Качкыналы Сыдыгалиев, 2005. Бардык укуктар корголгон



бет1/6
Дата01.07.2016
өлшемі0.74 Mb.
#169491
  1   2   3   4   5   6


© Качкыналы Сыдыгалиев, 2005. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес

www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 27-марты

Качкыналы Сыдыгалиев
Бой тумар
(Аңгемелер)

Бул жыйнакка автордун ар мезгилде жазган, жарык көрө элек аңгемелери топтолду.
К.Сыдыгалиев. Бой тумар: аңгемелер. - Б.: 2005 китебинен алынды.

МАЗМУНУ
Өчпөгөн сүйүү

Ыр десте

Бакытысы кыйылган кыз

Атанын керээзи

Кудайберген

Тиги дүйнөдөн кат

Арбак

Гүл өскөн бейит



Бой тумар

ӨЧПӨГӨН СҮЙҮҮ
Мен райондук ооруканада врач терепевт болуп иштегениме көп жыл болгон. Нечен оорулуну дарылап айыктырып, нечен адамдын ый-муңуна ортоктош болдум. Кара чач кардай болуп агарды. Канчалык көп иштеген сайын, ошончолук жоопкерчиликти көбүрөөк сезип мөгдүп келген адамдарга жардам берүүгө аракеттенесиң. Бирок "Акыл жетсе, ал жетпейт" болуп баарлык ооруну айыктырыш колдон келбейт. Азыркы мезгилдеги медицинанын күчү жетпейт.

Өнөкөт ооруну дарылап жакшы болгондон кийин чыгарсаң үйгө барганда режим сактабай оорусу кайтоолдоп калат. Өзгөчө нерв оорусу. Нерви ооруган адамды дарылаш үчүн анын ички дүйнөсүнө сүңгүп кирип, оорунун жашынган жеринен ачып көрүп, ошого жараша дары берип, ошого жараша мамле кылып дарылашың талапка ылайык.

Быйыл, жакында эле менин палатама жыйыра жаштагы келин жатты. Келбети келишкен, ажарлуу аял экен. Анын сулуулгун кандай мактасаң жарашчудай. Бирок ооруга алдырып боюн таштап коюптур. Бетине бетмай, эрдине эндик сыйпамак түгүл жөндөп жуунбайт. Кундуздай кара чачын желкесинен чорт кырктырып таштаганга куйругун кестирген таандай көзгө серт көрүнөт. Оорусу көп. Колит, гасрит, гепатит, холецистит, невростения деп айтор жолдомосуна андан башка да оорунун атын толтуруп жазыптыр. Анан калса акыйкатта оорубаган жери жок. Кайсы мүчөсүн карабагын, эмне болуп оорурун сурабагын баары ооруйт. Ал ооруган жерин ушунчалык сүрөттөп айтат дейсиң, уккан кишини ынандырып таштайт. Өзгөчө башынын, жүрөгүнүн ооруганы, уйкусунун кеткени, көңүлү ачылбаганы басымдуулук кылат. Дарылап баштоодон мурун изилдеп, текшерип кирдик. Анализин алдык, рентгенге салдык, ЭКГ, УЗИ менен текшердик. Айтор башынан баштап бутуна чейин карап чыктык. Баары жакшы. Райондун масштабындагы медициналык аппараттар анын мүчөсү бузулбай иштеп атканын далилдеп көрсөттү. Келинди тебелеп-тепсеген нерв, санаа экени айдан ачык болду. Мен да биринчи көргөндө эле "Невростения" оорусу деп ойлогом. Ошол себептен оорунун тарыхын толтурганда биринчи "Невростения" деп, анан калган оорусун улай жазгам.

Эми дарылаш керек болду, дарылаганда да чындап, чыдап, талыкпай дарылаш керек болду. Ал үчүн "Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил" деп келиндин ишенимине кирип, сырын тартыш дарылоонун негизки өзөгүн түзмөкчү. Бирок Адлет ачылбай койду. Качан болсо тумандай түнөрүп, телевизор көрбөй, эл менен сүйлөшкөндөн качып жүрдү. Акыркы күндөрү келиндин мүнөзүндө аз да болсо өзгөрүү пайда болду. Мени менен жалгыздап сүйлөшүп, эл барда сөз катпай дудук болуп калат. Бир күнү иштегендер үй-үйүнө тарап кеткенден кийин ээн калган кабинетке чакырып алдым. Нервти тынчытуучу дарыны үстөкө босток бергенден уйкусу ачылбай, муун-жүүнү бошоп чарчаңкы тартып калыптыр.

- Адлет отур, - дедим бетмаңдаймдагы орунтукту көрсөтүп, - ийри отуруп түз сүйлөшөлү. Мындан аркы дарылоонун планын кеңешели.

Адлет отуруп калды. Ушул эки жылдын ичинде врачтар отур деген жерге отуруп, тур деген жерге туруп жүрүп менин айтканым ал үчүн көнүмүш сезилгени байкалып турду. Үн каткан жок, сөздү мен баштадым:

- Адлет, - дедим аста сүйлөп, - жазаган анализ, аппараттык текшерүү баары жакшы. Сен онтогондой оору жок. Бирок бир нерсе бар. Ал сенин нервиң. Нервиң катуу оору. Ушул каран калган нервтин аркасынан баарлык мүчөң какшап ооруйт. Соо турса да тынчтык бербейт.

Жер тиктеп салбырап отурган Адлет башын көтөрүп кандайдыр бир жанданган көз караш менен менин дидарыма тигилди. Мен аны байкамаксан болуп сөзүм уладым:

- Нервти дарылаш үчүн, ал эмнеден ооруганын билиш өтө зарыл. Сен дарылаган врачың катары мага ишенип турмушуңдагы жамандык, жакшылыгыңды төкпөй-чачпай мага айтып беришиң керек. Ансыз болбойт. Агерде сен ишеним көрсөтүп жардамдашпасаң мен сени айыктырууга гарантия бере албайм.

Адлет сөз айтуунун ордуна бетин алаканы менен басып шолоктоп ыйлап кирди. Ал бакырбаса да, кыйкырбаса да өзөгү өрттөнүп жатты. Ичтеги бугун чыгарып алсын деп мен да тим койдум. Шорголоп аккан көз жашы азайып, диртилдеген ийни токтоп калганда туруп барып валерианка дарыны сууга кошуп жуткуздум. Адлет үн сөз катпай бираз олтурду да үшкүрүп алды. Ал үшкүргөндө оозунан жалбырттаган жалын чыккансып ыссык деми бетмаңдай отурган мени каптады. Бетарчысы менен жашын кайра-кайра кургатып:

- Айта берсе арман көп, агай, - деди Адлет улутунуп, -турмушум тууралу бир да врач сураган эмес, сиз биринчи сурадыңыз. "От дегенден ооз күйбөйт" эмеспи, таржымалымды айтып бергенден айыгып кетериме ишенбейм, бирок сиз өтүнүп жаткан соң айтып берейин.

Адлет ой учугун топтоп токтоп калды. Бөлмө тымтырс. Тынчтыкты бузган тамдын керегесинде илинген чыкылдаган саат, тынчтык бербей терезеден терезеге урунуп дыңылдаган кашка чымын болду.

- Менин оорумдун башталышы алыс, тамыры терең, - деди Адлет, -мен борбор шаарда жашап, шаардан орто мектепти бүттүм. Бешке чыкканда атам жол кырсыгынан каза болуп жетим калдым. Апам өңдүү-түстүү эле, заводто жумушчу болуп иштеп жүрүп соодада дүкөндүн директору болгон кишиге турмушка чыкты. Андан бир кыз, бир эркек төрөдү. Бирок өгөй атамдын пейли ошондо эле жаман болчу. Апамды сабап баш көтөртпөй кор тутчу. Ачкөз, зөөкүр болчу. Акча десе аскадан учуп түшчү. Колунда мансабы бар адамга кошомат кылып, кедей-кембагалды адам катары көрчү эмес.

Адлет көөдөндөгү күйбөй түтөгөн демин чыгарып, көздүн жашын кургатып алып сөзүн улады:

- Мен биринчи класстан баштап, онунчу класска чейин Жоробек деген бала менен чогуу окудум. Анын ата-энеси карапайым жумушчу болчу. Ал жакшы окуучу. Өзү жоош, боорукер бала эле. Мурун кубалашып, койгулашып ойноп жүрүп сегизинчи класстан баштап бизде кандайдыр жагымдуу сезим жаралып, бири бирибизди сыйлап жакын болуп кеттик. Айрым сабакты бирге даярдап, бирге киного барчу болдук. Ошол балалык сезим бара-бара сүйүүгө айланды. Көрбөй калсам сагынып, телефон чалып Жоробектин үнүн укканда кадимкидей каниет алчу болдум. Социализм жоюлуп, капитализм кирип келгени атама жакты. Ал бир ашкананы, бир дүкөндү менчиктештирип алып, дагы эки камокту элдин көп жашаган жерине орноту. Акчаны күрөп берип өзү да жакшы ишке турду. Кыскасын айтканда элди иштетип, каймагын калпып алган акча атамдын жаман пейлин огобетер бузуп, киши тааныбай дөөгүрсүдү. Кайра куруу мезгили Жоробектин атасына жаккан жок, завод токтоп, штат кыскарып ишсиз калды. Эски жигули машинасын айдап, такси кылып, күндүр-түндүр киши тартып жан багышты. Мен үйдөн апарган тамакты танапис учурунда Жоробек экөөбүз чогуу жечүбүз. Даяр тамак жок болсо ага булучка, пирожка сатып берип сыйлачумун. Бир күнү сабак даярдайлы деп ээрчишип үйгө барсак атам менен апам үйдө экен. Жупуну кийимчен ээрчип кирген баланы көрөр менен атамдын кабагына кар жаап, көзүнөн от чачырады. Сабакты чала-була даярдап Жоробек жолго түштү. Ал кеткенден кийин атам:

- Ай, Адлет, тиги самсаалатып ээрчитип келген селсаягың ким? - деп сурады.

Мен атамдын арам пейлине түшүнүп "Бирге окуган бала, атасы карапайым жумушчу" деп жооп бердим.

- Эмне, мындан башка порядочный кишинин баласы менен окубай, бирге баса албай калгансыңбы?- деди атам атырылып. "Сырын билген байталдын сырт жагынан чыкпагын" демекчи, жүйөлүү жооп айтсаңда жүрөгүңдү сууруп алган өгөй атамдын пейлинен коркуп дудук болдум да калдым. Ал адатынча албуутанып:"мээң жок, мээң болсо келечек жөнүндө ойлошуң керек. Жакшыга жанашыш керек, жанакыдай селсаяктан качыш керек. Акмак. Акылсыз!" деп каарып кирди. Апам атама болушуп бир жагынан ал да ажылдап чыкты. Бул тогузунчу класста болгон окуя. Мен муну Жоробекке айтканым жок. Аядым. Биздин алоолонгон сүйүүбүздү өгөй атамдын суук мамлеси өчүрө албады. Тескерсинче күчөп алоолонуп бараткансыды. Бир күн көрүшпөй калсам сагынып куза болуп калчу болдум.

Онунчу класска барганда биздин сүйүү жалындап чыкты. Окууга да катуу кириштик. Экзамен келгенде ар күнү чогуу даярданып сынактан да жакшы өттүк. Акыркы экзаменди тапшырып, парктты аралап, кафеге кирип көңүл ачтык. Күн кеч болуп калды. Көчө-көчөгө электр шамы жагылган мезгилде үйгө жөнөдүк. Жоробек мени узатып келди. Жолдон келатып келечек жөнүндө кеп кылып, институттун акыркы курсунда үйлөнүшмөккө убадалаштык. Телегейибиз тегиз болуп үйгө жакындап калганда алдыбыздан сомодой болуп үчөө чыкты. Бакылдап сүйлөгөн сөзүнө караганда кызуу көрүнөт. Жүрөгүм бир балээни сезип:

- Жоке, артка кетеличи, тиги келаткандардын кейпи жаман көрүнөт, - дедим. Ал эркектик кылып, эрдемсинип:

- База бер алтыным, коркпо, - деп жоошутуп колун арта салып белимен кучактады. Биз кыналып база бердик. Жакындаганда жанакы үчөө астыбыздан тороп, далдайган сары жигит:

- Кучакташып кайда баратасыңар? - деп күркүрөдү.

Жокемдин колу белимден бошоп ит көргөн мышыктай жумшаган денеси жыйрыла түштү.

- Үйгө баратабыз, - дедим чепеңдеп.

- Бул салпаяк эмнең болот?

- Классташым.

- Классташыңбы?- деди кекерлеп, -антип анткорсунбай эле ойношум деп чыныңды айтпайсыңбы! Сен муну менен ойноп бүттүң. Эми биздин кезек. Бүгүн биз менен ойнойсуң. Ыктыярың менен барсаң аман каласың болбосо союп таштайбыз.

Жанакы жигит каруумдан кармады. Жоробек сунган колду булкуп бошотуп мени калкоолоп арабызга кирип:

- Байке, кечирип коюңуз. Биз бүгүн онунчу класстын акыркы экзаменин тапшырып үйгө кубаныч менен келатабыз. Тозбоңуз жолду, байке, - деди.

- Эй, сопляк, жаныңдан үмүт кылсаң жогол, болбосо азыр бирди көрөсүң. Үйүңө жетпей, аттестатыңды албай каласың, - деди экинчиси.

Биз кетүүгө аракет кылганда сары жигит шап билегимден кармап:

- Алгыла, салпаякты! Сүйлөгүз, каяша айткыз кылгыла! - деди.

Экөө Жоробекке жабышып, сары жигит мени караңгы жакка сүйрөп жөнөдү. Кыйкырганга чамам келтирбей оозумду бекем басып алды. Көчөдө калган экөө Жоробекти тепкилеп киришти. Мен карышкыр бөктөргөн койдой тырмышып, тытышып баратам. Караңгы жерге жеткенде бетарчысын алып оозума шыкай тыгып, колумду артыма качырата кайырып:

- Кана ыктыярың менен мамлеге келесиңби же киймиңди тытып чечиндирейинби?- деп киркиреди.

Менде жан жок, жамандыктан кутулбасымды сезип коёндой калтырадым. Башымды чайкап "жок" деп белги берип, мурдуман күңкүлдөдүм эле өпкөгө бир коюп көтөрүп жерге чапты. Көйнөгүмдү, ич киймимди тыта баштаганда элдин чуусу, бирөөнүн энтигип чуркап келатканы эшитилди. Сары жигит олжосунан айрылган жырткычтай артын кылчак карап коюп жылып жөнөдү. Карасам Жоробек. Ал келип кыса кучактап, бетимен өөп:

- Алтыным, кордогон жокбу?- деди.

- Эчтеке болгон жок, баары аман, - депмин шашканымдан.

Ал колуман дегдеңдетип жетелеп баратып:

- Абириң төгүлбөсө болгону, кийим табылар, - деп кайрат айткан болду.

Коркуп калган жаным туш тарапты алактап карап, карбаластап баратып сурадым:

- Тиги экөө кайда? Сени аябай тепкилешдиби?

- Тепкилешти, - деди Жоробек, - бирөө менен бетмебет салгылашып атканда экинчиси артыман тепти эле кулап түштүм. Оонап жатканда жерден колума бир нерсе урунду. Кармасам жарым метр арматура темир экен. Туракалып бирөөнү башка чаптым эле ал ошол жерге кулады. Экинчисин чапканда башка тийбей ийинге тийди. Ал каршылык көрсөтө албай качып жөнөдү.

Биз чуркап көчөгө чыкканда жыгылган жигиттин жанына эл чогулуп калыптыр. Атам да бар экен. Патурулдагы милиционер да келип калды. Атам мени менен Жоробекти көрүп көзүнөн от чачырады.

- Ата, үчөө кол салып, Жоробек мени балээден куткарып чыкты, - дедим шашып.

- Сен ушуну көрмөксүң, шерменде- деди атам боор оорурдун ордуна ызырынып, - ушундай болмоксуң, - деп айтпаганды айтып табалап, элдин көзүнчө төгүлгөн абиримдин калганын көңтөрүп таштады.

Милиционер сураштырып, медициналык тез жардам чакырып эсучун билбей жаткан хулиган жигитти ооруканага жиберип, Жоробек экөөбүздү милицияга алып кетти. Биз өз-өзүбүзчө түшүнүк жазып бердик. Атам артыбыздан келип, Жоробекти жержеберине жетип жамандады. "Мунун хулигандыгын билем" деп каратып туруп калп айтты. Милиционер Жоробекти камап, мени бошотушту. Үйгө келгенде уккан жемени мен айтпайын, сиз укпаңыз.

Адлет ушул жерге ич күптүлүккө алдырып сүйлөй албай отуруп калды.

Мен чыдамсыздык менен:

- Анан эмне болду? Жолдошуңду эче күндөн кийин бошотту?- деп сурадым.

- Жоробек бошогон жок, - деди Адлет турмушуна тарынганын билгизгенсип кабагын карыш түшүрүп, -атамдын аракети менен үч жылга түрмөгө кесип жиберди. Соттун чечими чыгып, жакындарына коштошууга руксат бергенде элдин эң артында жанына барып:"Жоке, сенин актыгыңды, адамкерчилигиңди эл билбесе мен билем. Үч жыл тез эле өтөт. Кайгырба. Мен сени күтөм"- дедим. Жокем ушул сөздү укканда көзүнөн жаш тегеренип кетти.

- Ырахмат, Адлет, - деди Жокем элдин көзүнчө бетимен өөп, -мен сага ыраазымын. Эл ишенбесе да сен ишенсең болгону. Аман болсок көрүшөбүз, жакшылыктан үмүт үзбөйлү, - еп бурулуп басып кетти.

Мен да эл менен аралашып ээрчип алдым. Машинага түртүп түшүрүп жатканда карасам көзүнөн жаш салаалап агып туруптур ардагымдын...

Адлет жаш балача бышактап ыйлап, бетарчысын алып бууракандап аккан жашын кургатты. Мен да тим койдум. Ыйы көптөн кийин басылды.

- Арадан бир жыл аласалып өтүп кетти, - деп Адлет сөзүн улантты, -ошол жылы мен унвеситетке кирип бир курсун бүтүрдүм. Экинчи курска көчкөндө амниция болуп Жокем бошонуп түрмөдөн чыгып келди. Кубанганды айтпа, тилекти кудай берип, чөккөн көңүл көтөрүлүп, маанайыбыз күндөй жаркырады. Атам менен апама көрүнбөй эгиз козудай ээрчишип ойноп күлдүк. Күкүк менен Сейнептей бири бирибизди издешпей, коркуп корголобой баш кошууну чечтик.

Убада бекип, ишеним арта берди. Сактап жүргөн биринчи сүйүүмдү нике расмисин күтпөй сүйгөнүмө арнадым. Аңгыча кыш да келип калды. Январдын ортосунда, кечки саат он ченде жетелешип Жоробектикине кирип бардык. Биздин жакшы тилекти угуп, Жокемдин ата-энеси кубанып, жетине албай шашып калышты. Апасы сактап жүргөн ак жоолугун сандыктан алып башыма салып, бетимен өөп бактылуу, ырыстуу, ыймандуу келин болушумду каалап ээн бөлмөгө киргизди. Бир аял келип көшөгө тартып артына отургузуп койду.

Аңгыча коңшу-колоңдор, шаардагы жакын туугандары келип шаан- шөкөт башталды. Түнү менен ачуу басарга бармак болушту. Бир койду бирөөдөн карызтап таап, үч миң сом алып, бир сумке ичкилик көтөрүп ачуу басарга жөнөштү. Ата-энемдин сырын билген жаным:"Ата, апа мен Жоробекке өз эрким менен келдим. Кудаңарды жакшылап тозуп алгыла" деп кат жазып бердим. Кайнатам баш болуп үч киши жигулиге отуруп, койун богажникке салып алып жөнөштү. Менде жан жок. Эшик ачылса эле селт этип карайм. Акыры мен ойлогондой болду. Барган кудаларын боктоп кууп чыгып, артынан апам, атам, сомодой болгон эки жигитти ээрчитип кирип келишти. Эшикти ачып, бозогону аттабай туруп:

- Эй, басмачылар, уурулар, менин кызым кана?- деди атам бакырып. Баарыбыз селейип-селейип ордубуздан турдук. Арстандай аркыраган атамды көргөндө мен эмес бөлмөдөгү толтура отурган аялдар эмне кыларын билбей калышты. Кайнатамдын иниси астынан тороп:

- Кулдугум бар, куда. Келиңиз. "Кыз берген күйүнөт, келин алган сүйүнөт" деген кыргыздын макалы бар. Ичиңиз күйгөнү көрүнүп турат. Эми куда болдук. Бир ачууңузду бериңиз, - деп колун бооруна алып бөжүрөдү.

- Кудадан айлан, - деди атам айкырып, -сага окшогон томаятан, жарыбаган жалчыдан куда күткөнчө күтпөй койгонум артык. Жаныңарды бага албай атып келин алгандан айлансыңарбы. Менин кызым доллар төлөп унверситеттен окуйт, силер аны окута аласыңарбы? Окута албайсыңар жарыбаган селсаяктар. Чыгар бери кызымды, алып кетем!!

- Кириңиз, куда, - деди кайын атамдын иниси колун боорунан түшүрбөй, - даам ооз тийиңиз. Акылдашалы. Макулдашалы. Кызыңызды алгыңыз келсе анан деле алып кетиңиз.

Атам болгон жок. Анын кирбесине көзү жеткен кайын атамдын иниси колтуктан алып жетелейин деди эле жыга түрттү. Бул одоно мамлени күтпөгөн киши онтоп атып ордунан араң турду. Кол эмес, сөз кайырган жок. Атам, катарында кажылдап турган апамды желкесинен түртүп үйгө кийирди.

- Шерменде катындан шерменде бала туулат, - деди атам бак-бак этип, -алып чык ары жок, абири жок кызыңды.

Ачуу менен ызанын казанында кайнаган апам атырылып мага кирейин деди эле менин жанымда отурган кыз-келиндер жабалактап эшикке тыгын болуп киргизбей туруп алышты. Улгайган аялдар апамдын туштарабынан чыгып жалынып жалбарышты эле болгон жок. Айкырып, өкүрүп үйдү үч көтөрдү. Аялдар арачалап мага жеткизген жок. Аржакта база калчу арстандай акшыйып турган атам аттап-буттап жетип келип тыгын болгон аялдарды каруусунан кармап туштушка бирден ыргытты. Бурчтагы тартылуу турган көшөгөнү бир жулкканда үзүлүп түштү. Ачууга алдырган апам сөзгө келбей колуман алып сүйрөдү. Мен "Барбайм, апа, ордуман козгоп жеңил баа кылба" деп тырмышып болбой койдум.

- Барасың, - деди апам албуутанып, -атаң макул болбогон соң калууга акың жок.

Кыз келиндер мени бир жакка тартып, апам бир жакка тартып тирүүнүн көк бөрүсү болдум.

- У, бети жок шерменде, - деди атам кыз-келиндерден колумду зордоп бошотуп, жабышканын силкип ыргытып, -бас үйгө. Кайсы бетиң менен ушул үйгө келин болом деп келдиң. Зам министирдин баласына турмушка чык десе "Окуумду бүтмөйүн эрге тийбейм" деп болбой коюп, эми түрмөдөн чыккан хулиганды көргөндө эрге тийгиң келип калган экен да... Эрсиз калсаңда Жоробекке чыкпайсың. Уктуңбу? Муну сол кулагың менен бир ук, оң кулагың менен бир ук. Сен мен айткан эрге тийесиң, ага тийбейсиңби дүйнөдөн так өтөсүң. Дайны жок тырышсаң милиция чакыртып селсаяк эриңди азыр каматам деп коркутуп атып мени алып кетишти. Үйгө апкелип бөлмөмө камап ташташты. Экинчи кабат болсо да үйүбүздүн терезеси темир тор болуп анык камакта калдым. Атам эртеңменен ишке кетерде эшикти ачып, итчесинен бирөө аркылуу тамак киргиздирип кайра жаап ачкычты алып кетет. Түштө, кечте да ушинтет. Тамак жүрөккө баспайт. Апама жалынып да, жалбарып да, урушуп да эшикти ачтыралбай койдум. Ачыш, алпештеген кызын бошотуш күнкор болгон апамдын колунан келген жок. Мен эң мурун туталанып, тумчугуп унчукпаган менен кийин чыдабай, ачууга алдырып, кыйкырып, эшикти тарсылдатып тепкилеп тынчын алдым. Бирок ага да болгон жок. Айлам кетип көчөдөгү өткөн, кеткенге кыйкыра баштадым. Кошуна-колоңдор да шекшип калды окшойт каңыр-күңүр сөздөр чыгып жатканын сездим. Жардамы тийеби деп жолдош кызымды апкелип тынчытууга аракет кылышты. Анын келгени бир чети жаман болсо, бир чети жакшы болду. "Жоке, мен кандай абалда калганымды барган кыздын өз оозунан угарсың, ал эми сага айтарым, билгизерим жүрөгүмдүн астында жаңы жаралган персентиң калды. Мен муну сүйүнчүлөп айтамбы деген ойдо элем, бирок тилегиме жетпедим. Кош, Жоке, "Жамандыкты амандык жеңет" дейт, аман бол. Тирүү болсок көрүшөбүз. "деп кат жазып берип жибердим. Барган сайын башым ооруп, алым кете баштады. Апкелген тамагын ичпей койдум. Күндүз да, түнкүсүн да кыйкырып, эшикти тепкилей бердим. Арадан бир жума өткөндөн кийин ак халат кийген сомодой-сомодой болгон үч эркек киши кирип келишти. Көрсө медициналык тез жардамды чакырыптыр. Алар колу-бутумду байлап, бир ийнени жамбашыма сайып, бираздан кийин алып жөнөштү. Самбилге салып "Волга" машинанын ичине киргизгенин билем, калганын билбей калыпмын. Көзүм ачсам палатада жатам. Оолукма оорулуларды карап палатадан чыкпай отурган кишиден:

- Айтыңызчы, агай мен каерде жатам?- деп сурадым.

- Эмне келгениңди билбейсиңби?- деди күлүп.

- Билбейм.

- Билбесең билип ал, - деди жанакы киши, -сен жиндиканада жатасың.

Жиндикананын атын укканда көңүлүм караңгылай түштү. Айласыз жатып калдым. Эртеси орто бойлуу, чачын тармалдаткан жаш врач келип аркайсынын башын чаргытып сурай баштады. Мен анын суроосуна жооп бербей:

- Доктор, мен жинди эмесмин. Соомун, коёбер үйгө, - дедим.

Ал деле мени угар түрү жок. Ачуум келип суроосуна жооп бербей тескери карап жатып алдым. Тажаганда кетип калды. Ушул абал менен он күн жаттым. Башкы врач келип көрүмүш болуп "Сенин койгон диагнозуң туура" деп жанакы секелек врачты мактап кетип калат. Апам тамак апкелет, мен аны албай, бет алып сүйлөшпөй койдум. Бара-бара арыктап, ичим, бөйрөгүм ооруй баштады. Эки ай өткөндөн кийин таятам келип алып кетти. Айылда жүрүп эркек төрөдүм. Эркиндикке чыксам да оорум күндөн күнгө күчөгөндөн күчөп тынчымды алды. Көрсөтпөгөн табыбы, бакшы, молдосу калган жок. Акыры ушул жерге жатып калдым.

Адлеттин сөзүн бузбай аягына чейин уктум. Улам сүйлөп, улам токтоп туталанып атты. Ал башынан өткөндү айткан сайын, онтоткон оорусу сүйүү менен чырмалышканын сезген сайын качандыр бир уккан айың сөз эсиме түшүп, кулагыма жаңырып турду. Аңгеменин акырына чыгыш үчүн суроо таштадым:

- Айтчы Адлет, - дедим суз тарткан келиндин карегине кадалып, -сени ата-энең алып кеткенден кийин Жоробек менен жолугушкан жоксуңбу?

- Жок, - деди Адлет күнөөлү кишиче жер карап, -жолуккан жокмун. Аны атам үйгө киргизмек түгүл көчөгө жолотпой кууду. Кийин мени Россияга окуганы кетти деп сурагандарга калп айтыптыр.

- Таятаңкына барганда кабарыңды Жоробекке билдирген жоксуңбу?

- Билдирген жокмун.

- Эмне үчүн?

- Жинди болуп жиндиканага жатып чыксам, жинди аталсам, оорукчал болсом менин кимге керегим бар. Билбегени жакшы.

- Өзү сураштырып издеп келген жокбу?

- Келген жок. Келсе да тоо арасындагы унут калган айылдан мени кайдан тапмак элде. Таппай эле койсун, анын издебегени жакшы.

- Бул оюң туура эмес, - дедим, -мен сенин оюңа кошула албайм. Анткени сен өзүңдү ойлоп Жоробекти ойлобой атасың. Ал балким сенден жаман, сенден артык кыйналып аткан чыгар.

- Кыйналса кыйналган чыгар, - деди Адлет көңүлсүз, -бирок ушул убакка чейин издеп келбегенине капамын. Барган сайын, убакыт алыстаган сайын жүрөк муздап, кечеки алоолонгон сүйүү өчүп бараткансыйт.

- Деги анын кайда экенин билесиңби?

- Билбейм, - деди Адлет тарынч түр менен, -билгим да келбейт.

Адлеттын бүркөлгөн кабагына, жаш аккан көзүнө карап сурадым:

- Кайын атаңдын аты ким?

- Сагындык.

- Мен аны тааныйм, - дедим келинден көзүмдү албай, -анын уулу Жоробекти да тааныйм. Ал куулук-шумдугу жок жакшы бала.

Мен Жоробектин атын айтканда Адлеттин карагат көзү бакырая түштү. Местейип бурчту караган жүзүн мага буруп таңыркоо менен сурады:

- Сиз Жоробекти тааныйсызбы?

-Тааныйм, - дедим башымды ийкеп, -анын атасы менен бирге окугам. Ал онунчу классты бүтүп шофер болуп шаарга иштеп кеткен. Мен мединститутту бүтүп айылга келгем. Катташпасак да саламыбыз түзүк. Ал айылга келгенде же мен шаарга барганда жолугушуп калабыз. Менин билүүмчө Жоробек үйүндө жок.

- Анан кайда?

- Түрмөдө.

- Түрмөдө-ө?- деди Адлет таңыркап, - Эмне болуп түшүптүр?

- Атаң "урду, өлтүрөм деп коркутту" деп жок жалааны жаап бир жылга кестирип жибериптир деп укккам. Мен билгенден Жоробектин келер учуру болуп калды. Балким келип да калган чыгар...

Бул сөздү укканда Адлеттин өңү бузулуп, денеси безгек болгондой калтырап чыкты.

- Ме-ме-мен, - деди Адлет кекечтенип, -мен аны унутту деп жүрсөм, көрсө дагыда мен үчүн түрмөгө түшүп азап тарткан экен да...

Адлет көпкө ыйлады. Бул сапар тарынчын унутуп сүйгөнүнө боору ооруп ыйлады. Ал ыйлаган сайын менин да зээним кейип көзүмө жаш алдым. Көптөн кийин:

- Ыйлаба балам, - дедим, -ыйдан пайда жок. Мурун мен сенин жөн гана дарылаган доктуруң болсом, азыр таанышың, аяш атаң болуп калдым. Сен мага ишен, мен сени дарылап айыктырам. Жоробектин кайда экенин билип келем. Бактылуу болууңа жардамдашам. Чыда бираз, - деп соороттум. Мына ушул күндөн баштап Адлетттын мага мамлеси өзгөрдү. Ээн калып эркин сүйлөшчү болдук. Мурун үйдөн баласын апкелсе анчалык карачу эмес эми эзилип өөп, эркелетип калат.

Дүйшөмбү күнү суранып алып атайын Бишкек шаарына келдим. Коңгуроону шыңгыратсам Сагындык өзү чыкты. Сагынышкан жаныбыз кучакташтык да калдык. Үйгө кирсем дивандын үстүнө жаңы кастюм шым, көйнөк-кечек кылып бир сыйра кийчү киймдерди жыйып коюптур. Аларды алып, орун бошотуп жатып:

- Баякы бактысыз уулубуз бүгүн түрмөдөн чыкмак болуптур ошого баралы деп даярданып жаттык эле, - деди кобурап.

Көктөн тилегеним жерден табылып сурадым:

- Качан жөнөйсүңөр?

- Азыр.


- Мен да барам.

Сагындык таңыркай карап, ишенер ишенбесин билбей жылмайып күлүп:

- Барсаң бар, - деди.

Даяр турган жигули машинага мен, Сагындык, анын аялы болуп үчөөбүз отуруп Молдовановкага жөнөдүк. Жолдон Жоробектин келинчегин дарылап атканымды, анын Жоробектин айынан ооруп кыйналганын айтып бердим. Экөөтең келинине боору ооруп көзүнө жаш алышты. Издеп барып небересин көрбөгөнгө капаланып, өзүн өзү жемелешти.Түрмөгө барып бозогосунда күтүп турдук. Биртоп убаракерчиликтен кийин Жоробек чыгып келди. Каран калган түрмөнүн кара кийминенби же чачын тасырайтып алдырып койгондонбу өңү керсары болуп кыйналганы сезилип турду. Кубаныч менен кучакташып, өбүшүп көрүштүк. Үйдөн алып келген киймин кийгизгенден кийин атасы унут калган докментке кеткенде жалгыздатып Адлеттын көргөн кордугун, ооруп ооруканада жатканын айтып берсем кубаныч менен кусалык кошул-ташыл болуп бетин жүзарчы менен басып алып шолоктоп ыйлады. Айтарын айтып алып бир чети жайсыз абалда калсам, экинчи чети аялына өчпөгөн сүйүүсүн көрүп кубандым. Жоробектин талабы боюнча түз эле ооруканага жөнөдүк. Аларды биздин үйгө отургузуп коюп Адлетка бардым. Болгон окуяны айтканым жок. Машинага отургузуп алып үйгө апкелдим. Эшиктен аялым тозуп алып жетелеп үйгө киргизди. Залга кирер менен күткөн Жоробек да, билбей келген Адлет да "түшүмбү же өңүмбү" дегенчелик кылып бирин бири тиктеп туруп калышты. Биртоптон кийин:

- Адлет, - деди Жоробек кулачын жайып, -мына мен келдим. Кутулуп келдим. Эми бизди эч ким ажырата албайт, - деп кадам таштаганда Адлет" Жоке" деп бир бакырып алып боюн таштады. Жыгылып баратканда Жоробек колуктусун шарт кучактап боюна кысты. Биз акырын жылып сыртка чыктык. Самоор койдук. Чай кайнагандан кийин чогулуп отуруп чай ичтик. Стакан кагыштырып жакшы каалабузду айттык. Адилеттин таятасы той өткөрүп эки жаштын никесин кыйгызды.

Адлет тез эле сакайып кетти. Өчүп бараткан сүйүү кайра алоолонуп жанып жаштардын бактылуу жашашына кубанып дарыгерлик ишимди али да улантып келатам...




Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет