Кыргыз республикасынын бажы кодекси



бет5/18
Дата04.07.2016
өлшемі0.95 Mb.
#177230
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18
8-Глава

Бажы жүгүн ташуучу


57-статья. Бажы жүгүн ташуучу
Бажы жүгүн ташуучу болуп, бажы жүгүн ташуучу катары иш жүргүзүүчү жана ушул Мыйзамга ылайык ошол ишти жүзөгө ашырууга лицензия алган ата мекендик юридикалык жак саналышы мүмкүн.
58-статья. Бажы жүгүн ташуучу катары иш
Бажы жүгүн ташуучу катары иш бажы төлөмдөрүн төлөөнү жана ушул Кодексте каралган бажы мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу башка чараларын колдонууну камсыз кылуусуз бажы контролу астында жаткан товарларды ташуу менен туюндурулат.
59-статья. Бажылык жүгүн ташуучунун милдеттери
Бажы жүгүн ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Кодексте белгиленген шарттарды жана талаптарды сактоого;

2) бажы контролу астында турган товарларды ташуунун эсебин алууга жана мындай товарларды ташыгандыгы жөнүндө бажы органдарына отчет берүүгө;

3) ушул Кодекстин 55-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө.


60-статья. Бажы жүгүн ташуучуларды каттоо жана алар

жөнүндө маалымат берүү


1. Бажы органы бажы жүгүн ташуучунун арызы боюнча каттайт, эгерде бажы жүгүн ташуучу өз иш милдеттерин ошол бажы органынын иштөө регионунда аткарууга ниеттенсе.

2. Бажы органы катталган бажы жүгүн ташуучулардын тизмегин жалпыга жеткиликтүү тааныштыруу үчүн сунуш кылат.


61-статья. Бажы жүгүн ташуучунун товарды жөнөтүүчүлөрдөн

же алуучулардан алган маалыматка

карата мамилеси
Товар жөнөтүүчүлөрдөн же алуучулардан алган коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголуучу башка маалымат, ошондой эле башка купуя маалыматтар бажы жүгүн ташуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралгандагыдан тышкары учурларда ачыкка чыгарылышы, өз максаттарында пайдаланылышы, башка жактарга берилиши мүмкүн эмес.
9-Глава

Товарларды убактылуу сактоо


62-статья. Товарларды убактылуу сактоо
Убактылуу сактоо - товарлар жана транспорттук каражаттар бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн жана товарларды белгилүү бир бажы режимине ылайык чыгарууга чейин товарга карата жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуусуз бажы контролу астында же болбосо башка бажы жол-жобосу астында жайларда сактоонун бажы жол-жоболору.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


63-статья. Убактылуу сактоочу жайлар
1. Убактылуу сактоо имарат жайларда, ачык аянттарда, бул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жана жасалгаланган орундарда (убактылуу сактоо кампаларында) жүргүзүлөт.

2. Убактылуу сактоо кампалары ушул Кодекстин жоболоруна ылайык ата-мекендик жактар тарабынан уюштурулушу мүмкүн.

3. Товарларды убактылуу сактоочу жай бажы контролунун зонасы жана бажы органына товарларды жана транспорттук каражаттарды көрсөтүүчү жер болуп саналат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


64-статья. Убактылуу сактоочу кампалардын типтери
1. Убактылуу сактоочу кампалар ачык түрдөгү кампалар, башкача айтканда ар кандай гана товарларды болбосун сактоо жана ушул статьянын 2-пунктунда каралгандагыдан башка учурларда кандай гана жактар болбосун пайдаланышы үчүн бериле турган кампалар саналат.

2. Жабык типтеги, башкача айтканда айрым бир товарларды же айрым бир жактардын товарларын сактоого арналган убактылуу сактоо кампаларын уюштурууга өзгөчө категориядагы, жүгүртүүдө чектелген жана (же) сактоонун өзгөчө шартын талап кылган товарларды сактаган таламдаш жактардын жүйөөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча жабык түрүндөгү кампаларды уюштурууга тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын же транспорттук уюмдардын керектөөлөрүнө жооп берген учурда жол берилет.


65-статья. Убактылуу сактоочу кампаларга жайгаштырылышы

мүмкүн болгон товарлар


1. Убактылуу сактоочу кампаларга кандай товарлар болбосун жайгаштырылышы мүмкүн. Башка товарларга зыян келтире турган же сактоонун өзгөчө шартын талап кылган товарлар, андай товарларды сактоо үчүн атайын жабдылган кампаларда же убактылуу сактоо кампаларынын жайларында сакталууга тийиш.

2. Убактылуу сактоо кампалары ушул Кодексте каралган башка учурларда товарларды сактоо үчүн пайдаланылышы да мүмкүн.


66-статья. Убактылуу сактоочу кампаларга товарларды

жайгаштыруу үчүн зарыл документтер


Товарларды убактылуу сактоочу кампаларга жайгаштырууда бажы органдары товарларды идентификациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтардан турган жана ушул Кодекстин 44-статьясынын 2-пунктунда каралган документтерди талап кылат. Андай документ катары коммерциялык, транспорттук же зарыл маалыматтардан турган башка документтер пайдаланылышы мүмкүн.
67-статья. Убактылуу сактоо мөөнөтү
1. Товарларды убактылуу сактоо мөөнөтү эки айды түзөт.

2. Тез бузулуучу товарларды убактылуу сактоонун чектелүү мөөнөтү 10 күндү түзөт.

3. Жазык иши жана бажы иши тармагындагы администрациялык укук бузуулар боюнча буюм далилдери болуп саналган тез бузулуучу товарлардан башка товарларды жана транспорттук каражаттарды убактылуу сактоо соттун чечими же ишти токтотуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жүргүзүлөт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


68-статья. Убактылуу сактоо кампаларындагы турган

товарлары менен операция


1. Убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы брокери, товарларга тиешеси бар ыйгарым укукка ээ башка жак жана алардын өкүлдөрү убактылуу сактоо кампасында турган товарларды көрүп чыгып жана өлчөй алат. Бажы органына кабарлоо менен товарлардын сынамыктары жана үлгүлөрү алынышы мүмкүн (330-статья).

2. Убактылуу сактоодо турган товарларга бажы органынан кабарлоо менен бузулган таңгакты оңдоону кошуп алганда, абалын өзгөртпөстөн алардын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл операциялар, ошондой эле товарларды убактылуу сактоо кампасынан ташып кетүүнү жана аларды кийин башка жакка ташууну тездетүү үчүн зарыл болгон операциялар жасалат. Товарлардын абалын өзгөртүүгө алып келбеген же бажы органдары тарабынан аларды идентификациялоого мүмкүн болбогон шартта, көрсөтүлгөн операциялар жасалышы мүмкүн.


69-статья. Жараксыз болгон же бузулууга туш келген товарлар
Убактылуу сактоо мезгилинде кыйроодон же күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен жараксыз болгон, бузулган же бүлүнгөн товарлар, эгерде аларды жараксыз болгон, бузулган же бүлүнгөн абалында ташып кетүү үчүн декларант тарабынан белгилүү бир бажы режими астында жайгаштырылууга тийиш.
70-статья. Убактылуу сактоо кампасы жайгашкан жерди

жасалгалоого, материалдык-техникалык жактан

жабдууга карата талаптар
1. Убактылуу сактоо кампалары товарлардын сакталышын камсыз кылгыдай жана башка жактардын (кампанын кызматкерлери болуп саналбаган жана товарларга карата ыйгарым укуктары жоктор) ал жайга кире албагандай жайгаштырылууга жана жабдылууга тийиш.

2. Убактылуу сактоо кампасына ички бажы транзитин аяктоо үчүн зарыл болгон убакытка товар ташып келген транспорт каражаттарынын токтоп турушу үчүн жабдылган кайтарылуучу аймак жайгашууга тийиш. Аталган аймак бажы контролунун зонасы болуп саналат. Бажы контролу астында турган товарларды ташыган транспорт каражаттары аталган зонага сутканын каалаган убактысында кире алат.

3. Убактылуу сактоочу кампалардын инфратүзүмүнө, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы N 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


71-статья. Убактылуу сактоо кампасынын ээлеринин милдеттери
Убактылуу сактоо кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кампаны ушул Кодекстин 70-статьясында каралган талаптарга ылайык жасалгалоого;

2) сактоодо турган товарларды бажы контролунан тышкары кампадан алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;

3) бажы органынын иш убактысынан тышкары келген товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролунун зонасы болуп саналган кампага болбосо ага жамаатташ аймакка жайгаштырууну камсыз кылууга;

4) убактылуу сактоо кампасында турган товарлардын жана убактылуу сактоо кампасында турган же бажы контролунун зонасы болуп саналган ага жамаатташ аймакта турган транспорт каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга;

5) бажы контролун жүргүзүүгө көмөктөшүүгө;

6) сакталуучу товарлардын эсебин алууга жана бажы органына отчет берүүгө;

7) сактоого коюлган товарларга жана транспорттук каражаттарга бажы органдарынын уруксатысыз үчүнчү жактардын киришине жол бербөөгө;

8) ушул Кодекстин 73-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө.
72-статья. Убактылуу сактоо кампасынын ээсинин товарлардын

убактылуу сактоо кампасына койгон жактар менен өз

ара мамилеси
Убактылуу сактоо кампасынын ээси менен товарларын убактылуу сактоо кампасына койгон жактардын өз ара мамилеси келишимдик негизде түзүлөт.
73-статья. Бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчилик
1. Убактылуу сактоо кампасында сакталып турган товарларга карата бажы алымдарын, салыктарын төлөө үчүн жоопкерчиликти, эгерде алар жоголгон болбосо бажы органдарынын уруксатысыз үчүнчү жактарга берилген учурда убактылуу сактоо кампасынын ээси тартат.

2. Убактылуу сактоо кампасынын ээси товарлар кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен жок болгон болбосо биротоло жоголгон же кадимки сактоо шартында табыгый жол менен эскирген же кемиген учурда бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчилик тартпайт.


74-статья. Темир жол транспорту менен ташылган товарларды

убактылуу сактоонун өзгөчөлүктөрү


1. Темир жол участогунун карамагында турган жактын суроо-талабы боюнча темир жол транспорту менен ташылган товарларды ошол темир жолунун боюнда бажы органдарынын макулдугу менен жайгаштырылган убактылуу сактоо кампалары болуп саналбаган жерде транспорт каражаттарынын түздөн-түз өзүндө жүк түшүргөнгө чейин убактылуу сактоого жол берилет.

Аталган жер бажы контролунун зонасы болуп саналат. Темир жол участогунун карамагында турган жак товарлардын сакталышын камсыз кылууга жана аларга башка адамдарды киргизбөөгө милдеттүү.

2. Ушул статьяга ылайык бажы контролунун зонасындагы транспорт каражаттарында сакталган товарлар бажы максаттары үчүн убактылуу сактоодо турган товарлар катары каралат. Товарларды түшүрүү жана аларды башка жакка которуу бажы органынын уруксаты менен гана жол берилет.

3. Товарлар жоголгон же бажы органдарынын уруксатысыз алар үчүнчү жактарга берилген учурда бажы алымын, салыктарды төлөө үчүн темир жол участогу карамагында турган жак жоопкерчилик тартат.


75-статья. Товар алуучунун кампасында убактылуу сактоо
1. Товар алуучунун кампасында убактылуу сактоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

ушул Кодекстин 281-статьясына ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорду колдонууда;

сактоонун өзгөчө шартын талап кылган товарлардын өзгөчөлөнгөн категориясы убактылуу сактоо зарыл болгондо.

2. Товар алуучунун кампасында товарларды убактылуу сактоо товар алуучу турган ошол иш жүргүзүү зонасындагы бажы органына бул жөнүндө кабарлоо менен жүзөгө ашырылат. Товар алуучунун кампасында бажы контролу астында турган жана үчүнчү жактарга таандык товарларды сактоого жол берилбейт.


76-статья. Бажы органдары тарабынан товарларды убактылуу

сактоо кампаларына коюу


1. Ушул Кодекстин 23-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда товарлар бажы органдары тарабынан убактылуу сактоо кампаларына коюлушу мүмкүн.

Аталган учурларда товарларды сактагандыгы жана чыгымдардын ордун толтургандыгы үчүн убактылуу сактоо кампасынын ээсине акы төлөө ушул статьяда аныкталган жактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Сактоо үчүн чыгымдар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен орду толтурулган учурда алар бажы органдары тарабынан товарларды актоого зарыл чыгымдардын чегинде жүргүзүлөт.
77-статья. Убактылуу сактоо кампасын жоюу
1. Убактылуу сактоо кампасы лицензиянын колдонуу мөөнөтү бүткөндө болбосо анын ээсинин каалоосу боюнча, ошондой эле лицензияны ушул Кодекстин 17-статьясына ылайык кайра чакыртып алган учурда жоюлат.

2. Убактылуу сактоо кампасы жоюлганда ал жерде сакталып турган товарлар, аны жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 күндүн ичинде башка убактылуу сактоо кампасына которуштурууга тийиш.


10-Глава

Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы

аймагынан тышкары чыгарып

кетүүдөгү бажы

жол-жоболору
78-статья. Товарларды жана транспорттук каражаттарды

Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан чыгаруу


1. Товарларды жана транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан чыгаруу, ушул Кодекске ылайык ташылып кетүүчү товарларга карата колдонулуучу белгилүү бажы режими менен товарларды коюуга бажы органдарынын уруксатынан кийин жол берилет. Мындай уруксат товарларды чыгарып кетүү үчүн ушул Кодекс менен белгиленген тартипте жана шарттарда берилет (299-статья).

2. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары түтүк өткөргүч транспорту жана электр берүү линиялары боюнча чыгарып кетүүдө бажы жол-жоболорун жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, ушул Кодекс менен белгиленген талаптардын жана чектөөлөрдүн негизинде жана аталган жол менен чыгарып кетиле турган товарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен менен аныкталат.


79-статья. Документтерди жана маалыматтарды берүү
1. Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан чыгарып кетүүгө бажы органынын уруксатын алуу үчүн жүк ташуучу бажы органына чыгарылып кете турган товар жөнүндө маалыматтардан, ошондой эле транспорт каражаты тууралу маалыматтардан турган жүк жөнүндө декларация тапшырууга милдеттүү.

Бажы органдары талап кылган маалыматтар бажы максаттарында товарларды жана транспорт каражаттарын идентификациялоо үчүн зарыл маалыматтар менен чектелет.

2. Товарлар жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан чыгарып кетүүдө жүк ташуучу берген маалыматтардын так тизмеги транспорттун түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.

3. Бажы органдары жүк жөнүндө декларация катары Кыргыз Республикасынын транспорт жаатындагы эларалык келишимдеринде каралган жүк жөнүндөгү документтерин, ошондой эле чыгарылып кетүүчү товарларды белгилүү бажы режимине коюуга негиз болгон бажы декларациясынын нускаларын кабыл алат.

4. Эгерде бажы органдары талап кылган маалыматтар жүк ташуучунун документтеринде жок болсо, товар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалымат жүк ташуучу же анын тапшыруусу боюнча башка жак түзгөн кошумча документтерди сунуш кылуу жолу менен жүргүзүлөт.

5. Жүк ташуучу өзү ташып бараткан бардык товарлар тууралу маалыматтарды жүк жөнүндөгү декларацияда көрсөтүүгө же болбосо ушул статьянын 4-пунктунда каралган тартипте алар тууралу маалыматты бажы органына айтууга милдеттүү.


80-статья. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары

ташып кетүүдө товарларга коюулуучу талаптар


Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан табигый жол менен эскирген же кемүүнүн кесепетинен санынын жана абалынын болбосо ташуунун, Транспортировкалоонун жана сактоонун кадимки шартында товарлардын табигый касиетинин өзгөргөндүгүнүн кесепетинен тышкары алар белгилүү бажы режимине коюлган учурдагы санда жана абалда иш жүзүндө ташылып кетүүгө тийиш.

Эгерде товар кыйроонун же болбосо күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен жоголуп же абалы өзгөргөн болсо, ал эми Кыргыз Республикасында колдонулган ченемдер менен стандарттарда каралган учурларда - өлчөө усулундагы каталыктардан улам товарлардын саны өзгөргөндө, жактар ушул статьянын жоболорун сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.


IV БӨЛҮМ

БАЖЫ РЕЖИМДЕРИ


11-Глава

Бажы режимдерине тиешелүү жалпы жоболор


81-статья. Бажы режимдеринин түрлөрү
Бажы иштерин жөнгө салуу максатында товарларга карата бажы режимдеринин төмөндөгү түрлөрү белгиленет:

1) эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу;

2) реимпорт;

3) бажы кампасы;

4) алымсыз соода дүкөнү;

5) бажы аймагында кайра иштетүү;

6) бажы контролу астында кайра иштетүү;

7) бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү;

8) убактылуу ташып кирүү;

9) убактылуу ташып чыгуу;

10) экспорт;

11) реэкспорт;

12) транзит;

13) жок кылуу;

14) мамлекеттин пайдасына баш тартуу;

15) атайын бажы режимдери.


82-статья. Бажы режимин тандоо жана өзгөртүү
Эгерде ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса, жактар товардын мүнөзүнө, санына, чыгарылган, жөнөткөн же кабыл алган өлкөсүнө карабастан, кандай учурда кандай бажы режими болбосун тандап алууга же аны башкасына өзгөртүүгө укуктуу.
83-статья. Товарларды бажы режимине койгон күн
Бажы режимине товарларды коюу күнү деп бажы органы тарабынан товарлар чыгарылган күн эсептелет.
84-статья. Бажы режиминин шартын сактабай койгондук

үчүн жоопкерчилик


1. Бажы режиминин шарттарын жана талаптарын сактабай койгондук үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул бөлүмдө аныкталган жактар тартат. Жактар бажы режиминин шарттары жана талаптары бажы контролу астында турган товарлар ушул Кодексте белгиленген шарттар менен талаптарды бузбастан эркин жүгүртүү үчүн чыгарылганга чейин кыйроонун, болбосо күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен биротоло жоголгондо, бузулганда же жок болгондо, ошондой эле товардын саны же абалы ташуунун, транспортировкалоонун, сактоонун жана пайдалануунун (эксплуатациялоонун) кадимки шартында табигый жол менен эскиргендигинин же кемигендигинин кесепетинен өзгөргөндө, эгерде мындай операцияларды жасоого белгилүү бажы режимин колдонууда ушул бөлүмгө ылайык жол берилген учурларда жоопкерчилик тартышпайт.

Бажы аймагынан тышкары чыгарылган товарларга же аларды кайра иштетүү продуктуларына карата жактар, эгерде ал товарлар же аларды кайра иштетүү продуктулары кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктардын кесепетинен биротоло жоголгондугунун же жок болгондугунун, табигый жол менен эскиргендиганин же транспортировкалоонун, сактоонун жана пайдалануунун кадимки шартында кемигендигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча чет мамлекеттердин органдарынын же кызмат адамдарынын укукка жат аракеттеринин кесепетинен ээлик кылуудан чыгып кетишинин себебинен кайра иштетилбей калса жоопкерчилик тартпайт.

Табигый жол менен эскирүүнү же кемүүнү аныктоо максатында Кыргыз Республикасында колдонулган ченемдер жана стандарттар колдонулат.

Товарлардын биротоло жоголушуна, бузулушуна же жок болушуна, алардын санынын жана (же) абалынын өзгөрүшүнө алып келген жагдайды тастыктоо милдети ушул бөлүмдө каралган жактарга жүктөлөт. Чет мамлекеттин аймагында болуп өткөн жагдайлар Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемелери тарабынан ырасталат.

2. Бажы брокери ушул Кодекстин 304-статьясынын 3-пунктуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөдө бирдей жоопкерчилик тартат.
85-статья. Бажы алымдарын, салыктарды чет өлкө валютасы менен

эсептөө
Ушул бөлүмгө ылайык бажы алымдарын, салыктарды эсептөө чет өлкөлүк валютада жүргүзүлгөн учурда бажы төлөмүнүн төлөнө турган суммасын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген жана колдонулушу аяктап жаткан бажы режимине арыз берүүдө бажы органы тарабынан бажы декларациясын кабыл алган күнү күчүндө турган курс колдонулат.

Көрсөтүлгөн учурларда бажы төлөмдөрүн төлөөдө чет өлкөлүк валютаны Кыргыз Республикасынын валютасына кайра эсептөө ушул Кодекстин 243-статьясынын 2-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.
86-статья. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып

келген товарларга карата бажы алымдарынын,

салыктарынын жалпы суммасы
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарларга карата ташып келүү бажы алымдарынын, салыктарынын жалды суммасы, эгерде товарларды ташып келүүдө чет өлкөлүк валютанын курсунун (бажы алымда-

рын, салыктарын чет өлкөлүк валютада эсептөөдө) өзгөрүшүнүн же бажы алымдарынын, салыктарынын ставкасынын өзгөрүшүнүн кесепетинен бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы көбөйгөндөгүдөн, товарларга карата өзгөргөн бажы режимине арыз берүүдө бажы органы тарабынан бажы декларациясы кабыл алынган күнү колдонууда турган бажы алымдарынын. салыктарынын ставкасы колдонгулгандагыдан башка учурларда туумду жана пайызды эске албастан эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу режими билдирилгенде төлөнө турган бажы алымынын, салыгынын суммасынан ашпашы керек. Аталган учурларда мурдагы байы режиминде төлөнгөн бажы алымдарынын, салыктардын суммасы жаңыдан тандалган бажы режиминин шарттарына ылайык бажы алымдарынын, салыктардын суммасын төлөөдө эсепке кошулат.


12-Глава

Эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу


87-статья. Бажы режиминин мазмуну
Эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу - Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлар аларды бул аймактан ташып кетүү жөнүндө милдеттенмелерсиз ошол аймакта туруктуу калтырууну караган бажы режими.
88-статья. Товарларды бажы режимине коюу шарты
1. Товарларды эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды жана башка бажы төлөмдөрүн төлөөнү, ошондой эле тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык тарифтик эмес чараларын сактоону жөнгө салууну карайт.

2. Эркин жүгүртүү үчүн чыгаруунун бажы режими Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына, ошондой эле ратификацияланган эларалык келишимдерге ылайык бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктер берилген товарларга карата колдонулушу мүмкүн. Аталган товарлар ушул Кодекстин 25-статьясында каралган шарттарда шарттуу чыгарууга жатат.


13-Глава

Реимпорт
89-статья. Бажы режиминин мазмуну


Реимпорт - мурда Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан чыгарылып кеткен товарлар бажы алымдарын, салыктарды албастан жана тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонбостон белгиленген мөөнөттө кайра ташылып келген бажы режими.

Реимпорттук бажы режиминин алдына коюлган товарлар бажы максаттары үчүн эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган товарлар катары каралат.


90-статья. Бажы режиминин алдына товарларды коюу шарты
1. Реимпорттук бажы режиминин алдына товарларды коюу үчүн товарлар:

1) Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып кетүүдө эркин жүгүртүүдө турган статуска ээ, болбосо чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүдөн алынган продуктулардан болушу (16 жана 17-главалар);

2) алар ташылып кеткен учурдан тартып үч жылдын ичинде, ал эми убактылуу ташылып кеткен товарларга карата - убактылуу ташылып кетүүнүн белгиленген мөөнөтүнүн ичинде реимпорттук бажы режимине арыз берилиши;

3) табигый жол менен эскирген же транспортировкалоонун, сактоонун же пайдалануунун (эксплуатациялоонун) кадимки шартында кемүүнүн кесепетинен өзгөрүлгөндөн тышкары мурдагы эле абалында болушу;

4) товарларды реимпорттогон жак бажы органдарына реимпорттук бажы режиминин алдына товарларды коюу үчүн зарыл болгон товарларды ташып кетүүнүн жагдайларын тастыктаган бардык документтерди жана маалыматтарды бергендегиден башка учурларда ал товарларды ташып кеткен жактын декларация толтурушу;

5) бажы органдары тарабынан идентификацияланышы.

2. Товарларды Кыргыз Республикасынан тышкары жерде коммерциялык максаттарда пайдалануу, ошондой эле майда ремонттук операцияларды, техникалык тейлөөнү жана товарларды талаптагыдай сактоо үчүн зарыл болгон башка операцияларды кошуп алганда, алардын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операцияларды жасоо, ремонт боюнча операциясы товардын наркынын ташып чыгуу учурундагы наркына караганда кымбатташына алып келгендегиден тышкары учурларда, товарларды реимпорттук бажы режиминин алдына коюуга тоскоолдук кылбайт.

3. Реимпорттук бажы режиминин алдына мурда башка бажы режимдеринин алдына коюлган товарлар коюлушу мүмкүн.

4. Реимпорттоодо товарларды койгон жак ички салыктардын суммасын жана төлөнбөгөн болбосо Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары товарларды ташып кетүү менен байланышкан төлөөлөр, жеңилдиктер, ордун толтуруу иретинде алынган тике же кыйыр башка суммаларды кайтарып берет.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


14-Глава

Бажы кампасы


91-статья. Бажы режиминин мазмуну


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет