын! Анан да Лариса кызыма рахмат! Алмашымдын акыл-сезимине, жүрөгүнө ырайымдуулугун, мээримин, бир тууугандык сезимин кайтарып бергениңе рахмат, кызым! Бар бол, кагылайын! Өмүрүм өткүчө ыраазымын!..

Балтыш эже сүйлөп жатканда менин каарманым унчукпай угуп, эжесин ичи ысыгандай сүймөнчүк, мээрим менен аяй да, сүйө да тиктеп турду.

Экөөнү карап отуруп, эсиме алардын өткөн күндөрү элестеди. Жүрөгүндөгү ошондон калган таш менен музду бир аз эле убакыттардын ичинде эритип, көлкүдөгөн мээримге айлантып таштаган Алмаш айымдын айкөлдүгүнө, кудуреттүүлүгүнө таң калдым!

– Ыраазычылыгыңыз Кудайга, – деди Лариса айым Балтыш эжеге жооп кылып, – Алмаш аз күндө эле көп нерсени өздөштүрүп ала койду. Көкүрөгүнүн укмуштуудай зиректигине таң калдым. Айрым адамдар алты айлап, алты жылдап окутсаң да оңой менен илимди кабыл ала албайт. Ошого удаа эле минтип өзүнүн кетирген кемчилигин таап чыгып, ошону моюнга алып, кечирим суроонун өзү да улуулук! Мындай тазалануу бардык эле адамдын колунан келе бербейт! Мен өзүм да анын жандүйнөсү чагылгандай тездик менен калыптанаарына келерине ишенген эмесмин.

Менин каарманым ууртунан күлүмсүрөп, тамашалады:

– Ашыкча мактоо – адамды бузат. Мени кайрадан артыма жөнөтүп жибербегиле!

– Кудай сактасын, бирок “чапкан сайын эле көз чыкпаш керек!..”– деди устаты.

– Эжеке, – деди Акбермет карегиндеги ысык жашты бери кулатпоого аракет кылып, – Мен сизден кичүү болгондон кийин, мен эч качан сизди өзүмдүн алдымда күнөөлүү деп эсептебейм! Андыктан буга чейин мага кандай деген болсоңуз да, эми десеңиз да – мыйзам ченемдүү иш деп билем. Ошондуктан эч качан менден кечирим сурабаңыз?! Андан көрө байкабай таарынтып койгон болсом, мени кечириңиз?..

Андан кийин Бактыгүл айым, Мырза жигит сүйлөп, алар да ыраазчылыгын билдирип, биздин каармандын колунан документтерди кабыл алы￿ты.


***
Бирок, ушул күнү кечинде Алмакан айым дагы бир күтүүсүз коңгуроо какты:

– Алло, кайдасың?

– Жолдомун. Үйгө баратам.

– Эртең менен ишке канчада чыгасың?

– Сегизде чыгып кетем.

– Анда мен ошол убакта барып калам. Күтүп турчу, кеңеше турган иш болуп калды.

“Эмне иш?” – дегенге үлгүргөн жокмун. Телефон коюлуп калды. Айткандай эле эртең мененки сегизде эшиктен сигнал басты. Чыгып эле бешенесине карадым. Маңдайы жаркып, көңүлү куунак экен.

– “Дагы эмне болуп кетти деп жатасыңбы?” – деди жолдо күлүп.

– Эмне болуп кетти?

– Түнү менен дагы уктаган жокмун...

– Эмнеге?

– Көңүлүм жанчылып эле туруп алды... Унчукпай кетип калсам чекилик го...

– ?..

– Теңирдин: “Элге айт!” – дегенин айтпай, көкүрөгүмө көтөрүп алып, унчукпай кантип кетем да, ал жакта кантип санаам тынчып жашайм?!



– Эмне кылышыңыз керек?

– Эл менен жолугушуум керек?! Жардам бер?!

– Пресс-жыйын чакыралы дейсизби? – мен ага таң кала карагандай эле, ал дагы кайра мага суроолу тигилди:

– Болбойбу?!

– Мм... Темабыз кандай?

– “Бакиев бийликке кантип келген жана Кыргызстандын келечеги кандай болот?..”

Мен ого бетер таң калдым:

– Эмне дейсиз?!

– “Эмне” дегениң кандай? – кайра менден сурады.

– Болуптур, ошондой эле болсун дейли, жыйында сөз төркүнү эмне тууралуу болот?

– Албетте, саясат тууралуу! Президенттин бийликке келиши жөнүндө ар тараптуу айтылып жүрбөйбү, ошонун канчалык деңгээлде чындыгы бар же жок, ошол тууралуу! Эң негизгиси канткенде элдин, Кыргызстандын келечеги жакшы болот, ошол тууралуу! Бирок жолугушуу стандарттуу эмес, эркин түрүндө болушун каалайм!

Унчугушпай калдык.

– Ачык айт, жыйынды чакырып бере аласыңбы, жокпу? – деди анан.

– Ишке барып сүйлөшөлү, – дедим мен, – Башкы редактор менен да макулдашуубуз керек.

– Мага жолугушуу бүгүнкүгө керек, билесиң да эртең менен өлкөдөн чыгып кетем!

Редакцияга келгенден кийин шашылыш шефке байланышууга туура келди:

– Жедигер Ибраимович, саламатсызбы? Кечиресиз, басма сөз борборуна: “Президент бийликке кантип келген жана Кыргызстандын келечеги кандай болот?” деген темада заявка түшүп жатат...

– Ким экен?

– Алмакан Бекова деген алдын ала айтуучу.

– А эмнеге шашылыш?

– Кыргызстандан кетип жатыптыр.

– Уюштуруп көр...

Ошондон кийин шашылыш туш тарапка телефон чалынып, жалпыга маалымдоо каражаттарына заявка бериле баштады:

– Алло, саламатсызбы? “Кыргыз Туусу” басма сөз борбору тынчыңызды алып жатат... Бүгүн саат 14.00дө алдын ала айтуучу Алмакан Бекова айым жыйын өткөрөт...

Саат экиде басма сөз борбору ЖМК өкүлдөрү менен каалоочуларга толуп кетти.

– Үч мүнөттөн кийин баштайбыз, даярсызбы? – дедим каарманыма.

– Даярмын!

***
– Адегенде айтып коюшум керек, мен бул жерге өзүмдү реклама кылайын деп келген жокмун! – деди Алмакан айым жыйындын башында, өзүн жабалактай тиктеген теле-камералар менен кабарчыларга, – Анткени мага анын эч кандай зарылдыгы жок. Мен болгону гана өзүмдүн өлкөмдөн убактылуу чыгып баратып, көкүрөк-көңүлүмдү өйүгөн, мени ар дайым түйшөлткөн оюмду, Ааламдан келген аманатты айтып, анан да эл алдында аз айып, көп күнөөм үчүн кечирим сураганды эп көрдүм.

Мени өкүнткөнү, эмнегедир мен тууралуу башта: “Акаевдин көз ачыгы” деген түшүнүк жашап келсе, кийинки кездерде мен жөнүндө: “Бакиевдин көз ачыгы” деген ишеним жашап жүрөт. Жок! Эч кандай андай болгон эмес жана болбойт! Анткени, биринчиден мен эркин адаммын! Экинчиден мен Кудайдын мага берген касиетин эмне үчүн бир-эки кишинин жеке кызыкчылыгына иштетишим керек?! Башкача айтканда мен эмне үчүн бирөөнүн жеке менчигине айланышым керек?!

Ырас, мен ааламдан алган маалыматымды элге же ал кимге тишелүү болуп келсе, ошол адамга айтышым керек. Ал эми алдын ала маалымат да бекер жеринен айтылбайт. Алдыда болуучу ар кандай жамандыктардын сактануу, алдын алуу үчүн, кимдир бирөө кокус жаңылып, туура эмес жолго түшүп албашы үчүн күн мурун эскертилет. Мен болгону гана ошону жеткирген ортомчумун. Ошондой эле алдыда күтүлүп жаткан ийгиликтер, жакшылыктар да күн мурун алдын ала айтуучунун сезим-туюмуна түшүп, элдин же жеке адамдын ошого умтулуусу керек экенин эскертет!

Ошентсе да мен карапайым элден кечирим сурайм?!.. Анткени, кийинки убактарда: «Алмаш дүнүйөгө азгырылып, карапайым элден четтеп, чоңдорду гана карап калды”, – деген бир жагынан жүйөөлү дооматтарды, таарынычтарды, атүгүл мага болгон иренжүүнү угуп да, туюп да жүрөм. Ырас, мен адегенде карапайым эл менен, чакан чөйрөдө иштечүмүн. Жөнөкөй эл менен иштеген, чынымды айтсам алда канча жагымдуу жана оңой! Анткени аларда саясаттагыдай куулук-шумдук деген жок. Бирок, ошол элдин тагдыры, жашоо-шарты, атүгүл канчалык бир деңгээлде денсоолугу да саясатка, бийликке байланыштуу экендигин мен бара-бара түшүндүм. Ошондой эле саясатта, бийликте жүргөндөр да ошол жөнөкөй, элеттик адамдардын уул-кыздары, жакындары! Саясатчылар да элеттен, элдин арасынан чыгат!

Ошентип, акырындап отуруп өзүм да кантип карапайым, бей-бечара элден четтеп кеткенимди байкабай калдым.

Бирок бул кокустук же болбосо байлыкка, бийликке умтулуу эмес экендигин дагы бир жолу айтып, ошентсе да элимден кечирим сурагым келет?!..

...Сиздер менен сыр бөлүшүп отуруп, бир нерсени эсиме түшүрүп жатам. Анда Акаевдин убагы болчу. Күндөрдүн биринде Бишкек-Ош жолунда Махмуд аттуу жигит менен сапарлаш болуп калдым. Сөздөн-сөз чыгып отуруп:

– Сиз мага өтө керек адам экенсиз! Кудай үчүн жардам бериңиз, суранам?! – деп калды. Айтымыныда жигитке өз атасы керээз кылып Кудаяр хан менен Шералы хандын китебин калтырыптыр да: “Ушуну хандын ордосуна беришиң керек!” – деп катуу талап коюптур. Көрсө, китептин өзүнүн шерти ошондой экен! Китеп жөнөкөй китеп эмес, жогоруда аталган эки хандан калган ыйык китеп экен! Анын барактарын ушаласаң айрылбайт, боегун сууга жуусаң өчпөйт. Узун-туурасы кулач болгон, тамгалары алтындын буусуна кармалган, хандардын мөөрү басылган китеп!

Китептин биринчи бетинде: “Бул китеп хандын ордосунда турсун. Китеп сатылбасын жана саткан адамга жаназа түгөнсүн!” – деген жазуу бар экен. Махмуддун ата-бабаларынын айтып кеткенине караганда китеп канчалаган азаптар менен сакталыптыр. Анын изине түшүп, тарыхын сүрүштүрүп, издеп таап келип: “Тартып алам, сатып алам” дегендер болуптур жана бар экен!

– Аталардын керээзин аткарбай калуудан корком, жардам кылыңыз! – деди Махмуд. Китеп ал кезде Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдо сакталуу туруптур.

Ошентип, биз аны Аскар Акаевге жеткирмей болдук. Бирок, экс-президент китепти, башкача айтканда ырыскыны алуудан баш тартты! Китеп кеминде алты, жети ай Болот Жанузаковдун кабинетинде турду да, бир күнү ал киши: “Аскар Акаевич: “Кудаяр деген качып кеткен хан, мен ал кишинин китебини албайм!” деди”, – деп кайра берди. “Демек, айтып коюңуз, эртеби, кечпи алар дагы элинен качып кетишет!” – дедим. Бул маалыматты мага ошол жерден оозума сала берди окшойт. Албетте, менин бул сөзүм аларга жаккан жок. Ошентип, китепти кайра алып кеттик да, ал көпкө чейин колубузда туруп калды. Ошондон киийн менде: “Китеп хандын ордосунда туруш керек экен. Президент го албай койду. Анда мунун орду кайда?” – деген түйшөлүү пайда болду. Бул табышмактын жообун ал кезде дароо таба коюу мүмкүн эмес эле.

Ошентсе да “изденүүм” керек болду. Анткени, айланамдагылар алдын ала айтуучу катары менден жооп күтүп калышты.

Бирок, Кудай бул жолу да мени куру койгон жок. Эстутумга бир илинчек илди! Мен ичимде анын ээсин таптым, болочок ханды көрдүм!.. Башкача айтканда мен болочок ханды алда канча жыл мурун эле билген экемин! Ал мындайча болгон:

Анда айылда адам көрөт элем. Бир күнү мага ушунчалык алпейим, жөнөкөй, бирок көкүрөгү таза, улгайган адам келди да, дарыланып калды. Ара чолодо анан уулдарын айтып, келечегин көрүп берүүмдү сурады. “Бир уулум губернатор”, – деди карыя. Көрсө ал – кадимки Курманбек Салиевич экен. “Сали ата, ушул уулуңуздун хан боло турган түрү бар экен!” – дедим! Ата ишендиби, жокпу, бирок жакшы сөзгө кубанып, ичинен бир кудуңдап алгандай болду да: “Хан болсо да, болбосо да аман болсун”, – деген болду.

Бирок көргөн-укканыңдын баары эле эсиңде кала бердейт. Ал тууралуу унутуп деле калыпмын. Кийин шаарга келип, Бекен Назаралиев деген журналистке кезигип калдым. Кудай жол ачып, болочок президентке же айтсын дедиби, Бекен мага: “Курманбек Салиевичке кирип чыгалычы,” – деп сунуш кылып калды. Кирдик. Киргенде эле оозума ушул келди: “Ака, мен сизден премьерликти көрүп жатам!” Ал киши ишенген жок. Тек гана жылмайып, күлүп койду.

Премьер болгон кезинде болсо атайын эле издеп бардым. Анда жанымда бир тыйын акчам жок, болгон алтын-күмүшүмдү ломбардга өткөрдүм да, ЦУМга кирип, хандар көтөрчү чокмор, таттуу-тарапа сатып алдым. “Ата келиним орус деди эле, ырым-жырымды түшүнөөр бекен?” – деп санааркап бардым чынында. Бирок Курманбек Салиевич кыргыздын салтын, ырым-жырымын билет экен. “Таттуулук болсун!” – деп конфет чачсам, манчыркаган жок, башкаларды да чакырып, терип алды. Анан көргөнүмдү элеттикче эле минтип айттым: “Ака, Кудайым түштүктөн вазирликти аяган эмес! Ошондуктан мен сиздин вазир болгонуңузга сүйүнүп жаткан жокмун! Мен сизден хандыкты көрүп жатам! Ошондуктан мына бул, хандар кармачу чокморду алып келдим!” Анда деле ал киши мага ишенген жок, бирок күлүп койду да, белегин алып, тегерете карап туруп: “Мен муну китептен эле окучу элем”, – деди.

Бирок, кийин иштен кетип, депутаттыкка да жолтоолуктар болуп, куугунтукка алынган кезде мен туюп эле жаттым: “Курманбек Салиевич мени калпычы деп ойлоп жатат! Жок, анын келечеги ачык. Андыктан алдыга гана умтулушу керек!” – деп, ошону жеткире албай, ал кишиге жолугууга мүмкүнчүлүк таппай, канча убакыт кыйналдым. Бир күнү анан эл менен жолугушуу өткөрүп жаткан жерге бардым да: “Сиз алдыга гана умтулушуңуз керек!” – дегенге жетишип калдым.

Анткени, качан адамдын өзүнө карата ишеними азайган сайын, аны тегеректеген кара күчтөр (тоскоолдуктар) ошончолук кубаттанышат. Бирок, биз бир нерсени унутпашыбыз керек, канчалык карама-каршылыктар болгон менен, адам баласынын бешенесине Кудайым эмнени жазып койсо эртеби, кечпи, баары бир ал орундалат. Андан эч ким, эч жакка качып кутула албайт! Муну менен мен эмнени айтайын деп жатам? Азыр да Бакиевдин Президент болушун ар кандай жоромолдогондор болуп жатпайбы! Жок, дегим келет элге, андай эмес! Албетте, падышачылык мындан ары ушул гана кишиге буюрган деп айтпайм, бирок анын бешенесинде: “Хан болосуң!” – деген буйрук, жазуу бар! Ал эми анын тегерегиндеги майда карама-каршылыктар боло берет, бирок бекер убарачылык. Мен ушуну айтам деп канчалардан кагуу жедим, жаман көрүндүм. “Бул Бакиевдин жалданган көз ачыгы! Акчага сатылган!” – деген сөздөрдү уктум! Ушул сыяктуу ишенимсиз мамилелер мени жаман жүдөтүп жиберди!



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет