Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет17/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Ичегиде тамактын сиңирилиши. 
Тамак сиңирүү системасындагы эң узун орган ичке ичеги бо-
луп саналат. Анын узундугу 4,5 – 6 метрге чейин болот. Анын 
башталышы он эки эли ичегини түзөт. Ичке ичегиде организм 
үчүн эң керектүү процесстер жүрөт. Бул ичегинин ички катма-
рында майда түктөр жайланышып түкчө деп аталат. 
Он эки эли ичеги - ичке ичегинин башталышы болуп, бул иче-
гиге эки түрдүү суюктук тамчылап турат. 
1. Өт суюктугу суткасына 1 литр 200 грамм тамчылап турат. 
2. Уйку безинен суткасына 1литр 100 грамм, 20 түрдүү фер-
мент бөлүнүп чыгып турат. 
Ичке ичегиде тамактын сиңирилиши. 
Ичке ичегинин булчуңдарынын кыскаруусу 12 түрдүү жүрөт. 
Бул булчуңдар сырткы узатасынан, жана ички туурасынан кел-
ген абалда болот. Кыскаруу эки группада жүрөт. 
1. Локалдык - эриген тамактын бири-бирине өтүүсүн камсыз 
кылат. 
2. Тамактын мурда жана жоболуу өткөрүлүүсү. 
Бул кыскаруу бир нече типке бөлүнөт. 


- 38 -
- Маятник сыяктуу. 
- Ритмдик сегментация. 
- Перистальтикалык. 
- Тоникалык. 
Маятник сыяктуу кыскаруу шакекче жана узатасынан келген 
булчуңдардын кыймылынын негизинде пайда болот. Ичегинин 
диаметринин чоңойуп, кичирейүүсү тамакты бир жактан экинчи 
жакка түртөт. Бул кыймыл ашказан зилинин составындагы хи-
мустун иштелип чыгышына көз каранды болот. 
Ичегинин ички бетинин безчесинен зил бөлүнүп чыгып, анын 
составынан 20га жакын ферменттер кармалат. Алардын негизги-
лери: энтерокиноза, фосфолипоза, амилаза, лактоза, сахароза. 
Ичке ичегинин матордук кыймылы нервдик жана гуморалдык 
жол менен башкарылат. Ал аркылуу эриген тамак кыска убакыт-
ка тормоздолот да кийин маторика кайрадан тездейт. 
Жоон ичегиде тамактын сиңирилиши. 
Негизги сиңирүү ичке ичегиде ишке ашат. Андагы түкчө не-
гизги ролду ойнойт. 
Жоон ичегиде коллоиддүү бактериялардын жардамы менен 
сиңбей калган тамактын составы сууга жана коюу затка бөлүнүп 
коюу заттар акырындап чирийт, суунун негизги массасы сиңи-
рилет. Мындан сырткары аз өлчөмдө глюкоза, аминокислоталар 
жана башка жеңил сиңирилүүчү заттар сорулат. Жоон ичегинин 
кыймыл аракети автономдуу нерв системасы аркылуу башкары-
лат. 
Жоон ичегинин микрофлорасынын абалы организмдин жа-
шоосуна чоң таасирин тийгизет. Нормалдуу микрофлора зыян-
дуу инфекциялык микроорганизмдерди жок кылат. Бул флора 
«К» витамини жана «В»витамини менен тейленип, микрофло-
ранын катышуусу менен белоктордун алмашуусу жүрүп турат. 
Сиңбей калган тамак аштын массасы түз ичегиге өтүп, сырт-
ка чыгарылат. 
4. Боордун анатомиясы жана анын мааниси. 
Боор адамдын организминде эң чоң без болуп эсептелет. 
Анын салмагы орточо эсеп менен алганда 1, 5 кг га жетет. Боор 
эмбрионалдык мезгилде оң жана сол бөлүктөн турат. Боордун 
ичинде туура эмес геометриялык фигурага ээ болгон диаметри 
1мм келген өт түтүкчөсүнүн тегерегинде алтыдан боор клеткасы 


- 39 -
курчап турат. 
Боор организмде көп түрдүү функционалдык орган болуп, тө-
мөндөгүдөй функцияларды аткарат. 
1. Белоктордун алмашуусуна катышат. Бул процесс амино кис-
лоталардын тизилүүсүнө жардам берет. Амино кислоталар 
ферменттердин катышуусу менен куралат. 
2. Боор углеводдордун алмашуусуна катышат. Глюкоза жана 
башка моносахариттер глюкогенге айланат жана топтолот. 
3. Боор майдын алмашуусуна катышат. Бул алмашуу өт суюк-
тугунун 12 эли ичегиге кошулушунан башталат. Боор кант-
тан, липогенез жана глюкогенез процесстери аркылуу ашык-
ча заттарды майга айландырат. 
4. Боор витаминдердин алмашуусуна катышат. Бардык майлуу 
витаминдер бир гана боордон иштетилип чыккан өт суюкту-
гунун негизинде ажырайт жана сиңирилет, алардын кээ бир-
лери болсо боордо кармалат. 
5. Боордо проксин, альдестерона, АДГ, инсулин жана башка 
гормондор тейленет. 
6. Боор организмде гормоналдык баланстын туруктуулугун 
кармайт жана гормондордун алмашуусуна катышат. 
7. Боор микроэлементтердин алмашуусуна катышып, ичине 
темирдин сиңирилишине таасирин көрсөтөт. Мындан сырт-
кары Мg, жана Садин
алмашуусуна катышат. 
8. Коргоочу (барьэрдик) функцияга ээ болуп, зыяндуу микроб-
дор фагоцитоз жолу менен жок кылынат. Мындан сырткары 
боордун клеткалары (токсиналык заттарды) уулуу заттардан 
зыянсыздандырат. 
9. Боор канды фильтирлейт. 
10. Кандын составына өлчөмдүү май кислотасын же глицерин-
ди бөлүштүрүп берет, иштетүүнү жөнгө салат. 
Боордун тамак сиңирүү үчүн катышкан функциясы өзүнөн өт 
суюктугун ажыратып чыгаруусу болуп саналат. Өт суюктугу өт 
ыйлакчасында топтолуп төмөнкү функцияларды аткарат. 

Майды эритет, липозанын гидролиз процессине катышуусун 
жогорулатат. 

Майды эритип сиңиримдүү кылат. 

Ферменттерди, айрыкча липозанын активдүүлүгүн жогору-
латат. 


- 40 -

Ашказандын кислоталык чөйрөсүн нейтралдайт. 

Май составындагы кээ бир витаминдер, холистирин, амино 
кислота менен Са туздарынын сиңирилишине катышат. 

Ферменттердин функциясын жеңилдетет. 

Ичке ичегинин матордук жана секретордук функциясын жо-
горулатат. 
Өт суюктугу бактериостатикалык касиетке ээ болуп микроб-
тордун өсүүсүн азайтат. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет