Кыргыз республикасынын бажы кодекси



бет2/18
Дата04.07.2016
өлшемі0.95 Mb.
#177230
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18

41) транспорттук каражаттар - адамдарды акы төлөтүп ташуу же болбосо товарларды акы төлөтүү же акысыз болбосо өнөр жайлык же коммерциялык ташуу үчүн пайдаланылган кандай болбосун транспорттук каражаттар (анын ичинде чиркегичтер, чакан чиркегичтер жана комбинацияланган транспорт каражатары), ошондой эле алардын кадимки запастык бөлүктөрү, шаймандары жана жабдуулары, эгерде алар транспорт каражаттары менен бирге өтүп жатса андагы кадимки бактарындагы күйүүчү-майлоочу материалдар жана отун;

42) шарттуу бошотуу - салык мыйзамдарына жана ушул Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу;

43) товарлардын жоголушу - бажы операцияларын жүргүзүүдө ушул Кодекске ылайык товарлардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү жактардын иш жүзүндөгү ээлик кылуусунун, анын ичинде үчүнчү жактардын уурдашынын же башка укукка жат аракеттеринин кесепетинен товарлардын жок болушу;

44) бажы органынын уруксаты - жеке номерлүү мөөрлөрүн жана штамптарын коюу же жазуу жүзүндөгү белгиленген чечимдерди чыгаруу жолу менен ушул Кодексте каралган белгилүү операцияларды жасоого мүмкүндүк берген бажы органдарынын иш-аракеттерин жол-жоболоштуруу;

45) бажы органына товарларды жана транспорттук каражаттарды көрсөтүү орду - ушул Кодексте каралган бажы жол-жоболорун жүргүзүү жери катары бажы органдары тарабынан аныкталган аймак (аймактын бөлүгү), үстү ачык же жабык жайлар;

46) өткөрмө пункту - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (бажы) чегарасы аркылуу адамдардын, товарлардын жана транспорттук каражаттардын өтүүсү үчүн ылайыкталып жабдылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталган жердин чегиндеги аймак (аймактын бөлүгү);

47) бажы төлөм жыйындысы - бажы органдарына жүктөлгөн бажы алымы жана салыгынын эквиваленттүү суммасынын булактарын бөлбөй туруп алуу.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Бажы органдарынын тышкы экономикалык иштин

катышуучулары жана башка уюмдар менен мамилеси


Бажы органдары тышкы экономикалык иштин катышуучулары, жүк ташуучулар жана иш-аракети товарларды тышкы соода жүргүзүү менен байланышкан башка уюмдар жана алардын кесиптик бирикмелери (ассоциациялары) менен бажы жагынан жол-жоболоштуруунун жана бажы контролун жүргүзүүнүн кыйла натыйжалуу усулдарын киргизүү, ошондой эле тышкы сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка милдеттерди чечүү боюнча кызматташуу жана биргелешип аракеттенүү максатында консультациялык мүнөздөгү расмий мамилелерди колдойт.
2-Глава

Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр

чөйрөсүндө жүзөгө ашырылуучу

иштерди лицензиялоо


11-статья. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө

жүзөгө ашырылуучу иштер


1. Юридикалык жактардын бажы ташуучусу убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлерин алымсыз соода дүкөнүнүн ээлери жана бажы брокерлери катары иш жүргүзүүсүнө ушул Кодекске жана "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиясы болгондо жол берилет.

2. Ыйгарым укуктуу орган өздөрүнүн расмий басылмаларында бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүзөгө ашырган адамдардын реестрлерин үч айда бир жолудан кем эмес үзгүлтүксүз жарыялап турууну камсыз кылууга милдеттүү.


12-статья. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти

жүзөгө ашырууга лицензияларды берүүнүн тартиби


1. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензияларды берүүнүн тартиби жана ушул главада, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленген шарттарда ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат. Лицензияларды берүү "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык акы төлөө негизинде ишке ашырылат.

2. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жак лицензия алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга ушул главада каралган маалыматтар камтылган кат жүзүндөгү арыз менен кайрылат жана ушул главада белгиленген тизмек боюнча тастыкталган маалыматтарды камтыган документтер тиркелген арызын берет.

3. Ушул статьянын 2-пунктунда каралган документтер мыйзам тартибинде белгиленгендей күбөлөндүрүлгөн түп нуска же көчүрмөлөр түрүндө берилиши мүмкүн.

Арыздар каралып бүткөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган арыз берүүчүгө анын талабы боюнча берилген документтердин түп нускаларын кайтарып берүүгө милдеттүү.

Арызды карап жаткан ыйгарым укуктуу орган үчүнчү жактан, ошондой эле мамлекеттик органдардан арыз берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн маалыматтарды бекемдөөчү документтерди сурап алууга укуктуу. Көрсөтүлгөн адамдар суроо талап алынган күндөн тартып, 10 күндүк мөөнөттө суралган документтерди берүүгө милдеттүү.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


13-статья. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү

ишти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн арыз

берүүнүн тартиби
1. Ушул Кодекстин 15-статьясында белгиленген шарттарга жооп берген адамдын арызынын негизинде бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды берүү жүргүзүлөт.

2. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр - чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды берүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) аталышы жөнүндө, уюштуруу-укуктук формасы тууралу, турган жери жөнүндө, ачкан банк эсептери жөнүндө, ошондой эле толугу менен түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү тууралу маалыматтар;

2) өзүнүн иш регионун бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) алкагында чектөөсү жөнүндө, болбосо өзүнүн иш регионунун чектелбегендиги тууралу маалыматтар;

3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары арыз берүүчү төмөнкүдөй кошумча маалыматтарды берет:

бажы жүгүн ташуучу катары ишти жүзөгө ашырганда:

1) жүктөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды;

2) бажы жүгүн ташуучу катары ишти жүзөгө ашырууда пайдаланууга мүмкүн болгон транспорттук каражаттарды (жалпы саны, техникалык мүнөздөмөсү) жөнүндө, анын ичинде бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташуу үчүн жарактуу транспорт каражаттары (52-статья) жөнүндө маалыматтар;

убактылуу сактоо кампасын түзүүдө:

1) убактылуу сактоо кампасынын тиби тууралу, ошондой эле жабык типтеги кампаны түзүү үчүн негизделген маалыматтар;

2) убактылуу сактоо кампасы катары пайдаланууга арналган жана арыз берүүчүнүн ээлигинде турган жайлар жана(же) ачык аянтчалар, алардын турган жери, түзүлүшү, жабдылышы жөнүндө жана материалдык-техникалык жабдылышы тууралу маалыматтар;

- бажы кампасын түзүүдө:

1) бажы кампасынын тиби тууралу маалыматтар, ошондой эле жабык типтеги кампаны түзүү үчүн негиздеме;

2) бажы кампасы катары пайдаланууга арналган жана арыз берүүчүнүн ээлигинде турган жайлар жана (же) ачык аянтчалар жөнүндө, алардын турган жери, түзүлүшү, жабдылышы тууралу жана материалдык-техникалык жабдылышы жөнүндө маалыматтар;

- алымсыз соода дүкөнүн түзүүдө:

1) алымсыз соода дүкөнү катары пайдалануу үчүн жарактуу жайлар жөнүндө маалыматтар;

алымсыз соода дүкөнүн ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын чегара кызматынын тастыктоосу;

бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда:

1) арыз берген күнгө бажы брокери (өкүлү) катарында өз ишин жүзөгө ашырууну пландаштырган арыз берүүчү аркылуу анын өзгөчөлөнгөн түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн тизмеги жана турган жери бар болгон учурда;

2) тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасына ылайык товарлардын айрым түрлөрүнө карата бажы операцияларын жүргүзүүдөгү өз ишинин чөйрөсүн чектөө же транспорттун айрым түрлөрү менен бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата, ошондой эле бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) ишинин региондук алкагында иштерин же айрым бажы операцияларын жүргүзүү, болбосо мындай чектөөлөрсүз өз ишин жүзөгө ашырууга ниети жөнүндө маалыматтар;

3) арыз берүүчү өз ишин жүргүзүүгө ниеттенген ар бир регион боюнча бажы жагынан жол-жоболоштуруулары боюнча адистердин болушу тууралу маалымат.
14-статья. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү

ишти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн арыз

берүүдө керектүү документтердин тизмеги
1. Лицензия берүү жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелет:

- уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөсү;

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- лицензия бергендик үчүн төлөгөн сумманы тактоочу документ;

- арыз берүүчүгө салык төлөөчүнүн идентификациялык код (номер) ыйгарылгандыгын документтин көчүрмөсү;

- ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну тастыктаган документтер;

- банктарда ачылган эсептер жөнүндө тастыктама.

Арыз берүүчү арыз берүү учуруна чейин толугу менен төлөнгөн уставдык капиталга ээ болууга милдеттүү.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары арыз берүүчү кошумча төмөнкү документтерди берет:

1) бажы жүгүн ташуучу катары ишти жүзөгө ашырууда:

- эгерде иштин мындай түрү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык лицензияланса, жүктөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензия;

бажы жүк ташуучусу катары ишти жүзөгө ашырууда пайдалануу мүмкүнчүлүгү болгон транспорттук каражаттарына ээлик кылуу укугун тастыктоочу документтер;

2) убактылуу сактоо кампасын түзүүдө:

- убактылуу сактоо кампасы катары пайдалануу үчүн бөлүнгөн жайларга жана (же) ачык аянтчаларга карата менчик ээлик укугун тастыктоочу документтер;

3) бажы кампасын түзүүдө:

- бажы кампасы катары пайдалануу үчүн бөлүнгөн жайларга жана (же) ачык аянтчаларга карата менчик ээлик укугун тастыктаган документтер;

4) алымсыз соода дүкөнүн түзүүдө:

- алымсыз соода дүкөнү катары пайдаланууга арналган жайларга жана (же) ачык аянтчаларга ээлик кылуу укугун тастыктаган документтер;

5) бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда:

- кызматкер болуп саналган арыз берүүчүнүн бажы жагынан жол-жоболоштуруулары боюнча адистин квалификациялык аттестаты.

3. Документтер арыз берүүчү тарабынан мамлекеттик же болбосо расмий тилдерде берилет. Чет өлкөлүк адамдар тарабынан берилген документтер зарыл болгон учурда, мыйзамда белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.

Зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу орган арыз берүүчүдөн көрсөтүлгөн документтердин түп нускасын берүүнү талап кылууга укуктуу.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишти

жүзөгө ашырууга лицензия берүүнүн шарты


1. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга лицензия берүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- бажы жүгүн ташуучу катары:

бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товар ташуу үчүн жарактуу транспорттук каражаттарына ээ болуу. Ушул Кодекстин 52-статьясында аныкталган критерийлерге ылайык транспорттук каражаттарды жасалгалоого жана жабдууга болгон так талаптар;

ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы жүгүн ташуучу катары ишти жүзөгө ашырууда милдеттерди аткарууну камсыз кылуу.

- убактылуу сактоо кампасын түзүүдө:

1) убактылуу сактоо кампасы катары пайдалануу үчүн жарактуу жайлардын (болушу (70-статья);

2) ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык убактылуу сактоо кампасынын ээси катары ишти жүзөгө ашырууда милдеттерди аткарууну камсыз кылуу;

3) кампада сакталууга коюла турган товарларга бажы контролун жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүгү.

бажы кампасын түзүүдө:

1) бажы кампасы катары пайдалануу үчүн жарактуу жайлардын болушу (101-статья);

2) ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы кампасынын ээси катары ишти жүзөгө ашырууда милдеттерди аткарууну камсыз кылуу;

3) кампада сакталууга коюла турган товарларга бажы контролун жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүгү.

- алымсыз соода дүкөнүн түзүүдө:

1) алымсыз соода дүкөнүн түзүү үчүн пайдаланууга жарактуу жайлардын болушу (109-статья);

2) ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары ишти жүзөгө ашырууда милдеттерди аткарууну камсыз кылуу;

3) алымсыз соода дүкөнүндө сатып өткөрүүгө коюла турган товарларга бажы контролун жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүгү.

- бажы брокери катары:

штатта квалификациялык аттестат алган бажы жагынан жол-жоболоштуруулары боюнча адиске ээ болуу (307, 308-статьялар);

ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда милдеттерди аткарууну камсыз кылуу;

2. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга берилген лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет.

3. Берилген лицензия ажыратылгыс болуп саналат.

4. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жүзөгө ашырылуучу лицензиялануучу иштин түрү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү камсыздандырууга жатат.


16-статья. Лицензия берүү жөнүндө (берүүдөн баш тартуу) чечим.

Лицензия берүүдөн баш тартуу


1. Ыйгарым укуктуу орган документтерди кароону кошкондо аны алуу үчүн бардык зарыл документтерди каттаган күндөн тартып, 15 күндөн кеч эмес лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Лицензия, эгерде:

1) арыз берүүчүгө карата ага ошол иштин түрү боюнча иштөөгө тыюу салган соттун чечими болсо;

2) ушул главага ылайык талап кылынган бардык документтер берилбесе;

3) лицензия берүү үчүн төлөөлөр жүргүзүлбөсө;

4) арыз берүүчү лицензия берүүнүн белгиленген шарттарына жооп бербесе берилбейт.

Арыз берүүчү ушул пункттун 2, 3, жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн тоскоолдуктарды четтеткен учурда арыз жалпы негизде кайталап төлөөлөрсүз каралат.

2. Лицензия берүүдөн баш тарткан учурда лицензия берүү үчүн төлөөлөр арыз берүүчүгө кайтарылып берилбейт.

3. Лицензия берүүдөн баш тартууларга төмөнкүдөй жүйөнүн негизинде тыюу салынат:

1) арыз берүүчүгө лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруу укугун берүү максатсыз болгон учурда;

2) рыноктогу жеке ээлик кылуу абалын камсыз кылууда;

3) арыз берүүчүнүн жеке сапаттарына жана иштеген беделине күмөн саноолор болгондо.

4. Ыйгарым укуктуу орган лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алгандыгы тууралу арыз берүүчүгө тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө кабарлоого милдеттүү.

Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабар арыз берүүчүгө же анын өкүлүнө баш тартуунун себептери көрсөтүлүү менен жазуу жүзүндө жөнөтүлөт (тапшырылат).

5. Лицензия берүүчү ыйгарым укуктуу органдын баш тартуусуна же анын аракетсиздигине арыз берүүчү администрациялык же соттук тартипте арыздануу укугуна ээ.
17-статья. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишти

жүзөгө ашырууга лицензияны чакыртып алуу жана

колдонулушун токтотуу
1. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензия төмөнкү учурларда ыйгарым укуктуу орган тарабынан чакыртып алынышы же лицензиянын колдонулушу ушул Кодекстин 52-статьясына ылайык токтотулушу мүмкүн:

1) бажы жүгүн ташуучу катары ишти жүзөгө ашырууда:

- бажы жүгүн ташуучусунун милдеттерин бир нече жолу аткарбаганда, анын ичинде товарларды ташуудан негизсиз баш тартууда, жабдылбаган транспорттук каражаттарды пайдаланууда;

- бажы жүк ташуучусу ташыган товарларды эсепке алуунун тартибин бузууда;

- бажы ишинин чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларды көп жолу жасоодо;

- соттун чечими боюнча;

- товарларды жөнөтүүчүгө же болбосо аларды алуучуга, анын ичинде сот тарабынан белгиленген жашыруун маалымат болуп эсептелген маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында зыян келтирүүдө;

- транспорт ишине же жүк ташууга берилген лицензия кайра алынганда;

- бажы жүк ташуучусу кудуретсиз (банкрот) деп табылганда же ал өзүнүн банкроттугу жөнүндө жарыялаганда.

2) убактылуу сактоо кампасын жана бажы кампасын уюштурууда:

- кампанын ээси бажы ишинин чөйрөсүндө көп жолу администрациялык укук бузууларды жасаганда;

- соттун чечими боюнча;

- кампанын ээси кудуретсиз (банкрот) деп табылганда же ал өзүнүн банкроттугу жөнүндө жарыялаганда.

Лицензиянын колдонулушу токтотулган мезгилде товарларды убактылуу сактоо кампасына же бажы кампасына жайгаштырууга жол берилбейт.

3) Алым төлөбөгөн соода дүкөнүн уюштурууда:

- алым төлөбөгөн соода дүкөнүнүн ээси бажы ишинин чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларды көп жолу жасаганда;

- соттун чечими боюнча;

- алым төлөбөгөн соода дүкөнүнүн ээси кудуретсиз (банкрот) деп табылганда же ал өзүнүн банкроттугу жөнүндө жарыялаганда.

Лицензиянын колдонулушу токтотулган мезгилде алым төлөнбөгөн соода дүкөнүнө товарларды жайгаштырууга жана аларды сатып өткөрүүгө жол берилбейт. Бажы органынын уруксаты менен жасалышы мүмкүн болгон товарларды сактоону камсыз кылуу үчүн зарыл операциялардан тышкары алым төлөнбөгөн соода дүкөнүнө бажы режими боюнча жайгаштырылган товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт.

4) Бажы брокери катары иш жүргүзүүдө:

- бажы брокерлеринин милдеттерин көп жолу аткарбаса;

- бажы брокери бажы жол-жоболорун жүргүзүүдө товарлардын эсебин алуу тартибин көп жолу бузса;

- бажы ишинин чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларды көп жолу жасаса;

- соттун чечими боюнча;

- өкүлү болгон жактарга көп жолу зыян келтирүүдө, анын ичинде сот тарабынан белгиленген коммерциялык сырды түзгөн же жашыруун маалымат болуп эсептелген маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында зыян келтирүү;

- бажы брокери кудуретсиз (банкрот) деп табылганда же ал өзүнүн банкроттугу жөнүндө жарыялаганда;

- квалификациялык аттестаты жок адистин, квалифициялык аттестаты алынып коюлган адистин же соттун өкүмү боюнча квалификациялык аттестатын колдонуу токтотулган болбосо мындай иш жүргүзүү укугунан ажыратылган адистин кызматынан пайдаланганда.

Кайра алып коюу ыйгарым укук берилген орган кайра алып коюу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет.

Лицензияны кайра алуу жөнүндө чечим ыйгарым укук берилген орган тарабынан өзүнө карата мындай чечим кабыл алынган юридикалык жакка чечим кабыл алынгандан кийинки күндөн кечиктирилбестен ошол чечимдин жүйө себептерин негиздөө менен жазуу жүзүндө кабарланат. Аталган чечим юридикалык жактын жетекчисине же башка ыйгарым укук берилген өкүлүнө кол койдуруп алуу менен же бул чечимди кабыл алуунун фактысын жана датасын тастыктаган башка ыкма менен тапшырылат. Эгерде аталган адамдар аталган чечимди алуудан качышса, ал почта аркылуу табыштама кат менен жөнөтүлөт. Лицензияны алып коюу жөнүндө чечим тууралу адамга кабарланган күн катары табыштама каттын тапшырылгандыгы жөнүндө почта кызматы билдирген күн эсептелет.

2. Бажыга байланыштуу кызматтар чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө лицензия берүү жөнүндө кайра берилген арыз лицензияны кайра алуу тууралу чечим чыгарылган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин аны алып коюуга негиз болгон себептер жоюлган шартта кайра каралышы мүмкүн.

3. Бажыга байланыштуу кызматтар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын лицензияда камтылган талаптарды чоң зыян келтирбестен көп жолу аткарбагандыгы үчүн бул юридикалык жак кат жүзүндө эскертилет.

Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга берилген лицензиянын колдонулушу юридикалык жак ушул Кодексте каралган, ошол мөөнөттө жоюлушу мүмкүн болгон өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда үч айга чейинки мөөнөткө бажы органы тарабынан токтотула турушу мүмкүн.

Лицензиянын колдонулушу аны колдонууну токтото туруу үчүн негиз болгон себептер жоюлган шартта кайра жаңыртылат.

Эгерде лицензияны колдонуу статьянын ушул пунктунун экинчи абзацына ылайык кайра жаңыртылышы мүмкүн болбосо, ал ыйгарым укук берилген орган тарабынан кайра алынат.

4. Лицензия кайра алынганда лицензия берүү үчүн жыйым кайтарылып берилбейт.
18-статья. Бажыга байланыштуу кызматтар чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө

берилген лицензияны кайра жол-жоболоштуруу


Юридикалык жак кайра түзүлгөн, анын аталышы же турган жери өзгөргөн учурда бажы кызматтарына байланыштуу чөйрөдө иш жүргүзгөн юридикалык жак аталган маалыматтарды тастыктаган тийиштүү документтерди тиркөө менен лицензияны кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Лицензия кайра жол-жоболоштурулганда ыйгарым укук берилген орган лицензиянын реестрине тийиштүү өзгөртүү киргизет. Мында мурда берилген лицензия жокко чыгарылат. Кайрадан берилген лицензияга лицензиялардан реестринин жаңы катталуу номери берилет жана берилген күнү көрсөтүлөт.

Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жак лицензияны кайра жол-жоболоштурганга жана лицензия алганга чейин ишин мыйзамда белгиленген тартипте тастыктаган мурда берилген лицензиянын көчүрмөсүнүн негизинде жүзөгө ашырат.

Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болгон жагдайлар келип чыккан учурдан тартып арыз ээси тарабынан беш күндүн ичинде берилет.

Ыйгарым укук берилген орган тарабынан лицензияны кайра жол-жоболоштуруу бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жак тарабынан тийиштүү арыз берилген күндөн тартып беш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөдө иш жүргүзгөн юридикалык жактан ушул статьяда каралбаган башка негиздер боюнча лицензияларды кайра жол-жоболоштурууну талап кылууга тыюу салынат.


19-статья. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш

жүргүзүүгө берилген лицензиялардын реестри


Ыйгарым укук берилген орган "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө берилген лицензияларды түзөт жана реестрин жүргүзөт.

Лицензиялардын реестринде болгон маалымат бардык кызыккан жактардын аны менен таанышуусу үчүн сакталат. Ошондой эле лицензиялар реестринде камтылган маалыматтардын мезгилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышына жол берилет.

Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосу ыйгарым укук берилген орган тийиштүү чечим кабыл алгай күндөн тартып үч күндөн ашпоого тийиш.
3-Глава

Товарларды жана транспорттук каражаттарды

бажы чегарасы аркылуу алып өтүүнүн

негизги принциптери


20-статья. Товарларды жана транспорттук каражаттарды Кыргыз

Республикасына ташып келүү жана Кыргыз

Республикасынын аймагынан ташып кетүү укугу
Товарларды жана транспорттук каражаттарды, анын ичинде ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында жана эларалык келишимдеринде каралгандан тышкары учурларда тышкы экономикалык иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүү укугуна бардык жактар бирдей негизде ээ болушат.
21-статья. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы

чегарасы аркылуу өткөрүү тартиби


1. Товарлар жана транспорттук каражаттар бажы чегарасы аркылуу ушул Кодексте белгиленген тартипте өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы менен дал келген жерлерде бажы чегарасынан иш жүзүндө өтүүнүн тартиби мамлекеттик чегара жөнүндөгү мыйзам менен, ал эми аны менен жөнгө салынбаган жерде - Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен жөнгө салынат.

2. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү жана ал аймактан ташып кетүү, товарларды ташып өткөн жактарды ушул Кодексте каралган бажы режимдеринин бирөөнө товарларды коюуга жана бул бажы режиминин шартын сактоого милдеттендирет.
22-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана бажы контролу
1. Бажы чегарасы аркылуу өткөрүлгөн бардык товарлар жана транспорттук каражаттар, анын ичинде тышкы экономикалык иш жүргүзүү ушул Кодексте каралган тартипте жана шарттарда бажы жол-жоболоштурууга жана бажы контролуна алынат.

2. Бажы жагынан жол-жоболоштурууну жана бажы контролун жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жана анын кызмат адамдары бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралбаган талаптарды жана чектөөлөрдү белгилөөгө акысыз болушат.

3. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын бажы жагынан жол-жоболоштурууну жана бажы контролун жүргүзүүдө койгон талаптарды товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы чегарасы аркылуу алып өтүү жана бажы иши жагында ишти жүргүзүү үчүн бажы мыйзамдарын сакталышын камсыз кылуу үчүн эң аз зарыл болгондон чоң даражада тоскоолдук кылышы мүмкүн эмес.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет