Качкыналы Сыдыгалиев, 2005. Бардык укуктар корголгон



бет3/6
Дата01.07.2016
өлшемі0.74 Mb.
#169491
1   2   3   4   5   6

БАКТЫСЫ КЫЙЫЛГАН КЫЗ

Салый наркоздон кийин көптө барып ойгонду. Көзүн ачса шыптыда люмененция жарыгы күйүп туруптур. Оозунда резина түтүк, колу байлануу.

Бутун кыймылдатса ал да темир керебетке таңылуу экен. Башы каңгырап, мээнин ордуна коргошун толуп калгансып эң эле оор. Көз кыйыгын оң тарапка чаптырса оозуна түтүк тыгылып бир киши жатат, сол тарабына чаптырса ал жерде да колу-буту керебетке таңылуу бир кишинин онтогону угулат. Ак халат кийген эки адамдын карааны элес-булас көрүнөт. Кайдан келип, кантип бул жерге туш болгонуна акылы жетпей койду. Мурдунан үн салып добушун чыгарды эле:

- Ай, Марипа тигил оорулу эсине келди окшойт, кара, - деген үн чыкты.

Башына көгүш чепчик кийген, оозуна маска тагынган сестра жетип келди. Ал Салыйдын колунан кармап, уйкунун карааны алыстай элек көзүнө сынай тигилип сурады:

- Кандай?

Салый жаш толгон көзүн ачып - жаап тирүүлүгүн билгизип жалдырай тиктегени болбосо сөз айталган жок. Башын ийкеп белги да бере албады. Ал оорулунун оюн билгенсип сөзүн бөлүп-бөлүп тактап сүйлөдү:

- Тынч жатыңыз, - деди сестра үнүн бийик чыгарып, -кыймылдасаңыз кан тамырдагы ийне чыгып кетет. Азыр ооздогу түтүктү алууга эрте. Алсак дем алалбай каласыз. Чыдаңыз.

Салый сестранын сөзүнөн кийин гана оң колунун вена кан тамырында ичке резинага улаштырган ийне турганын, ал аркылуу кара кочкул кан тамчылап атканын көрдү. "Ии, мага кан куюп аткан экен го?" деп ойлоп койду. Бирок эмнеге байлалуу жатканын, эмнеге кан куюп атканын түшүнбөдү. Акылы жетпейт. Ичин бирөө аттиш менен аткый кармап кысып аткансып ооруп жанын көзүнө көрсөтөт. Чыдамы кетип онтоп жиберди. Жанакы сестра жылаңач денесине жабылган шейшепти силкип таштап санына бир ийнени сайды. Арадан бир аз убакыт өтүп Салыйдын ооруган жери басылып уктап кетти. Көптөн кийин көзүн ачса эс алып, салмактанган башы жеңилдей түшүптүр. Жанакы туманданып көрүнгөн жарыктар, медициналык аппараттар даана көрүнүп калыптыр. Оозундагы түтүк жаагын карыштырып оозду же жаптырбай, же сүйлөтпөй дале турат. Шишедеги каракочкул кан штативи менен алынып кетиптир.

Бираз жаткандан кийин отуз жаш чамасындагы врач жигит келип кандын басымын өлчөп, шейшепти ачып, кескен жаратты басып көрүп:

- Оозуңуздагы түтүктү алсам капа болбойсузбу?- деп тамашалады.

"Өлөлбай жатып өлөң айтыптыр" демекчи врачтын ушул сөзү оорулунун күлкүсүн келтирди, бирок күлмөк кайда... Терең дем алса ичин оорутуп үстүртөдөн дем алып аткан оорулу жакшылыктын кабарын укканга врачтын карегине кадалып ырайымдуу жалдырады. Ал этияттап жыландай жылмышкан резина түтүктү кекиртегинен сууруп алганда Салый көкүрөктү кере дем алып дүнүйөнүн кеңдигин сезгенсиди.

- Кандай?- деди врач жылдыздай жымыңдап күлүп, -түтүгү жок дем алган жакшы бекен?

Оорулу бир нече ирет шуулдата дем алып аптыга сүйлөдү:

- Жакшы эмей, агай...

- Жакшы болсо кыймылдабай жатыңыз.

- Суу бериңизчи?

- Суу ичүүгө болбойт, - деди врач түшүндүрүп, -ичсеңиз кузуп коёсуз.

Кыйналсаңыз да чыдоого туура келет.

- Мен кайдамын?

- Сиз реанимациядасыз.

Салый бул сөздү түшүнө бербей анан барып эстеди. Катуу ооруган адамды жаткырчу, жанынан врач менен сестра кетпей такай туруп дарылоочу бөлүм экенин туюнду.

- Бираз чыдаңыз, - деди врач, -эртең менен палатага которобуз.

- Колумду чечип коюга болобу?

- Болот, оонабай, ойдолобой тынч жатсаңыз...

- Ойдолобойм, агай.

Врач оорулунун колун байлаган жипти чечип, сандан керебетке таңган сызманы тартып бекитип койду. Медиктердин "кулап кетпесин" деген пейлин, аракетин Салый да түшүндү. Оорутпаска жазаган ийнеден кийин жаны бир аз жай алып ойго кетти...

. .. Салый эрте жетим калды. Апасынын айтуусунда атасы жол кырсыгынан каза болуптур. Энеси жумушчу болсо да жанын үрөп бир кыз, бир уулду чоңойтту. Салый да бала кезинен камчы салдырбай, энесин сөзгө калтырбай жибектей созулуп жакшы өстү. Мектепти төрт-беш менен аяктап, жетилүү аттестатын алды. Бул энеге кубат берип кубандырды. Кайра куруу заманы келип, капиталистик доор үстөмдүк кылып жогорку окуу жайы да көпчүлүк жаштар үчүн кол жеткиз болуп калды. Кызы өзүнчө аракет кылып унувеситетке өтө албай кабагы карыш түшүп келгенде энеси Айшакан катуу кайгырды. " Атасы болсо ушул кордукту көрөт беле?" деп ичинен боздосо да сыртына чыгарбады. Айла канча, шарт ушундай Акчаң жок болсо окуй албайсың. Өкмөттүн эсебинен окуганга орун аз. Жол тийбейт.

- Алтыным, камыкпа, - деди апасы кызын кучактап, жаш тамган бетинен өпкүлөп, -сенчилеп өтпөй калган жаштар толуп атат. Санаса сан жетпейт. Мен деле жогорку билимдүү болбосом да силерди кор кылбай жалгыз чоңойттум. Сен дагы бул жашоодон ордуңду табасың.

- Жок, апа, - деди Салый ызалуу, -мен окушум керек. Быйыл кирбесем эмдиги жылы медициналык акедемияга кирем.

- Кантип киресиң каралдым?

- Иштейм. Акча чогултам.

- Иш жок да бул шаарда. Завод, фабрика токтоп калганын көрбөй турасыңбы? Пенсияга бир жарым жыл калганда мен иштеген мекеме ана жабылат, мына жабылат деп сезибизди алып атат. Иш табыш кыйын.

- Табам, апа, - деди Салый, -сөзсүз табам.

- Кантип табасың?

- Ишке орноштурчу жерге барам, иштеген мекеменин баарын кыдырам.

- Аның ырас, - деди Айшакан кызынын сөзүнө муюп, -аракет кылса берекет болот. Аракет кылып көр. Кызыр даарып кызмат табылып калса ажеп эмес.

Арадан аз убакыт өттү. Салый ооруканага санитарка болуп орношуп иштеп жүрдү. Бир сутка иштеп, эки сутка бош. Биринчи маянасы эки ай кечигип тийди. Ал айлыгына бир аз ун, бир литр чөп май, анча-мынча картошка алып келип бош күнүндө пирожки жазап сата баштады. Алгачкы күндөрү жакшы өткөн жок. Ары-бери өтүп байкап жүргөн улгайган аял Салыйдын жанына токтоп:

- Иш илгери Сакен!- деди.

Жалт караса өзү иштеген бөлүмдөгү медсестра аял экен. Уялып кетти.

- Уялба, кызым, - деди сестра токтоо, -азыр уяла турган заман эмес. Андан көрөкчө айтчы, соодаң кандай?

- Жакшы болбой атат, эже.

- Эмнеге?

- Билбейм, пирожкамды эл жакшы албайт.

- Акыл айтсам угасыңбы?

- Угам эже, - деди Салый, -сиздикин укпаганда кимдикин угам. Айтыңыз.

- Айтсам, биринчиден пирожкаңды мындан калыңыраак жаза, ортосу дөмпөйүп турсун, экинчиден таза кийинип, идишиңди таза карма.Идиштеги пирожкиңди чаңга бастырбай целофан менен жаап ал. Ооруканадан өткөн санитарлык китепчеңди чөнтөгүңө сала жүр. Санитарлык врачтардын бири-жарымы текшерип келсе пайдасы тийет.

Салый мед сестра эжесинин айтканындай кылды. Кийинки келгенде алдына ак фартук тагынып, атайын тамак кармай турган темир кыпчуур алып, пиражкасынын бетин целофан менен жаап чыкты. Таза кийингенге анын сымбаттуу келбетине ак фартук жарашты да калды. Көп элдин ичинен ал ак кууга окшоп бөлүнүп, өзгөчөлөнүп көзгө түшүп турду. Кечеки көрүп жүргөн жанындагы аял:

- Ие, Сакен күйөөгө тие тургансып жасанып чыгыпсың да, - деп тийишип өттү.

Салый кың дебеди. Жооп да айта албады. Анткен менен пирожки ала турган эл жабалактап алгач Салыйга келчү болушту. Мурунку өлчөмдө жазап келген пирожкасын эл заматта талап кетишет. Акчага акча, демге дем кошулуп соодасы өргө тартты. Ара-чолодо апасы да кол кабыш кылып жиберет. Салый иштегенден бери бул үй бүлө тамакты кенен жеп калышты. Акча тамчылап чогула баштады. Күн артынан күн өтүп жатты. Салый ишке барат, иштен келет. Анан эс албай камыр жууруп, пирожка жазап сатат. Тыным албасада кабагым кашым дебейт. Жакшылап кийингенге көркүнө чыгып, жүзү ачылган гүлдөй бажырайып көздүн жоосун алат. Кечээки карабай кеткен жоро-жолдоштору кайрылып келе башташты.

Бир сапар чачын кырктырып, жоон санын жаппаган көйнөк кийген сары кыз келчү болду. Андан кийин эрдин эпсиз боёгон, жолдошунан да кыска этек көйнөк кийинген, өзүн ээн эркин алып жүргөн дагы бир кыз пайда болду. Айшакан алардын тамеки тартканын көрүп Салыйдан сурады:

-Я, кызым, тиги келип жүргөн кыска этек кыздарың ким?

- Алар менин жолдошторум. Сарысы классташым, аты Гуля. Экинчиси Гулянын жолдошу. Назгүл. Жолдоштору аны Надя дешет. Алар да онунчу классты бүтүп бош жүрүшөт.

- Аларың кыз башы менен, жашабай жатып тамеки тартышат экен го?

Салый "билбейм" дегендей кылып кашын серпип, ийнин куушуруп койду. Кызынын чытылган кабагынан, тырчыган кейпинен апасынын сөзү жакпайкалганы сезилди, антсе да апасы назаат сөзүн улады:

- Келген кыздардын жүрүш-турушу мага жакпайт, - деди апасы, -тамаки тарткан жакшылыктын жышааны эмес. Алар бир күнү сени сызга отургузат. Кеч боло электе алардан оолак жүр,балам.

- Кызыксыз, - деди Салый апасынын сөзүн жактыра бербей, -кыска көйнөк кийген азыр мода. Аны жаштар эмес токтолгон аялдар да кийип атышат.Тамекини көпчүлүк кыздар тартат, анын эмнеси жаман? Ооруса өзү ооруйт, зыян болсо өзүнө зыян...

- Жакшы кыз эч качан тамаки тартпайт, - деди апасы өз оюн аныктап, -тамеки тартуу, сан этин көрсөтүп, эмчегин чыгарып көйнөк кийүү адепсидик. Ага окшогон кыздардан жакшылык күтүп болбойт. Ага окшогондор жашоосуна үстүртөдөн карап жеңил ойлуу келишет. Сен жакшы кыз болом десең аларга кошулба. Алардан оолак жүр.

- Сиз да сүйлөй берет экенсиз, - деди Салый тиртиңдеп, -кыз менен жүрбө, бала менен баспа дей бериштин эмне кереги бар. Акыры мен бала эмесмин го...

- Сен иштеп бир аз акча тапсаң эле кыйын болуп калдым деп ойлойсуң го, - деди апасы капаланып, -андай болбойт, каралдым. Жашоонун жолу өтө татаал.Кыз баланын жолуна капкан салгандар көп болот.Байка.Ошол капканга түшсөң чыга албайсың. Анда кеч болуп калат. Эмитен ойлон, кызым.

Салый оюнун оргуштаган жерине келгенде ичи ооруп, көзүнөн чаар чымын учуп онтоп жиберди. Анын бакырбаса да жан кейиткен алсыз үнүн угуп врач жанына басып келди.

- Агай, - деди Салый врачтын керегине жашылданган көзү менен кадалып, -мага эмне операция жазашты?

- Билбейсизби?

- Билбейм, агай. Мага айтышкан жок.

Врач шар жооп айтпай токтоп калды. "Коркутуп аламбы" деп ачык айткандан ийменип турду. Бирок чындыкты толук айтпаса да аздап айтууга туура келди. Антпесе оорулу тынчыбасын көрүп турат.

- Билесизби, - деди врач, -сиздин жатыныңыза операция жазашкан, бирок кандай операция, кантип жазаганын билбейм.

- Канды эмнеге куйдуңуздар?

- Кан көп кеткен, - деди врач түшүндүрүп, -ошол себептен кандын эретроцитарлык массасын куйдук. Бул кан табылбай жатып табылды. Бактыңыз бар экен. Калган сурооңуз болсо дарылаган доктуруңузга бересиз, азыр тынч жатыңыз. Ооруганды база турган ийне сайсын, - деп сестрага промедол дарыны сайуга буйрук берип коюп катардагы аппарат менен жазалма түрдө дем алып аткан ооруга басып кетти.

Ийне сайгандан кийин Салыйдын ооруган жери басаңдан жаны эсала түштү. Баягы эле бүтпөгөн ой, тебелеген санаанын кучагына кайра кирди.

. ..Бара-бара Салыйдын тааныштары көбөйө баштады. Улам бири туулган күнүнө чакырып той, тамаша да арбыды. Барган жерине кур кол барбайт. Белек берүү асеми турганы турган. "Колунда наны бар бала сүйкүмдүү" деп теңтуштарынын арасында кадыр баркка ээ болуп калды. Элчилеп кыска этек көйнөк кийип, аздап шампан ичип, шампан жок жерде виного өттү. Кээде арак, коньягын да алып жиберет. Пендечилик кылып, жаштар чогулган жерге көбүрөөк барып, көңүл ачууну эңсейт. Ушул ой барган сайын басымдуулук кылып, денесине кан менен тарап жатканын туйса да ага анчалык маани берген жок.

Бир сапар көчөнүн боюнда пирожкасын сатып турса Гуля, Наташа жигитери менен шарактап келип калышты. Кызуу экен. Экөөнү тааныйт, алар тиги кыздардын жигиттери. Үчүнчүсүн биринчи көрүп олтурат. Ал орто бойлуу, чачы сары, кырдач мурун, көзү көгүш жигит экен.

- Жигиттер ашык болуп жүргөн Салый деген сулуу кызыбыз ушул, - деди Гуля адатынча ыржалактап күлүп, -таанышып коюңуз!

- Таанышканга бирдеме дейт бекен?- деди Наташа жиреп.

- Албетте бирдеме дейт да, - деди Гуля, -ал жаатынан камсанабаңыз. Биздин жигит деген жөнөкөй жигит эмес, супер жигит.

Баары каткырып күлүп көчөнү шаңга бөлөдү. Кыз-жигиттер тегеректеп шаракташканда Салыйдын тааныштары, жанында туруп соода кылгандар да көңүл бөлүп карап калышты. Көк көз жигит:

- Саламатсызбы, карындаш. Таанышып коёлу, менин атым Мукаш, - деп колун сунду. Салый негедир өзүн оңтойсуз сезип, "эл эмне дээр экен" деген ой менен туштарапка көз кыйыгын чаптырып уяңкырады.

- Ай, бийкеч маалкатпай колуң берип, атыңды айтып кой, - деди Гуля.

Салый түшкөн кирпигин көтөрө албай колун сунуп атын айтты. Мукаш кыздын назик колун кармап силкип-силкип койду да:

- Таанышкандык үчүн, Салый үчүн шампандан салют бергиле!!- деди.

Наташа менен Гуля каткырык сүрөөндүн коштоосу менен сумкаларындагы шампанды алып чыгып биринин артынан бирин тарс-тарс дегизе ачып жигиттер камдап турган стакандарга көбүртүп-жабыртып куйду. Өздөрү ичип, Салыйдын жанындагыларга да куюп ичиришти. Бул өзү Салыйдын соболосун көтөрүп кетти, бирок өзү негедир шарактаган жаштардын тамашасынан канаттанууну сезген жок. Булар жаңы жигитти жаңыча, шаңдуу атайы тааныштырганын туюп тим болду.

Мына ушундан кийин алардын тобуна ушул көк көз жигит пайда болду. Анын оргу-баргы мамлесине, ажыкыс мүнөсүнө Салый да көнүп кетти. Ырдап, бийлешти. Бирок Мукаш канчалык жабышса да Салый боюн салган жок. Ал оюн-тамашадан ажыкыстанып бетинен өпкөнү болбосо, кучактатып бооруна тарттырбады. Анын акча тапкычтыгын, майда бизнесте иштегенин мактап арага Гуля түшсө да аны менен ачылып сүйлөшүүгө дити барбады. Негедир жүрөгүнүн тереңинен аны сыйлабагандыктын туманы кетпей туруп алды.

Таанышкандан кийин арадан эки ай өтүп кетти. Эл күткөн май айы келип бак- дарактар жашыл көйнөк кийип, жер бети ар түрлүү гүлгө саймаланды. Кайда барбагын аба атыр жыттанып көңүл көтөрүлүп, жүрөк дегдейт.Канаттуунун сайраганы, куушуп ойногону ааламда албан өзгөрүш болуп жатканын сездирбей койбойт.

Салый биринчи май күнү пирожкасын арбын бышырып алып элдин көп жүргөн жерине барды. Соодасы жакшы болду. Чаканын түбүндө анча-мынча калганда эски жолдоштору келип калды.

- Май майрамыңыз менен куттуктайм Сакиш, - деди Мукаш биринчи болуп, - ушул май айындай жадырап-жайнап жаш болуп турууңузду калайм, - деп колун сунду. Салый да кол алышып куттуктоо сөзүн айтты.

- Издебеген жерибиз калган жок, - деди Гуля Салыйдын бетинен өөп, - эски саткан жериңе да бардык, үйүңө да бардык. Барбаган жерибиз калган жок. Жок дегенде ушул улуу күндө, майрамда соодаңды токтото турсаң боло.

- Бүгүн сатуучу да көп, алуучу да көп- деди Салый айтылган сөзгө ичинен териксе да сыр билгизбей, -иштей турган күн.

Гулянын сөзү Салыйдын жарасын чукуп өткөнүн билген Мукаш алжактап күлүп:

- Салый туура айтат, бүгүн сооданын күнү. Жакшы иштесе жөнөкөй күндүн он күндүгүн бир күндө таап алат. Андан көрөкчө Сакиштин табарын сатууга жардамдашалы. Бүткөндөн кийин чогуу майрамдайбыз, - деди.

- Туура, - деди Гуля, - мактап башта!

- Ысык, пирожка! Жаңы пирожка! Арзан пиражка! Жеген дагы арманда, жебеген да арманда. Алгыла! Арманда калбагыла!- деп Мукаш кыйкыра баштады. "Сүрөөн жарашса, баспаган ат чуркайт" болуп эл мурункудан да көбөйүп, дөөмөт күтүп ала баштады. Чаканын белинен ылдый калган пирожканы тез эле талап кетишти. Тавары өткөнгө Салый да кубанып калды. Үйүнө барып, майрамдык киймин кийинип жолдоштору менен талаага чыгып кетишти.

Акыйкатта майрам ойдогудай болду. Көйкөлгөн көк чөп, жайнаган гүл көңүлдөгү кирди жууп агартып жиберди. Кечээки көр оокат ойдон чыгып ойноп күлүштү. Гуля менен Наташанын жигиттери кыздарына демейдегиден сүйкүмдүү мамле кылышса, көзү көк, чачы сары Мукаш Салыйдын жанынан чыккан жок. Баарлык учурда кошомат кылып, жагынууга аракет кылды. Салый да адатынча алыстатпай кыз кылыгын көрсөтүп, көңүлүн көтөрүп курсант кылды.

Мукаш кызып калган. Гуля менен Наташа жигиттери менен жетелешип бак аралап кеткенде Мукаш Салыйдын колунан кармап сурады:

- Сакиш, айталбай жүргөн сөзүм бар, ошону айтсам угасыңбы?

Салый шампан ичип, көңүлү көтөрүлүп турса да Мукаштын оюн, эмне айтарын ойноктогон көзүнөн эле сезди. Аны кагажылатып басып кетүүнү өөн көрүп баш ийкеди:

- Айтыңыз, угайын.

- Сакиш, - деди Мукаш Салыйдын колун чоп дегизип өөп, -сен макул десең эки тукур, бир бакыр болуп баш кошуп оокат кылалы. Эмки жумада мен сени бөктөрүп айылга алып кетейин. Макулсуңбу?

Салый билсе да, ушул сөздү айтарын күтсө да жүрөгү опколжуп коркуп кетти. Сүйбөгөн жигит менен качып кетүүнү ойломок түгүл, түшүнө да кирген эмес.

- Азыр ачык айта албайм, - деди Салый жооткотуп, -көрүшөлү.

- Жок, азыр айт. Же бар, же жок де!

- Айта албайм, Мукаш. Ойлонушум керек, макулдашышым керек.

- Ким менен акылдаашарыңды өзүң бил, - деди Мукаш ажыкыстанып, -эмки жумада баары бир алакачып кетем. Көрөсүң го...

Арадан аз убакыт өткөндө кошоктошкон кыз-жигиттер да келип калышты. Жакшы сөз, жагымдуу тост айтылып ичкилик кайра уланды. Мукаш Салыйдын шампанына аздап арак кошуп берип жатты. Күн кечтеп калганда кызып алышкан кыз-жигиттер Гуляныкына жөнөштү. Ичкилик суудай агып, бийден үй титиреди. Улам жаңылап тост айтылып, улам ичип, улам бийлеп атышты.Барган сайын Салыйдын алы кетип, буту бүктөлүп, айлана кошо бийлеп калды. Ошол учурда Гуля, Наташа келип бир стакан арак кошкон ачуу винону зордоп ичиришти. Мына ушундан кийин эс учун жоготуп уктап калыптыр. Эртең менен ойгонсо баары жерге салынган төшөктө катары менен жылаңач жатышат. Өзү да энеден туулма болуп Мукаштын жанында жатыптыр.

- Вино ичпей атамдын канын ичип калсамчы, - деди Салый капалуу кобурап, -ит болгон экемин. Абиримди төккөн экен, түбүмө жеткен экен, көккөз шүмшүк.

Салый киймин таап кийинип алып сыртка чыкса алгачкы автобуздар жүрүп калыптыр...

Салыйдын ою ушул жерге такалганда көңүлү караңгылап, кулагы чуулдап, жер көчүп, биртоптон кийин басылды. Өзүнө жаңы эле келгенде эки санитарка каталка арабаны сүйрөп келип ошого жаткызып палатага алып жөнөштү. Каталкада чайпалып баратып өткөн тагдырын ойлойт, анысы туманданып бири келип бири кеткенсийт. Антсе да орчундуу окуя эсинде...

Салый үйгө түйтүйүп киргенде эле кызынын авалын эненин жүрөгү дароо сезди, бирок батынып сурай албай, башына келген жаман ойду айта албай күйпөлөктөп:

- Сакинтай, эмне болду? Өңүң жаман, бир жериң ооруган жокбу?- деп тынчсызданды. Бирок Салый бети чыдап энесине ачыла албады, "Ооруган жерим жок, уктабаганга саал кыйналып турум. Пирожкага камыр жууруйун деп эрте келдим" деп калпты кашкайта айтты. Бирок энеси негедир ишенген жок. "бир кырсыкка кептелген го?" деген күдүк ой жүрөгүн мыжып кала берди.

Май майрамдан кийин шамал учуруп кеткенсип баякы ичкилик ичкен

жолдошторунун бири келбеди. Өзү издеп барбады. Арадан он күн өткөндөн кийин Гуля кездешти эле Салый айтпаганды айтып коёберди. Мына ушундан кийин жан менен катташпай, жакындашпай жалгыз жүрдү, бирок тамака табити тартпай, ичсе жүрөгү айланып кыйналды. Анын баарын жетишпеген оокатка чегерип тынбай иштей берди. Бир күнү апасы Салиманы көңүл коюп тиктеп туруп сурады:

- Сакинтай, бир жериң оорубайбы?

- Жок, апа.

- Тамактын жыты жүрөгүңдү айландырабы?

- Айландырат. Тамак ичким келбейт?

- Этек кириң жайындабы, кызым?

- Жайында эмес, апа, - деди Салый, - этек киримди көрбөгөнгө үч айдан ашык убакыт өттү.

- Мен билгем, - деди Салыйдын апасы туталанып, -"этегиң жайылып" калганда эле шектенгем. Алиги таң атпай келген түнү бир балээ болгонун сезгем. Айт чыныңды жашырбай, ошондо эмне болду эле?

Салый айласыз баарын айтты. Ким менен болгонун, ким менен ичкенин жашырган жок.

- Ошол сени жылаңачтаган жигит кайда?

- Ошондон кийин көргөн жокмун.

- Бир да кайрылып келген жокбу?

- Келген жок.

- "Ак көңүлдүн аты арыбайт" деген ушул. Эртең доктурга баргын. Боюңдагынын канча ай болуп калганын билгин. Боюңда болсо жанакыкөк көз желмогузга барып айткын. Балаңды энеңдин төрүндө төрөбөй эриңдин төрүндө төрөгүн.

Ушул сөздү укканда Салыйдын башына чагылгандын огу тийгендей болду. Ошондо гана бир түндө абирии гана төгүлбөй бойго да бүтүп калышы мүмкүн экенин туйду. Эртеси аялдар доктуруна барса: "Боюңда бар, төрт айга жакындап калыптыр" деген сөздү укту. Аборт жазатайын десе"Бала чоңоюп калды, алууга болбойт"деген жоопту айтышты.

Салый көк көз жигитти издеп баргандан намыстанды. Өлсө да ошол көк көз жигиттин көзүн, кебете-кепширин көрбөй өлгүсү келди. Ары ойлонуп, бери ойлонуп өзүнчө дарылаган доктурга барып, акчасын төлөп аборт жазатып үйгө машина менен келип түштү. Энеси жок экен.Керебетине барып сулады. Бирок кан токтогон жок, эң мурун шейшепти өзү которгонго үлгүрсө, кийин алы келбей солуп жатты. Бара-бара үй караңгылап көзү жумулду.

Салый мына ушуну гана билет. Башкасын билбейт. Палатага апкелип керебетке жаткыргандан кийин улгайып калган аял доктор келип көрдү. Салый жүлүнгө сайылып жүдөткөн суроосун берди:

- Доктур, мага эмне болду? Эмне үчүн операция жазадыңыздар?

Врач Салыйдын саамайынан сылап:

- Кызым бир ажалдан калдың, - деди, -бирок энелик касиетиңден айрылдың.

- Эмне үчүн?

- Аборт жазаганда жатының тешилип кан көп кетиптир. Жаныңды сакташ үчүн жатыныңды алып таштоого туура келди.

- Эми төрөбөймүнбү?

- Күйөөгө чыксаң болот, бирок төрөбөйсүң. Өз бактыңды өзүң кыя чаптың, кызым. Бул бактысыздыка билип туруп бардың. Жок дээрсиң, танаарсың, андай эмес. Ичкилик ичкен кыздын бактысы ушинтип тайкы болот. Экинчиси бойдогу бала чоңоюп калган соң аборт жазоого болбойт, аны билип туруп, врачтын айтканын аткарбай ага да бардың. Дагы жакшы, апаң жумуштан эрте келип медициналык тез жардам чакырыптыр, болбосо сен бул жарык дүйнө менен алдакачан коштошмоксуң. Аял ар качан этият болуш керек, болбосо анын жоосу көп. Сүйүүнү байкап сүйүп, ойноп-күлүүнүн да жолун, шартын билиш керек кыз бала. Ар нерсенин чеги бар, кызым...

Салый врачтын сөзүн дем тартпай укту. Апасынын айтканын эстеди, бирок айтылган кеңешти аткарбагандыгынын азабын тартканын сезди.Азыр кеч болуп калды. Улутунуп, үшкүрүп « энөөлүгүмөн,эссиздигимен Алла таала аялга берген бактыдан айрылган экемин» деп ичтен сызып тим болду...

АТАНЫН КЕРЭЭЗИ
Күн бешим болуп, аба салкын тартып калган. Көптөн бери ооруп төшөктө жаткан Муратбек карыя үн катып чакырууга дарманы келбей жанында турган чыныны калай кашык менен каңгыратты эле залда телевизор көрүп отурган тестияр небереси чуркап келди. Өң түздөн кетип, эриндери көгөргөн чоң атасын көрүп бозогону аттар менен селейип токтоп калды. Карыя алсыз колун көтөрүп, сөөмөйүн кыймылдатып "бери кел!" деп жаңсаганда небереси жанына коомай келип токтоп, оорулунун анда - санда ирмелген көзүнө тигилди. Чоң атасы ыкшып жөтөлүп араң дегенде "атаң кайда?" деп сураганга алы келди.

Шаарда туулуп өскөн небереси чоң атасынын айткан сөзүнө түшүнбөй шишиген көзүнө тигилип дудук болуп жалдырады. Өлөр алдында небереси менен өз тилинде сүйлөшө албаганга чоң атасынын өзөгү өрттөнүп, оозу кургап, деми кыстыгып үнү киркиреп чыкты:

- Дочинка, где папа? Срачно позави! - деди карыя.

Небереси байлоодон бошонгон музоодой папасын чакырганы таскактап чуркап кетти. Өмүрү өчүп бараткан карыя уулу менен сүйлөшкүсү, акыркы сөзүн айткысы келди.

Муратбек карыя жогорку билимдүү. Кыргыз унверситинин тарых факултетин бүткөн. Билим берүү тармагында өмүр бою иштеп келген. Катардагы мугалимдиктен баштап, мектептин директорлугуна көтөрүлүп, бир нече жыл РАЙОНОнун башчысы болуп иштеди. Унверстеттеги окуганын эсептебегенде элүү беш жыл эмгектенип жакшылык, жамандыкты башынан өткөргөн кыраакы адам. Эки ордендин, бир нече медалдын ээси.Эми жүрөгү ооруп, буту жоон санына чейин шишип чыккан Доктурга көрүнсө "карылыктан пайда болгон жүрөктүн өнөкөт оорусу" деген. Бул оорудан айыгарына көзү жетпеген карыя азыр өз үйүндө, өлөң төшөгүндө жатат. Жаны кыйналып, түз жата албай аркасына төрт жаздык койгузуп, ийнинен дем алып энтигип отурат. Атасынын оорусу катуулаганда, "адам болбосун" доктурдан укканда уулу Арстанбек отпуска алып, үй бүлөсү менен үстүндө. Эскирген эшик кыйч эткенде Муратбек жумган көзүн ачты. Кирип келген кишинин өңү түзүн ажырата албай, ким экенин тааный албай сейрек кирпигин кайра-кайра ирмеп тиктеп калды. Бирок тунарыктаган көзү ачылар эмес. Агы да боз, көгү да боз, айтор айлана бүт боз тартып туруп алды. Атасынын тилсиз жалдырап тиктеп калганынан Арстанбек чочуркап жанына келип:

- Ата, эмне болду, бир жериңиз ооруп атабы? - деди.

Атасы уулун үңүлө тиктеп, тунарган көзүн айнекти сүрткөнсүп бетарчысы менен кайра-кайра сүртүп алды да:

- Келдиңби, балам? - деди.

- Келдим, - деди Арстанбек, бир нерседен шектенгендей.

- Келсең жакшы болуптур, - деди атасы, -аркы кардиамин деген дарыдан бир чай кашык куй, анан бир чыны кымыз апкел.

Арстанбек атасына суроолу тиктеди, анткени доктор кардиамин деген дарыны он беш тамчыдан күнүнө үч мертебе бер, кымызды ичирбегиле ансыз да денеси сууга толуп шишип атат деген.

Уулунун коркуп, таң калганын көзүнөн байкаган кыраакы карыя өктөм үн катты:

- Коркпо, балам, - деди Муратбек күрсө-күрсө жөтөлүп, -кардиаминди көптөн бери ичип сырын билем, бир чай кашыктан ууланбайм. Оорумдан өлсөм өлөм, бирок ал дарыдан өлбөйм. Ал мага көптүк кылбайт. Менин өмүрүм мөрөгө жетип калды. Күчтөп дары ичип, ал күчүмдү жыйып сага айтарымды айтып калайын. Апкел балам, коркпо!

Арстанбек атасынын айтканын аткарды. Дарыны ичип, чыныдагы кымызды калтырбай жутуп жиберди. Бир аз шалдырап жаткандан кийин карыянын авалы оңолуп, денеси жеңилдеп, тунарган көзү ачылып айлана тунук көрүнө түштү. Ал туруп турган уулуна тигиле карап алды да:

- Отур балам, мен жашаарымды жашадым. Табихаттын заңы боюнча силер менен коштошоор мезгил келди. Бул менин тагдырым. Тагдырдан качып болбойт. Көзүмдүн тирүүсүндө, күчүмдүн барында сага айтаар керээзимди айтайын, - деди карыя.

Арстанбек атасынын оозунан керээз айтарын укканда жүрөгү дүпүл согуп, кулагы чуулдап, денесин майда калтырак басып чыкты. "Асыл атамдан айрылат экемин" деген ой башына келе түштү. Атасынын тер жыттанган мойнунан кучактап, кыл баскан бетинен, көгөргөн эрдинен өпкүлөп жиберди.

- Антпечи ата, - деди Арстанбек жашып, -сен өлбөйсүң. Дагы жашайсың. Дагы көп жылга чейин бизге туу болуп туруп бересиң!

Бул жарык дүйнөдөн кетиш, эл журттан түбөлүк бөлүнүш ар бир адам үчүн кыйынга турары жашыруун сыр эмес дечи, бирок Муратбек карыя ага бел байлап койгон. Кара ашына соёр малын, кант, чайына чейин алдырып даярдаткан. Ал түгүл мындан бир ай мурун туулган күнүнө шылтоолоп жакындарын, балдарын, неберелерин бүт чакырып сыйлаган. Анда ага туугандары Муратбек карыя менен акыркы жолу кездешип, коштошуп атканын билишкен эмес, бирок Муратбек карыя сыр алдырбай коштошуп, адатынча акыл сөзүн айтып, көчөгө чейин узатып чыккан. Алар узап кеткенче кол булгап карап турган. Ошол кайратту адам эми уулу жашыганда пендечилик кылып муун-жүүнү бошоп барып токтоду. Сыр алдырган жок.

- Отур балам, - деди Муратбек карыя карегин чайыган жашты билгизбей кургатып, -жакыныраак отур. Мезгил келгенде ажал сенден да, менден да сурабайт. Алар жанын алып тынат. Ага чейин ата-бала болуп азыраак маектешели. Сөзүм бурба, тоскоолдук кылба. Алым барында айтарымды айтып калайын.

Арстанбек орунтукту алып, керебетке такай коюп отуруп атасынын оозун тиктеди. Муратбек карыя жөтөлүп, ийнинен терең дем алып алды да:

- Балам, биз социализм доорунда жашадык, - деди каргылданган үн менен, -бул доор бизге окшогон майда улуттун, кедей-кембагалдын бактысына жаралган. Башкасын айтпаганда да көчмөн кыргыз элин үйлүү, жайлуу, билимдүү, илимдүү кылды. Ат ордуна машина мингизди, бирок алгачкы демократия жоюлуп өз оюңду айтсаң, өкмөттүн жетишбеген жагын сынга алсаң, орус болуп бараткан балдарыңды кыргыз болсун, кыргызча сүйдөсүн деп далаалат кылсаң улутчулсуң деп тырпыратып баса калчу. Баякы Сталиндин тушундагы куугун сүргүн, күнөөсүз камалып, айыпсыз атылгандан кийин бир да адам баш көтөрүп сөз айталбай калган. Улуу калктын төбөлдөрүнүн ынтымагы жогунан СССР тигишинен сөгүлүп ар бир республика өзүнчө мамлекет болду. Демократиянын касиети менен кан төгүлбөй, кыргын болбой өзүбүзчө мамлекет болуш бул майда улуттун бактысы. Азыр ар ким өзү билгенди кылат, кандай кааласа ошондой сүйлөйт, бирок демократия деп даалдай бербей өз улутунун, өз мамлекетинин өзүшүнө өнүгүшүнө кам көрүш керек.

Кария сүйлөгөнгө чарчап энтигип чыкты. Бир аз дем алып оңдонуп отуруп:

- Балам угуп тур, кааласаң жазып ал, - деди.

Арстанбек үстөлдүн тартмасынан дептер, калемсабын алганда атасы бирде энтигип, бирде ыкшып жөтөлүп токтоп-токтоп сүйлөп кирди:

- Балам, адам бол, бирөөнүн ийгилигине, байлыгына ичи тарлык кылба.

Элде болсо сенде болот. "Жалгыз жүрүп жол тапканча, көп менен жүрүп адаш" деген макал бар, жалпы элдин жакшы жашашына көмөктөш бол.

Бай болууга, бар болууга аракет кыл. Бай адам жакынына, ошондой эле жалпы элге көбүрөөк пайдасы тиерин унутпа.

Болгонго каниет кыл, бирок жетишкенге желпинип колуңду куушуруп отуруп калба. Аракет кылсаң малга мал, жанга жан кошулат.

Бул жарык дүнөдөгү баарлык нерсе адам үчүн жаралган. Аларды алып өзүнүн жана улуттун кызыкчылыгы үчүн пайдалануу ар бир инсандын милдети, бирок көбүн алам деп азынан кур калба.

Баарлык проблеманы бир күндө чечүүгө болбойт. Бул жарык дүйнөдө көп жылдап чечилүүчү проблема чачтан көп. Ага элге багыт берген, жол көрсөткөн, улуттун уюткусу болчу акылдуу адам керек. Ар нерсенин өз убактысы, өз мезгили бар. Андыктан шашпа, шашкан шайтандын иши, балам.

Ар ишке чыдамдуу болуп чыдап күткөнгө үйрөн, мезгил келгенде сенден качкан дөөлөт ээсин тапкан малга окшоп айланып өзү келет.

Ар нерсенин алдын ала кара. Жеңишке өлүп жетпей тирүүңдө жет. Жеткен ийгиликтин пайдасын көр. Сен көз жумганда сенин ийгилигиң, байлыгың балдарыңа, неберелериңе каларын, алар сенин тирүүңдөгү тапкан дүйнөң менен, артыңда калган аброюң менен жакшы жашаарын, сенин ишиңди, идеяңды улантарын унутпа.

Балам, турмушуңдагы көргөн окуяңды эске сакта. Ал кайталанса бекеринен болбосун эсиңе ал. Ойлон, анализде, андан тыянак чыгар. Жакшы болсо жакта жардамдаш, жаман болсо аны токтотууга аракет кыл. Сен бир кетирен каталыгыңды экинчи кайталаба.

Жаңжалга жакын болбо. Эки адам урушса орточу бол. Муну менен эки кишинин көңүлүн аласың, алсыздын сообуна каласың. Тынчтыкка салым кошосуң. Тынчтык бар жерде ырыс уялайт, тукуму өзөт.

Болбогон ишке чыр салуу, кыйкырып чуу чыгаруу ал адамдын кыялынын кырстыгы, оройлугу, өзүнүн албуутугу. Кыялын башкара албаган адам жакшы болсо да жаман. Жаман каап сүйлөйт, жакшы таап сүйлөйт, балам.

Чыр чатакка чыдабай, күнүмдүк оор турмушту көтөрө албай, бирөөгө эрегишип өлүмгө өзүң барба. Өлгөндүн өз шору. Сен өлсөң жер огунан жылып кетпейт, сен болбосоң да турмуш аккан дайрадай ага берет, өмүр өз нугу менен өтө берет, бирок артта калган балдарыңа, жакындарыңа кыйын болот.

Жаңы күн келсе - жаңы ой, жаңы проблемма жаралат. Мезгил өзгөрсө эл өзгөрөт. Сен эски оюңдун этегине жармашпай, мезгилдин этегин карма. Жаңы талап менен жаша. Сен мунуң менен улуттун тез өнүгүшүнө, маданияттуу өзүшүнө жардамдаш болосуң.

Балам, башчы болуш оңой, балбан тууганың болсо оор ташты көтөрүп койгондой эле ишке коё салат, бирок эл башкарыш кыйын. Эл мүдөөсүн билбеген, мактанып сүйлөгөн адамдан түңүл. Өзү үчүн өгүздөй күчүн жумшап өзгө үчүн эч ойлонбогон адам улутка жакшылык кылбайт, жолдош да болуп жарытпайт. Андайдын барынан жогу.

Адам адашса өз башына, жетекчи адашса эл башына. Жетекчи иште болсоң ар бир ишти миң ойлонуп бир чеч. Сенин чечимиң,баштаган багытың элиңе жакшылык алып келсин.

Акылы кем өз оюн өзгөгө бербей, айтканынан кайтпай, өжөрлүгү менен ишти бузат. Андай кыялдан алыс бол. Адамдын акылы алган тажыйбасына байланыштуу. Акылдуу адам ал акылды элден алып, элге берет. Дипломатиялык, чеберчилик мүнөз ишкер адамдын негизги куралы.

Иштен коркпо, ишсиз калгандан корк. Эмгек менен өзүң байып, элдин байышына салымың кош. Байлыкты элдин кызыкчылыгына жумшап, улутуңдун баркын көтөр. Бай улутту башка эл сыйлайт, аны менен акылдашат Байлыгы жок улут башка элге кул, көзкаранды. Элинин этеги тизесине жетпей колу ашка жетпей кор болот. Өтө кедей акылсыздыктын белгиси. Акылдуу адам ар дайым жакшы жашарын унутпа.

Жашоо күрөш, жаратылыш ырайымсыз. Жаратылыш менен күрөшө билбеген адамга бул жарык дүйнөдөн орун жок. Ар бир адам, ар бир улут өзүн сактап калуунун камын көрүү мыйзам ченемдүүлүк. Андыктын талыкпай аракет кылыш керек. Улуттук маселени ишке ашырганга улут үчүн күйүп бышкан дили таза, акылдуу, билимдүү, маданияттуу жетекчи керек. Жетекчи уюштура билсе, эл мүдөөсүн түшүнө билсе эл аны колдору шексиз.

Сен өзүң үчүн карыз сурасаң бааң түшөт, эл үчүн карыз сурасаң баркың өзөт. Карыз алган акчаны арам жемсөөлөргө жедирбей улуттун кызыкчылыгына жумшаш жетекчинин кыраакылыгына, колунун тазалыгына байланыштуу. Башчы адамдын калыс болгону баарлык элдин бактысы.

Балам, "карапайым адаммын, колуман эмне келет" деп кор тутпа өзүңдү. Сен чоң күчсүң. Имарат бир кирпичтен тургандай биримдик да бир кишиден курулат. Эң мурун өзүңдү, анан балдарыңды биримдикке тарбияла. Балдарыңа кичинесинен улутуңдун салтын, сыйчылдыгын, баалулугун, кеменгерлигин , артыкчылыгын үйрөт. Сезимине сиңир. Ар бир адамдын жүрөгүндө улуттун кызыкчылыгы ойноп турса бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарыш оңой. Ансыз аз улут, көп улутка жем болорун унутпа.

Сен элиңдин көрүнүктүү адамы экениң дайыма эсте турсун. Колуңдан келишинче, акылыңдын жетишинче иште, болбогонду болтурууга аракет кыл.

Сен сайган чырпык кийин чынар терек болуп көлөкө берет. Ал көлөкөдө элиң көлөкөлөйт, эл менен бирге сенин балдарың,небере, чөбөрөлөрүң да көлөкөлөйт. Бул жашоо, бул дүнүйө ушундай, атадан балага өтүүчү мурас.

Жашаган адам жарала элек наристеге кам көрүү парс. Бул эч качан бүтпөйт, бул чексиздик. Акыр кыяматка чейин бул салт кала берет…

Тарыхы жок эл болбойт. Эгерде тарых ар түрлүү жагдай менен учурунда айтылбай, жазылбай калса аны толуктоо, чындыкка чыгаруу кийинки муундардын, илимпоздордун милдети. Аз калк эң мурун тарыхынан ажырап, анан тилинен ажырап, кийин салтынан ажырап жок болуп кеткени белгилүү. Улутумду сактайм десең дилиңди да, тилиңди да, салтыңды да сактоого күрөшкүн. Өзүң үлгү бол. Мына шаардык жаштарды алалы, алардын көпчүлүгү иште да, көчөдө да, үйдө да өз тилинде сүйлөшпөйт. Ал эми алардын балдары кыргыз тилин такыр билбей калышты. Буга ким күнөөлү? Албетте буга өз тилинин өнүгүшүнө шарт түзбөгөн мамлекет күнөөлү, бирок орчундуу факторду айтпай коюш калыстыкка жатпайт. Тумандатпай ачыгын айтсак өз баласын өз эне тилинде сүйлөтпөгөн ата-эне жалаң эле күнөөлү эмес, ал улутуна чыккынчы деп айтсак жаңылыштык болбойт. Алар балдарынын, улутунун келечегине, өнүп өзүшүнө карбагандар. Карды кампайганга каниет кылып кара күчкө каткырып жашагандар. Кандай гана шартта болбосун бала эне тили менен оосанып, эне тилин сүйлөп чоңоюш керек. Мектепте башка тилде окуп, улуттук адабияттык тилге алы келбесе да, адабият китепти чайналып окуса да турмуштагы келди-кетти сөздү билиш ар бир инсанга парс. Өз улутнун тилин билбеген өзгө улуттун дилине тез эле багынып берери жашыруун сыр эмес. Балаңды өз тилинде так сүйлөтүп, башка элдин тилин да билүүгө үйрөт. Балдарың кош тилдүү болуп чоңойсо бул ата-эненин, улуттун сыймыгы, балам.

Улутум өзсүн десең бири бириңерди колдогула, жаман көрсөң да бири бириңерге жардам бергиле. Өлсөң да өз улутуң аруу жууп, ак кепиндеп көмөрүн жадыңдан чыгарба, балам.

Ата бабабыз тилин, улутун кан төгүп салгылашып жүрүп сактап келген. Сен ал тарыхты билип, сен аны өркүндөтүшүң керек. Бүгүнкү доордо радио, телекөрсөтүү, газет, журнал эң күчтүү курал. Аны пайдаланып улутту тарбиялоо, биримдикке үндөө бүгүнкү муундардын милдети. Улуттук идиология болбосо жаштар башка агымга түшүп, башка динге кирип кеткенин көрүп билип турасыңар.

Улуттун күчү биримдикте. Бүгүн ал жардам берсе, эртең сен жардам бересиң. Кыргыз элинде "ашар" ыкмасы менен иштөө, башыңа оор иш түшкөндө чогулуп жардам берүү биримдиктин белгиси. Бул ата-бабанын салтын өөрчүтүү, улантуу, мезгилдин талабы.

Санжырада көптөгөн майда улут чоң улуттун арасына сиңип өзүнөн өзү жок болуп кеткени айтылат. Кыргыз эли аз калк. Туш тарабы чоң өлкөлөр менен, калкы көп улуттар менен чектеш. Андыктан алар ар түрлүү шылтоолор менен акырындап кирип түбөлүккө орун очок алышынан сактаныш азыркы мамлекет жетекчилеринин, ошондой эле жалпы элдин милдети. Чоочун улутту көбөйтүп алып анын тепсендисинде кайра өзү калыштан сактаныш керек!

Ар бир адамдын ишинен, сөзүнөн, жүрүш турушунан маданияттуулун, улутка канча таасири тийерин байкоого болот. Сен ошол адамдын жакшы жагын үйрөн, аны башкага үйрөт. Улуттун маданиятуулугу өзсө ой да, сый да өзөт. Мамле жакшырат.

Бирөөнүн оюн, аракетин түшүнө бил. Жакшы болсо, улутуңа пайдасы тийсе ал ойду баарлык жагынан колдо.

Эски муундун кадры эстафетасын кийинки муунга өткөрүп бериш мыйзам ченемдүү. Ал мезгил келбей койбойт. Келет. Бирок сен ошол эстафетаны кантип өткөрөсүң ошону ойлонушуң өтө маанилү. Ар бир инсандын тирүүсүндөгү эмгеги кийинки муунга өрнөк болот. Тургузган имараттарың кулап жыгылганча эстелик болот. Улуттук эстафетанын касиети мына ушунда Жаңы муундун адамы эски муундун адамына караганда күчтүү, акылдуу болору шексиз. Анткени жыл жылган сайын илим жогорулап,техника өзүп,адамдын сезими өзүп, жашоонун талабы да татаалдашат. Коом канчалык күчтүү болсо адам да шартка жараша такшалып цвилизация да өзгөрөт.

Ар бир доор аккан дайрадай өзгөрүп турат. Жаңы доорго жараша жаңы илим, жаңы техника жаралат. Акыл өзгөрөт, талап татаалдайт. Бүгүнкү муун мурунку муундан кабыл алган байлыкты сактап, аны көбөйтүп, жакшыртып кийинки муунга өткөрүп бериш ар бир инсандын милдети.

Демократиянын да ченеми бар. Ар бир иш улут башчысынын көз алдында болушу зарыл. Эл эч качан чаржайыт, өзүм билемдиктин агымына түшпөс керек. Жаман жакка багыт алган иш көбөйө электе, тамырын жая электе токтотуш, пайдалуу жакка багыт бериш кыраакы жетекчинин милдети.

Улутуңдан кадр даярдаган негизки милдетим деп ойло. Кадр улуттун келечеги. Өз улутуңдан кадр болсо ал эч качан, эч жакка кетпейт. Өлсө сөөгү да, өрнөгү да өз жеринде калат.

Киндик кан тамган жер ар бир адам үчүн ыйык, аны душмандан коргош ар бир инсан үчүн парс жана даңк!

Тажырибасы жок адамдан жакшы ишти күтпө. Кадрды тарбиялаш керек. Өзө турган, келечеги бар акылдуу жаш муундарды колдоо, аны жаш кезинен жоопту кызматка коюп, төмөнтөн өйдө иштетип үйрөтүү, такшалтуу улуттун милдети. Жакыным деп, досум деп, таанышым деп такшалбаган, иш билбеген начар кадрды жоопту кызматка коюш өзүмчүлдүк, улуттун кызыкчылыгын ойлобогондук, ачыгын айтса акылсыздык!

Мамлекет башында туруп кадр тандай албаган, өз улутун өзгө улуттан кем көргөн жетекчиден түңүл, ал жеткен магурттуктун белгиси.

Жакшы адисти, келечеги бар жаштарды көз жаздымда калтырба. Керектүү адисти чет мамлектке жиберип окутушка, үйрөтүшкө, тарбиялашка аракеттен Билимдүү, билгиликтүү кадр келечектин адамы. Улуттун кенчи, ишеничи.

Уулум, биримдикте болом деп башка улутту ассынтпагыла, кемсинтпегле, жектебегиле, кайра алардын жакшы жагын үйрөнгүлө, аны улутуңардын кызыкчылыгы үчүн пайдалангыла. Ал үчүн интернационалдуулукту сактагыла дагы да үйрөнгүлө, бирок өз улутуңдун туусу бийик турарын унутпагыла.

Кыргыз болгондугуңарга сыймыктангыла! Кыргыз болбосо Кыргыз Республикасы болмок эмес. Кыргыз республикасы болуш жана ошол респуликада жашаш жалаң эле кыргыздардын бактысы эмес, башка бирге жашаган улуттардын да бактысы. Анткени кыргыз элинин меймандостугун, жат элге койнун ачкан ак пейил калк экенин бирге жашаган башка улут эмес, аралашкан чет эл да, дүйнө жүзү да айтып отурат. Бирок атына сүйүнбөй затына сүйүн. Кыргыз болуп туруп эли кыргызча сүйлөшпөсө, кыргызча иш жүргүзбөсө мамлекет болдум деп мактанганың артыкбаш. Ар бир мамлекет өз тилин, өзгөчөлүгүн сактаганда гана улут атын актай алат. Эскерте кетер нерсе кыргызмын деген мамлекеттик жетекчи кыргыз эне тилин билбесе, эне тилинде сүйлөбөсө, эне тилинде сүйлөөгө аракеттенбесе андан өз улутуна жан кейиткен жетекчи чыкпайт. Ушуну эстей жүрүш азыркы доордун талабы, балам.

Мамлекетте жашаган баарлык улут ошол мамлекеттин ишин аткарат, өнүгүүгө, өзүүгө салымын кошот, бирок бул агымды башкара билиш, улутту кагыштырбай калыстык кылуу жетекчинин милдети, жергиликтүү улуттун адамкерчиликтүүлүгү жана маданияттуулугу. Сен ушуни дилиңден чыгарба, уулум.

Азыркы мезгилде башка улуттан куда күтүү салтка айланып калды. Бул жакшы, улуттун тукуму жакшыртылат. Сен башка улуттун адамын өз дилиңе, өз тилиңе үйрөтсөң курандын айтуусу боюнча сенин жети атаң тозокко түшпөйт экен, балам.

Азыр кыргыз жергесинде жердештик, урууга бөлүнүү азайса да айрым адамдар эски көз караштан арылбай келатат. Куелечекке кам көрбөгөн адам бир кызмат болсо билсе-билбесе да ал ишке даярдыгы жок өз уруусунан, жакынын, жердешин коё салат. Бул жан тартыш маданиятсыздыктын белгиси элдин тагдырына кайдыгерлик карагандык. Ушундан этият бол. "Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок" деген накыл сөздү унутпа. Татыктуу кадр көз жаздымда калбасын, ага туштук орун бериш калыс жетекчинин милдети.

Балам, кыргызсың. Аз калксың. Бириңди бириңе чагыштырган душмандан арыла элексиңер. Ал болот, болобермекчи… Андыктан силер бирибириңерди укканга үйрөнгүлө, бири бириңерге түшүнгөнгө үйрөнгүлө. Бири бириңерди сыйлаганга, колдогонго үйрөнгүлө. Аз элдин куралы биримдик. Биримдиктүү болгула! Ансыз аз элде жашоо болбойт.

Уулум ичкиликтен алыс бол. Ичкиликке кызыкпа. Ичкиликтен оңуп кеткен адам болгон эмес . Ичкиликти салтка айландырып такай ичкен улут оңбойт. Тукуму бузулат. Ал улуттан бара-бара акылы кем бала төрөлөт. Андан келесоо бала жаралат. Ичкиликке жакын болсоң душманыңдын чырагына май тамызасың. Ал сенин терс жагыңды пайдаланат. Мас кылып абириңди кетирет. Акыры ишсиз, анан талаада каласың. Ичкиликке берилген калкына эмес өзүнө жакшылык кыла албайт. Бир жутум ичкилик үчүн элин, жерин, намысын сатат. Ал эми наркотикти,баңгиликти айтпай эле коёюн,алардын өмүрү алкаголиктерден кыска экенин өзүң көрүп,билип турасың.

Карыя ушул жерге келгенде ыкшып жөтөлүп, дем тарканы оорлоп жаздыкка башын койду. Тынбай сүйлөгөндөнбү же жанакы ичкен дарысынын күчү кеттиби эрди көгөрүп чыкты. Уулу шашып чыныдагы кымызды оозуна кармап ууртатайын деди эле карыя аны колунун сырты менен түртүп:

- Балам, - деди атасы уулун тунарган көзү менен телмире тиктеп, -алым кетип тилим күрмөөгө келбей баратат. Оюмдагыны толук ортого сала албай калдым Калганын өзүң ойлон. Кыргыз эли башынан сыйчыл, сен ал салтты ула. Улуу, кичүүнү сыйла. Кайсы жерде жүрсөң да, кайсы шартта болсоң да элиңди унутпа. Кош бол, балам, - деп карыя көзүн жумду. Ошол бойдон экинчи ачкан жок.

Уулу бул жарык дүйнөдөн өтүп бараткан атасына ыраазычылык менен жалдырай тиктеп көзүнөн жашын агызып: "Ата, асылым, өмүр бою кыргыз деп жашап, кыргыз деп тигил дүйнөгө кетип баратасың. Бул жалаң эле мага калтырган керээз эмес, баарлык кыргыз элине калтырган керээзиң экенин түшүнөм. Башым токмок, каруум казык кылып керээзиңди аткарууга, алтындай сөзүңдү бир ууч кыргыз калкы эмес ааламга жеткирүүгө аракеттенем. Кыргыз эли өз улутун, өз намысын сактап калаарына ишенем" - деп атасынын алсыз колун өөп кобурады.

Кайран касиеттүү карыя тилден калып, дем тартканы азайып, өмүрү майы түгөнгөн шамдай өчүп баратты…

2000-жыл.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет