БОЙ ТУМАР
Күндүн кабагы бүркөлүп, кыбыладан соккон шамал сөйкөдөй салаңдаган жалбыракты дирилдетип турган. Сол колтугуна балдак таянып, оң колуна ийрийген таяк кармаган аял тушаган аттай бөжүрөп басып сыртка чыкты. Айланага көз чаптырып», эмне эле муундарым сыздап ооруйт десе аба ырайы өзгөрүп калган тура» деп ойлоп койду. Турмуштун түйшүгү, оорунун азабы чачын куудай агартып, бетине тырыш каршы-терши жол салып тез эле карытып жиберди. Аны тааныбагандар жетмиштин айланасында деп ойлойт, бирок ал болгону элүүнүн төртүндө. «Ревматоиттик полиартирит» менен ооруп, жамбашынан тушаган аттай араң жылат, чыканактын, тизенин муундары толук жазылбай бүгүлүп турат. Калган майда муундары да шишип какшатып ооруйт. Бетин жууганда, тамак ичкенде кыйналат. Балдарга баш-көз болуп отуруп бергени болбосо андан жардам жок. Балдары жокто чалы сакалын ботала кылып күл чыгарып, от жагып, суу ташып, тамак жазайт. Бүгүн ал жок. Жылуу ордунан козголуп баласын издеп чыккан.
Тыйынтай серепчилеп туштарапты карап, уулун карегине урунта албай, тамдын артын айланып карай албай, айласы түгөнүп:
- Капар! Оой, капа-ар! Кайдасың?- деп үн катты.
Капар алты баланын кичүүсү. Эрке талтаң. Ал апасы ахылдап-охулдап үйдөн чыгып келатканда эле жанындагы бала экөө сарайдын артына жашынып калышкан. Энеси уулун таппай кайрылып үйгө кирерде жашынган балдар дырылдап качып жөнөштү. Аны байкап калган Тыйынтай кыйкырып токтотту. Капар үрккөн тайдай ойкуштап обочо туруп сурады:
- Эмне апа?
- Бир чакырым алыс туруп эмне дегениң кандай, кел бери!
- Эмне кыласың?
- Эчтеке кылбайм.
- Анан эмне чакырдың?
- Тооко жем чач, музоону алып чыгып арканда.
- Атамчы?
- Атаң жок, көрүп турбайсыңбы.
- Мен азыр келем, апа, - деди Капар жанындагы жолдошуна көз ымкып, унчукпа дегенсип, - мен мунукуна барып китеп апкеле коёюн. Тез эле келем.
Китепти айтканда энеси жоошуп калды. Капар жылып жөнөдү. Ал ошол бойдон күүгүм киргенде, күн жаап келгенде гана келди. Бурчта креслодо отурган апасы ботала болгон уулун чакырып сурады:
- Кайда жүрдүң?
- Ойноп.
Энесинин ачуусу келсе да жанындай жакшы көргөн уулун кагып-силкип тилдегиси келген жок.
- Сен билесиңби? - деди апасы жай сүйлөп, - мен минтип отуруп тура албайм. Колуман эч нерсе келбегенин көрүп турасың. Чай кайнатып берген киши жок кечке ачка болдум. Музоо ошол бойдон ордунда байланып турат.
- Курсагың ачса газга чай коюп ичпейсиңби.
- Газ жок. Газдын түгөнгөнүнө бир жума болду. Атаң совхоздун канторуна барып таппай келди. Газ саткан аял ооруп жатыптыр. Кампасы бек экен.
Атасынын атын укканда Капардын жүрөгү опколжуп», сүйлөшкөн сөздү уккан жокбу» дегенсип төркү бөлмөдө телевизор көрүп отурган атасын карышкыр көз караш менен карап койду. Апасына жардам бербесе, тилин албаса атасы башынан сылап эркелетпесин жакшы билет.
- Сен эми кичине эмессиң, - деп апасы сөзүн улады, - алтынчы класста окуйсуң. Сендей кезинде атаң машак терип бир үй бүлөнү баккан.
Муну Капар апасы айтпаса да жакшы билет. Атасы согуш учурунда машак терип, орок оруп, соко айдап, чөп чаап дагы-дагы оор жумуштарды чоң кишилер менен катар иштеген. Кайра-кайра угуп ал сөз жомок катары кулагына сиңип калган. Сөздүн арты «сен дагы ушундай иштешиң керек» деген маанини берерин түшүнөт. Эрке болгон соң, жалкоо болгон соң мындай-мындай акыл сөздөрдү жактыра бербейт. Иште деген сөз кулагына таш тийгендей сезилет. Эми ошол сөздү апасы айтып келатканда жактырбай, оозун ыржыйтып корс этти:
- Билем аны.
- Билсең эмне атаңдай болбойсуң?
- Болгондо эмне кылмак элем, азыр андагыдай ачарчылык жок.
- Ачарчылык бар балам, бар, - деди апасы ооруган бутун акырын козгоп кыймылдатып, - иштебесең азыр да ачарчылыктан башың арылбайт. Бирөө оозуңа талкан салып бербейт. Мен майыптыка, атаң карылыкка жарыбаган пенсия алабыз. Андан башка киреше жок. Агаларың, эжелериң өз жанын багып ар кай жерде жүрүшөт. Сени дардактатып жаткан беш-алты кой, күрөң уйдун сүтү, жанакы он тооктун жумурткасы, ал эми сен болсо ошол макулуктарга жем бергенден качасың.
- Качкан жокмун, - деди Капар мурдун шор тартып, - мен жөн эле унутуп калдым.
- Унутуп калдыңбы? Унутчак болуп калсаң атаңа айтайын, эстетип койсун.
Атасын эстеткенде коркуп Капардын көзүнөн жаш мөлт дей түштү. Аны көргөндө энесинин жүрөгү эзилип, уулун аяп сенек колу менен имерип өзүнө тартты.
- Калп айтпа, балам. Калптын казаны кайнабайт. Калп айткан адам оңбойт. Калпычы элге да, үйгө да жек көрдү болот, - деп апасы уулун кайра-кайра өпкүлөп, кайра-кайра кекиртегинен жыттагылады. Бул апасы үчүн дары. Уулун жыттап, өпкүлөгөндө акыйкатта ооруган жери басылып, жаны жай ала түшөт. Айланчыктап жанында жүрсө «көрүп кайсо көөнү ток» болуп отура берет. Апасынын ак көңүлдүүлүгүн, ар качан аяп турганын билген Капар ошол ак көңүл апасын дайыма алдайт. Алдаганына корустан болот. Ушинтип катуурак айтса көзүнүн жашы даяр. Аны көргөндө апасы баарлык ачуусун унутуп, күнөөсүн кечип, жалынып-жалбарарын жакшы билет. Ошол үчүн азыр да көз жашы кылып, жер тиктеп, кутулуунун амалында…
***
Капар апасы менен коштошор күн да келди. Онунчу классты бүтүп же жогорку окуу жайында окубай, же иштебей айылда көчө таптап бош жүргөндө военкоматтан чакыруу кагазы келип, аскерге ала турган болду. Шаардан чачын алдырып, токол эчкидей мулуюп келген уулун көргөндө апасы түтүнү жок өрттөнүп чыкты. Бүткөн бою ооруп, температурасы жогорулап кетти. Аны уулуна билгизген жок. Дары ичип жайдары болууга аракеттенди. Кой союп карыялардан бата алды. Эртең кетет дегенде Капардын жоро-жолдошторун чакырышты. Алар таң атканча ичкилик ичишип, ырдап, бийлеп чыгышты. Тыйынтайдын башына аркайсы ойлор уялап, санаасы тынчыбай кызмат кылган кыз-келиндерге баш-көз болуп аш жазай турган үйдө айтылуу креслодон түшпөй отурду. Адеп келгенде жибектей созулган кыздар ичкилик оозуна тийгенде шамал тийген боз үйдүн үзүгүндөй желпилдеп чыгышты. Уят-сыятты унутуп калып, эркектерден мурун элиргендерине Тыйынтай таң калып отурду». Уялбаганда өзүң уял» деп башпагып сыртка чыккан жок. Ошолордун ортосунда чачын кырктырган, кыска бойлуу чоочун кыз уулуна кыйшактап, бирде мойнуна асылып, бирде ийнине асылып бийлеп жүрдү. Илгери үмүт менен «сүйлөшкөн кызы ушул болбосун» деп улам-улам назар салып карап коёт. Келиндерден сураштырса эч кимиси тааныбайт экен.
Түн жармынан ооп калган. Ачык асманда жылдыз жымыңдап, айдын нуру төгүлүп турган. Короону чаңдатып бийлеп жаткан улан кыздар эс алып, стакан кагыштырып ичкилик ичип жатканда Капар ашканага кирди. Буту кыйчалыштап, көзү сүзүлүп калыптыр. Апасы анын кызып калганын билмексен болуп сурады:
- Кандай, Капаш, балдарың көңүлдүүбү,
- Көңүлдүү, - деди Капар тилин чайнап, - ырдап, бийлеп атышат.
- Ичкилик түгөнгөн эле го, азыркы ичкилик кайдан келген?
Капар ал ичкиликти өзү апкелсе да билмексенге салып көнүмүш өрдөгүн учуруп койду.
- Аны балдар апкелген?
- Дүкөндүн бекигени качан… Кайдан таптыңар?
- Билбейм. Анын сага эмне кереги бар?
- Деги этият болгула, - деди апасы кеңешин айтып, - ашык ичпегиле. Тынч тарагыла. Дагы бир балээ болуп кетпесин…
- Эмне балээ болмок эле…
- Мушташып, бычакташып тарабасаңар эле болду. Билесиңби Туратты, Кантип аскерге узаганын?
Капар аны жакшы билет. Турат аскерге жөнөрдө, ушинтип ажыраш аяк берип атканда кошо катышкан. Турат мас болуп алып жолдош баласын бычак менен өпкөгө сайып аскерге кетпей, түрмөгө кеткен. Энеси ошону эскертип атат. Бул сөз Капардын кыжырын келтирип:
- Сен да кызык экенсиң, - деди Капар ороңдоп, - креслого отуруп алып кайдагыны айта бересиң. Бул жерде тамакты кайтарып отурбай барып жылуу-жумшак жатпайсыңбы.
Тыйынтайдын жүрөгү зырр дей түштү. «Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада» деген ушул экен деп ойлоп кетти. Жанын оозуна тиштеп, ооруса да ордунан жылбай, ушунча элге тамакты учурунда бергизип, учурунда тойгузуп турса уулунун айтканын кара. Башкадан сөз укса да уулунан ушул сөздү угам деп ойлогон эмес. Шагы сынса да сөз кайырбай тим болду.
«Өлбөгөн кулга таң атат» деп таң да атты. Совхоздон бөлүнгөн кичине автобуз аскерге чакырылган бир кылка үч-төрт балдарды бирден терип чогултуп келип калыптыр. Узатар алдында апасы Капарды кучактап:
- Уулум, каралдым, аман барып, аман кел. Баланчанын баласы дедирип сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылба. Менин ахвалым оор, төрүмдөн көрүм жакын болуп турат. Көрбөй калсам сүт акымды кечтим. Кош, мээнетиңди алайын, кудайга аманат. Кудай кулум десе, Мухаммат үммөтүм десе кырсыктан сактасын. Кош каралдым, - деп Тыйынтай ботодой боздоду. Таң атканча ичип сезими мокоп, адамдык касиеттен алыстап бараткан уулу энесинин ыйын жактырбай:
- Болду, жетишет, - деди күркүрөп, - согушка узаткансып дайны жок ыйлай берет…
- Сен антип ороңдобо, каралдым, - деди апасы алыскы сапарга аттанып бараткан уулун тарынтпаска аракет кылып, - мен кыйналып турам, канча жашаарымды бир кудай өзү билет. Көрүшпөй калышыбыз мүмкүн…
- Өлбөйсүң, - деди Капар апасынын мойнуна артылган сенек колун булкуп чыгарып, - мен билгенден бери колум, бутум деп келатасың. Ошондон бери өлбөгөн эми өлбөйсүң.
Жинденген Капар апасынын колун булкуп тарканда анын колу ок тийгенсип какшап чыкты. Эрдин кырча тиштеп тим болду. Бул балакет оору да ушул уулун төрөгөндөн кийин башталган. Ошондон бери ооруп келатат. Жылдан жылга төмөндөөнүн ичинде. Мурун колу-буту гана ооручу, кийин боору чоңоюп кеткен. Берген дары жардам көрсөтпөгөнүн өзү сезип турат.
- Ушул сен келгенче өлбөсөм болду, - деди энеси жашып, - аман эсен келсең, аял алып берип өлсөм кудайга ыраазы элем.
Шофер шаштырып, сигиналын кайра басып бакыртып туруп алды эле Капар автобузго шаша жөнөдү. Дагы бир өөп алайын деген апасы тилегине жетпей өксүттө калды…
***
Капардын кошуналары көчөдө сүйлөшүп турганда шаардан келчү автобуз аялдамага токтоп, андан аскер киймин кийген шырыктай узун бойлуу жигит түштү. Аны көргөн Асыл:
- Ай, эже тиги Капарго, - деди Айжанды чыканактан алып, - аскерден жаңы келаткан го?
Айжан Капардын аталаш эжеси. Атасынан эки жаш кичүү. Капардын атын укканда колун чекесине коюп карап, келаткандардын арасынан тууганын тааный коюп кобурады:
- Шордуу, апасынын өлгөнүн укту бекен?
- Кайдан, атасы эртеңменен эле «баламдан кабар жок, келер учуру болуп калды эле» деп кейип-кепчип отурган. Андан көрөкчө тез жөнө. Атасына кабар айт. Мен эл менен артыңан барам, - деди Асыл.
Айжан шаша жөнөдү. Асыл Капардын астынан тозуп учурашып бетинен өптү. Көңүлү жайдары, чечекейи чеч. Автобуздун ичинен апасынын каза болгонун укпаганы байкалат. Капар көчөдөн кездешкен эл менен токтоп учурашып, сүйлөшүп үйүнө жеткенче дарбазанын жанына беш-алты киши топтолуп калды. Эли-жерин көрүп терисине батпай кубанып, бейкапар келаткан Капар үйгө жакындай бергенде дарбазанын жанындагы эркектер апасын жоктоп өкүрүп жиберишти. Сырттагы өкүрүктү, үйдөгү аялдардын кошогун укканда Капардын кулагы чуулдап, башы маң болуп чыкты. Келесоо кишидей элдин оозун тиктеп туруп калды. Айжан келип «Капардын мойнунан кучактап, Капар, айланайын, апаңдан айрылдык» деп боздоп жиберди. Ошондо да анын сезимине суук кабар жетпей, элдин эмнеге, кимге ыйлаганын түшүмбөй өңдөн-түздөн тайып делдейип турду да, бир оокумда апасынан түбөлүк айрылганын сезип өгүздөй өкүрүп кирди. Ал салт боюнча «эсил кайран…» деп өкүргөн жок, тек гана ичиндеги жалынды оозунан бүркүп, энесин ээрчиген жаш балача апалап бакырып жатты. Угузган эл алдакачан басылып калган, Капар токтогон жок. Ал аскердик милдет аяктап үйгө аттанарда, сапарга чыгар астында апасынын катын алган. Анын ар бир саптарын окуган сайын, апасы өзү колунан жаза албаган соң креслодо отуруп алып, балдарына же башка бирөөлөргө «антип жаз, минтип жаз» деп айтып жаздырганын көзүнө элестеткен. Эми аскердик милдеттен кутулуп келгенде энесин таппай калыш өпкө-жүрөгүн бирөө сууруп ыргытып, көөдөнү бош калгандай сезилди. Алган деми көөдөнүн тиреп, деми кыстыгып баратты. Бара-бара аба такыр эле жетпей, бирөө кекиртектеп кыскансып муунуп чыкты. Жан талашып гимнастерканын жакасынан кош колдоп тартты эле аскер көйнөгү этегине чейин чарт айрылып кетти. Көзү жумулуп, мас кишидей темтеңдеп жыгыларда жанында тургандар колтуктап жөлөп калышты. Асыл чыныдагы сууну бетине шар дегизе чачып жиберди. Муздак суу тийгенде Капар түштөн чочугандай селт этип көзүн ачты. Айжан кезедеги максымды оозуна кармап:
- Ме, айланайын, ичип жибер. Муздак максым жутсаң өрттөнгөн ичиң муздай түшөт. Ичип жибер, - деп зордоп ичирди. Капар оозундагы максымды какап-чакап жута алган жок, тамагы кысылып, деми жетпей энтигип ыйлап жатты. Бара-бара үнү каргылданып чыкпай калды. Алдан, күчтөн тайып, мас кишидей шалактаган шордууну колтуктап жетелеп креслого апкелишти.
- Отур айланайын креслого, ый менен өлгөндү тирилте албайсың. Сабыр кыл, - деди Асыл.
Капар алсыз бутуна туруп көзүн ачса, карегине апасынын эскилиги жеткен креслосу урунду. Тирүүсүндө апасынын ушул креслодо кыйналып отурган элеси тартыла түштү. Шалдыраган денесине кандайдыр бир жапайы күч жаралып жетектеген эки аялды эки жакка жыга түртүп чөгөлөдү:
- Айланайын апа, кагылайын апа, - деди Капар креслону кучактап, - сени көрбөй калам деп ойлогон жок элем. Баякыдай эле өнөкөт оору деп ойлодум эле. Эмне мени күтпөдүң, айтаар акылыңды айтпадың…
Маңдайында турган Асыл Капардын суудай аккан жашын, оту жок өрттөнүп баратканын көрүп, карап тура албай терс буруп кетти. Капар апасынын отурган ордун өпкүлөп жиберди. Көп жыл отурган креслодо апасынын жыты сакталып калыптыр. Тааныш жытты искеген сайын Капардын көңүлү караңгылап кандайдыр бир туңгуюка кирип бараткансыды. Турам деп тура албады, Башын көтөрө албады. Айлана тынчып, уу-чуу угулбай шылк этти. Ошол учурда бетине суу бүркүлүп, муздак суу жыланга окшоп сойлоп койнуна киргенин сезди. Көзүн ачса атасы:
- Айланайын уулум, ушинтип апаңдан айрылдык. Апаң баспаса да, оокат кылбаса да тээк болуп үйдө отуруп берсе болбойт беле. Кудай аны бизге ыраа көргөн жок. Кантейин уулум, тагдыр ушул экен, - деп атасы ысык жашын сакал ылдый агзып кучактап отуруптур. Капар атасынын кучагынан чыгып, полго сулап кайра оңулдап ыйлап киргенде Айжан чоң апасы:
- Болду балам, болду! Тирүүсүндө жыргатып койгонсуп эми калп эле озондобо. Сен учурунда адам болсоң, жардам берсең апаң дагы көпкө жашамак, - деди ачылу. Бул жеме сөздү укканда башына балка тийгендей Капардын көзү ачыла түштү. Каарду кемпирдин үнү дагы чаңк этти:
- Тур балам, солдоюп жаткандан пайда жок. Андан көрөкчө апаңа куран окусун, апаңдын арбагына бата кылсын. Тур өйдө!
Кагып-силкип айткан сөз Капарды эсине дароо келтирди. Эл да кошуна кемпирдин сөзүн эп көрүштү. «Кыздын сыры төркүнгө маалим» деп Капардын сырын Айжан жакшы билет. Төрөлгөндөн мойнуна көтөрүп, мойнуна сийгизип чоңойткон. Эне ордуна эне болуп калган киши. Капар апасына тил албай качып жөнөгөндө нечен ирет кууп кармап алып такымын ызыта чапкан.
Дасторкон жайылып, самоор кирип Тыйынтайдын арбагына атап куран окушту. Чай астыга келгенде Капар:
- Апам өлгөндө эмне үчүн телеграмма берген жоксуңар? - деп тарынч менен сурап калды.
- Бергенбиз, - деди атасы, - бергенде да апаң тилден калганда айылдык фельдшерден өлдү деп справка алып шашылыш жибергенбиз.
- Берсеңер аныңар мага жеткен жок.
Атасы ордунан туруп текчеде турган телеграмманын жообун уулунун колуна карматты:
- Мына жообу. Сени жок деп жазыптыр, ал күнү сен кайда элең?
Капардын аскерден бошонгонуна он күн болгон. Эркиндик колуна тийгенден кийин ээн эркин жыргап, шашпай коноктоп жүргөн. Алгачкы ирет аскер кызматын бирге өтөгөн казак досуна кайрылып Алматыда бир жума жүрдү. Калган күнүн Фрунзеде өткөрдү. Тааныштарын бир сыйра кыдырып, акчасы аяктагандан кийин үйүнө келип отурат.
- Телеграмма какраз мен аскерден бошоп кеткен күнү келген тура, - деди Капар, - кете электе колго тийсе сомолёт менен түз келип апамды көрүп калмак экемин.
Бири кем дүнүйө ар бир адамдын башына келчү нерсеби же бул окуя туура келдиби ким билсин Тыйынтай уулун абдан күттү. Төшөктө жатып алдан күчтөн тайып баратканда да «атаганат уулумду көрүп өлсөм арманым жок эле» деп какшап атты. Көрүп каламбы деген илгери үмүт менен, чалына айтып, короодогу койдон экини саттырып, жол кире болсун деп баласына акча жиберткен. Бир ай мурда кат жазып «мөөнөтүң бүткөндө самолёт менен токтоосуз үйгө кел» деп кайта-кайта эскерткен. Мына ошентип тынчсызданып күткөн уулу учурунда келген жок.
***
Капар апасын көрбөй арманда калды. Тилин албаса да апасын өз жанынан артык көрчү. Ал аскерде жүргөндө агасы үйлөнүп, уулду болуптур. Эжелери бала-бакырасы менен үйдү уу-чууга толтуруп кетише элек экен. Бирок Капар үчүн ал үй кандайдыр аңгырап бош калгандай кунарсыз сезилет. Сыртка чыкканда ар нерсеге алаксып ичтеги күйүттү убактысынча унутпаса, үйгө келгенде апасынын баскан-турганы көзүнө элестеп, башка бөлмөдөн таягын таянып аксап чыга калчудай сезилип, шырп эткен дабышка жалтактап карай берет. Апасы ар түнү түшүнө кирет. Ал негедир ачылуу, өтө эле суз. Эртең менен ойгонгондо денеси оорлоп, жанчылып араң турат. Айрым түнү апасын ойлоп кирпик какпай чыгат.
Атасы уулунун куса болуп жүргөнүн сезип көңүлүн оорутпаска аракет кылат. Анын баякы бала кыялынын бири жок. Сыртка чыкпайт, көчөгө да баспайт. Анда-сана жоро-жолдоштору келе калганда булуттан чыккан айга окшоп жарк дей түшкөнү болбосо түнөргөнү түнөргөн. Башы ооруп, жүрөгү сайгылашып, уйкудан калып жүрсө да оорусун башкалар эмес, атасына да айтпайт. Үйдө болгондо карган кишилерге окшоп дарбазанын түбүндөгү узунунан коюлган жоон терекке келип отурат. Көчөдөн өткөн элди көрүп, балдардын ойнун шоок кылат. Көзү чабыттап алыста болгон менен көңүлү апасында». Жамандын акылы түштөн кийин» деп апасынын көзү өткөндөн кийин кадырын билип отурат. Отуруп алып апасына кылган жаман мамлесин эстеп, кетирген кемчилдигине өзүн өзү жемелейт». Чоң апам айткандай мен калжактап качып кетпей, таңдан кечке балдар менен ойноп жүрбөй, колуна кол, бутуна бут болуп учурунда жардам берсем апам мынчалык эрте өлбөйт эле» деп ойлойт. Акыйкатта анысы чындык эле, бирок «жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап» болуп азыр кеч болуп калды.
Санаага тебелетип сабыркап отурганда жанына атасы келип отурду. Ага көңүл да бөлгөн жок. Атасы уулунун сүйлөшпөгөн мүнөзүнө көнүп да калган. Антсе да бүгүн райондук врачка барып келгенин көңүлгө алып сурады:
- Бүгүн кайсы доктурда болдуң, балам?
Капар айтсамбы, айтпасамбы дегенчелик кылып эки анжы ойдо турду да:
- Невропатологдо болдум, - деп койду.
- Эмне дейт?
- Эмне демек эле, аягы эле невростения дейт.
Атасы оорунун заты эмес, атына түшүнбөсө да билерман кишидей башын ийкегилеп койду.
- Дары жазып берген чыгар?
- Жазып берди.
- Алдыңбы?
- Алган жокмун.
- Эмне үчүн?
- Ал дарыны ичип көргөм, жардам бербейт.
- Иш жөнүндөчү?
- Аны сураган жокмун. Жаным жай таппай кыйналып атсам кайдагы иш…
Капар акыйкатта иш жөнүндө сураган эмес, бирок доктор өткөн кароосунда: «сенин нервиң бир аз гана бузулганы болбосо дениң сак, күч кубатың ордунда, колуңдан келишинче, алыңдын жетишинче иште. Иштесең бара-бара жакшы болуп кетесиң» деген. Врачтын бул кеңешин атасына айткан эмес, эми атасы ошону билгиси келип сөз козгоп отурат.
Уулуна иш жөнүндөгү суроо жакпай калганын сезген атасы башка сөзгө алаксытып:
- Балам, тиги сокулукта чоң табып бар деп уктум. Жол каражатыңды камдап берейин барып келбейсиңби? - деди.
Капар ал табып жөнүндө уккан. Барып келсемби деп ойлогон, бирок арадан башка табыпка жолугуп, анын кеңеши менен бир айдан бери өз сийдигин өзү ичип убараланууда. Бул дарыланышын жан киши билбейт. Токтотконуна бир жума болду. Жакшы болбогон соң докторго барганы да ошондон. Атасы кайра-кайра сурай берген соң:
- Ата, ал табыпты уккам, учуру келгенде барамын, - деп койду суз гана. Атасы сөз катпай тим болду.
Арадан ай да, жыл да өттү билинбей. Капардын барбаган доктуру, түшпөгөн табыбы калган жок. Ал күндөн күнгө арыктап, беттин сөөктөрү оркоюп чыгып, жаак эттери шимилип кетти. Иш эмес, автобуз менен шаарга барып келиш тозокко айланды. Бир сапар жайдын ысыгында доктурга барып акактап келатса Айжан чоң апасы короосунда жүрүптүр. Өтүп бараткан Капарды көрүп кол булгалап чакырып калды. Капар кайрылып барганда кемпир анын өңү өзгөрүп, суу жетпеген гүлдөй солуп баратканын көрүп тынчсызданды. Антсе да сыр билгизбей:
- Ысыкта чаңкаган чыгарсың, үйгө кирип максым ич, - деди.
Капар үйгө кирип тегерек үстөлдүн жанындагы тери менен капталган орунтукка отурар менен кемпир көбүртүп-жабыртып кезеге максым сунду. Суусап, тили катып турган Капар кезе колуна тиер менен шаң дегизе тартып жиберди. Кемпир нан, каймагын апкелип алдына койду. Шашпай чай ичишти. Сөздөн сөз чыгып:
- Балам, «ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт» деген сөз бар. Анын сыңарындай сен да ооруңду жашырып жүрөсүң. Сураса айтпайсың. Антпе айланайын. Сен миң жашырган менен мен сенин ооруңду билем, - деп калды кемпир.
Капар таң калган көз карашын жашыра албай жалооруй тиктеп сурады:
- Аны кайдан билесиң, чоң апа?
- Ээ, балам, - деди Айжан наалып, - мен сени азыр эмес, сен апаңдын ичинде экениңде билчүмүн. Апаң жарыктык кыз төрөйм дечү. Мен чандайган ичин кармалап көрүп, сепкил баскан бетине тигилип «сен эркек төрөйсүң» дегем, айткандай эле сени төрөп койду. Апаң менен кошо толготуп сага киндик эне болгом. Апаң ырамтылык төрөттөн кийин оорукчал болуп ооруканага жатып калганда сени көтөрүп бактым. Билсең сени туубасам да тутунган энеңмин. Сенин кыйналганыңды көрүп жүрөгүм сыздайт. Менин билүүмдө апаңды сагынып санаага батып жүрөсүң. Санаа деген жаман балам, адамды чүнчүтүп оору кылат. Сен ошол ооруга чалдыгып калдың.
Капар бул үйгө чакыртып да, чакыртпай да келчү. Келди-кетти сөз сүйлөшүп, айрым учурда колдон келген майда иштерине жардамдашып турчу. Бүгүн ичтеги сырын көрүп тургандай аңтарып айтып, оорусунун башатын билгенге уюп, чоң апасынын оозун жалдырап тиктеди.
- Ушундай балам, - деди кемпир сөзүн улап, - сен сөзүмдү эп көрсөң, айтканга көнсөң мен сенин айыгышыңа жардам берем.
- Ал эмне жардам?
- Жакшы жардам. Сенин ооруңдан айыктырчу жардам. Макул десең айтам.
- Айтыңыз, чоң апа.
- Айтканымды аткарасыңбы?
- Аткара турган болсо аткарам.
- Анда жакшылап ук, балам. Эртең эл тура электе, мал короодон чыга электе, таң менен апаңдын көрүстөнүнө бар. Барып апаңдын денеси жаткан жагынан, кыбыла тараптан чымчым топурак ал. Көп эмес, бир гана чымчым. Мен ал топуракты тумар кылып тигип мойнуңа байлап берем. Сен аны күндүр-түндүр мойнуңан түшүрбөйсүң. Ал топуракта апаңдын арбагы бар. Жатсаң жатат, турсаң турат, апаңдын арбагы качан болсо сени менен бирге болот. Сени колдойт. Кудай буюрса бир аз күндөн кийин ооруңдан сакаясың. Буга ишенип кой, балам.
Капарды кемпирдин сөзү толкундатып жиберди. Апасынын атын укканда, арбагын айтканда денесин майда калтырак басып, чекесинен муздак тер чыпылдап чыгып кетти. Кемпирдин айтканына жан дили менен берилгенин сездирип сурады:
- Мен макулмун, чоң апа. Айтканыңызды аткарам. Бирок мончого түшкөндө, сууга кирингенде кантем?
- Ал учурда мойнуңан алып чөнтөгүңө катып кой. Эң негизкиси тепсендиде калбасын.
- Макул, чоң апа, - деди Капар шаша сүйлөп, - эртең апкелем.
- Сөзсүз апкел, балам, мен сени күтөм.
Капардын толкунданганын кемпир сезип турду. Апасынын атын укканда көз оту жайнап, кирпик ирмебей оозун тиктегенин көрүп келечек жакшылыктан үмүтүн үзгөн жок. Капардагы аруу сезим, энесин эпсиз сүйгөн сезим экенин сезген кемпир ичинен кубанды.
Капар үйүнө келди. Кеч да кирди. Бир уктап ойгонуп сыртка чыкса түн жармынан ооп калыптыр. Душка түшүп, тазаланып көрүстөнгө жол тартты. Жеткенче таң сөгүлүп жерге жарыгы тие баштады. Куран окуганды билбесе да апасынын көрүстөнүнүн жанына чөгөлөй отуруп чын пейли менен, жүрөктөн чыккан чын ыкласы менен көз жашын көл кылып ыйлап туруп апасынан кечирим сурап, кудайдан апасына жакшылык тилеп бата кылды. Кыбыла тараптан, апасынын денесин басып жаткан топурактан бир чымчым алып бет арчысына ороп койнуна катты. Колун колтугунан чыгарбай, бет арчысын бекем кармаган бойдон айылга келсе Айжан айткандай сыртта күтүп туруптур. Капарды көрө сала кубанычтуу үн катты:
- Апкелдиңби, балам?
- Апкелдим, чоң апа, - деди Капар кубанычтуу.
- Анда жакшы, - деди кемпир көңүлү көтөрүлүп, - жүр үйгө.
Капар кемпирди ээрчип алды. Экөө аш жазоочу үйгө кирип, топурак салган бет арчыны жазып ортого койду да Айжан кобурап куран окуду. Апасына атап бата кылышты. Күн мурунтан даярдап койгон териге топуракты салып, үч бурч кылып тигип:
- Чөгөлө, балам, - деди.
Капар чөгөлөп отурганда тумарды мойнуна байлап:
- Мына балам бой тумар. Бул апаңдын топурагы, бул апаңдын арбагы. Ылайым апаңдын арбагы ар дайым сени колдоп жүрсүн. Мурун жаш элең, мас элең. Эми чоңоюп акылыңа толдуң. Мындан ары жакшы жүр. Элге жагымдуу бол, карыпка кайрымдуу бол. Карган атаңдын кадыр баркына жет. Атаң да сен оорусаң кошо ооруп жүрөт, каралдым, - деп Айжан Капардын бетинен өптү. Тумар илингенге апасы мойнунан кучактап эркелетип тургансып Капардын денеси ымыр-чымыр болуп кетти.
- Ырахмат, чоң апа, - деди Капар кемпирдин каржайган колунан өөп, - бул жакшылыгыңызды эч бир унутпйм.
- Болуптур, - деди Айжан Капардын уйпаланган чачынан сылап энесиндей эркелетип, - апаңдын арбагы колдоп тезинен сакайып кет. Карган атаңа караан болуп, сак саламат жүр. Кимде ким ата-энесин сыйласа эки дүйнөдө кор болбойт, балам. Бар эми барагой, бактың ачылсын.
Капар бактыга чөмүлүп, терисине батпай үйүнө келди. Баары мемиреп уктап жатышыптыр. Кайра жата албай, тынч алып отура албай ары-бери басты. Короо ыплас экен. Бурчта жөлөнүп турган саптуу алабата шыпыргыны алып короону чаңдатып шыпырып кирди. Уйкудан ойгонуп, үйдөн чыккан атасы өмүрүндө колуна шыпыргы кармап көрбөгөн уулун көрүп таң калганын жашыра алган жок.
- Ие, балам, эмне түш көрдүңбү, - деди эркелетип.
- Түш көрдүм, - деди Капар күлүп, - апам түшүмө кирди.
- Эмне, ал короону шыпыр дедиби?
- Шыпыр деди, ата.
- Анда шыпыра бер, - деди атасы күлүңдөп, - короо таза болсо апаңдын арбагы ыраазы болот. Ал тазалыкты жакшы көрчү.
Мына ушундан баштап Капар өзүн жакшы сезе баштады. «Иши оңолгондун түшү оңолот» деп түшү да оңолду. Азыр баякы ачууланган апасы жок, негедир жайдары. Жүргөнү шайдоот. Баарынан кызыгы балдагы жок, таягы жок басып жүрөт. Капар совхоздон трактир алып иштегенден кийин баш оорусу басылып, жүрөктүн сайгылашканы өзнөн өзү жок болуп кетти…
Карой айлы. 1992-жыл.
© Качкыналы Сыдыгалиев, 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Достарыңызбен бөлісу: |