- 47 -
дер кош бойлуу аялдар үчүн, балдардын ар түрдүү кол эмгек-
терди аткаруусунда, өтө ысык же суук температурада иштеген
адамдар же кээ бир оорулар үчүн мааниси өтөт чоң. Эгерде ви-
таминдер көп убакытка чейин организмде жок болуп калса же аз
болсо адам баласы ооруга дуушар болушу ыктымал. Маселен:
организмде «С»витамини жетишпесе цинга, «Д»витамини же-
тишпесе итий, В
1
витамини - бери-бери, «А» витамини жетиш-
песе тоок сокур оорусу (күүгүмдө тооктун көзү көрбөй калат)
пайда болот. Бардык витаминдер химиялык составдары боюнча
сууга эрүүчү жана майга эрүүчү витаминдер болуп жалпысынан
экиге бөлүнөт.
Сууда эрүүчү витаминдерге «В» жана «С» витаминдер кирет.
Майга эрүүчү витаминдерге А, Д, К витаминдери кирет.
С витамини- организмге көбүнчө мөмө, жашылча жемиштер
менен кабыл алынат. С витамини шповникте, карагатта, лимон-
до, памидор, капуста, пиязда көп болот. Организмде С витамини
жетишпесе адам баласы шалдырап, бат чарчап, жүрөктүн жуму-
шу, организмдин каршы туруусу начарлап, сөөктөр өспөй, тиш-
тин мүлктөрү (эттери) канап, тиш түшө баштайт. Ушул белги-
лердин бардыгы цинга оорусуна таандык болот.
В
1
витамини күрүчтүн кабыгында, пивонун ачыткысында,
боордо, жаңгакта, буурчакта, жумуртканын агында кездешет. В
1
витамини жетишпесе бери бери оорусу пайда болот.
В
2
витамини углеводдордун алмашууларына катышат. В
2
ви-
тамини боордо, бөйрөктө, ачыткыларда кара буудайдан жасал-
ган нандарда жана мөмө жемиштерде болот.
Бул витамин же-
тишпесе ооздун ээриндери жарылат, тил кызарат, тери кургап,
чачтар түшө баштайт.
РР витамини (никотин кислотасы) бул витамин ферменттер-
дин составына кирип, кычкылдануу процесстерди ылдамдатат.
Никотин кислотасы ачыткыларда,
жаңы жашылчаларда, этте,
сүттө, жумурткада, капуста, памидордо көп болот.
Эгерде бул
витамин жетишпесе пеллагра деген оору пайда болот.
В витамин кызыл кан клеткалардын (эритроциттердин) бат
жетилишине таасирин тийгизет жана белоктордун синтездели-
шине жардам берет. Бул витамин көбүнчө бодо малдардын жана
жөжө тооктордун боорунда болот.
А витамини- өзгөчө адамдын боюнун өсүшүнө таасирин тий-
- 48 -
гизет. Бул витамин балыктын майында боордо, сүт, майда жу-
муртканын агында көп кездешет. А витамин жетишпесе тооктун
сокур оорусу (күүгүмдө тооктун көзү көрбөй калат) деген дартка
алып келет.
Д витамини бул витамин уйдун, балыктын майында, жумурт-
канын агында кездешет. Жаш балдарда Д витамини жетишпесе
сөөктөрдөгү кальций, фосфор туздарынын алмашуулары бузу-
луп, сөөктөр жумшап ийилип,
тиштердин чыгышы кечигип,
итий оорусуна алып келет.
К витамини кандын уюшуна таасир этет. К витамини капус-
тада, сабизде, салаттарда бар. Бул витамин жетишпесе кандын
уюшу төмөндөп, тиштин мүлктөрүнөн (этинен) кандын агышы
ыктымал.
Е витамини көбүнчө өсүмдүктөрдүн көгүндө, пахтада, күн ка-
рамада, жүгөрүдө көп кездешет.