ЫР ДЕСТЕ
Биздин үй бүлө көп балалуу, ынтымактуу үй бүлө эле. Атам да, апам да педегог болушчу. Экөө тең айлыбызда мугалим болуп иштешчу. Атам тарыхтан, апам матиматикадан сабак берчу. Апам иштин көптүгүнө, үй турмуштун оордугуна карабай эки эркек, үч кыз төрөптүр. Улуубуз эркек, ортосунда үч кыз, анан мен болчумун. "Көкүрөк күчүгүм" деп атам да, апам да мени жакшы көрүшчү.
Мен эс тартканы атам менен апамдын "сенай" дешип айтышканын же кабак бүркөп карашканын көргөнүм жок. Бул ынтымак апамданбы же атамданбы эч түшүнчү эмесмин, ал кезде ынтымактын ылдый-жогор жагы эмнеден турарын оюма да албапмын. Ойлосом да акылым жетпесе керек. Бирок алардын мамлесин байкап турар элем. Атам сырттан суз кирсе апам өзү чарчап турса да астына калыңдап төшөк салып, чыканагына кош жаздык коюп:
- Асаш, чарчап келдиңго, чай кайнаганча эс ал, - деп карбаластап калар эле. Атам да үн катпай апам берген жаздыкка чыканактап жатып чайдын келерин күтчү. Айрым учурда уктап кетчу. Ал уктап калганда "Табылды" деп атыман айтпай:
- Ай, Табыш, акырын, атаң уктап эс алсын, - деп эшикти кыйчылдатпай акырын жаап койчу. Самоордогу чай кайнаганда терезеден шыкаалап карап атам уктап атса отун өчүрбөй биртопко кайнатчу. Бөксөрүп баратканда эшикти ачып акырын бутунун учу менен басып кирип атамдын бейкапар бешенесине бир топ тиктеп туруп, кастюмунун же көйнөгүнүн учунан акырын кармап тартып:
-Асаш, ай Асаш, тур чай муздап калды, - дээр эле. Ойгонгон атам уйкулуу көзү менен апамды жалдырай тиктеп башын көтөрчү. Жанакы суз тарткан өңү өзгөрүп, чекесинин бырыштары жазылып калар эле. Дасторкон жайылып, самоордогу чай буусун бүркүп келгенде туруп барып колун жууп жанакы апам салып берген жумшак төшөккө балпая отуруп тердеп-кургап чай иччүү. Арачолодо апам билбеген мектептеги окуяларды айтып берчү. Мен анын айтканын түшүнсөм да, түшүнбөсөм да тыңшап отура берчүмүн. Апам да атамдын айтканын момурап укчу. Сөзүн бузчуу эмес. Бирок ал укканда бирде атамдын оозун таң кала тиктеп, бирде жымыңдап күлүп, бирде мостоё түшчү. Атам сөзүн бүткөндөн кийин гана апам сүйлөчү. Айта турган оюн, бере турган кеңешин кийин айтчу. Экөө бир нерсени талаша кеткенде апам акырын гана "Шашпа, мезгил көрсөтөт" деп койчу. Кийин негизинен апам айткандай болуп чыкчу. Ошондонбу же башкаданбы айтор атам апам менен көп кеңешчү.
Апам өзгөчө тартипти сактачу. Атам бир жакка кетпей, үйдө болгондо ансыз бизди дасторконго чакырчуу эмес. Отурсак да тамакка кол салчу эмесбиз. Күтчүүбүз. Атам колун жууп ашканада узун коюлган үстөлдүн башына балпайып отурчу. Атам алмайынча, "алгыла" деп айтмайынча бирибиз да тамакка кол салчу эмесбмз. Бул апамдын үйрөткөнү. Апам ар качандан бир качан:
- Байкагыла балдар, дасторконго отурганда улуу киши биринчи болуп алмайынча тамакка кол салуу адепсиздик болот. Силер бул адепти сактасаңар адамкерчилигиңерди сактаганыңар. Силер бул жөнөкөй ишиңер менен улууларды сыйлаганыңар, - дечү.
Биз да апамдын айтканын эки дечү эмеспиз. Бул биздин үй бүлөдө закондо жазылбаган эреже эле. Апамдын айтканы, койгон талабы менин сезимиме, ошондой эле башка балдарына өтө таасирин тийгизчүү. Бул үйдө атанын улуулугу апам айтпаса да сезилип турчу. Биз дагы атамды улуу инсан, кудай таала биздин бактыбзга атайын жаратып жибергендей сезилчү. Ата сөзүн эки дебей чоңойгонубуз да мына ушундан болуп калды.
Бир сапар атам ройонго барып кеч келди. Адаттагыдай кечки тамакка отурганда:
- Кана Асаш, райондо эмне жаңылык бар экен? Эмнеге чакыртыптыр сүйлөй отур, - деди апам.
- Райондо эч деле жаңылык жок, бирок РАЙОНО мени мектепке завуч болуп иштеп бер деп чакыртыптыр, - деди атам.
Апам атамдын кайдыгер түрүнө суроолу бир карап алып сурады:
- Анан эмне болду?
- Мен макул болгон жокмун.
- Эмне үчүн?
- Ээ, байбиче, - деди атам сүт куйган чайын ууртап коюп, - эл менен чырылдашып завучтуктун кереги эмне.
Апама атамдын сөзү жакпай калды сыяктанды. Ал биразга токтой калып:
- Бекер кылыпсың, - деди, - эл сыйлап, өкмөт сыйлап аткан соң макул болуш керек эле. Азыр завуч болсоң, кийин деректор болмокмуң. Анын эмнеси жаман?
Атам жылмайып күлдү.
- Сен абайлап карачы, - деди чайын дасторкондун үстүнө коюп, - өмүр бою деректор же завуч болгон адам барбы? Жок. Демек мен да ошонун биримин. Бир жыл завуч болуп, элдин баарын каршы кылып алып анан шомпоюп чыга бергенден эмне пайда?
- Завучка элдин баары эле каршы болбойт го? Өзүңдү алчы, сен кайсы завуч менен каршысың?
- Сен үстүртөдөн ойлоп атасың, - деди атам олуттуу, - сен экөөбүз деген тартиптүү мугалимбиз. Сабакка даярданып, канспектисин жазып барабыз.Кечикпейбиз. Убагында келип, убагында кетебиз. Керек болсо кеп, сөз айтпай каалашынча иштеп беребиз. Ал эми башкаларды алчы, эмне болгонун көзүң менен көрүп турасың. Бирөөнүн чолоосу тийбесе, башкалар атайы сабакка даярданбай келишет. Сабакты начар өткөрүшөт. Балдарды начар окутушат. Бала менен, алардын ата - энеси менен байланыштары жок. Ишке ичип келишет. Демек ошол жаман адатыңды ташта. Жакшы бол деп айтышың керек. Айтканыңды баары тегиз түшүнбөйт. Урушууга, тилдешүүгө туура келет. Көздү жуумп коюп иштөөгө бет чыдабайт. Чынбы?
- Чын.
- Чын болсо мага туура түшүн, байбиче. Күнөөлөбө. РАЙОНОго да, мектептин директоруна да ушуну айттым.
Апам үн каткан жок. Кантсе да атамдын завуч болбой койгонун жактырбаганы сезилип турду. Апам да, атам да сүйлөшүп алгансып үй турмушунда да калыс болчу. Идиш аяк жууганда апам кыздарына бөлүп берип тытыштырбаса, атам огородко иштегенде баарыбызды айдап чыгып алыбызга жараша иш тапшырчу. Саатка карап иштөөчүбүз. Бир мезгилде отуруп, бир мезгилде турчубуз. Кааласак калганына жардамдашчуубуз, каалабасак атам барып бүтүрүшүп жибер деп айтчу эмес. Бирок баары тегиз ишин бүтмөйүнчө тамакка да жиберчүү эмес. Убакытты утуш үчүн, эртерээк тамакка барыш үчүн айласыз атама айтырбай калганыбызга жардамдашып жиберчүбүз. Көбүнчө жабалакташып баары мага жардамдашар эле. Апам мени уят кылганы эсимден кетпейт. Бир сапар апам экөөбүз автобузга отуруп ройондун борборуна жөнөп калдык. Кийинки айылга барганда жаш келин күйөөсү менен түштү. Мен терезеден чалкыган талааны карап кете бердим. Ошондо апам ордунан туруп:
- Кел балам, отур, кыйналасың, - деп ордунан турду. Аны көрүп мен да ордуман туруп апама орун бошоттум. Ал мени жаман көзү менен бир карап алды да ордума отурду. Үйгө келгенде:
- Я, балам, сен эмне үчүн боюнда бар аялга орун бошотуп бербегениң кандай? - деди.
Мен үн катпадым. Апам башымдан сылып:
- Сен байка балакай, - деди, - улуулар келгенде орун бошотуп бер. Бир саат туруп тургандан жаш адам чарчабайт, ал эми улгайган адамга, боюнда бар аялга оор. Мына ушундан кийин автобуздан улуу адамды көрсөм эле апамдын тарбиясы эсиме түшөт.
Бир сапар кызы Алмашты, Сурманы маңдайына отургузуп алып:
- Айланайындар, менин алтындарым, силер экөөңөр тең турмушка чыгып үйлүү, жайлуу болдуңар. Ошол үй кеме болсо, силер ошонун башкаруучусуңар.Кемени капитан кандай айдаса ошол жакка барат. Силер да капитансыңар. Абайлагыла. Эриңерге дайны жок кажылдабагыла. Эрди жаман кылган да, жакшы кылган да аял болот. Ошол себептен эриңерди көтөргүлө. Балдарынын көзүнчө коркпосоң да корккон болоп, ачууң келсе да билгизбегиле. Атасын баласына жамандабагыла. Силер жалаң гана эрге чыккан жоксуңар, силер анын ага тууганына кошо чыктыңар. Ошол себептен аларды да сыйлоого милдеттүүсүңөр. Уктуңарбы менин алтындарым, - деп айтып атыптыр.
Атам жокто, улуу - кичүүбүз чогуу болгондо:
- Силерден сураанарым атаңарды сыйлагыла. Атаңар жаман болсо да, жакшы болсо да силердин атаңар. Ал сыйга татыктуу. Ал силер деп каржалып жүрөт. Ачуусу келсе айтышпай кечиримдүү болгула. "Балам балалуу болгондо билесиң" деп силер да үйлүү-жайлуу болсуңар. Силер да балалуу болосуңар. Ата сыйлагандын атагы чыгат, балдарым. Ушуну унутпагыла. Эрин кор туткан аял, атасын сыйлабаган бала эч качан жыргап кетпейт. Ошол үчүн атаңарды пайгамбардай сыйлагыла. Атаң болбосо силер жаралмак эмессиңер, - деп ачык айтчу. Апам акыйкатта атамдын атына сөз жугузбай, үстүнө кыл жугузбай сыйлап турчу. Ал анткен сайын биз да атамды кудай тутчуубуз. Биз да апамдын айтканынан чыкпай, жолун жолдоп атамды сыйлоого аракет кылчуубуз. Элдин арасында да атам менен апам жөнүндө аңыз сөздөр айтылып калар эле.
"Бактылуу жашайм десеңер, ынтымактуу болгуңар келсе Асанкан менен Анаргүлдөн үлгү алгыла" деп калышаар эле. Апам күжүрмөн жан эле, бирок бара-бара көзү начарлай баштады. Кийин доктурга барса "Глаукома" деп диагноз коюптур. Болгондо да аз кездешчү, тынбай күчөй берген түрү экен. Бишкекке келип, респуликалык оорукананын көз бөлүмүндө операция жазатты. Кийин экинчи көзү да начар көрө баштады. Дагы операция жазады. Бирок болгон жок.
Майы түгөнгөн чыракка окшоп акырындап барып, элүү үч жашында көрбөй калды. Жетелеп киргизип, жетелеп чыгарчуу болдук. Турмуш деген турмуш да. Эң улуу агабыз Байыш борбор шаарда иштейт. Журналист. Келген сайын ар түрлүү апараты көтөрө келип, бизди киного тартып, магнитофонго жазып кетет. Атамдан кийин эле бизди окутуп чокуткан ошол. Баарыбыз ошонунун үйүндө жатып окудук.
Андан кийинки эжем Алмаш политтех институтту бүтүп, шаарга иштеп калды. Андан кийинки Сурма, юрфакты бүтүп ал да шаарда иштейт. Андан кийинкиси Бурма медик. Шаардык ооруканада терепевт. Мен атам менен апамдын жолун жолдоп айылда мугалим болуп иштейм. Балдарга матиматикадан сабак берем. Баарлыгыбыз жогорку билимдүүбүз. Баарыбыз үйлүү-жайлуубуз. Баарлыгыбыз бактылуубуз.
Бактынын кушун колунан качырган апам гана. Көрбөйт. Жетелетип жүрөт. Мурун атам жетелечү эле, кийин атам каза болуп апам таза кор болду. Колдон келишинче көңүлүн көтөрүгө аракеттенебиз. Туулган күнүн бөлөк-бөтөн киши кошпой жылда өткөрөбүз.
Быйыл күтүлбөгөн окуя болуп кетти. Байыш байкем чет мамлекетке камандировкого кетип апамдын туулган күнүнө катташа албай калды. Антседа магнитофонго ыр десте жазып берип жибериптир. Апамдын туулган күнү кыш айы болчу. Январдын үчүндө бороондун болуп турганына карабай, кардын сапырылып көз ачтырбай жолтоо кылганын тоотпой эжелерим үй бүлөсү менен чогуу келишти. Кечке даярдык көрүп кобур-собур, күлкү төгүлүп, Неберелер бири кыйкырып, бири ойноп үйдүн ичи чуручуу. Апама бул жагат. Көрбөсө да неберелерин үндөрүнөн тааныйт. Аттарын билет. Кечте залдагы узун үстөлгө толуп отурдук. Кыздары тост сүйлөп апкелген белектерин берип, бетинен өөп, мойнунан жыттып жыргап атышты. Эң акырында Бурма эжем:
- Апа, уулуң Байыш загран камандировкага кетип баратып мобул радио-магнитофонду угуп жүрсүн деп берип жибериптир. Атайын сизге арнаган ыр десте бар экен. Каршы болбосоң ушуну угалык, - деди.
Апам уулунун атын укканда башын көтөрүп, сөз чыккан жакка мойнун буруп тыңшап калды.
- Угалык, - деди апам муңайыңкы үн менен, - берекем алыс жолдо жүрүп апасын унутпаптыр. Анысына ырахмат. Ал да мага окшоп баласынан сый көрсүн, - деп алкап койду. Аңгыча неберелеп мушташып чуу салып, тамдын шыптысы жарылып кете жаздады. Байкемдин магнитофонго жазган ыр дестени тынч угуш үчүн Сурма эжем чамынып, тура калып:
- Ай, басмачылар жүргүлө, силерге өзүңөрчө сый дасторкон жазап берем, - деп баарын айдап чыкты. Үй акыйкатта тымтырс болуп кулагыбыз тынчый түштү.
Ошондо Алмаш эжем магнитофонду узун шнурга жалгаштырып менин жаныма койду.
Бурма эжем мага кол шилтеп:
- Кана, Табыш, куй шампандан Байыш байкемдин тосун ичебиз, - деп калды.
Мен бокалдарды толтурдум. Чай куюп чуркап жүргөн келинчегим да менин жаныман орун алды. Бурмаштын буйругу менен магнитофондун тетигин бастым эле мурун даярдап койгон магнтофон кыр-шыр этип тилге кирип, Байыш байкемдин коңур үнү чыкты:
- Урматтуу апа, - деп баштаптыр сөзүндө, -сиз бизди жоктон бар кылып жаратып, ич этиңди ийге келгенче тепкилетип, кыйналып төрөп, азап менен чоңойттуңуз. Анысы аз келгенсип аз акчаңарды зарп кылып баарыбызды окутуп жогорку билимдүү адам кылдыңыздар. Биз балалык парсыбыздан башка, сиздердин эмгегиңиздерди эч качан унутпайбыз. Колубуздан кандай жакшылык келсе баары сиздики. Балдарыңыздын, небереиңиздин убайын көрүңүз, апа. Мен бир айга чет мамлекетке кетип туулган күнүңүздө келалбай калдым. Туулган күнүңүз менен кызуу куттуктайм. Ылайым эле оорубаңыз. Дениңиз болоттой бек болуп узак - узак жашаңыз. Балдарыңыздын, небереңиздин убайын көрүңүз, жан апа. Мен өзүм алыс болсом да сиз менен, сиз жарыкка апкелген бир боорлорум менен биргемин. Аз дебей, көп дебей ушул ыр дестени кабыл алыңыз апа. Ушул ыр дестени угардын алдында, апамдын туулган күнүнө арнап, ден соолугу узун болушун тилеп кагыштырып бир бокалдан шампан алып койгула. Жакшылап кагыштыргыла, үнү мага эмес бүткүл ааламга угулсун. Менин ушул суроомду канаатандыргандан кийин ыр дестени уккула.
- Ура-а! - деди Бурма, - байкемдин алтындыгы ушунда. Ал бизди унутса да апамды эчкачан унутпайт. Алалы.
- Кеттик!
Шампанга толуп турган бокал тийишкенде ыраазы болгондой өзгөчө, демейдегиден узакка жагымдуу үн салып басылды.
Апам орто бойлуу, бети айга окшоп тегерек, акжуумал, адамды өзүнө тарткан жылдыздуу адам. "Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт" деп азыр да көркү бузулбай жылдызы жанып турат. Сокур болуп кор болгону болбосо өзүнүн жашынан алдаканча жаш көрүнчү. Байкемдин үнүн магнитофондон укканда өңү тамылжып, ууртуна күлкү кадимки көздүү кезиндей пайда болуп, маанайы көтөрүлүп чыкты. Апамдын ушул кубанчы айланага жарык чачып биздин да бактыбызды балбылдатып жандырып жиберди.
- Балекет-мээнетиңди алайын Бакышым, - деди апам жаңы эле коңгуроо үнүн баскан бокалды кошколдоп кармап, - алыс жүрсө да жаман апасын унутпаптыр.
Ырахмат. Бактылуу бол. Мен ушул шампанды Бакышым үчүн, ошонун аман-эсен эли-жерине кайтып келиши үчүн алайын.
- Жо-о-ок, болбойт, - деди Бурма эжем чырылдап, - бул тост сиздин ден соолука, сиздин арабыста узак жашаш үчүн багышталган тост. Сиз биздин тосту эмес уулуңуз Байыштын тостусун алып жатасыз. Алыңыз. Байкеме арнап өзүнчө алабыз.
Олтуруштун бул бурулушун күтпөгөн апам колундагы шампанды ууртап-татып, бөлүп-бөлүп алып жиберди. Апам жетелетип калгандан бери шампанга эрдин тийгизгени болбосо алчуу эмес. Бул сапар алып жиберди. Тартынган жок. Биз да бири-бирибизге көз ымкашып кубанып кол чаап алып жибердик.
Кайталанып куюлган бокалдагы шампан көздүн жоосун алып, көбүрүп, көтөрүлүп барып тырс-тырс жарылып турду. Чырды Бурма баштады. Ал боклды апамдын колуна карматып:
- Тынч отургула, - деди Бурма бакылдап, - азыр апам сүйлөйт. Апамдын тостусунан кийин гана ыр дестени угабыз. Ансыз ыр да жок, ыр десте да жок.
Апам тартынган жок, Байыш байкеме узак өмүр, түгөнгүз бакты каалап алып жиберибүздү өтүндү. Биз кагыштырып алайлык десек Бурма дагы чырдап:
- Жок, болбойт, - деди, - апам байкеме каалаганы чын болсо өзү алып жиберсин, болбосо биз да албайбыз.
Апам Бурмасынын эркелегенине жыргап күлүп:
- "Чегирткенин алын көрүп канын сор" деген, - деди, - менин алым көрүп туруп кыйнаганың шариятка да, шартка да ылайык келбейт. Бул тамашаң артык болгонсуп турат,алтыным.
Апамдын сөзүндөгү тарынч нотаны түшүнгөн Бурма атып туруп апамдын мойнунан кучактап:
-Антпечи, алтын апам, антпечи, - деди балбыраган бетинен кайра-кайра өпкүлөп, - ушу сени эле мас болуп калсын деп кантип ойлоюн. Жөн эле жетине албай жатпаймынбы. Ичпесең ичпе. Ич деп сени эч ким кыйнабайт.
- Апам ичет, - деп бержактан мен да жиреп өттүм, - улуу баласы Байыш байкем үчүн ичпесе анан ким үчүн ичет. Ичип жибер апа.
Апам шампанды ооз тийип жерге коюп:
- Кана эми ыр дестени угалы. Бул бокалдагы шампанды түгөтүүгө убадамды берем, - деди.
Биз байкемдин урматына алып жибердик. Бөлмө шаңга бөлөнүп кубаныч менен магнитофондун кнопкасын бастым. Бир аз пауза боло түшүп байкемдин бакылдаган үнү угулду. Ал:
- Апамдын эрке уулу, көкүрөк күчүгү Табылды ырдайт, - деди. Мен таң калып оозумду ачтым. Аңгыча менин бала чактагы "Белек кылып беремин" деген балдыр-шалдыр ырым бөлмөдөгү чуулдагандардын жаагын жап кылды. Бири күлүп укса, бири мостоюп угушту.
Жаз келгенде талаада,
Саймаланат жашыл чөп.
Колго соккон килемдей,
Кызыл-тазыл гүлдөр көп.
Жыты аңкып жыпардай,
Айланага чачылат.
Көрүп туруп көп гүлдү,
Чөккөн көңүл ачылат.
Тандап гүлдүн жакшысын,
Мен чогултуп теремин.
Гүл дестени апама,
Белек кылып беремин.
Менин үнүм магнитофондон чыкканда апамдын жүзүндө жылмаю пайда болуп, жылдызынын нуру төгүлүп турду. Башын оң жагына кыйшайта, мойнун ошол жакка буруп, кулагын тосуп укту. Андагы менин үнүмдү, таттуу тилимди уккан сайын жаны кирип "дагы укпай каламбы" дегенсип дем тарткандан кысканып катып калды. Күтүлбөгөн жорукка мен да таң калып ыржайып күлгөнүмдү айтпа, тим эле бирөө сыйкырлагандай оозум ачылып калыптыр. Качан гана " Бали, бали!"- деген мактоо үндөр чыгып, шатырата кол чабылганда аңырдай ачылган оозум жабылды. Апам:
- Балакетиңди алайын, Табышымдын бала кезиндеги ыры тура. Муну кантип сактап, кайдан таап жазды экен. Мен муну укканда Табышымдын жаңы окууга барган кези эсиме түшүп кетти.
- Биринчи класстагы ыры, - деди Сурма эжем, - муну сиздин туулган күнгө Байыш байкем арнап жазып, Табышыңды тарсылдатып сабап жүрүп жататкан.Анан атамдын жанынада туруп ырдап берген.
- Билем, билем, - деди апам жаркылдап, -ырдаганда да кыймылын келтирип кыйкырып сонун ырдаган. Ал эми байкеси сабап ырдатты дегениң калп, Табыш бул ырды чын дили менен жаттап, силерге мактанып ырдаган. Эл унутса да мен муну унуткан жокмун.
Апамдын айтканы жагып мен да компоюп калдым.
- Кана, кана уландысын угалы, - деди Сурма. Мен магнитофондун тетигин кайра бастым. Байкемдин коңур үнү угулду:
- Азыр, - деди Байыш байкем жайма жай сүйлөп, - Кыргыз филармониясынын артиси Асанкан кызы Бурма " Элмира" деген ырды ырдап берет. Сөзү, обону К. Тагаевтики.
Биз кол чаап калдык. Элмира эжем бетин алаканы менен басып "Эмне деп ырдадым экен?" дегенсип көзү чекчейди. Магнитафондон төгүлүп ыр чыкты.
- Айий, апа, бул мен күйөөгө чыга электеги ыр тура, - деди Бурма, - биз ага көңүл бөлбөй кубаныч менен ырды аягына чейин уктук. Апам Бурмага жалынып ыраазычылыгын айтты. Артынан Жумамүдүн Шералиевтин музыкасына жазылган "Ырдап кой" деген ырын Сурма эжем ырдап, "Карап койчу жылмайып" деген ырын Алмаш эжем ырдады. Жумамүдүн Шералиевтин обонуна жазылган ырларды апам жакшы көрчү ошол себептен байкем ушул ырларды тартуулаганды ылайык көрсө керек. Канткен менен күтпөгөн ырга апам да кубанып, биз да кубанып калдык. Бул ойдо жок, күтпөгөн кубаныч бөлмөнү өзгөчө шаңга бөлөп жиберди.
Апамдын шаштыруусу менен магнитофондун кнопкасын кайра бастым. Баякы эле тааныш Байыш байкемдин үнү чыкты.
- Мен азыр апама арнаган өз ырымды окуп берейин. Муну мен мурун жазгам. Бирөө обон жаратса ырдап берейин дегем, бирок аны күтпөй азыр окуп берүүнү туура таптым. Темасы "Апакем". Уккула!
Биз дем тартпай тыңшап калдык. Магнитафон бир нече секунт пауза берип анан байкемдин келтирип окуган үнү угулду.
Адамдын асылы экен апа деген,
Бала үчүн бал ордуна капа жеген.
Алтындай апакемди бир жаратып,
Бериптир ыйык кылып сени эгем.
Кыз жандап жүрсөм дагы ишти бүтүп,
Уктабай отурасың түндү күтүп.
Уулуңдун улгайганын эске албай,
Жүрөсүң карысаң да мага түтүп.
Бираз күн көрбөй калсаң сагынасың,
Уулуңа миң жалбарып жалынасың.
Көргөндө көздөн жашың мөлт агызып,
Кубанып дайра болуп агыласың.
Сен барда калбайт гүлүм асты солуп,
Сен барда океандай бактым толук.
Апаке тээк болуп жашап турчу,
Жаркырап маңдайыма чолпон болуп.
Биз кубаттап кыйкырып шатырата кол чапканда апам ээгин көтөрүп, кирип келген уулун көрчүдөй эшик жакка мойнун буруп:
- Балекет мээнетиңди алайын Байышым, - деди терең ыраазы болуу менен, - апасына арнап ыр жазганын кара. Ылайым эле калемиң колуңдан түшпөсүн. Бактылтуу, таалайлу бол.
Биз магнитофон аркылуу баарыбыз ырдадык. Апам да ыраазы болбгондой болду. Ыр десте ушуну менен түгүндү дегендей кылып:
- Кана апа, кана эжеке-жезделер апамдын ден соолугу үчүн, Байыш байкемдин жакшы ыры үчүн алып жиберели, - дедим. Бирок апам менин тостумду жактабай, колдобой коомай сүйлөдү:
- Токточу, Табыш, - деди акырын гана, - балким артында дагы бир нерсе бар чыгар. Болсо ошону угалычы, болбосо анан ичели.
Көңүл көтөрүлүп, асмандап калган рюмка апамдын аста айткан өтүнүчүнө таканч бералбай орундарына акырын келип туруп калышты. Мен кнопканы бастым. Комуз күүсү угулду. Ал акырындап, төмөндөп калганда Байыш байкемдин каргылданган үнү чыкты. Анын үнү ыйлап басылгандай туюлду. Комуз күүсү дале бир топко уланып анан:
- Урматтуу, апа, урматтуу менин бир боорлорум атам тирүү болсо бүгүн силердин ортоңордо ойноп-күлүп олтурат эле. Байбичесинин ажарлуу жүзүнө тигилип нечен-нечен тамаша сөздөрдү айтат эле. Ал азыр жок. Анткен менен анын айтып кеткен кеби, ырдап кеткен ыры тасмада калды. Силер ушуну дагы бир жолу кайталап угуп койгула.
Атамдын атын укканда арбагы эшиктен кирип келчүүдөй баарыбыз ачык турган эшикти карадык. Апам ээгин көтөрүп, тамдын шыптысын карап тургансып көзүн алайта тиктеп сумсайды. Биз атамдын "эмне ыры болду экен?" деп ой жүгүрткөнчө магнитофондон колдураган комуздун үнү, элдин бали деп сүрөгөн үнү угулду. Ыраматылык атам ырдап атыптыр:
Ырдоодон кантип качайын,
Алтындай сөзүм чачайын.
Байбиче, алтымышка чыккан тоюңда,
Көңүлүң ырдап ачайын.
Издешип жүрүп табыштык,
Турса да жолдор тосулуп.
Бактылуу бирге жашадык,
Балапан кезде кошулуп.
Атамдын армандуу тарыхы эске түштү. Атам апамдан туура беш жаш улуу эле. Апам январдын башында төрөлсө, атам аягында төрөлгөн. Жаңы жылды кошпогондо бир айда экөөнүн туулган күнүн майрамдап жыргачубуз. Апам көзү көрбөй пенсияга элүү үчүндө чыкты, Атам апамды караш үчүн ал да пенсияга чыккан. Экөө эгиз козудай ээрчишип жүрөр эле. Апамдын көзү көрбөй калганга атам байкуш алынын келишинче, күчүнүн жетишинче көңүлүн көтөрүүгө аракет кылар эле. Байбичесинин алтымышка чыккан торколуу тоюнда ушул ырды ырдаган болчу. Байбичесинин тоюн өткөрүп коюп, кийинки жумада инфаркт оорусунан каза болгон. Бул ыр биз үчүн, биздин үй бүлө үчүн, апам үчүн тарыхый мааниси чоң эле. Атамдын комуз билбесе да колдуратып черткени, курдаштарынын кубатоосу менен ырдаган ыры уланып атты:
Мен жаңы чыккан акынмын,
Асылым сага жакынмын.
Алтындай сендей жарыма,
Кул болууга макулмун.
Ушул магнитафондон төгүлгөндө апамдын көрбөгөн көзү ачылып ууртуна жылмаю пайда болду. Мен бирде магнитофонго карап, бирде апама карадым.
Кийинки куплет төгүлдү:
Жаңылса тилим күлбөгүн,
Кайгырып кийин жүрбөгүн.
Юбилей тоюң куттуктап,
Чалың ырдайт билгенин.
Байбиче болгон убагың,
Кут болсун алтымыш курагың.
Акын болуп алдыңда,
Аптыгып ырдап турамын.
Алтымышка толгонуң,
Чынар терек болгонуң.
Көзүм көрбөй калды деп,
Көп эле капа болбогун.
Алла таала тил алса,
Көзүң болуп берейин.
Адамды тарткан өзүңө,
Сөзүң болуп берейин.
Булут болуп көктөгү,
Жамгырымды төгөйүн.
Саамайың сылап, бетиңден,
Сагынып күндө өбөйүн.
Шамал болуп сергитип,
Коюнуңа кирейин.
Кадырлаш жарым Анаргүл,
Жаныңда эсен жүрөйүн.
Ушул куплет абага чыкканда апамдын ээк эттери кыймылдап, жаактын булчуңдары тартыла баштады. Биз бири бирибизди тиктеп сумсая түштүк. Жалаң эле апам эмес жалпыбызга таасир берди. Магнитофон эч нерседен капарсыз ыраматылык атамдын ырын эфирге чыгарып жатты:
Жайдары мүнөз өтө элек,
Жарокер кезиң кете элек.
Бактылуу болгун байбиче,
Кызыңдын кызын жетелеп.
Уулуңдун көрүп урматын,
Жүзгө чыккын ылайым.
Жетмиш жылдык тоюңда,
Ушинтип ырдап турсун жубайың.
Саламат болгун, сак болгун,
Балдардын сүйгөн энеси.
Санааңда калсын сакталып,
Чалыңдын ырчы элеси.
Деп бүтүрүптүр. Биз магнитофондогу шатыратып чабылган колду, мактаган кыйкырыкты укпай эле апама тигилдик. Апам байкуштун азиз болгон көзүнөн жашы салаалап агып турду. Биз дагы көз жашы кылдык. Магнитофондун үнү өчүп бөлмөдө шор тартылган гана мурундун үнү угулат. Эжелерим апама билгизбеске аракет кылса да апам сезип жанында отурган мени өзүнө тартып маадайымдан сылап, бетимди жууп жаткан жашты сезе коюп:
- Сен да ыйлап атасыңбы, жарыгым, - деди.
Мен жашыралган жокмун.
- Ыйлап атам, - дедим апамдын мойнунан кучактап, - мен эмес баарыбыз ыйлап атабыз, апа. Атам жарыктык бул ырды сага арнап жазып, комузун колдуратып ырдаган болуп окуп берген. Аны сен көргөн эмессиң. Биз аны сага айткан эмесбиз, апа. Ошол арбагы бүгүн жаңырып жатканга баарыбыз ыйлап атабыз, апа. Байыш байкем бизди ыйлаталы деп атайы ушуну жазып берген окшойт.
- Байкеңден айланайын, - деди апам бетимен өөп, - байкең болбосо атаңдын күкүктөй үнүн, ырдаган ырын угат белек. Менин туулган күнүмдө эскини эске салган байкеңе ырахмат. Болбосо күн өткөн сайын байкуш атаң унутулуп баратпайбы...
Эл билбесе да, бирге жашаган мен апамды жакшы билем. Ал эч качан атамды унутпайт. Эртең менен тамак ичкенден кийин кобурап ичинен куран окуп атама багыштап бата кылат. Ал турганы турган. Кээде атам түшүнө киргенде эртең менен кубаныч менен мага айтып берет. Ошенткен апам ушул. Атам уктаса түшүндө, ойгонсо эсинде.
"Кападан кийин кубанч бар" демекчи эскини эстеп, көз жашы кылып алып кнопканы бастым эле Муса Баетовтун ыры төгүлдү. Анын артынан башка ырлар чыгып шаңга шаң, күлкүгө күлкү уланды. Байыш байкемдин ыр дестеси бизди бирде ыйлатып, бирде шаңга бөлөдү...
1998-жыл
Достарыңызбен бөлісу: |