Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


Чоң жумуштагы машыккандыктын көрсөткүчтөрү



Pdf көрінісі
бет47/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   43   44   45   46   47   48   49   50   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Чоң жумуштагы машыккандыктын көрсөткүчтөрү. Ма-
шыккандыкты көп күч келтирүү менен изилдөө методу спортс-
мендердин жөндөмдүүлүк деңгээлин баалоого жана максимал-
дык күчүн сактап жана өрчүтүүгө жардам берет. Мындай изил-
дөөнүн үч варианты бар. 
Биринчи учурда түздөн-түз мелдешүү мезгилинде же ага жа-
кын шарттарда көнүгүүлөрдү аткаруудагы физиологияльтк өзгө-
рүүлөрдү каттайт. Бул вариант организмдин потенциалдык мүм-
күнчүлүгү жөнүндө абдан толук маалымат берет. Ошону менен 
бирге ал уюштургандык жактан да, техникалык жактан да татаал 
жана спортсменди белгилүү өлчөмдө негизги аракеттерден, атап 
айтканда мелдештен алаксытат жана ошону менен бирге акыркы 
мүмкүн болгон натыйжага жетишүүгө жолто болушу мүмкүн. 
Спортсмендин максималдык күчүн өстүрүүдөгү физиология-
лык өзгөрүүлөрдү лабораториялык шарттарда каттаса болот, бул 
организмдин жалпы физиологиялык мүмкүнчүлүгүн мобилиза-
циялоого жөндөмдүүлүгүн ачып көрсөтүүгө жардам берет, жана 
акыркы үчүнчү вариант чексиз убакытка созулган жумуш учу-
рундагы берилген кубаттуулукта адамдын организминде пайда 
болгон физиологиялык өзгөрүүлөрдү каттайт. Жумушту токто-
туунун сигналы болуп, аткарылуучу жумуштун кубаттуулугун 
төмөндөтөт, бара жатышы же ылдамдыкты өзгөртүү эсептелет. 
Машыккан адамдарда жалпы жумуштарды аткаруудагы физио-
логиялык өзгөрүүлөр машыкпагандарга караганда бар топ жого-
ру келет. Бул алардын энергияны көп жумшоону талап кылган 
кубаттуулугу боюнча бир топ чоң жумуштарды аткарганы менен 


- 112 -
түшүндүрүлөт. 
Дээрлик бардык физиологиялык өзгөрүүлөрдүн чоңдугу – 
кычкылтектин минуттук керектелиши, өпкөнүн желдениши, жү-
рөктүн жыйрылуу ылдамдыгы, артериялык басымдын деңгээли, 
кычкылтектин минуттук керектелиши, өпкөнүн желдениши, 
жумушчуларга караганда машыккандарда жогору. Чегине жет-
кен чоң жумуш, эреже катары, анаэробдук реакциянын жогор-
ку ыкчамдыгы менен мүнөздөлөт. Жумушту аткарууну камсыз 
кылуучу дээрлик бардык вегетативдик функциялардын деңгээли 
бир далай жогорулаганына карабастан, кычкылтекке муктаж-
дык пайда болуп, ал 25 литрге жетет. Натыйжада организмде 
анаэробдук ажыроонун продуктулары топтолот, ацидоэдук жы-
лыштар пайда болот. Машыккан спортсмендерде канда сүт кис-
лотасынын концентрациясы 300 мг% ке жетип, ички чөйрөдө 
өзгөрүүлөрдү пайда кылышы мүмкүн. демек, машыккандыктын 
белгиси болуп организмдин ички чөйрөнүн кескин өзгөрүлгөн 
шартында чегине жеткен чоң жумушту аткарууга жөндөмдүүлү-
гү эсептелет. 
4. Машыккан абалдын мүнөздүүлүгү жөнүндө түшүнүк 
Машыгуунун деңгээлин баалоодо машыгуу процессинин ба-
гыттуулугун эсепке алуу ылайык. Бул болсо, машыгуу процесси-
нин белгилүү бир багыттуулугу спортсмендин организминдеги 
морфологиялык жана функционалдык өзгөрүүлөрдүн мүнөзүнө 
так ошондой белгилүү бир таасирин тийгизиши менен шарттал-
ган. Ушуга байланыштуу, спорттун тандалып алынган түрүндө 
спорттук натыйжанын өсүшү дайыма эле организмдин бардык 
системаларынын функционалдык деңгээлинин жогорулашы ме-
нен коштоло бербейт. Машыгуу процессинин шарты – жумуш-
тун түрү жана мүнөзү, булчуңдун режимдери, кычкылтек менен 
камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү (жумуштун аэробдук же анаэ-
робдук шарты) организмде спорттун тандалып алынган түрүндө 
жогорку натыйжага жетишүүгө багытталган мүнөздүү функцио-
налдык системаны түзүүгө алып келет. Мында бул системага 
катышпаган органдар төмөнкү деңгээлде иштеши мүмкүн. Бул 
кубулуш белгилүү жумуштарга ыңгайлануунун өзүнчө бар нар-
кын (адаптациянын баасым) көрсөтөт. 
Спорттун ар бир түрүндө ага карата мүнөздүү талап негизги 
нерсе болуп эсептелет. Мисалы, бийиктикке секирүү үчүн не-


- 113 -
гизги талап техникалык даярдык болот. Кулук-стайер үчүн орга-
низмдин аэробдук жана анаэробдук кубаттуулугун, кычкылтек-
тин таратылышын камсыз кылуучу системанын абалы негизги 
ролду ойнойт. 
Машыктыруу процессинин таасири астында организмдин 
функциясынын өзгорушу спорттун берилген түрү үчүн гана оп-
тималдуу. Мисалы, стандарттык күч жумшоодо дем алуунун ми-
нуттук көлөмү (ДМК) машыгуу процесси айрыкча күчтүү (47 л) 
жана ылдамдыкты (37 л) өстүрүүгө багытталган спортсмендер-
де жогору болуп чыккан. Чыдамдуулукка машыгып жаткан 
спортсмендерде ал эң төмөн (29 л) болуп чыкты. Бул машы-
гуу процессинде функциянын натыйжасы жогорулагандыгы 
билдирет. 
5. Ашкере машыгуунун мүнөздөмөсү жана аны алдын алуу-
нун чаралары ашкере машыгуу – бул спортсмендин нервин, пси-
хикасын начарлатып, денесин чарчаткан жана спорттук ишке 
жөндөмдүүлүгүн төмөндөткөндүгү менен мүнөздөлгөн патало-
гиялык абал. Ашкере машыгуунун келип чыгышын пайда кыл-
ган себептер көп. Биринчиден, ал көп күч жумшап машыгуунун 
жана тез машыгуунун натыйжасында өрчүйт. Көп күч жумшап 
машыгуу – бул спортсмендин жекече рекордуна жакын күч жум-
шап машыгуу. Тездетилген машыгуу узак мезгилге эсептелген 
күч жумшоону кыскараак убакта аткарууну талап кылат. Тигил 
жана бул учурда да бул ашкере машыгуунун келип чыгышына 
жана өрчүшүнө себепкер болушу мүмкүн. Экинчиден, машы-
гуу учурунда өтө көп күч жумшоо, ашыкча күч жумшап, көп-
кө чейин бир түрдүү кыймылдоо дагы ашкере машыгууга алып 
келет. Үчүнчүдөн, жумуштун режиминин, эс алуунун, уйкунун, 
тамактануунун (эң эле кеч машыгуу, окууну же ишти машыгуу 
менен туура айкалыштыра билбегендик, чала уктагандык, туура 
тамактанбагандык) бузулушу машыгуудан чаалыгууга алып ке-
лет. Төртүнчүдөн, дененин жана психиканын травмалары машы-
гуудан чаалыгуу абалын пайда кылышы мүмкүн. Бешинчиден, 
оору абалында же өнөкөт инфекциялык оорулары болсо да алар 
ашкере машьгуу абалынын келип чыгышына жана өрчүшүнө 
түрткү берет. 
Ашкере машыгуу абалы борбордук нерв системасынын иш 
аракетинин бузулушу менен да байланыштуу. Козголуу жана 


- 114 -
тормоздолуу процесстеринин ортосунда тең салмактуулук өз-
гөрүп, натыйжада нерв системасынын координациялоочу ролу 
бузулат. Бул организмдин көп функцияларынын иш-аракетин өз-
гөртүүгө алып келет. Жүрөк булчуңунун жыйрылгычтыгы начар-
лайт, жүрөктүн жыйрылуу режими, ылдамдайт (же сейректейт), 
артериялык басым жогорулайт. өпкөнүн тиричилик көлөмү жана 
өпкөнүн максималдык желденишинин төмөндөгөнү байкалат. 
Булчуңдун химиялык составы өзгөрөт: андагы аскорбин кис-
лотасынын өлчөмү азаят. Кыймылдын координациясы бузулат. 
дененин салмагы төмөндөйт. Ашкере машыгуу абалы түнкү уй-
кунун бузулушу, табиттин бузулушу же жоголушу, чарчоонун 
бат башталышы жана өрчүп кетиши менен коштолуп турат. 
Спортсмен машыгууга жана мелдешке чыгууну каалабай, сабы-
ры суз жана түнт болуп калат. Көрсөтүлгөн бардык өзгөрүүлөр 
күч жумшаганда өзгөчө ачык билинет. Спортсмен стандарттуу 
күч жумшап машыкканда тамырдын кагышы кескин ылдамдайт, 
сейрек ритмдуулук байкалышы мүмкүн, кандын артериялык ба-
сымы жогорулайт (реакциянын гипертоникалык тиби). өпкөнүн 
желденишинин жогорулашына жана кычкылтекти керектөөнүн 
өскөнүнө карабастан, кычкылтекке муктаждык пайда болот. Че-
гине жете көп күч жумшалган булчуң иштеринде тескери өзгө-
рүүлөр андан да даанараак билинет. 
Спортсмендер ашкере машыкканда калыбына келтирүүчү 
мезгил узагыраак болот. Ашкере машыгуу абалы спорттук на-
тыйжанын деңгээлине терс таасирин тийгизет. 
Ашкере машыгуу абалынын келип чыгышын жана өрчүшүн 
алдын алуу чаралары болуп, куч жумшоонун көлөмүн жана ыл-
дамдыгын өлчөгөндө организмдин мүмкүнчүлүгүн милдеттүү 
түрдө эсепке алуу менен машыгуу процесстерин туура уюшту-
руу, үйрөнүүнүн негизги принциптерин сактоо, жумуштун ре-
жимдерин, уйкуну, эс алууну, тамактанууну туура уюштуруу 
эсептелет. 
Ашкере машыгуунун эки абалын – жеңил жана оор түрүн 
ажыратууга болот. Ашкере машыгуунун жеңил абалын четтетүү 
үчүн машыгуунун көлөмү менен ылдамдыгын төмөндөтүш ке-
рек. Айрым учурларда иштин түрүн өзгөртүп, спортсмендерге 
башка көнүгүүлөрдү жасоого туура келет. Ашкере машыгуунун 
жана, кил абалын четтетүүнүн узактыгы каражаттарды туура 


- 115 -
тандаганда 15–30 күнгө созулат. Машыгуудан абдан чаалыккан-
да аны 2–З жумага толугу менен токтотуп, андан кийин 1–2 айча 
азыраак куч жумшап машыгуу керек. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   43   44   45   46   47   48   49   50   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет