Профессор Болжурова
«Издене бергенден из калат»
«Билимди билгенден, бийикти көргөндөн сура»
«Көз көрбөгөндү көңүл билет»
«Баасына жараша – барк,
насилине жараша – нарк»
«Жакшы жар – жайнаган дөөлөт»
(Кыргыз макалы)
Мен Ишенгүл Садыковнаны 20 жылдан ашык билем, анын он жылын бир институтта чогуу иштөө менен өткөрдүк. Билгеним ушу: «Эстүүнүн эне тут» дегендей эле бар. Ошондуктан, өзгөчө сыйлайм. Ылайым асыл башы аман жүрүп, бар болсун! Бийик адамкерчилиги, жетекчилик айкөлдүгү, кенендиги, шардыгы, билиминин тереңдиги, кылдат мамилеси менен айырмаланат. Бир кезде партияга өтүп жатканда дагы бир ооз жакшы сөзүн айтып, мага рекомендация берген устаттын бири. Оор басырыктуулугу, бала дегенде үзүлүп түшкөн энелик мээрими, жубайга карамдуулугу, барктай билгендиги жагынан дагы алдына адам чыгарбас зайыптын асылы. Өзгөчөлүгү: бир тыным албаган жеткен мээнеткеч, бир ишти баштаса аягына чейин майын чыгара иштеген аракетчил, андан оң жыйынтык чыгарган өлөрман, өтө принципиалдуу инсан. Намыскөйлүгү ченде жок, иш бүтмөйүн түйшүктөнгөнү түйшүктөнгөн, эл бир эсе иштесе ал беш эсе көп иштеп жаны сеп албайт. Дээринен активист, калыс, жумушунда компетенттүү. Ал үчүн майда нерсе жок, кыбыр эткендин баарына көңүл бурат. Ал мындай кудуретти, энергияны кайдан алат билбейм, таңкалам. Анткени, ошол жылдары мен журналист катары кыргыз улуту, мамлекети үчүн башы ачыла элек чыр, батынып айтылбаган көйгөйлүү саясий жабык темалар боюнча «эмгектүүнүн эмгеги байлык, билимдүүнүн пикири байлык» дегендей, аны менен бир нече жолу аңгемелешкем, айрымдарында интервью даярдап газеталарга чыгаргам. Социалдык экономикалык маселелер боюнча жер-жерлерди бирге кыдырганбыз. Ошондо чын ыкласынан энедей күйүп-бышып баарына таза, жеткилең, индивидуалдуу караган асылзаадалыгын байкагам.
Тегинен саясатчыл, дипломат, уюштургуч. Ишенгүл Садыковна тубаса зээндүү, дээрлүү патриот жетекчи. Анткени, «тыянак чыгара турган максатты көздөгөн акыл-баарынан мыкты акыл» (В. Гете) эмеспи. Мындай инсандарды мезгил өзү тандап чыгарат. Кудай бийик акыл-эсти, орошон көрөңгөнү ошон үчүн жаратат тура. Бекеринен чоң окуу жайларында көзгө басаар жалгыз аял ректор болбосо керек. А мүмкүн чоң кайын энеси Курманжан датка энебиздин арбагы колдоп, жылоолоп жүргөндүр. Мындайда мансабын байлыкка сатып алган, чиренген эркектерден көрө асыл башы бар аялдын эле жетекчи болушу артыкпы деген ойго да кетесиң. Илгертен инсан катары изилдене турган көкүрөгүмдө образы бар.
Ишенгүл эже Түптүн Тасма айылында 1951-жылы туулуп, он бир балалуу үйдө өстү. Балдардын улуусу болгондуктан ата-энесинин тирөөчү болуп чоңойду. Мектепте алдыңкы окуучу болуп далай олимпиадаларга катышты. Ошентсе да, каникул учурунда иштөөчү. Биринчи жолу айлык алган күнү эсинен такыр кетпейт. Бешинчиден окуп жүргөндө, жайында кыркында иштеп 17 рубл алганы, ал акчага фарфор чайнек алып келип апасын кубантканы эсте. Сиңдилеринин баары жакшы ырдоочу. Бош убактыларында ата-энесине, кошуна колоңдорго концерт коюп беришчү. Балалыктын дүйнөсү таза, үмөткөр, кыялкеч болот эмеспи. Сиңдилери ыр аткарарда олуттуу какайып туруп минтип жарыялашчу экен:
— Баланча ырды СССРдин эл артисти Тажике Болжурова аткарат... Анан эң кичинекейи куштарлана көңүлдүү ырдачу. Беркилер шатырата кол чаап кубатташчу. Ошо мажрүм талдай назик, кичинекей кыздар азыр ар кимиси өз турмуш жолун улап балдарга эне, асыл жар.
Дүйнөлүк залкар жазуучу Л. Толстой «Тарбия менен билим берүүнү ажыратууга болбойт. Билимсиз кантип тарбия бере алат, ар бир берген билимдин тарбиялык мааниси болууга тийиш» дегендей, Садык ата элдин тарыхын, санжырасын жакшы билген куйма кулак сөзмөөр киши эле. Кечинде кобурап балдарына көп нерселерди айтып берчү. Бу келечектеги тарыхчы Ишенгүлгө таасир этип, жети атасынын ким экенин, кандай уруу аксакалдары бар экенин жаштайынан билип өстү. Көрсө чоң энеси Болду саяктын чоң манабынын кызы, чоң атасы Иманалы-белгилүү бий болуш экен. Көл өрөөнүнүн кадырлуу аксакалы, чоң таятасы Кыдыр аке 1903-жылы Санкт-Петербургка уюштуруу съездине барып келиптир. Ишенгүл мына ушуга окшогон турмуш сабагын алып, көкүрөгүнө аздектеп чоңойду.
М. Ауэзов айткандай: «Эл менен элди, киши менен кишини теңештирген нерсе — билим» эмеспи. Чет өлкөгө жана республикага кеңири белгилүү окумуштуу, көрүнүктүү коомдук ишмер, мыкты устат педагог, таланттуу ректор, профессор И.С. Болжурова 1973-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Анан М.В. Ломоносов атындагы мамлекеттик университетинин аспирантурасына өтүп К. Маркс (80 сом), Лениндик (100 сом) стипендия алып окуйт. Бүтөөрү менен кандидаттык диссертациясын коргойт.
«Согушта мылтык кандай керек болсо, жашоодо билим ошондой керек» (Н. Крупская) болуп, ошо Москвада окуп жүргөн жаштык кезинде көпкө умтулуп, түрдүү маданиятты түшүнүүгө дилгирлигинен арбын нерсени үйрөнүп калганга үлгүрдү. Мисалы, 1974-жылы Москвадагы Пушкин музейинде Леонардо да Винчинин «Мона Лиза» айтылуу нагыз сүрөтү көргөзмөгө коюлат. Сүрөт Парижден Японияга алынып кетип бараткандыктан, кыска мөөнөткө көргөзмө ачылыптыр. Көрөбүз деген каалоочулар көп, күнү кечке түгөнбөгөн кезек. Ошондо Ишенгүл эжелер амалданышып, бирге окуган индиялык курбу кыздарга кошулуп музейдин элчилер менен чет өлкөлүктөр кирүүчү башка эшигинен кирип көрүшүптүр. Кезексиз көрүүгө куштарлангандар «орусча билбейбиз» деп хиндиче сүйлөшүп алдашкандарын эстеп жылмайган.
Азыр эже кыргыз адабиятынын классиги, таланттуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин келини. Жаңыл, Айжан деген кыздары ата-энесинин жолун жолдоп илимдин, билимдин артынан түшкөн эстүү кыздар. Жаңыл Америкада Университеттен окуп ошо кездеги Президент Билл Клинттондон грамота алган. Москвада эл аралык байланыш институтунда магистратурада окуп, Борбордук Азия коопсуздугу боюнча диссертация жазып жүрөт дейт. Айжаны болсо Кыргыз-Славян университетинде алдыңкы студент. Ишенгүл эже жубайы менен жолдош кызынын үйүндө музыка угуп отуруп таанышып, бирин-бири жактырып үйлөнүшүптүр. Ишенгүл эжени жана анын кайын ата, кайын энесин билгендер жылуу пикирлерин айтышат. Эженин кайын энеси Кыргыз Республикасынын эл акыны, кыргыздын асылдары Жоомарттын, Муса Адышевдин жубайы Тенти Адышева эле. Тенти апа Ишенгүл эжени кызындай жакшы көрчү, зээндүүлүгүн, эстүүлүгүн, тирикарактыгын сыйлачу эле дешет билгендер. Акын Кубат ырдагандай:
«Койкоюп көлдө жуп аккуу сүзөт,
Соносу учат чүрөгүн күсөп,
Сулуулук толгон дүйнөнү жаным,
Ээрчишип жүргөн эгиздер түзөт» дегендей, жубайы Кулубек ага дагы кыргыздын мен деген жигиттеринен. Ал дагы илимдин доктору, профессор, философ жана лирик, журналисттик дагы таланты бар нагыз инттелигент. «Жакшы жар жайнаган дөөлөт» дегендей, бактылуулардын тагдыры биригет тура.
«Билимдүү болсоң озоорсуң, билимсиз болсоң осолсуң» деп эл бекер айтпаса керек. Профессор мырзайым кадыресе эле катардагы орус тил институнун республикадагы эң мыкты деген үч окуу жайынын бирине айлантып койду. Кадыр-баркы эл арасында өстү. 1997-ж. БГУ мамлекеттик аттестациядан ийгиликтүү өтүп, бардык адистикке даярдоого лицензия алышты. Университеттин курулушу оңдолду, жатаканалар капиталдык ремонттон өттү, окуу-техникалык база бүгүнкү заман талабына айкашты. Окутуучулардын курамы талапка жооп берет. 280 окутуучунун 73ү илимий даражага ээ жана 7 адам илимдин доктору, калганы илимий даражасы жок болгон менен илимий-педагогикалык иште чоң тажрыйбасы барлар. Акыркы эле беш жылда (1994-1998-жж.) университет тыштан 648 нуска басылма алды. Факультеттерде 40814 китеп бар. Келечекте ар бир адиске фундаменталдуу билим берүү толук кабинеттик системага өткөрүү планы турат. Акыйкатта, окуу жай олимпиадаларда дайым алдынкы орундарда келатат. Кезегинде Ф. Шиллер айтыптыр: «билимдин жыргалчылыгы үчүн жүрөгүн садага чапкан адам-жыргаган адам» деп, анысы кандай И.С. Болжурованын жеке инсандык байланышына, аракетине, мамиле түзө билгендигине байланыштуу БГУда чыгыш тануучулары, германисттерди, түркологдорду, арабисттерди ж.б. даярдоодо Корея, Индия, Израил, Түркия, Иран, АКШ, Германия, Жапания, Польша, Австрия жана КМШ өлкөлөрүнүн элчиликтери менен өз ара тыгыз мамиледе иш жүргүзөт. ПРООН, ЮСИС, ЮСИА, Айрекс, Акселс, Данида, Сейбри, Сорос, Аденауер ж.б. 24 эл аралык фонддор, уюмдар, миссиялар менен байланыш өркүндөп, карым-катнашта. Студенттерге лекциядан курс окуу үчүн жылына Америка, Канада, Великобритания, Германия, Жапония, Түштүк Корея, Ливан, Араб Эмираты, Түркия, Кытай, Индия, Россиядан адистер келишим менен иштеп кетишет. Бул студенттердин жогорку деңгээлде билимдүү болушуна чоң өбөлгө түзүп өзүнүн жакшы натыйжасын берүүдө. «Эмгекчил-максатын ишинде көрөт» деген ушул эмеспи. Мисалы, бир эле «Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер» факультетинде 16 чет элдик окумуштуу адистер иштешет. Мисалы: М. Хаккам, Г.М. Матин (Ирандан), Юнес Фадель (Ливан), Гулюмсер, Жале Экебаш (Түркия), Мицуи Кацуе, Янаги Седзи, Хегай М.А., Отаки Хироки, Мацуо Таро (Жапония), Дин Хун, Ван Яцзюань, Сейити Гульмира (Кытай), Ли Пун, Пяк Те Хен, Чо Ын Ен (Корея) ж.б. адистер БГУда сабак беришип, Кыргызстандагы жаш муундардын билим алышына салым кошууда.
Е. Евтушенко туура айтыптыр «Надо уяснит: образование и культура-тот банк, которой никогда не прогорит» дегендей, билимге өзгөчө маани берген профессордун дагы бир мекен алдында сиңирген чоң эмгеги өзү башчылык кылган окуу жайда Енсе, Соган, Хозео, Кьюн-Хи, Мичиган, Сиэтли, Пенсильвани, Саппаро, Токио, Нагой, Тегеран, Мешхед, Гете, Йен, Египет, Кувейт, Пекин, Нанкин, Цзиньан, Пенжаб, Тяньцзин, Анкара, Стамбул, Москва, Санкт-Петербург ж.б. 60-чет элдик университеттер, илим изилдөө институттары менен бирге ийиндеш ийгиликтүү иштешип келатышат. Чет элдик окуу жайлардан 200 студент стажировкадан өтүшсө, БГУда Түркүя, Кытай студенттери, аспиранттары окушаары айтаарлык жетишкендик.
Жети факультеттин окутуучулары 22 илимий изилдөө китептерин, окуу методикалык окулмаларын, илимий макалалардын 12 жыйнагы, эл аралык илимий конференциялардын 8 материалдык жыйнагын жана 250дөн ашык илимий макала жарыялашты. Мунун өзү Кыргызстандагы илимге кошкон чоң үлүш болуп эсептелет. Андан тышкары Кыргызстанда жогорку окуу жайлардан биринчи болуп БГУ 1998-ж. сентябрда Окумуштуулар Кеңешинде ректораттын демилгеси менен аспиранттардын, кандидаттык диссертациясын коргоого байланышкан (өзгөчө жакынкы чет өлкөлөрдөгүлөргө) чыгымды, Москва университетинде стажировкадан өткөн 5 окутуучунун чыгымын жана окутуучулардын илимий эмгектерин, окуу китептерин, окуу-методикалык окулмаларын чыгарууга байланышкан миллиондогон сом чыгымдарын төлөп берүүгө чечим кабыл алышкан. Албетте, бул илим адамдарын колдоо, рынок шартында оор кырдаалдан чыга билүүчүлүк жана чоң жакшылык.
«Билим-оошот, ырыс-жугушат», «билимиң ашса акылдын көркү» болуп БГУда «Жогорку мектепте демократиялаштыруунун жана гумандаштыруунун көйгөйү», «М. Ганди: толеранттуулук идеясы», «XXI кылымдын босогосундагы Кыргызстанда социалдык эмгек: тажрыйба жана келечек» ж.б. сыяктуу 17 эл аралык, 12 республикалык илимий конференция жана семинарлар, маектешүүлөр уюштурулган. «Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат» дейт. Республикада БГУ бул мыкты жогорку окуу жайы эле эмес, илимдин чордону, өнүп-өсүп жаткан жери экенин дагы айкындайт. Буга шарт түзгөн И. Болжуровага ыраазычылык билдирип, ырахмат айткандан башка арга жок. Окуу жайда маданий-тарбиялык иш дагы жогорку деңгээлде десек болот. КВН «Жетиген», «Ак Дил», «Каухар» бий тобу, «Сударушка» фольклордук топ ж.б. республикалык жана эл аралык студенттик конкурстарда, фестивалдарда алдыңкы орунду ээлеп келатат. Алар тиешелүү формалар менен жабдылган. Ушундай жетишкендиктерге, дөөлөттөргө айрымдардын ичи күйүп, ошол ийгиликтер өзүнөн өзү эле болуп жаткансып жетилген ЖОЖго, даяр жетекчилик орунга дароо отургусу келишет. Абройлуу ректорду жаманаттылап түшүрүүнү, эки университетти кошо коюну ак эткенде так этип күтүшүп чагымдарды, тоголок арыздарды уюштурушуп, жан алакетке түшүшүүдө. Көрөалбастык кылмыштын кайсы түрүнө кирет? Деги эле мээнет, ак ниети менен иштеп аткан жетекчиге бут тосуу, ичи тардык кылуу кылмыш. Республикага гуманитар адистерди жаңыча даярдоого, ага көмөк кылып шарт түзүп берген. Жамааттын ынтымагын бекемдөөгө зор салым кошкон., кайраттуу, демократияны гуманизмдин бир канаты деп түшүнгөн ректорго алкыштан башка сөз жок.
Андан кийин 1977-ж. Кыргыз Мамлекеттик Университетинде окутуучу, кийин Илимдер Академиясында окумуштуу секретар, Партия тарыхы институтунда ага илимий кызматкер болуп иштесе, андан ары И. Арабаев атындагы педагогикалык институтунда доцент, Бишкек гуманитардык университетинде профессор болуп эмгектенди. «Билимдүүгө бийик орун» дегендей С.И. Болжурова 1992 жылы ушул окуу жайда илимий иш боюнча проректор, 1994-ж. кийин 1999-ж. экинчи жолу альтернативалык жол менен Бишкек Гуманитардык Университетине ректор болуп шайланды. Ишенгүл эже ачык айтсак даяр министр, келечекте Кыргызстанга президент боло ала турган татыктуу адам.
Жеке инсан катары кыргыздын эң мыкты кырк кызынын бири деп аттын кашкасындай таанылган коомдук ишмер, профессор И.С. Болжуровага эл аралык даңк келе баштады. Ага көрүнүктүү ишмер, илимпоз катары эл аралык билим берүү тармагында байланыштарды кеңейтүүгө кошкон жеке салымы, өлкө аралык жогорку окуу жайларынын ортосундагы ишкер байланышты чыңдоодо сиңирген эмгеги үчүн Казакстан 1998-ж. 25-октябрында эл аралык «Алтын Көпүрө» сыйлыгын берди. Бул анын тынчы жок, күнү-түнү каржалган албан ишинин бир гана үзүрү деп билем.
«Студенттерге билим берүүдө адамзаттык асылнарктарга басым коюп, окутуунун методикасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү» ойлогон профессор И. Болжурова сөздүн ачыгы, БГУну бийик даражага жеткирди. Ошон үчүн студенттери ректорун сыймыктануу менен «биздин Канышабыз» дешерин гезиттер көп эле жазып жүрүшөт. А түгүл бир нече жылдан бери балдары өз билим деңгээли боюнча мамлекеттик бюджетке өткөн студенттердин ата-энелери БГУнун ректорунун калыстыгына, карамдуулугуна ыраазычылыктарын билдирип жетине алышпай басма сөздөргө жарыялап келатканы дагы чындык. Ал «билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок» деп ден-соолугуна карабай жан үрөп иштеп келет. Мындай тынбаган эмгек менен эртең эле премьер министр болсо да жарашат.
Ишинин үзүрүн көрүп «мээнеттин дөөлөтү болот» дегендей, таланттуу уюштуруучу, реформатор жана новатор, чебер дипломат Ишенгүл эже1997-ж. Президенттин Указы менен «Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамын алса, 2001-ж. «Даңк» медалы менен сыйланды. Ага чейин «Манас-1000» медалын алган. И. Болжурова XXI кылымдын мыкты, көрүнүктүү деп табылган 20 инсандын бири. Профессор И. Болжурова Түштүк Корея Өкмөтүнүн Грамотасы жана баалуу белеги менен, жана ошондой эле «Өлкөлөр ортосунда кызматташтыкты чыңдаганы үчүн» Түркиянын эстелик медалы, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. Ислам Иран өлкөсүнүн жана Индия Президентинин билдирген ыраазычылык алкыштары бар. Ишенгүл эже грек даанышманы Сократ айткандай: «Колдо барга топук кыл, бирок, улам жакшы жашоого умтул» дегениндей девизде жашаган асыл жан, айкөл инсан. Ылайым иши илгерилеп, зоболосу көтөрүлө берсин. Алтын башы аман болсун!
2001-ж. ноябрь
«СЕН БАКЫТ ӨЗ ДООРУНДА ӨЛЧӨНБӨГӨН»
«Адал эмгек бакытка жеткирет»
«Жолдоштун шагы сынганча, болбостун багы сынсын»
«Кайгысы жок кан болбойт, азабы жок жан болбойт»
«Бир чымчымдан көңүл алат,
бир чымчымдан көңүл калат»
(Кыргыз макалы)
«Айрылгандар аз эмес бу жалганда
Арзан баалап кайталангыс ынагын».
«Булбул үнү мукам кезде ким билди
Бөлүнөөрүн сүйүү менен өмүрдүн».
«Эске салсак сыйбай такыр акылга,
Көөдөн тиреп эбегейсиз кусалык,
Көңүл-ойдун кетип таза ирети,
Көккө умтулаар, турса дагы тушалып...
«А сен болсо өзгөрүлгөн түсүмдү
Көңүл кушу өчкөнү деп карадың».
«Ары ыргалып, бери ыргалып, түнөрүп,
Сууга салдың сүйүү чийген сүрөттү»
«Билип көрчү бирок, курбум, кай тушта
Кандуу чеги өмүр менен сүйүүнүн?!» («Көңүл ыргактары»)
Чынчыл поэзияны дит багып чыныгы акын гана жарата алат. Ашыктык, арзуу, арман жөнүндө окуганда көңүл түтөп көкүрөк дарты козголот тура. Бир келген аруу сезимди ким кандай баалады? Ким кандай турмушунда, акыры өмүр өтөлгөсүндө ушул ой бир келет экен го.
«Кайталангыс жалгыз дедик сүйүүнү,
Алгач ирет кумарына кабылып».
«Жашап аттык өчүп, жанып бир гана
Жакындасак — бакыт улам алыстайт».
«Жаштык оту кайтып жагылбайт».
«Сүйүү эмне, сүйбөө эмне аны эч ким
Жоруй албайт: жүрөк көзү көрөт бир,
Буйруй албайт: жүрөк оту жанат бир,
Сурабастан керексизби, керекпи»
«Умтулуу оор, унутулуу керектир...
Өмүр сындуу сүйүүнүн да сереси
Улам катаал, ырайымсыз. Сезилет
Кайстай жанып — калуу туура эмеси».
Шербет акын ушинтип адамды ойго салат. Кыргыз тоолорунда буладай булуттан суу ичкен жыты буркурап, көздүн жоосун алган кооз кара баркыт гүлдөр болот. Аны too башына чыккандар, кыялап аралагандар гана көрөт, ал жапыз жерлерде өспөйт. Анын касиети, өзгөчөлүгү too гүлү экендигинде. Анын сыңарындай кыргыз поэзиясында, көкүрөктү түтөткөн, көңүл эриткен, жарк деп сезим козгогон, ойлонткон ырлардын автору Шербет Келдибекова өз стили, ой жүгүртүүсү, өзүнө таандык чагылдыруу ыкмасы бар салмактуу акын. Манжа менен саналган акындык, аялдык тагдыр күткөн сейректерден. Барга каниет кылган абийирдүү акындын ырлары дагы өз мүнөзүндөй басмырт, ойчул, ынанымдуу, табият менен сырдаш, тагдырлаш, жашоонун жакшысына жанданып, кумарланып, жаманына чөккөн табигыйлык уюп жатат. Табийгыйлык, ойчулдук, аналитикалык ой жүгүртүү - анын негизги өзгөчөлүгү. Ашыкча шаан шөкөт, жасалма-жалган маанайы жок дил кайрыктары санаа чектирет. Турмушту жеке баамдоо, кабылдоо, салыштыруу күчтүү. Же оорудан жапа чегип жабыккан акын өмүр, өлүм чегинде жүрүп санаачыл, баамчыл болуп кетти бекен? Бир келген өмүрдүн күнү эмне? Бакытка маарубу? А бакыт, сүйүү деген эмне болду экен? Жүрөгү оорулуу акын жүрөк толтосунан операция болуп, сыркоонун запкысын көп көрдү. Бир эмес беш жолу oперация болгон толгон азабы, кордугу, шору эмне менен жууса кетет? Кайгыны, азапты кечип туруп кайраттуу ыр жазуу эрдик эмей эмне? Ооруканадан башы чыкпай жүрүп өмүрдүн көбү өтсө дагы кебелбей ыр жазып келет. Белгилүү кардиохирург, профессор Сеитхан Жошибаевге арнаган ыр саптарында:
«Сааты жетип анын кылдат колунда,
Туйлап турду, менин байкуш жүрөгүм.
Наркоз, мастык, күн жана түн, көз ачып,
Бир карасам бул жарыкты — Улуу таң!
Ошол таңда, таң сыңары ажайып,
Ал сураган Сизди кантип унутам».
«...Баш көтөрүп жамандыктан тез гана
Келүү жакшы жайдары акыл-сезимге.
Кош кабаттай көр менен жер арасы,
Калган жакшы жашап гана эсиңде»
«Улукманы» Сиз болсоңуз а кездин,
Түртсө кетер ажалдуусу болчумун».
Ажалдан алып калган асыл адамдар, асылдын баркын билген ак жолтой, айжаркын инсандар көп болсочу?! Сыягы, акын өмүрү ыр саптарында көрүнөт.
Жүрөк чиркин, бүт санааңды сезип, бирде ачыгып, бирде жабыгып дирилдейт тура. Сезимтал акындын жүрөгүн муң неге чалды экен? Эмнеге кабатырланып, түпөйүлдөнөт? Бул сезим ыргактары бир акындын эмес миң адамдын көңүл түйшөлүүсү, бүлүнүп жабыгуусу го... Көңүлгө шаң кошчу асыл жар табыш арман тура.
«Ташкын өтөөр, таштар калаар, а көңүл
Жанса жанаар, өчсө өчөөр дегеним».
«Неге дебе, бузба учкан санааны.
Эгер билсең тарткан жоксуң запкысын,
Ал сезимдин. Сүйүү кандуу дайра экен,
Калсын дегем суу болбой өз бактысы.
... Ойлор термейт, ойлор термейт, абир кез
Сүйүү элеси күйүт сындуу тирелет.
Дүйнө кекчил, кечир жаным, а балким,
Кучагыма алсам болмок бир ирет.
Сырт немедей, түс да бербей, а балким,
Түнөрүүнү качан, кайдан үйрөндүм.
Эзет кайгы, эзет жанды, сен айтчы,
Жат тагдырлуу жанды неге сүйгөнүм?»
Анын ойчул экенине «Чырагдан» (1976-ж), «Ата конуш сыймыгым» (1979-ж), «Терезелер» (1983-ж), «Сен, жарыгым...» (1988-ж) ырлар жыйнактарын жана кийинки чыккан, же кол жазмадагы ырларын окуган киши толук ынанат. Ш. Келдибекованын ырларында Ата журт, табият маселеси, адам жан дүйнөсүнүн кайталанбастыгы, улуулугу, ыйыктыгы, граждандык пафостогу лирикалары миң түркүн күүгө салынып көңүлдү уйгу-туйгу кылат. «Жашоонун кубанычын, кайгыларын — кабыл алуу... жана улантуу...» үчүн турмуштан торолуп «дүйнөнү абийир-сыйдай кайра таануу, адамдык сапаттардай калыптануу» үчүн күрөшөт («Чырагдан»). «Айтылбай узак сөздөр калган эле, же алар сөздөр эмес, арман беле...» («Эскерүү») дегендей «сел болуп, толкун болуп, ташкын болуп тынчыбай сени гана, жапжалгыз сени гана сүйөйүмбү...», «Кумар менен кусадар жалын менен, күйгүзүп, тумчуктуруп өбөйүнбү...» («Азгырык») болуп алгачкы махабатка дилгирленет. Акындын «Кыз кербезден» деген ырында «таап алгын, тартып алгын, ээлеп алгын, Миң түйүндүү жүрөгүмдүн кылдарын, Тыңшап көрчү, күйүп көрчү... Билип көрчү, карегимде, жүрөгүмдө кандай толкун турганын...» дейт. «Тирилик кунарсыз купкуу өңдөнөт. Жашоодогу кубаныч, рахат өчөт. Бирок эркем, үмүтсүз көздөрүңдү карай албай, өзүмдү күнөөлүдөй сезип кетем» («Сен кааласаң»).
Ырчы жүрөк: «Кыйынбы түбөлүктүү жалгыз калуу. А жеңилби сүйүүсүз, чоң турмуштан милдеттүү орун алуу» деген эмне? Жана муну кандай кабылдайбыз? Ушул өзөктүү суроонун тегерегинде:
«Көздөрүмдөн сүйөөрүңдө...Сүйүүңдөн
Бүткүл тирүү күндөрүңдү сурагам».
«Жүрөгүмдү сурайсың... Каным муздайт,
Бүт оюмду оройсуң... Жаным муздайт!
А түшүмдө өчөм мен күйүп бүтпөй...
А түшүмдө өчөм мен күйүп бүтпөй» («Тааныш көчө»)
Сүйүү үчүн бүткүл күндөрүн берген жан барбы? Бул сезим неге кишини азгырып, кайгы капа, арманга батырат? Таза, ишенимдүү болсо эмнеге шектендирет, жек көрдүрөт, айнытат? Же сүйүү кумар толгон эркин сезимби? Андай болсо күйдүргөн күйүт, үшкүрүк кайдан чыгат? Автор «Түндөр жөнүндө сөз» циклинде сыр ачат:
«Курбум сен үшкүрүктү уктуң беле,
Шуулдап көкүрөктү жарып чыккан.
Сен дагы тынч ала-албай чыктың беле,
Дарексиз тагдырыңды күттүң беле,
Деңиздей көтөрүлүп, басырылып,
Өлчөөсүз алакетке түштүң беле...» («Терезелер»).
«Түпкүрүндө күйүт бар, жүктүү жүрөк,
Түшүнүүчү, сезүүчү жанды күтөт.
Күтүү, күтүү, акыры дагы күтүү,
Өмүрдүн көбү күтүү менен бүтөт» («Турмуш»).
«Бакытты издеп жүрдүк баш аламан,
Бакытты издеп жүрдүк бардык жактан» («Жер жомогу»).
Бүт адамзатты эңсетип күттүргөн, куштарланткан, тилек кылган бакыт закымбы? Бар бактыбызды тепсеп, күн көрсөтпөй кордоп, колдо бар алтындын баркы жок кылган пенде канча? Бакытты тааныбагандар аны мунарыктан, алыстан издеп убара болушат. Бакыттын булагы, таянычы, ким, эмне? Дал ушундай жан кыйнаган ачуу суроолорго реалист катары акын өз поэзиясында жөнөкөй жообун берет. Бакыттын да, сүйүүнүн да кожоюну өзүбүз экенбиз. Болгону ич ара берилүү, түшүнүшүү, колдоо, чын ниет гана жетпейт тура адам түшкүрүнө! Көрсө бакытты ар ким ар кандай кабылдап, түрдүүчө түшүнөт экен. Акындын: «Ата конуш оттору», «Түнкү ыр», «Кербездик», «Кербезденүү», «Терезелер», «Турмуш», «Жалбырактар», «Романтика», «Кайыңга», «Сүйүү жөнүндө», «Кемелер», «Кыз кербез күүсүнөн», «Көңүл ыргактары», «Ажырашып кеткен аялдын аңгемеси», «Сапар», «Өгөй бакыт» жана башкаларды өзгөчө толкунданып окуйсуң. Агынан жарылып турмуштук сыр төгүү авторго мүнөздүү өзгөчөлүк.
«Түгөйүн жүрөктөр тандасын,
Жашоого өзүбүз жаралып.
Сүйүүбүз жаралбай калбасын!» («Сүйүү жөнүндө сөз»)
«... Жаңыдан келип жаштыкка,
Жаркырак тунук сүйүүсүн,
Жоготкон жандар кайгылуу» («Сүйүү»)
«Сурадың жүрөгүмдү ойлоп турдум,
Бу жалын бүгүн жарык, эртең күүгүм.
Ким муктаж жар сүйүүгө көңүлү муң,
Жок, түзүк, жалгыз тартуу жазмыш жүгүн» («Күзгү бир түн»)
«Сүйүү ошол... Жүрөк эрдиги...
Оттой жануу күлдөй күкүмдөө!
Маңдайында туруп бирөөнүн,
Өзгөнү эңсөө жөнүн түшүнбөйм».
«Күүгө салам сүйүү абазын,
Бүтсө дагы баарын тажатып!
Орто жолдон кайтам кайдадыр
Кайрылбайм деп кетип баратып.» («Кемелер»).
«Бирок, кээде, эске түшүрсөм,
Үнсүз күйгөн күүгүм түсүңдү.
Кай жалынды издеп дүйнөдөн,
Не бакытты күткөм? Түшүнбөйм...»
«Сен бакыт — өз доорунда өлчөнбөгөн,
Алмашып ээ-жаа бербес сезим менен.
Ташкындуу деңизиңе чөккөн сайын,
Чаңкатып, чак түш болуп кете берген» («Сүйүү жөнүндө»).
«Коштоор элем мукамдуу, батына албайм,
Үнсүз, тилсиз кысылат жан жүрөгүм.
А мен неге бактымды чакыра албайм,
Сагынычты күүлөргө жашыра албайм.
... Кимсиң деги, бейтааныш күнгүрт үндүү,
Кусадан сагынуудан алсыраган?...
Жок, менин уккум келет башкача үндү,
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү!
Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү,
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн». («Түнкү ыр»)
Мындай көркөм табитти кандырган, табышмактуу адам кыялын чагылдырган, жан дүйнөнү ачып берген ырлар акында толтура. Жан дүйнөдөгү ички толгонуу, түйшөлүүнү, жабыгууну же алоолонгон жалынды кылдат, сезимтал чагылдырган талантты мен өзгөчө сыйлайм. Анткени, чыгарманын тузу, күчү дал ошол жерде деп эсептейм. Дегеле акындар лирикалык каарман Мен аркылуу не деген ойлорго түйшөлбөйт?! Жүрөк түпкүрүнөн сырын төгүп окурманды ынандырат. Турмушта романтикага караганда көңүл калуу, убайым тартуу көп көрүнөт. Таланттуу Шербет акындын «Ажырашып кеткен аялдын аңгемеси» деген ыры замандаштарынын бир үзүм портрети десек болчудай. М:
«Не болду анан? Тез урундуң баардыгын,
Жароокер куш, жайнап турган дилимди.
Алдың дагы, темир сындуу чеңгелге,
Салдың дагы, тайыз жеңил урундуң.
Жоодураган куш да бир күн жоголду,
Качан, кайда? Билбейт эч ким, караңгы.
Сезген жоксуң кур дегенде, курбум сен,
Куш качыруу, кут качыруу экенин» дейт.
Аттиң, бул чындык! Сүйүүнүн өтөлгөсүнө чыгып, өмүр бою сүйгөнүн аздектегендер, барктагандар, өз өмүрүнүн маңызын даана түшүнгөндөр чанда. Асылым деп ардактабай, алганын жеңил урунуп кор кылгандар азбы бул турмушта? Адам башынан чириген мүлкүн жогору коюп, кесир кылгандар көбөйбөдүбү.
«Көрсө сүйүү үлбүрөк да, тоголок,
Көрүнгөнсүйт, сезилгенсийт, жоголот.
Кол сунабыз, умсунабыз, арийне,
Адашуудан акыл-сезим торолот» («Элет баяны»)
«Отту көрсөм, түпкүрлөрдөн тунара,
Суурулат ал «узаткансың сүйүүнү.
Өтөлгөсү өмүр болчу, Жалганда,
Жалгыз ирет келмек ошол бүлүнүү».
«Келатасың, кезиң өткөн кербез, кырс,
Көңүл дартын билем, күйүт тарттыңбы?»
«Сүйүү кээде акыйкатты, мезгилди,
Тааныбаган албууттугу жүрөктүн».
«Удургуп миң бөлүнгөн ойлорумду,
Унчукпай каттым дагы, күйүп туруп,
Томсоруп колум сунуп кош айтыштым,
Коштоштуң, үнсүз, бирок кеттиң сууpyп
Түнөргөн карек менен жүрөгүмдү,
Түшүнбөйм, билбейм аны эмне кылып,
Кай жакка батырасың... Абайлай көр,
Кетпесин кайра өзүңдү жалыны уруп!»
«Калат баары көкүрөктү өрттөгөн,
Күйүт, үмүт, санаа жана кусалык».
Акындын бул көңүл кайрыктары ойлонууга чакырат. Киши пейили, ыйманы, нарктуу насили таңсык болуп турганда керемет акындын түйшөлүүсү көңүлдөн кетпейт. Негизинен анын арзуу жөнүндө жазган көңүл уйгу-туйгуларына басым жасадым. Анын табият, Ата Журт тууралуу ырлары өзүнчө чоң сөз кылууга арзыйт. «Табиятты коргогонун, Ата Журтту коргогонуң эмеспи» (М.Пришвин.). Поэтесса Шербет Келдибекованы адабиятчылар ача элек. Анын ырчы жүрөгү өз стихиясы менен жашап, кээ бир акындардай жулунуп наам, үй, түрдүү льготаларды талашпайт, ар кимге ырларын мактатып-жактатпай өз өмүрүнө, жараткан ыр көрөңгөсүнө топук, каниет кылып, бүлөсүнүн, өзүнүн саламаттыгын тилеп, шүгүрчүлүктө. Сыягы, оорудан да башы көтөрүлбөй, дайым эле өмүр, өлүм чегинде санаада жүргөнсүйт. А.Осмоновдун: «Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн, мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар» дегени эске түшөт. Дал ушул сөздү ал неге айтты экен? «Качан болсо алга жүр деп шык берет, кандай укмуш касиет бар сүйүүдө!?» (Мидин). Небере уулу Ализарга арнаган ырында: «Сайран куруп, арабада барат ал, Сапар алыс, жар бологөр, Жараткан!» деп акын тилек кылат. Анткени, «Жол жатат, а жол тааныш канча ирет. Ат туягын ташыркаткан, тажаткан». Убайымга салган улуу муң-ички түйшөлүүнүн чеги каерде болду экен?! Кылымдарга калчу акындар гана улуу кудурет таланты аркылуу ички кабылдоолоруна ой чегип, табигый бере алышат. Таланттуу акындын мыкты ырларын окуп олтуруп дал ушул пикирге келесиң. Анын поэзиясынан ар ким өз сезимдерин, тагдырларын көргөнсүйт. Жан дүйнөсү үндөшөт, кээде жабыксаң, кээде чыйраласың. Себеби, «жүлүнгө жеткен күйүттү, жүрөктөн кантип кетирет?...» (Надырбек) болгон учурлар азбы? Бекеринен акын:
«Келди кездер кээде аптап кечирип –
Кайнап көрдүк от табына канча ирет,
Келди кездер, кээде суукка бет чыгып –
Муздап көрдүк ызгаарына канча ирет» («Жылдардын ыры»)
«...Ирмелбей кай бир түндөрдө,
Жүрөктү түмөн бук эзет».
«Жаңылышуу. Сен кызыккан сонун сыр –
Кайгы капа, кадимки эле арман да!» («Үзүлгөн түш»)
дептирби. Ушинтип чынчыл акындар гана турмушту ашыкча кооздоп көркөмдөй бербей реалдуу берет. Акыйкатты айтат. Акындын чындыгы - ушул тирүүлүктүн, өмүрдүн өзү, анын түрдүү кайрыктары «Өз доорунда өлчөнбөгөн бакыт». Ш. Келдибекованын таасын, тыкан, көөдөн тиреп күймөлтүп-күйүнткөн ырларын окуганда моокумун канып, жан дүйнөң арууланат. Анын кебелбес чындыгына муйуйсуң. Кыргыз адабиятында нукуралыгы, ойчулдугу менен айырмаланган керемет акын мээнетинин дөөлөтүн көрүп, качан ардактуу наамга илинээр экен? «Тепкенин жазбас тынар бар, кыздан чыккан кыраан бар» дегендей бир үзүм адилеттик деле жылоолой турган учур келди. Асылыбызды ардактап, бүгүн бир ооз жылуу сөзүбүздү айтып, аруу жанга кубат, колдоо болуп, амандыгын тилеп, акжол каалап, арыбаңыз дейли.
2001-ж.май,
«Асылзат» газетасы
Достарыңызбен бөлісу: |