- 31 -
Булар жогорку жана төмөнкү болуп
мындан сырткары-тил ас-
тындагы жана тил үстүндөгү булчуңдар деп бөлүнөт. Моюндун
үстүнкү булчуңдарына тери астындагы моюн булчуңу жана бу-
лардын ичинен эң чоңу- төштүн акыректик үрп сымал булчу-
ңу (грудино-ключично-сосцевидная) кирет. Мунун бир жактуу
жыйрылуусу баштын бир тарапка карай бурулушу, ал эми эки
жактуу жыйрылуудан баштын артка карай бурулушу жүрөт. Ас-
тынкы жана үстүнкү булчуңдарынын жыйрылышынан көмөкөй
бир убакта көтөрүлүп же ылдый түшүп- жутуу процесси атка-
рылат.
Тулку бойдун булчуңдары.
Тулку бойдун булчуңдарына көкүрөк, курсак, жон бөлүгүнүн
булчуңдары кирет.
Көкүрөк булчуңдары – акыректен, көкүрөк клеткасынын сөөк-
төрүнөн башталып жана кийин курчоо сөөгүнө бекийт. Көкүрөк
булчуңундагы эң чоң булчуңдарга: чоң көкүрөк жана алдыңкы
тиш сымал булчуңдар кирет. Чоң көкүрөк булчуңдары үстүнкү
бөлүктө жайгашкан жана көкүрөктүн акырек тарабындагы бүтү-
шүнөн башталат да (7-чи) кабырганын кемирчек жагына бекийт.
Бардык көкүрөк булчуңдар дем алуу функциясына катышат да
дем алдыргыч булчуңдар деп аталат. Алардын катарына диаф-
рагма да кирет.
Диафрагма же жупсуз булчуң, көкүрөк көңдөйү менен курсак
көңдөйүн бөлүп турат. Ошондой эле муну кээде көкүрөк- курсак
аралыгы деп да аташат.
Диафрагмада аорталык кызыл өңгөчтөн астынкы көңдөйгө
вена өтүүчү тешикчелери бар. Диафрагма жыйрылганда ылдый
түшүп – дем алуу, ал эми жазылганда- көтөрүлөт да дем чыгаруу
жүрөт.
Курсак булчуңдары жайланышуусу боюнча каптал, алдыңкы,
арткы болуп бөлүнөт.
каптал булчуңдарга – сырткы, ички жантык (косая) жана тар-
гыл курсак булчуңдары кирет. Алдыңкы группадагы булчуңдар-
га түз жана пирамидалуу булчуңдар ал эми арткы булчуңдарга
– төрт бурчтуу (квадраттык) бел булчуңу кирет. Курсак булчуңу
– көкүрөк клеткасы жана жамбаш сөөгүнүн ортосунда жайла-
нышкан. Бул булчуңдардын жыйрылуусу омуртканын бүгүлү-
шүнө жана тулку бойдун эки тарапка айлануусуна жардам берет.
- 32 -
Ичтин ортоңку сызыгынан бекем
болгон тарамыштык булчуң
кетет – бул ичтин ак линиясы деп аталат. Бул ак линиянын кап-
талдарында ичтин жантык булчуңдары туурасынан жайгашып
талчалары менен орун алган.
Жон бөлүгүндө омуртканы бойлоп көптөгөн булчуңдар жай-
гашат. Булар жондун терең булчуңдары (глубокие мышцы спи-
ны), кыска омуртка сөөктөрүнүн өсүндүлөрүнө бекишет. Булар-
дын жардамында омуртка артка жана капталга жылышуу кый-
мылы жүрөт. Жондун каптоочу (поверхностные мышцы спины)
булчуңдарына трапеция сымал жана жондун эң терең булчуңда-
ры кирет. Булар колдордун жана көкүрөк клеткасынын кыймыл-
дарына катышышат.
Достарыңызбен бөлісу: