© Сыдыкова К.С., 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 28 апрели
Кален Сыдыкова
АСЫЛДАР
Документалдуу-көркөм эмгек
Бул китепте көөнөрбөс улуттук нарк насилди, каада-салтты, ыйманды таза, бийик туткан, аздектеген асылдардын ишмердик, чыгармачылык кудрети, жан дүйнөсү, аларды турмушка болгон көз карашы, өтөлгөлүү өмүрү азыноолак чагылдырылат. Жаңы доордогу коомдун, жеке турмуштун түрдүү көйгөйлөрү, жакырданган жан дүйнөсүн оош кыйышы жөнүндө учкай сөз козгойт.
Сыдыкова Кален. Асылдар: Документалдуу-көркөм эмгек. – Б.: «Бийиктик», 2002. – 170 б. китебинен алынды
ББК 84 Ки 7
С – 95
ISBN 9967-21-510-0
С 4702300400-03
Кален Сыдыкова
«Дорогие мои женщины»
Художественная публицистика
На кыргызком языке
Бишкек, издательство «Бийиктик»
Бул эмгек турмуштун туткасы,
ыйык түркүгү, дүйнөнүн көркү болгон
талант даарыган асыл энелерге арналат
Автор
ШАҢШЫГАН РОЗА
«Баркыңды билгенди баала, кадырыңды билгенди каала»
«Тилин жоготкон калк тирүүлүгүн жоготот»
«Жакшы кыз жакадагы кундуз»
(Кыргыз макалы)
Розаны эстегенде өзүмдүн дагы жалындаган от болуп турган отуздагы жаштыгым эске түшөт. Ошол кездерде жаш талант катары дастандарды шаңшып аткарып жүргөн, жамалы жанган, жаркылдаган, көздөрү күлүп турган Розаны жыйырмага чыга элек мөлтүлдөп турган ышкындай кезинде радионун музыкалык редакциясына кызматка алдым. Ал мындайча болуп калды. Белгилүү диктор, маркум Сатыбалды Жээнбеков 1991-ж. телерадиого төрага болуп келгенде, ага жаңы эле орун басар болгон таланттуу журналист Байма (Бүбүзуура) Сүтөнова мени радиого башкы редакторлукка чакырып калды. Бир эле учурда Компартиянын Борбордук Комитети «Эркин Тоо» газетасынын баш редакторунун орун басарлыгын сунуштады. Экөөнө тең адеп «ойлонуп көрөйүн» деп макулдугумду берген жокмун. Себеби, үй бүлөөм жалаң журналисттикти аркалаган ишке башынан каршы эле. Ага чейин да 1980-жылдардын акырында Кыргызстан КП БК «Кыргызстан аялдары» журналынын башкы редакторлугуна чакырышканда үйдөгүлөр каршы болгондуктан андан баш тарткан жайым бар эле. Анда менин газетага чыккан ар бир макалам коомдо эле эмес үй бүлөөдө да резонанс болуп, акыры чыр-чатак, жаңжал менен аяктачу. «Эмнеге жазасың?». «Эмнеге жазбайм?!» дейм. «Жазбасын, соттолуп кетет» «элчилеп жөөлөп таяганы болбосо», «чоңдор аны аябайт», «чоң аталарындай болуп репрессияга кетеби?» деп эле кайындарым, 30-жылдары бүтүндөй тууган уругу, аталары (Сыдык ж. б.) саясий репрессиядан кырылып, жүрөгү үшүп, жалккан төркүндөрүм бир жагынан жаалап, кооптонуп, караманча тыйып туруп алышты. Бул Совет мамлекетинин гүлдөп, идеологиясы бекем болуп турган 1988-жылдар эле. Мен ан сайын алгачкы махабаттын азабын тарткансып буулугам, азаптанам, күчөйм, жанымды коерго жер таппай жашырынып жазам, мамлекет, улут, жер, тил тагдырын ойлосом уйкум келбей умачтай көзүм ачылат. Канчалаган кол жазмам элге жетпей, үйдөн тытылып, жоготулса да кайра өчүшүп жумушта отуруп жазып, жазгандарымды ошоякта калтырып, катып жаза бердим. Чыгармачылыкты өстүрүш үчүн тап күрөшүндөй айыгышкан абал өкүм сүргөн учурлар болду. Үйдөгү, иштеги репрессияга моюн бербедим, бирок, ага канча нервим, ден-соолугум кетти... Ошондо биринчи жолу коом эле эмес, үй бүлөөлүк, туугандык стеоретипти бузуп чыгып, чыгармачылыкка биротоло баш байлоо эмне экенин алгач таасын түшүнгөнсүдүм. Бул өтө оор, машакаттуу, анан калса кумарлуу тагдыр экен.
Ошентип, убараланып, ичимен күйүп жүрүп убакытты создуктуруп жиберген көрүнөм, эки жак тең демитип жообумду сурай баштады. Бүлөөмө айтсам экөөнү тең жуутпайт. Чыны, өзүм телерадиого жаңы, жаш замандаштар менен иштөөгө көңүлдөндүм. Газетадан баш тартып, телерадиого баш редактор болуп бардым. Барсам, реформалайбыз деп будуң чаң түшүп атышыптыр. Радиодогу бир нече редакцияларды бириктирип радиону эки гана бирикме кылып коюптур. Мен адабий драмалык, музыкалык, балдар редакциялары, радионун камералык хору, оркестри, режиссерлор тобу бириктирилген «көркөм драмалык» чоң бирикмеге баш редактор болуп калдым. Үч орунбасарым бар экен. Реформанын күңгөй тескейи көп болот эмеспи. Анын үстүндө калыптанып калган советтик стереотипти бузуш, жаңылаш оңойго турган жок. Барганда эле жаштардан адабиятка таланттуу акын Барчынбек Бугубаевди, Алтынай Темированы, музыкалык редакцияга эл оозуна алынып калган жаш өнөрпоз Роза Аманованы ж.б. кызматка алдым.
Кыргызда «аккан арыктан суу агат» – деген кеп бар эмеспи. Розанын таланты жөн жерден чыкпаптыр. Анын башаты кандан канга келаткан мурас экен. Розанын чыкканда эле дастанчы катары шаңшып, көкөлөп көпчүлүктүн көзүнө түшкөнүнүн, чыгармачылык жолу акжолтой болгонунун себеби табиятынан угуту күчтүү тура. Себеби, рухий жандүйнөсү бай, айыл шайыры апасы Маржанкүл энеден касиет келген көрүнөт. Маржанкүл апа кезегинде айтылуу Токтогулдун устаты болгон чоң комузчу, ырчы Чоңмурундун кызы экен. Анан кантип эбепке себеп, таалими, таасири болбосун. Ошондон улам Роза комузду 5-6 жашында эле кадимкидей чертип чоңоёт. Устаты өз энеси болгон талант чыныгы тубаса талант болот.
Байкашымда Роза ойлогонун тартынбай айткан, ачык айрым мүнөзү бар, шар адам өңдөндү. Аны менен мени Байма Сүтөнова тааныштырды да: «тың, өсө турган кыз» деди. Аны дайым комузун кабы менен көтөрүп шайыр жүргөн, көздөрү күлүп жаркырап турган жарык маанай, жазы маңдайын, тыкылдаган чыйрак мүнөзүн эстейм. Жолукканда булуттан чыккан күнгө окшоп жарк этип кашкая күлүп коет. Анан кантип жигиттердин жүрөгү өрттөнбөсүн. Өрттөнсүн! Мындай рухий касиети бар адамдар чанда чыгат. Ошон үчүн адам тартылат да. «Жакшы элге бат сиңет» дегендей, ал өзүнүн тырышчаактыгы, оригиналдуулугу менен эл көзүнө бат эле түштү. Аты басма сөздө, эл арасында байма бай атала баштады. «Ары бар абийир күтөт» дегендей, мандалактай жаш туруп жаңы заманды сергек, тез кабыл алды дагы бир топ бут тосууларга карабай башын биротоло чыгармачылыкка байлап (ичинен миң ирет азаптарга жолукса да) байма-бай гастролдорго чыга баштады. Ал убакта көбүнчө уккан адамды жашыткан муңдуу «Өрүк комуз» ырын, «Ооган ыйындагы» жалгыз уулунан ажыраган эненин зарын, кайгысын жогорку чеберчиликте, улуттук колоритте аткарып элге ошо ырлары менен таанылып калган. Өсө турган кишинин өзүнө көп нерсе байланыштуу, «аракет кылсаң берекет» болот деп эл деле бекер айтпайт. Көшөрүп иштеп жүрдү. Турмуш өзү кагылтып, согултту көрүнөт. Турмуштан өткөн чоң тарбиячы жок эмеспи. Элди аралап калктын бай казынасын, чыгармачылык кенчин тааныды, өздөштүрдү.
Бир күнү жаңы жыл кечинде жамаат чоң залда жаңы жылды тосуп аткан эле, шарактаган, шалактап бийлегендердин арасынан жаркылдап суурулуп келип, ыйбалуу учурашып «эже үй алдым» деп кубана сүйүнчүлөдү. «Ырас болуптур, болсун!» дедим жетине албай. Акыры шайманды оодарган түйшүктүү гастролдорунун мээнети кайткан экен. Ошол учурда эл жаңы доорго көнө албай, атүгүл базарда тиш жуугуч, самын жок, көп нерсе таңсыкка айланып эл каржалып, мөгдөп турган кыйын кезең эле. «Адал адам - адамдын гана адамы эмес, ааламдын адамы» эмеспи. Чырактай, тал чыбыктай жаш туруп эрте жетилип, өзүн тез бутуна тургузган, жашоого куштарлана умтулган, тынымсыз түйшүктөнүп, изденип, аракеттенген, жол издеген, дээринен бышык, тирикарак, ушундай эстүү Розаны жакшы көрүп ичим жылып калды. Мындай жаш кыздар эмес, кыйынмын деген далай талтөөндөй эркектер айласын таппай, чөгүп отуруп калганда карасаң тирикарактыгын, өз уясын өзү салып башына баш калка жасап алганын. Азамат экен!-дедим ичимден. «Эмгек иштегенге имерилет, бакыт издегенге багынат» деген чын экен го. Негизи, ушундай туруктуу мүнөзү бар, жашоого дилгир адамдар тез өсөт, дүйнөнү өзгөртөт, өз тагдырын өзү калчай алат, коомду дагы тазалайт деп ойлодум. Деги тоонун кыздары кыйын, тың келет.
Азыр ошол кичи пейил, ачык айрым, адамкерчиликтүү «ойлогону оңунан чыккандын ооматы жүрөт» болгон Роза Аманова бат эле «Республиканын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наамга жеткен, Улуттук Консерваторияны бүткөн дасыккан таңшык ырчы, мыкты дастанчы, чебер комузчу, арген обончу болду. Ал өз тагдырын, көкөлөгөн талантын тубаса шыгы, кызылдай мээнети менен өзү жасады. Ал тыным албаган тырышчаактыгынын акыбети, табият ыроологон талантынын шарапаты. Кийин ойлодум: деги искусство таланттары жайлоодогу жашыл гүлдөй бүрү түшө электе элге эрте, гүлгүндөй кезинде көрүнүп, сабалап иштеп, сапаттуу иштерди бүтүрүп калыш керек экен деп. Шашпаса талант жалкоолонуп колдон суурулуп кеткен учурлар да кездешет. «Баркыңды билгенди баала, кадырыңды билгенди каала» дегендей, мен Розанын Анатай Өмүркановдун сөзүнө жазылган «Мен сени сагынгым келет» деген жүрөк көйгөйүн козгоп дирилдеген сезимтал ырын уккан сайын уккум келет. Кумарым канбайт. Жанды жай алдырбаган, сагынткан, кусаланткан, эркелеген, жан дүйнөңдү убайымдаган жүрөгүңө катылган асылың болгону кандай жакшы. Качан болсо ага таяна аласың, ал – опол тоодой жөлөк болсо, кысталганда кеңешчиң болсо гана, атаганат! Бул ырдын Алматыдан тартылган клиби да мыкты чыккан. Көңүл ыргагын терметкен мындай лирикалык ойчул, жакындыкты эске салган табиттүү ырлар кийинки кезде аз.
Мезгил өтө анын чеберчилиги улам жогорулап эл сүймөнчүлүгүнө арзыды. Барпынын жүрөктү бүлкүлдөткөн ашыглык ыры «Өзгөчөмдү» келиштире ийине жете аткарып, ага жаңы өмүр, боёк берди. Чынында эле Розанын аткаруусундагы «Өзгөчөмдүн» көп өзгөчөлүгү, аткаруу ыкмасында жаңы табылгалары бар. Азыр элдер ооздон түшүрбөгөн «Жүрөктү жалын чырмады» деген ыры чоң жетишкендикке жетти. «Жүрөктөн чыккан нерсе жүрөккө жетет» дегендей, бул ырга Розанын карлыгачтай кагылган кашы, бир аз жылмайыңкы, күлүмсүрөгөн элесине куп гана жарашып, бул ырды оболотуп созуп жатканда кудум чоң манасчылардай образга кирип аны менен кошо сен да байкабай кошулуп ырдайсың. Жүрөгүң дирилдеп дует болосуң, кантип ырдап ийгениңди билбей каласың. Көңүл оболоткон керемет таланттын күчү ошондо болот турбайбы. Чын эле Кытайдагы кыргыздардын бул ыры Розанын аткаруусунда бактысы, ажары ачылып бүтүн кыргыз элинин рухий күлазыгына айланды. Аткаруучусу жарашпаса көңүл отун козгогон андай ырлар дайым эле эл ышкысына түшө бербейт. Ал үчүн күйүп, жанып, төгүлүп ырдаш керек.
Дүйнөлүк адабиятта Жеңижок, Арстанбек айткан «Аккан суудан» өткөн улуу шедевр жок болсо керек. «Ой кууган оомат табат» болуп Розанын төгүп ырдаган «Агын суу» анын жаркын талантын далилдеген, шыгын, табитин аныктаган, аны өлбөстүккө, түбөлүккө айланткан залкар ырлардын бири. «Жылуу сөздөн, ыйман дил эрип турат» демекчи, «Ынтымак», «Ала тоо көрккө келбейт эл болбосо», А.Кадыровдун «Өмүрлүк жарыма», Б.Бадыкеевдин «Дайның барбы?», казак обончусу К.Дүйсекеевдин «Карагым-ай» деген ырларын көркүнө чыгара аткарып элге таасын таанылды. Бул ырларды укканда дүйнөгө куштарланып, сергип, көңүлүң көккө серпилип, эргип, жашоонун, турмуштун улуулугун, сулуулугун, асылдыгын сезесиң. Мындай пикирлерди Розанын тубаса талантына таазим эткендер ачык эле айтып, жазып жүрүшөт.
Азыр жаштар арасында байыркы элдик чыгармачылыктын салтын чындап уланткан, ага баш отун сайып кесип кылган таланттар аз, тийип качып мамиле кылганы кыйла. Үн байлыгын, рухий дараметин элдик дастандарга арнаган Розанын чыгармачылыгы ак тилек айткан колдоого гана арзыйт. Розанын «Курманбек» эпосу баштаган 7 компак-дискасы чыкканын, анын чыгармачылыгына олуттуу бурулуш болгонун гезиттен окуп курсант болдум. Баракелде, азамат! Анткени, 1988-жылдары тарыхый «Курманбек» баатырды изилдеп Түштүккө далай баргам. Көпкө изилдеп жүргөнүм эсте. Ал табылгалар жөнүндө убагында «Кыргызстан маданияты» газетасына да 1989-ж. «Курманбек баатырдын мүрзөсү...» деп өз пикиримди жазып, көтөрүп чыктым эле. Сузактан Ади Өмүралы улуу аксакалдын айтуусунда «Курманбек» эпосунун айрым үзүндүлөрүн жаздырып келип, эфирден далай берип, анан радионун алтын фондусуна алдырып койгом.
«Карлыгач» компак дискасында «көңүлдүн черин сөз жазат», «жакшы сөз жанга жагым» дегендей, санат ырлары менен дастандардан үзүндүлөрдү топтоштуруптур. Сөз берметтерин жараткан залкарлар Тоголок Молдонун, Токтогулдун санаттары Роза Аманованын аткаруусунда ажарлары дагы бажырая ачылып, маңыздары байып, көркөмдүүлүгү кол жеткис бийиктиктерге көтөрүлүптүр деп баа бериптир бакыйган музыка изилдөөчү. Калет жок, адил, ак сөз! Жакшыны убагында жакшы деп айтып, көңүлүн көтөрүп дем бергенге, сүрөгөнгө не жетсиң.
Көөнөрбөс, өчпөс дастандардын бири Розанын аткаруусундагы «Олжобай менен Кишимжандын» үзүндөлөрү. Элдик тембрге үнү дал келген Роза бул дастанды эргип, жалбырттап аткарыптыр, угуп ыраазы болдум. Бир топ өскөн экен. Бая «темирди эриткен көмүр, адамды эриткен көңүл» демекчи, эзелтен дастан, эпосторду жалаң эркектер аткарып көнүмүш болуп калган элге Розанын так, даана айтылган, куюлушкан уккулуктуу үнү уккан кулактын кычуусун кандырат. Сүйүү баяны, элдин каада салты, түшүнүгү, ошол учурдагы тарыхый кырдаал көз алдыңа келет. Бул аткарууда өзүнүн аваздык өзгөчөлүгү даана байкалат. Анан калса Роза өзү дагы комузду мыкты черте билгенге көркү ачылыптыр.
Мени өзгөчө ойго салган Розанын кыргыздын кайталангыс жаркын таланты, өктөөсү өзү менен кеткен өнөксүз мөл сулуусу Таттыбүбүнүн элесине арналган «Арманда кетти бир Ак куу» (композитор Сталбек Бактыгуловдуку) ырын чоң чеберчиликте муңкана аткаргандыгы болду. Катуу таасир этип, жаралуу куштай көпкө жандүйнөм жай албай арманда удургуп турдум. Кейидим. Менин көз алдыма арманда кеткен бир эмес Акмөөр, Бүбүсайра, Татыбүбү үч эжем тартылды. Кайран гана бир кылымда бир келген касиеттүү кереметтер! Талантка айла жок экен го, канчалык изденген сайын ошончолук бу турмуштун бир бүктөмү, кыры ачыла берет тура. Тообо, бу түбүң түшкөн турмуштун арманын көптүгүн айт да, асылынын аздыгын айт. Канча ирет көшүлө уксаң да кайра-кайра угуудан тажабаган, уккусун келтирип саматтырган, эңсеттирген ырлар болот экен. Ошол ырлар мен үчүн Розанын аткаруусундагы «Мен сени сагынгым келет», «Армандуу кетти бир аккуу», «Жүрөктү жалын чырмады» ырлары. Укканда кайгып тээ далай ойлорго түшүп түйшөлөм, эргүүмдү жашыра албайм, сезимимди терметет. Кайсы учур болбосун радиодон, теледен берилип калса кир жууп жатсам да же чыгарма жазып отурсам да, көртирликтин кайсы бирин жасап отурбайын ошол учурда баарын, баарын жыйыштырып коюп саамга сеп алып атайын барып көрөм, дымып угам. Угуп боюм уйгу-туйгу түшүп, санаам санга, оюм онго бөлүнүп оюм ойдолойт, бул жашоонун маңызына дагы бир үңүлүп, ичимен түтөйм. Же түтөчү себеп жок беле?! Көз алдыма армандуу, кусалыкка баткан, коргоону, аздектөөнү күткөн айдай жүздөр, жалжал көздөр, наздуу, шайыр, ардактуу мүнөздөр, келишкен керемет асылкечтер, бийкечтер эсиме түшөт. Анан, атам бир кез айтчудай «атаңдын көрү дүнүйө...» деп шуу этип үшкүрөм. Кол менен кармагыс, кайталангыс бул учурду эмнеге ардактабайбыз? Эмнеге шашып жашайбыз? Неге баарыбыз бири бирибизге көңүл кошпус? дейм да. Байкаган адамга Роза ар бир эле ырын өтө кумарлана ар бир ыргагына ички сезимин айкалыштырып жанын сала бүт дитин коюп ырдайт экен. Дал ушунун өзү көп ырчыларда жетишпейт. Мага өзгөчө анын сөз кадырын билип, сөздөрдүн маңыздуусун, кадырлуусун, ысык ырыстуусун тандап алганы жакты. Кээ бирөөлөр маанисиз сөзгө жазылган ырды ырдап ыры ошо аткарар замат өлүп калат. Ырдын касиети, көркү, тузу ошо таасын сөзүндө, кайталангыс кайрыктарында эмеспи. Сөз тандай билгендик — чоң даярдыктан кабар берет.
Кыргыздын кенже эпосу «Курманбектин» Розанын аткаруусундагы 6 компак-дискасынын чыгышы адабият маданияттагы чоң жаңылык болду. Эпостун эң кызыктуу окуяларын өзгөчө изденип, бийик көркөмдүктө аткарыптыр. Башка дастанчы-айтуучулардан айырмасы Роза бир актердун театры кылып ар бир оң терс каармандарды окуянын жүрүшүнө жараша кулк мүнөздөрүн чагылдырган. Компак дисканын чыгышы — баатырдык дастанды өлтүрбөй, өчүрбөй муундан муунга сактап калууга көрүлгөн зор камкордук деп бааланышыбыз керек. Бул өзгөчө мектеп окуучуларына, жогорку окууда студенттер үчүн сабак өздөштүрүүдө чоң усул, жардам болмокчу. Менин оюмча муну орусча, англисче которуп ушундай диска кылып чет мамлекеттерге, коңшуларга таратса кыргыз эпосторун чоң пропагандалоо болот эле.
Кыргыздын талтөөндөй, бакандай кадырлуу нагыз музыка изилдөөчүсү, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, нускоочу Балбай Алагушев Розага ак батасын берип, анын чыгармачылыгын жиликтеп иликтеп келип «Таңшы, Роза!» деген макаласында Розанын «Курманбек» эпосун аткарганына мындайча калыс, акыйкат баасын бериптир: «Роза оң каармандарга өзүнчө түстөгү, ыргактуулуктагы, боёктордогу, терс каарманга мүнөзүндөгүдөй, турпатындагыдай обондорду таап айтканы, эпостун наркын, баркын өзгөчө көркөмдүк бийиктикке жеткириптир. «Элден алып, элге бер» дегендей Роза «Курманбек» эпосунун оң, терс каармандарынын обондорунун өзөктөрүн элдик обондордун берметтеринен алыптыр. Аларды ал өтө кылдаттыкка, артыкча устаттыкка иштеп чыгыптыр». «Алсак компак дискалардын топтому 13, экинчиси 16, үчүнчүсү 8, төртүнчүсү 10, бешинчиси 11 темаларга бөлүнүп берилиптир. Р. Аманованын айтуусунда «Курманбек» эпосу дагы бир жолу кол жеткис көркөмдүк бийиктикке көтөрүлүп, айтуучулуктун жаңы баракчасын ачыптыр». Бул өз учурунда айтылган акыйкат, таасын баа.
Роза элдин көз алдында өстү. Алматыдагы Курмангазы атындагы музыкалык консерваторияда стажировкада жүрдү. Ал Казакстандын мамлекеттик консерваториясынын аспирантурасын ийгиликтүү бүтүп, тунгуч ирет кыргыздын этномузыкасы боюнча илимий диссертация жазып бул жагынан көп кырдуу талант катары илимди жылоолоп жүрөт. Келечеги кең, эл дагы андан көптү үмтөтөт. Азыр чыгармачылыгы шактап, мөмөлөп, болуп-толуп турган убагы. Талантты бөпөлөбөсө бөксөрө берет, андайды турмуштан далай көрбөдүкпү. Көр оокат деп жүрүп чыгармачылыгын мертинтип алгандарды көрдүк. Албетте, ал өзүнчө трагедия. Анан калса эмне көп? «Өзүн дагы, өзгөнү да сүйбөгөн, майда жандар наалып өтөт дүйнөдөндөр» көбөйбөдүбү. Мээнеттенбесе бул дүйнө адамга мээнейби? Кудай жалгап, «жакшыны кыдыр жылоолойт» деген ушул, ошондой чүнчүгөндөрдөн Роза тирикарактыгынан аны кыйгап өтүптүр. Муну өзү өмүрдөгү бир утуш.
«Жакшы жар жайнаган дөөлөт» дегендей, ал үйдө асыл жар, кутман эне катары «эки тизгин бир чылбырды» бек кармап чыгармачылыгын таптап, өксүтпөй көкөлөтүп келатат. Дал ушундан жазбаш керек. «Эгерде болсо ынтымак, үйүңдө бакыт кулпурат» болуп, Розанын чыгармачылык катаал, татаал, түйшүктүү түйшүгүн жүрөгүнөн түшүнүп «жеңилин жерден, оорун колдон алган» балдардын атасы, жубайы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, илимдин доктору, академик Кубанычбек Мырзабековичке да ырахмат. Жибектей созулган сыпайылыгын, бийик интеллектин, «иш десе ичкен ашын жерге койгон» иштермандыгын, билгилигин беш жыл чогуу иштешип четин көрүп калбадыкпы. Кыйналып турганда колдогон опол тоодой жакшылыгы да миң алкышка татыйт. Ичимден ыраазы болуп өз бир тууганымдай сезем. Андай алаканга салып бөпөлөп, ардактап, кастарлап, кадырлап алган эр азаматка жолуккан жарда не арман?! Бирок, адам армансыз болчу беле, болсо чыгармачылык өктөөмө жетейин, элге түбөлүктүү, нарктуу, кундуу керемет эмгек жаратып кетейин деп эңсейттир, мындай тилек асыл арман эмеспи. Ылайым, өркүнүң, өрүшүң өссүн Роза! Чыгармачылык изденүүңдөн, кайталангыстыгыңдан танбай аз өмүрдө армансыз аракетиңди арбыта бер демекчимин! Бар бол!
2002-жыл, 3-июл
«САГЫНГАН ЖАНМЫН САГА ОКШОШ»
«Сынган көңүл сылык мамиледен айыгат»
«Жан сүйгөн доско жан кайыл»
«Ой кууган оомат табат»
(Кыргыз макалы)
Нукура көркөмдүк, асылдык чен-өлчөм менен таразалаганда чынчыл, назик поэзия кыргыз жазма адабиятында түпкүлүгү азыраак. Айгүл Узакованын поэзиясына таандык көрүнүш: «жазда жамгыр төккөндөй, жер жумшарып кеткендей» эле. Адамдагы аруу сезимди жан дүйнөсүнөн кылдат өткөрүп, өзүнүн тагдырындай күйүп-жанып акындык табият менен нукура чагылдырат. Ар бир сабында замандаштарынын ишенчээк ички дүйнөсү, оош-кыйыш, оомалуу төкмөлүү тагдыры сырлуу турмуш көрөңгөлөрү катылып жаткансыйт. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, жупунулана берип нукура поэзия жаратууда өлчөөсүз салым кошкон 80-90-жылдардагы муундагы кыздар поэзиясына ушул убакка чейин калыс, чыныгы баа берилбей келатат. Бул албетте өтө өкүнүчтүү!
Жүрөктү уялаган турмуштук сыр төгүү, түпкүлүгү чынчыл жана назик поэзия, мен кастарлаган, урматтап сүйгөн С. Акматбекова, Ш.Келдибекова, Р. Карагулова, Y. Маматова, А. Узакова, К. Сариева, Г. Шакирова, Ф. Абдалова, А. Темировалардын ж. б. ырларында уюп жатат. «Ыйманы тазага ырыс жугат» демекчи, алар ыйманына камчы чаппай, чынчылдыгы менен таасирдүү, баалуу, барктуу. «Сөзүңдү айт укканга, жан дилинен жукканга» дейт эл. Аларды окуган сайын моокумуң кана ойго термелесиң, көшүлөсүң, кээде үшкүрөсүң. Мындай тамшандырган касиет орус поээиясында Анна Ахматова менен Сергей Есенинде бар.
Айгул Узакованын лирикалык каарманы чеккен азаптарын мунайым ыргак менен кынаптап берет. Салыштыруулары жашоонун өзүндөй миң катмарлуу жана өтө жөнөкөй. Сезим кытыгылаган, ич дүйнөңдү бүлүнтүп, санаага чөктүргөн, ойго марыткан, муңканган ырлар анын негизги өзгөчөлүгү сыяктанат. Кандайдыр өткөн өмүргө өкүнүп, өзүн жубатуу эңсөө саптардан сызылып чыгып, жүрөккө агылып киргенсийт. Анын арзуу, ашыглык лирикасын окуганыңда жашоосу жалаң махабаттан тургансыйт. Түйүнү түйшөлткөн ойлор көп. Дегинкиси, А. Узакованын стили, чеберчилиги, өзгөчөлүгү өзүнчө изилдене тургaн дың.
«Айгул Узакованы качан биринчи жолу көрдүм эле?» деп ойлондум. 17 жашымда, аны Беганас Сартов жетектеген ийримден узун кара баркыт юбка кийип, ыр окуганда көрүпмүн. Ал ийримге болгону бир жолу гана бардым, бирок, үч адам эсимде калыптыр: Үрүниса Маматова, Сталбек Бактыгулов анан Айгүл эже. Экинчи жолу студент кезимде уктум. Бир комнатада мен, азыркы таланттуу акын Фатима Абдалова менен жашачумун. Сессиядан башыбызды көтөрө албай шайыбыз ооп, санааркап, түпөйүл болуп жүргөн күндөрдүн биринде эле Фатима:
«Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен».
«Анда сен эстей албай тааныш үндү,
Шарпылдак толкундарды сапырарсың.
Көздөрүң толуп кетип кусалыкка,
Обонун улуу жаздын чакырарсың...»
«Оюңузга салды бекен дүрбөлөң,
Ошондогу жашылданбай чечилүүм.
Эңсөө дагы болбой калып аралжы,
Эки келбес өмүрдөгү кечигүүм».
«Сизге болгон көңүлдөгү урматтоом,
Калаар дегем жакшы сырдай жабылуу.
Алаксуу да болбой калып аралжы,
Болот тура кээде минтип жабыгуу» – деп кайра-кайра жатка окуп, «бул Айгул Узакованын ыры, кандай сонун жазылган» деп эле жетине албай дирилдеп жүрдү. Эми ойлосом, кыз көкүрөгүнө көңүл кушу конуп «көрүү тургай, эстөө Сени зор бакыт, ал күнү мен алдым чок басып...» (Ф. Абдалова) болуп жүргөн окшойт. Анан ошол жалындуу жаштыкта А. Узакованы кумир туткан Ф. Абдалова анын ар бир чыккан ырын, өзгөчө жаккан ырларын көркүнө чыгара көркөм окуй берип кулагыбызга жат кылды. А кезде анын «кымбатыма алдым жасанып, шамал, шамал, бузба чачымды» деген обондуу ыры да популярдуу болуп жаштардын сүймөнчүлүгү эле. «Сүйүү кандуу дайра экенин» (Ш. Келдибекова) аңдап, туя элек жаш таланттар, баары эле «көл түстүү көйнөк кийип» сүйгөндөрүнө жолуккусу келишет, ошол азаптуу зор сүйүүнү эңсеп, күтүп, жандары калбай ага карандай Ода арнап да атышчу. Чындыгында «көл түстүү» деген салыштыруу А. Узакованын кыргыз поэзиясындагы чоң табылгасы. Ушул кадыресе, көп маанилүү сөз А. Осмоновдун көл жөнүндө новатордук табылгасына тете, тең. Анткени, көл асмандын түрүнө, ырайына карай түрдүү түс күтүп жандуу образды, ички күчтүү туюмду чагылдырат. Себеби, көл дайым жандуу, кайталангыс, ыйык.
Кийин, кыргыз акындарынан саясатташпаган таза, көркөм бир шиңгил окуш үчүн А. Узакованын сезимтал жан дүйнөнүн кыярбас кылдарын кылдат черткен, көңүлдү дирилдеткен, ылымсанатып түйшөлткөн муңайым ырларын күтчү болдум. Л. Пастернак айтмакчы: «Жүрөгүндө кири бар адам жакшы акын боло албайт» эмеспи. «Ички жоромолдоо сезимиң болсо, ошондой чыгарма жаралат окшобойбу» (К Жусупов).
«Дөөлөт кушу консо чымын башына, зымырык куш келээр күндө кашыңа» болуп, ырларынан баар таап, эл оозуна айланып, кумир тутулган А. Узакова өзүнүн артынан бир топ жаштарды өзүн тууратып «Сиз» дедиртип ээрчитип келди. Өзгөчө, аны туураган кыздардын көбү сылык болуп жатып калышкансыды. Таланттуу акындын «Жылдыздуу күз» (1980-ж.), «Кеч жарык» (1990-ж.), «Түнкү асман (1997-ж.) деген ырлар жыйнагын окуп отуруп тарткылыктуу өмүрдүн азап-түйшүгүн тарттырган аруу сезимин А. Осмонов жазгандай:
«Ал бир күч ырбай берген албууттанып,
Чырмалып миң толгонуп, миң буралып.
Махабат коңгуроолуу куш сыяктуу
Карматпай улам учкан шыңгыр салып» дегендей, ыр сабында ынак турмушту бөтөнчө арууланып жазса, көркүнө чыгат тура деген ойго такалдым. Кишинин кыялы, сөзүнүн күчү чексиз экен го.
«Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып, сүйгүм келет кээде өзүңө багынып» (Алыкул «Аялга») деп эркектер ачык айта алган менен назик кыялдуу, ыйбаалуу кыздар поэзиясы буулугуп гана кыйытышчу, четин чыгарчу. Анын үстүнө, идеология дагы оптимисттик ырларды жазууну талап кылчу да. Бу чыгармачыл адамдар кызык экен, түрдүү пикирлерди айтып кишини миң толгонтот. М: орустун улуу жазуучусу И. С. Тургенев: «Бактылуу болгуң келеби? Анда эмесе элден мурун кайгырганды үйрөн» деп үндөйт. Эгер муну Тургенев эмес, башка айтканда ким билет, эмне деп сынтакмакпыс же мазактамакпыс, бирок, анын сөзүнүн өзөгү тереңде тээ түпкүрүндө жатат.
Анын Рыспай Абдыкадыровдун аткаруусундагы «Уктатпачы мени жазгы жаан», «Сагынган жанмын сага окшош», «Өгөйү болдум сүйүүнүн», «Болсо керек жумшак сагыныч» ж. б. обондуу ырлары жүрөк отун тутанткан кусалыкка, сагынычка жык толгон. Көңүл эргиткен ыйык сырларды төгөт. «Ызада калган, кусада калган учурдун толкунун жиреп, баардыгын баштан кечирет». «Жаз менен жаркып, ар кимдер тоссо бакытын, жанында жүрүп сүйүүнүн өгөйү» болгонун баяндайт.
Элдин «ар жалгыздык башта бар, ар кыл азап башта бар» дегениндей «Сен жана Жаз», «Сиз жана Күз» ырлар түрмөгүндө дилиндеги ыймандай сырын ачты. Арзууга арууланган жан сүйгөнүнө романтикалык ишеним менен түбөлүк ынанып бардык жаман сөздөн, көздөн аны калкалап канатын канга малат тура.
«Жакынсынып досторум тилдесе да,
Шагым сынып, көңүлүм кирдесе да,
Сага деген сезим бар, мен тана албас,
Аны чындап жүрөгүң билбесе да» деп ичинен тынат.
Чиркин десең, ар акын эле ыймандай сырын төгүп чыныгы поэзия жарата бербейт. «Ортобузга эч бир сөздөр айтылбайт, а мүнөттер эмнегедир кымбаттуу». Минтип сүйүшкөн жүрөктөр гана түшүнө алат эмеспи бирин бири.
«Мен Сизди аяр карап чоочундагам:
Кымбат бир асыл жанга кантип барам».
«Мен Сизге күздөй коңур көңүл менен,
Сагыныч үйүп алып келген элем»
«Сен кантип унутат деп жүрдүң экен,
Күз мага тагдыр болуп жолукканды».
«Күз жөнүндө санаа тартып Сиз деле,
Жашылданат турбайсызбы алдыртан».
«Гүлдүү жерден узатып чыксам дагы,
Жолуңузга гүлдесте үзө албаймын.
Мага жакын сезилген кубанычтан
Көп айбыгып, негедир ушундаймын».
Сүйүүнүн күчү керемет тура, өз сүйүүсүнөн айбыкпаган пенде эч нерседен айбыкпайт го. Ф. Абдалованын: «Суктануудан сууган окшойт көңүлүм» деген ырындай «дайындуу бир чындык тилеп үйрөнгөн, бу дайыны жок турмуш деген немеден» (Р. Карагулова) көңүл калуу дагы көп болот шекилдүү. Ыйман дагы таңсыкка айланып көкүрөккө бүлүк caлган учур турмушта көп кездешет эмеспи.
Ошондон го, автордун лирикалык каарманы бушаймандана: «Азап түшүп турган чакта башыма, басып кетер жанды дос деп күтүпмүн» деп күйүнөт. Бирок, «кордуксуз өмүрдүн кызыгы жок, Кайгынын дабасы эмне? Кайрат кылуу!» (Алыкул). А дегинкиси, «сүйүүгө сүйүү гана даба болот, сооротуу, ырбатуу жара болот» (Гургани) деген ой бар. Мындай жабыгуу кылдарын черткен кыргыздын мыкты акыны Шербет Келдибекова өзүнчө ой жоруп, маселени кабыргасынан коет:
«Эзет кайгы, эзет жанды, сен айтчы
Жат тагдырлуу жанды неге сүйгөнүм» деп. Дегеле көңүлдү эзген, адамды куураткан терс кайрыктар турмушта жыш тура. Сагын Акматбекова буга токтоолук менен баам таштагансыйт:
«Кир, нурдуу дүйнөңөргө бир келип, бир кетемин», «уютуп улуу муңга көкүрөгүм, үстүнөн өттүм биздин көпүрөнүн» деп улуулукка басым жасайт. Деги өз туюму, пикири бар таланттар өз тагдырынын оош-кыйышынан, сезим ыргактарынан Поэзия мунарасын куруп, ыр саптарына өмүрүнүн учкаяк тарыхын калтырышат окшойт. Бул жайында «Өгөөгө бергис бүлөө бар, экөөгө бергис бирөө бар» айжаркын акын А.Узакова:
«Мен эмне жүрдүм экен мынча чыдап,
«Көңүлгө үйүп алып улутунуу».
«Өкүнгөн жокмун, өзүңсүң ката кетирген,
Өксүгөн менен өнөрлүү болуп келем мен» деп жүйөөлүү жыйынтык чыгарат. Ошентсе дагы сезим кургур жүйөөлүү да болобу? Ал бир табият таңуулаган таңгыс тагдыр да! Жашоосуна каниет кылып, ыйбаа караган лирик өмүрдө бир келген Улуу сезимдин кордугун көтөрө албай, ыйлактап жамандабай, өзгөлөрдү күнөөлөбөй, кайра өз шыбагасына буюрган тагдырын, жеке керт башынын кызыкчылыгын курмандыкка чалбай, махабатын аздектеп, бапестеп, суйсалта багып сырдуу обонго салган. Даап, «өзгөгө сени бергиче, өлүгүм чыксын койнуңдан» (Коргол) дей албай, ичинен сызып: «Бир өмүрдө эки башка жол менен, бир сүйүүнү жоктоп өтөт окшойбуз» деп ыйбаа кылып, жумшак муңаят. Дал ушунун өзү кыргыз кыздарынын ички мүнөзү, толгонуусу жана улуттук өзгөчөлүгү го.
«Өмүр бою өзүңдү ырдап келатсам,
Өктөм тагдыр өз жолунан тайган жок.
Сары ооруда саргайганым сезбестен,
Кимдер гана кеп кылышпай калган жок».
«Өзүмдөгү бир утуш» ырындагы бул caптар сүйгөнүн кадырлаган лирикалык каармандын туруктуулугун, сезим тазалыгын сактоого өмүр бою күрөшкөнүнөн кабар берет. Махабаттын улуу ыры десе дагы жарашат. Убайым, санаа аны миң түр ойго тарткан менен сүйгөнүнүн караанына кагылып аны бардык суук көз караштан коргойт, баарына кайыл болот. Жоготуу ызасы оор арман дечи. «Жылдызым түшүп жыя албай турам эсимди, талашаар бактым, таймашаар күндү күтпөгөм» (К. Баркыжокова) деген учур азбы бу өмүрдө?! Кантсе дагы турмуш мерез, шору көп. Көкүрөктө оор күрсүнүүнү, өксүүнү калтырып өмүрдү жеген, кечиккен бакыт мезгилди, жалбырттаган жаштыкты утту. «Кечигүүнүн түйшүгүнө көп түткөн, мен күтүүнүн баркын билээр жан элем» деп каарманыбыэ ичтен тынат. Жылт эткен кыялга алдырып, мүмкүн жолуксак, чер жазып сырдашсак, бирибизди-бирибиз түшүнсөк: «Мен буюгуп турган жолдо эки анжы, балким шаңк деп бир ачылмак асманым» деп үмүттөнөт. Сүйгөнүн самап сагынуу эмне деген оор азап! А сүйүүдөн «кирдеп калат кээде көңүлдөр, кечирими деле бар туруп» (М. Осмонкулова) болбойт экен. Жуулуп, чайылып үмүткө багынат тура. Махабаттан айрылуу көңүл чөгөргөн жагымсыз сезим. Аны керемет акын Роза Карагулова таасын чагылдырган «Анан кантсин, кайгы эмеспи адамга, издегенин таппай өтүү дүйнөдөн...». Көрсө сүйүү Бакыт эле эмес, арыбас арман, бүтпөс ыр экен. Көңүл кушун алаксытып, «кыял мага кылат далай санатты» (Р К.) деген чын окшойт.
«Мен балким жалгыз-жарым атка конуп,
Жашаармын сен көргөндөн башка болуп
Сен кейибе мени жалгыз экен деп,
зор турмуштун оңу менен солунда.
Кандай күнгө калса дагы айныбай,
бир сүйүүнүн оту жанат жолумда» деп эми моюн бербей чыйралат. Тагдыры кошулбагандардын арманы аттын башындай, ошентсе дагы сабыр жеңет. Акылга калчап, тагдырына моюн сунат. Анткени, акындын лирикалык каарманы: Күз түнөгөн көңүлүм кыярып келсе, көңүлүмдү алагды кылып шарап куйба, бушайман болуп сооротпо, мен андай санаадан эчак кайткам, сендеги сергек мүнөздү сагынып келдим,-дейт. Ылымсанап, боор толгосо да жашыбайт. Узун күн менен түш көрүү чындап жадаткан кусалык, жалгыздыкты бөксөрткүсү келип «Аз өмүр үчүн көп койдум окшойт жаңылып, кечигип сезип, бул күндүн баркын бир келген» деп бүтүм чыгарып, чын дилинен сырдашат. Пенденин турмушунда жүрөк элжиреткен, көңүл толкуткан таза сезимди сактоо кымбатка турат го.
«Бүк түшүп күткөн күндөргө берип эркиндик,
Жаңылгам катуу жандырып түгөл сырымды.
Айдады шамал касыма, доско карабай,
Түтөсөм ичтен бактыма салып сыртымды».
«Тагдырым баштап кеч калган ушул тар жолдо,
Акылга эмес, санаага көңүл алдырат».
«Мен эми кайра жанбаймын көңүл отуна,
Күйгүзүп тынды жүрөктү эзген бул санаа».
Алп махабат жалынына кабылган, ашыглыкка ак урган, ага жетпей сыздаган, күйүп-күйүп күл болгон байкуш жүрөк сыздабаганда кантет? Күйүттү ыр менен басуу, ага чыдоо насили баатыр инсандын гана колунан келет. Жан кыйноого туш кылган алоо махабатпы?! Бул эмне? Туш болгон тагдырын намыстанып жаап-жашыруу, будамайлоо көп чыгармачыл инсандарга мурун таандык болуучу. Алар муну майда тема деп эсептеп, куру оптимизм, жалган саясатты даңазалоогo, бир жактуу баалоого оошкон. Көрсө дүйнөнү кабылдоону, чагылдырууну жон териң менен сезиш керек турбайсыңбы. Ушуга келгенде биздин акын ооруп турган көңүлүн муңайым айтат, жаап-жашырбай улам ачылат. Анын өзгөчөлүгү ушул. Баса, «Барсыңбы?» деп бирөө жүрөт жол жакта, бардыгынан аша кечип олтурсам» (Р. Карагулова) дегендей, «канча жылдык баш ооруга айланып, көкүрөктөн кетпей жүргөн бир элести» түбөлүк куштарланган, обонго салып башкаларды дүрбөткөн бул кандай касиет? Махабатпы?! «Канча баатыр, канча 6oлсун акылман, ким сүйүүнү багындырган күч менен?» (Ү.Маматова) Эч ким! Акыйкатта адам: «Сага алданып калганыма өкүнбөй сага ишенип алганыма өкүнөм» (Ф. Абдалова) дейт. Ушул чынбы? Арийне, турмуш көп буйткалуу, анын баарынын себебин ким чечмелеп отурмак эле...
Өмүрдөгү биз узаган алыстык,
Кайра тартар кыял эмес буюккан.
Кайсалаткан кездери көп тагдырдын,
Кимдер танып, ким бар дейсиз унуткан»
же
«Канткенде гана кайрылгыс унут калтырам,
Кайдыгер жанга табыштап койгон күндөрдү».
дейт автор. Мындай таасын поэзияны А. Узакова гана жаратышы мүмкүн. «Тиштин сырын тил билет» дегендей, «калды менде эсеп жеткис тирүү муң, ким бирөөгө бөлүшүүнү тилеген» (Р. Карагулова) болуп жүрүп мезгил өткөнүн элес албай, жалбырттап жүрүп жүрөгүн ооруткан акын «Жүрөгүм менен сүйлөшүү» деген ырында минтет.
«Азыр эмес. Азыр - оорубагын сен.
Азабымды тартып бүтө элекмин мен.
Айгай салган ушул албуут заманда,
Жалгызыма али керектирмин мен...»
же
«Тайыз түшкөн кайыгымды караандап,
Толкун жээктеп, чыйралайын мен» дейт. Бул уникалдуу саптар жалпы адамзатка тиешелүүлүгү менен баалуу. Бул өлбөстүккө умтулуу эмес, өмүргө куштарлануу, жашоого кумарлануу, келечекке жоопкер болуу. Асыл нарк кандай максатка умтулганы, аткарылганы менен ченелип өлчөнөт эмеспи.
«Түнкү асман» жыйнагындагы «Нурдинге» деген ырды алгач газетадан окуганда толуп-ташып, жүрөгүм туйлап кеткени эсимде. Кундуу ыр. Насаат сөз. Уулуна арналган осуят.
«Тегиңди теңине албас теңтуш чыкса,
Телмирип, жер карабай бийик болгун.
Тектүүнүн бир жаманы болгонуңча
Акыл-эс, билимиңди бийик койгун».
«Байлыгың башың менен ченелээрин,
Каралдым, эмитеден билип койгун».
«Мени да кеп кылышаар сага кийин,
Турмуш - бул өйдө төмөн кызык чийин.
Тагдырым сенде жана ырларымда,
Калганын сезип, баалап өзүң билгин» дейт. Бул не деген акыйкат ачылуу! Дит багып, өмүр өтөлгөсүнө баа берүүдө. Жанагы чынчылдык дегенимдин бир учугу ушерде жатат. Кантип эле, өмүр деген аманат экенин кеч түшүндүк?! Табият киши эрежелерине баш ийеби? Анда бу турмуштун кызыкчылыгы не?
Адабиятчы болбогондон кийин А.Узакованы акын, адам катары ачууда чабалдык кылам го. Анткени, ыр - анын тагдыры. Кылымга сөзү калчу керемет акын Айгүл Узакованын мөлтүр кашка, ажайып нукура поэзиясын урматтаган чакан пикир бөлүшүүмдү мен кадырлап сүйгөн, кебелбес мыкты акын Роза Карагулованын теңдешсиз баалуу ыры менен символикалуу жыйынтыктайм:
«Өмүрдүн баары жаралса жалкы ааламга,
Тынчыбай алар түгөйүн издейт эмнеге,
Табылса танат, себеби аны ким билсин?»
Кейишет анан, кейүүчү себеп аз беле?..
Махабат, сени макташса жүрдүк ишенип,
Мээрбан десе, мээримдүү жылан экенсиң.
Умтулуп сага көп күйүп жатат жүрөктөр
Тана алгыс кылып баркына кимдин жетесиң?» («Капчыгай»)
2001-жыл, март,
«Асылзат» газетасы
Достарыңызбен бөлісу: |