Исабаева Ж., 2011. Бардык укуктар корголгон



бет6/9
Дата09.06.2016
өлшемі0.73 Mb.
#125785
1   2   3   4   5   6   7   8   9

– Эй, карагыла, жинидини! Оорусу башталды! – деп кыйкырып жиберген. Элдин баары бир “дуу!” дей түшүп Алмашты карап калышкандай болгон. Атүгүл мугалимдердин биринин: “Жаманга мактоо жарашпайт” дегени кулагына “шак!” дей түшкөн. Өзүн карап жабалактаган көздөр!.. Ошондон уламбы, башын өйдө көтөргөндөн заарканып, эки тизесин кучактаган боюнча баш көтөрбөй, көздөрүн бекем жумган боюнча ошол жерде отура берген.

– Бекова, сага эмне болду? Бир жериң ооруп жатабы? Башыңды өйдө көтөрчү? – деп жаткан эжейлеринин бири. – Мени карачы, Алмаш!

А бирок Алмаш ансайын көгөргөн. Ал азыр башын көтөрсө, өзүн карап шылдыңдап, мыйыгынан күлүп же аяп караган, толгон-токой көздөрдү көрмөк! Мындай көздөр, сөздөр, мындай караш, мамилелер анын көкөйүнө жедеп көк таштай тийип бүткөн. Ошондуктан мугалимине үн да, сөз да дебей, ошол отурган боюнча мелтиреген. Ичинде мугалимдердин бирөөсүнүн калыс сөзүн күткөн:

– Ал эмнең? Эмне үчүн Алмашты антип айтасың?! Уят эмеспи! – деп алиги баланы уялтып, калгандарына: – А силер эмне жарданып карайсыңар?! Кана, орду-ордуңарга тарагыла! Алмаш жөн эле... эс алып жатпайбы! Ал баятан бери силерден көп иштебедиби! – дешин күткөн. А бирок бул күтүү, бул кырдаалдын учу-кыйры жоктой, бул ыңгайсыз абал эч качан бүтпөчүдөй сезилип кеткен. Алмаштын ички дүйнөсүн, оюн окуй койгондой бир убакта:

– Жайына койсоңор өзү турат да! Кечке карай берсеңер уялып жатпайбы! – деген бир өзүнөн саал улуураак, боорукер кыз ага жан тартып. Ичинде ошол кызга аябай ыраазы болгон Алмаш. “Эмнеге чоң кишилердин ушунча акылы жок?!” – деген оюнда. Айткандай эле балдар да, мугалимдер да акырындап тарап, ким-кимиси өз-өз иштери менен алектенип кеткенсиген. Бирок, баары бир эле кыйлага чейин көптөрүнүн эки көзү, эс-акылы Алмашта болуп, алаксый беришкен. Мунун баарын Алмаш билип-туюп олтурган. Бир убакта аны кужулдашып, өзүнүн “достору” курчап алышкан. Алмаш колдорунун арасынан акырын шыкаалап караса, чын эле ошолор! Ал эми чыныгы достору – окуучулар менен мугалимдер аны унутуп калгандай, бул убакта кыйла узап кетишиптир.

– Эмне келдиңер?! – деди Алмаш же таарынганы, же сүйүнгөнү белгисиз, – Көрдүңөрбү, силер үчүн мени дагы жинди деп жатышат.

– А сен жинди эмессиң да!

– А эмнеге баары мени жинди дешет?

– ?..

А бирок бул суроого жооп алдыбы, жокпу, эсинде жок. Пахта талаасында кубалашып ойноп, эми элеки ызасын, таарынычын унутуп калып, достору менен ойноп кеткен. Алардын арасына кудум өзүндөй болгон кыз кошулуп калыптыр. Сереңдеп чуркап жүрөт. Бою да, чачы да окшош.



– Сен кимсиң? – дейт ага Алмаш.

– Сен кимсиң? – оюнга айлантып, кайра өзүн туурайт кыз.

– Мен – Алмашмын да. А сен кимсиң?

– Мен – Алмашмын да... А сен кимсиң?

– Сен – менсиңби?

– Сен – менсиңби?

Экөө анан каткырган боюнча кубалашып кетишет. Күлкүмүштүү болбосо деле экөө: “Сен – мен, мен – сен” деп боору эзиле жыргап күлө беришет. Ошондон киийн Алмаш аны Сен-мен деп атачу болгон. Эки кызды башкалар да коштоп, соңунан чуркап алышкан. Бийик-бийик тоолордун үстүнөн жеп-жеңил учуп, дарыя, көлдөрдүн үстүнөн аттап өтүшүп, кереметке батышкан дейсиң! Бир убакта көздөрү жабышып, уйукусу келгени эсинде.

– Мен уктайм, – деген анан кудум жаздыктай болгон ташты жазданып жатып. Уйку-соонун ортосунда таштын мамыктай жумшактыгына таң калганын да билет. Курбусу ага алда нелерди жаап, кымтылап жаткан сыяктанган. Канча уктаганын билбейт. Бир убакта кимдир бирөө:

– Кызым, тур! Тура гой, сени издеп жатышат. Тура гой, – деп маңдайынан сылайт. Ойгонуп кетсе, көзгө сайса көрүнгүс караңгы түн. Маңдайында бейтааныш абышка турат. Абышканы биринчи көрүшү эле. Баарынан кызыгы, кудум айдын жарыгындай болуп, андан нур чачырап, айлана-тегерегин жарык кылып туруптур. Ошол жарыктан көзү уялып, чоочуркай да, бүшүркөй да карайт кыз.

– Тура гой, сени издеп жатышпайбы, – дейт абышка дагы. Ошондо гана эсине келе калган Алмаш ыргып туруп, чымын-куюн болуп, туш келди эле жүгүргөн. Оюнда – мугалимдери, тарбиячысы! Ошондо да жол бою, артында алиги абышка да кошо келатканын туюп бараткан. Кийин ойлосо, абышка ага жол көрсөтүп, артында анын акыл-сезимин башкарып келаткан окшобойбу. Болбосо, кийин таразалап көрсө, пахта талаасынан өтө эле алыстап кеткен экен. Түн да ушундай коюу эле! Бирок эч бир адашпай, чалынып-жыгылбай, түп-түз интернатка келип токтогон. Ошондо гана кыз артына бир бурулуп карап алган. Алиги абышка ага жылмайып күлүп коюп, санаасы тынгандай, көздөн кайым болуп кеткен.

Айткандай эле мугалимдер, окуучулар болуп эртеден бери Алмашты издеп, баспаган жерлери калбай, чарчоодон суй жыгылышкан сыяктуу. Алмашты көрүп эле, кайра качып кетчүдөй аны басып калышты. Анан баягы:

– Кайда жүрдүң?! Каякка жоголдуң?! Айтпайсыңбы, Бекова! – өңдүү тажатма суроолор, – Ушу сенин азабың өттү го! Сенден кантип кутулабыз?! – сыяктуу бир чети тажаган, чарчаган, жек көргөн жаман-жакшы сөздөр. Баягы эле жер тиктеп, унчукпай мелтирөөлөр. А чынында мелтиребеске айласы да жок эле. Анткени аларга кайда барганын айткан менен баары бир түшүнүшпөйт же ишенишпейт. Ансайын “жинди” дешет. Айткандай эле ошондон бир-эки күн өткөндөн кийин Алмашты жиндиканага тапшырып кетишкен.

Жиндиканада Алмаштын колу-бутун таңып, адегенде керебетке байлап коюша турган. Андан кийин гана бошотуп, эркин кое беришчү. Эркин дегени ошол, башка жиндилер менен аралашып, короого чыгат. Өзү теңдүү балдар-кыздар менен ойнойт. Чоңдор менен сүйлөшөт. Атүгүл аларга өзүн салыштырып да көрөт: “Балким, “оорум кармаган” кездерде мен чын эле ушуларга окшоштурмун?” – дейт байлатма жиндилерди карап туруп жүрөгү канай. А бирок кайра эле бир сезими: “Кантип эле?!..” – деп ага ишенбейт, кээде ишенет... Айтор жандүйнөсү, ойлору да чакчалекей. Кээде ушунчалык жагымсыз, суз, төрт дубал менен курчалган бул жашоодон тажайт, кудум түшүндөгүдөй учуп, качып кеткиси келип тээ асманга, булуттарга карайт. Эркиндикти эңсейт. А бирок ар бир кадамы көзөмөлдө. Баскан-турганыңды карап, аңдып турушат. Кичине эле шек билинсе баса калып байламай же дары куймай.

Кээде жиндилерди аяйт. Соорооктору менен ымала санашып, сүйлөшкүсү, сырын тартып, ооруган кездерде эмне көрүп, эмне угаары тууралуу билгиси келет. А бирок бири да Алмаш билгенди билдим дебейт. Кээ бирлеринин кебете-кешпиринен, кыймыл-аракетинен чындап эле коркот, атүгүл айрымдарынан көңүлү айнып, жийиркенет... Ушулардан уламбы, өзү аларга окшобой тургандыгын билсе деле кээде өзүнөн-өзү уялат. Бирок ал өзүнөн дене боюн ала качкан акыл-эси соо адамдарга таарынбоого үйрөнгөн.

Айтмакчы, жиндикана ага жагымсыз күндөр, жагымсыз жагдайларды эле эмес, жакшы дос, эсте каларлык күндөрдү да белек кылыптыр...

Бир күнү эле алыс-алысты тиктеп, кыялданып эшикте отурса маңдайында өзүн тиктеп, мотурайган бала турат. Анан калса ал кудум баягы “досторундай” жагымдуу, маңдайы жарык бала экен. Сүйүнүп кеткенин айтпа! Көздөрүн күлмүңдөтүп, күлө караган кыз. Ошондо гана баятан батынып басып келе албай жаткан улан акырын жылып жанына келген.

– Атың ким? – деген Алмаш ага жанынан орун бошото жыла берип.

– Абдулла, – деген бала.

– Сен да биякта жатасыңбы?

– Ии... – бала башын ийкеп, бутунун учу мен жер чукулап тим болгон.

– Качан келдиң эле?

– Эки-үч күн болду го.

Алмаш мыйыгынан “бырс” күлүп ийип сураган:

– А... эмнеге келдиң же сен дагы жиндисиңби?

Абдулла ага жооп берүүнүн ордуна кайра өзүнө:

– Сенчи? – деп кирсиз, суроолуу көздөр менен тигилген. Ийнин куушурган, Алмаш:

– Билбейм...

– Мен дагы билбейм, – деген бала, – Кээде эс-учумду билбей, жыгылып калат экем...

– Доктурга көрсөтүштү беле?

– Ооба.


– Алар сени “жинди экен” дештиби?

Башын ийкеп, болбурап жер тиктеди бала. Алмаш аны аяп, боору ооруп кетти да, эркелете маңдайынан сылады:

– А сен капа болбой эле кой, экөөбүз жинди эмеспиз!

Абдуллага ушул сөз жаккан өңдүү башын көтөрүп, өзүнөн эки-үч жаштай улуураак кызга “жалт” карады. Эмнегедир эми элеки муңайым көздөрүнө жан кирип, өңү да акырындап өзгөрүлүп бараткан сыяктанды. Алмаш айтканын ырастаган сыяктуу ансайын ага күлө тиктеди эле, бала:

– Рахмат... Мен деле ошентип ойлойм, – деди.

Ошондон тарта экөө ысык-ынак болуп кетишти. Анткен менен баланын ата-энеси ат тезегин кургатпай, бат-баттан келишчү. Алар кетээри менен Абдулла баштык-үштүгүн көтөрүнүп алып Алмашка шашчу. Үйдөн келген оокатты экөө анан маңдай-тескей, жайма-жай отуруп алышып тең бөлүшүп жейт эле. Колго жапкан нандан бурдап-бурдап сугунушуп, айрандан ууртап, бири-биринин агала болгон кебетесине кайра каткырып күлүшүп, мындан өткөн жыргал учур жок сыяктуу сезилчү. Экөө анан бири-бирине сырларын айтышчу. Алмаштын башынан өткөргөн окуяларын угуп отуруп, Абдулланын букулдап ыйлаганы да эсинде. “Боорукерим десе! Менин бөбөгүм! Болду, ыйлаба!” – деп кайра аны бооруна кыса сооротуп жатып, ага кошулуп өзү да өпкө-өпкөсүнө батпай солуктап ыйлап алган.

Абдулла дарыланганы Алмаштан кийин келип, мурдараак чыгып кетти. Кетип баратканда экөө дарбазанын жанында бекем кучакташып алышып бир эне, бир атанын балдарындай айрылыша албай буркурап, ыйлап турушканы эсинде. Ошондо экөөнө жиндилердин да зээни кейип, тегеректеп аяй карап турушкан. Андан кийин Алмашка күн өтчү эмес. Эртели-кеч жол карап, аны күтө берчү. Абдулла да велосипедин минип алып, күнүгө бир маал келип, божурап сүйлөп берип кетет. Бирок анда алар кийин да ысык-ынак болуп, жатындаштай жакын болуп калабыз деп ойлошкон деле эмес.

Эмнегедир ошондо Алмаш адамдардын колу-бутун байлап туруп алардын акыл-сезимин, жандүйнөсүн дары менен айыктырабыз дегендерге ишенчү эмес. Ишенмек түгүл мыйыгынан күлүп, шылдыңдап карап турчу. Буга дарыгерлердин бир чети күлкүсү келсе, бир чети жандары кашайчу. Баарынан кызыгы, башка жиндилер сыяктуу бул кызды керебетке таңуу да оңойго турчу эмес. Кеп-кенедей, ийнеликтей арык туруп аларды аябай эле убарага салат эле. Анткени, бир жагынан байлаган жип бир жагынан чечилип, бошой берчү.

Эмнеге андай болуп жатканына эч кимдин акылы жетчү эмес. Тек гана таң калып калышар эле. Ансайын Алмаштын да аларга ишеними азайчу: “Андай кыйын болсо, мени байлаган сайын жипти бошотуп, жанында эле жүргөн “досторумду” эмнеге көрүшпөйт да, таң калып тегеренишет?” – дечү оюнда. Анан жини менен алардын ар биринин өткөн-кеткенин, алдыда боло турган тагдырларын айтып-айтып таштачу. Алмаштын айткандарына ишенбегени менен таамай-таамай тийген тилине кызыгып, атайылап эле ачуусуна тийишчү.

– Мени тилдегенди эмне кыласың?! Андан көрө өзүңдү жакшылап карап, далдайбай кичине арыктабайсыңбы! Сени чанып, эриң жакында жаш, арык аял менен кеткени жатат! – дейт бир күнү оорукананын башчысына. Аны угуп ошол аялдын өзү да, жанындагылар да:

– Жиндинин өзү теңелбесе да, сөзү теңелет деген чын. Менин күйөөмдү көрүп келгенсип, айтканын кара! Тим эле соо кишидей, чоң кишини кичирейтип койгондой тикилдейт! – деп аябай каткырып күлүшкөн болчу. Бирок, чыны менен эле жыл айланбай күйөөсү башка аял алып үйүнөн чыгып кеткен экен. Аны кийин барганында айтышты.

Ал жерден: “Акыл-эси убактылуу айыкты” деген диагноз менен чыгып, бирок кийип кетээр кийми жок карайлап калганы эсинде. Анткени оорулууну жаңы кабыл алып жатканда киймин чечтирип өрттөп же үйүнө чыгарып беришет эле. Диспансерден чыгаарда жакындары келип кийиндирип, алып кетиши керек. А бирок Алмаштын алып кетээри жок… Акыры ары карап, бери карап жатса, кечээ келген жиндинин чечип ыргыткан самтырак көйнөгүнө көзү чалдыкты. Кудай жалгап, ким-кимисинин көз жаздымында калган окшойт. «Жоктон көрө – жогору эмеспи!» – деп сүйүнүп кеткен. Андан кийин бутуна илип алаар бир нерсе издеди эле, санитаркалардын жыртып ыргыткан тапичкесин таап алып, «жым» дей түштү! Жаман жери – бир жагынын «оозу» ачылып, азыраак эле жери илинип туруптур…

Ошентип, диспансердин короосунан чыкты Алмаш. Чыккан менен колунда бир тыйын акчасы жок. «Бирөө-жарымга жолуксам… Бир сом сурасам… – деп кыялданып баратты жолдо, – Беш тыйынга май токоч, беш тыйынга бир пияла чай алып ичсем… Калганын жол кире кылып, тагамдыкына барсам…»

А бирок тааныш бирөө-жарымды жолуктура албай койду. Бутундагы айрык тапичке улам ыргып кетип, улам кайра илип ала коюп отуруп, автовокзалга жетти. Бары бейтааныш… Бары чоочун!.. Бир убакта көзүнө апасынын курбусу – Аваз апа уруна түштү. Автобус күтүп, аялдамада отурган экен:

– Апа, мага бир сом берип туруңузчу, тагамдыкына жетип алайын? – деди эле, аяш апасы анны чочугандай бир чолуй тиктеп алып:

– О, жинди! Ырай-пешенеси суук какмар! – деп айлана-тегектегилер да уксун дегендей ачуу айкырыкты салды, – Сен жиндиканада элең го?! Качып чыккансынсың го, а?! «Бий сом!» деп коёт, бир сомдон айлангыр! Сен ошол бир сомду кайра мага бере аласыңбы, анан?! А?! Сага бергенден көрө ошол бир сомго мен бир кил шекер алып албаймынбы!

Алмаштын жети өмүрү жерге кирип эле кетти! Өзүн тегеректеп, жабалактай түшкөн адамдардан жазганып, ыңгайсызданып кетти да, бул жерден кеткиче шашты.

Ошондо да Аваз апанын айкырыгы аны тээ далай жерге чейин коштоп келатты. Кулагын эки колу менен жаап алып, чуркап да баратты, ыйлап да баратты… Бул жашоодо ырайымдуу бир адам чыкпай калгандай, жашоо жалаң ырайымсыздык менен ташбоорлуктан жаралып калгандай, жандүйнөсү жанчылып, өксүп баратты!.. Аңгыча артынан кимдир бирөө чакырды:

– Чоң кыз, токточу?..

Алмаш «селт» этип, кулак төшөй калганы менен, артына кылчайып карабады. Дикилдеп, андан ары кете берди. Атүгүл артында келаткан кадамдын улам жакындаганын байкап, ого бетер кадамын тездетип, тызылдап чуркап алды.

– Чоң кыз, токто! Токто! Каякка барасың, мен ала кетейин? – деди белгисиз жигит.

– Менин акчам жок!!! – артын карабаган бойдон кыйкырды кыз.

– Жок экенин билем! Мен жана баарын уктум! Токто?

– Токтобойм! Уксаң, жинди экенимди уккан жоксуңбу?! Эрчибе мени! Мен – жиндимин!

– Жинди болбой эле, жакшынакай эле болуп турасың го?!..

– Калып кал деп атам!

– Азыр токто, болбосо өзүм токтотуп, машинеге зордоп салам! – эми өктөм, ачуулана айтты жигит. Алмаш сестене түшкөндөй, артына «жалт!» карады эле, айткандай эле жигит жөө, машинеси болсо аларды эрчип, кыбырап келатыптыр. Алмаш акыры ынангандай токтоп калды. Жигит ага «Москвичтин» арткы эшигин ачып, өзү болсо айдоочунун жанына отурду да:

– Каякка барасың? – деди.

– Баш-Булакка.

– Атың ким?

– Алмаш.

– Менин атым – Эргеш. Учар деген айылдан болом…– деди жигит өзүн тааныштырып, – Текстильныйда мастер болуп иштейм…

– ? – Алмаш унчуккан жок.

– Сен мага жагып калдың, – деди анан ал же тамашалаганы, же чындаганы белгисиз.

– А менин күйөөм бар.

– Койсоңчу?

– Койбой эле...

Эргеш ишенди. Бирок Ким бирөөгө ачуулангандай өңү бузула түштү:

– Ал акмак күйөөң эмне кылып жүрөт, сени карабай?!

– Карамак… – Алмаш актана айтты, – Ал азыр Ошто эмес, Москвада. Кандидаттыгын жактаганы кеткен…

Эргеш мыйыгынан күлүп койду.

– Ушул жерден токтогулачы, – деди Алмаш тагасынын үйүнүн тушуна келгенде, – Мен жеттим…

– Бул кимдин үйү?

– Тагамдын.

– Алмаш, макулсуңбу, мен кечинде ата-энемди жөнөтөйүн?

Алмаш ага аңкая бир карап алды да, унчукпай түшүп кете берди…

А кечинде болсо Эргештен «жуучу» келдиби, жокпу, Алмаштын кабары жок. Анткени тагасы менен таяжеңеси аны бул жолу да үйгө киргизмек турсун, жакын жуутушкан жок…

Андан чыгып, түз эле анан Балтыш эжесин издеп баратты. Башкадан көрө бир ата, бир энеден… Жатындашы, эжеси да! Бирок Алмаш келгенинде эжеси кара кийип, кызынан айрылып, кан жутуп, отуруптур! Сиркеси суу көтөрбөй турган окшойт, Алмашты көрүп эле кыйкырды:

– Кара жолтой! Кайдан келдиң, кайра кайт! Сенин жиниң чарпып, кара чечекей кызымдан айрылдым, кокуй!

Алмаштын көкүрөк-жүрөгүндө адамдарга болгон аз-аз ишеним бар болчу… Эми ошол таруудай да таш болуп катып, муз болуп тоңуп баратты…

***
Бир күнү адатынча эч ким жок жерге ээндеп келип, чийдин түбүндө отурган.

Күндүн ысыгы мээден өтөт. Тээ ылдыйтада кудум жыланга окшоп, ийрейип кара жол жатат. Анын үстүндө өйдө-төмөн зуулдап, машинелер агылууда.

Так Алмаштын төбөсүндө канаттарын дирилдетип, ырчы торгой безилдейт. Алмаш колун күндөн калканч кылып, торгойду көпкө тиктеди. Аны алаканына салып алып, жакындан көргүсү келди. Бирок ал күткөндөй торгой жерге түшүп келбей, ошо турган ордунда безилдеп ырдай берди. “Кызык, эмне деп ырдап жатты экен?..” – деди оюнда. Өзүнүн да ошол торгойдун жанына туруп алып, ырдагысы келди. Ырдабаса да бийикке чыгып алып, апасынын эмне кылып атканын көрөт эле...

“Балким торгой балдарына ырдап берип жаткандыр? – деди бир ою, – А балким жумурткаларын мени жеп алат деп коркуп жүрбөсүн?”

Ушуну ойлоп алып, уурусун карматып жибергендей уялып кетти. Буга чейин эки-үч жолу топудай уя таап алып, жумурткаларын алган. Кээ бирлери атүгүл ысык болчу... Алаканындагы кара, күрөң темгилдери бар, кичинекей жумурткаларга кызыгып, чөнтөгүнө салып алган да, улам кайра алып чыгып карай берген. Ансайын апасы сууга бышырып, арчып берчү жумурткалар эсине түшүп, ашказаны сызылып, оозуна кара суу келет. Акыры төбөсүндө айланып-тегеренип, чырылдап-чыркырап, каршы-терши кайкып учкан чымчыктардан жашынып, аңыздын ичине кирип алган да, баарын бирден чагып ичип алган! А бирок ошондон кийин көңүлү айнып, көпкө чейин кыйналып жүргөн болчу... Ошонусун эстеп, эми да көңүлү айнып кетти. Асманга асылып туруп алып, канаттарын дирилдетип, безилдеп ырдап жаткан торгойдон жүзүн ала качып, капталына оодарылып жатты да, көздөрүн бекем жумду.

Уктап кеткен экен, кимдир бирөө аны ойготуп жатыптыр:

Тура гой, кызым. Таянең катуу оору. Силерди күтүп: “Бир көрүп өлсөм болот эле” деп атат. Тура гой, апаңдын да кетээр маалы болуп калды.

“Кимдин үнү эле? Кайдан уктум эле?” – деп уйку-соонун ортосунда эстей албай жатып, тааный койду: “Бул баягы абышка эмеспи!” Уйкусунан чочуп, ыргып тура калды да, эки жагын карады. Эч ким жок. Боргулданып тердеп алыптыр. Эс-учун жыйып, эмне укканын таразалай албай азга отурду да: “Таянең сыркоо деди го?..” – деп анан: – “Апам-м!” – деп кимдир бирөө ийне менен сайгандай ыргып-секирип тура калды. Ошондон дикилдеп чуркап да: “Апам-м!” – деп өпкөсү көөп ыйлап да келаткан.

Ал келгенде таянеси чын эле төшөктө экен. Тарбайган арык манжалары менен Алмаштын колун кармап:

– Апаң... келдиби? – деди.

Алмаш башын чайкап, жер тиктеди эле:

– Айт ага, менден мурун өлбөсүн, жок дегенде мени көөмп коюп, бир жумадан кийин барсын!.. – деп эриндерин алсыз, араңжан кыбыраткан.

***
...Таянесине аза күтүп отурган менен, Алмаштын эки көзү, эси-дарты өзүнүн апасында эле. Ошон үчүн го, эстутумундагы ошол сүрөттүн боёктору али күнчө эскирбей, көз алдында сакталып турат...

Кара жумушту көп жасаган үчүнбү, апасы эркектей сөөк-саактуу, кең далылуу, шадылуу аял болчу. Анан калса, өзү да өлөөрүн билген окшоп, ошол күнү башкача болчу. Кайра-кайра жалжылдап тиктей берген кызын бооруна бекем-бекем кысып, боорунун бүчүлүгүн чечип жиберип мамагын оозуна салган. Анысы көрсө: “Эне жытын, эне мээримин акыркы ирээт искеп ал, балам! Мен да ак сүтүмдү кечтим...” – дегени окшойт...

Ошондон көп өтпөй эле апасы аны:

– Балам, Айтурган карыз акча алган... Барып алып келчи, – деп кийинки айылдагы бир тааныштарыныкына жумшаган. Көрсө өзүнүн үзүлөрүн билип эле, Алмашты атайылап үйдөн алыстаткан көрүнөт. Ансыз да жандүйнөсү аялуу немеге ого бетер оор болбосун деген го...

Үйдөн чыгып эле кыз “досторуна” жолуккан. Сен-мен кыз экөө отуруп алышып, топ таш ойногон. Ылайдан үй жасап, куурчак жасашкан. Бири-биринин бетине баткак чачып, анан кубалашып кетишкен. А бирок кайсы убакта, кантип уктап калганы эсинде жок. Уйку-соонун ортосунда эле кимдир бирөө: “Апаң өлүп калбадыбы, Алмаш!” – деп угузуп жатыптыр. Тура калып эле кайра артына чымылдаган.

Айылдын башына жеткенде алдынан таякеси жолугуп:


– Үйүңө ылдамыраак бар, апаң катуу ооруп калыптыр! – деди. Жүрөгү бир булкуп алды! Көздөрү караңгылап, кулагы туна түштү. Кара терге түшүп, дикилдеген боюнча үйүнө чуркап келсе эле анан... өгөй атасы сыртта аза күтүп, бөбөктөрү да көпчүлүктүн арасында өпкөлөп ыйлап турушуптур!..

– Апа-а?!! – деп бир чучуктай чыңырып алганы, анан да апасын акыркы сапарга узатууга келгенин жактырбагандай, өгөй атасынын одурая бир караганы эсинде. Андан аркысын билбейт. Бу сапар да ойгонсо баягы тааныш керебетте жатыптыр...


***
Уйку-соонун ортосунда жатып ушуларды ойлоду Алмаш. Ошондон уламбы, түшүнө таянеси, апасы, анан баягы эшекчен абышка Сен-мен кыз, Гүлү кирди. Бирок баары тең ага таарынып калган сыяктуу! Баягыдай бапырап жетип келишпей, тескерсинче андан корккон, жийиркенгендей бойлорун ала качырып калышыптыр. Баарынан да досторучу?! Алмаш аларга канчалык жандалбастап, жакындайын дейт. Бирок баягы эки ийнине, алаканына конуп алчу канаттуу балдар да андан чоочуркагандай, жанталашып алысташат!.. Баары тең Алмаштын жанагы оюн окуп алгандай сезилишти ага. Эмнегедир жүрөгү эңшерилип, өпкөсү көптү Алмаштын! Жандүйнөсү боп-бош болуп, жанында, бул ааламда жалгыз гана ээндиктен башка эч нерсе жок калгандай жалгызсырады! Айлана-тегеректеги жандуу-жансыздын баары ал үчүн жок катары туюлду.

“Сен бизден кутулгуң келди беле, кутул! Бирок бир нерсени эсиңден чыгарба, бизсиз өзүң да жоксуң!” – дегенсиди тигилер.

“Мени деле түшүнгүлө да?! Мени деле аягыла да?!”

Алмаш алыс барып алып карап турушкан досторуна ушинтип, буркурап-боздоп ыйлап, актанып жатты. А бирок алар кечээ эле коюн-колтук алышып бирге жүргөн досун бүгүн тааныбай жаткандай же таарынгандай, тоңдоосун карашат!

Ойгонуп кетсе чындап эле жаздыгы жашка чыланып, көл-шал түшүп ыйлап алыптыр. Эми эле көргөн түшүнө, тактап айтканда дайыма жанында жүргөн “досторунан” биротоло кол үзүп жатканына же сүйүнөөрүн, же күйүнөөрүн билбей, дендароо жандай жалдырап жатты! Антпеске айласы да жок эле... Анткени анын тулку бою дагы эле жансыз, кыймылсыз болчу!.. “Масым тарай элек окшойт, – деп жоруду оюнда аны, – Мейли, Өмүр келгичекти жата турайын...”

Бирок, Өмүр келгенден кийин да Алмаш турган жок!.. Андан кийин да, далайга чейин так ушул жаткан калыбында канча бир таңды атырып, күн батырып, кош панардай жалжылдаган көздөрүн гана ачып-жумуп, ошол экөө гана бирде кургап, бирде ыйлап, көргөн-билгени төрт дубал менен жалгыз шып болуп, жалдырап калды...

Баарынан да Өмүргө кыйын болгон. Алган жарын баладай кылып бооруна басып алып, барбаган доктуру калган жок. “Дагы Кудайдын мунусуна шүгүр!” – деди бир күнү. Анткени Алмашка аздап тил кирип, бир жак ыптасы кыймылдап калды. Бирок андан ары эч кандай айла жоктугун айтышты доктурлар. Какыс туруп кетүү үчүн дартка даба табылбай койду. Канчалык сыр бербейин дегени менен күйөөсү ары карап ыйлап, бери карап күлүп жүрдү. “Жинди болсо да алты саны аман болсо болбойт беле! Кайдан да арак аттуу балакетти баштадым экен?! Каяктан жүрүп бирөөнү уга койдум?! Каскактай болуп каяктан да айта салдың!” – деп өзүн да, аракты да, аракты айткан адамды да кан какшап тилдей берчү адат тапты. Алмаш жатып алып кээде аны аяйт: “Сен деле элдей бактылуу жашабайт белең!. – дейт ичинде өзүн-өзү күнөөлөп, – Мага байланып, бактысыз болдуң, шордуум! “Сүйүү!..” деп коет! Башка эле, акыл-эси соо бирөөнү сүйбөйт белең?!”

А бирок, Өмүр андай сөздөрдү адегенде уккусу да келчү эмес.

– Мага сенден башка аялдын кереги жок! – деп кесе айтчу. – Сенден башка аялды мен элестете да албайм!

Алмашты чанмак турсун, Өмүр андан бала күтчү. Эгерде Теңир экөөнөн ыңаалаган ымыркайын аябаганда, балким алар бири-биринен кетмек эмес?!


***
“Ушул боюнча төшөктөн турбай каламбы?!” – деген коркунуч мээсинде кыттай уюп, ансыз да кыймылсыз жатып калган денесин ого бетер жерге ныгыра басып, андан аркы жашоонун ага кызыгы деле калбай калган. Бирок, дагы бактысы бар экен, Теңири ага бу жолу да ырайым кылды...

– Алмаш, Ошко алып барайын, – деди бир күнү Өмүр, – Өзбекстандан бир күчтүү көзү ачык, табып аял келген имиш.

Аны укканда Алмаш аябай каткырып күлгөн.

– Убара болбой эле койчу, Өмүр! Жараткан өзү берип, өзү кайра алып койгон кол-бутту ошол катын кайра сурап береби?!

– Баргандардын көпчүлүгү жакшы болуп кеткен имиш. Бир барып көрөлүчү?

Өмүрдүн ушинткенинен улам Алмаш макул болду: “Көрөйүнчү, канчалык кыйын экенин”, – деп баратты ичинде. Бирок, босогону аттаганда эле Алмаш башка жегендей бир “селт!” этип алды.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет