Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


- 110 - Кыймылсыз абалдагы машыккандыктын көрсөткүчтө-



Pdf көрінісі
бет46/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   42   43   44   45   46   47   48   49   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

- 110 -
Кыймылсыз абалдагы машыккандыктын көрсөткүчтө-
рү. 
Спорсмендердин жана машыкпаган адамдардын организми-
нин абалын кыймылсыз турганда изилдөө жана салыштыруу 
организмдин баардык ткандарында жана системаларында ма-
шыгуунун таасири астында пайда болгон өзгөрүүлөрдү ачып 
көрсөтүүгө жардам берет. 
Спорттук машыгуу бир катар морфологиялык өзгөрүүлөрдү 
пайда кылат. Күч көп келген булчуңдун тарамыштарынын бе-
киген жери жоондойт. Зат алмашуунун жогорулашынын натый-
жасында саркоплазманын же миофибриллдин санынын көбөйү-
шүнүн эсебинен булчуң талчасынын чоңоюшун билгизип, бул-
чуңдун гипертрофиясы пайда болот, булчуңдун бекемдиги жана 
серпилгичтиги жогорулайт. Таажы тамырдын көлөмү, жүрөктүн 
көзөнөктөрүнүн диаметри, көкүрөк клеткасынын айланасы, кол-
колордун өткөрүмдүүлүгү (өпкөнүн күчтүү желдешинде абанын 
кыймылына каршылыктын азайышы) чоңойот. 
Спортсмендердин организминде морфологиялык өзгөрүүлөр 
менен катар энергетикалык ресурстардын, белок, углеводдордун 
көбөйүшү белгиленет; булчуңдарда миоглобиндин саны өсөт. 
Анаэробдук жана аэробдук реакциялардын өтүшүн тездетүүчү 
ферменттердин саны жана активдүүлүгү жогорулайт. Кыймыл-
сыз абалда спортсмендин вегетативдик органдары басаңдап иш-
тейт. Машыккандыктын негизги бир белгиси болуп тамырдын 
сейрек катышы бродикардия эсептелет 40 жана андан да аз согот. 
Спортсмендерде машыкпаган адамдарга караганда дем алуунун 
ылдамдыгы сейрек жана өпкөнүн желдениши төмөнүрөөк болот. 
Саналып өткөн өзгөрүүлөр, машыккан организмдин кыймыл-
сыз абалындагы негизги өзгөчөлүк энергетикалык ресурстарды 
эң эле үнөмдүү сарптоо экендигин көрсөтөт. Бул негизги алма-
шууну 10–15% ке азайтканда, бродикардияда, дем алуу сейрек-
тегенде гана өпкөнүн желдениши төмөндөгөндө билинет. 
Стандарттык жумуштагы машыккандыктын көрсөткүч-
төрү. Стандарттык күч келтирүүнүн жардамы менен машыккан-
дыкты баалоо ыкмасы бир катар мүнөздүү белгилерге ээ. Анын 
баардыгы – спортсмендер, спортсмен эместерге да колдоно алат, 
аткарылуучу кыймылдын формасы боюнча бирдей, так анык-
талган кубаттуулугу, узактыгы жана ритми болот. Күч келтирүү 


- 111 -
катарында төмөндөгү методдорду: РТС 170 көрсөткүчүн, Гар-
вард тестин, КМК аныктагычын ж. б. колдонушат. Машыккан 
адамдарда машыкпаган адамдарга салыштырганда стандарттык 
күч келүүдө организмдин бардык функциялары төмөндөгү өзгө-
рүүлөрү менен мүнөздөлөт: 1) аларда жумуштун башталышын-
да бардык функциялардын деңгээли тез жогорулайт. 2) Жумуш 
үнөмдүрөөк аткарылат. 3) калыбына келтирүүчү процесстер тез 
өтөт. 
Машыккан жана машыкпаган адамдардын ортосунда стан-
дарттык жумуштарды аткаруудагы адамдардын ортосунда экин-
чисине караганда биринчисинде физиологиялык өзгөрүүлөрдүн 
чоңдугу аз экендигинде турат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   42   43   44   45   46   47   48   49   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет