Исабаева Ж., 2011. Бардык укуктар корголгон


Суроо (КР Улуттук төл гезити – “Кыргыз Туусунан”)



бет9/9
Дата09.06.2016
өлшемі0.73 Mb.
#125785
1   2   3   4   5   6   7   8   9

Суроо (КР Улуттук төл гезити – “Кыргыз Туусунан”):
– Кечиресиз, жана бир китеп тууралуу айтып келаттыңыз эле, ал азыр кайда?

– Акаев албай койгон китеп, Бакиевге буюруптур! Ал киши тактыга отургучакты биз аны үйдө сактадык да, а кийин аны ак кийизге ороп, журттун жаңы жетекчисине көтөрүп кирдик. Ал киши Кудайдын белегин жакшынакай болуп кабыл алды. Башкача айтканда бул ыйык кут анын кудурет-кубатын ого бетер арттырды.

Дагы бир кызык нерсе бар. Бир күнү Кадамжайдын райондук ооруканасында терапевт болуп иштеген Бүзейнеп Абдрасулова аттуу курбум жолугуп:

– Өгүнү өтө карыган бир орус байбиче ооруканага түштү, – дейт, – Бүжүңдөп, бир нерселени эле ороп-чулгап ката берет эле. Бир күнү анан мени чакырып: “Кызым, ушуну сага аманат калытрайын. Ээсине берип коёсуңбу?” – деди чүпүрөккө оролгон бир нерсени кармалап отуруп. Чыны менен оорусу өтүшүп кеткен, анын үстүнө абдан кары адам эле, ошентсе да: “Апа, ал эмне дегениңиз, өзүңүз эле бериңиз да. Жакшы болуп калбадыңызбы!” – деп көңүл уласам: “Жок! – деди курчу кеткен көздөрүн бүлбүлдөтө акырын ачып-жумуп, – Өлөөрүм калды, өсөөрүм калган жок! Мени калп жубатпай, андан көрө мына бул ыйык китепти болочок падышага беришиң керек. Бирок анын ким экенин өзүм да билбей кетип баратам!.. Бир билгеним, мага түшкөн аянга караганда, анын аялы орус болуш керек!.. Суранам, кызым, ушул китепти ага сөзсүз берип кой?!..”

Ошондон киийн бат эле кемпир өтүп кетти. Китеп болсо дагы эле менде турат, курбум. Мага караганда кыйынсың го, эл аралап жүрөсүң дегеним! Эптеп бир айласын тапчы?! Түшүмө да кирчү болду, ошол кемпир!..
Ал кез Акаевдин убагы, менин да элге анчалык аралаша элек, болочок падышанын атасына да кезиге элек кезим болчу. Кийин деле көпкө чейин: “Кимиснини аялы орус болду экен?” – деп ойлоп, жооп таба алчу эмесмин. Акыры ошол орус байбиче айткан кереметтүү китеп да айланып келип Курманбек Салиевичке тийди.

Бул белектер, чынында Кудайдан келген белек – асмандан түшкөн кут! Ошону кармап, тутуп калган адамдын зоболосу бийиктейт. Эгерде шайтан “кытыгылабаганда” бул энчи Аскар Акаевичке деле тийип калмак! Бирок жаңылып жатканын, айланасындагы адамдардын алдоосуна арбалып жатканын ал киши анда байкабай калды.



Суроо (“Вечерний Бишкек” гезити):
– Кыргызстандын кийинки Президенти ким болорун айта аласызбы?
– Айта алам. Ал киши азыркы оппозициянын арасында жок! Деги эле учурда ал Кыргызстанда эмес. Бирок кийинки Президент жаш, абдан билимдүү, акылдуу чыгат!
Суроо (Улуттук теле-радиодон):
– Кечиресиз, Сизге атайын барып, акылдашып турган саясатчылар барбы?
– Бар. Жаңылбасам мага келбеген, менден келечегин, ишин сурабаган саясатчы аз. Бирок, менин өкүнгөнүм, алардын көбү мага өздөрү келишет, өздөрү сурашат. Бирок көрүп турганыңды ачык айтсаң, ишенишпейт. Тескерисинче жаман көрүп, душман тутуп кетишет! Мисалы, өгүнү эски парламенттен бир экс-депутат мырза келди. “Алдыда көп өзгөрүүлөр күтүп жатат. Ошонун бири – Парламент тарайт!” – десем мени жек көрүп, эшикти “тарс!” жаап кеткен. Кийин чалып: “Жалганчы экенсиз! Тарабай эле иштеше турган болдук!” – деп мени табалагандай, шылдыңдап күлүп, трубканы таштап койду эле... Мына эми, “төө кыядан өтүп кеткенден кийин” ишенип жаткандыр. Бирок ошондо чычалабай, жагдайга жараша иштесе, иштери азыркыдан алда канча жакшы болмок.

Суроо (НТС телеканалы):
– Феликс Кулов менен кандай кызматташтыгыңыз бар?
– Эгемендиктин алгачкы жылдары болчу. Анда мен Ошто иштеп жүрөт элем. Ошол убакта Бишкекте көзү ачыктар менен элдик дарыгерлердин конкурсу өтүп, Кудайдын буйругу менен мен да катышып, дубакөйлүк боюнча бир топ атаандаштарымдан озуп, ийгиликтин алдыңкы сабына чыктым. Ошондон кийин сиздер сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келишип, теле-радио, гезит-журналдар аркылуу элге жарыя салышты. Ошондой маалыматтардан улам айтылуу жазуучу агабыз Төлөгөн Касымбеков байбичесин көрсөткөнү алып келди. Феликс Куловго кийин ошол Төлөгөн аганын шарапаты менен кезиктим. Кулов анда губернатор болчу. Менде бир кызыктай мүнөз бар, дилиме сала берген аянды ичиме эч катып кала албай, дароо эле “балп!” эттире айтып таштап, өзүм кайра өкүнүп калам. Айтпай, сыр кылып сактап алууга анткени күчүм жетпейт. Бул – менин эркимден тышкаркы иш. Анда да Феликс мырзаны көрүп эле: “Сизди КГБ күтүп жатат!” – деп жиберипмин. Ал киши анда кыргызча чала түшүнөт эле, мен орусча чаламын. Ишенип-ишенбей, кызыктай эле карап калды. Кийин айткандай эле КГБга барды да, жардамчысын жиберип, чакырткан экен. Ошентип, туз буйруп кайра да кезигиштик. “Карындашым, баягы айтканыңда ишенген жок элем. Мына эми... сен айткандай болду” – деди. “Эми мен сизди Мэриядан көрүп жатам, Феликс ага!” – дедим. Ал эмнегедир кызыктай болуп кетти. Ишенер-ишенбесин билбей тургансыды. Бирок бир ооз каяша же ыраазычылык айткан жок.
А кийин, мэрияга барганында чакыртпай эле өзүм бардым да: “Эми сизди алдыда түрмө күтүп жатат, Феликс ака!” – деп айтып алганымчы! Ал кезде кыргызча түшүнүп, кадимкидей сүйлөп да калган: “Ушуну айтпай эле койсоң болмок, карындашым!” – деп тегеренип кетти. Өзүм да жаман акыбалга келе түштүм да, чыгып кеттим. Ошондон кийин ал кишиден качып, алыстай баштадым...

Бирок анын акыры акталып, атүгүл бийликке келерин да кийин, ал камакта отурган кезде басма сөз беттери аркылуу айтып жүрдүм. Анда да эч ким ишенген эмес! “Республика” гезитине чыккан интервьюмду окуп, ошол эле эски бийликтин өкүлдөрү мени шылдыңдап, келекелеп күлүп жүрүшкөн. Мындай учурлар мага чынында эле оор тийчү. Кийинчерээк бардыгын таштап, бизнеске өтүп кеткенимдин себеби да ошол сыяктуу мамилелер болгон.


Суроо (“5-телеканалы”):
Алмакан айым, сиз кандай ойлойсуз, Кыргызстандын келечеги кандай болот?
– Эң жакшы болот! Бирок качан? Качан элдин пейли оңолгондо! Ынтымак бекемделип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарганда! Бири-бирин аңдып-күтпөй, бири-бирине жакшылык каалап, колдон-буттан алып, бир максатка умтулганда! Эл түштүк-түндүк болуп экиге бөлүнбөй, бир эл экенин билгенде! Бирок карапайым элди ошол эле бийликке умтулган саясатчылар бузуп жатат. Болбосо, өзүңүздөр билесиздер, бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу, байый турган мүмкүнчүлүктөр эң эле көп! Анан да учурда элдин эң билимдүү, эң акыл-сезимдүү жаштары кара жанын багыш үчүн чет өлкөлөргө кетип жатышат. Эгерде аларга өз өлкөсүндө иш жана колдоо болгондо, анын ар бири өлкөнүн өнүгүшү үчүн өз акыл-күчүн жумшаганда, өсүү темпибиз ого бетер ылдамдайт болчу.
Суроо (ЭлТР коомдук телеканалы):
– Сиз чет өлкөгө акча табуу үчүн баратасызбы?
– Жок. Мага бийлик дагы, байлык дагы эч кандай кызык эмес! Жашоого мен жылаңач келгем, качандыр бир жылаңач кетем! Менин байлыгым – элим, жерим! Анан да Жаратканым пендем десе, өзү берген кудуреттен айырбасын!

“Атаң барда – Эл тааны, атың барда – Жер тааны” дейт эл. Колумдан келсе, бир-эки эле чет өлкөнү эмес, ааламды чарк айланып, Жер шарын бүтүн тегеренип, ушул күнгө чейин мен эле эмес, али эч ким чечмелей албай келаткан аалам сырын издейт элем...



***
Түн ортосунда мобилдик телефон аркылуу каарманымдан билдирүү алдым: “Коштошпой кетип калганым үчүн таарынба. Шашылып калдым. Буюрса баардыгы жакшы болот! Кайрылып кайра жолукканга чейин кайыр кош! Алмаш».

(Биринчи китептин аягы)


© Исабаева Ж., 2011. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет