Исабаева Ж., 2011. Бардык укуктар корголгон



бет5/9
Дата09.06.2016
өлшемі0.73 Mb.
#125785
1   2   3   4   5   6   7   8   9

– Көтөр деп жатам! – бакырды мугалим. Ортону саамга жымжырттык уялады.

– Басчы бери! – деди анан эжей кызды каруудан кармай, өзүнө тартып. Каршылык көрсөтүп тырмышканына карабай анан Гүлүнүн этегин түрүп, ич кийимин ачып карады да:

– И-ий, кокуй! – деп чочуп кетти, – Кызыл-жаян го баары!!! Жашабай жатып, муну кара! Эмитен... эрсирегениндей бар турбайбы! Өлүп кетейин ай, мунуңар соо болбой калыптыр! Мен билгем...

Ошондон кийин Гүлү эжейлердин “токто!” дегенине карабай, сыртка атып эле чыкты!

Алмаш анын артынан чуркады. Ушунчалык ыза, кордук, уятка чыдабай, баарынан да: “Чын эле мен соо болбой калган турбаймынбы!” деген коркунучтуу ишеним бүт денесин, акыл-эсин ээлеп, заманасы тарып, көзүнө боз туңгуюктан башка эч нерсе көрүнбөй, чымын-куюн болуп чуркап келди да, Мөлбулакка жеткенде гана токтоду кыз. Аркасынан жете келген Алмаш:

– Ыйлабачы? – деп аны кучагына кысып, букулдап кошо ыйлады.

– Жүрү, мени менен кетип кал, – деген болчу анан курбусун чындап эле өзү менен кошо алыс-алыс жактарга алып кеткиси келип, – Эч ким, эч ким тааныбаган жактарга кетебиз...

Гүлүнүн ыйлап-ыйлап, бир топто анан эки ийнин солкулдата басылып калганын Алмаш макул болду го деп жоруган. Көрсө Гүлү оюнда башканы ойлоп жаткан тура!..

– Эртеңкиге мектепке чакыртышыптыр? – деген алар келгенде эч нерседен кабары жок апасы, – Бул курбуңдун чоо-жайын сурайлы дешкен го. Айтмакчы, кайсы айылдан келдиң эле, кызым? Ата-энең барбы? Эмнеге кетпей жүрөсүң?

– Апа, эч нерсе деп сурабай эле коюңузчу, – деген сиркеси суу көтөрбөй турган Гүлү, – Кеп Алмаш жөнүндө эмес...

– Анан эмне жөнүндө?

– ?.. – Гүлү апасынан көздөрүн ала качып кеткен да, укпай калган кишиче унчукпай койгон.

Алмаш эртең менен ойгонсо эле анан... жанында Гүлү жок! Сыйпалап таппай калган! Атүгүл апасы да али тура элек экен. “Балким сыртка чыккандыр, келип калаар” деп күтүп жатып, курбусу кечиккенинен Алмаш артынан чыкса, жымжырт. Эч дабыш билинбейт. Чуркап барып баягы кат катылган бурчка барса, таштар аласалып, ордунан жылып калыптыр. Сыягы Гүлү катты өзү менен кошо ала кеткен окшойт.

– Гүлү?! Гүлү?! – деп үйдү айлана карап, кыйкырып да көргөн. Алмаштын антип чакыра бергенинен улам, Гүлүнүн апасы да көздөрүн ушалап туруп келди:

– Элдин тынчын алып, эмне таң атпай туруп алдыңар?!

Кандайдыр бир жамандыкты туйган Алмаш:

– Гүлүнү таппай жатам, эже! – деп ыйлап жиберген.

Аял түшүнбөй калгандай саал буйдала калды:

– Эмне дейсиң?! – деди бүшүркөй.

– Ойгонсом Гүлү жанымда жок экен...

– Кайда кетиптир?!

– Билбейм...

Бирок экөөлөп ары-бери чуркап издешкени менен, Гүлү эч жерде жок болчу.

– Мектепке кетип калган жокпу? Мен барып келейинчи, – деп анан Гүлүнүн апасы камынып жатканда аял-эркеги, чоң-кичинеси бар жоон топ адам түз эле булардыкын көздөй келатты. Аларды көрө коюп экөө эки жерде селейе катышты.

– Булар... Булар эмне келатышат, ыя?! – деп алардын түрүн көрүп эле аял өң-алеттен кете түштү аял.

Короого кирип-кирбей, алда нени жашыргандай күбүң-шыбың болуп, буйдала калышкандарга анан:

– Эмне?! Эмне болду?! Эмне келдиңер?! – деп бир чаңырып алды.

– Кайрат кыл, кагылайын! – деп алардан аксакалы бөлүнүп бери басты эле:

– Эмне?!.. Ким?!.. Гүлү?!.. – деп колдорун калчылдата: “Жок, ал эмес!” – деген сөздү күтүп, ар бирин жалдырай тиктеди аял.

– Гүлүдөн айрылып калган турбайбызбы, кокуй! Деги баладай бала болсочу, айланайындар! Өз жанын өзү кыйып, асылып калгыдай жанына эмне күч келди, коккуй?!– деп аңгыча чыдабай кетти окшойт, топтун ичиндеги кошуна аял буркурап ыйлап, Гүлүнүн апасын басып жыгылды.

– Гүлда-ан!!! Кызым-м!!! Жок-жок! – деп энесинин жер тытып, чаңырып жатканын бир билет Алмаш. Өзү да:

– Ба-аа!!! – деп бир бакырып алган. Андан аркысы эсинде жок. Көзүн ачса ооруканада жатыптыр. Асмандан түшө калгансып, жанында мугалими отурат.

– Кандай? – деди анан ал кайдыгерирээк. – Эсиңе келдиңби?

Алмаш көздөрүн жумуп алды. Кудум түш көрүп ойгонгондой, Гүлү деген кыз жөнүндө жөн гана түш көргөндөй... Бир туруп Гүлүнү жоготконун эстегенде өзөгү өрттөнүп, жумулган көздөрүнөн жаш чубуруп, унчукпай жата берди. Гүлү менен бирге өткөргөн үч-төрт эле күндүн ичинде жандүйнөсүндө кыйла өзгөрүүлөр болуп, чоңоё түшкөнсүгөн ошондо.

Адамдын ой-кыялы кандай күлүк. Заматтын ортосунда ушунун баарын көз алдынан чубат өтүп, Гүлүнүн баягы: “Биздин да тоюбуз ушинтип өтөт”, – дегенин эстеди. Анан ошол, Гүлү суктанган келиндин эртең мененки шермендеси көз алдына тартыла түшүп, уйкудан ойгонгондой серпиле түштү Алмаш:

– Жок, менин кетишим керек!..

Эшиктеги тамаша-оюн, кемпир-кесектердин: «Келин ак жолтой болсун! Көшөгөсү көгөрүп, артын мал, алдын бала бассын!”» – деп алкаганы, айтор баары-баары азап менен тозок болуп, бирин укса бирин укпай, жандилинде ушинтип чакчалекей түшүп, жанчылып жатты Алмаш. «Ооба! Ошентишим керек! – деди акыры чындап эле оюндагыны жасамай болуп, – башка аргам жок!»

Ошентти! Анын «жинди экенине» адегенде айылдын этегинде жашаган Жийде эне күбө болду. Кирип келип эле көшөгөнүн ары жагында башын улам бир ийнине салаңдатып, көзүн чалырайтып, оозун кыйшыйтып, тилин бултайтып чыгарып таштап, акшырайып карап олтурган келинди көрдү да:

– Ок! – деп чочуп кетип, артка кетенчиктей берди.

– Келиниңизге бата бериңиз, эне! – деген Асандын апасы оюнда эч нерсе жок, ары жакта барпалаңдап жүрөт.

– Ии, бечара! – ушинткен кемпир жаңы келиндин жүзүнөн өпмөк турсун, андан ары дит багып кароого даабай, бат эле ал үйдөн чыга качты. Алар чыгып кеткенден кийин келин кемпирдин бырышып-тырышып кеткен кебетесин эстеп, каткырып күлүп алды.

Кемпир чыгып эле жанында олтурган курдашына шыбырады:

– Ботом, эң эле түрү суук эме го?!

– Кимди айтасыз?

– Эк! – Кемпир тигини чыканагы менен нукуду. – Ботом, сен көргөн жоксуңбу?

– Эмнени?!

– Ай, алиги келиндин кебетесин айтам! Көзү чалыр, оозу чулчук экен го?! Анысы аз келгенсип, эс-акылы да соо эмеспи дейм, тилин бир ууртуна салаңдатып, чыгарып таштаптыр!

– Э, коюңузчу! Сиздин көзүңүз эмне болуп калган? Жутуп ийчүдөй болгон адеми эле кыз го?

– Адеми болбой калсын!..

Экөө көпкө чейин күбүң-шыбың болуп, талашып-тартышып жатса, калгандары да кулак түрүп, жаңы келиндин куниктиги жөнүндөгү кеп-сөздөр заматта айылга «дүң!» дей түштү.

– Койгулачы, ботом! Мончоктой болгон келинди жаманатты кылбай! Эми эле өз көзүбүз менен көргөнбүз! – деп жатышты мурунураак көргөндөр. Аңгыча көшөгөнү ачып келген дагы бирөө:

– Ии-ий! – деп сөөмөйү менен бетин чукуган боюнча келди. – Түрү укмуш! Мончоктой болгон баланын келинчеги кантип ушундай болсун?!

– Ботом, булар эмне деп эле жатышат?! – деп, анткен менен өзүнүн да жүрөгү опкоолжуп калган кайнене бир убакта өзү баш бакты эле, байкоо салбай олтурган Алмаш кебетесин бузганга жетишпей калып, бирок дагы амалданып ийди. Же жаш бала эмес, же жинди эмес кейиптенип:

– Аяй?!.. Аяй?!.. – деп үстүндөгү жаңы көйнөгүнүн этек-жеңин чойгулап, жоолугун мактана көрсөтүп, кайра-кайра эле «аяйлай» берди. «Апе-ей, кокуй алат күн! Мунуңар чын эле жинди экен го?! Бечара жана эмне эле «жиндимин» деп безилдейт десе! – деп эненин эми элеки кубанычы кумга айланып, жери айлан-көчөк болуп, шаабайы сууп кайра чыкты. Андан кийин киргендерге деле улам ошенте берди, Алмаш…
***
Ушуларды көз алдынан тизмектеп отуруп:

«Адамдан амал качып кутулбайт! Деги эле анан, бала туруп ошону ойлоп тапканымды көр!..» – деп ууртунан күлүп, а бирок ага удаа эле уялгандан эми да эки бети тамылжып, ысып-күйүп кетти. Андан ары эстегиси келбей, ушул ойлордун баарын айдарым желге сапырылтып, алда кайда учуруп жибергиси келгендей айнекти ачты. Айткандай таптаза аба рулдагы айымдын саамай чачтарын дирилдетип, жан дүйнөсүн, көкүрөк-көңүлүн ого бетер кытыгылап, ой чабытын дүрбөлөңгө салып, акыры «эстебейинчи!» – деген ойдун өзүн айнектен ары учуруп алып кетти.

Терезени жаап, жолго үңүлгөн аялдын көз алдында үзүлгөн окуя андан ары уланып баратты…
***
Бир убакта жанагы кеп-сөз Асанга жетти:

– Э, балам! Эс-акылы соо кыз таппай калгансып, бул эмне деген жоругуң?! – деди эне оюнда эч нерсе жок, дос балдары менен эшикте турган уулуна.

Апасынын эмне айтып жатканын анча түшүнө бербей, бирок, түрүн көрүп эле бир балакет болгонун биле койгон Асан, элейе карады:

– Эмне болду?!

– Атаңдын как башы болду!

– ?!


– Кирчи үйгө! Кирип катыныңдын түрүн көрчү!!!

Асан атып эле кирди! Ал кирип келгенде Алмаш кудум акылынан айныган адамча ансыз да күлмүңдөп турчу көздөрүн ого бетер кыбыңдата жыргап күлүп, үстүндөгү көйнөгүн көрсөтүп:

– Аяй?!.. Аяй, ээ? – деди да унчукпай, жалжылдай карап жооп күттү.

– Алмаш?!

Асандын бопбоз болуп, көргөн көзүнө ишенип-ишенбей, дендароо боло түшкөнүн көргөн кыздын жүрөгү бырча-бырча тилинип, сайсөөгү сыздап, ичинде: «Кудай мени кечире көр! Кечир мени, бир эле көрүп, эң жакынымдай жүрөгүмдөн түнөк тапкан адамым! А бирок, ушинтүүгө аргасызмын!..» – деп алды да:

– Аяй?! Аяй, ээ?! Аяй?!.. – деп эми жанагыдай күлмүңдөбөй, эки ийнин солкулдата улутунуп алып жоолук-көйнөгүн, атүгүл эңкейе калып жаңы эле кийгишизкен байпагын көрсөтүп, «жинди» боло берди. Колуктусун бир топко үн-сөзсүз карап туруп, Асан шарт бурулду да үйдөн атып чыгып, туш келди эле чуркап кетип баратты!

Ал чыгып кетери менен Алмаш бетин басып олтура калды да, эчкирип-эчкирип ыйлап ийди.

Эшикте урук-тууган кеңешип-таңашып жатышып, акыры ушундай чечимге келишти… Бир убакта көшөгөгө эки-үч аял баш бакты да:

– Жүрө гой, айланайын, үйүңө кетесиңби? – деди бири. Жоолугун чечип, ары жакка бүктөп коюп, өзү да ушуну күтүп, даяр турган Алмаш эмнегедир эми эч кимисинин көзүнө тик бага албай, көздөрүн ала качып кайпактап кетти да, көпчүлүктү аралап сыртка чыкты.

Алмаш эми бир эле көрүнүп «жалп» өчкөн махабатын, бактысын «жоготуп», бирок көзүнө бир да тамчы жаш албай айнекти тиктеп, мелтейип келатты!..

Улам айылга жакындаган сайын анан чийки май жегендей, жүрөгү дүпөйүл боло бердин. «Кимдикине барам?!” – дегенде таш тийгендей боло түшөт. Досунун үйүнө барсачы? Жанараак Алмашты көшөгөгө отургузгандан кийин анны кайра жеткирип кетишкен. «Эри туруп эрге тийип келген эме!» – деп аяш апасы эми аны сүйөбү?! Кайда барат?! Ары ойлонуп, бери ойлонуп, кантсе да бармактайдан барган жери, кайнагасынын үйүнө түшмөк болду. Болгону эле, абысыны ажылдап чыга калбаса экен! Кудайдан ушуну сурап, тиленип баратты: «Бүгүн түн үйгө кирбей, короонун түбүнө түнөсөм мейли. Иши кылып эле Кудай алдында күйөөмө ак болсом болду. О, Жараткан, пендем десең, анан да абысыныма мунун жыт-жыбырын билгизе көрбө?!» – деп келатты жолдо.

Үйгө жетип, машине токтогондо Алмаш үстүнөн бирөө оор жүктү алып салгандай жеңилдей түшүп: «Өх-х!» – деп алды. «Үй-бүлөсүнө аман-соо тапшыралы», – дедиби, Алмаш түшүп кеткенден кийин да келгендер кетпей, буйдалып турушту. Алмаш бирөө жарым көрүп калчудай короонун сыртынан акмалап, ичкери карады. «О, Кудай, мотоцикл турабы?!» – караңгыда эшиктин алдында дүпүйгөн караанды тааный койду. Ошондо гана:

– Өмү-үр?! Өмү-үр?! – деп ишенимдүү кыйкырды.

Анын айбыккандай акырын-аста кыйкырганын үйдөн бирөө-жарым уктубу, же иттин ажылдагынан уламбы, аңгыча оозгу үйдүн жарыгы жанып, эшик «кыйч!» – этип ачылды эле, абысыны көзүнө элестей түшкөн Алмаш «жалп!» этип отура калды. Машинеде отургандар бири-бирин карашты.

– Ким бул?! – дарбазанын ары жагынан эркек кишинин үнү чыкты.

Үндү тааныган Алмаш «серең!» этип кайра тура калды да:

– Мен! – деп шашкалактап ийди, – Өмүр, бул – мен!..

– Алмаш?! – Өмүр да калдаңдап, шашып калгандай болду.

– Каякта жүрөсүң?! – деген менен анын добушунда таарынычтын, ачуунун белгиси жок болчу. Тескерисинче күйөөсү анын түн ортосунда кайдан-жайдан пайда боло калганына, эмнеси болсо да келгенине сүйүнүп кеткен окшоду.

– Мени ала качып кетип... Эрим бар десем ишенишпей... – эмнегедир эчкирип-эчкирип ыйлап ийди Алмаш.

– Ким?! – көкүрөгүнө жөлөнүп, солкулдап ыйлап аткан келинчегин эки ийнинен кармап, өзүнө каратты Өмүр. Эмнегедир оюна бир нерсе түшө калгандай анан ары жакта турган машинеге «жалт!» карады. Эси чыгып кеткен келин:

– Бирок, кайра эле апкелип коюшту. Эч нерсе болгон жок! Мен «жиндимин» десем кайра апкелишти! Урушпай эле койчу,ээ? – деп жанталашып өзүн да, машинедегилерди да актап ийди. Жигиттин тарамыштай түйүлө түшкөн денеси жанагыдай болбой эми бошой түштү да:

– Жүрү, үйгө! – деди.

– Жок, коё турчу! – өзү да эми баары жайында экенине көзү жеткен Алмаш аны колунан кармап, эмнегедир тигилер тарапка жетеледи.

Ошону эле күтүп тургандай, өздөрүн беттей келаткан экөөнү утурлап машинедеги эки-үч аял-эркек да чыга калышты.

– Бул – менин күйөөм! – деди Алмаш Өмүрдү аларга тааныштырып, – Айтсам ишенбей койбодуңарбы… Акыры, ким-кимибиз эртең уятка калбайлы деп, амалданып «жинди» болдум. Мени кечирип коюңуздар?..

Келгендер эмне дээрин билбей, саамга дендароо боло калышт.

– Кечир, үкөм? Айып бизде, – деди аңгыча шоопурдун жанында отуруп келген орто жаштагы адам. – Балдар билбестик кылыптыр, жаштык кылыптыр…

– Болуптур! – деди дээринен ачык-айрым, тамашакөй Өмүр, – Болуптур! Бирок уулуңарга катын алып бергиле да айткыла, мындан ары ар кимдин аялына «аңчылыгын» койсун!

Ушинтти да колуктусун оң колу менен өзүнө имере тартып, бооруна кыса кучактап алып, бурулуп басып кетти. Баардыгы ал күткөндөй ызы-чуу менен эмес, тынч бүткөнүнө эреркедиби же күйөөсүнүн алдында өзүн айыптуу сезип ошенттиби, а балким бир көрүнүп кайып болгон алгачкы махабатын жоктоду бекен, болбосо жакын адамынын жанында качантан берки азап-тозоктору эсине түшүп кеттиби, айтор Өмүрдү кучактап алып бакырып-бакырып ыйлап алган. Ошондон кийин Алмашты Алайга ала качып кетип, а бирок кайра “жинди экен” деп жеткирип келишкендиги тууралуу аңыз айылга чагылгандай тез эле тарап кетти. Ага бирок Өмүр терикмек түгүл, кеп-сөз боло калган жерде:

– Ооба, менин аялымды кыз экен деп ала качышкан! Кана, кимиңердин эле аялыңар «талашка» түшүп жатыптыр? – деп Алмашты көтөрө чалып, мактанып калчу. Балким ал аялын чындап эле жакшы көргөндүр, анткени эч убакта ал Алмаштын «жиндилигине» терикчү эмес. Атүгүл Алмаш оору менен доктурга жатып калганда деле, намыстанбай келип турчу. Балким, ошондо эле Өмүр анын жинди эмес эле, адамдардан башкача бир касиети бар экенин түшүнчүдүр, билчүдүр? Мүмкүн! Анан калса ал аялынын ар бир айткан-дегенине ынанып, кандайдыр бир ишеним менен тыңшайт эле. Кээде билимдүү эле укук коргоо кызматкери болуп туруп, иш тууралуу олуттуу маселелер тууралуу Алмаш менен атайылап эле кеңешип, алда нелерди алдын ала акылдашып калмайы бар болчу. Ишенчү экен, эми ойлосо.

Айтмакчы, алар баш кошконго чейинки бир окуяны (аны Алмаш өзү унутуп деле калган) Өмүр көп эстечү. Ошону айылдыктар да алигиче аңыз кылып жүрүшпөйбү. Анда экинчиби, үчүнчүбү класста окучу. Бир күнү сабакта отуруп, бир кызыктай боло түштү. Денеси «дүр-р!» этип, бутунун учунан төбө чачына чейин ток ургандай дирилдеп, көздөрүнөн жарк-журк этип, кудум чагылгандай ийрелеңңдеп от чагылыша түшкөн. Коркуп кетти! Аздан соң баары акырындап тарап, денеси тынчып, калыбына келатты. Бирок, ошол замат эле көз алдында электр зым карагайы көрүнө түштү. Кудум так ошол жерде, ошол зым карагайдын түбүндө тургандай сезди өзүн. Аңгыча, кайдан-жайдан калдаңдап, анын жанына дагы бир караан пайда болду. «Бул ким эле?!...» Бирок, тигил зоңкойгон жигиттин өң-түсү күүгүмдөнүп, көрүнбөйт. Аңгыча ошол жигит зым карагайдын бооруна жабышып, жогору чыгып баратты. Бир убакта… жанагы нерсе кайра дагы кайталана түштү: зым карагайдын үстүнөн «чагылган» чартылдап, алиги адамдын денеси жана Алмаш титирегендей диртилдей түшүп, бир-эки серпилип алды да… тынчып калды!

Көп өтпөй эле бир аялдын жер сүзүп ыйлап, эки бетин жошолоп тытып жатканын көрдү. Алмаш аны кийген кийминен тааныды – өзүнүн эжейи экен!.. Коркуп кетти. Бир убакта эсине келсе, ошол эжейи доскада:

– Бекова! Сен эмне, уктап жатасыңбы?! Бу деги сен кандай кызсың?! – деп тилдеп, өзүнчө эле көздөрүн жумуп алып, бирде чайпала түшүп, бирде тарамыштай түйүлө калып отурган кызга нааразы болуп туруптур.

– Эжей, сиз балаңызды зым карагайга чыгарбаңыз?! – мугалиминин өзү жөнүндө эмнени ойлоп, эмнеге ачууланып турганына кайыл боло, жаны ачый ушинтти кыз. Балдар-кыздар каткырып күлүп ийишти…

– О, кара жерге кир! «А» десе «Б» деген! Отурчу! – деди эжейи ого бетер ачууланып. Алмаш унчукпай отуруп калды. Ошол күнү кечинде эле анан… айылды ый аралады! Эжейинин уулу токко тартылып калыптыр! Көрсө, кечкурун үйдүн жарыгы өчүп, бечара уул үзүлгөн зымды кошо коем деп зым карагайга чыга калган экен…

Ошондон кийин бир топко чейин: “Ушундай болоорун «Алмаш алдын-ала айтыптыр» деп айылдын ичи «дүң» болуп жүргөн.

Эжейлерине байланыштуу дагы бир кайгылуу окуя андан кийин да болгон. Адамбыз да, анда деле ага эч ким ишенген эмес! Бу жолу да сабакта отуруп эле транска түшүп кеткен. Эмнегедир анда да сабак өтүп жаткан эжекесине:

– Эже, сиз бүгүн суу ысыткыч сайбай эле коюңузчу! – деди Алмаш. Эжеси ага адатынча: «Жинди эме дөөрүп жатат!» – дегендей маани деле бербей, көңүл бурбай, уккусу да келбей койгон. Балдар болсо адатынча каткырып күлүп жиберишкен. Ошол күнү кечинде мугалими кир жууй коем деп, суу ысыткыч менен суу ысытыптыр. Бир убакта анан «ысыды бекен?» деп колун чакага сала коюп, токко урунуп жатпайбы!

Алмаш ошондо чоң кишилерге аябай таң калган: «Кызык, эмнеге алар чоң болуп турушуп ушинтишет? Эмнеге алар мен көргөндү көрүшпөйт? Эмнеге алар мага башкача карашат? Кызык!..».

Бирок, көргөн-билгендеринин, алдын ала айткан-дегендеринин баарын Алмаш бат эле унутуп, кийин-кийин өзү кайра элден угуп, элес-булас боолголоп калчу. Айрыкча анын ушундай алдын ала айтып, төп түшкөн “төлгөлөрү” тууралуу Өмүр көп эскерчү.

– Баягы эсиңдеби? Ошондо ушундай болбоду беле? – деп эсине сала берет эле. Сыягы ал Алмаштын өзгөчө касиетин өзү кошо баалап, ошону пайдалана билсе, “жиндилигинен” арылаар дечүдүр. А бирок анда Алмаш көзү ачыктык, табыпчылык дегендерге ишенмек турсун, андай нерсенин бар экенин билчү да эмес. Башкача айтканда өзүндөгү касиетти тек гана, элдин баарында эле боло берүүчү кубулуштай билчү экен.

Бир күнү Өмүргө кимдир бирөө:

– Аялыңдын айтып берүүчүсү, илээшкени бар экен. Андан кантип кутулуштун жолун билем, – дептир. Алмаштын ушул оорудан кантип айыктырам деп жүргөн жигитке “көктөн тилегени жерден табылгандай:”

– Бай болгур, айтчы?– деп чындап эле ошонун этегине эрмешип, жакасына жармашып калат.

– Андай нерселер арактан гана коркот. Аялыңа арак ичирип көр, ошондон кийин илээшкендери сен көр, мен көр жоголот! – дейт тигил. Ошондон келип эле Алмашка уккан-көргөнүн айтат.

– Кантип эле? – дейт Алмаш ишенээр-ишенбесин билбей. Бирок, албетте, элден башкача кылык-жоруктардан арылып, элге окшоп кадимкидей, кадыресе өмүр сүрүүнү ким каалабасын?! Ал ушинтип эки анжы болуп турганда:

Эмнеси болсо да байкап көрбөйлүбү? Балким чын эле эбепке себеп болуп кетээр? – дейт Өмүр. Ошол күнү экөө ууру кылчу адамдардай, кечтин киришин күтүп, күйпөлөктөй беришкен.

Ал кезде алар өздөрүнчө бөлүнүп кетишкен болчу.

Экөөнүн Чаткалдагы чакан, бирок тыкан эки бөлмөсү ошол күнү демин ичине катып, бул экөөнө кулак түрүп, тунжурап турган болчу. Канчалык дити чаппай жатса да кечинде Алмаш макул болду. Тасмалын жайып, аздектеп аш демдеди. Күйөөсү болсо дүкөнгө чуркап барып, бир бөтөлкө арак алып келе калды.

– Улукман акемдин дарысы болсун, алтыным! Балким чын эле бул бизге бакыт алып келээр? – деген Өмүр айнек чөйчөктөгү кылтылдаган аракты үмүт менен карап, – Балким чын эле ушуну менен бардык азап-тозоктордон кутулаарсың? Мен ошондой болушуна чын жүрөктөн тилектешмин, жаным!

Ушинткен Өмүр “дарыны” адегенде өзү көтөрүп жиберип, Алмашты да:

– Алып жибер! – деген. Арактын ачуу жытынан бети-башын бырыштырып, какап-чакап жатып араңдан зорго жартылаган болчу Алмаш. А бирок, аздан кийин денеси нымшып, эки бети албырып, кандайдыр жагымдуулук пайда боло баштаган. Ансыз да өзүнөн мурда көздөрү жайнап турчу жубайынын каректери ого бетер жалжылдап, күлүп калган болчу. Анын ар бир кыймылын, кирпигинин ирмелишинен бери байкап, карап олтурган жигит чыны менен жакшылыкка ниеттенген. Кудайга жалынып, аялынын “жиндиликтен” кутулушун тиленген. Анын башкаларга көрүнбөгөн “досторунун” бул үйдөн, Алмаштын тегерегинен, жандилинен, сезиминен, деги эле бул экөөнүн жашоосунан таптакыр кетип калуусун суранган. Чөйчөктөр экинчи, үчүнчү ирээт көтөрүлгөндө экөө тең кызып калган болчу. Алмаштын көзүнө баары, жада калса күйөөсү да экөө, кээде төртөө болуп көрүнүп, жер айланкөчөк тегеренип, астын-үстүн болуп, кыткылыктап күлө берген. Бирок, бир маалда күлкүсү “тып!” басылып, жүрөгү “болк!” эте түшкөн. Анткени ошол маалда анын так маңдайына баягы абышка тура калган болчу! Алмаш көздөрүн ирмеп-ирмеп, бат-бат ачып-жумуп жиберген. Бирок абышка баягыдай жайдары, анан да мээримдүү эмес, кандайдыр... башкача болчу! Алда неге ушунчалык ачууланып, атүгүл катуу өкүнгөндөй колу-буту “калч-калч!” этип, кан-сөлү качып, өңү да бир укмуштай кумсаңдап алыптыр!..

Корккондонбу, эмнегедир Алмаш эки бетин баса калып, ошо отурган жеринде бүктүшүп, жер сүзүп жыгылган. Жакшынакай туруп эле “жалп” эте түшкөн келинчегин жигит ордунан тап-так көтөрүп ала коюп, жаш балача бооруна кыса эркелеткен:

– Эмне болду, жаным? Мас болуп калдыңбы? Ууртап-татып жатып, болгону бир чоң ууртам ичтиң го, ошого да...

А бирок эч нерсе дебей да, эч нерсе сезбей да, күйөөсүнүн колунда үн-сөзү жок, колу-буту шалактап, көздөрү сүзүлүп, тып-тынч жатып калган келинчегин Өмүр чындап эле мас болуп калды деп ойлогон. А бирок!..

Алмашка тээ бир оокумда жан кирип, денеси диртилдей түштү. Бирок “масы” тарамак турсун улам барган сайын күчөп бараткандай, ошол түнү таң атканча онтоп, алда нелерди дөөрүп, жөөлүп, кара терге түшө чабалактап чыккан да, тээ чак түштө араң көзүн ачкан. Ойгонсо үйдө эч ким жок. Өмүр эчак ишке туруп кетиптир. Турайын десе тура албайт. Үстүнөн бирөө оор нерсе менен бастырып салгандай, башынан башкасы бүт жансыз! Адегенде эмне болуп жатканына анчейин деле акылы жетпей, ошол калыбында кыйлага чейин жата берди. Кечээки отуруштун арты эмне менен бүткөнүн билгиси келип, Өмүр экөөнүн отурушун улам кайра-улам кайра башынан эстей берди. Барып-барып элестөөнүн жеткен чеги абышкага такалганда, кудум түндөгүдөй жүрөгү “болк!” дей түштү. “Эмне мынча кумсаңдайт? Анчалык ачуулангандай мен ага эмне кылдым?! Ооруудан кутулайын дегеним элеби?! – оюнда ушинткен Алмаш көздөрүн жумду, – Же эмне, мен бул жашоого мен ошол “жиндиликке” туулдум беле?! Мен деле элдей болгум келет! Ким көрүнгөндөн жеме угуп, ким көрүнгөндүн шылдыңына, келекесине айланбай, кадыресе адамдай жашагым келет! Андай эле мендик болсо, эмнеге менин “досторум” мени аябайт? Эмнеге алар менин ит көрбөгөн кордукту көрүп, ызага муунуп, көз жашка жуунуп, көңүлүм кирдеп, көкүрөгүм зилдеп жүргөнүмдө жардамга келишпейт?! Эч кимге керексиз болуп, эч кимге жакпай, эч жерге батпай, акыры көр жазданып күн батырып, таңды атырып, көрүстөндөрдө жашап калган кездеримде мени азаптан неге арачалашпайт?! А балким алар үчүн мунун баары жагымдуудур?! Мен аларга жылуу-жумшак уядырмын?!..”

Түндөгү абышканы Алмаш эс тартканы көп көрчү. Бирок ал мынчалык сүрдүү эмес, ар дайым атасындай мээримдүү жолугаар эле. Аны менен биринчи жолукканы да эсинде Анда интернатта окуп жүргөн кези болчу. Терим маалы болгондуктан, мугалимдер балдар менен бир нече күнгө пахтага чыгышкан. Ошондой күндөрдүн биринде Алмаш жоголуп кетип, мугалимдерди ызы-чуу түшүрүп жатпайбы! Адегенде баары эле жакшы башталган. Башка кыздар-балдардай эле үлпүлдөк пахталарды тыпылдатып терип жатканы эсинде. Атүгүл курбуларынан айырмаланып, алда канча алдыда бараткан. Бир убакта эле анан улам бир солдун ары жагынан “жылт” этип көрүнө калышып, “достору” чакыра башташкан! Ага чейин мугалимдерине: “Эми оңолом, жакшы кыз болом. Жакшы окуйм,” – деп убада берип, жаңы эле пахта терүү боюнча курбуларынан айырмаланып мактоо уккан кыз аларды карабоого канчалык аракеттенгени менен, эси-дартында алагдылана берген. Пахта үзүп тыпылдаган колдору ымтырап, өзү кошо ыкшоолоно баштаганын билет. Тигилерди көрбөш үчүн бир убакта көздөрүн да жумуп алган. А бирок алардын шоораты, үндөрү... Бир убакта эки кулагын кошо басып отура калган. Ушинтсем эл көрбөгөндү көрбөй, эл укпаганды укпай каламбы деп ойлогон. Бирок, баятан бери анын макталып, алдыга баратканына ичи тарып, тымызын кек сактап, анын ар бир кыймыл-аракетин аңдып келаткан бала:



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет